О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
10 сентября 2020 г. 0:43

Оштогу шайлоо участогуна баннери илингени үчүн «Биримдикке» эскертме берилди

БШКнын үгүт иштери боюнча жумушчу тобу «Биримдик» партиясына №5247 шайлоо участогуна анын баннери илингени үчүн эскертме берилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Комиссиянын басма сөз катчысы Асел Сулайманованын айтымында, учурда баннер ким тарабынан илингенин партия тактап жатат. «Үгүт иштери боюнча жумушчу топ партияга эскертүү эмес эскертме берип, баннерди алып салууга буйрук берди», — деди ал. Буга чейин 8-сентябрда соцтармактарда Ош шаарындагы Пушкин мектебинин дарбазасында «Биримдик» партиясынын баннери илинип турган сүрөтү тараган — аталган мектеп Кара-Суу районунун аймагындагы №5247 шайлоо участогу экени маалым болгон. Сүрөт, видеону жүктөгөн «Реформа» партиясынын талапкери Мирбек Маматкасымов мамлекеттик объектилерге баннер жайгаштыруу мүмкүн эмес экенин айткан. Ал эми анын постуна БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова бул мыйзам бузуу экенин айтып комментарий калтырган , Маматкасымовго комиссияга арыз жиберүүнү сунуштаган. «Биринчиден бул эреже бузуу же провокация. Буга чейинки шайлоолордо да адашпасам БШК ушул сыяктуу маселени карап, эреже бузуу деп тапкан»,— деп жазган Абдрахматова. Ошондой эле ал, БШКнын Кара-Суу районундагы атайын өкүлүнө мындай көрүнүш болбошу үчүн башка мамлекеттик объектилерди да текшерип чыгуусу үчүн маалымат жеткиргенин кошумчалаган. Кийинчерээк баннер алынып, аталган партиянын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев баннерди ким илгени аныкталаарын убадалаган . «Биримдик» коомчулукта бийликчил партия деп аталып келет. Президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек бул партия менен шайлоого аттанган. Ошондой эле, аталган партиянын катарында учурдагы бир нече депутаттар бар.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 0:51

Мадумаров: Соттун чечими саясий эмес, мыйзамдык чечим болду

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы доо арызын канааттандырган сот чечимин партиянын лидери Адахан Мадумаров «мыйзамдык чечим» деп атады. Ал «Азаттыктын» кабарчысынын: «Сиздин оюңузча, сотко бийлик аралаштыбы же жокпу?» деген суроосуна: «Бул ишке бийлик аралашып же аралашпаганы тууралуу айта албайм. Бирок Бишкектин административдик сотунун биздин доо арызды канааттандырган чечими мыйзамдуу чечим болгонун баса белгилеп айта алам», - деп жооп берди. Бишкектин административдик соту бүгүн, 9-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы берген доо арызын карады. Судья Анар Эгембердиева БШКнын партияны каттоодон баш тарткан чечимин жокко чыгарды. БШК 3-сентябрдагы жыйынында «талапкерлерин аныктоодо эреже бузган» деп таап, «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышын шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат. (TSh/ZKo)

Подробнее
10 сентября 2020 г. 0:51

Тажикстан эгемендик күнүн пандемия шартында белгилеп жатат

Тажикстан бүгүн эгемендиктин 29 жылдыгын белгилеп жатат. Пандемияга байланыштуу иш-чаралар мурдагыдай масштабда уюштурулган жок. Жыл сайын 9-сентябрда концерт, оюн-зоок өткөрүлчү. Бирок өткөн жумада бийлик коомдук саламаттыкты коргош үчүн андай иш-чаралар уюштурулбай турганын билдирген. Тажикстан бийлиги өлкөдө коронавирус инфекциясы тараганын акыркылардан болуп моюнга алган. Шейшембиге карата COVID-19га чалдыккандар расмий статистикага караганда 8 860 болду, 70 киши илдеттен каза тапты. «Азаттыктын» тажик кызматы июнь айында өз алдынча иликтөө жүргүзүп, өлгөндөр мындан көп болушу мүмкүн, арасында ондогон дарыгерлер менен медайымдар бар деген жыйынтыкка келген. 1994-жылдан бери бийликте турган мамлекет башчы Эмомали Рахмон 11-октябрга белгиленген президенттик шайлоого талапкер болуп көргөзүлдү. Кошуна өлкөдөгү буга чейинки бир да шайлоо Батыштын байкоочулары тарабынан эркин же калыс деп таанылган эмес.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 0:51

Помпео: Беларус аткаминерлерине каршы санкция даярдалууда

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Беларустун расмий адамдарына каршы жаңы санкция даярдап жатканын билдирди. «Кошмо Штаттар өнөктөштөр менен бирге Беларустагы адам укуктарын бузууга жана репрессияларга тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу максатында санкцияларды караштырууда», деп айтылат 8-сентябрдагы билдирүүдө. Мамкатчы Вашингтон беларус бийлигинин оппозиция өкүлү Мария Колесниковага каршы аракеттерге тынчсызданганын айтып, анын эрдигин белгиледи. Тышкы саясий мекеменин жетекчиси ошондой эле беларус бийлигин өз элине каршы зомбулукту токтотууга, кармалгандардын бардыгын коё берүүгө жана беларус коомунун өкүлдөрү менен диалог баштоого чакырды. Билдирүүдө 6-сентябрда чак түштө тынч акцияга чыккандардын уруп-сабалганы, жүздөгөн кишинин кармалганы өзгөчө белгиленген. Шейшембиде оппозиция лидерлеринин бири Колесникова Украина менен чек арада кармалганы белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда, ал депортацияланышына жол бербөө максатында паспортун айрып салган. Митинг, демонстрациялар Беларуста 9-августтагы шайлоодон кийин башталып, бир айдан бери тынбай жүрүп жатат. Көчөгө чыккандар өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгени расмий жарыяланган шайлоо бурмаланган деп эсептешет. Көптөгөн катышуучулар кармалып, күч органдарынын зомбулугуна туш болууда. Ал ортодо Лукашенко орус медиага берген интервьюсунда бийликте «балким көбүрөк отуруп койгонун» моюнга алып, ошол эле учурда кызматынан кетпей турганын айтты.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:03

Партиялардын бюллетендеги катар номерлери бекиди. Ким канчанчы болуп жазылат?

Эске салсак, парламенттик шайлоого 16 саясий партия ат салышып жатат. Бүгүн "Бүтүн Кыргызстан" партиясы соттон утуп, шайлоого катышуу укугун алды.БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясында партиялардын бюллетендеги номерин бекитүү үчүн чүчү кулак кармашты. Тактап айтканда, саясий партиялардын бюллетендеги катар номерлери бекиди. Алар: "Биримдик" — 1; "Мекенчил" — 2; "Ыйман нуру" — 3; "Мекеним Кыргызстан" — 4; "Реформа" — 5; "Ата Мекен" — 6; "Замандаш" — 7; "Бүтүн Кыргызстан" — 8; "Cоциал-демократтар" — 9; "Мекен ынтымагы" — 10; "Афганистан согушунун ардагерлери" — 11; "Ордо"— 12; "Бир бол" — 13; "Республика" — 14; "Кыргызстан" — 15; "Чоң казат" — 16.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:03

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы соттон утуп, шайлоого катышмай болду

Партиянын даттануусун бүгүн Бишкек шаардык административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиева карады.БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык административдик соту "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын доо арызын карап, шайлоого катышууга уруксат берди. Партиянын даттануусу 7-сентябрда Бишкек шаардык административдик сотунда каралып, тараптар "Бүтүн Кыргызстанды" жарыштан четтетүүгө "макул" жана "каршы" добуш берген БШКнын мүчөлөрүн күбө катары чакырууну суранышкан. Буга байланыштуу сот отуруму бүгүнкүгө жылдырылган болчу. Жараянга судья Анар Эгембердиева төрайымдык кылды. Күбө катары БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Алмаз Асаналиев, "Бүтүн Кыргызстандын" съездине катышкан БШКнын өкүлү Тагай Абдысатаров көрсөтмө берди. Сот партия курултайда жашыруун талапкерлерди көрсөтүү боюнча добуш берүүдө мыйзам бузуу катталган жок деп тапты. Бул учурда сот имаратынын алдына партиянын жүздөгөн тарапташы келип "Акыйкат чечим", "Шайлоого катышсын" деп кыйкырып турушту. "Бүтүн Кыргызстан" жана лидери Мадумаровдун жолу болбогон учурлары Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясын каттоодон баш тарткан. Буга партиянын курултайда түзгөн талапкерлердин тизмеси менен БШКга жиберген тизме дал келбей турганын жүйө келтирген. Мындан сырткары, талапкерлерди көрсөтүү үчүн добуш берүүдө эреже бузуулар катталганын айткан. Буга макул болбогон "Бүтүн Кыргызстан" партиясы БШКнын чечимин жокко чыгарууну суранып сотко кайрылган.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:03

Шаршеналы уулу: эреже бузган партия 300 миң сомго чейин айып тартышы мүмкүн

БШКнын шайлоочуларды маалымдоо жана үгүт иштеринин эрежелери боюнча жумушчу тобунун мүчөсү Адилет Шаршеналы уулу шайлоого катышып жаткан партиялар үгүт учурунда санитардык эрежелерди сактоого милдеттүү экенин айтты.Радио Шаршеналы уулу: эреже бузган партия 300 миң сомго чейин айып тартышы мүмкүн Жазык кодекси боюнча, үгүт иштерин өткөрүп жаткан тарапка санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузса 260-300 миң сомго чейин айып пул салуу же 2,5 жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ал эми Жоруктар кодексинде 30-60 миң сомго чейин айып пул же бир жылга чейин ээлеген кызматынан бошотуу, болбосо белгилүү бир иштер менен алектенүүгө тыюу салуу каралган. Бул тууралуу Адилет Шаршеналы уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Парламенттик шайлоо: БШК эл аралык 25 байкоочуну каттады Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштерин жүргүзүп жаткан партиялардын өкүлдөрүн чакырып, санитардык эрежелерди сактоо боюнча эскертүү берди. "4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого үгүт иштери башталды. БШК менен Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү пандемия шартына байланыштуу үгүт иштерин өткөрүү боюнча алгоритм иштеп чыккан. Ага жараша эл көп чогулган жерде ошол жыйналышты уюштуруп жаткан талапкер же партия элдин дене табын текшерип, колдоруна санитайзер сээп, ар бир келген адамды бир жолку колдонуучу бет кап менен камсыз кылып, аралыкты сактоо менен белгиленген сандан көп адамды чогултпай өткөрүүсү зарыл эле. Учурда, тилекке каршы, бул эрежелер сакталбай жатканына күбө болуудабыз. Андыктан 8-сентябрь күнү биз шайлоого катышып жаткан партиялардын өкүлдөрүн чакырып, эскертүү бердик. Мындан ары да аталган талаптар аткарылбаса, мыйзам чегинде чара көрүлөт", — деди Шаршеналы уулу. Ал шайлоочуларга дистанттык түрдө маалымат жеткирүү максатында https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/ порталы иштелип чыкканын кошумчалады.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:04

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы БШКны соттон утуп алды

Бүгүн, Бишкек административдик соту "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы жазган арызын канааттандырды. Эске салсак, аталган партия 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын көпчүлүк мүчөлөрүнүн добушу менен парламенттик шайлоодон четтетилип калган. Мындай чечимге нааразы болгон партия сотко арыз менен кайрылган. Бир нече саатка созулган Бишкек административдик соту БШКнын чечимин мыйзамсыз деп жокко чыгарды.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:04

БШК: 221 талапкердин соттуулугу алынган, 50 талапкер боюнча чечим чыга элек

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин соттуулугу тууралуу Ички иштер министрлигинен (ИИМ) жана Жогорку соттон алынган маалыматтарды берди. Ага ылайык, Боршайком баш-аягы 1 912 адамды талапкер кылып каттады жана анын ичинен 1 641и соттолгон эмес, 221 кишинин соттуулугу алынган, 50 талапкер боюнча соттун чечими чыга элек, беш адам Административдик кодекс боюнча жоопко тартылган (сот жоопкерчилигине тартылды деп эсептелбейт), 26 киши соттон акталган, 19нун иши сотто каралып жатат. Партияларга бөлүп карасак, «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан» 78 талапкер катталды. Анын 73ү соттолгон эмес, беш адамдын соттуулугу алынган (соттолгон эмес деп эсептелет). «Мекен Ынтымагы» партиясынан 149 талапкер катталды. 129у соттолгон эмес, 18 кишинин соттуулугу алынган, эки талапкер боюнча соттун чечими жок, экөө акталган. «Ата Мекен» партиясынан 150 талапкер катталды. 130у соттолгон эмес, 18 кишинин соттуулугу алынган, эки талапкер боюнча соттун чечими жок. Бир киши Административдик кодекс боюнча жоопко тартылган, бир адам акталган. «Мекенчил» партиясынын 136 талапкери бар. 108и соттолгон эмес, 24үнүн соттуулугу алынган, төрт талапкер боюнча соттун чечими жок, бир киши Административдик кодекс боюнча жоопко тартылган. Экөө соттон акталган, бир адамдын иши сотто каралып жатат. «Бир Бол» партиясынан 108 талапкер катталган. 96сы соттолгон эмес, 11нин соттуулугу алынган, бир талапкер боюнча чечим жок, бирөө акталган. «Ыйман Нурунун» 101 талапкери бар. 85и соттолгон эмес, 11инин соттуулугу алынган, беш талапкер боюнча чечим жок, үчөө акталган, эки кишинин иши сотто каралып жатат. «Замандаш» партиясынан 156 талапкер бар. 139нун соттуулугу жок, 15 талапкердин соттуулугу алынган, эки адам боюнча соттун чечими жок, бир адам акталган, бир кишинин иши сотто иликтенип жатат. «Чоң Казат» партиясынан 81 талапкер катталды. 64ү соттолгон эмес, 15инин соттуулугу жоюлган, эки талапкер боюнча соттун чечими жок, экөөнүн иши сотто каралып жатат. «Реформа» партиясынан 84 талапкер катталган. 78и соттолгон эмес, үчөөнүн соттуулугу алынган, үч талапкер боюнча соттун чечими жок, үч киши соттон акталган. «Республика» партиясынын 166 талапкери бар. 145и соттолгон эмес, 18 талапкердин соттуулугу алынган, үч адам боюнча соттун чечими жок, үч киши акталган. «Социал-демократтар» партиясынан 101 талапкер катталды. 78и соттолгон эмес, 13 талапкердин соттуулугу алынган, 10 адам боюнча соттун чечими жок, үч талапкер акталган, жети адамдын иши сотто каралып жатат. «Биримдик» партиясынан 200 талапкер катталды. 170и соттолгон эмес, 24үнүн соттуулугу алынган, алты адам боюнча соттун чечими жок, алты талапкер соттон акталган. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын 200 талапкери бар. 169у соттолгон эмес, 29 талапкердин соттуулугу алынган, эки адам боюнча соттун чечими жок, бирөө Административдик кодекс боюнча жоопко тартылган. Бир киши акталган. «Ордо» партиясынан 100 талапкер катталды. 88и соттолгон эмес, сегиз талапкердин соттуулугу алынган, төрт адам боюнча соттун чечими жок, экөө акталган, экөөнүн иши сотто каралып жатат. «Кыргызстан» партиясынан 102 талапкер катталды. 89унун соттуулугу жок, тогуз талапкердин соттуулугу алынган, төрт киши боюнча соттун чечим жок, төртөөнүн иши сотто каралып жатат. Буга чейин социалдык тармактарда соттолгон талапкерлер боюнча тизме тараган. Коомчулукта Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) иши тергелип жаткан жана соттуулугу жоюлганы боюнча маалыматы жок талапкерди парламенттик жарышка коё бергени сынга кабылды.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:05

Жалал-Абаддын имамдарына шайлоого карата үгүт иштерине аралашпоосу эскертилди

Бүгүн, 9-сентябрь күнү Жалал-Абад облустук мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров, Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Ордобек ажы Оморбеков жана казыят кызматкерлери менен биргеликте калаадагы жума намазы окулган мечиттердин имамдарына жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мындай жыйын пандемия маалынан бери мечиттердин ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө чектөөлөр алынып салынгандан бери алгачы кирет өткөрүлүүдө. Жыйын башталаардын алдында коронавирусдан каза тапкан маркумдарга багышталып Куран окулуп, дуба кылынды. Күн тартибинде айрыкча дин кызматкерлеринин шайлоого карата үгүт иштерине аралашпоосу, нике журналын колдонуу, жума намаздарында санитардык сактык эрежелеринин так сактоо баса белгиленди. “ Дин кызматкерлери мечиттерде жана диний мекемелерде үгүт-насаат иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Имамдар мамлекеттин атуулу катары жарандык милдетин аткарып шайлоого барып, өзү каалаган партияга добуш берсе болот. Бирок, саясий топтордун куралына айланып, үгүт иштерин жүргүзбөшү керек»,-деди облус казысы Абдулазиз кары Закиров.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 14:10

"Жаңы Дем" программасы 2020-2025. ⠀

"Жаңы Дем" программасы 2020-2025. ⠀ "Ата Мекен" – Жогорку Кеңеш трибуналары жана министрлер кабинетин көзөмөлдөө аркылуу өлкөнү өзгөртө турган билимдүү, тажрыйбалуу, эрки күчтүү профессионалдардан турган команда. ⠀ Кыргызстандын акыркы 30 жылы тарыхтын бир барагы. Тилекке каршы 2020-жылдагы дүйнөлүк кризистин – пандемиянын таасирине кабылды. Мындан ары күтүүгө, даярданууга дагы убакыт жок. ⠀ Биз сиздерге жакынкы келечекте мыйзам чыгаруу бийлигинин негизин түзгөн, аткаруу бийлигинин ишин көзөмөлдөөчү “Жаңы Дем" программасын сунуштайбыз. 2020-2025. ⠀ Программа менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышасыз: https://atameken.kg/partiya/programma-partii/ ⠀ *** ⠀ Программа «Жаны Дем» 2020-2025. ⠀ Команда «Ата Мекен» — это команда профессионалов, которые обладают знаниями, опытом и волей, чтобы привнести через трибуны Жогорку Кенеша и контроля над кабинетом министров изменения в страну. ⠀ Мы очень хорошо понимаем, что последние 30 лет Кыргызстана — это часть истории, которая в 2020 году столкнулась с глобальным кризисом – пандемией. Больше ждать времени нет, как и времени на раскачку. ⠀ Мы представляем вам нашу программу «Жаны Дем», принципы которой должны лечь в основу законотворчества и контроля исполнительной власти в самое ближайшее время:

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:05

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы БШКны соттон утуп алды. Партия шайлоого катышат

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкек шаардык административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы карап, партиянын арызын канааттандырды. Эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоого катыша алат. Судья Анар Эгембердиева партиянын юристтеринин келтирген жүйөөлөрүн ынанымдуу деп таап, БШКнын партиянын талапкерлерин каттабоо боюнча чечимин жокко чыгарды. Эске салсак, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого саясий партиялардын тизмесин каттаган. БШКнын жыйынында жумушчу тобу “Бүтүн Кыргызстан” партиясы “талапкерлерди аныктоодо эреже бузган” деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын көпчүлүк мүчөсү “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоого катышуусуна каршы добуш беришкен. БШКнын 9 мүчөсү аталган партияны жарыштан четтетүү чечимин кабыл алса, 2 мүчөсү каршы добуш берген.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:05

Шайлоо-2020. Сот Турсунбай Бакир уулунун өтүнүчүн четке какты

Бишкек административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын даттануусун кароону улантууда. Экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу аны үчүнчү жак катары тартуу өтүнүчүн келтирди. Судья Анара Эгембердиева, эк-депутаттын БШКга берген арызынын эмес, БШКнын жумушчу тобунун чечиминин негизинде жүрүп жатканын айтып баш тартты. Белгилүү болгондой, соттун чечими Турсунбай Бакир уулунун партиянын тизмесине калыбына келтирилишине эч кандай таасирин тийгизбейт. Эскерте кетсек, БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүгү “Бүтүн Кыргызстанды” каттоого каршы добуш беришкен. Мурунку акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу саясий бирикменин лидери Адахан Мадумаров тизмени өзгөрткөн деген негизде Борбордук шайлоо комиссиясынан “Бүтүн Кыргызстан” партиясына каттоодон баш тартууну талап кылган.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:06

Беларуста шайлоонун жыйынтыктарына каршы нааразылык акциялар уланды

10-август күнү кечинде Минск шаарында президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык билдирип чыккан адамдар менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу уланды. Өлкөнүн ички иштер министрлиги (ИИМ) бул күнү кечинде шаарда нааразылык акциясынын катышуучуларынын бири каза болгонун билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, «Пушкин» метро станциясына жакын жерде акция катышуучуларынын бири милиция кызматкерлерин көздөй белгисиз жарылуучу нерсени ыргытууга аракет кылып, бирок ал өзүнүн колунда жарылып кеткен. Жыйынтыгында ал алган жараатынан дароо каза болгон. Азырынча бул окуя боюнча көз карандысыз булактардын маалыматтары жок. Жергиликтүү басылмалар менен социалдык түйүн колдонуучулары дал «Пушкин» станциясынын жанында милиция демонстранттарга каршы желим окторду жана көздөн жаш агызчу гранаталарды колдонгонун билдиришүүдө. Буга байланыштуу айрым интернет колдонуучулар акция катышуучусу милициянын ушундай гранатасынын жарылуусунан улам өлгөн болушу мүмкүн деген божомолдорду айтып жатышат. 9-августта өткөн презденттик шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча өлкөнүн учурдагы президенти Александр Лукашенко шайлоочулардын 80,08% добушун алып, жеңишке жетти. Анын негизги атаандашы Светлана Тихановская 10,09% добуш алды. Бирок Тихановская шайлоонун расмий жыйынтыгы бурмаланганын, көпчүлүк добушканалардан чогултулган протоколдордун негизинде өзүн жеңүүчү деп эсептей турганын жарыялаган.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:47

«Бүтүн Кыргызстан» шайлоого катышуу укугун алды

Бүгүн, 9-cентябрда Бишкектин административдик сотунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралды. Административдик соттун чечими менен «Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоого катышуу укугун алды. Аталган партиянын жүздөгөн тарапкерлери соттун алдында «акыйкат чечим «Бүтүн Кыргызстанга»- деген ураандар менен күнү бою акыйкат чечим күтүп турду. Адахан Мадумаров соттун чечимине коментарий берип жатып: «Сыртта бир канча саттан бери тамак ичпей, суу ичпей «Бүтүн Кыргызстандын» тагдырына кайдыгер карабай акыр-аягына чейин биз менен бирге турган тарапташтарыбызга терең таазим этип ыраазычылыгымды билдирем. Сот акыйкат чечим кабыл алды»-деди. Эске сала кетсек, БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники