О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
10 сентября 2020 г. 2:16

Активисттер: Ар бир башкаруучу өз иши үчүн жооп берүүгө тийиш

Бишкекте жарандык активисттер митингге чогулуп, бир нече талаптарды коюшту. Ошону менен бирге алар Кыргызстандын президентинен коррупция менен күрөшүүнү күчөтүү жана бир мандаттык шайлоону кайра киргизүүнү талап кылышты. Бул иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, "Элет көйгөйү" КУ төрагасы Марипа Алыйкулованын айтымында, алар президенттин коррупция менен күрөшүн колдошот. -Биз, жарандык активисттер, президент менен бирге коорупция менен өз күрөшүбүздү баштадык. Азыркы кезде биздин шайлоо жана шайлануу боюнча конституциялык укугубузду кайтарып берүүнү талап кылабыз, - деди ал. Сиздин конституциялык укугуңуз кайсы жеринен бузулду деп эсептейсиз? -Мисалы, биз мурда бир мандаттык шайлоодо шайланган депутатка кайрылып жана андан биздин укуктарыбызды коргоосун талап кыла алсак, ал эми азыр мындай мүмкүндүктөн ажыраганбыз. Сиз бир мандаттуу шайлоону кайра киргизүүнү каалайсызбы? Албетте, биз ошону каалайбыз. Анткени байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырым тереңдеп кетти, эгер бул процессти токтотпосо, биз мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алышыбыз мүмкүн. Биз ата-бабаларыбыздын мурасын келечектеги тукумдарыбызга өткөрүп беришибиз керек, эгер мамлекеттүүлүгүгүбүздү жоготуп ала турган болсок, эмнени бермекчибиз. Анда эмне үчүн аянтка чыккан жоксуз? -Биз аянтка чыгууну каалаганбыз, бирок, бюрократиялык бут-тосмойлор кимди болсо да акылынан ажыраткыдай. Айтыңызчы, сиздин оюңузча, президенттин өзү коррупция боюнча жоопкерчилик тартышы керекпи? -Күрөштү ал баштабадыбы, демек жоопкерчиликти тартат. Жөнөкөй эл ага жардам берет. Мурдагы төрт президенттин баардыгы бирдей ката кетиришти. Ишке жоопкерчиликсиз мамиле жасагандар эртеби-кечпи жооп бериши керек. Ар бир башкаруучу өз иши үчүн жооп берет. Ошондуктан бул президнт да элдин эркине каршы бара турган болсо, ага да жоп берүүгө туура келет. Иш-чараны VB.KG репортажынан көрсөңөр болот.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:24

Азимбек Бекназаров президенттике талапкерлигин койду

БШКга Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу жараны, 1956-жылдын 5-ноябрда туулган, жеке адвокат — Бекназаров Азимбек Анаркуловичден арыз келип түштү. 2017-жылдын 17-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 25 жараны тарабынан өзүн өзү көрсөткөн арыз берилген. (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров ). -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 5 саясий партия көрсөткөн. (Т.Сариев — «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы, С.Жээнбеков-«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы).

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:24

«Ата Мекен»: Текебаевдин документтери БШКга тапшырылды

«Ата Мекен» партиясынын лидери президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катышат. 18-июнда Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү шайлоого тиешелүү документтерин Боршайкомго тапшырды. Бул тууралуу анын ишенимдүү өкүлү,: «Биз, Өмүрбек Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү президенттикке талапкерлерден алдын ала алынуучу документтерди Боршайкомго тапшырдык. Мурда «Ата Мекен» партиясы Текебаевди президенттикке талапкер кылып көрсөткөн. Ошентсе да, Өмүрбек Чиркешовичтин жеке чечими менен ал Баш мыйзамдагы укугун пайдаланып, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен шайлоого катышмакчы», – деп «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Канатбек Азиз «Азаттык» радиосуна билдирди. Канатбек Азиздин айтуусунда, БШК Өмүрбек Текебаевдин документтерин алганы тууралуу кагаз жүзүндө бекемдешкен. «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда чет мамлекеттен кайтып келе жатканда кармалып, камакка алынган. Ага «Мегаком» ишканасына байланыштуу коррупцияга аралашкан деген айып тагылган. 26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалуу. Текебаевдин үстүнөн соттук териштирүү Биринчи Май райондук сотунда жүрүүдө. Кыргызстанда президентик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Буга байланыштуу БШК 15-июндан тарта президенттикке ат салышууну каалаган жеке адамдарга жана саясий партиялар талапкерлерин сунуштоого расмий уруксат берген. Бул жараян 1-августка чейин улантылат. 10-сентябрга чейин талапкерлердин так тизмеси аныкталат.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:24

БШК референдум өткөнүн расмий жарыялады

Кыргызстанда конституциялык референдум өткөнү расмий жарыяланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкө боюнча референдумда 1 миллион 190 миң 752 адам же жалпы шайлоочулардын (2 миллион 851 миң 952 кишинин) 42,28% добуш берген. Жалпысынан 79,63% же 948 миң 185 шайлоочу Конституцияны өзгөртүү демилгесин колдоп, 15,55% же 185 миң киши каршы болгон. Бюллтендердин 4,8% жараксыз деп табылган. Референдумга президенттин, өкмөт башчынын, депутаттардын, судьялардын ыйгарым укуктарына жана жарандардын укуктары менен эркиндигине байланышкан Конституцияга 26 өзгөртүү киргизүү маселеси алынып чыккан. 2016-жылдын 11-декабрында өлкөнүн 22 шаардык, 389 айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоо жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөн.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:25

КМШ ПААнын байкоочулар миссиясы өткөн шайлоолор менен референдумга жогору баа берди

Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү бүгү Жогорку Кеӊеште маалымат жыйын өткөрүп, 11-декабрдагы жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоолор менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жогорку деӊгээлде өткөнүн билдирди. КМШ ПААнын байкоочулар миссиясынын координатору, Армениянын Улуттук жыйынынын (парламентинин) төрагасынын орун басары Эдуард Шармазанв, Азербейжандын Милли Мажилисинин Саламаттык сактоо комитетинин төрагасынын орун басары Муса Гулиев, Тажикстандын Оли Мажилисинин Номаяндоган МажилисининЭнергетика, өнөр жай, курулуш жана коммуникациялар комитетинин мүчөсү Абдуназар Хисрав, КМШ ПАА Кеӊешинин башкы катчысынын орун басары Айк Чилингардян Кыргызстанда болгон төрт күндүн ичинде Жогорку Кеӊештин жана Өкмөттүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги, референдум боюнча «Макул» жана «Каршы» топтору менен бир катар жолугушууларды өткөрүшкөнүн белгилешти. Ошондой эл, КМШ ПААнын байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү Бишкек шаарында, Чүй облусунда өткөн шайлоолор менен референдумдун жүрүшүнө байкоо жүргүзүшкөнү белгилүү болду. «Электрондук добуш берүү усулу адам факторунун шайлоо жүрүмүнө аралашуусун кыйла чектейт. Шайлоо улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык өттү деп тартынбай эле айта алабыз», — дейт ал. Маалымат жыйындын катышуучулары электрондук добуш берүү менен шайлоочулардын добуш сатып алуусу боюнча жоопкерчилик чараларын катаалдаштырууга багытталган мыйзам долбоору башка өлкөлөрдүн да көӊүл буруусуна арзый турганын белгилешти.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:29

АЛЕКСАНДР ЛУКАШЕНКО 6-ЖОЛУ БЕЛАРУСЬ ПРЕЗИДЕНТИ БОЛУП ШАЙЛАНДЫ

9-августта Кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБдеги өнөктөшү Беларуста кезектеги президенттик шайлоо өттү. Ага өлкөнүн учурдагы президенти Александр Лукашенко баштаган 5 талапкер катышып, Лукашенко жеңип чыкты. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 10-августта добуш берүүгө шайлоо чулардын 84,23 пайызы катышканын, анын 80,23 пайызы Лукашенко үчүн добуш бергенин жарыялады. Лукашенконун башкы атаандашы делген Светлана Тихановская 9,90 пайыз добуш алса, калгандары 2 пайызга жетпеген добуш алышты. Александр Лукашенкону кайра президенттикке шайланышы менен биринчилерден болуп Орусия, Кытай, Казакстан жана Кыргызстандын өлкө жетекчилери куттукташты. Беларустагы бул жолку шайлоо ызы-чуу менен коштолууда. Шайлоо нун жыйынтыгына макул эмес миңдеген жарандар Минсктин борбордук бөлүгүнө топтолуп, ызы-чууну басууга күч кызматкерлери тартылды. Чогулгандарды күчтөп таратууда каза болгондор, жаракат алгандар болду. Минск шаарында абал турукташа элек. Айта кетсек, Александр Лукашенко Беларусь өлкөсүн 1994-жылдан бери башкарып келе жатат. Ал “Европанын акыркы диктатору” деп да аталып жүрөт.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:30

“ШООПУР” КАЙМАНА АТТУУ ИКРАМЖАН ИЛМИЯНОВ ЖАТАК АБАККА КОТОРУЛДУ

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы, мурдагы айдоочусу, учурунда Ак үйдөгү “серый кардинал” аталып да жүргөн Икрамжан Илмиянов жатак абакка которулду. Мындай чечимди 21-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алды. Ал жазасынын калган мөөнөтүн №47 абактан эмес, Чүйдүн Молдовановка айылындагы №26 жатак абакта өтөмөкчү. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Илмияновдун жатак абакка которулганы тууралуу буларды билдирди: “19-июнда бул ишти Бишкек шаардык соту карап, Илмияновдун жаза мөөнөтүн 1 жыл 6 айга кыскарткан. Мындан тышкары эки мунапыс колдонулган. 21-июлда ЖАМКнын атайын комиссиясынын чечими менен ал жатак абакка которулган”. Эскерте кетсек, Икрамжан Илмиянов Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан 2017-жылкы президенттик шайлоо до “Дизель комплект” деген компаниядан сый акы жана демөөрчүлүк үчүн 150 миң доллар алган деп айыпталып, 2019-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан 7 жылга эркинен ажыратылган. Ага 160 миң сом айып салынып, үй мүлкүн конфискациялоо чечими чыккан. Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча күнөөлүү деп табылган. Илмияновго иштеген мунапыс, жаза мөөнөтүн кыскартуу өңдүү процедуралар абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровго карата иштебей келе жатат. Кошумчалай кетсек, Икрамжан Илмиянов 2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министринин жардамчысы, 2011-2012-жылдары президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары, 2012-жылдын октябрынан 2015-жылдын апрелине чейин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматтарын аркалаган. 2015-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп иштеген. 2017-жылы Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти болуп эмгектенген.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:30

БИР БҮРКҮМ. 31-ИЮЛЬ КУРМАН АЙТ...

20-июлдан тарта абитуриенттерди ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу башталды. БШК быйыл парламенттик шайлоо го кетчү чыгымды 446 миллион 900 миң сом деп бекитти. Өлкөдө 22-июлга карата коронавирус жуктуруп алган дарыгерлердин саны 2478ди түздү. Курман айт майрамы быйыл 31-июлда белгиленет, көп элди чогултуучу Айт намазы окулары же окулбай турганы чечиле элек. Бишкек мэриясы: “Шаарда убактылуу стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда”. 22-июлда Стамбулдан Бишкекке 341 Кыргыз жараны кайтып келди. Билим берүү жана илим министрлиги: “Сентябрда мектептер кадимкидей иштей баштайт деген маалымат жалган”. Сузак районунда 15 жашар кыз бир тууган агасынан көз жарды. Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев COVID-19 илдетинен көз жумду. Саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууган агасы Каныбек Ташиев дүйнө салды. Чек ара кызматкери, өзү иштеген мекемедеги коррупциялык иштер тууралуу айтып чыккан Талант Аланов 21-июлда жүрөк оорусунан каза болду. 21-июлда Кара-Суу районунда 13 жаштагы өспүрүм жигитке чагылган тийип, ал каза болду. Ушул жылдын 6 айында республикалык бюджетке салык жана бажы төлөмдөрү пландагыдан 14 миллиард сомго аз түштү. Өкмөт: "Ооруканаларды кышка даярдоону күчөтүү керек". Бишкектеги №2 клиникалык төрөт үйүндө Cоvid-19 илдетине чалдыккан 55 эне дарыланууда.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:20

Кайсы партия жаштарды көбүрөөк чогултту? Жаш курак боюнча инфографика

Алдыдагы парламенттик шайлоого аттангандардын эң кичүүсү 21 жашта болсо, аксакалы 80ди таяп калгандар. Талапкерлердин жаш курагы тууралуу жана башка кызыктуу маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан ала аласыздар.Sputnik Кыргызстандын кабарчылары Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жарыялаган тизмеге талдоо жүргүзүп, партиядагы талапкерлердин орточо жаш курагын эсептеп чыкты. Ага ылайык, " Бир Бол " эң жаш партия экени белгилүү болду, анын талапкерлеринин орточо курагы 37 жашты түзөт. Артында "Реформа" менен "Ата Мекен" турат. Булардын орто жашын эсептегенде 38-39 жашты көрсөттү. Баары 21де. Жогорку Кеңешке аттанган эң жаш 10 талапкердин билими, иштеген жери Андан кийинки партиялардын "жашы чоңоюп" кете берет. "Социал-демократтардын" орточо курагы 46 жаш. Ал эми "Мекен ынтымагы", "Кыргызстан" жана "Биримдик" партияларынан депутат болууга ниеттенип жаткандардын орточо курагы 45 жашты түзөт. Партиялардын жарымынан көбүндө жок дегенде бирден 21 жаштагы талапкери бар. Ошол эле учурда "Мекен ынтымагы" партиясынын тизмеси менен 80 жаштагы киши ат салышууда. Баса, редакция кайсы партия катарына бекерпоздорду көбүрөөк чогултканы туурасында да инфографика жасады .

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:14

«Мекеним Кыргызстан» атаандаштарын ыплас технологиялардан баш тартууга чакырат

«Мекеним Кыргызстан» партиясы саясий жарыштагы атаандаштарын ушак айыңдарды таратууну токтотууга жана ыплас технологиялардан баш тартууга чакырат. Саясий биримдик ачык жана таза шайлоо өткөрүүнү колдойт жана элди кызыктырган суроолорго жооп берүүгө даяр. Кыргызстанда шайлоо компаниясы кызуу жүрүп жатат. Айрым саясий күчтөр жарышта атаандаштарын буттан чалуу үчүн ар кандай ыплас технологияларды колдонуудан да баш тартпай тургандыгы байкалууда. Мындай кара пиардын курмандыгы көпчүлүк учурда «Мекеним Кыргызстан» партиясы болууда. Социалдык тармактарда «аталган партиянын атынан Калил Сариев аттуу жаран шайлоочуларга акча таратып жатат» деген маалымат тарады. Териштирүүнүн жыйынтыгында Калил Сариев 70 жашка таяп калган Өзгөн районунун тургуну экендиги аныкталды. Аталган билдирүүнү интернетке «Реформа» партиясынан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер Бурул Усманалиева тараткандыгы белгилүү болгон. Өз кезегинде «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү шайлоого тиешелүү болгон бардык суроолорго ачык айкын жооп кайтарып, мыйзам чегинде гана үгүт иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдиришти. «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочуларына шайлоо компаниясынын жүрүшү боюнча расмий маалымат берди. Эл аралык уюмдун өкүлдөрү «Мекеним Кыргызстан» партиясына карата мыйзамсыз технологиялар колдонулуп жаткандыгы тууралуу кабардар болушту. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн коомдун негизги катмарларын камтыган реалдуу долбоор. Долбоордун ишке ашуусу үчүн эң башкы максат шайлоочулар менен талапкерлердин ортосундагы ишеним көпүрөсүн куруу болуп саналат. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан — ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:14

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында маданият тармагын көтөрүү сунушу

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасында маданият тармагы унутта калган жок. «Мекеним Кыргызстан» партиясы — Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо зарылдыгына көңүл бурду. Маданият — жан дүйнө азыгы Маданият менен искусство бюджеттик саясатта приоритеттүү багыттардын катарында турууга тийиш. Аларды эң акырында, калган-каткан акча менен финансылоону токтотуу керек. Маданият жана искусство, алардын деңгээли адам капиталынын сапатына түздөн-түз таасир этет жана экономикалык-социалдык өнүгүү үчүн таасирдүү ресурс болуп саналат. Биздин сунуш: — Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо; — Иштебей жабылып калган маданият үйлөрү менен китепканалардын имараттарын жаңы маданий жайларга айлантуу боюнча программа иштеп чыгуу; — Меценаттыкты коомдогу жаңы салт катары жайылтууну мамлекеттик деңгээлде колго алуу; — Архив, китепкана жана музейдеги материалдардын фото, аудио, видеофонддорунан бирдиктүү электрондук фонд түзүп, бирдиктүү маалымат системасы аркылуу маданий мурастардын абалын жана пайдаланылышын көзөмөлдөө. Каалоочулардын аларды онлайн форматта көрүүсүн камсыздоо; — Кыргыздын айнаамасын жана Орхон-Енисей жазууларын — Түштүк Сибирь менен Борбор Азиянын байыркы түрк рун жазуулары эстелигин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн мамлекеттик деңгээлде иш алып баруу. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:14

Партиялардын добуш берүү бюллютениндеги орду бекитилди

Борбордук шайлоо комиссиясы чүчүкулак менен партиялардын добуш берүү бюллютениндеги орду бекитти. № 1 — «Биримдик»; № 2 — «Мекенчил»; № 3 — «Ыйман Нуру»; № 4 — «Мекеним Кыргызстан»; № 5 — «Реформа»; № 6 — «Ата Мекен»; № 7 — «Замандаш»; № 8 — «Бүтүн Кыргызстан»; № 9 — «Социал-демократы»; № 10 — «Мекен Ынтымагы»; № 11 — Афган согушунун ардагерлери; № 12 — «Ордо»; № 13 — «Бир Бол»; № 14 — «Республика»; № 15 — «Кыргызстан»; № 16 — «Чон Казат». Андан сырткары, бюллютенде «Баарына каршы» пункту да болот. Шайлоого 16 партия ат салышууда.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:14

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоого катышат

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоого катышат. Бул тууралуу чечим кечээ сотто кабыл алынды. Административдик сот Боршайкомдун партиянын каттоодон баш тартуу чечимин мыйзамсыз деп тапты. БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова мекеме Жогорку сот кайрылбастыгын билдирди. «Шайлоо өнөктөгү башталып, үгүт жүрүп жаткандыктан биз Жогорку сотко кайрылбайбыз», — деди ал. БШК «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттап, үгүт иштерин жүргүзүүгө жол ачты. Белгилей кетсек, парламенттин мурдакы депутаты Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстанга» арызданып БШКга кайрылган. Ал алгач тизмеде алдынкы орунга белгиленип, кийин артка жылып калган. БШК кечээ тизмедеги калпыстыктар үчүн партияны каттоого алган эмес.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 15:45

Жаштар – Кыргызстандын эртеңи эмес, бүгүнкүсү!

Жаштар – Кыргызстандын эртеңи эмес, бүгүнкүсү! “Жаштар - өлкөнүн келечеги” деп көп жылдан бери айтып келдик. Бирок 2020-жыл жана пандемия кризиси жаштар өлкөнүн бүгүнү экенини көрсөттү! ⠀ Бүгүн жаштар менен жолугушуп, "Жаңы Дем" программабызды тааныштырдык. 28 жылдан бери эч ким жоопкерчиликти өз мойнуна алууну каалаган жок. Канчалык кыйын болбосун, ошол жүктү биздин жаш лидерлер алып кетүүгө даяр! ⠀ *** ⠀ Молодежь — настоящее Кыргызстана! ⠀ Много лет нам твердили, что молодые люди — это будущее страны, но 2020 год, особенно кризис во время карантина, нам наглядно показал, что молодежь — это есть самое настоящее страны. ⠀ Встретились со сторонниками и молодыми лидерами, которым презентовали нашу программу «Жаңы Дем». Программу необходимо реализовать здесь и сейчас, и основная ответственность ляжет на новое поколение! Мы знаем, что молодые лидеры, которые есть в стране уже сегодня готовы брать на себя задачи и ответственность, которую избегали многие опытные специалисты последние 28 лет.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:15

«Биримдик» биринчи. Шайлоо бюллетенинде партиялардын катар номери аныкталды

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетенинде кайсы партия канчанчы орунда болорун аныктоо үчүн чучукулак өткөрдү. Боршайкомдун маалымат кызматы чучукулак кармоо ачык форматта өткөнүн билдирди. Ошентип шайлоо бюллетенинде биринчи орунда бийликтин партиясы делген «Биримдик» болмой болду. Ал эми Матраимовдордун кланы менен байланышы бар делген «Мекеним Кыргызстан» бюллетенде 4-орунда жайгашты. Шайлоо бюллетенинде орун алган бардык партиялардын тизмеси төмөндөгүдөй: 1. «Биримдик»; 2. «Мекенчил»; 3. «Ыйман Нуру»; 4. «Мекеним Кыргызстан»; 5. «Реформа»; 6. «Ата Мекен», 7. «Замандаш», 8. «Бүтүн Кыргызстан», 9. «Социал-Демократ», 10. «Мекен Ынтымагы», 11. Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясы; 12. «Ордо»; 13. «Бир Бол»; 14. «Республика»; 15. «Кыргызстан»; 16. «Чоң Казат». Ошондой эле, шайлоо бюллетенинин тексти менен формасы дагы аныкталды. Жалпысынан 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Алардын ичинен эки партия — «Кыргызстан» менен «Бүтүн Кыргызстан» Боршайком менен соттошуп, шайлоого катышуу укуктарын сот аркылуу калыбына келтирди . «Кыргызстан» партиясы керектүү документтерди партиянын өкүлү тапшырган эмес жана белгиленген убакыттан кеч калган деп айыпталса, «Бүтүн Кыргызстан» партиясына БШКга талапкерлердин өзгөртүлгөн тизмесин тапшырган деген кине коюлган.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники