О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
12 сентября 2020 г. 0:58

ТАЖИКСТАНДЫН СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО БОЙКОТ ЖАРЫЯЛАДЫ

Тажикстандын социал-демократиялык партиясы быйыл октябрда өтө турган президенттик шайлоого бойкот жарыялады. Бул тууралуу партиянын төрагасы Рахматилло Зойиров «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анын айтымында, президенттик шайлоого талапкер көрсөтпөө чечими партиянын саясий кеңешинде кабыл алынды. Зойиров бул чечимди шайлоонун 11-октябрга белгилениши мыйзамсыз болгондугу жана Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген мөөнөттө 250 миң кол топтоо дээрлик мүмкүн эмес экендиги менен түшүндүрдү. «Мындан тышкары бойкотко 2019-жылы «Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндөгү» мыйзамдын жаңы редакциясынын кабыл алынышы себеп болду. Ал мыйзамга ылайык, саясий партиялар менен кыймылдардын өкүлдөрү Борбордук жана жергиликтүү шайлоо комиссияларынын иштерине катыша алышпайт. Алардын курамы аткаруу бийлигинин жана бийликтеги Элдик-демократиялык партиянын өкүлдөрүнөн куралат», — деп жазды Зойиров. Тажикстанда президенттик шайлоо 11-октябрга белгиленген. Бүгүнкү күнгө карата мамлекет башчылык кызматка беш киши, анын ичинде өлкөнүн азыркы президенти Эмомали Рахмон талапкерлигин койду. Тажикстанда айрым талдоочулар азыркы президенттен башка талапкерлердин бардыгы өлкө парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары экенин, алар дайыма бийликтин чечимдерин колдоп келишкенин билдиришүүдө. Алардын айтымында, бул талапкерлер шайлоодо атаандаштар болду деген түр көрсөтүү үчүн гана катыштырылууда. WWW.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын жалпы коомчулукка билдирүүсү

"Мекеним Кыргызстан" партиясы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эки жергиликтүү тургун бир айылдашына оройлук менен мамиле жасап, биздин партияны колдоосун талап кылуусу боюнча ээнбаштык окуясына эч кандай тиешеси жоктугун билдирет. Айрым маалымат каражаттары иштин чоо-жайын тактабай туруп, "Мекеним Кыргызстан" партиясынын үгүтчүлөрү айылдашын коркутууга барганы тууралуу маалыматтарды таратып жиберген. Чынында андай окуя болбогонун дагы бир жолу баса белгилейбиз. "Мекеним Кыргызстан" башка партиялардан айырмаланып, өз үгүтчү-агитаторлору менен расмий келишимдерди түзгөн жана муну менен катар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн бардык салык жана башка төлөмдөр төлөнгөн. Бул, албетте, башка партиялар сыяктуу эле тарапташтарыбыз кандайдыр бир келишими жок биз үчүн үгүт жүргүзө албайт дегенди түшүндүрбөйт. Кайсы бир партияны колдоп, же ага каршы үгүттөө, өз пикирин айтуу - бул ар бир жарандын укугу. Бирок мындай учурда алар партиянын расмий үгүтчүсү деп эсептелбейт. Биз айылдаштар ортосундагы турмуштук чатакты атаандаштарыбыз биздин партиянын атына көлөкө түшүрүү аракетинде атайлап бурмалап колдонушту деп эсептейбиз. "Мекеним Кыргызстан" дагы бир жолу бардык партияларды – саясий атаандаштарды ыплас технологияларды колдонуу менен жок жерден эле негизсиз чатак чыгарбоого жана таза күрөшүүгө чакырат. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү ДжайчиеваГулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 12:39 11-09-2020

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

"Мекеним Кыргызстан" партиясы саясий жарыштагы атаандаштарын ыплас технологиялардан баш тартууга чакырат

“Мекеним Кыргызстан” партиясы саясий жарыштагы атаандаштарын ушак-айыңдарды таратууну токтотууга жана ыплас технологиялардан баш тартууга чакырат. Саясий биримдик ачык жана таза шайлоо өткөрүүнү колдойт жана элди кызыктырган суроолорго жооп берүүгө даяр. Кыргызстанда шайлоо кампаниясы кызуу жүрүп жатат. Айрым саясий күчтөр жарышта атаандаштарын буттан чалуу үчүн ар кандай ыплас технологияларды колдонуудан да баш тартпай тургандыгы байкалууда. Мындай кара пиардын курмандыгы көпчүлүк учурда “Мекеним Кыргызстан” партиясы болууда. Социалдык тармактарда “аталган партиянын атынан Калил Сариев аттуу жаран шайлоочуларга акча таратып жатат” деген маалымат тарады. Териштирүүнүн жыйынтыгында, Калил Сариев 70 жашка таяп калган Өзгөн районунун тургуну экендиги аныкталды. Аталган билдирүүнү интернетке оппонент партиялардын биринен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин бири тараткандыгы белгилүү болгон. Өз кезегинде “Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү шайлоого тиешелүү болгон бардык суроолорго ачык-айкын жооп кайтарып, мыйзам чегинде гана үгүт иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдиришти. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочуларына шайлоо кампаниясынын жүрүшү боюнча расмий маалымат берди. Эл аралык уюмдун өкүлдөрү “Мекеним Кыргызстан” партиясына карата мыйзамсыз технологиялар колдонулуп жаткандыгы тууралуу кабардар болушту. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы – өлкөнүн өнүгүүсү үчүн коомдун негизги катмарларын камтыган реалдуу долбоор. Долбоордун ишке ашуусу үчүн эң башкы максат шайлоочулар менен талапкерлердин ортосундагы ишеним көпүрөсүн куруу болуп саналат. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 11:11 11-09-2020

Подробнее
11 сентября 2020 г. 19:46

"Биримдик" өлкө боюнча кербенди Балыкчыдан жана Караколдон баштады.

"Биримдик" өлкө боюнча кербенди Балыкчыдан жана Караколдон баштады. Бүгүн Жогорку Кеңешке ар бир талапкер, аларды сыноодон өткөрүп жаткан ар бир жаран, ар бир үйдө жүрөгүнүн түпкүрүндө "Кыргызстаныбыз өнүксө экен, ушул парламент татыктуу болсо экен, жашообузда жакшы өзгөрүүлөр болсо экен" деп ойлонуп жатаарын сезем. Билем. Өлкөдөгү көйгөйлөр мени да биринчи кезекте эне катары, аял катары ойлондурбай койбойт. Ошол көйгөйлөрдү чечүү үчүн күчтүү команда, системалык өзгөрүүлөр керек. Биздин командада өз тармагынын тажрыйбалуу адистери менен мамлекеттин өнүгүүсүн каалаган жогорку билимдүү жаштар биригип, БИРИМДИКте бара жатабыз. Жаштардын билими жана активдүүлүгү менен тажрыйба айкалышканда гана туруктуу өнүгүү жолу келип чыгаарын тарых далилдеди. Биздин максат балдарыбыздын кең келечегин, ата-энелерибиз үчүн бакубат өлкөнү куруу болуп саналат. Биз баштаган даңгыр жол тарыхый өзгөрүүлөрдүн башаты болооруна терең ишенем. Биздин партиялаштарыбыздын бул кезге чейин эл үчүн жасаган эмгеги чоң. Социалдык жактан муктаждарга кам көрүүдө, ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүп берүүдө мен партиялаштарым, кесиптештерим менен биргеликте бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргиздик. Жаңы мыйзамдарды кабыл алдык. Анын натыйжасында 16 жашка чейинки биринчи жана экинчи топтогу майыптуулугу бар балдарды караган ата-энелер үчүн жаңы мыйзам кабыл алып, ассистент катары мамлекеттин бюджетинен айлык акы төлөнө баштады. Бул баласын карагандан бошой албаган ата-энелердин социалдык абалын жакшыртууга чоң салым кошту. Элдердин жөлөк пул алуусун жеңилдетүү максатында ар кандай ашыкча документ чогултууну 50дөн 25ке кыскарттык. Бул Элибизди убаракерчиликтен жеңилдетти. Бул жаңы технологияларды пайдалануу аркылуу мамлекеттик башкаруу, элге кызмат көрсөтүүнү санариптештирүүнүн натыйжасында ишке ашты. Шайлоо өнөктүгүн ачык айкындуулугун камсыз кылуу, мигранттардын шайлоого катышуусун жеңилдетүү максатында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн, төрт мыйзам пакетин сунуштадык. Натыйжасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 30% аялдар квотасы киргизилди. Аял заты табиятынан чарбакер, коррупциядан алыс, балага билим берүүгө ынтызар болуп эсептелинет. Натыйжасында айылдардагы балдардын билим алуусуна, элдердин ден-соолугуна кам көрүүдө чоң өбөлгө түзөт. Бул менин жана биздин команданын аткарган жумуштарынын бир гана багыты. Элге жасаган мындай эмгек мындан ары да токтойбой улана берүүсү үчүн да биз алдыдагы шайлоого катышууну чечтик. Биз бардык өзгөрүүлөрдү Биримдикте жана ынтымакта жасайбыз.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 21:36

Ийгилик «Кыргызстан» партиясынын колунда

Ийгилик «Кыргызстан» партиясынын колунда, Ар дайым бирге бололу жолубузда. Туруктуу иштеп, элге ак кызмат кылып, Журок соксун Мекеним деп дайыма!

Подробнее
11 сентября 2020 г. 21:20

Жоомарт Жолдошев:

Жоомарт Жолдошев: “Сот отурумдары онлайн көрсөтүлүп, чечимдери ачык болушу керек” “Бир Бол” партиясынын “Жаңы форматтагы лидерлер” деп аталган форумунда партия мүчөсү Жоомарт Жолдошев Мыйзамдарды ирээтке келтирүү максатка ылайык экенин билдирди. “Урматтуу санаалаштар, партиялаштар, үзөңгүлөштөр, бүгүнкү биздин алдыбызга койгон ниеттерибизди туу тутуп, реформа кылуу пландарыбызды сиздер менен тең бөлүшкөнгө келгениңиздерге ыраазычылык билдирем! Биз адилеттүүлүк жана коопсуздук принциптерин туу тутуп келебиз. Реформа, өзгөрүү Мыйзамдардан, эрежелерден башталат. Демек, аларды өзгөртүү менен биз баардык тарматарда адилеттүү, реалдуу жыйынтыктарга жете алабыз. Себеби азыркы Мыйзамдар чийки жана иштебейт”, -деди Ж.Жолдошев. Ошондой эле сот системасына жарандар ишенбегендиги сот системасынын адилеттүү эместигинен кабар берерин кошумчалады. “Сот системасын өзгөртүү Сотторду тандоо кеңешинин колунда. Ал жакта коп мүчүлүштүктөр бар, биз аларды жоюуга даярбыз жана милдеттүүбүз. Сот ситемасындагы эң негизги көйгөй сот отурумдарынын жабык болгонунда, соттордун чечими ачык болушу керек, сот отурумдары онлайн көрсөтүлүшү керек, ачык-айкындык болуш керек. Бул биздин программабызда камтылган”, -деди ал. Муну менен катар эле партиянын башкы максаттарынын бири – преференциалдык шайлоо системасын киргизүү экенин билдирди. Мындай системада партияны гана эмес, партиянын курамындагы талапкерди дагы тандоо мүмкүнчүлүгү берилет.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 13:31

Алмамбет Шыкмаматов: “Оппозициялык партияларга добуш бериңиздер”

Алмамбет Шыкмаматов: “Оппозициялык партияларга добуш бериңиздер” “Добуш үчүн акча тараткандар - элдин душманы! Бийликтин партияларына добуш бербеңиздер! Алар ансыз деле паспортторду чогултуп, административдик ресурсту колдонуу менен элге басым жасап, №2 форма аркылуу добуштарды сатып алып жатышат. Эгер бийликке оппозиция барбаса, парламент накта “Чимкириктердин” уюгу болот”,-деди А.Шыкмаматов. Алмамбет Шыкмаматов ошондой эле элди оппозициялык партияларга добуш берүүгө чакырды. “Шайлоо алдында мектеп оңдоп, стадион кургандар бийликке келгенде короткон акчасын 4-5 эсеге көбөйтүп алышат. Ал эми добушун саткандар эки эсе жарды болушат. Ошондуктан, “Бир Бол” сыяктуу оппозициялык партияларга добуш бериңиздер!”, - деди А.Шыкмаматов.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 21:18

“Ата Мекен” партиясы Кыргызстандын бардык аймактарынан келген жаштардын жана партиянын лидерлеринин катышуусунда форум өткөрдү.

“Ата Мекен” партиясы Кыргызстандын бардык аймактарынан келген жаштардын жана партиянын лидерлеринин катышуусунда форум өткөрдү. Келечек эртең келет деп күтүүчү убак эмес, биз ошол келечекти бүгүн, чогуу куралы! Бүгүн, азыр жоопкерчиликти алалы! Быйылкы коронавирус илдети менен күрөшүүдө жаш активисттер, жаш лидерлер, студенттер опол тоодой күчүн көрсөтүштү. Карантин маалында бийликтен дабыш чыкпай турган чакта, жаштар түп көтөрө чыкты. Аларды көрүп келечекке үмүт жанды, чын жүрөктөн сыймыктандык! Муундар арасында диалог куруу абдан маанилүү. Анткени диалог аркылуу гана демократиялык баалуулуктарга негизделген мамлекет кура алабыз. Ал эми бул биздин партиянын негизги максаттарынын бири. "Ата Мекен", №6! Добушуңду сатпа, Мекениңди сакта! *** Партия Ата Мекен провела форум, в котором приняли участие лидеры партии и представители молодежи со всей страны. Мы верим, что будущее уже наступило. Мы верим, что больше не нужно ждать, пока кто-нибудь будет готов. Мы верим, что пришло время брать на себя ответственность здесь и сейчас! Молодые лидеры, активисты, студенты и многие другие показали себя в 2020 году с наилучшей стороны! Пандемия коронавируса, карантин и всеобщая сплоченность молодых людей Кыргызстана показали нам, что нам есть куда идти и нам есть на кого опираться даже в самые сложные времена. Всегда важен диалог между поколениями, только диалог позволяет строить крепкое, современное и демократическое государство, что несомненно является целью нашей партии. "Ата Мекен", №6! Не продавай свой голос, не продавай свою страну!

Подробнее
11 сентября 2020 г. 21:21

Алтынбек Сулайманов:

Алтынбек Сулайманов: “Биздин команда өлкөбүздү туңгуюктан алып чыгарына ишенем” Биздин программа – жакынкы беш жылдыктагы иштердин артыкчылыктуу багыттарын камтыган. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда “Бир Бол” саясий партиясынын “Жаңы форматтагы лидерлер” аттуу форумунда, партия лидери Алтынбек Сулайманов программа менен тааныштырып жатып билдирди. “Биз лидерлер, чемпиондор менен биргеликте келечекте 5 жылга карата кандай иштерди жасайбыз, кандай ийгиликтерди жаратабыз, өлкөнү өнүктүрүү үчүн кандай багытта жол алабыз деген программаны сунуштап жатабыз. “Бир Бол” партия катары жаңыланды жана ар бири өз тармагынын лидерлери болгон адамдардан түзүлдү. Алар - өз тарамагында күчүн, жаратмандыгын, ийгиликтерин көрсөткөн, билимдүү жана дүйнөдөгү эң алдыңкы университеттерде окуган, мекенине келип ийгиликтерди жарата алган жаңы жүздөр. Биздин команда бийлик бутактарына же парламентке келсе ийгиликтерди жаратып, өлкөбүздү туңгуюктан алып чыгаарына ишенем”, - деди А.Сулайманов. Ал реформалар тез арада жасалышы керектигин кошумчалады. “Биз популисттик эмес, абдан оор жана татаал кадамдарды сунуштайбыз”, -деди партия лидери. Иш-чара Бишкектин четиндеги гольф клубда өтүп жатат. Форумдун максаты – элге партиянын программасын тааныштыруу. Анда жакынкы беш жылдыктагы иштердин артыкчылыктуу багыттары камтылган. Алар: Экономикалык өнүгүү, эффективдүү мамлекеттик башкаруу, сапаттуу билим берүү жана маданиятты жогорулатуу, сапаттуу жана жеткиликтүү саламаттык сактоо кызматы, ошондой эле экологиялык коопсуздук жана жашыл экономика багыттары.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 21:25

Кылычбек Исамамбетов:

Кылычбек Исамамбетов: "Эгерде өлкө ичинде кимдир бирөө кыйналып жашап жатса, анда калганыбыз кантип жакшы жашап жатабыз деп айта алабыз? Мен чечкиндүү, кардиналдуу реформалар үчүн умтулам, өзгөчө экономика, санарип технологиялар тармагында. Мыйзамдарды түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл". *** Кылычбек Исамамбетов: «Как мы можем крепко спать, когда в стране некоторые не могут позволить себе купить булку хлеба. Я стремлюсь к решительным и кардинальным реформам, особенно в сфере экономики и IT-технологий. Необходимо полностью менять некоторые законы и разрабатывать их под современный мир».

Подробнее
11 сентября 2020 г. 21:40

Урматтуу кыргызстандыктар, ⠀

Урматтуу кыргызстандыктар, ⠀ 2020-жыл Кыргызстанга эле эмес, бүтүндөй дүйнөгө олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келди. Экономика, социалдык тармак, күнүмдүк турмуш, ар бир адамдын кийинки тагдыры – баары орчундуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Кирешенин азайышы, ишканалардын банкротко учурап жабылышы, өсүп жаткан мамлекеттик карыз, алынган насыялар кыргызстандыктардын жашоосун өзгөртөт. ⠀ Мындай учурда мамлекеттин, лидерлердин жана аткаминерлердин негизги милдети – жоопкерчиликти моюнга алуу: кыйынчылыктардан качып, элге тескери бурулбаш керек, эффективдүү чечимдерди издеп, билимдүү жана күчтүү кадрларды командага бириктирүү зарыл. ⠀ “Ата Мекен” партиясында да олуттуу өзгөрүүлөр болду. Лидерлерибиз Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева жана Дүйшөнкул Чотонов партиянын башкаруу жоопкерчилигин бизге, жаш лидерлерге өткөрүп берүү чечимин кабыл алышты. ⠀ Бул күндөрү ар бир жаранга кайрылат элек: маанисиз талаш-тартыштарга убакыт коротпойлу, “ким кыйын, ким жаман” деген керексиз талкууларга күчүбүздү кетирбейли. Азыр кризистен чыгуунун амалын издеп, Кыргызстанды гүлдөгөн, өзгөрүүлөргө даяр өлкөгө айлантуу үчүн күчүбүздү бириктирүү мезгили келди.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 19:22

"Ыймандуу бийлик, берекелүү жашоо"

"Ыймандуу бийлик, берекелүү жашоо" ураанын карманган "Ыйман Нуру " партиясынын төрагасы Нуржигит Кадырбеков жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, ишкер Чыңгыз Макешов ЭлТР телеканалынын "Жеке кайрылуу" программасында, алдыдагы шайлоо тууралуу кеп кылышып, партиянын пландары жана платформасы менен тааныштырышты. Маектин жүрүшүндө, өлкөдөгү өтө орчундуу маселелер боюнча пикир айтылып, аларды мамлекеттин, жарандардын пайдасына чечүү жолдору каралды. Партиянын лидери туура билим алуу, кен байлыктарды туура бөлүштүрүү, аларды инвестициялоо менен өлкөнүн экономикалык абалын жакшыртуу мүмкүн экенин айтып өттү. Мындан сырткары, партиянын курамында бийликке жаңы дем менен, бир гана өз ишин мыкты билген жаштардан түзүлгөн команда бар экенин баса белгиледи. Маекти толугу менен көрүп, партиянын пландары менен тааныш болуңуз

Подробнее
11 сентября 2020 г. 22:30

Олуттуу реформалар менен алдыга карай жол улайлы!

Олуттуу реформалар менен алдыга карай жол улайлы! Жаш талапкерибиз @kutman_tursunkulov Токтогул районунун тургундары менен жолугушууларын улантууда. Мамлекетибиздин келечеги - Билимдүү муун! Жаштар үчүн! Өлкө үчүн! Өзгөрүүлөр үчүн "Республиканы" тандайлы! №14✅

Подробнее
13 сентября 2020 г. 0:53

Зайнидин Курманов: «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы таң калтырды

Тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Зайнидин Курманов социалдык тармактагы баракчасына партиялардын программалары боюнча көз карашын жарыялады. Профессор башка партиялардын арасынан «Мекеним Кыргызстанды» өзгөчө белгилеп, парламенттик жарыштын фаворити катары сыпаттады. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасы мени таң калтырды. Аталган партияны социалдык тармактарда тепкилебеген адам калган жок. Эринбей окуп чыгыңыздар. Бул социалдык-либералдык идеологияны камтыган максаты анык программа. Партиянын планы алдыдагы 5 жылдыкты гана эмес, андан аркы мезгилди да камтыган. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өзүнүн убадаларын гана эмес, жаңы саясий багытты элге сунуштады. Эң башкысы чар жайыт, бири-бирине байланышы жок башкалардан уурдалган идеяларды алып чыккан жок. «Мекеним Кыргызстан» партиясы КМШ мамлекеттер арасында миңдеп саналган катардагы саны бар сапаты жок партия эмес, заманбап идеологиясы бар, жарандарга камкордук көргөн, алардын укугу, эркиндиги маанилүү болгон партия боло алды. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасында көз караштардын системасы орун алган, «жапайы капитализмдин» ордуна «социалдык капитализмди» курууга умтулган идеологиялык партия. Мындай идеология эркиндиги чектелип башкаруунун олигархтык формасы орун алып жаткан Кыргызстанда азыр абдан актуалдуу. Ушундан улам сөз эркиндигин чектөөгө аракет кылган мыйзам долбоорлору жазылып жатат. Мындай системада жарандар мамлекеттин жардамынан үмүт кылбай өз алдынча күн көрүүгө мажбур болот. Буга короновирус пандемиясындагы абал далил. Партиянын программасындагы адам укуктары, жарандык коомдун, бизнестин өнүгүүсү, калкты социалдык колдоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, башкаруу, аймактардын өнүгүүсү, экономикалык саясат жана башка адамзаттын маанилүү көйгөйлөрүн чечүү жолдору дал ушул социалдык либерализм идеологиясынан келип чыккан. ЕАЭСтин алкагында Евразиялык интеграция маселесине чоң маани берилген. Анткени бизде башка цивилизациялык альтернатива жок. Европа биримдиги да НАФТА да бизди күтпөйт. Албетте Кытай, Иран, Афганистан, Пакистан же Индия менен интеграциялашуу маселесин карап көрсө болот. Бирок кантип? Программа жөнөкөй тилде жазылып, «Кыргызстан аймактагы ийгиликтүү модернизацияланган мамлекет катары башкаларга үлгү боло алат» деген чакырык менен аяктаган. Бул партиянын талапкерлери Жогорку Кеңешке келип калса программасын ишке ашырууга киришүүсүн абдан каалайт элем. Ушундай жагдайда Кыргызстан таптакыр башкача, өнүккөн мамлекетке айлана алат». Зайнидин Курманов, тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери. *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 0:53

Кара-Суу № 4 — тизмедеги «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандайт!

Кара-Суу районунун тургундары «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкерлерди жакшы маанайда тосуп алышты. «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов менен жолуккан жергиликтүү калк, пандемия учурунда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын айтып, ак сакалдуу аталар, ак жоолукчан апалар баталарын беришти. Бул жөн гана сөздөр эмес, бул чыныгы колдоо. Жолугушуу учурунда «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов: «Бүгүн республикада жалпы системалык кризис башталды. Коронавирус пандемиясы 2020-жылдын башынан бери көптөгөн жарандарыбыздын өмүрүн алып кетти. Өлкөдө жумушсуздуктун көбөйдү, медицина тармагынын деңгээли алсыз болуп импортко көз каранды экономика мамлекеттик башкарууга жана аткаруу бийлигинин көзкарандысыз чечим кабыл ала албагандыгын көрсөттү. Азыр калк психологиялык кысымды баштан өткөрүп жатат, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал баарыбызды ойлонтту. Тилекке каршы саясий уюмдун көптөгөн мүчөлөрү дагы бул илдетке кабылып, айрымдары узак убакытка чейин күрөшүп, ал эми кээ бирлери жакындарынан айрылды. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү, бардык адамдардай эле, чоң соккуларды башынан өткөрүштү. Тилекке каршы адамдар буга чейин көп нерсенин баркын билчү эмес. Өлкөнү өнүктүрүү, өстүрүү биздин милдет экенин түшүндүк, — деди талапкер. «Ар бирибиз өзүбүздүн көз карашыбызды, өзүн-өзү башкара билүүдө көп кыйынчылыктарды кезиктирдик. Биздин максатыбыз өнүккөн базар экономикасы бар социалдык багыттагы мамлекетти куруу жана ар бир мекендештин жыргалчылыгын жогорулатуу», — деди «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Алишер Козуев. «Мекеним Кыргызстан» партиясы — ар бир жарандын партиясы! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники