О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
8 сентября 2020 г. 13:36

Боршайком Facebook тармагынын жетекчилигине саясый рекламаны өчүрүүнү сунуштады

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Facebook тармагынын жетекчилигине жымжырттык күнү саясый рекламаны өчүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Маалыматка караганда, БШК менен Facebook өкүлчүлүгү ПРООНдун кеңсесинде жолугушту. Социалдык тармактын өкүлдөрү өздөрүнүн саясатчылардын өздүгүн аныктоо боюнча талаптарын айтып беришти. «Саясый реклама рекламалардын жарнамасына кошулат. Аны www.facebook.com/ads/library/report дарегинен тапса болот. Өйдө жагында Кыргызстанды тандоо керек. Кыргызстан боюнча китепканада азыр 879 жарнама бар. Аларга жалпысынан 3 миң 737 долллар сарпталды», — деп айтылат маалыматта. БКШ жырмжырттык күнү саясый рекламаны өчүрүүнү сунуштады. Facebook өкүлдөрү мындай эреже азырынча АКШда гана колдонорун, бирок, Кыргызстан расмий жөнөткөн сунушту карап көрүүгө даяр экенин билдиришти. Белгилей кетсек, үгүт иштери 4-сентябрда башталды. 4-октябрда шайлоо өтөт. 3-октябрда үгүт токтоп, жымжырттык күнү болот.

Подробнее
6 сентября 2020 г. 19:05

Пандемия биздин саламаттыкты сактоо системабыз канчалык деңгээлде талкаланып калганын көрсөттү.

Пандемия биздин саламаттыкты сактоо системабыз канчалык деңгээлде талкаланып калганын көрсөттү. Биздин мамлекеттин саламаттыкты сактоо тармагында көптөгөн жылдар бою колдонуп келген ыкмасы толугу менен эскирген». Бул тууралуу Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда «Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов билдирди. ⠀ «Саламаттыкты сактоо системасы учурда инерцияга гана байланып турат. Ошондой эле пандемия биздин өлкөдө кадрдык саясаттын кыйраганын көрсөттү. Карапайым калк оор күндөрдө кыйынчылык менен өздөрү күрөшүп, адамдар өлүп жатканда чиновниктер да, мамлекеттик аппарат дагы жоопкерчиликсиз экенин, профессионал эместигин жана алсыздыгын көрсөттү. Буга жоопкер чиновниктер бул убакта ички структуралык териштирүүлөр менен алек болуп, эл аралык жардамдарды ысырап кылып жатышты»,- деп белгиледи ал. ⠀ Шыкмаматов ошондой эле Кыргызстанда болгон пандемияга жана анын кесепеттерине байланыштуу болуп жаткан окуяларга тиешеси барлардын баарын жазалоо керектигин белгиледи. ⠀ «Биз объективдүү, калыс комиссия түзүп, ушул тармактагы бардык көйгөйлөрдү табышыбыз керек, ошондой эле элди өз кыйынчылыктары менен таштап салышты. Даярдыктарды көрүү, адам өмүрлөрүн сактоонун ордуна башка иштер менен алек болушту»,- деди А. Шыкмаматов. ⠀ Жыйынтыгында «Бир Бол» партиясынын талапкери жана көп жылдык тажрыйбасы бар саясатчы приоритеттүү милдеттерди белгилеп өттү. ⠀ «Күчтүү жана катаал чаралар менен гана биз мамлекеттик аппараттын бардык тармактарында болуп жаткан башаламандыкты токтото алабыз. Ал үчүн бизге парламентте ар-намысты, абийирди бардык нерседен жогору койгон эрктүү жаңы күчтөр керек. «Бир Болдун» жаңы лидерлери эч качан бийликтеги саясий топтордун жолун жолдошпойт, алардын туруктуу ички ишенимдери бар. Бул ишенимдерин алар таза абийир менен коргоого даяр»,- деди «Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов. ⠀ Эске салсак, бүгүн 2020-жылдын 6-сентябрында «Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкерлер Ош шаарында шайлоочулары менен жолугушту. Иш-чара «Киргизия» кинотеатрында өттү.

Подробнее
6 сентября 2020 г. 19:13

Мирлан Бакиров

Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болдум. Бул аралыкта шайлоочуларымдын суроо-талабын толук аткарууга мүмкүн болбоду. Бирок керектүү мыйзамдарды кабыл алуу менен көптөгөн маселелерди чечүүгө, жашообузду жакшы жакка өзгөртүүгө болорун түшүндүм. Депутаттык ишмердүүлүгүмдө калктын жашоосун жакшыртууну көздөгөн онго жакын мыйзамдарды демилгелеп чыктым. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын платформасы, программасы шайлоочуларымдын сунуштарын аткаруудагы менин приоритеттериме туура келди, аларды санап өтсөм: 1. Улуттар аралык ырашкерлик өлкөнүн стабилдүү түрдө өсүшүнө негиз болот. 2. Бийликти толугу менен децентрализациялоо. Мамлекеттик аппаратты кыскартуудан үнөмдөлгөн каражатты жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын колдоого жумшоо. 3. Экономикалык моделди өзгөртүү, реалдуу секторду өнүктүрүүгө басым жасалган эркин экономиканы түзүү. 4. ЕАЭБдеги өлкөбүздүн кызыкчылыгын натыйжалуу коргоо жана активдештирүү, жергиликтүү ишкерлерди коргоо менен Кыргызстандын позициясын күчөтүү. 5. Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында санариптештирүү процессин ишке ашыруу. IT жаатын болушунча либералдаштыруу. Мыйзам чыгаруу жаатына текшерүү жүргүзүү менен кемчиликтерди жоюу жана буларды IT тармагы аркылуу көзөмөлдөө.

Подробнее
6 сентября 2020 г. 20:38

Шайлоо-2020: Төрөбай Зулпукарв: Биздин келечек, мамлекеттин туруктуулугу Биримдикте!

Шайлоо-2020: Төрөбай Зулпукарв: Биздин келечек, мамлекеттин туруктуулугу Биримдикте! "Биримдик" саясий партиясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров кичи мекени болгон Ноокат районунун эли менен жолугушту. Жолугушууга келген эл Төрөбай Закировичке 2 ирет эл ишенимин алып, калк үмүтүн актап, эл-жери, өлкө үчүн алгылыктуу иштегенин, убадаларын ашыгы менен аткарганын айтып, ыраазычылыгын билдиришти. Төрөбай Зулпукаров өз сөзүндө депутат болуп отурган мөөнөтүндө эл үчүн кызмат кылууга болгон аракетин көргөнүн жана алдыдагы шайлоодо колдоого ээ болсо башталган иштерин улантаарын төмөнкүчө белгиледи: "Ноокатта жасалган ар бир ишибизге, социалдык объекттердин курулуштарына өзүңүздөр күбөсүздөр. Жеке тарапка өтүп кеткен мүлктөрдү, мамлекетке өткөрүп жатабыз. Өзүбүзгө кафе-ресторан салган жокпуз. Мектеп, бала бакча, мечит салдык. Элдин акысы элде калсын дедик. Элге кызмат кылсак кылдык, элди кызмат кылдырбадык. Атам айткан эле, адамдарга жакшылык кыл, бирок алардан эмес, Кудайдан үмүт кыл деп. Эл үчүн дагы да болсо бул жүктү көтөрүп кете аламын", - деди Зулпукаров. “Биримдик" партиясынын курамы, идеясы, программасы тууралуу суроолорго жооп берген эл өкүлү төмөнкүлөргө токтолду; "Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов убагында "Евразиялык биригүү - бул келечек, бирок учуру келет, убакыт гана керек"- деп айтканы бар экен. Ушул идеологияны колдоп, биз да кошуна мамлекеттер менен эл аралык мамилебизди, экономикалык-социалдык алаканы күчөтөлү деген милдетти өзүбүзгө алдык. "Биримдик" партиясы алдыга койгон идеологиясы бар бирден-бир партия. Түзүлгөнүнө аз болгону менен биздин партия эл тарабынан, саясатчылар тарабынан көзгө дароо алынган, күчтүү партия боло алды. Биздин келечек, мамлекеттин туруктуулугу Биримдикте! Эл өкүлү менен элдин ортосундагы баарлашуу, жолугушуу жылуу маанайда өтүп, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон эл уулуна Ноокат эли ак батасын берди.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 23:40

"Биримдик" партиясынын талапкерлери Аида Касымалиева жана Сагындык Келдибаев Өзгөн районундагы Шералы айылынын тургундары менен жолугушту.

"Биримдик" партиясынын талапкерлери Аида Касымалиева жана Сагындык Келдибаев Өзгөн районундагы Шералы айылынын тургундары менен жолугушту. Айыл тургундары талапкерлерге ак батасын берип, ак жол каалашты.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:36

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы митингге чыкты. Шайлоо боюнча иши сотто каралат

Бүгүн «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Боршайкомго арызы сотто каралат. Партия өкүлдөрү соттун имаратынын алдына чогулууда. Сотко азырынча журналисттерди киргизбей жатат. Белгилей кетсек, парламенттин мурдакы депутаты Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстанга» арызданып БШКга кайрылган. Ал алгач тизмеде алдынкы орунга белгиленип, кийин артка жылып калган. БШК кечээ тизмедеги калпыстыктар үчүн партияны каттоого алган эмес.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:36

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын эл билбеген 8 максаты

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы — өлкө турмушунун ар кайсы багыттары боюнча реалдуу долбоорлор топтому. Программа популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай. Анда коомдогу актуалдуу маселелер эске алынып, аларды чечүүнүн жолдору келтирилди. Албетте, баарын бир программага камтуу мүмкүн эмес. Биз өзүбүзгө андай максат да койгон жокпуз. Биз партиянын программасы баарыбызга жана ар бирибизге түшүнүктүү, элдик программа болушун каалайбыз. Ошондон улам ал жөнөкөй, жупуну тилде жазылды. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү ушул программада зарылдыгы көрсөтүлгөн көптөгөн мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга даяр. Биз Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөнү кезектеги көчө революциясы эмес, интеллектуалдуу революция, инновация жана жаңы идеялардын революциясы менен таң калтырарына ишенебиз. Кыргызстан региондогу ийгиликтүү модернизациянын үлгүсү боло алат жана ошондой болууга тийиш. Чыгыш Азияда азыр төрт «жолборс» бар. Эми Борбор Азия «барстарынын» мезгили келди. Тышкы саясат: «Мекеним Кыргызстан» евразиялык жана терең региондук интеграцияга багытталган стратегиялык курсту колдойт. Коррупцияга каршы күрөш: мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагын 2025-жылга чейин толук санариптештирүү. Бажы көзөмөлү менен салык кызматындагы процесстердин ачыктыгы жана автоматташтырылышы. Коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган соттук-укуктук системаны реформалоо. Чек ара: мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссия туруктуу негизде иштөөгө тийиш. Ыктыярчылар: ыктыярчылар күнүн негиздеп, алардын аракетин мамлекет ар тараптан колдоого алуусу керек. Инфраструктураны өнүктүрүү: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүнү колдоо. Нарында жергиликтүү элдин макулдугу менен ири логистикалык борбор ачуу, эл аралык ишенимдүү инвестор менен биргеликте «Манас» аэропортунда жүк ташуучу борборду куруу. Республикадагы аэропортторду калыбына келтирүү боюнча инвестициялык программа. Салык: «Бир өлкө — бир салык» принцибин киргизүү. Башкача айтканда, бардык салыктарды жоюп, ишкерлик жүгүртүүгө салынган бир гана салыкты калтыруу. Административдик-аймактык реформа: беш жыл аралыгында облустарды жоюп, райондорду ирилештирүү жана үч баскычтуу башкарууга өтүү: республика — аймак — айыл. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:36

Курал саткан дүкөндөрдүн ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат

Кыргызстанда жакын арада курал-жарактарды саткан ишканалар менен дүкөндөрдүн ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бул чара Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу коомдук тартипти сактоо үчүн кабыл алынды. Анын алкагында ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандарда сакталган жана колдонулуп жүргөн куралдарды, ага тиешелүү документтерди текшеришет. Бардык жеке күзөт, кайтаруу агенттиктери, аларда иштеген кызматкерлер, сый белекке берилген курал-жарактар, мергенчилерге аңчылык кылууга берилген куралдар толугу менен текшерүүгө алынат. Ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга курал-жарактарды сатууга жана сатып алууга байланыштуу уруксат берүүчү документтер да убактылуу токтотулат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:52

«Инстаграмга» көчкөн үгүт

Быйылкы шайлоо үгүт өнөктүгү соцтармактарга көчтү. Буга чейин шайлоо алдындагы үгүт иштеринин убагында коомдук иш-чараларды өткөрүүдө көчөлөрдө, стадиондордо концерттерди, театрлаштырылган оюн-зоокторду, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынган. Кыргызстанда үч күн мурда 4-октябрда өтө турган шайлоого карата үгүт иштери башталды. Быйыл жылдагыдан айырмаланып үгүт өнөктүгүнүн басымдуу бөлүгү соцтармактарга көчүп, онлайн режимде өтүп жатат. Буга чейин коронавирус пандемиясына байланыштуу үгүт учурунда мурдагыдай стадиондордо жана көчөлөрдө концерт, жолугушуу, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Бирок соцтармакта катталуучусу көп блогерлер, эл адамдары баракчаларында жарнама жайгаштырып, үгүт иштерине буюртма ала баштады. Алып баруучу Назира Кадыева «онлайн үгүт» иштери чыгармачыл чөйрөдө кызуу талкууга алынганын айтуудв: «Бири-бирине чалып, ким кандай иштеп жатканына кызыгып жатышат. Көбү азыр билбей жатат. Мурда алдын-ала тактап, акчасын чечип алчубуз. Ар ким ар кандай акча берчү. Мисалы, алып баруучулар арасында үй же машине алгандар болгон. Азыр эми соцтармакта катталуучусу көп адамдарга сунуштар түшкөнү айтылууда. Мисалы, менин катталуучум көп эмес. Ошондон улам андай сунуштар болгон жок. Бирок актёр, вайнер же башкаларга ар кандай акча берип иштетип жатканын уктук. Менимче, соцтармак баары бир жүзмө-жүз көрүшүүгө жетпейт экен. Айылдарда, жер-жерлерде соцтармак колдонбогондор деле толтура да». Шайлоо өнөктүктөрү акыркы жылдары шоу-бизнес өкүлдөрүнүн каражат булагы болуп келген. Мындай иш-чаралардын арты менен чыгармачылыгында клиптерди тарттырып, жашоо-шартын түздөп алгандар бар. Буга чейинки шайлоо өнөктүгүндө ырчылар ырдоо акысын орто эсеп менен бир сезонго 30 миң долларга чейин баалап келишкен. Ал эми алып баруучулар 10 миң доллардан жогору алып келген. Адистердин айтымында, соцтармактагы жарнаманын баасы катталуучулардын санына жараша өлчөнөт. Жарнаманы колдонуучуларынын саны 100 миңден 1-2 миллионго чейин жеткен блогерлер акча алып жайгаштырат. Кыргыз Интернетинде адатта андай жарнама акысы 100 доллардан 1000 долларга чейин жетет. Үгүт иштери башталгандан бери бул көрсөткүч бир канча эсе көтөрүлгөнү, тагыраагы 10 миң доллардан жогору экени айтылууда. Бирок партиялар менен иштешип жаткан ырчылар жана актёрлор өнөр акысы жана иши тууралуу ачык айтып берүүдөн баш тартышты. Акчага сатып алынган жарнамалар «Фейсбук» жана «Инстаграм» баракчаларында арбын. Үгүт иштеринин басымдуу бөлүгү бул жолу «Инстаграмда» жүрүп жатат. Кыргызстанда «Инстаграмды» расмий эсеп боюнча 2 миллиондон ашык адам колдонот. Колдонуучулардын саны боюнча өлкөдө бул тармак биринчи орунда турат. Гендердик курам боюнча да дээрлик бирдей, колдонуучулардын 49% аялдар, 51% эркектер түзөт. Мында видео жана сүрөт көрүү боюнча эң жогорку көрсөткүч байкалат. Алып баруучу, диджей Акыл Жеңишбек уулу «Инстаграмда» ар кандай оюндарды уюштуруп, катталуучусу көп блогерлер менен тыгыз иштешип келет. Алып баруучу бул соцтармакта шайлоого даярдык жарым жыл мурда башталганын айтты: «Партиялар жана талапкерлер негизи соцтармактарда жыл башынан бери катталуучуларын көбөйтө башташкан. Алар ар кандай жол менен иштешкен. Бири ГИВге катышып топтосо, дагы бири даяр баракчаларды сатып алды. Себеби, соцтармактын жакшы жери - алар feedback (кайтарымды) көрүп, дароо ким окуганын, ким көргөнүн, кайсыл жарыя жакшы чыкканын билет. Акчаны кайда короткону да байкалат. Ошондой эле бул баракчада таргетке коюп, аудиторияны кеңейтсе болот. Талапкерлер кийин баракчасын эл менен байланышуу үчүн иштетсе жакшы болмок. Бир жылдардагы гезиттерди жана сүрөттөрү бар плакаттарды эми соцтармактар алмаштырды».​ ГИВ - «Инстаграмда» катталуучу топтоонун тез жолу. Бир айга жетпей 10-50 миң адамдык аудиторияны чогултууга болот. Мындай оюндарды катталуучусу көп блогер же чыгармачыл адамдар уюштурат. Бул жолду көбүнесе бизнесине кардар табууну же атын чыгарууну каалагандар тандашат. Адистер быйылкы жарым жылдыкта ГИВге катышып катталуучу топтогондордун арасында шайлоого аттанган партиялардын бир топ талапкерлери болгонун белгилешет. Маркетолог, СММ адиси Айчүрөк Аманова үгүт иштери учурунда кайсы талапкердин баракчасы сатып алынып же жасалма түрдө катталуучу топтолгону дароо эле байкалганын айтып берди: «Адистер баракчаларды карап отуруп эле ким кандай жол менен аудиторияны топтоп алганын байкаса болот. Биздин саясатчылар же партиялар аброй топтош үчүн катталуучусунун саны көп болушу керек деп эсептешет. Бирок алар сан менен кошо натыйжалуулукка көңүл бурушпайт. Мисалы, айрым талапкерлердин катталуучулары 30-40 миңге же 100 миңге жеткени менен пикирлери абдан аз. Демек, бул жасалма жол менен катталуучу топтогон баракчалар. Кээ бир катталуучусу көп модел кыздардын же интернет дүкөндөрдүн баракчалары азыр эми шайлоого жакын талапкерлердикине айланды». Интернеттеги соцтармактарда шайлоого катышып жаткан 15 саясий партиянын тең расмий баракчалары бар. Алардан аттанып жаткан талапкерлердин көбү соцтармакты жигердүү колдонушат. Биз баракчалар ачылган күндөн тартып анда жарык көргөн материалдарды акмалап, талдап көрдүк. Кызыгы, мурдагы чакырылыштагы шайлоолорго катышып келген партиялардын баракчалары беш жылда бир жолу, башкача айтканда, үгүт учурунда гана жанданат экен. Башка учурда алардын жазуулары бир канча эсе аз. Ал эми быйыл гана шайлоого аттанып жаткан партиялардын көбүнүн баракчасы ашып барса жарым жыл мурда ачылган, арасында бир ай мурда же сентябрдын башында ишке киргендери да бар. Учурда партиялардын медиадагы PR иштерине сереп салып жаткандардын бири - «Стратегия Восток-Запад» талдоо борборунун жетекчиси Дмитрий Орлов. Медиа адис партиялар аброюн бир ай ичинде эле үгүт иштери аркылуу көтөрө албай турганын эске салды: «Кыргызстанда партиялардын, талапкерлердин да аброю жакшы эмес. Быйыл жаңы эле шайлоого катышып жаткан партияларда да абал ушундай. Ошондуктан элге жагып, аброюн көтөрүш үчүн бир айлык үгүт иши аздык кылат. Бул - тынымсыз иш. Бирок талапкерлер шайлоого аз калганда атын чыгара башташат. Чынында саясий партия деле товар. Аны менен күнүгө, жылы бою тынбай иштеп, сатыш керек. Товардан айырмаланып, партияга кызыккандар аз. Ошондуктан Батышта саясатчылардын, саясий партиялардын жарнамасын ири PR кызматтар, компаниялар ишке ашырат. Бизде шайлоо PR жылдагыдай эле «ак» жана «кара» болуп бөлүнөт».​ Адатта үгүт иштеринде соцтармактар аркылуу мактоочу жана каралоочу маалыматтарды уюмдашкан жашыруун топтор ишке ашырат. Мындай топтор саясий күчтөрдүн таламын талашып, каршылаш тарапты каралоого ыңгайлашкан. Мындай ишке адистешкен адамдарды «тролль» деп аташат. Адистер андай жашыруун топтордун кызматын бийликтеги күчтөр баш болуп, ири саясий партиялар, саясатчылар колдонорун айтууда. Алар үчүн атайын маалыматтар даярдалып, аны «жел колдонуучулар» же башкача айтканда фейктер мезгил-мезгили менен Интернеттеги талкууларга жүктөп турушат. Мындай ыкма менен алар Интернетте коомдук пикир түзүүгө жана талкуулардын нугун өзү каалаган жакка бурууга аракет кылышат. Саясий күрөштүн бул «гибриддик» түрү шайлоого чейин өтө кызуу колдонулат. Маркетолог, СММ адиси Темирлан Аскеров үгүт өнөктүгү учурунда шайлоочулар фейк маалыматтарды ажырата билиши керек экенин билдирди: «Азыр саясатчылар бири-бирин жамандап, такталган, такталбаган маалыматтарды чыгара башташты. Бул кара пиар дайыма эле колдонулуп келет. Ошол эле кезде ар кандай фейк аккаунттар, фейк маалыматтар тарай баштайт. Азыр эми окурмандардын алдында маалыматты тактап, иргеп алуу милдети турат. Тараган маалыматтын баары эле чын болбойт». Быйылкы шайлоо өнөктүктөрү элдин үрөйүн учурган пандемия убагына туура келди. Миңден ашык адамдын өмүрүн алган бул оору элдин бийликке, ошол эле депутаттарга болгон талабын көбөйткөн. Ушундан улам жакында боло турган шайлоого чыгармачыл чөйрөнүн бир катар өкүлдөрү жарандык позициясын айтып чыгышты. Ал эми эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев - «бул жылы бир да партияга ырдап, иштебейм» деген чыгармачыл адамдардын бири. Буга чейин президенттик шайлоодо азыркы өлкө башчынын командасында иштеген ырчы бул чечимин мындай түшүндүрдү: «Жыл башында эле ушундай чечим кабыл алгам. Мен бизди уккан эл бизге ишенип тандайт экен деген ойго келип, ушундай чечим кабыл алдым. Мага шайлоо өнөктүгүнө аз калганда эки партиядан сунуш түштү. Аларга дароо макул эмес экенимди айттым. Акчасын бычып, сүйлөшкөнгө жеткен жокпуз. Ошондуктан, мен быйылкы баа менен деле салыштырып айта албайм». Үгүт иштери башталгандан бери жарнама боюнча буюртмалар соцтармакта катталуучусу көп вайнерлерге да келип түшкөн. Өлкөнүн түштүгүндө белгилүү вайнер, тамашоучу Эмил Токтошевди «Инстаграмда» жарым миллион адам окуйт. Токтошев да бул жолу үгүт иштерине катышуудан баш тартканын айтууда. «Мен ушундай чечимге келдим. Бул жолу бир да партияны тандаган жокмун. Катталуучуларымды да кандайдыр бир чечимге үндөгүм келген жок». Кыргыз Интернетинде эл өкүлдөрүнүн дарегине сын-пикир айтылган посттор, билдирүүлөр жаздан бери токтобой келет. Ушундан улам да жакында боло турган шайлоодо добушун сатпай, туура тандоого үндөгөн тасмалар менен вайндар тарап жатат. Эл аралык уюмдар парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партияларга кайрылып, коронавирустун жайылышына жол бербөөгө чакырышты. БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматта саясий партияларды үгүт иштерин жүргүзүүдө COVID-19дун жайылуу коркунучунун алдын алууга жетиштүү көңүл буруу керек экендиги айтылган. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:52

«Социал-демократтар» партиясынан депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси

Мамлекеттик «Эркин Тоо» гезитине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын талапкерлеринин тизмеси жарыяланды. «Социал-демократтар» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 101 талапкер катталды. Тизме төмөнкүдөй иретте түзүлгөн: № Аты-жөнү Туулган күнү, жылы Иштеген жери Ээлеген кызматы 1. Атамбаев Сеидбек Алмазбекович 02.07.1976 ЖЧК «Автомаш-Энерго» Башкы директор 2. Карамушкина Ирина Юрьевна 07.04.1964 Жогорку Кеңеш Депутат 3. Артыков Анвар 30.11.1951 Жогорку Кеңеш Депутат 4. Жунушалиев Рустам Рахманович 07.12.1983 ЖЧК «Аруу Эл Инвест» Башкы директор 5. Орозова Карамат Бабашевна 16.04.1958 Жогорку Кеңеш Депутат 6. Касымбеков Нурбек Айтыевич 06.02.1967 Убактылуу иштебейт 7. Жээнбеков Жусупжан Амражанович 23.03.1956 Убактылуу иштебейт 8. Султанбеков Темирлан Медетбекович 12.09.1998 Убактылуу иштебейт 9. Жолдошова Назгүл Амантуровна 19.07.1986 Убактылуу иштебейт 10. Султан Кылычбек Камчы 04.01.1976 Убактылуу иштебейт 11. Мырсалиева Айжана Мырсалиевна 27.05.1984 Убактылуу иштебейт 12. Жээбеков Равшан Бабырбекович 19.09.1970 Убактылуу иштебейт 13. Талиева Камила Абдыразаковна 28.12.1967 Убактылуу иштебейт 14. Усубалиев Таалайбек Болотбекович 01.11.1967 КСДП саясий партиясы Катчылыктын башчысы 15. Кодуранова Асел Союзбековна 13.01.1971 Жогорку Кеңеш Депутат 16. Найзабеков Асылбек Алымбекович 02.12.1962 «Жума-Найза» дыйкан чарба Дыйкан 17. Камаева Айчүрөк Үсөнбековна 25.02.1987 Юстиция министрлиги Актылардын долбоорлорун экспертизалоо боюнча жетекчи 18. Борбукеева Рита Нурмаметовна 17.12.1969 «Алтын-Көл» эс алуу жайы Директор 19. Сатыгул кызы Надира 07.06.1964 ЖЧК «Форум» Башкы бухгалтер 06.2006 - 07.2018 20. Акматов Азамат Жусупбекович 17.01.1977 Юридикалык фирма «A.Z.Consulting» Башкы юрист 21. Темирбаева Сауле Караджигитовна 23.08.1974 Врач-невролог 22. Шатманова Шайиста Рахманбердиевна 16.10.1981 Убактылуу иштебейт 23. Слесарев Сергей Михайлович 02.01.1961 ЖЧК «РБС» Адвокат 24. Жумабаева Нурхан Сатволдыевна 21.09.1974 ЖЧК «Пчелки» Директор 25. Самигуллина Альфия Эльдаровна 02.02.1968 Жогорку Кеңеш Депутат 26. Саитова Минавархан Аттокуровна 05.07.1963 ЖЧК «Мухаммед Азиз Динар» Директор 27. Тентиев Талгарбек Алманбетович 14.09.1990 Орловка шаардык кеңеши Депутат 28. Турксевер Роза Турсуновна 15.04.1970 «Магазин У Аюпа» Директор 01.1995 - 01.2020 29. Саралаев Адилет Айдаркулович 06.07.1986 30. Ниязов Фарид Абилезимович 27.04.1958 Убактылуу иштебейт 31. Халикова Ашэра Леджебовна 09.12.1974 Убактылуу иштебейт 32. Эрматов Байсалбек Эрдоолатович 09.07.1978 33. Орозбакова Гүлмайрам Садыровна 21.10.1958 ООЖ «Мырза-Айым» Төрага 34. Маматбуваев Бахадир Сайдуллаевич 26.07.1959 ЖЧК «АРС» Жетекчи 35. Айнакулов Мухтарбек Айнакулович 13.11.1957 Жогорку Кеңеш Депутат 36. Жоошев Замирбек Тургунбаевич 14.05.1989 «Прецедент» юридикалык компаниясы Адвокат 37. Измалкова Алла Николаевна 30.03.1961 Убактылуу иштебейт 38. Сулайманов Нурлан Исмаилович 08.10.1968 Убактылуу иштебейт 39. Садабаев Мирбек Дүйшенбекович 29.07.1978 Убактылуу иштебейт 40. Токомбаев Райымбек Замирбекович 03.02.1978 Убактылуу иштебейт 41. Самиева Машхура Шавкатовна 16.05.1982 «Инновация» жеке курстар Мугалим 42. Ростовцев Сергей Владимирович 15.11.1969 Федерация СБЕиСП Президент 43. Кермалиев Таалайбек Жеңишович 17.03.1970 ЖЧК «Арпа-Бишкек» Соода боюнча директору 44. Касмалиев Илимар Карыпович 07.02.1993 «Касмалиев» ЖИ Жетекчи 45. Сокушова Бактыгүл Нурманбековна 26.09.1985 Убактылуу иштебейт 46. Маматов Зарылбек Топчубаевич 13.02.1980 ЖЧК «Нуркызмат» Директор 47. Заитов Мамир Моминжанович 15.01.1964 Нариман айыл өкмөтү Айыл башчы 48. Абдиев Тилек Таштанбекович 15.11.1991 Убактылуу иштебейт 49. Мукамбетова Сайракан Сагыновна 30.12.1953 Убактылуу иштебейт 50. Атамбаев Кадырбек Алмазбекович 26.04.1993 Убактылуу иштебейт 51. Атамкулов Алиярбек Аскарбекович 17.12.1965 Убактылуу иштебейт 52. Аразов Автандил Мукаевич 18.04.1982 Жогорку Кеңеш Депутаттын консультанты 53. Малтаева Кундус Бейшеновна 20.11.1964 Жеке ишкер ЖИ 02.1998 - 54. Сансызбаев Канатбек Калыбекович 06.08.1979 Убактылуу иштебейт 55. Абдуллажанов Жалалидин Тохтасинович 21.05.1987 Убактылуу иштебейт 56. Кожалиев Кайрат Жалилбекович 17.05.1967 57. Караева Элвира Жумабековна 15.02.1987 Убактылуу иштебейт 58. Аманов Нурсултан Шарипович 28.01.1993 «Аманов» жеке ишканасы Директор 59. Борончиев Алик Дайырбекович 01.01.1985 Убактылуу иштебейт 60. Бейшенбек уулу Ынтымак 09.02.1990 Жеке ишкер 61. Орозалиева Тилекжан Буласбековна 28.05.1981 Жеке ишкер 62. Шайдылдаев Раффаэль Анарбекович 10.08.1970 Убактылуу иштебейт 63. Окенов Эрмек Тологонович 06.06.1989 Убактылуу иштебейт 64. Даудов Руслан Акрамович 24.11.1985 Дыйкан 65. Султанходжоева Сайха Алиаскаровна 02.05.1960 66. Ишенов Марат Жыргалбекович 07.03.1987 67. Кадыров Абдылдабек Наркозуевич 26.03.1953 Убактылуу иштебейт 68. Чекиров Урмат Бекенович 09.07.1984 Убактылуу иштебейт 69. Ахмаджанова Дилфуза Анарбаевна 28.05.1966 70. Сариев Элес Раимкулович 30.11.1963 Убактылуу иштебейт 71. Эшматов Акылбек Абдылдаевич 17.06.1957 Республикалык топурак-химия станциясы Чарба башчысы 72. Гавришев Виктор Юрьевич 08.12.1957 Убактылуу иштебейт 73. Увалканова Фарида Сулхарнаиновна 09.03.1957 Убактылуу иштебейт 74. Мирзабеков Чингиз Авазович 01.10.1981 Адвокат 75. Орозобеков Бакытбек Орозобекович 20.05.1982 ААК «Медиа Форум» Техникалык адис 76. Баабиев Фархат Жекшенбекович 23.01.1979 Убактылуу иштебейт 77. Абдраимова Анара Мекенбаевна 24.01.1961 Убактылуу иштебейт 78. Абайлдаев Семетей Ерболатович 26.09.1990 Убактылуу иштебейт 79. Мукамбетов Жакшылык Мамбетказиевич 05.08.1966 ЖЧК «Климат КГ» Башкы директор 80. Чингишпеков Эркин Чингишпекович 08.09.1992 ЖЧК «Манас Хэдпинг» Башкы директордун орун басары 81. Эдилова Асылкүл Камчибековна 22.07.1958 Убактылуу иштебейт 82. Иса уулу Жандарбек 04.02.1990 Убактылуу иштебейт 83. Жумабаев Артур Маратович 26.05.1989 ЖЧК «АВА Консалтинг» Башкы директор 84. Эмил уулу Мунарбек 02.08.1990 Убактылуу иштебейт 85. Ибраимова Алтын Садыралиевна 11.04.1955 86. Кожомкулов Дамир Асанович 22.12.1957 ААК «Медиа форум» Директор 87. Рустамов Абдыкалык Алибекович 19.11.1964 Убактылуу иштебейт 88. Мамыталиев Мурат Абдыназарович 23.02.1960 89. Хыйнаева Батихан 10.11.1954 Убактылуу иштебейт 90. Исаев Төлөгөн Бекташович 23.08.1959 «Береке-Булак» СПА Башкы бухгалтер 91. Кидиков Медер Асылбекович 26.12.1984 Убактылуу иштебейт 92. Азиев Садык Абийрович 13.02.1971 «Тайчилен» кооперативи Жеке ишкер 93. Кожомбердиева Нургүл Тураровна 13.06.1967 Убактылуу иштебейт 94. Жетибаев Бакас Кылычбекович 03.09.1985 «Ысык-Көл» аэропорт Башкы инженер 95. Эсенбеков Максат Эсенбекович 01.08.1993 Убактылуу иштебейт 96. Мамбеталиев Кубанбек Шаршенбаевич 02.11.1965 Дарыгер 97. Дүйшеева Сыягүл Усеновна 16.10.1968 «Өмүр жамгыры» РБ Директор 98. Жусупов Мурат Зарылбекович 21.02.1977 «Жусупова» жеке ишканасы Директор 99. Стукошин Федор Викторович 24.05.1984 Убактылуу иштебейт 100. Тойгомбаева Динара Зарлыковна 24.11.1979 Убактылуу иштебейт 101. Абдыкеримов Бакыт Тилебердиевич 01.03.1993 Убактылуу иштебейт Шайлоо мыйзамдарына ылайык саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 75тен аз эмес, 200дөн ашпаган талапкердин документин тапшырышы керек. Талапкерлеринин документтери талаптарга шайкеш келген партиялар парламенттик шайлоого катышуу укугуна ээ болот. БШК мындай укукту 15 партияга берди. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат. (BTo)

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:52

БШК Facebook сайтындагы саясий жарнаманы текшерип турмай болду

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоого катышып жаткан партиялардын Интернеттеги саясий жарнамасын каржылоодогу мыйзамдуулукту көзөмөлдөө максатында Facebook платформасы менен кызматташа баштады. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Facebook сайтынын өкүлдөрү менен 7-сентябрда онлайн жыйын өткөрүлүп, кызматташуу маселелери талкууланды. Жыйынды уюштурууга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасынын Бишкектеги өкүлчүлүгү жардам берди. Facebook өкүлдөрү бул платформага катталган тигил же бул аккаунт кайсы адамга таандык экенин документтин негизде аныктоо мүмкүн экенин, саясий жарнаманын баары атайын бөлүмдө сакталарын, бүгүнкү күндө ал жерде 3 737 доллар акы төлөнгөн 879 жарнама бар экенин айтып беришти. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова Facebook платформасы көргөн чаралар өтө маанилүү экенин, себеби алар депутаттыкка талапкерлердин саясий жарнамасын ким каржылап жатканын көрүп турууга мүмкүнчүлүк берерин айтты. Социалдык түйүндөр шайлоо өнөктүгүндө маанилүү роль ойноп жатканын кошумчалады. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тарта жүрүп жатат. (BTo)

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:52

Шайлоо-2020: Эл аралык 25 байкоочу катталды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого карата эл аралык байкоочуларды каттоону баштады. Боршайкомдун маалыматына караганда, 7-сентябрдагы отурумда эл аралык уюмдардын 25 байкоочусу расмий каттоого алынды. Алардын 18и Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан (ДИАУБ), бешөө Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинен (КМШ), экөө Молдованын Боршайкомунан катталды. Ал эми жергиликтүү байкоочулар, 8-сентябрга карата маалыматка караганда, тогуз коомдук уюмдан катталды. Алар: «Жалпы иш», «Таза Шайлоо», «Билоу», «Майыптарга юридикалык жардам берүү», «Майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо комитети», «Мир – свет культуры», «Эгль», «Келечекке жол» жана «Кыргызстандын юридикалык коому» уюмдары. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Азыр бир айлык үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. (RK)

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:54

БШК Facebook компаниясына бир күн саясий жарнаманы чыгарбай турууну сунуштады

Жогорку Кеңешке шайлоо өлкөдө 4-октябрда өтөт. Ал эми ага чейинки 3-октябрь жымжырттык күнү деп саналат.БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги Facebook компаниясынын өкүлдөрү менен онлайн режимде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады. Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен мамлекеттик саясат маселелери боюнча менеджер Кавит Канхи баштаган Facebook делегациясы социалдык тармакта саясий жарнактарды жайгаштырууну талкуулаган. "Бардык саясий рекламалар Жарнамалар китепканасына кошулат. Аны www.facebook.com/ads/library/report шилтемесинен таап, Кыргызстан деген жерди тандоо керек. Учурда Кыргызстанга таандык 879 жарнама бар (3 737 долларга бааланган). Анын ичинде партиялар менен жарандардын рекламасы үчүн каражат төккөндөр бар", — деп айтылат маалыматта. "Бүтүн Кыргызстандын" доо арызы боюнча сот кийинкиге жылдырылды. Себеби Шайлдабекова белгилегендей, саясий реклама берген аккаунттардын ким экенин көрсөтүп далилдеп турган көк белги (верификация) — шайлоону таза өткөрүүгө жасалган аракеттердин бири. "Бул кайсы бир партиянын же талапкерлердин саясий жарнамасынын каржыланышынын ачыктыгын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Партиялардын верификация процедурасынан өтүшү — фейк-аккаунттар менен күрөшүүгө жардам берет", — деген ал. БШК башчысы жымжырттык күнү социалдык жарнама жайгаштырууга бөгөт коюу мүмкүнчүлүгү тууралуу сураган. Facebook өкүлдөрү бул азырынча АКШда гана жеткиликтүү экендигин, бирок Кыргызстан расмий түрдө сурам жиберсе маселе караларын билдиришкен. Тараптар бул маселе боюнча мындан аркы байланышты улантууга макулдашышты. Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоо өлкөдө 4-октябрда өтөт. Ал эми 3-октябрь жымжырттык күнү деп саналат.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:54

Партиялар кайсы күнү ким менен теледебатка чыгат? Убакыт-сааты

Шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага чейин партия лидерлери, андагы аялдар жана жаштар өз-өзүнчө дебатка чыгышмакчы.БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялар кайсы күндөрү теледебатка чыгарын айтты. Билдирмеге ылайык, дебаттар 28-сентябрда башталып, октябрдын ортосуна чейин уланат. Ага партия лидерлери катышмакчы. КТРКдагы эфирдик убакыт — саат 20:00дөн 23:00гө чейин. 28-сентябрда дебатка чыкчу партиялар: "Мекеним Кыргызстан"; "Социал-демократтар"; "Реформа"; "Ата Мекен"; "Ордо". 30-сентябрда дебатка чыкчу партиялар: "Мекен Ынтымагы"; "Бир Бол"; "Ыйман Нуру"; "Кыргызстан"; "Республика". 2-октябрда теледебатка чыкчу партиялар: "Мекенчил"; Афганистан согушунун ардагерлеринин жана башка согуштук конфликттердин катышуучуларынын саясий партиясы; "Чоң казат"; "Замандаш" "Биримдик". Буга чейин ар бир партия 7-9-11-сентябрда 10 мүнөттөн элге кайрылуу жасашат. Мындан сырткары, 21-23-25-сентябрда аял-талапкерлердин теледебаттары болот. Ал эми партиялардын жаш өкүлдөрүнүн дебаты 14-16-18-сентябрда өтмөкчү. Маалым болгондой, талапкерлер менен түз байланыш да уюштурулат. Ал 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин уюштурулат. Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо өлкөдө 4-октябрда өтмөкчү. Азырынча 15 партия каттоодон өттү.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:59

Шайлоо: Ош шаарына Эл аралык байкоочулар келишти. Максаты эмне?

Ош шаарына КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын эл аралык байкоочулары келишти. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Кечээ, 7-сентябрь күнү Ош шаарынын вице-мэри Эмилбек Шадыханов баштаган мэриянын аппарат кызматкерлери жана КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынан эл аралык байкоочулар Роман Амбурцев жана Роман Ромашов менен жолукту. Жолугушуу учурунда тараптар КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоого даярдык көрүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. “Аталган ассамблеянын Кыргызстанга болгон сапарынын башкы максаты- шайлоонун ачык-айкындыгын камсыз кылуунун негизги каражаттарын изилдөөгө мониторинг жүргүзүү. Бул программанын негизинде биз региондордун жетекчилери, жергиликтүү башкаруу органдары, партиялардын лидерлери жана шайлоону ачык-айкын, мыйзамдуу өткөрүүнү камсыз кылуучулар менен жолугушууларды уюштурабыз”,-деп маалымдады эл аралык байкоочулар. Ошондой эле ЖКнын депутаттарын шайлоого КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынан, демократияны өнүктүрүү жана мониторинг жүргүзүү боюнча Эл аралык институтунан делегация келиши каралган. КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрь күнү өтөт.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники