О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
16 сентября 2020 г. 16:16

"Кыргызстан" партиясы:

"Кыргызстан" партиясы: "Биз ар бир жаран өз кесиби боюнча иштөөсүн көздөйбүз!"

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:20

БШКнын утулушунун сыры эмнеде?

Быйылкы шайлоого аттангандардын арасынан эки партия Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) сот аркылуу утуп алып, жарышка расмий катталды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын иши боюнча Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге каршы Жогорку сотко арызданбайт. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова партиянын айланасындагы маселеге комментарий берип жатып айтты: «Шайлоо процесси кызуу фазасында экенин жана бардык саясий партияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүүнүн зарылчылыгын эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көбү Жогорку сотко арыздануудан баш тартып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоону чечти». 9-сентябрда Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы арызын канааттандырган. БШК ушул эле күнү партияны шайлоого каттаган. Ошентип, БШКны соттон эки партия утуп алды. Буга чейин шайлоо мекемеси «Кыргызстан» партиясы документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен анын документтерин артка кайтарган. Соттошуу Жогорку сотко чейин жетип, партиянын пайдасына чечим чыккан. Шайлоо алдында БШК менен эки партиянын чыры саясий айдыңды кызытып, серепчилердин ар түркүн пикирлерин пайда кылды. Айрымдар муну бийликтин шайлоону калыс өткөрүү далалаты катары бааласа, кээ бири чоң саясий окуянын алдындагы алешемдиктер шайлоонун жыйынтыгына таасир эте турганын айтып сындап жатышат. БШКнын жетекчисинин мурдагы орун басары Жаркын Бапанова бул мекеменин соттон утулуп калышы анын аброюна көлөккө түшүрдү деп эсептейт. Анын баамында, шайлоо өткөрүүдөгү негизги органдын иши кынтыксыз башталышы керек болчу. «Мындан БШКнын аброю кетип жатат. Чырдашкан жаман көрүнүш, азыркы көрүнүш дагы уланат. Шайлоодон кийин өтпөй калгандар «БШК туура эмес кылды» деп соттошо башташат. Ошондой көрүнүшкө баратабыз», - деди Бапанова. Жарандык активист Гүлжигит Исаковдун пикиринде, шайлоо алдындагы окуялар, БШК менен соттун чечимдери бийликтин саясий оюну болуп жатат. Исаков парламенттик жарыш калыс өтөрүнө ишенбей турганын айтып, бийликти «шайлоону толук көзөмөлдөп жатат» деп сындады: «Бийликтин бардык бутактары өз милдетин аткарбай калганы сыр эмес. БШКнын чечимдеринде саясат бар экени белгилүү. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 2010-2015-жылдары деле де-факто өткөн. Бул сапар бийлик жарышка жеткирбей өткөрбөө планын карап көрдү. Бирок коомчулукта нааразылык күчөп кетпеши үчүн артка чегинди». Боршайком менен соттошкон партиялардын бири бийликчил, экинчиси оппозициячыл көз карашта болгон. Ушундан улам парламент депутаты Дастан Бекешев мындай чырларга бийликтин кийлигишкени байкалган жок деген ойдо. Ал мындай талаштарды шайлоо алдындагы юридикалык гана процесс катары мүнөздөдү: «Менимче булар юридикалык иштер. Бийлик басым кылып, кийлигишсе БШКнын чечимин сот да колдомок». Саясий серепчи Алмаз Тажибайдын баамында БШК көз каранды эмес орган катары калыптана албай жаткандыктан азыркы маселелер келип чыкты. Серепчи акыркы окуялардан улам БШКнын курамын, шайлоо өткөрүү формасын өзгөртүү зарыл экенин белгиледи: «Элдин ишеними жок болуп жатат. Алар атайылап кылып жатабы же партиялар, президент басым жасап жатабы деген шек жаралууда. Мындай күмөндү так аракеттер менен жоюш керек. Ал үчүн так жазылган шайлоо мыйзамдары зарыл. Азыр мыйзамдарда айрым учурлар так көрсөтүлбөй калгандыктан кемчилик кетип жатат». Шайлоого көз салган серепчи Айнура Усупбекова да партияны каттоо, шайлоо өткөрүү сыяктуу эреже-мыйзамдар так жазылбай калган деген пикирге кошулат. Анын оюнда, мындан тышкары партиялык түзүлүш да жакшы өнүкпөгөндүктөн, партиялар документ жана башка юридикалык маселеден аксап жатышат. Ушундан улам айрым учурда кырдаалга карап бийлик саясий чечим чыгарып жатат. «Соттун чыгарган чечими саясий кырдаалды оңдоп кеткендей болду. Мен эки маселе бар деп айтам. Биринчиси - партиялар жазылган мыйзамды туура сактабай жатышат. Экинчиси - БШКда бардык аракеттер, эрежелер так жазылган эмес. Акыркы окуялардын баары саясий чечимдер болду», - деди ал. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышын шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 саясий партия катышып жатат. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган. 9-сентябрда БШКда партиялардын шайлоо бюллетениндеги жайгашуу ирети аныкталды.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:20

ИИМ: Аксыда "Мекеним Кыргызстанданбыз" деп башка үгүтчүлөрдү коркутууга шек саналгандар кармалды

7-сентябрь күнү Аксы районунун Үч-Коргон айылынын тургуну Б.Ш. милицияга кайрылып, айылдашы Т. Э. үстүнөн арызданган. Арызында аны «Мекеним Кыргызстан» партиясына үгүт жүргүзүүгө мажбурлашканын билдирген. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз катчысы Шеркул Турганбаев «Азаттыкка» маалымдады: «Үч-Коргон айылынын тургуну Б.Ш. 7-сентябрь күнү айылдашы Т.Э. телефон аркылуу үйүнөн чакырып алып, «Биримдик» саясий партиясына үгүт кылбай, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясына үгүт жүргүз» деп уят сөздөр менен тилдеп, коркутуп зомбулук жасоого аракет кылышты» деп көрсөткөн. Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул окуяга шектүүлөрдүн тек-жайы аныкталды. Аксы районунун тургундары 1985-ж.т. Э.У. жана 1987-ж.т. Т.Э. Аксы райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынды». Шеркул Турганбаевдин маалыматына караганда, бул арыз боюнча иш Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен сотко чейинки териштирүүгө алынды. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул маалымат боюнча «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Мурдараак партиянын коомчулук менен байланышуу бөлүмү «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын үстүнөн түшүп жаткан түрдүү дооматтар суу кечпей турганын, бул шайлоо өнөктүгүндө атайын партияны жаманатты кылуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш экенин «Азаттыкка» билдирген. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоого үгүт иштери 4-сентябрда башталган. Жогорку Кеңештеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. (ZKo/TB)

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:20

Колесникова беларус бийлиги аны «өлтүрөбүз» деп коркутканын айтып берди

Беларус оппозициясынын лидерлеринин бири Мария Колесникова бийлик аны күчтөп депортация кылууга аракеттенгенде башына мүшөк кийгизип, «өлтүрөбүз» деп коркутканын айтып берген. Бул жөнүндө Tut.by эркин маалымат сайты анын адвокаты Людмила Казакка таянып жазды. Анын айтымында, Колесникова бийликке, анын ичинде КГБге каршы укуктук аракет көрүүнү көздөп жатат. Оппозиционерди жана оппозициядагы Координациялык кеңештин дагы эки мүчөсүн 7-сентябрда Минскинин борборунан белгисиз бирөөлөр машинеге салып кетишкен. Эртеси Украина менен чек арага алып барып ал өлкөгө өтөрүн айтышкан. Чек арадагы ээн жерге жеткенде Колесникова депортацияга жол бербеш үчүн паспортун айрып салгандан кийин аны кармоочу жайга жеткиришкен. Калган экөө Украинага кеткен. Колесникова президенттикке талапкер, камакта отурган Виктор Бабариконун шайлоо штабынын өкүлү. 9-августтагы шайлоо алдында катталбаган талапкер Валерий Цепкалонун жубайы Вероника Цепкало жана президенттикке талапкер Светлана Тихановская менен бирдиктүү үгүт жүргүзүп келген. Ал үчилтиктин өз өлкөсүндө калган акыркы мүчөсү болчу. Адвокаты Колесниковага «Бийликти басып алуу аракети» деген берене боюнча айып коюлганын айтып, денесиндеги көгала тактарды текшерүүнү талап кыларын кошумчалады.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:20

Вудворд: Трамп коронавирустун коркунучун атайлап азайтып сүйлөгөн

АКШнын президенти Дональд Трамп пандемия башталганда жасаган билдирүүлөрүндө жаңы коронавирустун коркунучун атайылап азайтып сүйлөп жатты. Бул тууралуу америкалык ардагер журналист Боб Вудворд жаңы китебинде жазды. Ага ылайык, 19-марттагы интервьюсунда президент ызы-чуу жаратпаш үчүн ошенткенин моюнга алган. Автор Трамп дагы бир интервьюда «коронавирус силердин сасык тумооңордон да кооптуу, көп адамдын өмүрүн алат» деп айтканын мисал келтирген. 9-сентябрда «Washington Post» гезити китептен үзүндүлөрдү жана айрым маектердин аудиосун чыгарды. Вудворддун пикиринде, «Трамп федералдык өкмөттү толугу менен мобилизациялагысы келбегендей, маселелерди штаттар өздөрү чечсин дегендей» мамиле кылган. Ак үйдүн басма сөз катчысы Кейли МакЭнани президент оор учурда токтоо болууну көздөгөнүн айтты. «Президент COVIDге байланыштуу америкалык коомго эч качан калп айткан эмес, паникага алдырбоону көздөгөн», - деп жооп берди китеп тууралуу суроого МакЭнани шаршемби күнү брифингде. Апрелдеги басма сөз жыйынында Трамп ушундай эле мазмунда комментарий берген. Ноябрдагы президенттик шайлоо алдында мамлекет башчы демократ атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байдендин сынына туш болуп келет. Байден администрация пандемияны жакшылап ооздуктай алган жок деп эсептейт. COVID-19 Кошмо Штаттарда 190 миңдей кишинин өмүрүн алды.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:20

Катарында жумушу жок талапкерлер басымдуулук кылган партиялар. Инфографика

Учурда депутаттыкка талапкер болгон ар бир үчүнчү кишинин жумушу жок. Ишсиздердин көбүн "Мекен Ынтымагы" партиясынан учуратууга болот.Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын сайтында көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин карап чыгып, кайсы саясий партиянын катарында жумушсуздар көп экенин аныкташты. Партиялардын бюллетендеги катар номерлери бекиди. Ким канчанчы болуп жазылат? Депутаттыкка талапкер болгон жалпы 1 918 кишинин ар үчүнчүсүнүн жумушу жок. Иштебегендердин көпчүлүгү "Мекен Ынтымагы" партиясында. Анын катарында талапкерлердин 71 пайызы ишсиз. Экинчи сапта "Республика" турат, анда жумушсуздар тизменин жарымынан көп. Ошондой эле "Ата Мекен" партиясында дагы ушундай талапкерлер көбүрөөк. Ал эми "Чоң Казат" партиясында иши жоктор азыраак деп эсептелинип, алар жалпы тизмесинин 7 пайызын түзөрү маалым болду.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:21

Шайлоо-2020: жаш талапкерлерге сурооңузду жазып калтырыңыз

Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын жаш талапкерлерине сурооңуз болсо жазып калтырыңыз. Мындан тышкары телефон аркылуу да байланышып сурооңузду калтырсаңыз болот: +996 312 39 22 38; +996778762719 Загрузка…

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:22

Шайлоо бюллетениндеги партиялардын ирети аныкталды (Тизме)

9-сентябрда Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги ирет номурларын аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү. БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, чүчүкулак саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык форматта өттү. 2020-жылдын 9-сентябрында түзүлгөн протоколго ылайык, Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия 4-октябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процессинде колдонула турган шайлоо бюллетенинин текстин жана таризин бекитти. Парламенттик шайлоого жалпысынан 16 партия катышууда. Саясий партиялардын номурлары иреттик бюллетенде төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: 1. “Биримдик” демократиялык партиясы, 2. “Мекенчил”, 3. “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы, 4. “Мекеним Кыргызстан”, 5. “Реформа”, 6. “Ата Мекен” социалисттик партиясы, 7. “Замандаш”, 8. “Бүтүн Кыргызстан”, 9. “Социал-Демократтар”, 10. “Мекен Ынтымагы”, 11. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”, 12. “Ордо”, 13. “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“, 14. “Республика”, 15. “Кыргызстан”, 16. “Чоң Казат”

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:22

Боронов: Пандемия учурунда шайлоо өткөрүүдө катышуучулардан чоң жоопкерчилик талап кылынат

Шайлоо процессин өткөрүү коронавирус инфекциясы пандемиясы мезгилине туш келди. Бул саясий өнөктүктүн бардык катышуучуларынан социалдык жактан дагы чоң жоопкерчиликти талап кылат. Мындай пикирин Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. «Үгүт кампаниясы маалында партиялар жана шайлоочулар белгиленген санитардык ченемдер жана талаптарды сактоосу керек. Тийиштүү көзөмөл болушу зарыл. Мындан тышкары шайлоо күнү республиканын аймагындагы эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу шарт», - деди Өкмөт башчы. Ал ошондой эле Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, добуш берүү күнү шайлоо участкаларына барган жарандарга, шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине жана процесске тартылгандарга коронавирус инфекциясынын жугушун жана өпкөнүн сезгенишин алдын алуу боюнча жакынкы аралыкта план бекитилерин белгиледи. Штабдын жыйынында саламаттык сактоо объектилеринин курулушу жана жабдылышы боюнча маселелер да каралды. Премьер-министр бул маселелерди сапатуу жана өз учурунда иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Мындан тышкары санитардык эрежелерди сактоо боюнча эл арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:22

Шайлоодогу куру убадалар, же партиялардын жоопкерчилиги барбы?

БШК менен шайлоого аттанган айрым саясий партиялар мыйзамдарды жана эреже талаптарды так сактаган жок деп соттошуу Жогорку сотко чейин жетти. Бул бир чети БШКнын айрым чечимдерине сын жаратса, кээ бир партиялардын боло берет деген кайдыгерлиги катары бааланды. Партлидерлердин “өзүм билемдиги” боюнча да сын айтылууда. Мамлекет башчы бардык саясий партияларга бирдей шарт болсун, утуп келген кайсы партия болбосун иштешүүгө даярмын деген пикирин билдирген. Мамлекеттик органдарга да ушул талапты коюп жатат. Анан калса бул жолу пандемия шартында өзгөчө тартиптеги шайлоо өтөт. Мындай учурда саясий партиялардын,талапкерлердин да жоопкерчилиги маанилүү. Өлкөнү түп-тамырынан бери кыска мөөнөттө эле өзгөртүп жиберебиз деген убадалар жаңырууда. Бул жолку шайлоо процесси кандай өтүп жатат, партиялык система, партиялык күчтөрдүн идеологиясы канааттандырабы? Уктурууга политолог Кубан Абдымен, коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев, Ички иштер министринин мурдагы орун басары, ЖКнын мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров жана саясат талдоочу Табылды Акеров катышты.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:22

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын БШК парламенттик шайлоого талапкер катары каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын парламенттик шайлоого талапкер катары каттады. Мындай чечим БШКнын 9-сентябрдагы кечки жыйынында кабыл алынды. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын сөзүнө караганда, БШК Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге каршы жогорку сот бутагына даттана алат. Бирок партия шайлоонун белгиленген иш-чараларынан артта калбашы үчүн БШК аны каттоого алды. Кечээ, 9-сентябрда Бишкектин административдик соту "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга каршы арызын канааттандырган. БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген. Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Учурда үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:22

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасындагы маданият тармагындагы системасы

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасында маданият тармагы унутта калган жок. “Мекеним Кыргызстан” партиясы – Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо зарылдыгына көңүл бурду. Маданият – жан дүйнө азыгы Маданият менен искусство бюджеттик саясатта приоритеттүү багыттардын катарында турууга тийиш. Аларды эң акырында, калган-каткан акча менен финансылоону токтотуу керек. Маданият жана искусство, алардын деңгээли адам капиталынын сапатына түздөн-түз таасир этет жана экономикалык-социалдык өнүгүү үчүн таасирдүү ресурс болуп саналат. Биздин сунуш: – Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо; – Иштебей жабылып калган маданият үйлөрү менен китепканалардын имараттарын жаңы маданий жайларга айлантуу боюнча программа иштеп чыгуу; – Меценаттыкты коомдогу жаңы салт катары жайылтууну мамлекеттик деңгээлде колго алуу; – Архив, китепкана жана музейдеги материалдардын фото, аудио, видеофонддорунан бирдиктүү электрондук фонд түзүп, бирдиктүү маалымат системасы аркылуу маданий мурастардын абалын жана пайдаланылышын көзөмөлдөө. Каалоочулардын аларды онлайн форматта көрүүсүн камсыздоо; – Кыргыздын айнаамасын жана Орхон-Енисей жазууларын – Түштүк Сибирь менен Борбор Азиянын байыркы түрк рун жазуулары эстелигин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн мамлекеттик деңгээлде иш алып баруу. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:22

БШК Жогорку сотко кайрылбайт. “Бүтүн Кыргызстан” шайлоого катышат

БШК “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын парламенттик шайлоого катышуусуна макулдук берди. Бул тууралуу БШКнын басма сз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, БШК 9-сентябрдагы отурумунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо боюнча чечим чыгарган. Эске салсак, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого саясий партиялардын тизмесин каттаган. БШКнын жыйынында жумушчу тобу “Бүтүн Кыргызстан” партиясы “талапкерлерди аныктоодо эреже бузган” деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын көпчүлүк мүчөсү “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоого катышуусуна каршы добуш беришкен. БШКнын 9 мүчөсү аталган партияны жарыштан четтетүү чечимин кабыл алса, 2 мүчөсү каршы добуш берген. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы БШКнын бул чечимине макул болбой, сотко берген болчу. 9-сентябрда Бишкек шаардык административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы карап, партиянын арызын канааттандырган.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:24

"Биримдик" - Башкы прокуратурага кайрылуу жөнүндө: Биз мөөнөтүнөн мурда үгүт ишин жүргүзгөн жокпуз

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык топ Башкы прокуратурага “Биримдик” партиясынын эрте үгүттөө фактысы боюнча билдирүү жөнөттү. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалды. Белгилүү болгондой, КГОРго №9 МТУнун башчысы Давуза Рамазан Бишкектеги 7 -кичи районунун тургундарынын арасында “Биримдик” партиясын үгүттөп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. «Жаран Абдраева А.Бнын маалыматы боюнча, агитаторлорго 10 миң сомдон акы төлөнгөн. 2020-жылдын 27-августунда КГОР Башкы прокуратурага маалымат жөнөткөн », - деп билдирет Борбордук шайлоо комиссиясы. Ал арада “Биримдиктин” басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына билдиргендей, мөөнөтүнөн мурда үгүт иштери жүргүзүлүп жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. "Үгүт иштери башталды, тилекке каршы шайлоо процессинин катышуучуларынын кадырын кетирген маалыматтарды жайылтуу башталды" деп белгилешти партия. - Мындай маалыматтарга "Биримдик" партиясынын өкүлдөрү ээлеп алган деп айтылып жаткан "паспорттордун массалык чогултулушу" жөнүндө маалыматтарды камтышы мүмкүн. Биздин партия буга тиешеси жок - биздин бардык иш-аракеттерибиз шайлоо мыйзамдарынын талаптарына жооп берет. Мыйзамды биринчи орунга койдук. "Биримдик" партиясы так идеологиялык платформага, өзүнүн долбоорлорун ишке ашыруунун конкреттүү механизмдерине ээ, алар көпчүлүк кыргызстандыктардын чын жүрөктөн колдоосун табышат. Элдос Казыбеков Сүрөт www

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:34

Шайлоо-2020: Партиялардын добуш берүү бюллетениндеги орду аныкталды

Кечээ, 9-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын добуш берүү бюллетениндеги ордун аныктоо үчүн чучукулак өткөрдү. Партиялардын добуш берүү бюллетениндеги орду: 1. «Биримдик»; 2. «Мекенчил»; 3. «Ыйман нуру» 4. «Мекеним Кыргызстан»; 5. «Реформа»; 6. «Ата Мекен»; 7. «Замандаш»; 8. «Бүтүн Кыргызстан»; 9. «Социал-демократтар»; 10. «Мекен ынтымагы»; 11.Афган согушунун ардагерлеринин партиясы;; 12. «Ордо»; 13. «Бир Бол»; 14. «Республика»; 15. «Кыргызстан»; 16. «Чоң казат». Андан тышкары БШК добуш берүү бюллетенинин текстин жана көлөмүн тандады. Булак: Баракелде

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники