О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
8 сентября 2020 г. 13:55

БШК соцтүйүндөгү саясий жарнама маселелери боюнча Facebook менен кызматташа баштады

Боршайком соцтүйүндөгү саясий жарнама маселелери боюнча Facebook менен кызматташа баштады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, БШК Facebook социалдык түйүнүнүн өкүлдөрү менен онлайн форматта жолугушуу өткөрдү. "Фейсбукта саясий жарнаманы жайгаштыруу, аны маркировкалоо жана түйүндө жайгаштыруу үчүн акы төлөөнүн булагын аныктоо маселелери КР БШКнын Facebook социалдык түйүнүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусунун башкы максаты болду", - деп айтылат маалыматта. Жолугушуу Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы кеңсеси тарабынан уюштурулган. Жолугушууга БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова, БШКнын маалымдоо жана үгүт иштерин жүргүзүү боюнча жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева, БШКнын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Изреков катышты. Ал эми Facebook тарабынан жолугушууга Мамлекеттик саясат маселелери боюнча менеджер Кавита Канхи жана Фейсбуктун шайлоонун тазалыгын камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Наташа Джог катышты. Жолугушууга ошондой эле БУУӨПтүн Шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова катышты. Жолугушуу учурунда Facebook өкүлдөрү түйүндүн инсанды тийиштүү документтердин жардамы менен тастыктоо жолу аркылуу колдонуучуларды идентификациялоого байланышкан саясаты тууралуу маалымдап, мында кайсы аккаунтта кандай адам катталгандыгы так белгилүү боло тургандыгын айтышты. Бардык саясий жарнама www.facebook.com/ads/library/report дарегинде жайгашкан жана коомдук мааниге ээ маселелерге, шайлоого же саясатка байланышкан Жарнама китепканасына топтолот. Анын жогорку бетиндеги тандай турган жеринен Кыргызстан өлкөсүн тандоо керек. Азыркы тапта Кыргызстан боюнча китепканада 879 жарыя бар, аларга жалпысынан $3 737 каражат жумшалган. Китепканада ошондой эле жарнамага акы төлөгөн жеке инсандар менен партиялар жөнүндө маалымат да чагылдырылат. КР БШК төрайымы Н.Шайлдабекова Facebook менен кызматташуунун маанилүү экендигин белгилеген. "Биз Facebook өкүлдөрү менен кызматташып баштаганыбызды абдан баалайбыз. Facebook тарабынан саясий жарнамалар жайгаштырылып жаткан аккаунттарды верификациялоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар Фейсбуктун шайлоонун таза өтүшүнө кошуп жаткан салымы деп эсептейбиз. Бул тигил же бул партиянын же талапкердин саясий жарнамасын каржылоонун ачык-айкындуулугуна көз салууга мүмкүнчүлүк берет. Партиялар, өз кезегинде, верификация жол-жоболорунан өтөт, бул болсо алардын фейк аккаунттарга каршы күрөшүнө жардам берет", - дейт ал. "Социалдык түйүндөр шайлоо кампаниясын өткөрүүдө маанилүү роль ойноодо. Ушул маселени жөнгө салган эл аралык стандарттардын жок экендигине байланыштуу Facebook социалдык түйүнү акы төлөнүүчү саясий жарнаманы каржылоонун ачык-айкындуулугун камсыздоо жана шайлоочуга мындай жарнаманы каржылоо булактары тууралуу толук маалымат берүү боюнча өз саясатын ишке киргизүүдө. Бул, албетте, шайлоочунун аң-сезимдүү тандоо жасашына көмөкчү болот", - деп белгиледи БУУӨПтүн Шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова. КР БШК төрайымынын “тынч күнү” (“день тишины”) Америка Кошмо Штаттарынын президентин шайлоодо колдонула турган саясаттын мисалы боюнча Facebook платформасында саясий жарнаманы жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу мүмкүндүгү тууралуу суроосуна Facebook өкүлдөрү бул жаңы саясат экендигин жана азырынча АКШ аймагында гана колдонула тургандыгын, бирок Кыргызстан расмий түрдө суроо-талап менен кайрыла турган болсо, бул маселени карап көрүүгө даяр экендиктерин маалымдашты. Тараптар ушул маселени чечүү боюнча мындан ары да байланышта болуу жөнүндө макулдашып, ошондой эле жаңыдан түптөлүп келе жаткан жемиштүү кызматташтык үчүн бири-бирине ыраазычылыгын билдиришти.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:55

БШК Ананьев айыл өкмөтүндө жаңы шайлоонун датасын дайындайт

2020-жылдын 4-сентябрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнө шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу БШКнын маалымат бөлүмү билдирди. Көрсөтүлгөн талапкер Б. И. Курманходжоев талап кылынган добуштарды ала албагандыгына байланыштуу (6 – «макул», 11 – «каршы»), БШКнын Ысык-Көл жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары боюнча атайын өкүлү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайталап шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө кайрылды. Шайлоо күнү КРнын БШКнын отурумунун чечими менен аныкталат.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:55

БШК Facebook өкүлдөрүнө "жымжырттык күнү" саясий жарнамаларга бөгөт коюну сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясы Facebook компаниясынын өкүлдөрү менен онлайн режимде жолугушуу өткөрдү. Нуржан Шайлдабекова менен Facebook компаниясынын мамлекеттик саясат маселелери боюнча менеджери Кавит Канхи социалдык тармакта саясий жарнактарды жайгаштырууну талкуулады. Бардык саясий жарнамаларды тармактын жарнамалык китепканасындагы шилтеме аркылуу тапса болот. Учурда Кыргызстанга таандык 879 жарнама бар. Ал 3 737 долларга бааланган. Ичинде партиялар менен жарандардын жарнамасы үчүн каражат төккөндөр да бар. БШКнын төрайымы 3-октябрь үгүт иштери токтогон күнү социалдык жарнама жайгаштырууга бөгөт коюу мүмкүнчүлүгү тууралуу сурады. Компания азырынча мындай мүмкүнчүлүк АКШда гана болорун, эгерде Кыргызстан тарап расмий суроо жиберсе, маселе каралаарын билдирди.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:55

Партиялар ортосундагы теледебаттар

Расмий үгүт өнөктүгүнүн алкагында партиялар ортосунда өтө турчу теледебаттардын күнү жана убактысы аныкталды. Бүгүн ал Коомдук биринчи каналдын эфиринде партия өкүлдөрүнүн элге кайрылуусу, тактап айтканда программасы менен тааныштыруудан башталмакчы. Шайлоочулар дээрлик бир ай бою көгүлтүр экрандан жаш талапкерлердин, айымдардын жана ошондой эле партия лидерлеринин ортосундагы дебаттарга күбө болушат. Бул жолку иш-чараларга өлкөнүн башкы каналы кандай даярдык көрдү? Партияларга Коомдук биринчи каналдан бериле турган акысыз эфирлердин биринчи бөлүгү- элге кайрылуу менен башталмакчы. Бүгүн 5 партиянын ар бирине 10 мүнөттөн убакыт бөлүнүп, партиянын шайлоо алдындагы программасын элге жеткиргенге мүмкүнчүлүк алышат. Башкы каналдан бериле турган эфир жалпы 5ке бөлүндү. Элге кайрылуу жана түз байланыш, мындан сырткары 3 бөлүктөн турган теле дебаттар өткөрүлөт. Азыркы учурда студияларда акыркы даярдыктар көрүлүп, эмгек жамаат тыным албай иштеп жаткан кези. Дебаттарды үч бөлүк менен өткөрүү бул жолку үгүт өнөктүгүнүн өзгөчөлүгү десек болот. Ар бир партияда жаштар, коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн айымдар бар. Алардын бардыгына өз тармактары боюнча олуттуу жана курч суроолор даярдалууда. Дебаттар - ар бир саясий партиянын дараметин баалоого жакшы мүмкүнчүлүк. Графикке ылайык, 7- сентябрдан 11-сентябрга чейин, эфирде талапкер партиялардын кайрылуусу орун алат. Ушул эле күндөрү партиялар менен 15 мүнөттөн түз байланыш уюштурулмакчы. 14-18-сентябрь жаштар теледебаты, ар бир программа 2 сааттан болот. 21инен 25ине чейин айымдардын теледебаты, ал эми 28-сентябрдан 2-октябрга чейин лидерлер дебаттарда кездешмекчи. Суроолор саясат экономикадан тартып тышкы мамилелер, маданият, социалдык тармак, дегеле коомдо кайсы талылуу маселелер болуп жатса ошол багыттардын бардыгын камтыйт. Быйыл пандемия шартында партияларга бериле турган эфирдик убакыт дагы узартылды, бул да болсо элге талапкерлер менен таанышууга ыңгайлуу шарт түзмөкчү.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:57

Шайлоо-2020: БШК 15 саясий партиядан 1912 депутаттыкка талапкерди каттады. Анын 618и аялдар

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого 15 саясий партиясына катышууга уруксат берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына 1 миң 957 талапкерди көрсөтүшкөн, анын 45и өз арыздары боюнча тизмеден чыгарылды. Жалпысынан 1 миң 912 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер катталды. 1 миң 912 талапкердин ичинен 618 же 32,32% аялдар. Партиялардын талапкерлеринин сандары боюнча маалыматтар: № Саясий партиялардын аталышы Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны Катталган талапкерлердин саны Эркектердин саны Аялдардын саны Бардыгы келип түшкөн: 15 с/п 1957 1912 (45 тизмеден чыгарылды) 1294 (67,67%) 618 (32,32%) 1 “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” 21.08.2020-ж. 78 78 45 (57,69%) 33 (42,31%) 2 «Мекен Ынтымагы» 21.08.2020-ж. 150 149 101 (67,78%) 48 (32,21%) 3 «Ата Мекен» социалисттик партиясы 23.08.2020-ж. 150 150 100 (66,67%) 50 (33,33%) 4 “Мекенчил” 24.08.2020-ж. 138 136 92 (67,60%) 44 (31,88%) 5 «Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик партиясы 24.08.2020-ж. 109 108 68 (62,90%) 40 (37%) 6 «Ыйман Нуру» 24.08.2020-ж. 102 101 70 (69,30%) 31 (30,69%) 7 “Замандаш” 24.08.2020-ж. 156 156 107 (68,59%) 49 (31,41%) 8 Чоң Казат» 24.08.2020-ж. 82 81 57 (69,51%) 24 (30,49%) 9 «РЕФОРМА» 24.08.2020-ж. 85 84 55 (64,71%) 29 (35,29%) 10 «Республика» 24.08.2020-ж. 200 166 116 (69,88%) 50 (30,12%) 11 «Социал-демократтар» 24.08.2020-ж. 104 101 67 (66,33%) 34 (32,69%) 12 «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы 24.08.2020-ж. 200 200 140 (70,00%) 60 (30,00%) 13 «Мекеним Кыргызстан» 24.08.2020-ж. 200 200 140 (70,00%) 60 (30,00%) 14 “ОРДО” 24.08.2020-ж. 101 100 68 (68%) 32 (31,68%) 15 “Кыргызстан” 02.09.2020-ж. 102 102 68 (66, 66%) 34 (33,34%)

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:57

БШК шайлоого 25 эл аралык байкоочуну аккредитациялады. Тизме

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 7-сентябрдагы жыйынында 2020-жылдын 4-октябрында боло турган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын 25 өкүлүн эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрүү токтомун кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Аккредитациядан өткөн эл аралык байкоочулардын тизмеси : № п/п Байкоочу өкүл болгон эл аралык уюм Аты-жөнү Өлкө Ээлеген кызматы ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу(БДИПЧ) ХачикянНайра Армения Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Шулянкова Ирина Беларусь Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Неквиндова Маркета Чехия Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ НемецЯн Чехия Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ БангХанна Дания Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ТалиуриЛела Грузия Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Рахимбеков Нурул Казакстан Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Бедрицкий Александр Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Богданова Кристина Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ДроноваВарвара Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Перевозчиков Всеволод Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ХеюмНиколас Швеция Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ЯкобссонЭва Швеция Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ПрадешВарчело Максимо Хуан Швеция Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ВарфусМарио Швейцария Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ГамбониниМоника Швейцария Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ МерриллАнна АКШ Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ВилегасДаниэл АКШ Узак мөөнөттүү байкоочу Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Миссиясы Гуминский Виктор Александрович Беларусь Республикасы Миссиянын башчысы, КМШ АК төрагасынын биринчи орун басары КМШ КулебаОлег Викторович Беларусь Республикасы Штаб жетекчиси, КМШ АК Кеңешчиси КМШ Варганов Денис Александрович Беларусь Республикасы КМШ АК Кеңешчиси КМШ Кремская Ольга Витальевна Беларусь Республикасы КМШ АК Кеңешчиси КМШ Юркевич Павел Сергеевич Беларусь Республикасы КМШ АК Кеңешчиси Молдова РеспубликасынынБорбордук шайлоо комиссиясы Роско Мария Молдова Республикасы Молдова БШКнын Шайлоо окутуу борборунун башкы адиси Молдова Республикасынын БШК МаковейВиорика Молдова Республикасы Молдова БШКнын Шайлоо окутуу борборунун башкы адиси

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:58

Сооронбай Жээнбеков: COVID-19 экинчи толкуну болбойт деген кепилдик жок

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык абалы, күз-кыш мезгилине даярдыктар, ошондой эле парламенттик шайлоону өткөрүү маселелери талкууланды. Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүүнүн жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында ооруканаларды куруу жана оңдоп-түзөө иштери күчөтүлгөн темпте жүрүп жатканын белгиледи. Өкмөт башчысы коомдук транспортто жана көпчүлүк учурда эрежелерди аткарбай жаткан кафе- ресторандарда санитардык талаптардын сакталышын текшерүү боюнча рейддер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Эрежени сактабай, улам-улам буза берген кафе-ресторандарга айып пул гана эмес, жапканга чейин жоопкерчиликке тартуу сунушталды. Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну болбошуна эч кандай кепилдик жок экенин өзгөчө белгилеп, ага байланыштуу аймактардагы ооруканалардын курулушу менен реконструкциялоо иштерине, жаңы медициналык мекемелерди жабдууга, кошумча койко-орундарды даярдоого жана дары-дармектердин запасын камсыз кылууга көңүл бурду. Мамлекет башчысы парламенттик шайлоонун алдында шайлоо тилкелерин талаптагыдай техникалык жана санитардык даярдыктар менен камсыз кылуу, шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. Ишкерликти колдоо боюнча иштерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардын ишмердигин, калкты мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылууну санариптештирүү боюнча иштерди күчтөндүрүүгө, салыктык жол-жоболорду фискалдаштырууну активдештирүүгө чакырды. Президенттик аппарат маалыматтык саясат бөлүмү Сүрөт www

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:58

Шайлоодон алынып салынган "Бүтүн Кыргызстан" партиясы митинг өткөрүүнү көздөбөйт

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы административдик сот бүгүн саясий биримдиктин пайдасына эмес чечим чыгарса дагы, нааразычылык акцияларын уюштурууну көздөбөйт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына партиядан билдиришти. "Бүгүн Бишкектин административдик соту биздин партиянын ишин саат 16: 30да карайт" деп жооп берди саясий бирикменин басма сөз кызматы. - Ал жерге биздин талапкерлер жана колдоочулар келишет. Эгерде сот биздин пайдабызга эмес чечим чыгарса, анда биз Жогорку Сотко кайрылабыз. Алар бизге 48 сааттын ичинде жооп бериши керек. Бирок биз митингдерди өткөрүүнү көздөбөйбүз. Эскерте кетсек, 3-сентябрда БШКнын жумушчу тобу “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоого катышуу үчүн каттоодон баш тарткан. Саясий уюмдун чыгарылышына жумушчу топтун тогуз өкүлү добуш берди, экөө гана каршы болду. Каршы добуш бергендердин бири БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова болду. Жолугушуунун жүрүшүндө ал ошол күнү саат 17: 53тө "Бүтүн Кыргызстанды" каттоодон өткөрүү боюнча чечимдин долбоору даяр болгонун, бирок тыныгуу учурунда ал өзгөртүлгөндүгүн билдирди. Абдрахматова кесиптештеринен бир сааттын ичинде эмне өзгөрүшү мүмкүн экендигин билүүгө аракет кылды. Кийинчерээк Vesti.kg сайтына берген маегинде ал кесиптештери мыйзамдарды жана БШКнын регламенттерин бузгандыгын айткан. Медина Купсулдаева Сүрөт www

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:58

Кыргызстанда курал-жарак саткан дүкөндөрдүн бардыгы шайлоого бир нече күн калганда жабылат

ИИМ Коомдук коопсуздукту сактоо багытында шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан убакта жарандардагы курал-жарактар толугу менен текшерүүгө алынат жана курал-жарактарды берүү убактылуу токтотулат Kыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депуттарды шайлоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти сактоо багытында Кыргыз Өкмөтүнүн токтомунун талаптарына ылайык жарандардын колундагы бардык курал-жарактардын түрлөрүн текшерүүгө алат. Текшерүүнүн жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандарда сакталган жана колдонулуп жүргөн курал-жарактарды, алардын сакталышын жана ага тиешелүү документтерин толугу менен текшерүүгө алышат. Текшерүү куралдарды колдонууну көзөмөлдөөгө жана курал ээсинин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталат. Текшерүүгө ала турган курал-жарактардын катарына бардык жеке күзөт кайтаруу агенттиктери, алардын филиалдары жана аларда иштеген кызматкерлер, сый белекке берилген курал-жарактар, жарандардагы травматикалык жана өзүн өзү коргоого ала турган курал-жарактар жана ошондой эле мергенчилерге аңчылык кылууга берилген курал жарактар толугу менен текшерүүгө алынат. Ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга курал-жарактарды сатууга жана сатып алууга байланыштуу уруксаат берилүүчү документтер да убактылуу токтотулат. Текшерүү, көзөмөлгө алуу чаралардын жүрүшүндө жакынкы арада республикабыздын аймагында курал-жарактарды сатуу менен алектенген ишканалар менен дүкөндөрдүн да ишмердүүлүгү убактылуу токтотулмакчы. Өлкөбүздүн аймагында жарандардын колундагы курал жарактарды текшерүүнүн максаты жарандардын өмүрү менен ден соолугун, менчигин коргоого, коомдук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылууга, жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын коргоого, кылмыштуулукка жана куралдын мыйзамсыз жайылтылышына каршы ички иштер органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын бири катары эсептелет жана ал коомдук тартипти толук көзөмөлгө алууга жана чыңдоого багытталат. ИИМдин Басма сөз кызматы

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:06

Суваналиев: «Атамбаев да убагында таза шайлоо өткөрсөм болмок деп өкүнүп жатат»

Кечээ, 7-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Өмүрбек Суваналиев партиянын колдоочуларына чыгып сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө БШК мыйзам бузуп партияны шайлоодон четтеткенин билдирди. «Таза шайлоо болмоюнча өлкө оңолбойт. Азыркы тапта таза эмес шайлоону өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бербөө керек. Бир эле мисал Атамбаев да убагында таза шайлоо өткөрсөм болмок деп өкүнүп жатат. Тартипти сактап, провакацияларга алдырбай колдоп туруңуздар», — деди Суваналиев. Сүрөт интернеттен алынды

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:06

БШК шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын 25 өкүлүн каттады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 7-сентябрдагы жыйынында 2020-жылдын 4-октябрында боло турган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын 25 өкүлүн эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрүү токтомун кабыл алды. Аккредитациядан өткөн эл аралык байкоочулардын тизмеси № п/п Байкоочу өкүл болгон эл аралык уюм Аты-жөнү Өлкө Ээлеген кызматы ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу(БДИПЧ) ХачикянНайра Армения Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Шулянкова Ирина Беларусь Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Неквиндова Маркета Чехия Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ НемецЯн Чехия Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ БангХанна Дания Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ТалиуриЛела Грузия Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Рахимбеков Нурул Казакстан Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Бедрицкий Александр Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Богданова Кристина Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ДроноваВарвара Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Перевозчиков Всеволод Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ХеюмНиколас Швеция Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ЯкобссонЭва Швеция Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ПрадешВарчело Максимо Хуан Швеция Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ВарфусМарио Швейцария Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ГамбониниМоника Швейцария Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ МерриллАнна АКШ Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ВилегасДаниэл АКШ Узак мөөнөттүү байкоочу Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Миссиясы Гуминский Виктор Александрович Беларусь Республикасы Миссиянын башчысы, КМШ АК төрагасынын биринчи орун басары КМШ КулебаОлег Викторович Беларусь Республикасы Штаб жетекчиси, КМШ АК Кеңешчиси КМШ Варганов Денис Александрович Беларусь Республикасы КМШ АК Кеңешчиси КМШ Кремская Ольга Витальевна Беларусь Республикасы КМШ АК Кеңешчиси КМШ Юркевич Павел Сергеевич Беларусь Республикасы КМШ АК Кеңешчиси Молдова РеспубликасынынБорбордук шайлоо комиссиясы Роско Мария Молдова Республикасы Молдова БШКнын Шайлоо окутуу борборунун башкы адиси Молдова Республикасынын БШК МаковейВиорика Молдова Республикасы Молдова БШКнын Шайлоо окутуу борборунун башкы адиси Интернеттен алынды

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:06

Эпидемиологиялык абал, күз-кыш мезгилине даярдыктар, шайлоону өткөрүү маселелерин президент менен премьер талкуулады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык абалы, күз-кыш мезгилине даярдыктар, ошондой эле парламенттик шайлоону өткөрүү маселелери талкууланды. Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүүнүн жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында ооруканаларды куруу жана оңдоп-түзөө иштери күчөтүлгөн темпте жүрүп жатканын белгиледи. Өкмөт башчысы коомдук транспортто жана көпчүлүк учурда эрежелерди аткарбай жаткан кафе-ресторандарда санитардык талаптардын сакталышын текшерүү боюнча рейддер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Эрежени сактабай, улам-улам буза берген кафе-ресторандарга айып пул гана эмес, жапканга чейин жоопкерчиликке тартуу сунушталды. Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну болбошуна эч кандай кепилдик жок экенин өзгөчө белгилеп, ага байланыштуу аймактардагы ооруканалардын курулушу менен реконструкциялоо иштерине, жаңы медициналык мекемелерди жабдууга, кошумча койко-орундарды даярдоого жана дары-дармектердин запасын камсыз кылууга көңүл бурду. Интернеттен алынды

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:11

Парламенттик шайлоону көзөмөлдөөгө 25 эл аралык байкоочу катталды

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 7-сентябрдагы отурумда эл аралык уюмдардын 25 байкоочусу расмий каттоого алынды. Алардын он сегизи Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан, бешөө Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинен, экөө Молдованын Боршайкомунан.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:06

БУУ шайлоодо санитардык нормаларды сактоого чакырат

БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү партияларды этияттыкты сактоого жана COVID-19дун жайылып кетишине жол бербөөгө чакырат. Бул тууралуу БУУнун КРдагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет. «2020-жылдын 4-октябрында өтүүчү парламенттик шайлоолорго карата үгүт иштери башталды. Бул маанилүү жараяндын жүрүшүндө саясий партиялар шайлоочулардын жетиштүү маалыматка негизделген тандоосу үчүн жер-жерлерде үгүт иштерин жүргүзүшөт. Ошол эле убакта расмий статистиканын маалыматтары боюнча коронавирус илдетинин жайылышы 2020-жылдын июлунда өзүнүн туу чокусуна жеткен учурдан тартып кыскаргандыгына карабастан, COVID-19 эч кайда жоголо элек», — деп айтылат билдирүүдө. Билдирүүдө айтылгандай, COVID-19 пандемиясы күн сайын бүткүл дүйнө боюнча миңдеген адамдарга терс таасирин тийгизүү менен, мурдагыдай эле глобалдуу көйгөй бойдон калууда. «Ошондуктан парламенттик шайлоолорго катышып жаткан саясий партияларды калк менен жолугушууларды уюштуруу мезгилинде Өкмөт жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан сунушталган бардык зарыл болгон санитардык жана эпидемияга каршы чараларды сактоого, анын ичинде социалдык аралыкты сактоо, беткап тагынуу, колду жуу же санитардык тазалоону улантууга чакырабыз. COVID-19ду жуктуруудан улам калк арасында ден соолуктун начарлашы же өлүмгө учуроо көйгөйлөрүнө жол бербөө үчүн, калк менен болгон жолугушууларда жана жыйындарда COVID-19 илдетинин жайылып кетүү тобокелдигине жол бербөөнү камсыз кылуу – саясий партиялардын милдети болуп саналат. Ошондой эле биз, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын саясий партияларды үгүт иштерин жүргүзүүдө COVID-19дун жайылуу тобокелдиктерин алдын алууга жетиштүү көңүл бурдурууга чакырабыз», — деп айтылат маалыматта. Сүрөт интернеттен алынды

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:06

Жусупов Аширбай: “Элиме жардам берүү ниетим өз кызыкчылыгымдан жогору турат”

“Биримдик” саясий партиясы аймактарда үгүт иштерин кызуу жүргүзүүдө. Партиянын аймактардагы талапкерлери Жогорку Кеңешке шайланууга кандай максаттарды көздөп аттанып жатышкандыктары тууралуу эл арасында өздөрүнүн программасы тааныштырууда. “Баткен облусунун Лейлек району төрөлүп өскөн жерим. Мен бул аймактын менталитетин элин жерин жана жетишпегендиктерин, уккандан эмес, бул аймактын кулуну катары терең билем. Ошондуктан өзүмдүн көмөгүмдү кошуп, жардамымды көрсөткөнгө белсендим. Анткени, кайсы тармакка кандай жардам керек экенин жакшы биллем”, - деп билдирди “Биримдик” партиясынын тизмесинде өз талапкерлигин коюп жаткан Аширбай Жусупов . Ошондой эле ал, Баткен облусунун чек ара айылдарында жумуш орундарын түзүү, инфраструктураны жакшыртуу, таза сууга болгон муктаждыкты чечүү, суу каналдарын куруу, кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу, женилдетилген кредиттер өңдүү маселелер арбын экендигине токтолуп өттү “Баткен облусунун башкы маселеси, бул аймакка тиешелүү зарыл болгон мыйзамдарды кабыл алуу. Мисалга алсак, чек ара боюнча өзгөчө статус берүү керек” , - дейт ал. Аширбай Жусупов шайлоого “Биримдик” партиясы менен бирдикте бара жаткан максаты тууралуу мындай деди: “Мен өзүмдүн күчүмө ишенгеним үчүн талапкердигимди койдум. Анткени, элиме жардам берүү ниетим өз кызыкчылыгымдан жогору турат. Бул үчүн турмуштук тажрыйбам, ал-кубатым жетишет. Буюрса шайланып калсам, кабыл алынган бюджеттин жана мыйзамдардын так аткарылуусун көзөмөлдөп, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу жаңы мыйзамдарды иштеп чыксам деймин”. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники