О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
13 сентября 2020 г. 0:55

Минскиде аялдар жүрүшүнө чыккандар кармалды

Минск шаарында Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы жана мурда кармалгандарды колдоо үчүн чыккан аялдардын нааразычылык акциясында ондогон адамдар кармалды. Акциянын катышуучулары шаардын борборундагы Эркиндик аянтына чогулушкан. Алардын айрымдары милициядан зомбулук көргөндөрдүн сүрөтүн көтөрүп турушкан. Алгач милиция уруксаты жок иш-чара өтүп жатканын эскертип, болжол менен саат 15:00 чамаларында катышуучуларды кармай баштаган. Жыйырма мүнөттөн кийин Эркиндик аянты бош калган. Көп өтпөй колдоруна казан-табак көтөргөн дагы башка аялдардын тобу пайда болуп, жүрүш уюштуру Митинг, демонстрациялар Беларуста 9-августтагы шайлоодон кийин башталып, бир айдан бери тынбай жүрүп жатат. Көчөгө чыккандар өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгени расмий жарыяланган шайлоо бурмаланган деп эсептешет. Көптөгөн катышуучулар кармалып, күч органдарынын зомбулугуна туш болуп жатканы айтылып жатат.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 0:55

ӨКМ "кызматкерлер үгүткө аралашкан" деген маалыматты четке какты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “мекеменин кызматкерлери партиялардын үгүт иштерине аралашкан эмес” деген маалымат таратты. Мекеменин билдирүүсүндө, социалдык тармактарда тараган видеодо аты аталган кишилер ӨКМ кызматкерлери эмес. Учурда Аксы району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №30 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн техник-айдоочусу Тынчтык Атабековдон түшүнүк кат алынды. Ал катында үгүт иштерине катышпаганын маалымдаган. 8-августта Интернетте министрликтин Аксы районундагы башкармалыгынын кызматкерлери партиялардын биринин үгүт иштерине катышып жатканы боюнча маалымат тараган. ӨКМ бул факт боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатканын билдирди. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат. (TSh)

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:02

«Биримдик» партиясынын жаштар канаты Ошто түзүлѳт

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» дагы бир ирет евразиялык интеграциянын борборунда демократиялык эркиндиктери менен адилеттүү мамлекетти курууга багытталган идеологиянын, стратегиялык программанын тегерегинде бириккен мекенчилдердин партиясы экендигин далилдѳѳдѳ. 13-сентябрда ѳтүүчү ишкана ага далил жана партия ѳзүнүн идеясы, максаты, идеологиясы менен ѳзүнүн айланасына тарапташтарын топтоп жатканын кѳрсѳтүүдѳ. Бүгүн, 12-сентябрда Ош шаарынын жаш активисттери Ошто партиянын жаштар канатын түзүү демилгеси менен партиянын тѳрагасына кайрылышты. «Биз, байыркы Ош шаарынын прогрессивдүү, активдүү жаштары Кыргызстанда, анын ичинде айрыкча Ош шаарында «Биримдик» партиясынын түптѳлүп, активдүү иштерди жүргүзүп жатканына кѳз салып келатабыз. Евразиялык мейкиндикте интеграцияланууну ѳлкѳбүздүн ѳнүгүүсүнүн кыймылдаткычы катары эсептейбиз», - деп айтылат Марат Аманкуловго жолдонгон кайрылуу катта. Жогоруда айтылгандай себептен улам, «Биримдик» партиясынын алкагында жүрүп жаткан интеграциялык иш-аракеттерге кол кабыш кылуу максатында Оштун жаштары ѳлкѳнүн экинчи борборунда партиянын жаштар канатын түзүү маселесин кароо ѳтүнүчүн билдиришкен. «Биримдик» партиясынын тѳрагасы бул демилгени колдоого алды. Ушуга байланыштуу эртең, 13-сентябрда конференция ѳтүп, анда расмий түрдѳ «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын Ош шаарындагы бѳлүмүнүн жаштар канаты түзүлѳт. ***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:03

МЕКЕНЧИЛ өлкөнү өзгөртүүчү он мыйзам! -“Мекенчил” саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасы

Жараткан колдоп, элибиз сүрөп, көпчүлүк добуш менен Жогорку Кеңешке келе турган болсок, беш багытта кардиналдуу реформа баштайбыз. Урматтуу кыргызстандыктар! Биз Кыргызстандагы бардык мекенчил күчтөрдү бириктирип, шайлоого “Мекенчил” саясий партиясы менен катышууну чечтик. Жараткан колдоп, элибиз сүрөп, көпчүлүк добуш менен Жогорку Кеңешке келе турган болсок, беш багытта кардиналдуу реформа баштайбыз: I. Конституциялык кардиналдуу реформаны баштайбыз. Баш мыйзамды өзгөртүү менен бир баштуу жоопкерчиликтүү президенттик же парламенттик бийлик системасын орнотобуз. II. Кардиналдуу сот реформасын ишке ашырып, көз карандысыз, адилеттүү сот системасын түптөйбүз. а). Райондук жана шаардык сотторду эл тарабынан шайлоо системасын киргизебиз. б). Областык жана Жогорку Соттун судьялары Жогорку Кеңештин элегинен өткөзүлүп, тандалат. в). Сот системасынынын ички процедуралык тартибин өзгөртүү менен көз карандысыз сот бийлигин калыптандырабыз. III. Мамлекетти коргоо жана чек ара маселеси а). КР Чек ара кызматын толук бойдон түштүк борборуна которобуз. б). Коргоо министирлигин түзүү менен ар бир жарандын кызмат өтөө милдетин камсыз кылабыз. в). Өкмөттүн негизги маселеси – чек ара тилкелерин аныктоо жана чек арада жашаган адамдардын социалдык маселелерин чечип берүү. IV. Мамлекеттин кен байлыктарын, суу ресурстарын жана энергетика тармагын системалык башкаруу а). Кыргыз жергесиндеги кен байлыктар мамлекеттин кызыкчылыгына кызмат кылат. Инвесторлорго шарт түзүп берүү менен бирге, ортодо түзүлгөн келишимдерди эл кызыкчылыгы үчүн кайрадан карап чыгабыз. б). Суу ресурстарын мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштетебиз. в). Энергетика тармагындагы мамлекеттик деңгээлдеги уурулукка чекит коёбуз жана бюджетти байыткан эң кирешелүү булакка айлантабыз. V. Билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында да кардиналдуу реформа башталат. Беш багыттагы кардиналдуу реформа жүргүзүү максатында төмөндөгүдөй мыйзам долбоорлорун кабыл алабыз: 1. Конституциялык реформа: Буга чейинки конституциялык реформалар бийлик же кайсыл бир саясий күчтөр тарабынан иштелип чыгып элге таңууланып келди. Бир да жолу элдин ою эске алынган жок. Мамлекеттүүлүктү чыңдоо максатында төмөнкү багытта иш алып барабыз: а). Элге тандоо укугун кайтарабыз: Биринчи жолу элге мамлекеттик башкаруу системасын тандоо укугу берилет: “Президенттикпи же парламенттикпи?”- деген суроо коюлат. Эл кайсы башкаруу системасын тандап алса, ошол багытта Баш мыйзамды жазып, жоопкерчиликтүү бийлик системасын түзөбүз. б). Шайлоо системасын өзгөртүү: Депуттардын санын 120дан 75ке чейин кыскартуу менен бир мандаттуу шайлоо (мажоритардык) системасы киргизилет. в). Өлүм жазасын киргизүү заман талабы: Өлкө казынасына суук колун салган корупционерлерди, элдин мүлкүн уурдап жеген ууруларды, педофилдерди, антын бузган аткаминерлерди (прокурорлор, соттор, депуттар, өкмөт мүчөлөрү, президентти), ошондой эле ар кандай аракеттери менен элге чыккынчылык кылгандарды өлүм жазасына тартуу сунушталат. г). Мамлекеттүүлүктүн өзөгүн түзгөн Элдик курултай институту ишке кирет. 2. Кыргызстандын энергетика тармагындагы мамлекеттик деңгээлдеги уурулукка чекит коёбуз. Энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында Энергетика министрлигин түзөбүз. Жаңы талапка ылайык менеджерлер коюлуп, эффективдүү башкаруу киргизилет. Кыргызстандын энергетика тармагындагы коррупциядан миллиондогон долларлар акча каражаты уурдалат. Бул Кыргыз элине жасаган чыккынчылык. Бир ууч чиновник жылына жүз миллион долларга чейин пайда көрөт. 3. Аралыктан кызмат көрсөтүү ыкмасын киргизүү менен бажы тармагындагы уурулукту токтотобуз. Кыргыз-кытай чек арасынан бир айда бери дегенде эле үч миң жүк ташуучу автоунаа өтөт, ар бир автоунаадан үч миңден - беш миң долларга чейин пара алынат. Орто эсеп менен бир айда 12 миллион доллар (936 миллион сом) мамлекеттин казнасына түшпөйт. 936 милионго сомго 10 мектеп же 5 мыкты заманбап оорукана салса болот. 4. Кен байлыктардагы уурулукка чекит коёбуз. Элдин байлыгы элге берилет. Тоо кен тармагындагы мыйзам долбоорлорун өзгөртүү менен эң ири алтын кендери: “Кумтөр”, “Жерүй”, “Талды-Булак” сыяктуу баалуу жаратылыш байлыктарынын ишмердүүлүгү ачык текшерилип, иликтенип, алардын запастары аныкталып, мамлекеттик коррупционерлердин чөнтөгүнө түшүп жаткан каражаттарды элдин кызыкчылыгына бурабыз. “Кумтөр” алтын кенинен жылына 35- 40 тонна алтын казылып алынат. Ал алтындын баасы орто эсеп менен санаганда 2 миллиард доллар болот. Анын 300 миллион доллары өндүрүштүк чыгымга жумшалса, калган 1,7 миллиард доллары Кыргызстандан сыртка чыгарылып кетүүдө. 5. Мамлекеттик кызматта иштеп, мыйзамсыз байыган аткаминерлер жазаланат. Кыргызстандагы соңку отуз жылда мамлекеттик кызматтарда иштеп, мыйзамсыз байыгандардын тизмеси ачык жарыяланат. Алардын мал-мүлкү жана баардык тууган уруктарынын атына катталган байлыктары ачыкталат. Чиновниктин байлыгы алардын тапкан кирешесинен көп болсо, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартып, анын байлыктарын мамлекетке алуу эрежеси кабыл алынат. 6. Кош жарандуулукка жол ачабыз. Мекендештерди колдоо максатында кош жарандуулук боюнча мыйзам долбоорун даярдайбыз. Чет өлкөдөгү жарандарыбызды “мигрант” деп мазактоо туура эмес – алар биздин мекендеш инвесторлорубуз. Аларга жана балдарына кош жарандуулук боюнча укук берилиши зарыл. 7. Арзан турак-жай менен камсыз кылууга жетишебиз. Жарандарды арзан турак- жай менен камсыз кылуу программасын мыйзамдаштырабыз. Үй куруудагы эң ири чыгымдардын бири бул жер тилкеси. Жер тилкелери ууру коррупционерлердин колунда. Жер тилкелерин мамлекетин эсебине кайтарып алуу менен жердин баасын арзандатабыз. Ар бир кыргызстандыкты ипотекалык жол менен арзан баада турак жай менен камсыз кылууга жетишебиз! 8. Банктардын кредиттик саясатын эл пайдасына бурабыз! Кыргызстандагы банктардын жарандарга берген кредиттеринин пайыздык үстөмдүгүн он пайызга чейин түшүрөбүз. Банк системасындагы мыйзамдарды өзгөртүү менен кредит алган атуулдардын акыркы мүлкүн тартып алуусуна тыюу салабыз. 9. Билимдуу улут - татыктуу келечек! Мектеп мугалимдерине акысыз кесиптик билим берүү менен женилдетилген ипотекалык насыя берүү жана мугалимди милдеттүү түрдө камсыздоо. Келечек муунга татыктуу билим берүүнү камсыздоо. 10. Мамлекеттин байлыгы - бул улуттун ден соолугу! а). Мамлекеттик ипотекалык насыя аркылуу ар бир мугалимди жана дарыгерди үй менен камсыз кылабыз. б). Өлкөбүздөгү социалдык коргоого муктаж болгон пенсионерлердин, майыптардын жана жетим-жесирлердин жөлөк пулдарын жетиштүү деңгээлде камсыз кылабыз. в). Мамлекет тарабынан ар бир областтын борборлоруна заманбап стадиондорду куруу багытында иш алып барабыз. 11. Адилеттүүлүк - мамлекеттүүлүктүн фундаменти. Мыйзамсыз, адилетсиз соттолуп, абактарда жаткан жарандардын маселесин чечүү жаатында атайын мыйзам долбоору иштелип чыгат. Бир да адам таза жеринен азап тартпашы керек! Жогорудагыдай реформалардын жыйынтыгында казынага түшкөн каражатка облус борборлоруна, ар бир районго товарын экспортко чыгарууга багытталган ишканаларды куруу менен жумушчу орун түзөбүз. Мугалимдердин, дарыгерлердин, пенсионерлердин жана аскер кызматкерлеринин пенсия-пособиелеринин өлчөмүн жогорулатууга жетишебиз! Мындай иш чаралар тез арада кыйшаюсуз аткарылгандан кийин өлкөдө саясый туруктуулук орноп, экономикада алдыга жылыштар башталат, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарын толук реформалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Урматтуу кыргызстандыктар! “Мекенчил” саясий партиясы көпчүлүк добуш менен парламентке келсе, кыска мөөнөттө жогорудагыдай мыйзамдарды кабыл алабыз. Мындай аракеттерди жасоо үчүн саясий эрк керек. Бизде андай эрк бар. Биздин эркибизди чыңдаган урматтуу элим Сиздерсиздер. Сиздер добуш берип колдоп, батаңыздарды берсеңиздер, бизди эч ким токтото албайт. Биз сиздердин колдооңуздарга муктажбыз, Урматтуу мекендештер, 4-октябрда “Мекенчил” саясий партиясына добуш бериңиздер! Максатка жетүү үчүн биздин партиянын парламенттик шайлоодогу урааны бирөө, гана бул: “Бийлик – элге, уурулар түрмөгө!”. “Мекенчил” саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасы “Мекенчил” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын уруксаты менен басылды. “Мекенчил” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланды Булак: “Майдан. kg” гезити

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:03

Президент парламенттик шайлоо мыйзамдуу өтөт деп эсептейт

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоо мыйзамдуу өтүп, парламенттик демократиянын калыптанышына салым кошот деп эсептейт. Ал бул тууралуу «Биринчи радиого» берген маегинде айтты. «Президент катары, мурда да айткам, кайталап кетейин, шайлоолордун мыйзамдуу өтүшүнө бардык аракеттерди жасайбыз. Буюрса, шайлоо мыйзамдуу өтөт. Баарына тең бирдей шарт түзүлөт. Ар бир партияга, ар бир талапкерге, ар бир жаранга шартты бирдей түзөбүз», -деди мамлекет башчы. Жээнбеков алдыдагы парламенттик шайлоо катуу саясий атаандаштыкта өтөөрүн белгилейт. Ошол эле учурда партиялык тизменин көбүнчөсү идеялык эмес, каржылык, же болбосо тигил же бул инсандын коомдогу ордуна байланыштуу түзүлүп жатканын айтат. «Өлкөдөгү саясий маданиятты, парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруу жоопкерчилиги, биринчи кезекте, партиялардын өзүндө. Алар өлкөнү өнүктүрүү процессине катышам деп мыйзам чыгаруу бийлигине, аткаруу бийлигине келем дешсе, партиядагы демократиялык центризмди, ички тартипти бекемдеши керек. Мыйзамды кынтыксыз аткарыш керек. Жөнөкөй тил менен айтканда, партиялар коомго үлгү болуш керек. Партиялар да, анын лидерлери да». Өлкө башчы шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүп жаткан партиялар эл менен жолугушууларда маска тагынуу, социалдык аралыкты сактоо деген жөнөкөй нормаларды сактабай жатканын сындады. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Анын алдындагы үгүттөө иштери 4-сентябрда башталган. Шайлоого катышуу үчүн 16 партия каттоодон өткөн.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:04

“Шайлоо убадалары космос”. Балбак Түлөбаев: Мектеп, бала бакчаны биз Өкмөт салабыз (ВИДЕО)

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев элди шайлоодо алданбоого чакырды. «Калайык! Элди кыдырып бүтүп калдым. Тоң району калды. Буйурса жакында баарыңарга пландарды айтам. Ага чейин кызыктар көп, тамаша да көп. Шайлоо убадалары космос. 380 шайлоочусу бар айылга бир кандидат комбайн алып берем дептир. Баасы 7 млн сом. Эсептесем ар бир шайлоочу 18421 сом болот экен. Бул бери жагы эле. ФАП, бала бакча, мектеп ой койчу, салып берем дегендерчи. Бир бала бакча бери дегенде эле 31 млн сом. Кудайды карагыла. Бул алдоо, алданбагыла. Мунун баарын өкмөт кана сала алат. Калайык соц тармак, экономика, жол буга өкмөттүн кана күчү жетет. Ишенбегиле. 1км асфальт жол, 5 млн сомдун айланасы. Бул да ички жолдор. Жолду такыр эч ким сала албайт, өкмөттөн башка. Анан мени шайлабасаң Кыргызстан жоголот, бүтөт дегенде жакаңы кармайсың да. «Так что», ушундай. Чыдабай кеттим, кечиргиле»- деп жазды фейсбук баракчасына.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:12

Сооронбай Жээнбеков: Кудай буюрса, шайлоо мыйзамдуулуктун чегинде өтөт

«Алдыдагы парламенттик шайлоо күчтүү атаандаштык шартында өтөрү анык. Муну баарыбыз көрүп жатабыз ”, — деди Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радио» радиосуна берген маегинде. Маалыматка таянсак, айрым партиялар атаандаштыкка туруштук берсе, айрымдары атаандаштыкка туруштук бере албай жатышат. Партиянын идеяларын жана программасын шайлоочуларга жеткирүүгө аракет кылган партия мүчөлөрүнүн ортосунда дагы айырмачылыктар бар. «Кандай гана болбосун, бул бийлик үчүн күрөш. Бийликке жетүү үчүн күрөш. Демек, коом шайлоо процессине көңүл бурбай коё албайт. Мен күрөш катуу атаандаштык шартында өтөт деп ойлойм. Биз саясий партиялар өлкөдөгү саясий маданиятты калыптандыруучу негизги күч болуп турган мезгилде жашап жатабыз. Алар ошондой эле парламенттик демократияны жана партиялык системаны калыптандырышат. Учурда парламенттик демократияны курууга аракет кылып жатабыз. Бирок парламенттик демократиянын калыптанышы бир же эки шайлоонун маселеси эместиги баарыбызга маалым. Бул бир топ узак өнүгүү процесси. Бул процесстеги эң чоң жоопкерчилик тараптарга жүктөлөт. Алардын идеологиялык платформасынын түзүмүндө, ички тартибинде. Белгилүү «демократиялык центризм» деген түшүнүк бар, анын жоктугуна байланыштуу көйгөйлүү кырдаалдар көп жаралат «, — деди президент. Мамлекет башчы айрым партиялар шайлоочулар менен жолугушуу учурунда эң жөнөкөй санитардык эрежелерди сактабай жаткандыгын, мисалы, маска кийүү жана социалдык аралыкты сактоо экендигин баса белгиледи. «Мамлекетти башкаруу процессине катышууну, өлкө үчүн тагдыр чечүүчү чечимдерди кабыл алууну көздөгөндөр мындай нерселерде үлгү болушу керек деп эсептейм. Жалпысынан алдыдагы шайлоо мыйзам чегинде өтүп, парламенттик демократиянын орношуна шарт түзөт. Шайлоонун мыйзамдуулугун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттер көрүлөт. Мен буга чейин да айткан элем жана дагы бир жолу кайталагым келет, мен Президент катары ушул максатка жетүү үчүн бардыгын жасайм. Кудай буюрса, шайлоо мыйзамдын чегинде өтөт. Бардыгына бирдей укуктар түзүлөт. Биз ар бир партияга, ар бир талапкерге, ар бир шайлоочуга бирдей шарттарды түзөбүз », — деп жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:12

БШК "Реформа" саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы "Реформа" саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттады. Бул тууралуу аталган комиссиядан билдиришти. БШКнын жыйынында "Реформа" саясий партиясынан Болот Бөрүбаев ишенимдүү адамы катары каттоо чечимин кабыл алды. Ал аталган партиянын сунушу менен кабыл алынды. Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленди. 12:28 12-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
12 сентября 2020 г. 19:58

Чүй облусу - Кыргызстандын күрөө тамыры. Экономика, каржы жана башкаруу Бишкек шаарына топтолгонун эске алганда Чүйдүн орду талашсыз.

Чүй облусу - Кыргызстандын күрөө тамыры. Экономика, каржы жана башкаруу Бишкек шаарына топтолгонун эске алганда Чүйдүн орду талашсыз. ⠀ Бирок өлкөбүздөгү ар бир айыл, ар бир шаар жана ар бир жаран маанилүү экендигин унутпайлы! Бишкек менен Чүйдүн экономикасын байланыштырып турган Жаңы-Жер айыл аймагында 40 миңден ашык адам жашайт. Тургундардын көпчүлүгү борбордо иштөө менен айыл-шаар арасындагы байланышты өнүктүрүп, инфраструктуранын калыптанышын камсыз кылышат. ⠀ “Ата Мекен” партиясынын “Жаңы Дем” презентациясына келген ар бир тургунга терең ыраазычылык билдиребиз. Айтылган ой-пикир, талаптарды жана узатылган ар бир суроону кылдаттык менен уктук. Ошондо гана ар бир айылдыктын кызыкчылыгын Жогорку Кеңештин трибунасынан коргой алабыз. ⠀ * ⠀ Чуйская область является одной из важнейших артерий в Кыргызстане, особенно учитывая, что экономика, финансы и управление сосредоточены в Бишкеке. ⠀ Но это не совсем так, страна становится лучше благодаря каждому региону: села, аймаки, поселки городского типа и города. ⠀ Айыльный округ "Жаны-Жер", где проживает около 40,000 человек являются важной частью, которая связывает экономики сел Чуйской области и г. Бишкек. Тысячи Жаны-Жерцев работают в Бишкеке, тем самым создавая инфраструктуру между городом и селом. Мы благодарим каждого пришедшего на презентацию партии "Ата Мекен", где мы выслушали все пожелания, советы и требования, чтобы представлять интересы каждого из вас на трибуне Жогорку Кенеша.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:01

Өлкөбүздө парламенттик шайлоо башталды.

Өлкөбүздө парламенттик шайлоо башталды. Демек, мамлекетибизди олуттуу сыноо күтүп турат. Себеби, шайлоолор дайыма коомдогу чыңалууну жаратып келген. Анын үстүнө, мөөнөтү аяктап жаткан 6-чакырылыш элдин ишенимин актай албады. Аны, ачык эле айтышыбыз керек. Демек, алдыда келе жаткан шайлоодо, 7-чакырылышка аттанган партиялардын ичинен эң татыктуусун шайлап, кийинки чакырылыштын курамдык сапаты алда канча жогору болушу зарыл. Ошондуктан, өлкөбүздүн келечегине балта чаппай, акчага же башка нерселерге азгырылбай, чын дилиңизден, жүрөгүңүз менен добуш берүүгө чакырам! Бир Бол партиясы өзүнүн курамын толук жаңылап, жалаң гана билимдүү, акылы тунук жана колунан иш келе турган таза адамдардын тизмесин шайлоочуларга сунуштады. Арабызда бир да эски эшелондун өкүлдөрү жок! Бир да коррупционер же кылмышкер жок! ✔️Биз, өлкөнү жана жарандарыбыздын жашоосун толук өзгөртөбүз! Биз бийликти элге кайтарып беребиз жана мамлекеттүүлүктү бекемдейбиз! ✔️Чек-аралар чыңдалып, аткезчилик жоюлат! ✔️Шаар мэрлери жана айыл өкмөт башчылары эл тарабынан түз шайланат! ✔️Аким жана губернатор сыяктуу керексиз звенолор жоюлат! ✔️Жергиликтүү бийликтин бюджетин көбөйтүп, борбордук бийликке көз каранды болбой турган шарт түзөбүз! ✔️Кендирди кескен бюджеттик таңсыктыкты жоюп, тендер аттуу мыйзамдуу уурулукка бөгөт коебуз! ✔️Кен-байлыктарды жең ичинен саткан системаны талкалап, күнөөлүүлөр кылмыш жазасына тартылат! ✔️Адилетсиз чечим чыгарган соттор кызматынан алынат жана кылмыш жазасына тартылат! ✔️Ички жана тышкы инвестицияларды көбөйтүп, жаңы жумуш орундарын ачуу жолу аркылуу, четте жүргөн мигрант жүз миңдеген мекендештерибизди өз үй-бүлөсүнө, өз жерине, өз мекени болгон – Кыргызстанга кайтарабыз! Биз бир элбиз, бир күчпүз! Биз бирге, эркин жана бакубат өлкө курабыз! Бир бололу!

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:02

Екатерина Филаретова:

Екатерина Филаретова: “Жаңы муунга күчтүү медицина жана күчтүү билим берүү системасы керек” “Пандемия биздин мамлекетке абдан терс таасирин тийгизди. Эң эле көйгөйлүү маселе медицина жана билим берүү тармагы болду. Биздин медицинанын алсыздыгынан канчалаган жарандардын көзү өтүп кетти. Канчалаган окуучуларыбыз мектепке барбай, сабактары үзгүлтүккө учурады. Ошондуктан биздин жаңы муунга күчтүү медицина жана күчтүү билим берүү системасы керек”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Екатерина Филаретова Жети-Өгүз районунун эли менен болгон жолугушууда билдирди. “Туризмди өнүктүрүшүбүз керек. Пандемиянын кесепетинен быйыл Кыргызстанга келген туристтердин саны абдан азайды. Канча деген пансионаттар, эс алуучу жайлар бош калды”, - деди талапкер.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:08

Жодар Сайдилканов: “Билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарынын 50 пайызы менчик болсо, ошондо сапаттуулук орнойт”

Жодар Сайдилканов: “Билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарынын 50 пайызы менчик болсо, ошондо сапаттуулук орнойт” “Бир өлкөдө 3 гана стратегиялык объект: чек ара, жарандык паспорт жана жарандар, ошондой эле мамлекеттин 3 негизги маселеси: коопсуздук, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагы болушу керек”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Жодар Сайдилканов “Жаңы форматтагы лидерлер” форуму учурунда билдирди. Айтымында, калгандары стратегиялык мааниге ээ эмес. “Билим берүү жана саламаттык сактоо тармагы мүмкүн болушунча менчик болсо болот. Партиянын программасында айтылгандай, бул эки тармактын 50 пайызы менчик болсо, ошондо сапат келет. Бул себептен жеке менчик башкарууга, инвесторлорго берүү зарыл. Алар өз кезегинде жакшы шарттарды түзүп, мыкты башкарат”, -деди Ж. Сайдилканов. Талапкер мамлекеттин тышкы карызы тууралуу дагы кеп козгоду. “Бүгүнкү күндө мамлекеттин колунда 129 миллион чарчы метр мүлк бар экен, 300 доллардан эсептесеңиз, 25 миллиарддан ашык долларды түзөт. Биз 4 миллиард карызыбыз бар деп кайгырып отурабыз. Өкмөт 25 миллиард долларлык мүлктүн үстүндө отурат. Бул мүлктөрдү акчага айландырышыбыз керек. Колдонулбай турган сайын алар эскирип, коммуналдык төлөмдөрүнө деп салыктан түшкөн акчалар кетип жатат. Мындай көрүнүштү токтотуш керек”, - деди ал. Ж.Сайдилканов Түркияга билим алуу үчүн 14 жашында кетип, 30 жашында мекенине инвестор болуп кайтып келгенин кошумчалады.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:16

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде экинчи катарда турган Улан Садалиев башка партиядагы жаш, жаңы жүздөргө окшобойт.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде экинчи катарда турган Улан Садалиев башка партиядагы жаш, жаңы жүздөргө окшобойт. Куру сөздөрдү сүйлөө бул адам тууралуу эмес. Анткени ал укук коргоо органдарында иштеп жүрүп көптөгөн Ардак грамоталарга, алкыш баракчаларына жана ведомствонун сыйлыктарына татыган. Бул тармактан кеткенден кийин Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланып, андан кийин Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары болгон. Айыл өкмөтү болуп турганда айылдын бюджетинин кирешесин 3 эсеге жогорулата алган. Ошентсе да Улан Садалиев бул жараткан ийгиликтерин сөз кылып, жарыялай берүүнү жактыра бербейт. *** Улан Садалиев — номер два в партийном списке «Мекеним Кыргызстан», не похож на большинство молодых и новых кандидатов от других партий. Чувствуется, что просто поговорить — это не про него. Вероятно, сказалась служба в правоохранительных органах, где за все годы был награжден почетными грамотами и благодарностями, а также ведомственными наградами. Потом Садалиев ушел на гражданку, был избран главой Новопавловского айыл окмоту, далее стал первым заместителем акима Сокулукского района. На должности главы айыл окмоту сумел добиться профицита бюджета. Но хвастаться своими достижениями 40-летний кандидат в депутаты не любит.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:22

Жергиликтүү бюджетти эки эсеге көтөрүүнү "Алдыга жол" программасына киргиздик.

Жергиликтүү бюджетти эки эсеге көтөрүүнү "Алдыга жол" программасына киргиздик. Облустук деңгээлди жоюшубуз керек! Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүн, (Обладминистрация) облустук ички иштер башкармалыгы, облустук прокуратура жана башка бири-бирин кайталаган органдар жоюлушу керек! Мамлекетти эффекттивдүү башкарганда гана өнүгүү-өсүү пайда болот! Аз чиновник - Аз коррупция! Республика №14 ✅

Подробнее
12 сентября 2020 г. 10:07

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Момбеков Рыскелди

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Момбеков Рыскелди Чыныбековичти өз приницптерине бекем турган, парламенттин трибунасындан дайыма орчундуу маселелерди көтөргөн, курч депутат катары тааныйбыз. ⠀ Дипломатиялык жана юридикалык адистиктер боюнча жогорку билимдүү Рыскелди Чыныбековичтин “Ата Мекендин” катарына келип кошулуусу бизди абдан сүйүндүрөт. ⠀ КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясын жетектеп, Маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинде жана Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация жана архитектура боюнча Комитетинде да иштеп келген. ⠀ Дипломатиядагы жана мамлекеттик органдардагы иш тажыйырбасы алдыдагы иштерибизде чоң жөлөк болот деп ишенебиз. ⠀ "Ата Мекен", №6! Добушуңду сатпа, Мекениңди сакта! ⠀

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники