О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
8 сентября 2020 г. 11:15

2001-жылга чейин кичи мекенимде кызмат кылдым.

2001-жылга чейин кичи мекенимде кызмат кылдым. Айылда профсоюздук уюмдун алдындагы спорт мектеби бар эле, ошол жакта машыктыруучу кызматын аркаладым. Андан кийин Асанбек Табалдиев атындагы мектепте мугалим болуп иштедим. Биз XXI кылымда жашап жатабыз деп көп айтабыз, бирок кээ бир айыл жерлеринде ичүүчү таза суу жок. Болсо да суу өтүүчү трубалар эскирип, оңдоп-түзөөнү же алмаштырууну талап кылат. Булардын баарын иретке келтирүү керек. Мен бирин-бири кайталаган структураларды кыскартууну колдойм, анткени бул структураларды каржылоо менен эле бюджет чоң зыян тартууда. *** До 2001 года я трудился на своей малой Родине. В селе была спортшкола при профсоюзной организации, где я работал тренером. Затем трудился учителем в школе имени Асанбека Табалдиева. Мы говорим, что живём в XXI веке, но ведь сейчас во многих местностях нет чистой питьевой воды. Если даже она имеется, то трубы, по которым течет вода, старые, требующие ремонта или замены. Это все нужно привести в порядок. Я поддерживаю сокращение всех дублирующих структур, ведь их наличие наносит значительный урон нашему бюджету.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:29

Канат Аманкулов: Элибиздин татыктуу жашоосу үчүн бардык аракеттерди жасайбыз

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Канат Аманкулов, 1966-жылы Чүй облусунун Алмалы айылында туулган. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча аяктаган. СССР Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн. Университетти аяктаары менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, коммерциялык фирманын юрист консультанты болуп эмгектенген. 5 жыл бою Чүй облусунун прокуратурасында, андан соң Башкы прокуратурада үзүрлүү эмгектенип, республиканын башкы прокурорунун орун басарына чейинки кызмат орундарын ээлеген. 2011-жылдан тартып 2016-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин башкы катчысы болуп иштеген. Ал эми 2016-жылдын 6-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган. Канат Аманкулов Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, жеңил атлетика боюнча бир нече басылмалардын автору. 2005-жылдан тартып Жеңил атлетика боюнча федерациясын жетектеп келет, Азиянын Олимпиадалык кеңешинин мүчөсү. Партиянын IV съездинде чыгып сөз сүйлөп жатып, өз талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттыгына биринчи жолу коюп жаткандыгын айтты. Коронавирус пандемиясынын учурунда жаштардын волонтёрлук уюмдарынын иш-аракеттерин координациялаган. Кезектеги маекте «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Канат Аманкулов. — Саламатсызбы Канат мырза, «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынан депутаттыкка талапкер экенсиз, партиянын программасы тууралуу айтып берсеңиз. — «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы мыкты түзүлгөн, себеби анда социалдык саясатты өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар камтылган. Ошондон улам партиянын жеңип чыгарына толук ишенем. Пандемия көптөгөн адамдардын көз карашын өзгөрттү. Коомубуз, анын ичинде элибиз, ошондой эле жаштар, дарыгерлер, мугалимдерибиз пандемия учурунда биримдиктин эң мыкты үлгүсүн көрсөтө алды. Элибиз жакшы жашоого татыктуу. Бул үчүн партиянын мүчөлөрү колдон келген бардык аракеттерин жасайт деп ишенем. Баса, депутат деген сөз шайлануучу, башкача айтканда, кайсы бир тапшырмаларды аткаруу үчүн ыйгарым укук алган адам дегенди билдирерин белгилей кетким келет. Биз, депутаттыкка талапкерлигин коюп жаткандар жеңишке жетип калсак, жеке милдетибизди сезе билип, элибиз берген тапшырманы так аткарууга милдеттүү экендигибизди эсибизден чыгарбашыбыз керек. Канат Аманкулов. — Программада жаштарга үлгү боло турган маанилүү сунуштар барбы? — Жаштарыбыздын «улуулардын тажрыйбасы — жаштардын энергиясы» деген урааны, биримдиги партиябыздын тренддеринин бири болуп саналат. Элибизде бекеринен «көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет» деп айтылбаса керек. Биздин партия жеке максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон аянт эмес, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн аракеттенүүчү талапташтардын союзу экендигин калың элге далилдеп берүүбүз абзел. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 11:55

🔸Сервистик мамлекет концепциясын өнүктүрүү

"Бир Бол" партиясы мамлекеттик башкаруу системасында төмөнкү багаттырга артыкчылык берип, түп- тамырынан реформа жүргүзүүнү көздөйт: 🔸Административдик-аймактык реформа 🔸Сервистик мамлекет концепциясын өнүктүрүү

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:34

Парламенттик шайлоо: БШК эл аралык 25 байкоочуну каттады

Азырынча эл аралык эки уюмдун жана Молдованын БШКсынын өкүлдөрү катталды. Парламенттик шайлоого бир айга жетпеген убакыт калды.БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия парламенттик шайлоого 25 байкоочуну каттады. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Бул сапар Европалык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Адам укуктары жана демократиялык институт боюнча бюросунун, Молдованын Боршайкомунун өкүлдөрү менен КМШнын миссиясы аккредитациядан өткөн. Кыргызстанда шайлоо камы башталды. Ким эмнеге даяр болушу керек БШК каттоодон өткөнүнө жараша эл аралык байкоочулардын тизмесин улам толуктап турмакчы. Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:29

Наталья Никитенконун балалыгы, өрнөк алган адамы, “Ата Мекендеги” он жылы жана Кыргызстанга болгон сүйүүсү тууралуу.

Наталья Никитенконун балалыгы, өрнөк алган адамы, “Ата Мекендеги” он жылы жана Кыргызстанга болгон сүйүүсү тууралуу. *** Наталья Никитенко о том, почему не уезжает из Кыргызстана, кто является ее примером в жизни, о детстве и почему вместе с "Ата Мекен" вот уже почти 10 лет.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:36

Электр энергиясы үзгүлтүккө учурабайт

4-октябрь шайлоо күнү добуш берүү участоктору электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыз кылынат. Мындай тапшырма отун энергетика тармагындагы бардык ишканаларга берилди. Азыркы учурдан тарта авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартып, ар бир шайлоо тилкелерин кошумча генераторлор менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:36

Шайлоо-2020: Эл аралык 25 байкоочу катталды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого карата эл аралык байкоочуларды каттоону баштады. Боршайкомдун маалыматына караганда, эл аралык уюмдардын 25 байкоочусу расмий каттоого алынды. Алардын 18и Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан (ДИАУБ), бешөө Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинен (КМШ), экөө Молдованын Боршайкомунан катталды. Ал эми жергиликтүү байкоочулар, 8-сентябрга карата маалыматка караганда, тогуз коомдук уюмдан катталды. Алар: «Жалпы иш», «Таза Шайлоо», «Билоу», «Майыптарга юридикалык жардам берүү», «Майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо комитети», «Мир – свет культуры», «Эгль», «Келечекке жол» жана «Кыргызстандын юридикалык коому» уюмдары. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Азыр бир айлык үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:36

Шайлоо-2020. Талапкерлер социалдык тармактардагы маалыматтарды ыктыярдуу жөнгө салышат

Шайлоого катышкан партиялардын лидерлери жана өкүлдөрү шайлоо алдындагы акыйкат күрөш боюнча меморандумга кол коюда БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова меморандумдагы жаңылыктардын бири - талапкерлердин социалдык тармактардагы маалыматтарды ыктыярдуу жөнгө салуусу экендигин билдирди. Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, шайлоо өнөктүгүнүн маанилүү үгүт иштерин жүргүзүү мезгили башталды. Белгилүү болгондой, талапкерлер өз үгүт иштерин социалдык тармактар аркылуу да жүргүзүшүүдө. Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, таза жана акыйкат шайлоону камсыздоо - БШКнын мандаты, бирок буга жалгыз жетишүү мүмкүн эмес. Ошондуктан шайлоону акыйкат, таза жана ишенимдүү өткөрүүгө күч-аракеттерибизди бириктирүү максатында партияларга меморандумга кол коюуга чакырабыз,- деп айтылат. "Документке кол коюу менен, тараптар Конституциянын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоого милдеттеништи, ошондой эле ачыктык жана өз ара урматтоо, жарандардын кызыкчылыктарынын жана укуктарынын артыкчылыгын сактоого, мыйзам чегинде үгүт иштерин жүргүзүүгө милдеттүү", - дейт Шайлдабекова. Эске салсак, БШКнын чечими менен 15 саясий партия парламенттик шайлоого катышат. 4-сентябрдан тартып, шайлоо өнөктүгү башталды. Ал эми шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:36

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШКнын чечимине каршы сотко кайрылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын доо арызы 7-сентябрда, саат 16.30да Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу партиянын лидери Адахан Мадумаров 6-сентябрда Бишкекте онлайн басма сөз жыйынында билдирди. «Биз үч күндөн бери Кыргызстандагы эң мыкты деген адистер, адвокаттар менен талкуулап отуруп, бир да жерден «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттабай коюуга мүмкүнчүлүк тапкан жокпуз. Конституция боюнча да, Шайлоо кодексинде да эч кандай сөз жок. Эч кандай себеп жок. Партиянын тегерегинде түзүлгөн кырдаалга БШК гана күнөөлүү»,- деди Мадумаров. БШК Адахан Мадумаровдун мындай билдирүүсүнө комментарий бере элек. Боршайком 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турган болгон. Кыргызстанда парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:36

Шайлоо участкаларына пандустарды орнотуу иштери улантылууда

Шайлоо участкаларына пандустарды орнотуу иштери улантылууда. Эгер 2017-жылы шайлоо тилкелеринин 27% гана пандустар орнотулса, ал эми ушул жылдын сентябрь айынын башталышына карата добуш берүү участкаларынын 65% ушул шайман менен жабдылды. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге шарттарды түзүү үчүн тиешелүү жабдууларды орнотуу иштери улантылууда. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө көзөмөлүндө. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, учурда Брайль тамгалары бар атайын тактачаларды жана жардам чакыруу баскычтарын орнотуу жумуштары жүрүп жатат. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын материалдык-техникалык база, Интернет жана байланыш менен камсыз кылуу боюнча иштери күчөтүлдү.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:36

Шайлоо өткөрүүдө өлкөдөгү эпидемиологиялык коопсуздукту сактоого өзгөчө көңүл бурулат

15-сентябрга чейин Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо комиссияларынын кызматкерлери, процесске тартылган жана башка адамдардын, добуш берүүчүлөрдүн коронавирус инфекциясы жана өпкөнүн сезгенишине кабылышын алдын алуу боюнча план иштеп чыгып, бекитиши керек. Бул туурасында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жыйынында айтты. Ал өлкө аймагында эпидемиологиялык көзөмөлдүн талаптагыдай жүргүзүлүшүн камсыз кылуунун зарылдыгын белгиледи. Штабдын отурумунда ошондой эле эл аралык байкоочулар боюнча маселе дагы каралды. «Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгында шайлоо процессин өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына сунуштамалар топтомун камтыган чечимге кол коюлду. Айтылган пункттар сапаттуу, өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылууга тийиш. 2020-жылдын 10-сентябрына чейин ички иштер органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү маанилүү пункттардын бири болуп саналат», - деди Акрам Мадумаров. Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:36

БШК "Реформа" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Реформа" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын маалымат бөлүмү билдирди. Жумушчу топтун корутундусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин; "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, "Реформа" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлердин тизмесин каттады.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:41

А.Шыкмаматов: “Коррупционерлер мамлекетти башкарууну көздөөдө”

“Жемкорлор жазаланмак турсун, мамлекетти башкаруу дымагы менен шайлоого келе жатышат. Алар бүтүндөй шайлоочуларды, ал эле эмес партия, партия лидерлерин сатып алууда”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов Ат-Башы эли менен жолугушуу учурунда билдирди. “Мен билем, калк арасында анализдүү ойлонуп, көз карандысыз чечим чыгарган жарандар көппүз. Уурулардын бийликке келе турган жолдорун бууп, жакын да жолотпойбуз!” - деди Шыкмаматов. Анын айтымында, добушту сатып алгандар 5 жылда миллионерге айланса, аз акчага алдангандар эки эсе жарды болушат. “Реформа катуу жүргөн Сингапур, Түштүк Корея, Малайзия өлкөлөрүндө мыйзам жана темирдей тартип күч болгон. Мисалы, Грузияда эки жылдын ичинде мыйзамдагы уурулар, 300дөн ашык сот, 250дөй прокурор, жүздөгөн бажычылар камалып, темирдей тартип орноп, мыйзамдын жогорку күчү камсыз болгон. Мына ошондой мамлекетте гана реформа жүрүп, экономика өнүгүп, мамлекет байыйт. Эл бакубат жашайт!”. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 8-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:42

Шайлоо: “Баарына каршы” элдик кыймылы түзүлдү

“Баарына каршы” элдик кыймылы түзүлдү. Бул тууралуу ”Кырк Чоро” коомдук бирикмесинин жетекчиси Замирбек Көчөрбаев “Элдик медиага” билдирди. Анын айтымында, аталган кыймылга буга чейин соцтармактарда өзүнүн пикирин билдирип келген жарандар, коомдук ишмерлер, ар кандай уюмдун жетекчилери кошулду. “Биздин максатыбыз 4-октябрда шайлоо күнү элге барына каршы үгүт насаат иштерин жүргүзүү. ”Кырк Чоро” коомдук бирикмеси буга чейин бардык партиялар сыяктуу эле өз аракетибизди БШКга билдиргенбиз. Ал жактан жол-жобосу мыйзамда көрсөтүлгөндүгү боюнча жооп алып, ошого жараша аракеттерди кылып жатабыз. Барына каршы чыкканыбыздын себеби, VI чакырылыштагы 120 депутаттын 62си учурда шансы бар партиялардын тизмесинде талапкерлигин коюп, кайра эле ошолор шайлоого аттанышты. 5 жыл мурун элге айткан сөздөрүн кайра эле кайталап айтып жатышат. Элди акча менен сатып алуу аракеттери болуп атат. Биз ушулардын барын көрүп туруп элге “барына каршы” үгүт иштерин жүргүзөлү деп чечтик”,- дейт Көчөрбаев. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:43

"Мекенчил" Жети-Өгүздө. К. Ташиев: Кыргызстанда өндүрүлгөн кен байлыктардын 30 пайызы өлкөгө калышы керек!

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Жети-Өгүзгө барды. Кыргызстанда жыл сайын 25 тонна алтын өндүрүлөт, ал эми Улуттук банкта болгону 4 тонна алтын запасы бар. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 8-сентябрда Жети-Өгүз районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Кумтөрдө” 18 тонна алтын өндүрүлсө, анын 2 гана тоннасы Кыргызстанга айлык, социалдык төлөмдөр катары калат экен. Калганынын баарын сыртка чыгарып кетишет. Кыргызстанда жалпысынан жылына 25 тонна алтын өндүрүлсө, Улуттук банкта болгону алтындын 4 тонна запасы турат. Эмнеге мамлекетибизде өндүрүлгөн өзүбүздүн кен байлыгыбызга ээлик кыла албайбыз? Эмнеге алтындын баарын сыртка ташууга мүмкүнчүлүк берип койдук?! Биз мамлекетте өндүрүлгөн ар бир кен байлыктын 30 пайызын мамлекетке таза киреше катары калтырабыз. Дагы 30 пайызы социалдык төлөмдөргө коротулсун, 40 пайызын инвестор алсын. Бирок 30 пайызы мамлекеттин энчисине сөзсүз түрдө калышы керек!” - деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники