О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
11 сентября 2020 г. 1:39

Шайлоо 2020: "Ыйман Нуру" жана "Чоң Казат" партияларынын тизмесинен 3 талапкер чыгарылды

Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Ыйман Нуру" партиясынын катталган тизмесинен эки талапкерди, ал эми "Чоң Казат" партиясынан бир талапкерди тизмеден чыгарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тизмеден чыгууга талапкерлердин өздөрүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүлөрү негиз болгон. "Ыйман Нуру" партиясынан Кубанычбек Турдукожоев жана Руслан Кожобаев чыгарылса, "Чоң Казат" партиясынын тизмесинен Марьяна Володина чыгарылган. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Шайлоого катышуу үчүн БШК 16 партияны каттады. 15:26 10-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

Шайлоо-2020: 6 саясий партиянын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалып, ишенимдүү адамдары катталды

6 саясий партиянын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалып, ишенимдүү адамдары катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. “Ыйман Нуру” саясий партиясынын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү Бекболот Мурзакулов ; “Республика” саясий партиясынын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү Анарбек Исмаилов ; "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү Руслан Урдавлетов ; "Мекеним Кыргызстан" партиясынан ѳкүл Алмаз Конутаев. “Мекенчил” саясий партиясынан жана "Биримдик" саясий партиясынан ишенимдүү өкүлдөр катталды. 15:19 10-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

Шайлоо фондунан кайсы партия канча акча чыгымдады?

Шайлоо фондунан партиялар канча каражат коротту? Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын эсебине которулган каражат жана анын канчасы чыгымдалгандыгы тууралуу маалыматты жарыялады. Бул 4-сентябрга карата көрсөткүч. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма 64 миллион 828 миң 998 сом. Коротулганы - 62 миллион 182 миң 690 сом; "Социал демократтар" партиясынын шайлоо фондуна 7 миллион 349 миң 110 сом которулган. Коротулганы - 7 миллион 310 миң 448 сом; "Бир Бол" партиясынын эсебинде 32 миллион 470 миң 990 сом деп көрсөтүлсө, коротулганы 29 миллион 283 миң 465 сом ; "Республика" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма - 17 миллион 243 миң 500 сом, чыгымдалганы - 14 миллион 440 миң 112 сом ; "Биримдик" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма - 97 миллион 399 миң 900 сом болсо, анын ичинен 85 миллион 527 миң 751 сому чыгымдалган "Чоң Казат" партиясынын шайлоо боюнча атайын эсебине которулган сумма 6 миллион 162 миң 914 сом болсо, чыгымдалганы 6 миллион 38 миң 446 сом; "Мекенчил" партиясынын шайлоо боюнча эсебинде 9 миллион 612 миң 724 сом болсо, чыгымы 8 миллион 92 миң 410 сом; "Ата Мекен" партиясынын шайлоо фондунда 35 миллион 619 миң 996 сом. Ал эми партия короткон сумма 30 миллион 484 миң 783 сом; "Реформа" партиясынын шайлоо эсебине келип түшкөн каражат 6 миллион 361 миң 469 сом, чыгымы - 6 миллион 78 миң 218 сом; "Кыргызстан" партиясынын шайлоо эсебиндеги каражат - 68 миллион 474 миң 22 сом, коротулганы - 61 миллион 679 миң 668 сом; "Ордо" партиясынын атайын эсебине 5 миллион 925 миң сом которулган. Ал эми коротулган каражат - 5 миллион 921 миң 946 сом; "Мекен Ынтымагы" партиясынын шайлоо фондуна которулган акча - 6 миллион 480 миң 700 сом, чыгымы - 6 миллион 94 миң 886 сом; "Замандаш" партиясынын шайлоо боюнча атайын эсебине 31 миллион 47 миң сом которулган. Партия короткон каражат 27 миллион 304 миң 678 сом; "Ыйман нуру" партиясынын шайлоо эсебине 6 миллион 16 миң 350 сом которулса, 5 миллион 927 миң 787 сому коротулган; “Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясынын" шайлоо боюнча атайын эсебине 7 миллион 624 миң сом которулса, анын ичинен 7 миллион 275 миң 765 сом чыгымдалган. 12:13 10-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

Шайлоо-2020: "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жарышка катышуу маселесине акыркы чечимди Жогорку Сот коюшу мүмкүн

БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясы боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко даттана алат. Бул мамлекеттик органдын конституциялык укугу. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров SUPER.KG порталына билдирди. “Кечээ биринчи инстанция "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын пайдасына чечим чыгарды жана аны аткаруу милдеттүү. Бирок БШК апелляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрыла алат. Жогорку Сот административдик соттун чечимин жокко чыгара алат же колдой алат. Азыркы тапта биз сотко кайрылуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Бул боюнча жакынкы арада белгилүү болот" , - деди Тынчтык Шайназаров. Айтымында, эгер БШК сотко кайрыла турган болсо, кандай болгон күндө дагы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жарышка катышуусу боюнча акыркы чечим Жогорку Сотто калат. Эске сала кетсек, 3-сентябрда БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүгү “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттоого каршы добуш беришкен. Мурунку акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу саясий партиянын лидери Адахан Мадумаров тизмедеги тартипти бузду деген негизде БШК партияны каттоодон баш тартуусу керектигин талап кылган. Кечээ, 9-сентябрда Бишкектин административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын арызын канааттандырып, БШКнын каттоодон баш тартуу чечимин жараксыз деп тапкан. 09:24 10-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы

Подробнее
10 сентября 2020 г. 15:52

Ар кандай мамлекеттик саясаттын борборунда адам болушу керек.

Ар кандай мамлекеттик саясаттын борборунда адам болушу керек. Ар бир жаран, анын түйшүктөрү, кубанычтары, максаттары жана көйгөйлөрү менен – мамлекеттик саясаттын башкы тапшырык ээси. ⠀ Демократиялык баалуулуктар жана башкаруу ыкмалар менен социалдык багытталыш – катардагы жаранга багытталган вектор. «Биримдик» – бул сиздин ойлонуп чечим кабыл алган тандооңуз!

Подробнее
10 сентября 2020 г. 17:42

“Биримдик” партиясынын Жаштар Канаты, сиздерди Кочкоров Улукбек Тойчубаевич менен боло турган “Онлайн” жолугушууга чакырат!

“Биримдик” партиясынын Жаштар Канаты, сиздерди Кочкоров Улукбек Тойчубаевич менен боло турган “Онлайн” жолугушууга чакырат! ⠀ Жолугушуу 11-сентябрь күнү саат 20:00 до Zoom, Facebook жана Instagram баракчалары аркылуу жүргүзүлөт. ⠀ Кандидат түз эфир учурунда “Биримдик” партиясынын Программасы менен толук тааныштырып, алдыда боло турган шайлоого карата бардык суроолорго жооп берет. ⠀

Подробнее
10 сентября 2020 г. 15:48

“Айыл турмушу, өзгөчө аялдардын жана балдардын укуктары мени кайдыгер калтырбайт.

“Айыл турмушу, өзгөчө аялдардын жана балдардын укуктары мени кайдыгер калтырбайт. Алардын укуктарын коргоо максатында, мен дагы талапкерлигимди коюп, шайлоого аттандым”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Бактыгүл Момбекова Баткен шаарындагы үгүт кербени маалында айтты. “Негизи менин саясатка баруу тууралуу оюм жок болчу. Кыргызстанда ата-эне мээриминен ажыраган балдарды окутуп, алардын жашоосуна шарт түзүп, белгилүү инсандар аркылуу келечегине багыт берүү менен жүрө берсем деле болмок. Бирок, четте карап тура албай, бир максатты көздөгөн команда менен шайлоого аттандым”, - деди Б.Момбекова. Ал шайлоого популисттик сезим, популисттик идеялар менен баруунун кереги жок экенин айтты. “Өлкөбүз 30 жылдан бери өнүкпөй, экономикасы бечел бойдон калып келет. Буга кайдыгер карап турбашыбыз керек. Максатыбыз - эскирген системаны жок кылып, Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөдүн катарына кошуу”, - деди Б.Момбекова.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 15:48

“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлер үгүт иштеринин алкагында Нарын районунун эли менен жолугушту.

“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлер үгүт иштеринин алкагында Нарын районунун эли менен жолугушту. Депутаттыкка талапкер Зарина Чекирбаева келгендерге Кыргызстанга инвестиция тартуудагы тоскоолдуктар тууралуу айтып берди. “Азыркы учурда ишкерлердин бизнесин өнүктүрүүгө колдоонун жоктугу, чет элдик жана жергиликтүү инвесторлорго тоскоолдуктар жаралганы бизди абдан ойлондурат. Мени өкмөттө жаштар арасындагы өткөрүлгөн кеңешмелерге, ири бизнес-ассоциациялардын өлкө жетекчилиги менен болгон жолугушууларына байма-бай чакырышат. Бирок, өлкөнү өнүктүрүүнүн конструктивдүү жолу тууралуу ой-пикирлерим, сунуштарым катышуучулардын колдоосуна алынганы менен, кагаз бетинде гана калгандыгы капалантат”, -деди З.Чекирбаева. Ал инвестицияны тарта билген адистер аз экенин кошумчалады. “Мисалы, өзүбүздүн эле элчилерибиз же тилди билишпейт же инвестиция тартканды билишпейт. Биздин партиянын ар бир мүчөсү ушул тармакта жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, чоң салым кошооруна ишенем. “Бир Болдо” инвестиция тартуу жолун билген адистер көп”, - деди Зарина Чекирбаева. Үгүт кампаниясына “Бир Бол” партиясынын мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Чынара Капарова, Зарина Чекирбаева, Мирлан Калыбеков жана Нурсултан Кубанов катышты.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:48

Кыргызстандыктар үчүн чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участкасы түзүлдү

Алдыдагы парламенттик щайлоолорго даярдык көрүү алкагында чет өлкөдөгү шайлоо участоктору тийиштүү жабдуулар жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен өз мөөнөтүндө камсыздалышы керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыздоодо көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын жыйынында билдирди. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөдөгү мекендештердин добуш берүүсү үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоо жана биометрикалык маалыматтарды чогултуунун жүрүшү тууралуу маалыматы угулду. Белгиленгендей, чет өлкөдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн. Аларды тийиштүү материалдык-техникалык база жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен камсыздоо маселелери иштелип жатат. Мындан тышкары, парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү жана аны өткөрүү учурунда коомдук укуктук тартипти камсыздоого тийиштүү маалымат угулду. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, тийиштүү иш-чаралар планы иштелип чыккан. «Чет өлкөдөгү мекендештердин парламенттик шайлоого катышуусу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү керек. Бардык уюштуруу маселелерин өз учурунда аткаруу зарыл», - деди вице-премьер-министр Акрам Мадумаров. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
10 сентября 2020 г. 15:55

«Чоң орунду ээлеп отурган мамлекеттик кызматкерлердин аткаруучу функциясы башка министрликтерде деле бар.

«Чоң орунду ээлеп отурган мамлекеттик кызматкерлердин аткаруучу функциясы башка министрликтерде деле бар. Чындыгында, кайсы министрлик кайсы ишке жооптуу экенин деле билбейбиз. Тиги же бул механизмге, өкмөттүн иш планына ким жоопту, аны да билбейбиз», - дейт Марлен Маматалиев. «Ар бир облуска өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн эмне кереги бар? Алар эмне иш кылышат? Алар өкмөт, премьер-министр кылган ишти аткарып жатышат. Өлкөбүзгө мындай кызматтардын кереги жок», - деп кошумчалады Элнура Алканова. *** «Мы видим, что государственные служащие, которые занимают большие должности, но при этом такие дублирующие функции есть и в других министерствах. Соответственно, мы даже не знаем, какое министерство за что отвечает. Мы не знаем, кто ответственен за тот или иной механизм или план работы правительства», - считает Марлен Маматалиев. «Под вопросом целесообразность работы губернаторов. Зачем нужны полномочные представители правительства в каждой области? Чем они занимаются? Они дублируют работу правительства, работу премьер-министра. Мы считаем, что эти должности стране не нужны», - добавляет Элнура Алканова. Сократить министерства и ведомства, и многочисленный штат чиновников. С такими решительными предложениями выступают кандидаты в депутаты от партии «Мекеним Кырг....

Подробнее
10 сентября 2020 г. 16:02

Алтынбек Жунус уулу:

Алтынбек Жунус уулу: "Республика" шайлоого 14-номур менен аттанды! Он төрт бул-жетиден экөө! Биз бул жолу өзүбүз күткөндөн да эки эсе көп добуш менен жеңишке жетебиз деген ишеничтебиз! Биздин программа кыска бирок нуска. Заманга жараша алдыга жылып, мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбай, дүйнө менен кошо өнүгөлү, башка жол жок. Биз: -Президенттик институтту жоебуз! -Парламентте депутаттардын санын 75ке түшүрөбүз! -Өкмөт 16 эмес, 7 гана министрликтен турат! Мындан жылына 5 000 000 000 сом үнөмдөйбүз -Бизнестин абсолюттук эркиндигин жана корголушун камсыздайбыз! -Салыктардын санын кыскартып, көмүскө экономиканы жоебуз! Шаар мэрлерин түз шайлайбыз! Жана башка кескин реформалар үчүн РЕСПУБЛИКА-14✅✅✅ бизге добуш бериңиз!

Подробнее
10 сентября 2020 г. 17:31

“Бүгүнкү күндө ишкерлик менен алектенем дегендер көптөгөн тоскоолдуктарга дуушар болот.

“Бүгүнкү күндө ишкерлик менен алектенем дегендер көптөгөн тоскоолдуктарга дуушар болот. Анткени, буга чейин кабыл алынып калган татаал мыйзамдар, бизнести өнүктүрүүгө жол ачпай, тескерисинче аны басып турат”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Абдисаит Каримбеков Баткен шаарындагы үгүт кербени маалында билдирди. Айтымында, тоскоолдуктар көп болгондуктан, жаңы ачылган фирмалардын көпчүлүгү жабылып калат. “Статистика боюнча 1 жылда 100 фирма ачылса, 3 жылдын ичинде 10го жакыны иштеп, 90у жабылат. Бул кошумча чыгымга алып келип, убакытты алууда. Эгер бизнес жаатында ишкерлер үчүн өнүгө турган шарт түзөбүз десек, биринчи кезекте мамлекет тараптан бизнести жүргүзүү эрежелери ачык-айкын жана жеңил болушу керек. Мамлекет ишкерликти текшерүүчү орган эмес, ал бизнес үчүн өнөктөш органга айланып, кызматташуу керек”, -деди Абдисаит Каримбеков. Ал каржы маселесине да токтолуп, коммерциялык банктардагы пайыздык чендердин өтө жогору экенин айтты. “Жогорку пайыздык чен менен бизнес куруп, андан пайда табуу өтө оор. Ошолордун баары жолго коюлган эмес. Бизнес - бул кошумча иш орду деген сөз. Кыргызстандагы жумушсуздукту чакан жана орто ишкерлик аркылуу чече алабыз”, -деди А.Каримбеков.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 17:34

Урматтуу кыргызстандыктар, ⠀

БШК саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги катар номерин чүчү кулак кармап аныктады ⠀ Ар бир жараныбызды шайлоого катышып добуш берүүгө чакырабыз! ⠀ Шайлоолор Кыргызстандын келечегин аныктаган маанилүү кадамдардын бири, ошондуктан ар бирибиздин добушубуз маанилүү. ⠀ Биз "Ата Мекендин" желеги алдында өлкөсү үчүн күйгөн, күчтүү, билимдүү, талыкпай иштөөгө даяр эң мыкты адистерди чогулттук. Өлкөнүн келечеги үчүн бул уул-кыздарыбыз жоопкерчилик алууга даяр! Сиздердин колдооңуздарга ишенебиз! ⠀ Добушуңузду сатпаңыз, алданбаңыз! 2020-жылдын 4-октябрында боло турган шайлоодо татыктуу партияга добуш бериңиз! ⠀

Подробнее
10 сентября 2020 г. 21:22

“Биримдик” партиясынын Жаштар Канаты, сиздерди Кочкоров Улукбек Тойчубаевич менен боло турган “Онлайн” жолугушууга чакырат!

“Биримдик” партиясынын Жаштар Канаты, сиздерди Кочкоров Улукбек Тойчубаевич менен боло турган “Онлайн” жолугушууга чакырат! ⠀ Жолугушуу 11-сентябрь күнү саат 20:00 до Zoom, Facebook жана Instagram баракчалары аркылуу жүргүзүлөт. ⠀ Кандидат түз эфир учурунда “Биримдик” партиясынын Программасы менен толук тааныштырып, алдыда боло турган шайлоого карата бардык суроолорго жооп берет. ⠀ Молодежное Крыло партии ”Биримдик” приглашает всех на “Онлайн” встречу которое состоится 11 сентября в 20:00 часов через Zoom, Facebook и Instagram. ⠀ Спикером будет выступать Кандидат ПП “Биримдик” Кочкоров Улукбек Тойчубаевич. На прямом эфире он ознакомит всех с Программой партии “Биримдик” и ответит на все предвыборные вопросы. ⠀ Тема: Презентация программы партии “Биримдик” Подключиться к конференции Zoom ⠀ https://us02web.zoom.us/j/87973000530?pwd=cytCdk5BbHM0MVNQS3dzajdyNGg4UT09 ⠀ Идентификатор конференции: 879 7300 0530 ⠀ Код доступа: 20523 Подключиться к конференции Facebook ⠀ https://www.facebook.com/Birimdik.official/

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:17

«Мекеним Кыргызстан» партиясы: Үйсүз үй-бүлө — үнсүз булбул

«Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоо алдындагы программасында улуттун уңгусун улаган үй-бүлөнү унутта калтырган жок! «Мекеним Кыргызстан» партиясы ар бир кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө көңүл буруп, мугалим жана дарыгерлер үчүн эки жыл аралыгында экиден көп кабаттуу үйлөрдү куруу демилгесин колдойт. Үйсүз үй-бүлө — үнсүз булбул Бюджеттик кызматкерлер, жакыр катмардагы жарандар жана аймактардагы жашоочулар үчүн үй-жайга ээ болуу оңой эмес маселе бойдон калууда. Мамлекеттик ипотекалык компания бул багыттагы жагдайды жакшыртууга аракеттенип жатканы менен, турак жай менен камсыздоо программасы туруктуу каржылоого муктаж болгондуктан үзгүлтүк менен ишке ашууда. Биздин сунуш: Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердигин оптимизациялоо; Өлкө бюджетине оорчулукту азайтуу максатында арзан турак жай сатып алууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган компаниянын программаларын каржылоонун кошумча булактарын табуу жана тартуу; Бара-бара сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен социалдык турак жайды ижарага алуу программасын иштеп чыгуу; Аймактарда ири долбоорлорду ишке ашырып жаткан жергиликтүү ишкерлер менен инвесторлорду өздөрүнүн социалдык программаларынын алкагында жергиликтүү тургундар үчүн үй салып берүүсүнө стимулдаштыруу; Аймактарда жеке турак жай курулушун өнүктүрүү механизмин карап чыгуу. Мындай механизмдин алкагында мамлекет иш берүүчүнүн каражаты менен турак жай курулушун биргелешип каржылооүчүн субсидия бере алат. Жумуш берүүчү мындай турак жайды өз кызматкерлерине ижарага берсе болот. Беш жыл иштегенден кийин ижарачы бул турак жайды курулуштун болжолдуу наркынын 15 пайыздан ашпаган баасы менен менчикке өткөрүп алуу укугуна ээ болот. Мындай механизм региондорго жаш адистерди тартуу менен гана чектелбестен, жер-жерлерде ушул тармакка тиешелүү инфраструктураны баскыч-баскыч менен өнүктүрүүгө түрткү берет; Бишкек жана Ош шаарларында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында мугалим жана дарыгерлер үчүн эки жыл аралыгында экиден көп кабаттуу үйлөрдү куруу. «Мекеним Кыргызстан» партиясы — мамлекеттин өнүгүшүнө чоң багыт берет! «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиздер! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники