О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
12 сентября 2020 г. 0:17

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын жалпы коомчулукка билдирүүсү

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эки жергиликтүү тургун бир айылдашына оройлук менен мамиле жасап, биздин партияны колдоосун талап кылуусу боюнча ээн баштык окуясына эч кандай тиешеси жоктугун билдирет. Айрым маалымат каражаттары иштин чоо-жайын тактабай туруп, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүтчүлөрү айылдашын коркутууга барганы тууралуу маалыматтарды таратып жиберген. Чынында андай окуя болбогонун дагы бир жолу баса белгилейбиз. «Мекеним Кыргызстан» башка партиялардан айырмаланып, өз үгүтчү-агитаторлору менен расмий келишимдерди түзгөн жана муну менен катар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн бардык салык жана башка төлөмдөр төлөнгөн. Бул албетте, башка партиялар сыяктуу эле тарапташтарыбыз кандайдыр бир келишими жок биз үчүн үгүт жүргүзө албайт дегенди түшүндүрбөйт. Кайсы бир партияны колдоп, же ага каршы үгүттөө, өз пикирин айтуу — бул ар бир жарандын укугу. Бирок мындай учурда алар партиянын расмий үгүтчүсү деп эсептелбейт. Биз айылдаштар ортосундагы турмуштук чатакты атаандаштарыбыз биздин партиянын атына көлөкө түшүрүү аракетинде, атайлап бурмалап, колдонушту деп эсептейбиз. «Мекеним Кыргызстан» дагы бир жолу бардык партияларды — саясий атаандаштарды ыплас технологияларды колдонуу менен жок жерден эле негизсиз чатак чыгарбоого жана таза күрөшүүгө чакырат. *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 13:45

Зубенко Анна

Зубенко Анна "Реформа" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кандидат в депутаты от политической партии "Реформа"

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:27

Путин менен Лукашенко 14-сентябрда Сочиде жолугушат

Орусиянын жана Беларустун президенттери кийинки аптада жолугушмакчы. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков лидерлер 14-сентябрда Сочиде кездешерин билдирди. Песковдун айтымында, жумушчу жолугушууда эч кандай документтерге кол коюлбайт жана басма сөз жыйыны өткөрүлбөйт. Владимир Путин менен Александр Лукашенко Беларуста бийликке каршы массалык демонстрациялар башталгандан бери биринчи жолу кездешмекчи. Нааразылык акциялары 9-августтагы президенттик шайлоону өлкө башында 26 жылдан бери турган Лукашенко жеңгени жарыялангандан кийин башталган. Ошондон бери миңдеген киши кармалып, жүздөгөн адамдар милициянын зомбулугуна туш болду. Оппозиция жана митингчилер шайлоо бурмаланган деп эсептешет. АКШ жана Евробиримдик тынч митингчилерге каршы күч колдонууну, куугунтукту айыптап келатышат. Оппозициянын талапкери Светлана Тихановская чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болуп, азыр Литвада жүрөт. Орусия менен Беларустун ортосунда 1990-жылдары «Союздук республика» түзүлүп, бирок ал кагаз түрүндө гана кала берүүдө.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:27

Министр тергөө иштерин мөөнөтүнөн кечиктирбөөнү талап кылды

Милицияда козголгон кылмыш иштери мөөнөтүнөн кечиктирилбей тергелип турушуна көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Чүй облусундагы кызматкерлер менен жолукканда айтты. ИИМдин басма сөз кызматы 11-сентябрда кабарлагандай, министр элден түшкөн арыздарга өз убагында жооп берип, мыйзам чегинде чара көрүү жагына да көңүл буруш керек экенин айтты. Жер-жерлердеги жетекчилерден ар дайым кызматтык ишмердүүлүгүн жакшыртып турушун талап кылды. Министр Жунушалиев 4-октябрда өтө турган кезектеги парламенттик шайлоо учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту сактоо боюнча көрүлүп жаткан даярдык иштеринен кабар алды. Кызматкерлердин мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча даярдыгын сурап, аларды ар бири билиши зарыл экенин эскертти. ИИМдин жетекчиси Чүй облустук милициясынын имаратында жайгашкан «Бирдиктүү терезе» борборунун ишин көрүп, андан кийин Аламүдүн, Ысык-Ата райондоруна, Токмок шаарына барды. Кыргызстанда тергөө абактарында адамдар өтө көп экенин, алардын айрымдары күнөөсү далилдене элек болсо да айдап-жылдап камакта отурганын, тергөө да, сот да создуккан учурлар бар экенин укук коргоочулар айтып жүрүшөт. Мындай көйгөй актуалдуу экени президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 8-февралында өткөргөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында да белгиленген. Быйыл 4-октябрда өлкөдө кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Азыр үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. (RK)

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:29

Кайсы партияда жогорку билимдүү талапкерлер көбүрөөк? Рейтинг

Жогорку Кеңештин депутаты болууга камынып турган 2 032 талапкердин көбүнүн жогорку билими бар. Sputnik БШК жарыялаган маалыматка карап кайсы партияда жогорку билимге ээ талапкерлер көбүрөөк экенине саресеп салды.Жалпысынан алганда 2 032 талапкердин ичинен 1718и жогорку окуу жайды бүткөн. Депутаттыкка ат салышып жаткан калган 314үнүн орто, орто адистик же орто кесиптик билими бар. Бир эле телеканалга 3 млн. сом берип... Партиялар акчасын кайда чачып жатат Пайыздык чек менен эсептегенде жогорку билимдүүлөр "Бир Бол" менен "Мекеним Кыргызстан" партияларында көп экени айтылат. "Биримдик" менен "Реформанын" талапкерлеринин 92 пайызы жогорку билимге ээ. "Ыйман Нуру" партиясында 91 пайызы билимдүү экени жазылган. Ал эми "Афган согушунун ардагерлери" партиясында жогорку билимдүүлөр баарынан аз экени көрсөтүлгөн.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 21:21

Гүлнура Төралиева:

Гүлнура Төралиева: "Кыргызстанды социалдык багыттагы, укуктук, демократиялык, светтик мамлекет катары көргүбүз келет" Биздин команда Кыргызстанды социалдык багыттагы, укуктук, демократиялык, светтик мамлекет катары көргүбүз келет. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда “Бир Бол” саясий партиясынын “Жаңы форматтагы лидерлер” аттуу форумунда депутаттыкка талапкер Гүлнура Төралиева билдирди. Ал партиянын программасы менен жакындан таанышууга келген меймандарга ыраазычылык айтып, эң башкы баалуулуктар тууралуу кеп кылды. “Биз Кыргызстанды бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон эркин жарандардын өлкөсү катары көргүбүз келет. Жарандарды, алардын жашоосун, ден соолугун, кадыр-баркын, укуктарын жана эркиндигин коргогон өлкө болсо дейбиз”, - деди Гүлнура Төралиева. Ал Кыргызстандын бизнес үчүн мыкты шарттары бар, жаратман экономиканын, инновациялардын өлкөсү болооруна ишеним чоң деди. "Кыргызстанды социалдык багыттагы, укуктук, демократиялык, светтик мамлекет катары көргүбүз келет" Биздин команда Кыргызстанды социалдык багыттагы, укуктук, демократиялык, светтик мамлекет катары көргүбүз келет. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда “Бир Бол” саясий партиясынын “Жаңы форматтагы лидерлер” аттуу форумунда депутаттыкка талапкер Гүлнура Төралиева билдирди. Ал партиянын программасы менен жакындан таанышууга келген меймандарга ыраазычылык айтып, эң башкы баалуулуктар тууралуу кеп кылды. “Биз Кыргызстанды бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон эркин жарандардын өлкөсү катары көргүбүз келет. Жарандарды, алардын жашоосун, ден соолугун, кадыр-баркын, укуктарын жана эркиндигин коргогон өлкө болсо дейбиз”, - деди Гүлнура Төралиева. Ал Кыргызстандын бизнес үчүн мыкты шарттары бар, жаратман экономиканын, инновациялардын өлкөсү болооруна ишеним чоң деди.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:29

Бир эле телеканалга 3 млн. сом берип... Партиялар акчасын кайда чачып жатат

Кээ бир партиялар бир интернет-сайтка жарнама жайгаштыруу үчүн 500 миң сом, телеканалдарга 2-3 миллион сомго чейин берген.БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын фондуна түшкөн каражат жана анын чыгымдалышы тууралуу маалымат жарыялады. Документке 4-сентябрга чейинки маалыматтар жазылган. Бул күнгө чейин корогон каражаттын дээрлик баары эле көчөгө илгенге баннер чыгарууга, гезит, радио, телевидение жана сайттарга жарнама берүүгө кеткен. Кээ бир партиялар бир интернет-сайтка жарнама жайгаштыруу үчүн 500 миң сом, телеканалдарга 2-3 миллион сомго чейин бөлгөнү жазылат. Белгилей кетсек, ушул фонддогу акчанын эсебинен 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсү да төлөнгөн. Партиялардын бюллетендеги катар номерлери бекиди. Ким канчанчы болуп жазылат? Талдай келгенде, эң эле “бай” делип “Биримдик” партиясы табылды, анын шайлоо фондунда 97,4 миллион сому бар. Ал эми эң аз сумма “Ордо” партиясынын эсебинде турат, аларга 5,9 миллион сом чогулган. “Биримдик” партиясы Түшкөн каражат — 97 миллион 400 миң сом; Чыгымдалды — 85 миллион 527,7 миң сом. “Кыргызстан” партиясы Түшкөн каражат — 68 миллион 474 миң сом; Чыгымдалды — 61 миллион 679,6 миң сом. “Мекеним Кыргызстан” партиясы Түшкөн каражат — 64 миллион 829 миң сом; Чыгымдалды — 62 миллион 182,7 миң сом. “Ата Мекен” партиясы Түшкөн каражат — 35 миллион 620 миң сом; Чыгымдалды — 30 миллион 484,7 миң сом. “Бир Бол” партиясы Түшкөн каражат — 32 миллион 471 миң сом; Чыгымдалды — 29 миллион 283,4 миң сом. “Замандаш” партиясы Түшкөн каражат — 31 миллион 047 миң сом; Чыгымдалды — 27 миллион 304,6 миң сом. “Республика” партиясы Түшкөн каражат — 17 миллион 243,5 миң сом; Чыгымдалды — 14 миллион 440,1 миң сом. “Мекенчил” партиясы Түшкөн каражат — 9 миллион 612,7 миң сом; Чыгымдалды — 8 миллион 092 миң сом. "Афганистан согушунун ардагерлери" партиясы Түшкөн каражат — 7 миллион 624 миң сом; Чыгымдалды — 7 миллион 275,7 миң сом. “Социал-демократтар” партиясы Түшкөн каражат — 7 миллион 349,1 миң сом; Чыгымдалды — 7 миллион 310,4 миң сом. “Мекен Ынтымагы” партиясы Түшкөн каражат — 6 миллион 480,7 миң сом; Чыгымдалды — 6 094,8 миң сом. “Реформа” партиясы Түшкөн каражат — 6 миллион 361,4 миң сом; Чыгымдалды — 6 миллион 078 миң сом. “Чоң Казат” партиясы Түшкөн каражат — 6 миллион 163 миң сом; Чыгымдалды — 6 миллион 038 миң сом. “Ыйман Нуру” партиясы Түшкөн каражат — 6 миллион 016 миң сом; Чыгымдалды — 5 927 787 миң сом. “Ордо” партиясы Түшкөн каражат —5 миллион 925 миң сом; Чыгымдалды — 5 миллион 922 миң сом. Белгилей кетсек, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 4-сентябрда жарыштан четтеп сот процесси менен жүргөндүктөн, алардын маалыматы камтылган эмес. Партиялардын шайлоо фондуна кимдер акча которуп, ал каражат кайда жумшалып жатканы туурасында кенен маалымат БШКнын сайтына жарыяланган .

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:29

Кыргызстандыктар үчүн чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участкасы түзүлдү

Алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүү алкагында чет өлкөдөгү шайлоо участоктору тийиштүү жабдуулар жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен өз мөөнөтүндө камсыздалышы керек. Бул туурасында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыздоо жагынан көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди. Белгиленгендей, чет өлкөдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн. Аларды тийиштүү материалдык-техникалык база жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен камсыздоо жагы иштелип жатат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, тийиштүү иш-чаралар аткарылууда. «Чет өлкөдөгү мекендештердин парламенттик шайлоого катышуусу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү керек. Бардык уюштуруу маселелерин өз учурунда аткаруу зарыл», - деди вице-премьер-министр Акрам Мадумаров.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:29

Унутулган кишидей болбой укугуңду пайдалан

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Бул күнү 18 жаштан жогору өлкөнүн баардык жарандары анын ичинде чет мамлекеттерде иштеп, жашап жаткан кыргызстандыктар да добуш берүү укугунан пайдалана алышат. Адатта сыртта жүргөн мекендештер шайлоого жигердүү катышпай келгени көп айтылып жүрөт. Бирок бул жолку шайлоого бардык шарт түзүлүп жатат. Бул багытта тишелүү мамлекеттик мекемелерге Кыргызстандагы миграция боюнча Эл аралык уюм жардамга келди. Учурда өлкөдө эки жарым миңдей, ал эми сыртта жүргөн мекендештер үчүн 44 шайлоо участкалары түзүлүп, шайлоо комиссиялары дайындалды. Москвада үй бүлөсү менен үч жылдан бери иштеп, жашап жаткан мекендешибиз Улан Кыдыров 4-октябрда парламенттик шайлоого катышып, добуш берет. Жубайы жана достору менен Кыргызстандын Москвадагы консулдугуна келип биометрикалык маалыматтарын тапшырып, форма 2 үлгүсүн толтуруп, каттоого турду. Добуш берчү күнү жубайы экөө атуулдук милдетин аткарат.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:31

БШК Ош шаарындагы үч шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 11-сентябрындагы отурумунда Ош шаарындагы төмөнкү шайлоо участкаларынын даректерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Алар: • № 5311 шайлоо участогу Зайнабетдинов көчөсүндөгү № 2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратынан Ж. Райымбеков көчөсү, 106а дарегиндеги “Мол Булак” бала бакчасынын имаратына көчүрүү; • № 5908 кошумча шайлоо участогу Мамыров көчөсү, 88а дарегиндеги “Асан-Үсөн” жеке ишканасынын имаратынан Мамыров көчөсү, 97 дарегиндеги “Аяна” жеке ишканасынын имаратына көчүрүү; • № 5910 кошумча шайлоо участогу Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Черемушки” кичи районундагы Моминов көчөсү, 148а дарегиндеги имаратынан “Черемушки” кичи районундагы Моминов көчөсү, 181 дарегиндеги “Кыргызстан” кинотеатрынын имаратына көчүрүү. Чечим Ош аймактык шайлоо комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Ош шаарындагы № 5311, № 5908, № 5910 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча кайрылуусунун, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарынын негизинде кабыл алынды. Ош аймактык шайлоо комиссиясына Ош шаардык мэриясы менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:29

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы менен ТҮЗ ЭФИР

no article

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:31

Ысык-Көл облусундагы имамдарга шайлоо иштерине аралашпоо боюнча облус казысы эскертүү берди

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков шаар, райондук баш имам хатибдер менен жолугушуп, шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүгө дин кызматкерлердин аралашпоосу жөнүндө имам хатибдерге эскертүүлөрдү берди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. “Баш имам хатибдер үчүн уюштурулган онлайн жыйында мечиттерде, диний мекемелерде жана имараттарда, шайлоого байланыштуу үгүт иштерин жүргүзбөө, ага дин кызматкерлеринин аралашпоосу эскертилди. Мындан сырткары ысырапкерчиликтин алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, этностор аралык мамилелерди жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди”,- деди облус казысы. Мындан сырткары мечиттердин тазалыгына көңүл буруу, каттоосу жок мечиттердин документтерин ирээтке келтирүү, кышка даярдыкты күчөтүү, имамдардын билим деңгээлин жогорулатууда атайын окууларды уюштуруу зарылдыгы айтылды.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:53

№1047 шайлоо участкасы бир күндө 251 адамды каттоодон өткөргөн

Социалдык түйүндөрдө жана айрым ЖМКларда шайлоо участкалары жарандардын арызын кабыл албай жатат деген маалыматтар тарады. Буга байланыштуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова менен журналисттер биргеликте Бишкектеги шайлоо участкаларын кыдырып, текшерүү жүргүздү.Рейддин жүрүшүндө жалпы беш участок текшерилип, анын үчөө мыйзам бузгандыгы аныкталды. Алсак, бир күн ичинде 1600дөн ашуун адам №20 форма менен катталган учурлар кездешти.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:33

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын билдирүүсү

"Мекеним Кыргызстан" партиясы, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эки жарандын катышуусунда болгон бейбаштык окуясына эч кандай тиешеси жоктугун билдиришүүдө, алар айылдаштарынан биздин партияны оройлук менен колдошун талап кылышкан. Айрым маалымат каражаттары иштин маңызын толук түшүнбөй, окуя тууралуу маалыматты токтоосуз таркатып, коркутуулар “Мекеним Кыргызстан” партиясынын агитаторлорунан келип чыккандыгын билдиришти. Бул таптакыр андай эмес экендигин дагы бир жолу баса белгилейбиз. Башка партиялардан айырмаланып, Мекеним Кыргызстан өзүнүн бардык агитаторлору менен расмий келишимдерди түзүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык салыктарды жана жыйымдарды төлөйт. Албетте, бул биздин тарапташтарыбыз, ошондой эле башка партиялар үчүн үгүт иштерин, келишим түзбөстөн деле жүргүзө албайт дегенди билдирбейт. Кайсы бир партия үчүн же ага каршы үгүт жүргүзүү, өз оюн айтуу ж.б.у.с. ар кимдин укугу. Бирок бул учурда алар партиянын расмий агитатору деп эсептелбейт. Айылдаштар арасындагы күнүмдүк чыр-чатакты биздин оппоненттер атайылап партиянын беделине көлөкө түшүрүү максатында колдонушкан деп эсептейбиз. "Мекеним Кыргызстан" партиясы дагы бир жолу бардыгын таза технологияларды колдонбостон жана буга негиз жок жерде ызы-чууну козгобой, адилеттүү күрөшүүгө чакырат. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жайчиева Гүлбарчын Эр Турсуновна тарабынан "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнөт. Чыккан күнү 11.09.2020.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:33

Парламент депутаттары парламентте болбогонуна карабастан айлыктарын алышат. Шайлоого катышпагандар дагы

Жогорку Кеңештин депутаттары октябрь айына чейин пленардык жыйындарды токтотконуна карабастан айлык алышат. Парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу Vesti.kg сайтына билдиргендей, учурда эл өкүлдөрү шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жатышат. - 120 депутаттын бардыгы тең расмий түрдө шайлоочулар менен жолугушууда, атүгүл шайлоого катышпагандар дагы бар, - деди Нуракун уулу. - Алардын парламенттик ыйгарым укуктары азырынча токтотула элек. Алар айлыктарын толугу менен алышабы же жокпу билбейм, бирок аны толугу менен алышы керек. Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 2-октябрга чейин парламент жыйындарына чогулбоо чечимин кабыл алышкан. Чечимди 79 депутат колдоп, бирөө каршы болду. Элдос Казыбеков Сүрөт www

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники