О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 2:36

«Биримдик» шайлоонун үгүт ишин салтанаттуу баштады!

Бүгүн 4-сентябрда алдыдагы парламенттик шайлоонун расмий үгүт кампаниясы башталганына байланыштуу «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясы үгүт иштерин салтанаттуу түрдѳ баштады. Иш-чара Бишкектин Жеңиш аянтында ѳтүп, ага партиянын лидерлери, партиянын аймактардагы мүчѳлѳрү, тарапташтары, партиянын жаштар канатынын ѳкүлдѳрү катышты. Иш-чара алгач партиянын лидерлеринин келечек муундар үчүн ѳмүрлѳрүн беришкен аталардын элестерине таазим кылышып, ѳчпѳс отко гүлчамбарларды коюусу менен башталды. Андан соң «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын гимни ырчы Ильяз Абдразаковдун аткаруусунда жаңырды. Иш-чараны «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын лидери Марат Аманкулов ачты. Ал ѳз сѳзүндѳ партия демократиялык социализм идеологиясын сунуштап атканын белгилеп, ѳлкѳбүздүн келечеги евразиялык интеграцияда экенине токтолду. Алдыдагы шайлоодо «Биримдик» партиясын колдоого алууга чакырып ѳттү. Андан кийин сѳз алып сүйлѳгѳн партиянын лидеринин орун басары, ЖК депутаты Тѳрѳбай Зулпукаров партиянын максаттарына, эл үчүн кыла турган иштерине токтолуп ѳттү. Евразиялык тандоо идеясы келечекте Кыргызстанды ѳсүп-ѳнүгүүгѳ алып бара турганын айтты. «Биримдик» менен бирге болобуз! Келечек, туруктуулук – бул «Биримдик» - деп сѳзүн жыйынтыктады. Ошондой эле партиянын тизмесин баштап баратышкан талапкерлер Акылбек Жаманкулов, Улукбек Кочкоров, Галина Кетовалар сѳз сүйлѳп, партиянын максатына, алдыдагы кыла турган иштерине токтолушту. Иш-чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов менен легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев ѳздѳрүнүн баталарын беришип, алдыдагы шайлоодо «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясына жеңиш каалашты. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

Алмаз Темирбек: "Жаштар арыз жазбайм, мандатымды тапшырбайм дегенге эркиңер жетпесе шайлоого барбагыла..."

Шайлоого бараткан партиялардын көбү эл көзүнө тизменин алдына жаш, таза булганбаган талапкерлерди коюшуп, артына аштан-көчтөн калгандарды жыйып алып коомчулуктун көзүн жазгырган тактиканы колдонушууда. Өкүнүчтүүсү, добуш алып берчү жаштардын, таза булганбаган талапкерлерди "шайлоодон кийин мандатыңды тапшырып берип кетесиң" деп алдын-ала арыз жаздырып, нотариус аркылуу күбөлөндүрүп жатышат. Ар кайсы партияда бараткан мамлекеттин келечегин ойлогон жаштар, мекенчил инсандар кайсы партия арыз жаздырып, "шайлоодон кийин мандатыңды тапшырып бересиңер" деп жатышса, арыз жазбагыла, мандатыңды өткөрүп бербегендей болгула. Себеби, силер ошондой жолго барсаңар, таза, жаш, булганбаган инсандар, мамлекетти ушулар оңойт деген элдин силерге ишенип берген добушун саткан болосуңар. Эгер, ошондой болсо, демек, силер тизменин артында турган ууру-кескилерден жаман элдин душманы экениңерди далилдейсиңер. Анткени, элдин ишенимин уурдап, үмүтүнө суу сээп, келечегин соодалап жиберген болосуңар. "Арыз жазбайм, мандатымды тапшырбайм" дегенге кудуретиңер, эркиңер жетпесе, элди алдап шайлоого барбагыла. Шылуундарга мамлекеттин, элдин келечегин салып бербегиле.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

Канат Исаев жетектеп бараткан «Кыргызстан» партиясынын калптары…

Кудайдан жөө качкандар топтолгон, Канат Исаев башында турган «Кыргызстан» партиясы бул жолу элди эмне деп алдаар экен? Дегенибиз, 2015-жылы элге берген убадаларынын бирин дагы иш жүзүнө ашыршыкан жок. Алсак, жаңы төрөлгөн балдарга 50 миң сүйүнчү пул берүү, Бишкек-Ош шаарларында 100дөгөн автобус алып келип, мектеп окуучуларынын, пенсионерлердин жол киресин бекер кылабыз деп ооз көптүрүшкөн. Анын бири аткарылбады. Бул эч нерсе эмес, Исаев жетектеген «Кыргызстан» партиясы республика боюнча 500 тигүү цехин, 500 теплица, 500 кайра иштетүүчү чакан өндүрүш ишканаларын ар бир облустун борборлоруна, ар бир районго куруп, миңдеген жумуш орундарын түзөбүз деп айкырык салышкан. Мына андан бери туура 5 жыл өттү. Бир дагы убадаларын да аткарышкан жок. Эми болсо беттери кызарбастан жалаң акчалуу, элди ирээнжиткен талапкерлерди топтоп, шайлоого аттанышты. Шайлоодо бир көрүнүп, кооз убадаларды берип, кайра жок болуп кеткен партияларды эми кайра шайлай турган болсок өз шорубуз. «Кыргызстан» эми сүйүнчү пулду 100 миң кылабыз, республика боюнча 1000ден теплица, тигүү цехин, чакан өндүрүш ишканасын курабыз деп чыкса таң калбай эле койгула.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

БШК ШАЙЛООГО КАТЫШУУГА 15 ПАРТИЯГА УРУКСАТ БЕРДИ

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоого алды. Алар – «Мекен Ынтымагы», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Социал-демократтар», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Ордо», «Кыргызстан», «Бир Бол», «Замандаш», «Ата Мекен» партиялары жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы». Ал эми «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларына саясий жарышка катышууга уруксат берилген жок. Партиялар 24-августта документтерин тапшырып, БШК бир жума бою талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерди. Эреже бузган деген негизде «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган, бирок бул партия сотто БШКны утуп алган. БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү боюнча жыйындарын 2-3-сентябрда өткөрдү. 4-сентябрда партиялардын үгүт иштери башталат. 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттары беш жыл сайын шайланат. 21 жаштан өткөн кыргыз жарандары талапкер боло алышат. www.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТАРЫ 2-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН ИШТЕЙ ТУРГАН БОЛДУ

Жогорку Ке ң ештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейин аймактарда шайлоочулар менен иштей турган болду. Тиешел үү токтом парламенттин б ү г ү н, 3-сентябрда ө тк ө н сессиясында кабыл алынды. 2-октябрга чейин парламенттин жыйындарын токтото турууну спикер Дастанбек Жумабеков сунуш кылды. Ал муну азыркы алтынчы чакырылыштын депутаттарынын көпчүлүгү алдыдагы парламенттик шайлоого катыша тургандыгы менен түшүндүрдү. Спикер муну Жогорку Кеңештин трибунасын үгүт иштерине колдонбош үчүн жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүш керек деп негиздеди. Депутаттар анын сунушун колдошту. 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү эртең, 4-сентябрда башталат. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кайсы партиялар шайлоого барарын 3-сентябрдан калбай жарыялоого тийиш. www.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

"Кыргызстан" партиясы: Биздин мигранттар – биздин инвесторлор!

Ар бир эмгек мигранттын акысыз кесиптик билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, жогорку айлык алуусуна жардам беребиз. Мындай пикирин "Кыргызстан" партиясынын платформасын коомчулукка тааныштыруу учурунда партиянын лидери Канатбек Исаев билдирди. Анын айтымында, Россияда жүргөн жүз миңдеген мекендештердин ар бири кесипке ээ болсо, чоң компанияларда, ири өнөр жай, финансы жана банк тармактарындагы жоопкерчиликтүү жумуштарды аткарып, жогору эмгек акы алуусуна шарт түзүлөт. "Биз бул үчүн өлкөнүн бардык аймактарында акысыз кесиптик билим алууга шарттарды түзүп, мүмкүнчүлүк беребиз. Керек болсо, алган билимдери Россиянын талаптарына дал келүүсү үчүн дипломдук иштерди коргоого жана сынактарга орусиялык адистерди чакырып, комиссияга мүчө кылуубуз керек", - деди Исаев. Ошондой эле партия лидери Орусияда эмгектенип жаткан кыргыз жарандарына юридикалык жана социалдык маселелерде жардам бере турган мыйзамдар менен программалар кабыл алынарын айтты. Канатбек Исаев ошондой эле айрым мамлекеттер менен кош жарандык боюнча келишим түзүүгө умтуларын айтты. Партия лидери белгилегендей, бул башка өлкөнүн жарандыгына ээ болгон кыргызстандыктардын өз саясий укуктарынан айрылбай мамлекеттик кызматтарда эмгектенүүсүнө жол ачат. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 4-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 12:30 06-09-2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

"Замандаш" партиясынын мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда аравандыктардын көздөрүнө жаш толду

"Замандаш" партиясынын мүчөлөрү үгүттөө иштеринин экинчи күнүндө ордолуу Ош облусуна келишти. Алгач ыйык Сулайман-Тоого барып, куран түшүрүп, Араван районуна карай сапар алышты. Араван районунун тургундары талапкерлерди жылуу тосуп алышты. Жолугушууга үч жүздөн ашуун жергиликтүү тургундар катышкан. Жолугушууга келген партиянын лидери жана бардык талапкерлер сөз сүйлөп, шайлоочулардын суроолоруна жооп беришти. Суроолор көбүнчө партиянын программасы жөнүндө болду. Эң алгач Жеңиш Молдокматов шайлоочуларга талапкерлер жөнүндө кенен маалымат берди. "Биздин партияда ар кандай кесипкөй адамдар бар. Ар кимиси өздөрүнүн кесиптерин мыкты билишет, жогорку деңгээлдеги ийгиликтерди багынткан инсандар. Башталган иштерди аягына чыгарыш үчүн парламентке аттанышты", - деп билдирди партиянын лидери. Ошондой эле Жеңиш Молдокматов партиянын кылган иштери жөнүндө кенен айтып берди. Орус мамлекетинде жашаган 17 жаштагы мигрант кыздын жансыз денесин энеси өз мекенине кайтара албагандыгы жөнүндө кайгылуу окуяны айтып берди. Молдокматовдун айтымында, кыздын энеси ар кандай уюмдарга бир нече жолу жардам сурап кайрылган. Жеңиш Молдокматов бул окуяны угаар замат жардам берүүнү чечкен. Мигрант болуп жүрүп каза болгон кыздын сөөгүн алып келген учурду партиянын лидери көзүнө жаш алып эстегенде, чогулган элдин да көздөрүнө жаш толду. Аткаруучу: "Замандаш" саясий партиясынын маалыматтык штабы. Дареги: Бишкек шаары, Жал кичи району 23, 28 Кардар: "Замандаш" саясий партиясы. Нускасы: 4, 2020-жылдын 4-сентябрында өндүрүлгөн. "Замандаш" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Гүлнара Буларбековна тарабынан төлөнгөн (Күбөлүк №97, 10.08.2020-жыл). 16:25 05-09-2020

Подробнее
4 сентября 2020 г. 20:45

Бүгүн “Бир Бол” саясий партиясы үгүт кампаниясын “Тазалан!” экологиялык акциясы менен баштады.

Бүгүн “Бир Бол” саясий партиясы үгүт кампаниясын “Тазалан!” экологиялык акциясы менен баштады. “Биз бийликтин бардык бутактарында жаңылануу жана тазалануу үчүн күрөшөбүз. Биздин команда таза, жаратман жана тилектерибиз бийик, сезимдерибиз аруу мекендештерибизден турат. Коомдун бардык катмарында тазаланууга муктаж жагдайлар бар. Бүгүнкү иш-чарабыз тазалануу менен жаңылануунун башаты. Биз жеңебиз”, - деди Алмамбет Шыкмаматов #БирБол #БизДаярбызСенчи #Тазалан #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
4 сентября 2020 г. 20:51

БИР БОЛ, ЭЛИМ!

БИР БОЛ, ЭЛИМ! Сөзү, обону: Ислам Сатаров 1. Эркибиз бар эрөөлдөрдө курчуган, Ээ-жаа бербей эт жүрөктү булкуган. Билимдүүлөр биригүүчү кез келди, Улуу элдин үмүт арткан журтунан. 2. Ынтымактын өрнөк кылып башатын, Ыйык Мекен кылымдарга жашасын! Токтото албайт бизди чектер, тардыктар, Ток пейилдүү элдин алсак батасын! Кайырма: Бир бол! Бир бол! Улуу жолго кадам койгон сапарда, Бир бол! Бир бол! Максат коюп кошул биздин катарга! Бир бол! 3. Жаштар келди колдоп-коштоп бир бирин, Билсин элдер кыраандардын кимдигин. Өрнөк болуп арттан келген урпакка, Өнүгүүчү мезгил болсун күн бүгүн! 4. Тоскоолдуктар тоссо дагы ар жактан, Тоодой максат койдук жолдон тайбастан. Чынжырларын жулуп акыр жалгандын, Чындык гана жеңип чыгат кармаштан. #БирБол #БизДаярбызСенчи #Тазалан #Шайлоо2020 #Выборы2020 Воспроизвести сейчас -3:47 Дополнительные визуальные настройки Запустить «Все в одном окне»Нажмите для увеличения Включить оповещения Возобновить видео Подробнее birbol.kg

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:05

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы үгүт кампаниясын нөлдүк чакырымдан баштоону чечти. Тактап айтканда, бүгүн Бишкектин так ортосунда жайгашкан эски почтамт Кыргызстандагы жол аралыгын ченөөдөгү башкы чекит болуп эсептелди.

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы үгүт кампаниясын нөлдүк чакырымдан баштоону чечти. Тактап айтканда, бүгүн Бишкектин так ортосунда жайгашкан эски почтамт Кыргызстандагы жол аралыгын ченөөдөгү башкы чекит болуп эсептелди. Так ошол жерге боз үй тигилип, расмий түрдө үгүт кампаниясына старт берүү үчүн Кыргызстандын бардык аймактарынан талапкерлер келип катышты. Талапкерлердин баары кыргыздын салтын улап, ак сакалдуу атадан бата алышты. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясын баштаган топ чечкиндүү түрдө жакшы жакка өзгөрүүнү каалап, "Биз жеңебиз! Биз менен эл жеңишке жетет!" деген ураан менен парламенттик шайлоого карай багыт алышты. “Мекеним Кыргызстан” партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты болсун! *** Мы решили начать свою агитационную кампанию с нулевого километра. Это точка отсчета дорожных расстояний в Кыргызстане, расположенная в центре Бишкека на месте старого почтамта. Именно к ней, кандидаты со всех областей Кыргызстана прибыли в столицу, чтобы дать официальный старт избирательной кампании. Символичным стал сбор юрты, ведь главный посыл партии - это созидание и надежность. Команда «Мекеним Кыргызстан» решительно настроена на изменения к лучшему. Победа будет за нами! С нами народ!

Подробнее
5 сентября 2020 г. 13:18

Бир Бол" саясий партиясынын эң жаш талапкери Нурсултан Кубанов:

“Бир Бол” партиясында өз ишин мыкты билген кесипкөйлөр, тажрыйбасы мол адистер топтолгон. Буга чейин жалпы команда менен бирге пландарды, программаларды талкуулаганбыз. Баарыбыздын максатыбыз, идеяларыбыз бир”

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:16

Экөө жалпы баалуулуктарды тутунушат жана эң жогорку эки сапатка ээ.

🙏🏻Экөө жалпы баалуулуктарды тутунушат жана эң жогорку эки сапатка ээ. Ал- жогорку адеп-ахлактык, тубаса лидерлик. Экөө бири-бирине эриш-аркак. Бири-бирине жардамчы☝🏻 Экономиканын абалы дагы адамдардын ички баалуулуктарынын чагылышы. Экөөнү тандаганыңыз- экономиканын өсүшүн тандаганыңыз! . 🙏🏻Они исповедуют общие ценности и сочетают в себе два незыблемых качества - высокую нравственность и прирожденное лидерство, непоколебимое достоинство☝🏻 Они являются помощниками друг другу, ведь состояние экономики - это отражение внутренних ценностей людей.

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:30

Республика”: Президент институту жок болот!

Республика”: Президент институту жок болот! Кыргызстанда акыркы төңкөрүштөргө президенттик бийлик себеп болгон. Ошондуктан, келе жаткан парламенттик шайлоодо “Республика” партиясы президенттик институт....

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:32

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы үгүт кампаниясын нөлдүк чакырымдан баштоону чечти.

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы үгүт кампаниясын нөлдүк чакырымдан баштоону чечти. Тактап айтканда, бүгүн Бишкектин так ортосунда жайгашкан эски почтамт Кыргызстандагы жол аралыгын ченөөдөгү башкы чекит болуп эсептелди. Так ошол жерге боз үй тигилип, расмий түрдө үгүт кампаниясына старт берүү үчүн Кыргызстандын бардык аймактарынан талапкерлер келип катышты. Талапкерлердин баары кыргыздын салтын улап, ак сакалдуу атадан бата алышты. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясын баштаган топ чечкиндүү түрдө жакшы жакка өзгөрүүнү каалап, "Биз жеңебиз! Биз менен эл жеңишке жетет!" деген ураан менен парламенттик шайлоого карай багыт алышты. “Мекеним Кыргызстан” партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты болсун!

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:33

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрагасы Мирлан Бакировдун эгемендик майрамы менен кутттуктоосу:

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрагасы Мирлан Бакировдун эгемендик майрамы менен кутттуктоосу: Урматтуу элим, мекендештер, баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бул күн биз үчүн, эркин элибиз үчүн өзгөчө улуу күн, улуу майрам. Эгемендик — биздин башкы байлыгыбыз, ал мамлекеттүүлүктүн жана өнүгүүнүн өзөгү. “Мекеним Кыргызстан” партиясы мамлекетибизге гүлдөгөн өсүп-өнүгүү жана жаркын келечек, ар бир жаранга чың ден соолук, бардар турмуш, мекенге болгон чексиз сүйүү жана өз өлкөсү менен дайыма сыймыктанып жүрүүнү каалайт. Биз биргеликте эгемендигибизди чыңдап, өркүндөп-өсүү жолуна өлкөбүздү чогуу алып өтөбүз. Эгемен күнүң кут болсун, касиеттүү Мекеним — Кыргызстан!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники