О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
4 сентября 2020 г. 21:41

Адамдарга кантип жашоону үйрөтүүнүн кереги жок - ийгиликке жетүүнү үйрөтүү керек!

Адамдарга кантип жашоону үйрөтүүнүн кереги жок - ийгиликке жетүүнү үйрөтүү керек! “Ыйман Нуру” партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Балыкчы шаарында шайлоочулар менен алгачкы жолугушуусун өткөрдү. Лидерди шаар тургундары жылуу тосуп алышты. Балыкчы шаарына аталган партиядан жаш, чыгармачыл жана буга чейин мамлекеттик түзүмдө иштеп тажрыйба топтогон инсан Аскарбек Күрүчбеков өз талапкерлигин көрсөтөт. Аскарбек өз районунда кадыр-баркы бар жигит. Жолугушуу учурунда Нуржигит Кадырбеков шайлоочуларга акча менен эмес, жүрөк менен добуш берүүгө чакырды. «Жүрөктөрдө ЫЙМАН НУРУ жаркырап, сүйүктүү өлкөбүздү өнүктүрүүчү кадамдарды жана аракеттерди жасайлы. Ушул шайлоо - жакшылыкка карай улуу өзгөрүүнүн өзөгү болсо экен». ӨЗГӨРҮҮ ӨЗҮБҮЗДӨН БАШТАЛАТ!

Подробнее
4 сентября 2020 г. 22:59

Бүгүн “Бир Бол” саясий партиясы үгүт кампаниясын “Тазалан!” экологиялык акциясы менен баштады.

Бүгүн “Бир Бол” саясий партиясы үгүт кампаниясын “Тазалан!” экологиялык акциясы менен баштады. Иш-чара Бишкектин четинде жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосундагы желексаптын жанында өттү. ⠀ Акцияга талапкерлер, партиянын мүчөлөрү жана тарапташтары катышты. Партиянын лидери Алтынбек Сулайманов ишембиликке келгендерди шайлоо алдындагы үгүт кампаниясынын ачылышы менен куттуктап, талапкерлерге ийгилик каалады. ⠀ “Шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Биз кесипкөй, заманбап билимге ээ болгон таза жаштар менен аттанып жатабыз. Өлкөбүз тазаланууга, таза инсандарга муктаж. Биз иштин көзүн билген, жаратман жаңы жүздөрдү бириктире алдык. Биз өзгөрүүгө жана өзгөртүүгө даярбыз!” - деп билдирди “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов. ⠀ “Бир Болдун” тизмесин шайлоого баштап бара жаткан Алмамбет Шыкмаматов жаңыланган команда бүгүн тазалык жана жаңылануу үчүн күрөшкө аттанып жатканын белгиледи. ⠀ “Биз бийликтин бардык бутактарында жаңылануу жана тазалануу үчүн күрөшөбүз. Биздин команда таза, жаратман жана тилектерибиз бийик, сезимдерибиз аруу мекендештерибизден турат. Коомдун бардык катмарында тазаланууга муктаж жагдайлар бар. Бүгүнкү иш-чарабыз тазалануу менен жаңылануунун башаты. Биз жеңебиз”, - деди А. Шыкмаматов. ⠀ “Мекенибиздин символу болгон мамлекеттик туубузду ар дайым таза тутушубуз керек. Адатта биз жоопкерчиликти расмий органдардан күтөбүз. Биз азыр ыктыярдуу түрдө келип тазалык иш-чарасын өткөргөнүбүз, өлкөбүз үчүн жоопкерчиликти ыктыярдуу түрдө өзүбүзгө алганыбыз дегенди билдирет”, - деди “Бир Бол” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Руслан Акматбек. ⠀ Тазалык акциясынын жыйынтыгында 300 кг таштанды чогултулду. Иргелгендер кайра иштетүүгө жиберилип, калганы таштанды полигонуна төгүлдү. ⠀ #БирБол #Тазалан #БизДаярбызСенчи #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
4 сентября 2020 г. 23:02

БИР БОЛ, ЭЛИМ!

БИР БОЛ, ЭЛИМ! Сөзү, обону: Ислам Сатаров 1. Эркибиз бар эрөөлдөрдө курчуган, Ээ-жаа бербей эт жүрөктү булкуган. Билимдүүлөр биригүүчү кез келди, Улуу элдин үмүт арткан журтунан. 2. Ынтымактын өрнөк кылып башатын, Ыйык Мекен кылымдарга жашасын! Токтото албайт бизди чектер, тардыктар, Ток пейилдүү элдин алсак батасын! Кайырма: Бир бол! Бир бол! Улуу жолго кадам койгон сапарда, Бир бол! Бир бол! Максат коюп кошул биздин катарга! Бир бол! 3. Жаштар келди колдоп-коштоп бир бирин, Билсин элдер кыраандардын кимдигин. Өрнөк болуп арттан келген урпакка, Өнүгүүчү мезгил болсун күн бүгүн! 4. Тоскоолдуктар тоссо дагы ар жактан, Тоодой максат койдук жолдон тайбастан. Чынжырларын жулуп акыр жалгандын, Чындык гана жеңип чыгат кармаштан. #БирБол #БизДаярбызСенчи #Тазалан #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
4 сентября 2020 г. 23:04

Кыргызстандагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясы расмий башталды

Кыргызстандагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясы расмий башталды! ⠀ Евразиялык тандоо «Биримдик» – Демократиялык социализм партиясы бүгүн, 4-сентябрда борбордук Жеңиш аянтында партиялаштар жана активисттер менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага партиянын лидерлери, анын жактоочулары, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан партиялаштары жана партиянын жаштар канатынын өкүлдөрү катышты. ⠀ Келечек муундардын жаркын келечеги үчүн өз өмүрүн бергендерди эске салып, расмий салтанат Түбөлүк оттун жанына гүл коюу менен башталды. Кыргызстандын гимни жаңырды, андан кийин партиянын гимнин ырчы Ильяз Абдразаков аткарды. ⠀ Иш-чараны демократиялык социализм партиясынын лидери – Евразиялык тандоо «Биримдик» Марат Аманкулов ачты. Өз сөзүндө ал партиянын жактоочулары менен жылуу саламдашты жана партиянын идеологиясы менен башкы максаттары тууралуу айтып берди. Салтанаттуу сөздөр менен партиянын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров, кандидаттар Акылбек Жамангулов, Улугбек Кочкоров жана Галина Кетова чыгышты. Бул жолугушууда «Биримдик» партиясынын лидерлери, жаштар, ишенимдүү жактоочулары сүйлөшкөн негизги темалар – партиянын баалуулуктары жана максаттары болду. Ошондой эле партиянын программасы да козголду. ⠀ Мындан тышкары, евразиялык вектор – партиянын концепциясынын маанилүү бөлүгү. Жолугушууда Марат Аманкулов айткандай, «ички дүйнөбүздүн ичинде евразиялыктын руху терең отургандыгын, биз баарыбыз байкабай, сезбей койбойбуз. 1945-жылдагы Жеңиш – мына евразиялыктын квинтэссенциясы. Биздин чоң аталар этносторго, конфессияларга бөлүнүшкөн эмес, алар бизге келечек берүү үчүн биригишкен. Биз Кыргызстанга жаңы импульс берүү үчүн шайлоого, өлкөнүн парламентине барабыз. Биздин келечегибиздин образы – евразиялык тандоо. Жолу – демократиялык социализм». ⠀ Жолугушуу салтанаттуу, майрам атмосферасында өттү. Сүйлөп чыккандарды чын жүрөктөн кол чабуулар менен тосуп алып жана узатып жатышты. Шайлоочуларды үгүттөө бир ай уланат жана добуш берүү күнүнө чейин бир сутка калганда аяктайт

Подробнее
5 сентября 2020 г. 12:44

Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болдум.

Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болдум. Бул аралыкта шайлоочуларымдын суроо-талабын толук аткарууга мүмкүн болбоду. Бирок керектүү мыйзамдарды кабыл алуу менен көптөгөн маселелерди чечүүгө, жашообузду жакшы жакка өзгөртүүгө болорун түшүндүм. Депутаттык ишмердүүлүгүмдө калктын жашоосун жакшыртууну көздөгөн онго жакын мыйзамдарды демилгелеп чыктым. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын платформасы, программасы шайлоочуларымдын сунуштарын аткаруудагы менин приоритеттериме туура келди, аларды санап өтсөм: 1. Улуттар аралык ырашкерлик өлкөнүн стабилдүү түрдө өсүшүнө негиз болот. 2. Бийликти толугу менен децентрализациялоо. Мамлекеттик аппаратты кыскартуудан үнөмдөлгөн каражатты жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын колдоого жумшоо. 3. Экономикалык моделди өзгөртүү, реалдуу секторду өнүктүрүүгө басым жасалган эркин экономиканы түзүү. 4. ЕАЭБдеги өлкөбүздүн кызыкчылыгын натыйжалуу коргоо жана активдештирүү, жергиликтүү ишкерлерди коргоо менен Кыргызстандын позициясын күчөтүү. 5. Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында санариптештирүү процессин ишке ашыруу. IT жаатын болушунча либералдаштыруу. Мыйзам чыгаруу жаатына текшерүү жүргүзүү менен кемчиликтерди жоюу жана буларды IT тармагы аркылуу көзөмөлдөө.

Подробнее
5 сентября 2020 г. 18:38

«Бир Бол» партиясы аймактарга болгон үгүт иштерин Таластан баштады

«Бир Бол» партиясы аймактарга болгон үгүт иштерин Таластан баштады «Бир Бол» саясий партиясы аймактарга болгон үгүт иштерин Манас атабыз жердеген Талас облусунан баштады. Партия лидери Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» партиясынан талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Чынар Капарова, Рамис Мамбеталиев жана башка партиянын мүчөлөрү алгачкы күнү Манас атанын күмбөзүн зыярат кылып, маркумдарга багыштап куран окушту. Ошондой эле, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюшту. Эл өкүлдөрүн Талас элинин өзгөчө тосуп алышы - «Бир Бол» партиясынын бул аймакта колдоочулары арбын экенин көрсөтүп турат.

Подробнее
5 сентября 2020 г. 20:52

“Ата Мекен” шайлоого жаңыланган курам менен барат.

“Ата Мекен” шайлоого жаңыланган курам менен барат. Эми Кыргызстандын тарыхындагы “аксакал” партиянын башында Жанар Акаев, курамында Тилек Токтогазиев, Рыскелди Момбеков, Эльдар Абакиров, Наталья Никитенко, Эльвира Сурабалдиева, Абдывахап Нурбаев ж.б. бар. ⠀ Партия үгүт компаниясын Талас областынан баштады. Мындай маанилүү кадам үчүн Таластын тандалышы дагы бекеринен эмес. “Ата Мекендин” алгачкы кышын кынагандардын бири, партиялашыбыз Болот Шердин элеси эскерилди. Андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, адилет шайлоо үчүн күрөшүүгө убада бердик. ⠀ ** ⠀ На выборы "Ата Мекен" идет обновленным составом. Теперь новую страницу истории одной из старейших партий Кыргызстана олицетворяют Жанар Акаев, Тилек Токтогазиев, Рыскелди Момбеков, Эльдар Абакиров, Наталья Никитенко, Эльвира Сурабалдиева, Абдывахап Нурбаев и другие. ⠀ Партия не случайно начала свои встречи с Таласской области, где почтили память нашего учителя, товарища и со-партийца Болота Шера, а после встретились с избирателями, которые взяли с нас обещание вести честную гонку на выборах.

Подробнее
5 сентября 2020 г. 21:40

Таластыктар Жанар Акаевге ак боз ат мингизип, “Ата Мекенге” ак батасын беришти.

Таластыктар Жанар Акаевге ак боз ат мингизип, “Ата Мекенге” ак батасын беришти. “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү Талас облусунун тургундары менен жолугушууларды улантууда. Бүгүн “атамекенчилер” улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени – Шекер айылында болушту. Талапкерлер эл менен баарлашып, шайлоо алдындагы программасын тааныштырып, өлкөдөгү кырдаал тууралуу пикир алышышты. “Партиялар көп нерсени убада кылышат, бирок кийин аткарганы аз. “Ата Мекен” колунан келбей турган нерсени убада кылбайт. Ооба, биз олигархтардын, капчыктуулардын жана коррупционерлердин партиясы эмеспиз. Биздин катарыбызда “чимкириктер” жок, бирок жаңы жүздөр көп. Бизде чынчылдык, тазалык жана элге кызмат кылууга чоң каалоо бар. Биз шайлоочуларга дайыма эл менен бирге болобуз деп убада беребиз”, - деди Жанар Акаев. Жолугушууга келгендер лидердин бул сөзүн кол чабуулар менен кубатташты.

Подробнее
5 сентября 2020 г. 18:34

«Бир Бол» партиясы аймактарга болгон үгүт иштерин Таластан баштады

«Бир Бол» партиясы аймактарга болгон үгүт иштерин Таластан баштады «Бир Бол» саясий партиясы аймактарга болгон үгүт иштерин Манас атабыз жердеген Талас облусунан баштады. Партия лидери Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» партиясынан талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Чынар Капарова, Рамис Мамбеталиев жана башка партиянын мүчөлөрү алгачкы күнү Манас атанын күмбөзүн зыярат кылып, маркумдарга багыштап куран окушту. Ошондой эле, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюшту. Эл өкүлдөрүн Талас элинин өзгөчө тосуп алышы - «Бир Бол» партиясынын бул аймакта колдоочулары арбын экенин көрсөтүп турат. Аталган облустан белгилүү ишкер, жаш лидер Рамис Мамбеталиев «Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкерлигин коюп жатат.

Подробнее
6 сентября 2020 г. 14:28

Бүгүн, 2020-жылдын 6-сентябрында "Бир Бол" партиясынан депутаттыкка талапкерлер Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде болушту.

Бүгүн, 2020-жылдын 6-сентябрында "Бир Бол" партиясынан депутаттыкка талапкерлер Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде болушту. Жолугушууга «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, партия мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Дүйшөн Төрөкулов, Эсенбек Арзиев, Фарход Алимжанов, Айгүл Салиева, Акбалык Жумалиева, Сейиткасым Курбаназаров, Нургазы Амиракунов жана ошондой эле Шаирбек Маматокторовдор катышты. Партиянын өкүлдөрү Сулайман-Тоодон зыярат кылып, куран окушту. Алтынбек Сулайманов Шыкмаматов Алмамбет Акбалык Жумалиева (Akbalyk Kalyevna) Шаирбек Маматокторов (Shairbek Mamatoktorov) Фархад Алимжанов #БирБол #Ош #СулайманТоо #БизДаярбызСенчи #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:36

Жогорку Кеңешке шайлоого көз салууга 25 эл аралык байкоочу катталды

Жогорку Кеңешке шайлоого байкоочулук жүргүзүүгө 25 эл аралык уюм өкүлү катталды. Бул тууралуу БКШ маалымдайт. Эл аралык байкоочулар ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Армения, Россия, Швеция, Швейцария, Молдова, Грузия, Казакстандагы өкүлчүлүктөрүнөн байкоочулар катталды. Андан сырткары, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Миссиясыдан (Белорусь) жана Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясынан дагы Кыргызстандагы шайлоого көз салмакчы.

Подробнее
6 сентября 2020 г. 14:30

Депутаттыкка талапкер, Чынгыз Макешов YouTube каналында Майраш Базлакунова менен биргеликте ачык маек куруп, алдыдагы шайлоо, өзүнүн тажрыйбасы, өлкөдөгү көйгөйлөр жана келечекке болгон көз карашы тууралуу үн катты.

Депутаттыкка талапкер, Чынгыз Макешов YouTube каналында Майраш Базлакунова менен биргеликте ачык маек куруп, алдыдагы шайлоо, өзүнүн тажрыйбасы, өлкөдөгү көйгөйлөр жана келечекке болгон көз карашы тууралуу үн катты. Маектин жүрүшүндө ишкер, эмне үчүн "Ыйман Нуру" партиясын тандаганы тууралуу да айтып берди. "Парламентке жол алган "Ыйман нуру" партиясындагы санаалаштарыма ишенем. Анткени алар адал эмгеги менен гана элге кызмат кылып, экономика саясатын да терең түшүнгөн адамдар. Көз карашыбыз дал келди, ошол үчүн аталган партия менен биргеликте, элибиздин берекелүү жашоосу үчүн күрөшүүгө аттандым", - дейт жеке ишкер. Чыңгыз Макешов "Ыйман нуруна" жасалган басым тууралуу да айтып берди. Өз маегинде ал жеке иш тажрыйбасы тууралуу баяндап, Кыргызстанды жаңы деңгээлге көтөрүү сунуштары менен бөлүштү. Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз. https://www.youtube.com/watch?v=-fK8zktWjOk&feature=youtu.be

Подробнее
6 сентября 2020 г. 14:31

«Бир Бол» партиясынын өкүлдөрү Талас облусуна болгон үгүт кербенинин алкагында Арал айыл өкмөтүнө барышты.

«Бир Бол» партиясынын өкүлдөрү Талас облусуна болгон үгүт кербенинин алкагында Арал айыл өкмөтүнө барышты. Аларды жергиликтүү калк жылуу маанайда тосуп алды. Аталган айылдын тургуну, «Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкер Рамис Мамбеталиев жердештерине ыраазычылык билдирип, Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенинде 16 жыл иштегенин, көптөгөн мекендештердин укугун коргоп келерин кошумчалады. «Алтын ишканасына башында үй-бүлөмдү багуу үчүн эле баргам. Эки жыл иштегенден кийин адилетсиз мамилелерди көрүп, чыдай алган жокмун. Баары оюмду тайманбай ачык айтуудан башталды. Компаниядагы 3000дей кызматкердин үлүшүн көбөйтүп, укугун коргоп бердик», -деди Рамис Мамбеталиев. Эске салсак, «Бир Бол» партиясы үгүт кампаниясын Талас облусун кыдыруу менен баштады. #БирБол #Талас #БизДаярбызСенчи #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
6 сентября 2020 г. 15:28

Партия лидерлери үгүт кербендин алкагында өлкө аймактарын кыдырууну улантышууда.

Партия лидерлери үгүт кербендин алкагында өлкө аймактарын кыдырууну улантышууда. Бүгүн алар Ысык-Көл областына сапар тартышты. Жергиликтүү эл менен жолугуп, «Жаңы дем» программасы менен тааныштырышат. ⠀ Бүгүнкү жолугушуулар Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан башталып, Жети-Өгүз районуна келет. Андан ары Каракол шаары, Ак-Суу району, Зындан айылы, Түп районунун борбору жана Кең-Суу айылына уланат. ⠀ Биздин лидерлер жана жергиликтүү аймактык штабдардын өкүлдөрү сиздер менен жолугушуп, кызыктырган, жүрөк өйүгөн суроолоруңуздарга жооп беришет. ⠀ *** ⠀ Лидеры партии продолжают свое турне по стране. Сегодня они посетят Иссык-Кульскую область, где встретятся со сторонниками и представят свою программу "Жаны Дем". ⠀ Сегодня мы посетим села Боконбаево (Тонский район) и Джети-Огуз. После чего наша команда выдвинется в Каракол, Ак Суу, с.Зындан, с.Кен Суу и с. Тюп. ⠀ Наши лидеры и сторонники из местных региональных штабов с удовольствием встретятся с вами ответят на все волнующие вас вопросы.

Подробнее
6 сентября 2020 г. 18:31

2020-жыл Кыргызстан эле эмес бүтүндөй дүйнө үчүн татаал жылдардан бири болду десек жаңылышпайбыз.

2020-жыл Кыргызстан эле эмес бүтүндөй дүйнө үчүн татаал жылдардан бири болду десек жаңылышпайбыз. Коронавирус илдети алып келген экономикалык кризистен өлкө таптакыр чыга албай артта калат же болбосо бул кырдаалды трамплин катары колдонуп чоң секирик жасап кетет. "Ата Мекендин" жаңыланган командасы "Жаңы Дем" манифести менен шайлоолого аттанды. Жакынкы күндөрү бул манифест боюнча атайын презентация өтөт. Ал эми бүгүнтөн баштап ММК жана коомдук тармактар аркылуу манифесттин негизги тезистери менен жакындан тааныштыра баштайбыз. "Жаңы Дем" манифести биздин колдоочуларыбызга дем берип, ал эми добушун кимге берүүнү азырынча чече албаган жарандарыбызга "Ата Мекенди" колдоого түрткү болот деп ишенебиз. Кыргызстанга жаңы дем керек! *** 2020 год стал особенным не только для Кыргызстана, но и для всего мира. Пандемия коронавируса и последовавший за ней экономический кризис остро обозначили проблемные зоны нашей страны. Оказавшись перед лицом новых вызовов и угроз, Кыргызская Республика может сделать либо мощный рывок вперед, либо окончательно скатиться на периферию мировых рейтингов. Обновленная команда "Ата Мекен" идет на выборы с манифестом "Жаны Дем". В самое ближайшее время мы проведем презентацию манифеста "Жаны Дем", но с сегодняшнего дня начнем знакомить вас через СМИ и социальные сети с его основными положениями. Уверены, что идеи и энергетика нашего предвыборного манифеста не разочаруют наших сторонников и станут основанием поддержать на выборах "Ата Мекен" для тех, кто еще не определился. У Кыргызстана должен быть прорыв, должно открыться новое дыхание!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники