О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 2:17

Шайлоого аттанган аткаминерлер (Тизме)

Алдыдагы парламенттик шайлоого азыр иштеп жаткан жана кызматынан жаңы бошонгон бир катар аткаминерлер аттанды. Иштеп жаткан аткаминерлердин шайлоого бараткандыгына байланыштуу ыйгарым укуктарын аткаруусу токтотулду. Алардын аттарын атай кетели. Президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу Турдуназир Бекбоев парламенттик шайлоого аттанды. Президенттин Жогорку Ке ң ештеги ыйгарым укуктуу ө к ү л ү Курманбек Дыйканбаев парламенттик шайлоого талапкер катары катышууга аттанды Вице-премьер-министр Аида Исмаилова да шайлоого талапкер болот. Мамлекеттик спорт комитетинин директору Канат Аманкулов “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен. шайлоого катышат. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башчысы Мелис Турганбаев“Замандаш” партиясы менен шайлоого аттанат. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров аттанды.Улукбек Кочкоров “Биримдик” партиясынын тизмесинде 2- болуп турат. Борбордук шайлоо комиссисяныны мүчөсү Назарали Арипов “Республика “ партиясынын тизмеси менен шайлоого барат (кызматынап кетти). Ибрагим Жунусов Өзбекстандагы элчи “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого аттанды. Данир Иманалиев Ысык-Көл районунун экс-акими “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барат. Сууресурстары агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев шайлоого аттанды. Бакытбек Дүйшембиев — «Бишкек суу канал" чарбасынын экс-директору да шайлоого талапкер. Татьяна Кузнецова, Бишкек шаарынын экс-вице-мэри да шайлоого аттанды. Сүрөттөр: Интернет булактарынан.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Активисттер «Кыргызстан» партиясынын арызын канааттандырган сот чечимине каршы митинг өткөрүшөт

28-августта «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы жазган арызын канааттандырган Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы митинг ө т ө т . «Чоң казат» партиясынын лидери Сыймык Жапыкеев «олигархтар кайрадан жеңишке жеткенин» билдирди. Анын айтымында, алар сот чечиминин жокко чыгарылышын талап кылышат. Активист Улан Үсөйүн мөөнөтсүз митинг уюштурууга чакырды. «Ата Мекен» партиясынан талапкер Тилек Токтогазиев «Кыргызстан» партиясын шайлоого катыштырбоо тууралуу БШКнын чечими мыйзамдуу болгон деп эсептейт. «Биз мыйзамдуулук үчүн чыгып жатабыз. Соттун чечими «эгер документтерди ыйгарым укуктуу өкүлү алып келбесе, партия каттоого алынбайт» деп жазылган конституциялык мыйзамга каршы келет», — деди ал. 27-августта Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы жазган арызын канааттандырган. Сот чечимине ылайык, боршайком эми партиянын документтерин кабыл алышы керек. БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарлаган. Бирок шарттарды бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган. Буга документтерди кечигип тапшыруу жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн келбегенине байланыштуу себептер негиз болгон. Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:18

Темир Сариев “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан да “ойт берип” шайлоого аттанбай калды (видео)

Саясатчы Темир Сариев шайлоого катышпай тургандыгын айтты. Ал мындай чечим кабыл алуу оңойго турбагандыгын фейсбуктагагы баракчасына жарыялаган видеосунда айтылат. Белгилей кетсек, Темир Сариев буга чейин “Ата Мекен” партиясы менен бириккен. Ал эми көп өтпөй андан чыгып күзүндө өтө турган шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын туусу астында барарын айткан. Айрым маалыматтарга таянсак, “Бүтүн Кыргызстан” партиясында тизме түзүүдө пикир келишпестиктер жаралганы айтылууда. Мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов дагы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кошулган. Бирок ал дагы тизме чырынан улам партиядан чыга тургандыгы айтылды. http://mezgilnews.kg/wp-content/uploads/2020/08/118249872_224371498977278_4274913253346132312_n.mp4 ньюс

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:18

Шайлоо-2020: 24-августта БШКга талапкерлердин тизмесин каттоо аяктайт

Борбордук шайлоо комиссиясы саясый партиялардын КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого талапкерлердин тизмесин көрсөтүүлөрү аяктап жаткандыгын билдирди. 24-августта саат 18:00гө чейин саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү БШКга талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн алып келүүлөрү зарыл. 1) саясый партиянын жетекчисинин колтамгасы, мөөрү коюлуп, талапкерлердин тизмесин көрсөткөндүгү боюнча саясый партиянын чечими; 2) тизмеге кирген талапкердин биографиялык жана башка маалыматын көрсөтүп өз колу менен толтурулган атайын формасы, паспортунун көчүрмөсү, иштеген же окуган жеринен маалымдама, башка мамлекеттин жарандыгына ээ эместиги боюнча маалымат, персоналдуу маалыматтарды иштеп чыгууга кат түрүндөгү макулдугу; Талапкерлердин тизмеси жана талапкер жөнүндөгү маалыматтар БШК бекиткен форма боюнча кагаз түрүндө да, электрондук вариантта берилиши керек 3) шайлоо күрөөсүн кошкондугун күбөлөгөн документ. Он күндүн аралыгында берилген маалыматтарды текшерүү жүргүзүлүп, 4-сентябрга чейин ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо өткөрүлөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:18

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик шайлоодон четтетилди

Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттаган жок. Мындай чечим Боршайкомдун 3-сентябрдагы жыйында кабыл алынды. Бул тууралуу «Т- Медиага» БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди. Партияны шайлоодон четтетүүгө БШКнын мүчөлөрүнүн тогузу «макул», экөө «каршы» добуш беришкен. Буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз келтирилген. Атыр Абдрахматова 17:53тө партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок саат 18:45тен 20:00гө чейинки танаписте долбоор өзгөрүп калганын кошумчалады. «Саат 5те мага жумушчу топтун «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоого алуу сунушу электрондук дарекке келген. Бирок бир сааттык танапистен кийин ал чечимди жокко чыгарып, тескерисинче каттоодон өткөрбөй коюуну сунушташты. «Эгерде жумушчу топ жыйын өткөрүп, ушундай чечимге келген болсоңор анда жыйындын протоколун көрсөткүлө» десем, протокол түзүлгөнүн же ал жоктугун эч ким билдирген жок», — деди Абдырахматова. Абдрахматова аппараттын ишмердүүлүгүнүн баш-аламандыгы жана партиялардын документтерин каттоодогу мүчүлүштүктөр үчүн Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабековага ишенбестик көрсөткөн. Ал мындай катачылыктары үчүн төрайым өз демилгеси менен кызматтан кетиши керек деп эсептейт. Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлерине байланыштуу талаш келип чыккан. Аталган партиянын тизмеси менен шайлоого аттанган Турсунбай Бакир уулу талапкерликтен чыгып калганын билдирип, партия лидери Адахан Мадумаровго кине койгон. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү мыйзам бузулбаганын айтышкан. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн 17 партия документ тапшырган. 4-сентябрга оогон түнү үгүт кампаниясына расмий уруксат берилет.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 17:50

Инновациялык реформаларга мезгил келди!

«Бир Бол» партиясынын шайлоо алдындагы программасы. Инновациялык реформаларга мезгил келди!

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:24

«Кыргызстан» партиясынын документтерин артка кайтаруу сунушу түштү

Жумушчу топтон «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин артка кайтаруу сунушу түштү. Бул тууралуу БШКнын өкүлү Абдыжапар Бекматов жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, партиянын документтерин мыйзамда көрсөтүлгөндөй, расмий өкүлү келип тапшырган эмес −Эльвира Абелдиева өзүн жаман сезгендиктен, келе албай калган. «Мыйзамда көрсөтүлгөн субъект аркылуу берилбегендиги үчүн жумушчу топ кайтарып берүү жөнүндө БШКнын кароосуна сунуш кылды. Борбордук шайлоо комиссиясы отурумунда тийиштүү чечим чыгарат», — деди Бекматов. «Кыргызстан» партиясынын өкүлү Талант Мамытов Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, айрымдардын басымы астында чечим кабыл албоого чакырды. 24-августта «Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин катташ үчүн документ кабыл алуунун мөөнөтүнө байланыштуу чыр чыккан. Документ алып келген өкүлдөрдү каттаган журналда «Кыргызстан» партиясы документ тапшырган убакыт чийилип оңдолуп, 17:59 деп жазылган. Ал эми, «Ата Мекенден» шайлоого аттанган Тилек Токтогазиев БШКнын каттоо журналында партиянын расмий өкүлүнүн кол тамгасы да жок экенин билдирген. Мыйзам боюнча БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну 24-августта саат 18:00дө токтотушу керек. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:24

БШК: «Кыргызстан» партиясы кабылган жагдай кайра каралат

Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерине байланыштуу пикир келишпестиктерди эске алуу менен 25-август күнү саат 14:00дө Жумушчу топтун кеңейтилген жыйналышын өткөрөт. Ага партиялардын, коомчулуктун жана ЖМК өкүлдөрү катышат. БШКдан маалымдашкандай, кечээ, 24-августта 17 партия каттоого документтерин өткөрдү. Учурда берилген документтер Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топ тарабынан изилденип жатат. «Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөлүү чечим чыгарат. Эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен же талапкерлердин тизмесинен ушул талапкерди же талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайыксыздыктарды тапса, шайлоо комиссиясы документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде саясий партияга ушул ылайыксыздыктар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Саясий партия билдирме алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу», — деп айтылат БШК тараткан маалыматта. Документ тапшырган саясий партиялар: 1. «Актив», 2. «Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясы», 3. «Мекен Ынтымагы», 4. «Ата-Мекен» социалисттик партиясы, 5. «Мекенчил», 6. «Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы», 7. «Ыйман Нуру», 8. «Замандаш», 9. «Чоң Казат», 10. «Реформа», 11. «Республика», 12. «Бүтүн Кыргызстан», 13. «Социал-демократтар», 14. «Биримдик» демократиялык партиясы, 15. «Мекеним Кыргызстан», 16. «Ордо», 17. «Кыргызстан».

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:24

БУУ Өнүктүрүү программасы БШКга 2550 планшет берди

БУУ Өнүктүрүү программасы Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 2550 планшет берди. Аны парламенттик шайлоодо участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү маалыматтарды ыкчам алмашуу максатында колдонушат. БШК планшеттер менен мониторлор Кыргызстандын аймагындагы 2420 шайлоо участкаларына жеткирилерин билдирди. Шайлоонун жол-жобосу атайын программа жана тиркемелер түрүндө планшеттерге түшүрүлөт. 2020-2021-жылдарда Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо программасы Япониянын, Германиянын, Швейцариянын каржылык колдоосунда БУУ Өнүктүрүү программасы тарабынан ишке ашырылууда.

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:07

Биздин жүрөктөрдө - Кыргызстан, биздин оюбузда - улуу пландар, сиздердин колуңуздарда өлкөбүздүн келечеги.

Биздин жүрөктөрдө - Кыргызстан, биздин оюбузда - улуу пландар, 🙏🏻 сиздердин колуңуздарда өлкөбүздүн келечеги. Ыймандуу бийлик - берекелүү жашоо! В наших сердцах - Кыргызстан, в наших умах - великие планы, 🙏🏻 в ваших руках будущее нашей страны. Ыймандуу бийлик - берекелүү жашоо!

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:24

Сот БШКны Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДПны каттоого милдеттендирди

Бишкектин административдик соту Сагынбек Абдрахманов башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн жазган арызын карап, канааттандырган чечим кабыл алды. Бул тууралуу Сагынбек Абдрахмановдун өзүнө таянып, «Азаттык» жазды. Анын айтымында, БШК эми КСДПны кайра катташы керек. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов маалыматты ырастап, соттун чечимин алгандан кийин алар өз чечими тууралуу кабар беришерин билдирди. 13-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Абдрахманов жетектеген «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» (КСДП) саясий партиясынын парламенттик шайлоого карата өкүлдөрүн каттоодон баш тарткан. 13-июлдагы отурумунда КСДПнын жетекчиси катары Сагынбек Абдрахмановду көрсөткөн тараптын жана бул партиянын лидери деп мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тааныган тараптын арыздары каралган. Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, эки тараптын соттук териштирүүлөрү аягына чыга элек болгондуктан, бул партиядан өкүлдөрдү каттабай туруу тууралуу чечим 13-июлдагы отурумда кабыл алынган. Ошондон кийин Сагынбек Абдрахманов сотко арыз жазган болчу. Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова убактылуу жетектеп келди. Бул кызматты ал быйыл 27-майда ЖК депутаты Анвар Артыковго өткөрүп берген. Атамбаев баштаган бир топ адамдар Кой-Таш окуясы үчүн айыпталып, соттолууда. Кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт. Ага катышуу ниетин 44 партия билдирди. БШК азыр алардын документтерин текшерип, ошонун жыйынтыгына жараша ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого алып жатат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:24

Жыл башынан бери Токмокто 7 миңге жакын адам каттоого турган

Чүй облусунун үч аймагында шайлоо алдында адамдарды жапырт каттоого байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка караганда, быйыл жыл башынан бери Токмок шаарында 6 745 адам каттоого турду. Текшерүүнүн натыйжасында алардын айрымдары үй ээсинин макулдугусуз, тиешелүү документтери жок эле туруктуу катталганы, кээ бир даректер боюнча 150дөн ашык адам каттоого алынганы аныкталды. Жергиликтүү каттоо кызматынын айрым кызматкерлерине карата Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды. Ушул эле берене менен эки миңдей адамды Токмок шаарына каттаган Кемин жана Аламүдүн райондорунун паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине карата тергөө жүргүзүлө баштады.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:24

Боршайком: аймактык шайлоо комиссияларынын резервинин жана курамын түзүү боюнча чүчүкулак өткөрүлөт

2018-жылдын 14-февралында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында саясий партияларынын өкүлдөрүнөн аймактык шайлоо комиссиясына каралган мүчөлөрүнүн санынан ашыкча сунушталган боюнча чүчүкулак өткөрүлөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет. Аймактык шайлоо комиссиялары эки жылдык мөөнөткө түзүлөт. «Аймактык шайлоо комиссиясы тийиштүү комиссиясынын резервинде турган адамдардан он бир мүчөдөн кем эмес, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. Эгерде саясий партиядан аймактык шайлоо комиссиясынын каралган мүчөлөрүнүн санынан ашыкча сунушталган учурда, анда тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрөт. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын курамына кирбеген саясий партиялардын өкүлдөрү, саясий партиялардан шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда чыккан учурда, бош орунду ээлөө үчүн саясий партиялардын резервин түзөт», – делет билдирүүдө.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:38

Жакшылык Матанов

Жакшылык Матанов: "Замандаш" партиясы шайлоо алдында гана пайда боло калган жок. Аны элибиз жакшы билет

Подробнее
4 сентября 2020 г. 20:32

Бүгүнкү Кыргызстан — алсыз бийлик, кембагал эл, алкымы чоң аткаминер, башаламан коом.

Бүгүнкү Кыргызстан — алсыз бийлик, кембагал эл, алкымы чоң аткаминер, башаламан коом. Сабырыбыз түгөнүп, элибиз өзгөрүүнү эңсеп турат. Бизди чоң күрөш күтөт, бул абийир менен акчанын күрөшү. Бул күрөштө байлык эмес, чындык жеңет. Бизге «Жаңы дем» керек. Биз, бир муштумдай бириктик. Өлкөнүн өнүгүүсү өз колубузда.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники