О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
8 сентября 2020 г. 14:23

"Бүтүн Кыргызстан" шайлоого катышабы? Соттук имараттын алдына эл топтолду (фото)

Бүгүн, 7-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы "Бүтүн Кыргызстандын" доо арызы каралат. Учурда партиянын тарапташтары чогулууда. Келгендер колдоруна партиянын желегин кармап, биргеликте "Бүтүн Кыргызстан" партиясын колдоп кыйкырып жатышат. Митинг уланып жатат, коопсуздук милиция коргоодо. БШКнын жыйынында жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. 16:33 07-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
7 сентября 2020 г. 13:56

Алтынбек Сулайманов туулган айылына барып, элинен бата алды.

Алтынбек Сулайманов туулган айылына барып, элинен бата алды. “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов туулган айылына барып, элинен бата алды. Ноокат районунун эли менен жолугушууга партия мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Шайырбек Маматокторов жана башка талапкерлер да барышкан. Партия лидери Алтынбек Сулайманов өзү туулуп өскөн Шанкол айылынын тургундарына колдоп келгендери үчүн ыраазычылык билдирди. Элеттиктер партия өкүлдөрүн жылуу маанай менен тосуп алышты. “Мен төрүнчү жолу алдыңыздарга келип, ак бата сурап жатам. Сиздерди уят кылбаганга аракет кылып келем. Кайсы гана бийлик менен иштебейин, кайсы топ менен жүрбөйүн, бир дагы жолу кошоматчылык кылган жокмун. Анткени мени ушундай тарбиялагансыздар! Жети жашымда атамдын көзү өткөндө, мага ушул жерде чогулган эл-журт, Сиздер тарбия бердиңиздер. Ата тарбиясын Сиздер, эне тарбиясын апам берди. Апам бүгүн көзү тирүү болгондо ушул жерде отурмак... Урматтуу элим, сиздерге кайрадан келип отурам, элим менен гана бийикмин”, -деди А. Сулайманов. Лидер өз сөзүндө партия катары эч жактан колдоо сурабагандыгын, эч кимдин жетегинде жүрбөгөндүгүн, бир гана элден колдоо күтөрүн баса белгиледи. Эске салсак, “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкерлер Ош облусунда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүшүүдө. #БирБол #Шанкол #Ош #Тазалан #БизДаярбызСенчи #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 13:59

Баткен аксакалдары БИРИМДИК партиясына ак батасын берди

Баткен аксакалдары БИРИМДИК партиясына ак батасын берди

Подробнее
7 сентября 2020 г. 17:16

Элдин элегинен өтүп, депутат болуп калсам, республика боюнча ооруканаларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздап, калкты жылына эки жолудан милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүүнү пландап жатам.

Элдин элегинен өтүп, депутат болуп калсам, республика боюнча ооруканаларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздап, калкты жылына эки жолудан милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүүнү пландап жатам.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 18:46

Жаштык менен тажрыйбанын айкалышы

Жаштык менен тажрыйбанын айкалышы

Подробнее
7 сентября 2020 г. 13:52

"Ата Мекен" командасы Ысык-Көл облусунун шайлоочулары менен жолугушууларын улантууда.

"Ата Мекен" командасы Ысык-Көл облусунун шайлоочулары менен жолугушууларын улантууда. Буга чейин Бөкөнбаев, Кызыл-Суу жана Жети Өгүз айылдарынын тургундары менен жолугушуулар болуп өттү. Бүгүн биз партиянын тарапташтары жана жергиликтүү лидерлери менен Караколдо, Ак-Сууда жана Зындан айылында болобуз. "Ата Мекен" партиясы ар бириңиздердин суроолоруңуздарга жооп берип, өлкөнүн күчтүү, акылдуу жана дымактуу лидерлеринин башын бириктирүүгө негиз болгон "Жаңы Дем" платформасын сунуш кылууга даяр! *** Команда Ата Мекен продолжает встречи с избирателями Иссык-Кульской области. Уже были проведены встречи с жителями сел Боконбаево, Кызыл-Суу и Джети Огуз. Сегодня мы планируем встретиться со сторонниками и местными лидерами партии в Караколе, Ак-Суу и с. Зындан. Партия "Ата Мекен" готова встретиться с каждым из вас, чтобы ответить на вопросы и представить платформу "Жаңы Дем", которая стала основой для объединения сильных, умных и амбициозных лидеров страны!

Подробнее
7 сентября 2020 г. 13:55

Руслан Акматбек Ысык-Көлдүн тургундары менен алдыдагы пландары тууралуу ой бөлүштү

Руслан Акматбек Ысык-Көлдүн тургундары менен алдыдагы пландары тууралуу ой бөлүштү “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып, эл менен жолугушууда. Партиядан депутаттыкка талапкер Руслан Акматбек Ысык-Көл районундагы Кашат айылынын тургундарынын чакыруусу менен барды. Ал айыл тургундары жана Балыкчы шаарындагы партиянын тарапташтары менен жолугушуп, жергиликтүү эл менен өлкөнүн өнүгүү жолдорун талкуулады. Ошондой эле айыл аксакалдарынан бата алып, насаатын угуп, жаштардын талабын, каалоо тилектерин угуп келди. Руслан Акматбек өз сөзүндө: “Урматтуу элим, шайлоо үчүн эмес, тандоо үчүн келиңиздер. Партиянын катарында кимдер бар экенине, программасы кандай экенине өзгөчө көңүл буруңуздар. Учурда элибиз куру убадалардан тажады. Коомдун, бийликтин тазалануусун талап кылып, күтүп жатат. Парламенттен билимдүү, жаратман депутаттарды көргүсү келет. Биздин команда бул талаптарга толугу менен жооп берет” – деди. #БирБол #БизДаярбызСенчи #ЫсыкКөл #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 15:16

“Биз башка бирөөлөрдүн долбоору эмеспиз, биздин таянганыбыз - жалпы кыргыз эли”.

“Биз башка бирөөлөрдүн долбоору эмеспиз, биздин таянганыбыз - жалпы кыргыз эли”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Ноокат районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди. Айтымында, айрым партиялар кошомат кылып, Орусия, Түркия, Казакстанга чейин барып, сырттан колдоо издеп жүрүшөт. “Биз элибиздин колдоосуна гана ишенебиз, ошондуктан жеңишке жетебиз деген үмүтүбүз чоң!”- деди Алтынбек Сулайманов. Ошондой эле А.Сулайманов эски системадан арылуу керектигин билдирди. “Эмне үчүн алдыга жылбай жатабыз?” деген суроо туулат. Биз бул суроонун жообун тапканбыз жана ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. Албетте, тоскоолдуктар көп, бул оор жол. Өзгөртүү, жаңылануу, жаңы заманды куруу оңой эмес экен. Мурдагы калыптанып калган эски системадан чыккысы келбегендер бизге тоскоол болуп жатышат. Тоскоолдуктарды жарып өтүп, ошолорду четке сүрүп чыгарыш керек. Ал үчүн билим, эрк жана каалоо керек. Бул үчөө тең бизде бар”, - деди лидер. Эске салсак, “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана партия мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Шайырбек Маматокторов, Эсенбек Арзиев баштаган башка талапкерлер Ноокат районунун эли менен жолугушту. #БирБол #Ноокат #Сулайманов #БизДаярбызСенчи #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 15:18

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштар.

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштар. Партия мүчөлөрүнүн саясий ишмердик жана мамлекеттик башкаруу жаатында, ошондой эле жумуш орундарын түзүү боюнча тажрыйбасы мол. Акыркы убакта жумушсуздук эселеп көбөйүп жаткандыктан бул өтө маанилүү. Бизнес менен ишкерликти өнүктүрүүнү стимулдаштыруу боюнча “Мекеним Кыргызстан” буларды сунуштайт: - Бизнести каттоодогу жана жүргүзүүдөгү бардык процедураларды кардиналдуу түрдө кыскартуу жана жөнөкөйлөтүү, анын ичинде уруксат берүү. - Уставдык капиталды кыскартып, кийин биротоло жоюп салуу; - Лицензиялоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү; - Лицензиялык ишмердик тизмесин кыскартуу; - Бир жылга көчө соодасына эч кандай документтерсиз уруксат берүү, базарлардагы соодагерлерден патент үчүн төлөм алууну токтотуу.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 18:49

Партия лидерлери үгүт кербендин алкагында өлкө аймактарын кыдырууну улантышууда

Партия лидерлери үгүт кербендин алкагында өлкө аймактарын кыдырууну улантышууда. Бүгүн алар Ысык-Көл областына сапар тартышты. Жергиликтүү эл менен жолугуп, «Жаңы дем» программасы менен тааныштырышат. ⠀ Бүгүнкү жолугушуулар Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан башталып, Жети-Өгүз районуна келет. Андан ары Каракол шаары, Ак-Суу району, Зындан айылы, Түп районунун борбору жана Кең-Суу айылына уланат. ⠀ Биздин лидерлер жана жергиликтүү аймактык штабдардын өкүлдөрү сиздер менен жолугушуп, кызыктырган, жүрөк өйүгөн суроолоруңуздарга жооп беришет. ⠀ *** ⠀ Лидеры партии продолжают свое турне по стране. Сегодня они посетят Иссык-Кульскую область, где встретятся со сторонниками и представят свою программу "Жаны Дем". ⠀ Сегодня мы посетим села Боконбаево (Тонский район) и Джети-Огуз. После чего наша команда выдвинется в Каракол, Ак Суу, с.Зындан, с.Кен Суу и с. Тюп. ⠀ Наши лидеры и сторонники из местных региональных штабов с удовольствием встретятся с вами ответят на все волнующие вас вопросы.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 18:50

Таластыктар Жанар Акаевге ак боз ат мингизип, “Ата Мекенге” ак батасын беришти. ⠀

Таластыктар Жанар Акаевге ак боз ат мингизип, “Ата Мекенге” ак батасын беришти. ⠀ “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү Талас облусунун тургундары менен жолугушууларды улантууда. Бүгүн “атамекенчилер” улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени – Шекер айылында болушту. Талапкерлер эл менен баарлашып, шайлоо алдындагы программасын тааныштырып, өлкөдөгү кырдаал тууралуу пикир алышышты. ⠀ “Партиялар көп нерсени убада кылышат, бирок кийин аткарганы аз. “Ата Мекен” колунан келбей турган нерсени убада кылбайт. Ооба, биз олигархтардын, капчыктуулардын жана коррупционерлердин партиясы эмеспиз. Биздин катарыбызда “чимкириктер” жок, бирок жаңы жүздөр көп. Бизде чынчылдык, тазалык жана элге кызмат кылууга чоң каалоо бар. Биз шайлоочуларга дайыма эл менен бирге болобуз деп убада беребиз”, - деди Жанар Акаев. Жолугушууга келгендер лидердин бул сөзүн кол чабуулар менен кубатташты. ⠀ “Ата Мекен” партиясынын башка талапкерлери да эл алдына чыгып сөз сүйлөштү. ⠀ Эл “атакеменчилерди” жылуу кабыл калды. Жолугушуу соңунда аксакалдар жаш талапкерлерге батасын берип, чоң күрөшкө аттанып жаткан Жанар Акаевге болсо ак боз ат мингизип, чепкен жабышты. Жанар Акаевдин атка чапчаң минип, ээрде ишенимдүү отурганына байкоо салып турган таластыктар “чыныгы жигит” деп жылмайышты. Бүгүн “Ата Мекендин” үгүт кербени Таластан чыгып, өлкөнүн башка аймактарына бет алат. Жергиликтүү тургундар партиянын жеңишине ишене турганын айтып, жылуу узатышты.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 18:54

Алтынбек Сулайманов туулган айылына барып, элинен бата алды

Алтынбек Сулайманов туулган айылына барып, элинен бата алды. “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов туулган айылына барып, элинен бата алды. Ноокат районунун эли менен жолугушууга партия мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Шайырбек Маматокторов жана башка талапкерлер да барышкан. Партия лидери Алтынбек Сулайманов өзү туулуп өскөн Шанкол айылынын тургундарына колдоп келгендери үчүн ыраазычылык билдирди. Элеттиктер партия өкүлдөрүн жылуу маанай менен тосуп алышты. “Мен төртүнчү жолу алдыңыздарга келип, ак бата сурап жатам. Сиздерди уят кылбаганга аракет кылып келем. Кайсы гана бийлик менен иштебейин, кайсы топ менен жүрбөйүн, бир дагы жолу кошоматчылык кылган жокмун. Анткени мени ушундай тарбиялагансыздар! Жети жашымда атамдын көзү өткөндө, мага ушул жерде чогулган эл-журт, Сиздер тарбия бердиңиздер. Ата тарбиясын Сиздер, эне тарбиясын апам берди. Апам бүгүн көзү тирүү болгондо ушул жерде отурмак... Урматтуу элим, сиздерге кайрадан келип отурам, элим менен гана бийикмин”, -деди А. Сулайманов. Лидер өз сөзүндө партия катары эч жактан колдоо сурабагандыгын, эч кимдин жетегинде жүрбөгөндүгүн, бир гана элден колдоо күтөрүн баса белгиледи. Эске салсак, “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкерлер Ош облусунда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүшүүдө.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 19:04

Сот-укук системасы ачык-айкын болуп, анын структураларынын иши жөнүндө маалымат жарандык коом тарабынан көзөмөлдөнүп турушу керек. ...

Сот-укук системасы ачык-айкын болуп, анын структураларынын иши жөнүндө маалымат жарандык коом тарабынан көзөмөлдөнүп турушу керек. ... "Биздин башкы максатыбыз - кыргыз элинин татыктуу жашоосун камсыз кылуу, мамлекетте мыйзамдуулуктун чыныгы сакталышы жана кыргыз коомунун бардык мүчөлөрүнүн ортосунда артыкчылыктардын акыйкат бөлүштүрүлүшү! Биздин идеологиябызда дагы биз адилеттүү башкаруу, акыйкат сот адилеттиги, мыйзам чыгаруу бийлиги, адилеттүү коом, үй-бүлө, жаран жана жаш муундун өкүлдөрү ", - дейт "Ыйман Нуру" партиясынан депутаттыкка талапкер Динара Ашимова. . Судебно-правовая система должна быть прозрачной, а информация о деятельности ее структур стать доступной для контроля со стороны гражданского общества. . "Наша главная цель - обеспечение достойной жизни кыргызстанцев, истинного соблюдения законности в государстве и справедливого распределения благ между всеми членами кыргызстанского общества! Даже в нашей идеологии мы закладываем принципы справедливого государственного управления, справедливого правосудия, справедливой законодательной власти, справедливого общества, семьи, гражданина и молодого поколения", - говорит кандидат в депутаты от партии "Ыйман Нуру" Динара Ашимова

Подробнее
7 сентября 2020 г. 23:26

"Ата Мекен" партиясы Ысык-Көл облусундагы шайлоочулар менен жолугушууларын улантууда

"Ата Мекен" партиясы Ысык-Көл облусундагы шайлоочулар менен жолугушууларын улантууда Бүгүн Ак-Суунун тургундары менен жолуктук. Тилек Токтагизиев, Жибек Шарапова жана Эльдар Абакиров сыяктуу биздин жаш лидерлерибиз айыл тургундары менен таанышып, пландары менен бөлүшүштү. Колдоочуларыбыз жана партиялаштарыбыз биздин кадамдарыбыз, келечек пландарыбыз тууралуу жакындан билүүсү зор мааниге ээ. *** Ата Мекен продолжает встречи с населением Иссык Кульской области. Сегодня мы встретились с жителями районного центра Ак-Суу, в бытности Теплоключенка, где рассказали о своих планах, познакомили с новыми лидерами партии в лице молодых представителей: Тилека Токтогазиева, Жибек Шараповой и Эльдара Абакирова. Для нас важно, чтобы наши сопартийцы и соратники были в курсе всех дел партии и что нас ожидает впереди.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 11:12

Ысык-Көл облусунун Жети-Өзүз районунан "Биримдик" партиясы менен Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкерлер Рустам Саякбаев жана Айнур Оморова шайлоочулар менен жолугушууда.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өзүз районунан "Биримдик" партиясы менен Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкерлер Рустам Саякбаев жана Айнур Оморова шайлоочулар менен жолугушууда. Талапкерлер Жети-Өгүз районунун Конкин, Балтабай, Жон-Булак жана Кытай айылдарынын эли менен жолугушту.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники