О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
10 сентября 2020 г. 2:00

"Республика" партиясынан депутаттыкка талапкерлердин толук тизмеси

"Республика" партиясынан депутаттыкка талапкерлердин толук тизмеси "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Жалпы 166 талапкер катталды. № Ф.А.А. Туулган күнүнүн датасы, жылы Иштеген жери Ээлеген кызматы 1. Жээнчороев Мирлан Канатбекович 10.03.80 Жогорку Кеңеш Депутат 2. Жылкыбаев Узарбек Казиевич 17.02.74 Убактылуу иштебейт 3. Арипов Назарали Турдалиевич 28.04.70 Убактылуу иштебейт 4. Өмүрбекова Алтынай Сейтбековна 10.09.73 Убактылуу иштебейт 5. Жунус уулу Алтынбек 18.09.81 Убактылуу иштебейт 6. Бокоев Кенжебек Сатымкулович 27.11.67 Жогорку Кеңеш Депутат 7. Абдраимов Туйгунаалы Дүйшеналиевич 07.10.58 ЖАК «Кайнар» Директорлор кеңешинин төрагасы 8. Молдобаева Гүльнара Аскарбековна 29.10.71 ААК «Бишкек курулуш» Инвестиция жана каржы саясаты боюнча башкы директордун орун басары 9. Бердиев Аккулу Тагаевич 02.03.66 ЖЧК «Север-Югойл» Директор 10. Таалайбек уулу Чыңгыз 10.10.80 Убактылуу иштебейт 11. Казакбаев Руслан Айтбаевич 18.05.67 Жогорку Кеңеш Депутат 12. Лурова Лейла Хияновна 28.10.68 ЖЧК «LBS MILK Production» Директор 13. Сабиров Максат Эсенович 17.10.67 Жогорку Кеңеш Депутат 14. Карыбеков Арзыбек Кенжекулович 23.07.59 Убактылуу иштебейт 15. Карашев Аалы Азимович 30.10.68 Жогорку Кеңеш Депутат 16. Кулинова Лола Абдурахмановна 22.01.78 ЖЧК «Новый Проект» радио «Волна-ИК» Директор 17. Нусувалиев Орозбек Токталиевич 23.03.59 Жеке ишкер 18. Калматов Токторали Калдарович 29.05.76 Убактылуу иштебейт 19. Коёналиев Жоошбек Кармышович 17.12.64 Убактылуу иштебейт 20. Курманалиева Койсун Аблабековна 01.04.62 Убактылуу иштебейт 21. Турсункулов Кутман Нурланович 17.12.91 Жогорку Кеңеш Консультант 22. Баймуратов Калдарбек Шакирович 19.09.58 Жогорку Кеңеш Депутат 23. Жолдошалиев Эркин Жолдошалиевич 27.07.82 Убактылуу иштебейт 24. Саяк кызы Элзат 24.05.81 Убактылуу иштебейт 25. Кожобеков Жолдошбек Асанович 04.11.86 ЖЧК «Инженер Строй Сервис» Директордун орун басары 26. Алымбаев Алайбек Анаркулович 05.04.80 Жогорку Кеңеш Эксперт 27. Мидин уулу Канатбек 05.02.90 Убактылуу иштебейт 28. Каламбекова Бактыгүл Рысбаевна 18.10.61 Убактылуу иштебейт 29. Сарылдык уулу Илгиз 11.02.94 ЖЧК «Тянь-Шань Форель» Башкы директор 30. Алымкулов Темир Карыпбекович 11.10.72 ЖАК «Электротехника» Башкы директор 31. Болотканов Кубатбек Болотканович 22.09.75 ЖЧК «Альянс Алтын» Профсоюз комитетинин төрагасы 32. Ивакова Аида Иманакуновна 27.01.78 ТРК «НТС» Башкы директордун орун басары 33. Акматбеков Манас Сулкарнаевич 11.02.68 ЖЧК «Фрунзегаз» Дыйкан чарбанын директору 34. Мукеев Уланбек Шабырбекович 07.05.78 Убактылуу иштебейт 35. Шатманов Канатбек Асылбекович 20.09.70 Убактылуу иштебейт 36. Собурова Жылдыз Канчырбековна 04.04.75 Жогорку Кеңеш Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин эксперти 37. Баетов Аяз Батыркулович 20.12.84 Эл аралык университет Кафедранын башчысы 38. Бактыбаев Рыскүл Гыламидинович 29.09.64 Адвокат 39. Исанов Алмаз Насирдинович 22.07.74 Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту Директор 40. Урумкалиева Чинара Чалагызовна 13.10.73 Жогорку Кеңеш Эксперт 41. Кудайберген уулу Тилекмат 14.05.86 Убактылуу иштебейт 42. Таалайбек уулу Жоомарт 22.01.83 Сары-Булак айыл өкмөтү Айыл өкмөтүнүн башчысы 43. Тынысов Урматбек Аалканович 05.12.69 Акназар айыл өкмөтү Айыл өкмөтүнүн башчысы 44. Шейшекеева Гүлнара Санташевна 14.11.67 «Укук борбору» коомдук фонду Директор 45. Иманалиев Чолпонбек Муратбекович 11.08.85 Убактылуу иштебейт 46. Исаков Жумадыл Ырысбаевич 09.09.60 Убактылуу иштебейт 47. Дамир уулу Максатбек 20.12.85 Убактылуу иштебейт 48. Кынадбекова Нургүл Кынадбековна 22.04.90 Жогорку Кеңеш Башкы консультант 49. Исаков Эсенгул Байдалиевич 20.07.55 ГУ «Кадастр» Башкы адис 50. Карабаев Самат Эшполотович 10.08.90 Ош шаарындагы №3 орто мектеби Мугалим 51. Жакыпов Алмаз Назармаматович 16.10.85 Өзгөн районунун адвокатурасы Адвокаттын жардамчысы 52. Нурматова Анара Шакарбековна 13.12.77 Кыргыз-өзбек биргелешкен ЖЧК «Лайн-Стиль» Директор 53. Калыков Мийзамидин Абдырахманович 08.09.69 Бишкек шаардык кеңеши Депутат 54. Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич 30.07.94 Улуттук джиу-джитсу федерациясы Президент 55. Толкумбаева Атыркүл Бердугуловна 22.10.62 Убактылуу иштебейт 56. Талайбек уулу Анарбек 16.06.93 Райондук суу чарба башкармалыгы Инженер 57. Чертанов Эркинбек Канжарбекович 04.11.93 Убактылуу иштебейт 58. Аскербек уулу Автандил 10.03.78 Убактылуу иштебейт 59. Эралиева Мира Сулаймановна 21.02.79 Убактылуу иштебейт 60. Энназаров Мирлан Арзыкулович 16.05.66 Убактылуу иштебейт 61. Мамбетов Жамаке Жанышович 04.05.59 ЖЧК «Эрбак» Төрага 62. Ульмасов Анвар Абдуталипович 03.04.61 Убактылуу иштебейт 63. Рысбаева Жамал Рысбаевна 16.09.79 Убактылуу иштебейт 64. Нематжонов Расулжон Ахматжонович 22.10.84 Убактылуу иштебейт 65. Алтымышев Тынчтыкбек Жусупбекович 04.12.83 Убактылуу иштебейт 66. Ниязакунов Руслан Жекшенович 01.02.86 Убактылуу иштебейт 67. Белек Дайан 01.06.90 Жогорку Кеңеш Консультант 68. Асаналиев Самат Асаналиевич 11.06.87 Убактылуу иштебейт 69. Токторов Бактыяр Абдинабиевич 25.03.70 Убактылуу иштебейт 70. Аргинбаев Артвай Гапирович 13.08.55 Убактылуу иштебейт 71. Усупова Жазгүл Кубатбековна 28.05.80 Убактылуу иштебейт 72. Турусбеков Айдар Темирбекович 11.03.87 Убактылуу иштебейт 73. Токторбаев Адилет Уланович 30.01.90 ЖЧК «Рейба» Бажы операциялары боюнча адис 74. Кенжетаев Эрбол Үзүрович 08.12.91 Убактылуу иштебейт 75. Алибаева Айгүл Үсөновна 12.12.80 ЖЧК «Круг ЛТД» Директор 76. Молдокулов Марлесбек Токтомбетович 23.03.66 Убактылуу иштебейт 77. Жарасул уулу Элдияр 29.06.86 Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту Директордун орун басары 78. Сатымкулов Майорбек Асанканович 24.11.67 Убактылуу иштебейт 79. Усеналиева Уулкан Нургазиевна 14.03.97 Убактылуу иштебейт 80. Стамбеков Султан Амангелдиевич 11.03.80 Улуттук онкология борбору Дарыгер 81. Примкулов Сулайман Жолдошбекович 15.02.63 Убактылуу иштебейт 82. Абдибалиев Арстанбек Абдибалиевич 22.02.71 Убактылуу иштебейт 83. Исакжанова Элиза Каримжановна 20.07.85 Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти Башкы адис 84. Кожомкулов Баатырбек Токтоевич 06.12.60 Убактылуу иштебейт 85. Чаланов Эсенбек Бейшенбекович 03.06.91 Убактылуу иштебейт 86. Чотоев Таалайбек Коёнович 28.07.67 Убактылуу иштебейт 87. Тыналиева Ыргал Бектургановна 15.01.59 Убактылуу иштебейт 88. Абдырахманов Бектеналы Кутманалыевич 16.08.95 Убактылуу иштебейт 89. Осмоналиев Жаныбек Муктарканович 25.12.85 «Кут-Билим» Мугалим 90. Абышев Кылычбек Асаналиевич 27.11.79 Убактылуу иштебейт 91. Муратова Жанара Эркинбековна 08.11.87 Убактылуу иштебейт 92. Хамзеев Алтынбек Болотбекович 05.11.84 Мугалим 93. Мамбеталиев Арсланбек Мамасадыкович 01.11.62 Убактылуу иштебейт 94. Станбеков Дүйшенбек Жолчубекович 07.01.73 Убактылуу иштебейт 95. Паизова Гүлзада Турдубаевна 18.03.72 «Ынтымак бир» бала бакча Директор 96. Турсунбаев Таалайбек Калмурзаевич 21.02.66 Убактылуу иштебейт 97. Койчумбаев Таалайбек Маралович 05.07.67 Убактылуу иштебейт 98. Аманатов Канат Садырбекович 24.04.91 Убактылуу иштебейт 99. Имарова Нургүл Асланбековна 29.09.92 Убактылуу иштебейт 100. Абаев Суеркул Мейманкулович 07.10.67 Убактылуу иштебейт 101. Нурумбетов Батырбек Жанышович 05.03.72 Убактылуу иштебейт 102. Мыктыбекова Айнур Майрамбековна 07.01.93 Талас үй-бүлөлүк медицина борбору Дерматовенеролог 103. Дубанаев Жигитали Курсанович 22.09.70 Убактылуу иштебейт 104. Алиев Акылбек Мукамбекович 16.02.82 Салык кызматы башкы инспектор 04.2009 105. Жолдошев Алмаз Жамгырбаевич 16.03.77 Жеке ишкер 106. Бейшенкул кызы Жаркынай 02.11.92 Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы Башкы адис 107. Жакшылыков Жайлообек Аззамкулович 04.07.82 Убактылуу иштебейт 108. Сатымбаев Абдибек 01.02.59 Убактылуу иштебейт 109. Касымбекова Лира Байысбековна 04.11.83 Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Тышкы байланыштар жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы 110. Акматбеков Майрамбек Жолдошбекович 30.12.89 Убактылуу иштебейт 111. Миңжашаров Кеңешбек Атагазиевич 09.07.63 Убактылуу иштебейт 112. Арзыбаев Бексултан Эргешбаевич 20.11.96 Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Жетектөөчү адис 113. Туйгунбек кызы Нуризат 16.03.96 ЖЧК «Север-Югойл» Юрист 114. Нурали уулу Алманбет 28.07.95 Өзгөн районундагы Көлдүк айыл кеңеши Айылдык кеңештин төрагасы 115. Лаяшукурова Рахат Акматалиевна 31.05.84 Убактылуу иштебейт 116. Абдыбеков Байыш Майрекович 28.09.77 Боогачы орто мектеби Директордун орун басары 117. Курманова Токтокан Бейшенбековна 29.07.80 Убактылуу иштебейт 118. Мазер Юлия Андреевна 09.02.87 №3 мектеп-гимназиясы Мугалим 119. Тойматов Бердибай Токебаевич 17.11.73 ЖЧК «Улар-Транс» Директор 120. Байызбеков Узакбек Асымбекович 01.08.63 Убактылуу иштебейт 121. Солтонбаев Кенжебек Аскерканович 06.05.83 Убактылуу иштебейт 122. Аалы кызы Назира 04.11.76 КТРК «Маданият Тарых Тил» каналынын продюсери 123. Яушев Назар Викторович 14.04.92 Убактылуу иштебейт 124. Токсонбаев Каныбек Токторалиевич 25.01.63 ЖЧК «Крокус секьюрити» «Түштүк» мобилдик тобунун башчысы 125. Шимарова Рузали Ильясовна 25.03.85 Убактылуу иштебейт 126. Мурзали уулу Замирбек 17.12.89 ЖЧК «К.Раимбердиев» Директор 127. Болгомбаев Бакытбек Туратбекович 11.11.93 Убактылуу иштебейт 128. Эсенова Гүлнара Турсунбаевна 21.01.64 Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагынын Жайыт комитети Менеджер 129. Шаршеналиев Чолпоналы Усеналыевич 18.11.80 Убактылуу иштебейт 130. Аюханов Радик Дамирович 16.06.86 КПП ААК «Бишкеккурулуш» Башкы инженер 131. Касымова Эркинай Исраилжановна 20.11.80 Тигүү фабрикасы Тигүүчү 132. Бараканов Таштанбек Ырсалиевич 20.03.69 Убактылуу иштебейт 133. Киркиева Айнура Кадырбековна 14.01.81 Убактылуу иштебейт 134. Алиев Самат Шайырбекович 19.12.71 «Борполой» жоопкерчилиги чектелген шериктештиги Жарнама боюнча менеджер 135. Сколков Алексей Николаевич 19.11.91 Убактылуу иштебейт 136. Алымкулова Айтбүбү Райымбековна 14.01.73 Убактылуу иштебейт 137. Байгазиев Багыш Муратбекович 10.04.75 Нурманбет айыл өкмөтү Айыл өкмөт башчысы 138. Бакай уулу Эрманбет 18.05.88 Убактылуу иштебейт 139. Анарбекова Диана Анарбековна 11.11.96 Убактылуу иштебейт 140. Зулпукаров Азамат Замирович 24.02.80 Убактылуу иштебейт 141. Закиров Садыкжан Шаукатович 02.06.83 Убактылуу иштебейт 142. Суранчиева Роза Жекшеновна 12.09.77 Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү долбоору Координатор 143. Лебедев Глеб Викторович 04.10.80 Убактылуу иштебейт 144. Нусир Рамазан Думарович 21.10.88 Убактылуу иштебейт 145. Кадырбекова Айсулуу Кадырбековна 16.05.91 Убактылуу иштебейт 146. Сеитов Акмал Рустамович 06.10.92 Убактылуу иштебейт 147. Шекеков Эмил Кемелбекович 22.11.79 Убактылуу иштебейт 148. Бектурова Индира Урушбековна 12.03.70 ЖЧК «Саян Фарм» Фарминспектор 149. Теңизбаев Камбарбек Асипбаевич 20.10.60 Убактылуу иштебейт 150. Кожоналиев Канат Болотбекович 20.03.72 Чүй суу чарба башкы башкармалыгы Участканын башчысы 151. Жанаралиева Румани Ярагиевна 13.04.70 Жеке ишкер 152. Хандышанов Магомед Люлюнович 28.06.74 153. Нурмаматов Рахманберди 01.02.58 Убактылуу иштебейт 154. Микотина Ольга Викторовна 12.12.65 Убактылуу иштебейт 155. Юн Ольга Викторовна 05.07.85 Убактылуу иштебейт 156. Филиппова Лина Александровна 18.05.79 Убактылуу иштебейт 157. Абылдаев Советбек Сааткулович 12.12.59 Убактылуу иштебейт 158. Папанов Павел Николаевич 05.03.90 Убактылуу иштебейт 159. Козырева Светлана Владимировна 01.11.66 Убактылуу иштебейт 160. Голопуро Артём Игоревич 17.11.82 Убактылуу иштебейт 161. Толоев Памирбек Сардарбекович 17.02.71 Токмок шаарынын Мамлекеттик салык кызматы Башчынын орун басары 162. Каракотов Самит Борисович 06.09.80 Убактылуу иштебейт 163. Жуманова Самара Эсиркеповна 31.05.76 Убактылуу иштебейт 164. Петров Кирилл Александрович 17.07.86 Убактылуу иштебейт 165. Ибраимова Динара Курманбековна 26.05.63 Убактылуу иштебейт 166. Назарбекова Анаркүл Султановна 18.06.58 Убактылуу иштебейт 15:00 09-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:48

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы БШКны соттон утту

Бишкек шаарынын Административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын парламенттик шайлоого катышууга укук берди. Бүгүн, 9-сентябрда Административдик сот “Бүтүн Кыргызстандын” Борбордук шайлоо комиссиясына карата жазган доо арызын карап, аталган комиссиянын буга чейинки чечимин жокко чыгарды. Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн 17 партиянын ичинен 15 партияны талапкер катары каттап, «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыраткан. БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясы талапкерлерин аныктоодо ички катачылыктар кеткен деген жүйө менен каттоодон баш тарткан. Кыргызстанда парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:48

БШК: 221 талапкердин соттуулугу алынган, 50 талапкер боюнча чечим чыга элек

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин соттуулугу тууралуу Ички иштер министрлигинен жана Жогорку соттон алынган маалыматтарды берди. Ага ылайык, Боршайком баш-аягы 1 912 адамды талапкер кылып каттады жана анын ичинен 1 641и соттолгон эмес, 221 кишинин соттуулугу алынган, 50 талапкер боюнча соттун чечими чыга элек, беш адам Административдик кодекс боюнча жоопко тартылган (сот жоопкерчилигине тартылды деп эсептелбейт), 26 киши соттон акталган, 19нун иши сотто каралып жатат. Партияларга бөлүп карасак, «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан» 78 талапкер катталды. Анын 73ү соттолгон эмес, беш адамдын соттуулугу алынган (соттолгон эмес деп эсептелет). «Мекен Ынтымагы» партиясынан 149 талапкер катталды. 129у соттолгон эмес, 18 кишинин соттуулугу алынган, эки талапкер боюнча соттун чечими жок, экөө акталган. «Ата Мекен» партиясынан 150 талапкер катталды. 130у соттолгон эмес, 18 кишинин соттуулугу алынган, эки талапкер боюнча соттун чечими жок. Бир киши Административдик кодекс боюнча жоопко тартылган, бир адам акталган. «Мекенчил» партиясынын 136 талапкери бар. 108и соттолгон эмес, 24үнүн соттуулугу алынган, төрт талапкер боюнча соттун чечими жок, бир киши Административдик кодекс боюнча жоопко тартылган. Экөө соттон акталган, бир адамдын иши сотто каралып жатат. «Бир Бол» партиясынан 108 талапкер катталган. 96сы соттолгон эмес, 11нин соттуулугу алынган, бир талапкер боюнча чечим жок, бирөө акталган. «Ыйман Нурунун» 101 талапкери бар. 85и соттолгон эмес, 11инин соттуулугу алынган, беш талапкер боюнча чечим жок, үчөө акталган, эки кишинин иши сотто каралып жатат. «Замандаш» партиясынан 156 талапкер бар. 139нун соттуулугу жок, 15 талапкердин соттуулугу алынган, эки адам боюнча соттун чечими жок, бир адам акталган, бир кишинин иши сотто иликтенип жатат. «Чоң Казат» партиясынан 81 талапкер катталды. 64ү соттолгон эмес, 15инин соттуулугу жоюлган, эки талапкер боюнча соттун чечими жок, экөөнүн иши сотто каралып жатат. «Реформа» партиясынан 84 талапкер катталган. 78и соттолгон эмес, үчөөнүн соттуулугу алынган, үч талапкер боюнча соттун чечими жок, үч киши соттон акталган. «Республика» партиясынын 166 талапкери бар. 145и соттолгон эмес, 18 талапкердин соттуулугу алынган, үч адам боюнча соттун чечими жок, үч киши акталган. «Социал-демократтар» партиясынан 101 талапкер катталды. 78и соттолгон эмес, 13 талапкердин соттуулугу алынган, 10 адам боюнча соттун чечими жок, үч талапкер акталган, жети адамдын иши сотто каралып жатат. «Биримдик» партиясынан 200 талапкер катталды. 170и соттолгон эмес, 24үнүн соттуулугу алынган, алты адам боюнча соттун чечими жок, алты талапкер соттон акталган. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын 200 талапкери бар. 169у соттолгон эмес, 29 талапкердин соттуулугу алынган, эки адам боюнча соттун чечими жок, бирөө Административдик кодекс боюнча жоопко тартылган. Бир киши акталган. «Ордо» партиясынан 100 талапкер катталды. 88и соттолгон эмес, сегиз талапкердин соттуулугу алынган, төрт адам боюнча соттун чечими жок, экөө акталган, экөөнүн иши сотто каралып жатат. «Кыргызстан» партиясынан 102 талапкер катталды. 89унун соттуулугу жок, тогуз талапкердин соттуулугу алынган, төрт киши боюнча соттун чечим жок, төртөөнүн иши сотто каралып жатат. Буга чейин социалдык тармактарда соттолгон талапкерлер боюнча тизме тараган. Коомчулукта Борбордук шайлоо комиссиясы иши тергелип жаткан жана соттуулугу жоюлганы боюнча маалыматы жок талапкерди парламенттик жарышка коё бергени сынга кабылган.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:49

"Бүтүн Кыргызстан" партиясына сот шайлоого катышуу укугун берди

Бүгүн, Бишкектин административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралды. Административдик соттун чечими менен "Бүтүн Кыргызстан" партиясы шайлоого катышуу укугун алды. Аталган партиянын жүздөгөн тарапкерлери соттун алдында "акыйкат чечим "Бүтүн Кыргызстанга"- деген ураандар менен күнү бою акыйкат чечим күтүп турду. Адахан Мадумаров соттун чечимине коментарий берип жатып: "Сыртта бир канча саттан бери тамак ичпей, суу ичпей "Бүтүн Кыргызстандын" тагдырына кайдыгер карабай акыр-аягына чейин биз менен бирге турган тарапташтарыбызга терең таазим этип ыраазычылыгымды билдирем. Сот акыйкат чечим кабыл алды"-деди. Эске сала кетсек, БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:49

Кыргыз генералдарынын шайлоо башталганы добуштары чыга баштады

Шайлоо башталганы эбакта бүтүп калган Куловдун үнү чыга баштады. Демократиянын түтүнү чыга электе эле полковник Кулов оозго алынып калган. ГКЧПнын убагында Акаев шымын булгап алганда, Кулов суу куюп берип жууган. Ошондон эрдемсинген Феликең ээрден түшпөй жүрүп, акыры мэрден түшкөн. Түшкөндө да Акаевди жыгып түшөм деп, жыгылып алдында калып абакта жатты. Аны март төңкөрүшү камактан чыгарган. Бакиев менен тандем түзүп, өкмөт башчысына чейин жеткен. Премьер-министрден мини ГЭСтин жетекчиси болгуча, бийлик төбөсүнөн төпөш уруп турду. Каккан казыктай эле төмөн кирип отурду. Аңгыча апрель төңкөрүшү болуп култуңдап суурулуп чыкты. Жөн да суурулуп чыккан жок, «саясий Сайкалдарды» ээрчитип чыкты. Эң биринчи мүмкүнчүлүк түзүлөөр менен алар жардан алыс түртүп кетти. Инфаркт болуп кала жаздаган Куловду, ары-бери жетелеп жүрүшүп,кайра өзүнө алып келишти окшойт. 2015-жылы шайлоо тамагын бууп үнү чыкпай калган, кайрадан добушу чыга баштады. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:49

Шайлоо-2020: Бириккен Араб Эмирлигинде эки шайлоо участкасы ачылды

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоого карата Бириккен Араб Эмирлигинде эки шайлоо участкасы ачылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Дубайдагы Башкы консулдугу билдирет. Маалыматка ылайык, учурда Бириккен Араб Эмирлигинде жашап жаткан кыргызстандыктар www.tizme.gov.kg онлайн порталы аркылуу өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшере алат. "Эгерде издөө учурунда өзүңүздү башка шайлоо тилкесинен тапсаныз, ушул жылдын 19-сентябрына чейин (арыз берүүнүн акыркы күнү) Башкы консулдукка кайрылып, консулдук каттого туруп (акысыз), жана форма №2 толтуруп кетүүңүздү суранабыз", - деп билдирилет маалыматта. Бириккен Араб Эмирлигинде эки шайлоо участкасы ачылган, алар; 1. Абу-Даби шаарында - Кыргыз Республикасынын элчилигинин имараты, №9051 шайлоо участогу. 2. Дубай шаарында - Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун имараты, №9044 шайлоо участогу. Консулдук каттоого жараша Абу-Даби эмиратында жашаган жарандар элчиликте, ал эми Дубай жана түндүк эмираттарда жашаган жарандар Башкы консулдуктун имаратына келип, шайлоого катышса болот. Шайлоого катышуу үчүн, жарандардын жогоруда белгиленген шайлоо участокторунда катталып, консулдук жана биометрикалык каттоосу болушу зарыл. Кошумча маалыматтар үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын катчыларына кайрылууга болот; 1. Нурбек Карагулов (Абу-Даби) +971 505 25 58 13, Е-мейл.: [email protected] 2. Адилет Сыдыков (Дубай жана түндүк эмираттар) +971 561 974 795, Е-мейл.: [email protected] 3.Таланбек Зулпукаров (Дубай жана түндүк эмираттар) +971 566 929 253, Е-мейл.: [email protected] эскерте кетсеке, Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:50

Шайлоодогу партиялардын бюллетендеги катар номурун аныктоо үчүн чүчүкулак ойнотуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетенге партиялар жайгаштырыла турган сандарды аныктоо үчүн чүчүкулак ойнотуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Буга “Бүтүн Кыргызстандын” соттук иши аягына чыгуусу себеп болду. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти. Буга чейин берилген маалыматта, бүгүн, 9-сентябрда, саат 17: 00дө, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында чүчүкулак ойнотулмак.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:53

Сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы арызын канааттандырды

Бишкектин административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиева сот чечими менен тааныштырды. «"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин жокко чыгаруу боюнча өтүнүчү канааттандырылсын. БШКнын чечими мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылсын». «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы боюнча сот чечими 9-сентябрда, саат 19:48де чыгарылды. Партиянын лидери Адахан Мадумаров судьяга жана сот имаратынын сыртында адилеттикти талап кылып турган тарапкерлерине ыраазычылык билдирди. Бишкектин административдик сотунда бүгүн, 9-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы доо арызы каралды. Соттук жараянга партияны шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу Боршайкомдун жумушчу тобунун чечимине каршы добуш берген БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев чакыртылган. Бул өтүнүчтү 7-сентябрда «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлдөрү берип, судья аны канааттандырган. Жараян жүрүп жаткан убакта партиянын тарапкерлери имараттын сыртына чогулуп, соттон калыстык талап кылышты. БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» өз талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышын шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат. Азаттык

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:53

"Мекенчил" Тоңдо. Жумабай Садыбакасов: Парламентке Ташиев менен Жапаровдой мекенчил, жаштарга элге-жерге болгон сүйүүсү менен күч берген депутаттар барышын каалаймын

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Тоң районуна барды. "Мекенчил" саясий партиясынын Тоң районундагы шайлоочулар менен жолугушуусунан кийин райондун тургуну Жумабай Садыбакасов Камчыбек Ташиев тууралуу пикирин төмөнкүдөй билдирди: -Мен Камчыбек Ташиевдин элге келип жолугушканына абдан ыраазы болдум. Аны чыныгы мекенчил инсан деп эсептейм. Баткенде өткөндө чек арада тажиктер менен болгон ызы-чууда бир дагы бийликтен басып барып ал-акыбалын сурап койгон жок. Ташиев ошол жакка барып, 85 жаштагы абышка менен байбичеге үй салып берди. Бирок аны азыр айтып мактанган жок. Элдин баары ушундай мекенчил, жаштарды туура жолго салып, эл-жерге болгон сүйүүсү менен күч бере турган депутаттардын парламентке барышын кааласа керек. Садыр Жапаров экөө элге кызмат кылып беришсин деген ниетим бар. Садыр Жапаровдун абакта жатканына ичим ачышат. Чындыкты сүйлөп, чындык үчүн күрөшүп жатканда абакка камап койгону баарыбызга оор болду.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:53

Шайлоого катышчу партиялардын бюллетендеги катары аныкталды

9-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын бюлеттендеги катарын аныктады. Чүчүкулак жолу менен жүргөн номур ыйгаруу төмөнкүдөй болду: 1) «Биримдик» 2) «Мекенчил» 3) «Ыйман Нуру» 4) «Мекеним Кыргызстан» 5) «Реформа» 6) «Ата Мекен» 7) «Замандаш» 8) «Бүтүн Кыргызстан» 9) «Социал-демократтар» 10) «Мекен Ынтымагы» 11) «Афган согушунун ардагерлери» 12) «Ордо» 13) «Бир Бол» 14) «Республика» 15) «Кыргызстан» 16) «Чоң Казат» Эскерте кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

Шайлоо – 2020: Чүчүкулак кармоо аркылуу партиялардын катар номерлери аныкталды – тизме

Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги катар номерлерин аныкташ үчүн чүчүкулак кармоо орун алды. Чүчүкулак кармоонун жыйынтыгында партиялардын катар номерлери аныкталды. 1. «Биримдик»; 2. «Мекенчил»; 3. «Ыйман нуру» 4. «Мекеним Кыргызстан»; 5. «Реформа»; 6. «Ата Мекен»; 7. «Замандаш»; 8. «Бутун Кыргызстан»; 9. «Социал-демократы»; 10. «Мекен ынтымагы»; 11. Партия ветеранов Афганистана; 12. «Ордо»; 13. «Бир Бол»; 14. «Республика»; 15. «Кыргызстан»; 16. «Чон казат». Шайлоо бюллетенине жазылчу партиялардын катары чүчүкулак аркылуу аныкталат, алардан тышкары «Баарына каршы» деген графа болот. 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлооо 4-октябрда өтөт. Акипресс

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

Өзү таза болбогон Арабаев таза шайлоо жөнүндө ой жүгүртүп жатат

Таза шайлоо өткөрүү темасы Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоонун астында абдан талкууланчу темага айланат. Бул максатта “Азаттык” радиосу юридика илимдеринин доктору, профессор, Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы башчысы Чолпонкул Арабаевди чакырган экен. Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Арабаев шайлоону таза өткөрүү жана башка жогорку материя жөнүндө философиялык ой толгоолорун айтып берген. Бирок таза иш алпаруу тууралуу кимдер гана сөз кылбайт? Эгер Арабаевдин биографиясын карап көрсө, анын колу деле мындай таза иштерден алыс экен. Ал 90-жылдары Аскар Акаевдин учурунда, мамлекет башчысынын администрациясында юридикалык бөлүмдүн башчысы болгон. Ошондо дал ушул Арабаев жийиркеничтүү, таза эмес шайлоолорду өткөрүүнүн негиздерин мыйзамдарга киргизген. Бакиевдин учурунда “май көл-сүт көл” орун болуп саналган Мамлекеттик кадр кызматында директор болуп иштеген. “Арабаев, Юстиция министринин орун басары болуп турганда бир топ ууру-кески, акмактарды түрмөдөн бошотууга жардам берген” деп айтышат аны тааныгандар. Улуттук илимдер академиясын башкарып иштеп турганда академиянын гаражын менчиктештирүүгө абдан кызыкдар болгон экен. Дегеле Арабаевди дасыккан паракор деп аташат. КРСУда студенттерди окууга өткөрүүдө акча жасаганы, анын башчылыгында юридикалык факультет баары пара менен чечилген факультетке айланып, окутуучулар студенттерден уялбай-этпей эле пара алып калышканы айтылат. Андыктан, таза шайлоо жөнүндө башкалар айтышса дагы, Чолпонкул Арабаев айтпай эле койсо.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

Адахан Мадумаров: “Сот биздин сөзүбүздү далилдеди”

Бишкек шаардык административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызын канааттандыргандан кийин партиянын лидери Адахан Мадумаров журналисттерге бул окуяны комментарийледи: -Биз ушул кезге чейин айтып келген Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарынан чыгып кетти, саясий иштер менен алек болуп, мыйзамды карабай калды деген сөзүбүздү азыр сот толугу менен далилдеди, мойнуна коюп берди, -деди Мадумаров. Ал ошондой эле колдоочуларына ыраазылык билдирди: -Мен сырттагы биздин колдоочуларга, Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда, Россияда иштеп жүргөн кыргыздарга терең таазим этип, ыраазычылык билдирем. Суу ичпей,тамак жебей 9-10 саат туруунун өзү Кыргызстан жарандарынын конституциялык укугун кайра колуна алуу ышкы күчтүү экенин, элдин үнү каалаган жерге жеткире ала турганын далилдегени үчүн мен терең ыраазычылык билдирем. Боршайком 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрылган. Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

Сот "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын доо арызын канааттандырды

Бүгүн, 9-августта, Бишкек шаардык административдик соту "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын БШКнын шайлоого каттабай койгон чечими боюнча доосун канааттандырды. Бишкек шаарынын административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиева сот чечими менен тааныштырды. -"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (чечимин жокко чыгаруу боюнча өтүнүчү канааттандырылсын. БШКнын чечими мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылсын». Эми "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлерин БШК шайлоого каттоо чечимин күтүү керек. Боршайком 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрылган . Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан. Сүрөт: "ПолитКлиника" медиасы.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

Баш прокуратура: Шайлоого байланыштуу 22 мыйзам бузуу катталган

Шайлоого даярдануу мезгилинде жалпысынан республика боюнча кылмыштар жана жоруктар реестрине 22 материал катталып, ички иштер органдары тарабынан каралууда. Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Баш прокуратура жалпыга маалымдоо каражаттарына жүргүзүлүп жаткан мониторингде негизинен шайлоо документтерин бурмалоого (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 195-бер.) , административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 87-1-бер.) , шайлоочуларды сатып алуу (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 192-бер.) жана шайлоочунун акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 42-3-бер.) жөнүндө мыйзам бузуулар көрсөтүлгөнөн белгиледи. Башкы прокуратура ошондой эле кимдерге үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынарын атап кетти: Алар: -мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер; - мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар; - атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар; -шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү; -байкоочулар: -эл аралык байкоочулар; -диний ишмерлер; - кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү: - 18 жашка чыга элек адамдар: - чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар; - жарандыгы жоктор үгүт жүргүзүүгө жана ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укугу жок экендигин маалымдайт. Шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясында төмөнкүлөргө: улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды басмырлоого, кастыкка чакырган үгүттөө; же бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга багытталган чакырыктарга тыюу салынгандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз. Башкы прокуратура шайлоочулардын добушун кандай түрдө болбосун сатып алууга тыюу салынарын эскертти.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники