О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
8 сентября 2020 г. 14:08

Шайлоо 2020: Эл аралык 25 байкоочу катталды

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 7-сентябрдагы отурумда эл аралык уюмдардын 25 байкоочусу расмий каттоого алынды. Алардын он сегизи Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан, бешөө Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинен, экөө Молдованын Боршайкомунан.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:08

“Актив” партиясы шайлоодон четтетилди. Сот чечим чыгарды

7-сентябрда Бишкек административдик соту “Актив” партиясынын ишин карады. Буга чейин, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (КР БШК) чечими менен “Актив” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартылган. “Актив” саясий партиясы шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документти тапшырган жок, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби мыйзамда каралган эмес”, – деп чечим чыгарган БШК. БШКнын чечими менен макул болбой, “Актив” саясий партиясы 2020-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Административдик сотуна арыз менен кайрылган. Аталган соттун 7-сентябрындагы чечими менен “Актив” партиясынын БШКнын 2020-жылдын 3-сентябрындагы мыйзамсыз чечимин таануу жөнүндө арызы четке кагылды.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:08

Боронов: Үгүт кампаниясы маалында партиялар жана шайлоочулар санитардык талаптарды сактоосу керек

Шайлоо процессин өткөрүү коронавирус инфекциясы пандемиясы мезгилине туш келди. Бул процесстин бардык катышуучуларынан социалдык жактан дагы чоң жоопкерчиликти талап кылат. Мындай пикирин премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди, – деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү. «Үгүт кампаниясы маалында партиялар жана шайлоочулар белгиленген санитардык нормаларды жана талаптарды сактоосу керек. Тийиштүү көзөмөл болушу зарыл. Мындан тышкары шайлоо күнү республиканын аймагындагы эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу шарт», – деди өкмөт башчы. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, добуш берүү күнү шайлоо участкаларына барган Кыргыз Республикасынын жарандарына, шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине жана процесске тартылгандарга коронавирус инфекциясынын жугушун жана өпкөнүн сезгенишин алдын алуу боюнча жакынкы аралыкта план бекитилерин белгиледи. Штабдын жыйынында саламаттык сактоо объектилеринин курулушу жана жабдылышы боюнча маселелер каралды. Премьер-министр бул маселелерди сапатуу жана өз учурунда иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Мындан тышкары, санитардык эрежелерди сактоо боюнча эл арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:09

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 25 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 7-сентябрдагы жыйынында 2020-жылдын 4-октябрында боло турган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын 25 өкүлүн эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрүү токтомун кабыл алды. Аккредитациядан өткөн эл аралык байкоочулардын тизмеси № п/п Байкоочу өкүл болгон эл аралык уюм Аты-жөнү Өлкө Ээлеген кызматы ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (БДИПЧ) Хачикян Найра Армения Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Шулянкова Ирина Беларусь Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Неквиндова Маркета Чехия Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Немец Ян Чехия Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Банг Ханна Дания Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Талиури Лела Грузия Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Рахимбеков Нурул Казакстан Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Бедрицкий Александр Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Богданова Кристина Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Дронова Варвара Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Перевозчиков Всеволод Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Хеюм Николас Швеция Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Якобссон Эва Швеция Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Прадеш Варчело Максимо Хуан Швеция Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Варфус Марио Швейцария Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Гамбонини Моника Швейцария Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Меррилл Анна АКШ Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Вилегас Даниэл АКШ Узак мөөнөттүү байкоочу Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Миссиясы Гуминский Виктор Александрович Беларусь Республикасы Миссиянын башчысы, КМШ АК төрагасынын биринчи орун басары КМШ Кулеба Олег Викторович Беларусь Республикасы Штаб жетекчиси, КМШ АК Кеңешчиси КМШ Варганов Денис Александрович Беларусь Республикасы КМШ АК Кеңешчиси КМШ Кремская Ольга Витальевна Беларусь Республикасы КМШ АК Кеңешчиси КМШ Юркевич Павел Сергеевич Беларусь Республикасы КМШ АК Кеңешчиси Молдова РеспубликасынынБорбордук шайлоо комиссиясы Роско Мария Молдова Республикасы Молдова БШКнын Шайлоо окутуу борборунун башкы адиси Молдова Республикасынын БШК Маковей Виорика Молдова Республикасы Молдова БШКнын Шайлоо окутуу борборунун башкы адиси Булак: NazarNews.kg

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:09

Эльмира Сатыбалды кызы, айтымчы: “Бул шайлоодо акча маселе чечпейт”

NazarNews маалымат агенттиги Элмира Сатыбалды кызына байланышып, элди түйшөлткөн айрым жагдайлар боюнча төлгө салдырып, элди түйшөлткөн жагдайларды билүүгө аракет кылдык. -Эмнегедир шайлоо кыргыз элине, бийлигине сабак болот деген аян келип жатат. Ошондой эле бу сапар шайлоо партиялар жана башкалар элестеткендей акча менен чечилбейт деген белги келди. Анткени, пандемияда көз жаш көп төгүлгөн. Элдин депутаттарга болгон ишеними жоголгон. Ошон үчүн акчаларын алат да, кабинага киргенде каршы деген добуш берип кете беришет. Үгүтчүлөр да акча алса дагы мурункудай иштеп бербейт. Кыскасы, партиялардын чачкан акчасы талаага чачылат. Бу сапар шайлоону акча чечпейт. Эл ойлогондой шайлоо болот. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:09

Шайлоого карата курал-жарак саткан дүкөндөр жабылат

Парламенттик шайлоонун алдында милиция кызматкерлери тапанча жана мылтык сактоого укуктуу жарандардын бардыгын текшерип, курал-жарактын коопсуздугун карашат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Милиция кызматкерлери аңчылык, кызматтык жана жарандык куралдардын ээлерине жана колдонуучуларына, анын ичинде коопсуздук органдарына жана алардын филиалдарына жалпы текшерүү жүргүзөт. "Куралдарды алып жүрүүгө, сактоого жана колдонууга уруксат берүү убактылуу токтотулуп, бир нече күндөн кийин республика боюнча курал-жарак саткан дүкөндөрдүн иши дагы токтотулат", - деп баса белгиледи ИИМ. Бул иш-чаралар Ички иштер органдары тарабынан биринчи кезекте коомдук тартипти камсыз кылуу, кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу максатында кабыл алынат. Ошондой эле адамдын, коомдун коопсуздугун, экономикалык коопсуздукту, мүлктү жана жаратылыш байлыктарын коргоону камсыз кылууга багытталган. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:09

Вице-премьер Баткен облусунун шайлоого болгон даярдыгын текшерди

Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыкты текшерди. Бул максат менен вице-премьер Акрам Мадумаров Баткен облусуна баргандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Андан кийин Мадумаров ЖК депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышкан. "Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоо туурасында айтты. Облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи", - деп айтылат маалыматта. Мадумаров андан сырткары Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышкан. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
16 сентября 2020 г. 13:59

Мавлян Амракулов: ""Замандаштын" элге кылган жакшылыктарын жакындардан көп уккам. Ошондуктан, ушул партияны тандадым"

Мавлян Амракулов: ""Замандаштын" элге кылган жакшылыктарын жакындардан көп уккам. Ошондуктан, ушул партияны тандадым"

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:11

Акрам Мадумаров парламенттик шайлоого Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Вице-премьер-министр иш сапардын алкагында Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларына барды. Андан соң Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышты. Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоонун, облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Акрам Мадумаров ошондой эле Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышты.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:13

Вице-премьер Баткен облусунун шайлоого даярдыгын текшерди

Өкмөт Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыкты текшерди. Өкмөт Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыкты текшерди Бул максат менен вице-премьер Акрам Мадумаров Баткен облусуна баргандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Андан кийин Мадумаров ЖК депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышкан. “Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоо туурасында айтты. Облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи”, — деп айтылат маалыматта. Мадумаров андан сырткары Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышкан.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:14

“Актив” партиясы шайлоодон четтетилди. Сот чечим чыгарды

7-сентябрда Бишкек административдик соту “Актив” партиясынын ишин карады. Буга чейин, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (КР БШК) чечими менен “Актив” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартылган. “Актив” саясий партиясы шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документти тапшырган жок, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби мыйзамда каралган эмес”, – деп чечим чыгарган БШК. БШКнын чечими менен макул болбой, “Актив” саясий партиясы 2020-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Административдик сотуна арыз менен кайрылган. Аталган соттун 7-сентябрындагы чечими менен “Актив” партиясынын БШКнын 2020-жылдын 3-сентябрындагы мыйзамсыз чечимин таануу жөнүндө арызы четке кагылды. Булак: reporter.kg

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:14

“Мекенчил” Ананьеводо. К. Ташиев: "Талапкерлер партияларга жашынбай, өз алдынча шайлана турган бир мандаттуу системаны орнотобуз"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ананьево айылына барды. 120 депутат Кыргызстан үчүн көптүк кылат. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “120 депутат биздин өлкө үчүн көп. Бизге 75 депутат жетиштүү деп ойлойбуз. Биз буйруса, 75 депутаттан турган парламентти түзөбүз. Парламентти түзүү системасын өзгөртөбүз. Эл өкүлдөрү бир мандаттуу округдан шайланып келиши керек. Анда, депутаттар азыркыдай партияга жашынып келип шайланып калышпайт. Элине, жерине кызмат өтөгөндөрбү же коррупционер болобу, эл өкүлү болом дегендин баары алдыңарга келип сүйлөп анан депутат болушу шарт. Алыс жакта жатып алып, акчасын берип коюп, парламентке келип алмай адатты токтотушубуз керек”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
10 сентября 2020 г. 11:47

“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Айжан Чыныбаева

“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Айжан Чыныбаева Чүй облусуна караштуу Сокулук районун ар тараптан өнүктүрүү боюнча долбоорлорду демилгелеп чыккан жалгыз талапкер. Ал учурда Сокулук районунун эли менен жолугушууларды өткөрүүдө

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:14

Равшан Жээнбеков: «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоого катыштырбай коюу шайлоочулардын укугун чектейт

Бийлик «Бүтүн Кыргызстан» партиясына шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк бериши керек Абакта отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков «Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоого катышпаса шайлоочулардын тандоосу жасалма түрдө чектелип калат деп эсептейт. Саясатчынын мындай пикирин камтыган билдирүү 7-сентябрда социалдык түйүндөр аркылуу тарады. Билдирүүдө саясатчы «бийлик «Бүтүн Кыргызстан» партиясына шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк бериши керек» экенин, «бул партия 10 жылдан бери реалдуу оппозицияда болуп келе жатканын» жана «парламентке шайланууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар» экенин белгиледи. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) партиянын тизмесиндеги каталарга таянганы орунсуз экенин, мындай кемчиликтер башка көптөгөн, өзгөчө бийликчил партияларда бар экенин эске салды. Жээнбеков өз кайрылуусунда ««Бүтүн Кыргызстан» партиясын Жогорку Кеңешке шайлоого катыштырбай коюу менен «Ак үй» нааразы маанайдагы потенциалды көчөгө багыттап жатат жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна шарт түзүүдө» деген оюн билдирди. БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 15 саясий партия ат салышууда. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого талапкер болгон партиялардын бири - «Социал-демократтар» партиясынын тизмесинде бар. Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоону шылтоо кылып өлкөдө кырдаалды курчуткусу келген күчтөр бар экенин айтып, аларга чара көрүлө турганын 5-сентябрда эскерткен. Булак: Азаттык

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

ИИМ: Шайлоого карата ок атуучу курал сатылган дүкөндөрдүн ишмердүүлүгү токтойт

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү башталганына байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти сактоо багытында жарандардын колундагы бардык курал-жарактардын түрлөрүн текшерүүгө алат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандарда сакталган жана колдонулуп жүргөн курал-жарактарды, алардын сакталышын жана ага тиешелүү документтерин толугу менен текшерүүгө алышат. Текшерүү куралдарды колдонууну көзөмөлдөөгө жана курал ээсинин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталат. Текшерүүгө ала турган курал-жарактардын катарына бардык жеке күзөт кайтаруу агенттиктери, алардын филиалдары жана аларда иштеген кызматкерлер, сый белекке берилген курал-жарактар, жарандардагы травматикалык жана өзүн өзү коргоого ала турган курал-жарактар жана ошондой эле мергенчилерге аңчылык кылууга берилген курал жарактар толугу менен текшерүүгө алынат. Ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга курал-жарактарды сатууга жана сатып алууга байланыштуу уруксаат берилүүчү документтер да убактылуу токтотулат.Текшерүү, көзөмөлгө алуу чаралардын жүрүшүндө жакынкы арада республикабыздын аймагында курал-жарактарды сатуу менен алектенген ишканалар менен дүкөндөрдүн да ишмердүүлүгү убактылуу токтотулмакчы. Өлкөбүздүн аймагында жарандардын колундагы курал жарактарды текшерүүнүн максаты жарандардын өмүрү менен ден соолугун, менчигин коргоого, коомдук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылууга, жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын коргоого, кылмыштуулукка жана куралдын мыйзамсыз жайылтылышына каршы ички иштер органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын бири катары эсептелет жана ал коомдук тартипти толук көзөмөлгө алууга жана чыңдоого багытталат.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники