О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
11 сентября 2020 г. 1:24

"Мекеним Кыргызстан" №4: Бюрократиядан жана кайталанган функциялардан арылышыбыз керек!

Министрликтер менен ведомстволорду, ошондой эле чиновниктердин чоң штатын кыскартуу. Мындай чечкиндүү сунуштарды "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкерлер айтып жатышат. Саясатчылардын айтымында, жалпы мамлекеттик башкаруу сектору түп-тамырынан бери реформаланышы керек. Мамлекеттик кызматкерлердин санын кеминде тогуз миң адамга кыскартуу. "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Марлен Маматалиевдин айтымында, көптөгөн мамлекеттик органдар өз функцияларын кайталап жатышат. Коронавирус пандемиясы бул аймакта пайда болгон көйгөйдүн негизги түпкүлүгун ачып берди. «Мамлекеттик кызматчылардын чоң кызматтарды ээлеп жаткандыгын көрөбүз, бирок ошол эле учурда башка министрликтерде дагы бири-бирин кайталаган функциялар бар. Буга ылайык, кайсы министрлик эмне үчүн жооптуу экендигин дагы билбейбиз. Тигил же бул механизмге же өкмөттүн иш планына ким жооптуу экендигин билбейбиз ", - деп эсептейт Марлен Маматалиев. «Губернаторлордун ишинин максатка ылайыктуулугу күмөн жаратат. Эмне үчүн ар бир чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу өкмөттүн өкүлдөрү керек? Алар эмне кылып жатышат? Алар өкмөттүн ишин, премьер-министрдин ишин кайталап жатышат. Өлкөдө бул кызматтардын кереги жок деп эсептейбиз », - деп кошумчалайт Алканова. Губернаторлорду жоюп, үнөмдөлгөн каражаттарды түздөн-түз айылдык администрациялардын муктаждыктарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүгө багыттоо, деп депутаттыкка талапкер Элнура Алканова жыйынтыктайт. "Мекеним Кыргызстан" партиясы №4 - ар бир кыргызстандыктын партиясы! "Мекеним Кыргызстан" партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жайчиева Гүлбарчын Эр Турсуновна тарабынан "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнөт. Чыккан күнү 10.09.2020 фото"Мекеним Кыргызстан"

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:24

ЖКнын экс-спикери: Эгерде жарандардын көпчүлүгү шайлоодо баарына каршы добуш берүүгө даяр болсо, бул бийлик үчүн белги

Шайлоо алдында көпчүлүк "баарына каршы" пункту үчүн добуш беребиз деп жатышат, бирок мунун маанисин түшүнгөндөр аз. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Зайнидин Курманов Vesti.kg менен бөлүштү. "Эгерде шайлоодо көбүрөөк добуш" баарына каршы "деген упайга ээ болсо, анда жаңы шайлоо дайындалып, бардыгы жаңы башталат", - деди ал. - Мындай көрүнүш буга чейин башка өлкөлөрдө болгон, мисалы, Бельгияда бир жылдай өкмөт болгон жок, анткени эл парламентти шайлай алган жок. Ушундай эле кырдаал Кыргызстандын биринчи президентин шайлоодо болгон, андан кийин экинчи айлампада белгисиз Аскар Акаев жеңип чыккан. Эгерде бизде кайталап шайлоо болсо, анда "белгисиз аттар" дагы чыгышы мүмкүн. Зайнидин Карпекович кошумчалагандай, эгер көпчүлүк бардык талапкерлерге каршы добуш берсе, анда бул өзгөрүүлөр керектигинин белгиси болушу керек. "Ошондуктан, шайлоого чейин, эмнеге даярдануу керектигин түшүнүү үчүн сурамжылоолорду өткөрүү керек", - деп жыйынтыктады ал. Эскерте кетсек, Vesti.kg сайты Shailoo.org сайты 2020-жылдын 4-октябрында боло турган Жогорку Кеңешке боло турган шайлоонун алдын ала божомолун жарыялоо максатында шайлоочулар арасында сурамжылоо жүргүзүп жаткандыгын маалымдаган. Ресурска киргендердин көпчүлүгү баардык талапкерлерге каршы добуш беришти. Сүрөт www

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:29

Жаныбек Абиров шаардык кеңештин 15 депутаты парламенттик шайлоого катышып жатканын айтты

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров шаардык кеңештин 15 депутаты парламенттик шайлоого катышып жаткандыгын 10-сентябрдагы кезексиз жыйында айтты. Алар: Нуржан Тынымсеитова, Кубанычбек Конгантиев, Сайдахмат Исмаилов, Алмазбек Уланов, Жанарбек Алымов, Бактыбек Абдиев, Казыбек Эргешов, Асылбек Кадралиев, Гүлнара Молдобаева, Мийзамидин Калыков, Аскарбек Күрүчбеков, Бакыт Шайдуллаев, Наталья Кулматова, Увазарбек Адылбеков жана Талантбек Жамгырчиев. Сүрөт www

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:31

“Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Баткен облусунда уланууда

“Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Баткен облусунда уланууда. Партия лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Саитжан Эратов, Абдисаит Каримбеков, Кумарбек Тешебаев, Бактыгүл Момбекова жана башка партия мүчөлөрү Баткен облусунда болуп, эл менен жолугушту. Партия өкүлдөрү элеттиктер менен баарлашып, жеринен көйгөйлөр менен таанышууда. Алтынбек Сулайманов колдоп келгендерге ыраазычылык билдирип, партиянын программасы менен тааныштырды. Ал жаңы түзүлгөн команда 95 пайызга жаңыланганын кошумчалады. “Командабыз таза, жаратман жаңы жүздөрдөн турат. Эгер көздөгөн ийгиликке жетип калсак, чоң өзгөрүүлөрдү жасайбыз. Биз айыл өкмөттөргө бардык күчтү, укукту беришибиз керек. Губернатор кызматы жоюлуп, айыл өкмөт түздөн-түз Премьер-министр менен иштеши керек. Түшкөн салыктын 50%ын айыл өкмөтү өзү алып, маселени чечиш керек. Ошондой эле шаар мэрлерин дагы эл шайлаш керек”, – деди А. Сулайманов. Чек ара көйгөйлөрү менен жакындан тааныш болгон талапкер Саитжан Эратов дагы туруктуу, келечеги кең жана билимдүү жаштардын партиясы “Бир Болдун” катарында. Ал чек ара маселелерине чекит коюуга убакыт келди деп эсептейт. “9 жыл Өкмөттүн эсебинен окугандыктан, мамлекетке дагы 15 жыл карызмын. Ошол себептен шайлоого аттандым. Баткенде коогалаң, араздашуу тынчыбай койду. Бул облуста 12 жыл иштеген офицер катары, ошол маселерди биргеликте чечүүгө аракет кылабыз”, – деди Саитжан Эратов. Дагы бир талапкер Бактыгүл Момбекова айыл турмушу, өзгөчө аялдардын жана балдардын укуктарына кайдыгер карабай, шайлоого аттанганын билдирди. “Негизи менин саясатка баруу оюмда жок болчу. Кыргызстанда ата-эне мээриминен ажыраган балдарды окутуп, алардын жашоосуна шарт түзүп, белгилүү инсандар аркылуу келечегине багыт берүү менен жүрө берсем деле болмок. Бирок, четте карап тура албай, бир максатты көздөгөн команда менен шайлоого аттандым”, – деди Б.Момбекова. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 10-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:31

Шайлоого кайсы партия кандай кандай номер менен катышат? Чүчүкулактын жыйынтыгы

Кечээ, 9-сентябрда парламенттик шайлоодо ат салышып жаткан саясий партиялар шайлоо бюллетениндеги катар номерлерин аныкташ үчүн чүчүкулак кармашты. Анын жыйынтыгы менен саясий бирикмелер төмөнкүдөй катар тизмеге жайгашышты: 1. «Биримдик» 2. «Мекенчил» 3. «Ыйман Нуру» 4. «Мекеним Кыргызстан» 5. «Реформа» 6. «Ата Мекен» 7. «Замандаш» 8. «Бүтүн Кыргызстан» 9. «Социал-Демократтар» 10. «Мекен Ынтымагы» 11. «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери» саясий партиясы 12. «Ордо» 13. «Бир Бол» 14. «Республика» 15. «Кыргызстан» 16. «Чоң Казат» Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын бюллетендеги орду негизи 4-сентябрда аныкталмак. Кийин бул күн 9-сентябрга которулган. Шайлоо бюллетенине жазылчу партиялардын катары чүчүкулак аркылуу аныкталат, алардан тышкары «Баарына каршы» деген графа болот.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:31

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасындагы маданият тармагындагы системасы

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасында маданият тармагы унутта калган жок. “Мекеним Кыргызстан” партиясы – Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо зарылдыгына көңүл бурду. Маданият – жан дүйнө азыгы Маданият менен искусство бюджеттик саясатта приоритеттүү багыттардын катарында турууга тийиш. Аларды эң акырында, калган-каткан акча менен финансылоону токтотуу керек. Маданият жана искусство, алардын деңгээли адам капиталынын сапатына түздөн-түз таасир этет жана экономикалык-социалдык өнүгүү үчүн таасирдүү ресурс болуп саналат. Биздин сунуш: – Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо; – Иштебей жабылып калган маданият үйлөрү менен китепканалардын имараттарын жаңы маданий жайларга айлантуу боюнча программа иштеп чыгуу; – Меценаттыкты коомдогу жаңы салт катары жайылтууну мамлекеттик деңгээлде колго алуу; – Архив, китепкана жана музейдеги материалдардын фото, аудио, видеофонддорунан бирдиктүү электрондук фонд түзүп, бирдиктүү маалымат системасы аркылуу маданий мурастардын абалын жана пайдаланылышын көзөмөлдөө. Каалоочулардын аларды онлайн форматта көрүүсүн камсыздоо; – Кыргыздын айнаамасын жана Орхон-Енисей жазууларын – Түштүк Сибирь менен Борбор Азиянын байыркы түрк рун жазуулары эстелигин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн мамлекеттик деңгээлде иш алып баруу. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:31

Жалал-Абаддын имамдарына шайлоого карата үгүт иштерине аралашпоосу эскертилди

Бүгүн, 9-сентябрь күнү Жалал-Абад облустук мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров, Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Ордобек ажы Оморбеков жана казыят кызматкерлери менен биргеликте калаадагы жума намазы окулган мечиттердин имамдарына жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мындай жыйын пандемия маалынан бери мечиттердин ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө чектөөлөр алынып салынгандан бери алгачы кирет өткөрүлүүдө. Жыйын башталаардын алдында коронавирусдан каза тапкан маркумдарга багышталып Куран окулуп, дуба кылынды. Күн тартибинде айрыкча дин кызматкерлеринин шайлоого карата үгүт иштерине аралашпоосу, нике журналын колдонуу, жума намаздарында санитардык сактык эрежелеринин так сактоо баса белгиленди. “Дин кызматкерлери мечиттерде жана диний мекемелерде үгүт-насаат иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Имамдар мамлекеттин атуулу катары жарандык милдетин аткарып шайлоого барып, өзү каалаган партияга добуш берсе болот. Бирок, саясий топтордун куралына айланып, үгүт иштерин жүргүзбөшү керек»,-деди облус казысы Абдулазиз кары Закиров. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:34

“Мекенчил” Бакай-Ата районунда. К. Ташиев: “Кийинки муунга бизден талкаланган экология, суу калдыктарына толгон тоолор калабы?!”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Бакай-Ата районуна барды. Кыргызстан кен байлыктарга бай өлкө. Бирок ошол байлыктарын эл кызыкчылыгына пайдаланууга жетише албай жатат. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 10-сентябрда Бакай-Ата районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Кыргызстанда өндүрүлгөн кен байлыктардын 30 пайызы өлкөнүн энчисине калышы керек. Кен байлыктарыбыз көп, иштетип жатышат, бирок мамлекетке пайдасы аз болуп жатат. Мына, Чаткал районунда да алтын өндүрүүчү ишканалар жайнайт. Тоолор бүт тешилип калган, чаткалдыктар ыйлап жатышат, жайытыбыз калбай калды дешип. Суу калдыктарын топтоп коюшкан, ал калдыктар миңдеген жылдар турат, а биз адамдар Кудай узак жашоо бергенде ашып кетсе жүз жыл жашайбыз. Кийинки муунга жашоо беришибиз керекпи? Экологиябыз ошончо запкы тартканына жараша мамлекеттин капчыгы калыңдап да кетпеди. Болгон алтындын баары сыртка чыгарылууда. Бул коррупционерлерге жагат, алар өз үлүштөрүн алып унчукпай отурушат. Биз өндүрүлгөн кен байлыктардын 30 пайызын мамлекетке калтыруу боюнча мыйзам киргизебиз. Жылына 25-30 тонна алтын өндүрүлөт экен, анын 30 пайызы 10 миң тонна. Жыл сайын ушунча алтын Кыргызстанга калса эмне деген бай өлкө болобуз. Мектептерибиз да курулат, ооруканалар да оңдолот, бардык социалдык маселелерибиз чечилет”, - деди Камчыбек Ташиев. Макала "Мекенчил" партиясынын шайлоо фондунан каржыланды

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:34

“Мекенчил” Манас районунда. К.Ташиев: “Мамлекет үчүн жоопкерчиликти бир адам алууга тийиш!”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" Манас районуна барды. “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн шайлоочулар менен жолугушуусун Талас облусунан улантты. Алгач Камчыбек Ташиев Манас ордо комплексине зыярат кылууга барды. Ал жерде манасчы Манасты Ала-Тоону бет алганынан үзүндү айтты. Андан соң, Манастын күмбөзүнө барып, куран түшүрүштү. Арбактардын алдындагы тирүүлөрдүн парзын аткаргандан кийин Камчыбек Ташиев башында турган “Мекенчил”саясий партиясынын өкүлдөрү Манас районунун Покровка айыл аймагынын шайлоочулары менен жолугушту. Колдоп келген элге ыраазычылыгын билдирген Камчыбек Ташиев Кыргызстан – Талас аймагынан башталаарын жана бул аймакка келгендеги биринчи кадам Манас атанын күмбөзү тарапка ташталаарын белгиледи. Ошондой эле элди туура тандоо жасоого, добушту акчага алмаштырбоого чакырды. “Мамлекети жок канча улуттар жүрөт. Бутунун алдында бир метр өзүнө таандык жери жок улуттар бар. А биздин, кыргыздардын бактысы - мамлекетибиздин бардыгы. Аны эми өнүктүрүп, алдыга жылдыруу үчүн баарыбыз чогуу аракет кылуубуз керек. Бул үчүн биринчи Конституцияны өзгөртүү зарыл. Биз башкаруунун бир формасын гана тандап алганыбыз туура болот. Президенттикпи же парламенттикпи – эл тандасын. Эл тандаган башкаруу багытын биз мыйзам чегинде орнотобуз. Президенттик башкаруу болсо, премьер-министрдин кереги жок, өлкөдө болуп жаткандын баарына мамлекет башчы жоопкерчиликти алсын. Экономикага, саясатка, элдин жашоо-турмушуна бир адам жоопкер болууга тийиш”, - деди Камчыбек Ташиев. Манас районунун тургундары Камчыбек Ташиевге бата берип, калпак кийгизип, аргымак мингизип узатышты. Макала "Мекенчил" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланды

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:35

Майдан: “Шайлоонун чырлары, саясий чечимби же акыйкаттыкпы? (Түз эфир)

4-октябрда Кыргызстан Жогорку Кенештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлап алат. Шайлоого 44 партия аттанган, бүгүнкү күндө 16 партия жеңиш үчүн ат салышып жатат. Кээ бир саясий партиялар үгүт иштерин күпүлдөтүп жүргүзүп жатса, айрымдары соттон башы чыкпай чырлардын ортосунда жүргөн кези. Чү дегенде эле шайлоо чыр менен башталды. “Кыргызстан” партиясын Боршайком каттабай койгон. Бирок сот чечим чыгарып, аталган партияны шайлоо процесине киргизип койду. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы дагы Боршайкомду сотко берип, алар дагы утуп чыгып, парламенттик шайлоого катышмай болду.Шайлоонун чырлары, саясий чечимби же акыйкаттыкпы? деген темадагы дебаттын катышуучуларын тааныштырып өтөлү.БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова, эксперт Эмиль Жураев, саясат талдоочу Табылды Акеров, БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:35

БШК «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы «Б ү т ү н Кыргызстан» саясий партиясын парламенттик шайлоого талапкер катары каттады . Мындай чечим БШКнын 9- сентябрдагы кечки жыйынында кабыл алынды . Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын сөзүнө караганда, БШК Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге каршы жогорку сот бутагына даттана алат. Бирок БШК партияны ал шайлоонун белгиленген иш-чараларынан артта калбашы үчүн каттоого алды. Кечээ, 9-сентябрда Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы арызын канааттандырган. Жараян жүрүп жаткан убакта партиянын тарапкерлери имараттын сыртына чогулуп, соттун калыстыгын талап кылышты. БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген. Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган . Учурда үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:35

Шайлоо - 2020: Соттолгон талапкерлер

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Ке ң ештин депутаттыгына талапкерлердин соттуулуг у тууралуу Ички иштер министрлигинен (ИИМ) жана Жогорку соттон алынган маалыматтарды берди. Ага ылайык, Боршайком баш-аягы 1 912 адамды талапкер кылып каттады жана анын ичинен 1 641и соттолгон эмес, 221 кишинин соттуулугу алынган, 50 талапкер боюнча соттун чечими чыга элек, беш адам административдик кодекс боюнча жоопко тартылган (сот жоопкерчилигине тартылды деп эсептелбейт), 26 киши соттон акталган, 19нун иши сотто каралып жатат. Партияларга бөлүп карасак, «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан» 78 талапкер катталды. Анын 73ү соттолгон эмес, беш адамдын соттуулугу алынган (соттолгон эмес деп эсептелет). «Мекен Ынтымагы » партиясынан 149 талапкер катталды. 129у соттолгон эмес, 18 кишинин соттуулугу алынган, эки талапкер боюнча соттун чечими жок, экөө акталган. «Ата Мекен» партиясынан 150 талапкер катталды. 130у соттолгон эмес, 18 кишинин соттуулугу алынган, эки талапкер боюнча соттун чечими жок. Бир киши Административдик кодекс боюнча жоопко тартылган, бир адам акталган. «Мекенчил» партиясынын 136 талапкери бар. 108и соттолгон эмес, 24үнүн соттуулугу алынган, төрт талапкер боюнча соттун чечими жок, бир киши Административдик кодекс боюнча жоопко тартылган. Экөө соттон акталган, бир адамдын иши сотто каралып жатат. «Бир Бол» партиясына н 108 талапкер катталган. 96сы соттолгон эмес, 11нин соттуулугу алынган, бир талапкер боюнча чечим жок, бирөө акталган. «Ыйман Нурунун» 101 талапкери бар. 85и соттолгон эмес, 11инин соттуулугу алынган, беш талапкер боюнча чечим жок, үчөө акталган, эки кишинин иши сотто каралып жатат. «Замандаш» партиясына н 156 талапкер бар. 139нун соттуулугу жок, 15 талапкердин соттуулугу алынган, эки адам боюнча соттун чечими жок, бир адам акталган, бир кишинин иши сотто иликтенип жатат. « Чоң Казат» партиясына н 81 талапкер катталды. 64ү соттолгон эмес, 15инин соттуулугу жоюлган, эки талапкер боюнча соттун чечими жок, экөөнүн иши сотто каралып жатат. «Реформа» партиясынан 84 талапкер катталган. 78и соттолгон эмес, үчөөнүн соттуулугу алынган, үч талапкер боюнча соттун чечими жок, үч киши соттон акталган. «Республика» партиясынын 166 талапкери бар. 145и соттолгон эмес, 18 талапкердин соттуулугу алынган, үч адам боюнча соттун чечими жок, үч киши акталган. «Социал-демократтар» партиясынан 101 талапкер катталды. 78и соттолгон эмес, 13 талапкердин соттуулугу алынган, 10 адам боюнча соттун чечими жок, үч талапкер акталган, жети адамдын иши сотто каралып жатат. «Биримдик» партиясынан 200 талапкер катталды. 170и соттолгон эмес, 24үнүн соттуулугу алынган, алты адам боюнча соттун чечими жок, алты талапкер соттон акталган. «Мекеним Кыргызстан » партиясынын 200 талапкери бар. 169у соттолгон эмес, 29 талапкердин соттуулугу алынган, эки адам боюнча соттун чечими жок, бирөө Административдик кодекс боюнча жоопко тартылган. Бир киши акталган. «Ордо» п артиясынан 100 талапкер катталды. 88и соттолгон эмес, сегиз талапкердин соттуулугу алынган, төрт адам боюнча соттун чечими жок, экөө акталган, экөөнүн иши сотто каралып жатат. «Кыргызстан» партиясынан 102 талапкер катталды. 89унун соттуулугу жок, тогуз талапкердин соттуулугу алынган, төрт киши боюнча соттун чечим жок, төртөөнүн иши сотто каралып жатат. Буга чейин социалдык тармактарда соттолгон талапкерлер боюнча тизме тараган. Коомчулукта Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) иши тергелип жаткан жана соттуулугу жоюлганы боюнча маалыматы жок талапкерди парламенттик жарышка коё бергени сынга кабылды.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:35

Шайлоо-2020: Партиялардын бюллетендеги орду аныкталды

Парламенттик шайлоого ат салышып жаткан саясий партия өкүлдөрүнүн чүчү кулак кармоосунун натыйжасында алардын добуш берүү бюллетендериндеги тизмеси аныкталды. Чүчү кулактын натыйжасы боюнча добуш берүү кагазында партиялар төмөнкүдөй жазылды: «Биримдик» партиясы; «Мекенчил»; «Ыйман Нуру»; «Мекеним Кыргызстан»; «Реформа»; «Ата Мекен»; «Замандаш»; «Бутун Кыргызстан»; «Социал демократтар»; «Мекен Ынтымагы»; «Ооган согушунун жана жергиликтүү согуш ардагерлери” партиясы; «Ордо»; «Бир Бол»; «Республика»; «Кыргызстан»; «Чон казат» Баарына каршы. Шайлоо кодекси боюнча ат салышып жаткан партиялардын бардыгы бир бюллетенге жазылат. Ар бир партиянын алдына бештен талапкердин аты-жөнү кошо катталат. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:38

Шайлоо 2020. Башкы прокуратура мыйзам бузуулар боюнча 22 материал каттады

Башкы прокуратура парламенттик шайлоонун алдында мыйзам бузуулар боюнча 22 материал каттады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.Көзөмөлдөөчү орган шайлоо мыйзамдарынын бузулушунун алдын алуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет ресурстарына мониторинг жүргүзүп жаткандыгы белгиленди. «Жалпысынан КЖБРда 22 материал катталган, сотко чейинки өндүрүш ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлөт. Басылмалардын мониторинги көрсөткөндөй, көпчүлүк учурларда мыйзам бузуулар шайлоо документтерин бурмалоо, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу, шайлоочуларга пара берүү жана шайлоочу тарабынан акча алуу түрүндө көрсөтүлгөн », — деп билдирди Башкы прокуратура. Көзөмөлдөө органы кызмат адамдарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, байкоочуларга, диний лидерлерге, кайрымдуулук уюмдарынын уюштуруучуларына жана өкүлдөрүнө, жашы жете электерге, чет өлкөлүк жарандарга жана уюмдарга үгүт жүргүзүүгө, үгүт материалдарын жайылтууга жана жайылтууга тыюу салынгандыгын эске салды. Шайлоо өнөктүгүндө улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды үгүттөөгө, бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга тыюу салынат. Шайлоочуларга ар кандай түрдө пара берүүгө тыюу салынат. Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Алар 4-октябрда болот. Шайлоого 16 партия катышат.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН ШАЙЛОО БЮЛЛЕТЕНИНДЕГИ ИРЕТ НОМУРЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Бүгүн – 2020-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги ирет номурларын аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү. Чүчүкулак саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык форматта өттү. Саясий партиялардын номурлары иреттик бюллетенде төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: 1. “Биримдик” (Единство)”демократиялык партиясы, 2. “Мекенчил”, 3. “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы, 4. “Мекеним Кыргызстан”, 5. “Реформа”, 6. “Ата Мекен” социалисттик партиясы, 7. “Замандаш”, 8. “Бүтүн Кыргызстан”, 9. “Социал-Демократтар”, 10. “Мекен Ынтымагы”, 11. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”, 12. “Ордо”, 13. “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“, 14. “Республика”, 15. “Кыргызстан”, 16. “Чоң Казат”. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, катталган саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги кезектешүүсүн аныктоо боюнча чүчүкулактын 2020-жылдын 9-сентябрындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетенинин текстин жана таризин бекитти. КР БШК маалымат бөлүмү

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники