О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 2:09

Саакашвили Грузияга кайтып, парламенттик шайлоого катышарын айтты

Грузиянын мурунку президенти Михаил Саакашвили өз өлкөсүнө кайтып, парламенттик шайлоого катышарын билдирди. Ал видео кайрылуусунда учурда жашап жаткан Украинаны «экинчи үйүм» деп атап, украин калкына ыраазычылык айтты. Азыркы тапта Украинанын улуттук кеңешинин реформалар боюнча аткаруу комитетин жетектеп турган Саакашвили өз мекени Грузияга кайтууну көздөп жатат. Ал Грузияда жакында боло турган парламенттик шайлоого катышат. «Мен Украинаны студенттик кезден бери эле жакшы көрөм. Эң оор учурда да мени ушул өлкө кучагына алып, мен кандай болсом, ошондой кабыл алды. Мен бул нерсени өтө баалайм», — деген Саакашвили. Саясатчынын айтымында, ал Украинада жашаган 7 жыл аралыгында дайыма Грузиядагы жаңылыктарга көз салып турган. «Мен Грузиянын президенти болуп турганда өтө көп жакшы иштерди жасадым. Бирок кетирген кемчиликтерим да көп болду. Мен 7 жылдан бери сырттан байкоо салып, ошол кетирген кемчиликтерди оңдоо үчүн тажрыйба топтодум. Мындан улам Грузияга кайтып барып, кетирген каталарымды оңдоого аракет кылам», — деп кошумчалаган грузиялык саясатчы. Ал эми учурда Украинада ээлеп турган кызмат орду эмне боло турганы жөнүндө эч кандай комментарий бере элек. Эске салсак, Саакашвили 2013-жылы өз өлкөсү Грузияда кылмыш иши козголгонуна байланыштуу, Украинага барган. Ал украин жарандыгын алып, мурунку украин президенти Порошенконун тушунда Одесса облусунун губернатору болгон. Кийинчерээк досу жана университетте чогуу окуган тайпалашы Порошенко менен пикир келишпестиктерден улам АКШга кеткен. Порошенко аны украин жарандыгынан ажыраткан. Ал эми Украинанын учурдагы президенти Владимир Зеленский бийликке келген соң, Саакашвилиге украин жарандыгын кайра берип, аны өлкөнү өнүктүрүү боюнча реформа комитетинин жетекчиси кылып дайындаган.

Подробнее
5 сентября 2020 г. 16:20

"Замандаш" партиясынын үгүт кампаниясынын 2-күнү ыйык Ош шаарында уланууда.

"Замандаш" партиясынын үгүт кампаниясынын 2-күнү ыйык Ош шаарында уланууда. На второй день команда партии “Замандаш”отправилась в город Ош.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

“Мекенчил” Нарында! Ташиев: “Чоңдордун балдарын армияда кызмат өтөсүн деп мажбурлайбыз”

Бишкек, "Саясат. kg". К. Ташиев: Муну мамлекеттин эң биринчи приоритети катары кабыл алышыбыз зарыл. “Мекенчил” партиясы чек ара маселесин чечүүнү өкмөттүн алдына негизги приоритет катары коёт. Бул тууралуу саясий партиянын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 5-сентябрдагы Нарын эли менен жолугушуу учурунда билдирди. “Барган сайын жер тилкелеринин баасы кымбаттап барат. Мындан улам, биз чек араны негизги маселелеринин бири катары көтөрүшүбүз керек. Мамлекетибиздин кайсы жери болбосун, бир метр жерди, керек болсо, бир ташын да башкаларга бербегендей болушубуз шарт. Муну мамлекеттин эң биринчи приоритети катары кабыл алышыбыз зарыл. Ошондой эле, Коргоо министрлигин кайрадан түзүшүбүз керек, ден-соолугу таза балдарды армияга милдеттүү жөнөтүшүбүз шарт. Мындан тышкары мамлекеттик кызматка кирип, ант берген ар бир жогорку кызматкердин балдарын сөзсүз түрдө армияда кызмат өтөөсүнө милдеттендиришибиз керек. Булар кимдер? Алар соттор, депутаттар, министрлер, президент, премьер-министрлер. Өкмөт башчынын баласы жөнөкөй жарандардын балдарындай аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөсүн. Мыйзам менен аларды ушуга мажбурлашыбыз керек. Кээ бир атка минерлер бала чакасынын кызмат өтөп жүргөнүн айтышат, бирок, алардын балдары үйлөрүндө эле жаткан болушат. Бул эч кимге жашыруун эмес”,- деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

“Мекенчил” Ак-Талаада. К. Ташиев: "Мекенчил" добуш сатып албайт, парламентке элдин таза, адал тандоосу менен барабыз!

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ак-Талаа районуна барды. Добуш сатууда – кайсы бир партия менен эмес, өз тагдырыбыз, келечегибиз менен соодалашып жатканыбызды түшүнүшүбүз керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 6-сентябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушууда билдирди. “Сабатсыз парламент деп какшап жүрөсүздөр. Андай депутаттар кайрадан келбеш үчүн кылдат тандоо жасаш керек. Бүгүн тигил же бул партиядан алган акчаңар эртең балдарыбыздын, мамлекеттин кендирин кесе турганын билип турабыз. Улуу аалымыбыз, маркум Чубак ажы да айткан, катуу айткан, ачуу айткан, бирок кыргызга жетсин деп айткан. “Добуш сатып алган акча - арам”, - деген. Ал акчага балдарыңарга алып берген тамак-ашыңар, кийим-кечегиңер арам деген. “Мекенчил” партиясы добуш сатып албайт. Бир добуш берсеңер да таза, адал добуш беришиңерди суранабыз. Парламентке барсак, ар бириңердин чын жүрөгүңөр менен берген таза добушуңар менен барууну каалайбыз”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

“Мекенчил” Ат-Башыда. Камчыбек Ташиев: 2010-жылы кабыл алынган Конституция мамлекетте жоопкерчиликсиз органдарды пайда кылды

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ат-Башы районуна барды. Конституцияда бекитилген мамлекеттик башкаруу жоопкерчиликсиз органдарды пайда кылды. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ат-Башы районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. Ал белгилегендей, Конституцияны алмаштырып, мамлекеттик башкарууну бир жактуу кылуу зарыл. “2020-жылга чейин Конституция өзгөртүлбөйт деп бекитилген. 2020-жыл да келди. Он жыл аралыгында 2010-жылы кабыл алган, учурда иштеп жаткан Конституция туура эместиги далилденди. Бири парламенттин, бири өкмөттүн, бири президенттин оозун караган жоопкерчиликсиз органдар пайда болду. Ошондуктан, Баш мыйзамды өзгөртүүгө барып, бир жактуу башкарууну киргизүү керек. Бир гана мамлекет деген орган болушу шарт. Ал орган жарандардын жашоо-турмушун жакшыртып, өлкөнү өнүктүрүүнү гана жолго койбостон, коррупционерлерди, мамлекеттин байлыгын талап-жегендерди бүгүнкүдөй тайраңдатпай, жоопкерчиликке тартууну да колго алуусу зарыл. Коррупцияга баткан адамдар токтобойт, алар өмүр бою тоношот, көздөрү топуракка толмойун, көкүрөктөрү тойбойт. Эмнеге элим-жерим, акыйкаттык деген адамдар түрмөдө отуруп, а мамлекетти тоногондор бийликте жүрүшү керек?” – деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

Парламентке аттангандардын 1912 талапкердин 618и аялдар болду

Катталган 1912 талапкердин 618и аялдар. Бул жалпы талапкерлердин 32,32% түзөт. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлануучу 1912 талапкерди каттады. Алар 15 саясий партиянын тизмеси менен сунушталган. БШКнын маалыматына караганда, жалпысынан саясий партиялар 1957 талапкерди сунуш кылган. Мунун ичинен 45 талапкер жарышка түшүүдөн өз каалоосу менен баш тартты. Катталган 1912 талапкердин 618и аялдар. Бул жалпы талапкерлердин 32,32% түзөт. 1. «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери» партиясы 78 талапкер көрсөттү. Анын ичинде 45и эркек, 33ү аял. 2. «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан 150 талапкер катталды. Анын 101и эркек, 48и аял. 3. «Ата Мекен» социалисттик партиясы 150 талапкер көрсөткөн. 100ү эркек, 50сү аял. 4. «Мекенчил» партиясынан 92 эркек, 44 аял талапкер катталды. 5. «Бир Бол» саясий партиясынан 108 талапкер катталды. Анын 108и эркек, 68и аял. 6. «Ыйман Нуру» партиясынан 101 талапкер катталса, анын 31и аялдар. 7. “Замандаш” саясий партиясынан жалпы 156 талапкер катталды, алардын 49у аялдар. 8. «Чоң Казат» партиясынан 81 талапкер катталды, 24ү аялдар. 9. «Реформа» саясий партиясынан 84 талапкер көрсөтүлгөн, 29у аялдар. 10. «Республика» саясий партиясынан 116 талапкердин ичинен 50сү аялдар. 11. «Социал-демократтар» партиясы 101 талапкер сунуш кылган, алардын 34ү аялдар. 12. «Биримдик» демократиялык партиясы 200 талапкер көрсөткөн, алардын 60ы аялдар. 13. «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы да 200 талапкер сунуш кылган. Алардын 60ы аялдар. 14. «Ордо» саясий партиясынан 101 талапкер көрсөтүлсө, 32си аялдар. 15. «Кыргызстан» саясий партиясынан 102 талапкер, 34ү аялдар. Булак: Элгезит

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

Шайлоо 2020: Бишкек прокуратурасы административдик кысым болгонун аныктады

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын №12 аймактык башкармалыгынын башчысы Темир Касымов шайлоо алдында административдик басым кылган деп аныктады. Касымовдун үстүнөн "Реформа" саясий партиясы ал өзү жетекчилик кылган аймакта "Биримдик" саясий партиясынын пайдасына үгүт жүргүзгөн деп айыптап, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылган. БШК "Реформанын" дооматын прокуратурага жолдогон. Прокуратура иликтөөдө чогулган материалдарды Жоруктар кодексинин 87-беренеси ("Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу") боюнча бирдиктүү реестрге каттады. Учурда иш Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилип, сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Борбордук шайлоо комиссиясы 3-октябрь күнү шайлоого 15 саясий партияны талапкер кылып каттады. 4-сентябрдан тарта шайлоого талапкер партиялар үгүт иштерин баштады. Булак: Азаттык

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

Шайлоо - 2020. Парламенттеги орун үчүн 15 партия күрөшөт

Шайлоого утурлай кирбей калган эки саясий бирикме БШКнын чечимине бүгүн түшкө чейин даттана алышат Бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери расмий башталат. Кечээ БШК партиянын тизмесин каттай турган акыркы күн болду. Натыйжада, шайлоо алдындагы жарышка 15 партия катышат: Биримдик, Мекеним Кыргызстан, Социал-демократтар, Ата Мекен, Замандаш, Бир Бол, Афганистан согушунун ардагерлеринин саясий партиясы жана башка жергиликтүү тургундар аскердик согушка катышкандар ​​"," Мекенчил "," Ордо "," Республика "," Мекен Ынтымагы "," Ыйман Нуру "," Кыргызстан "," Чоң Казат "," Реформа ". Ошол эле учурда БШК Vesti.kg сайтына шайлоого киргизилбеген “Бүтүн Кыргызстан” жана “Актив” партиялары түшкө чейин комиссиянын чечимине даттанууга убакыт бар экендигин билдирди. "Алар Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы, бүгүн саат 12: 30да өтө турган чүчүкулак башталганга чейин даттана алышат", - деп билдиришти комиссиядан. Булак: vesti.kg

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

Сыймык Бейшекеев: Баарына каршы добуш берем, келечекке кедергим тийбесин

Ал мындай аракетин азыркы партияларга ишенбестигин жана келечекке кедергисин тийгизгиси келбегендиги менен түшүндүргөн. Белгилүү ырчы Сыймык Бейшекеев парламенттик шайлоодо бюллетендеги “баарына каршы” графасын тандай турганын инстаграм баракчасына жазды. Ал мындай аракетин азыркы партияларга ишенбестигин жана келечекке кедергисин тийгизгиси келбегендиги менен түшүндүргөн. “Бүгүн эми 1 ай бою гүлдөтөбүз кыйратабыз, биз менен гана силердин келечек түптөлөт деген кесмелер ариясы айтылып, калп токуучу комбинаттар дүрүлдөп ишке кирди. Эгер жалдырап дагы деле алардын оозун карап башыбызды ийкей берсек анда иштин бүткөнү, шорго малынганыбыз болоор, ойлон кыргыз, ойгон эми, мен болсо бюллетендеги баарына каршы деген жерин тандадым, келечекке кедергим тийбесин. Шайлоо шайлоо шардана шайлоо болоор Шапар тепкен, ооз мурунду майлоо болоор Сунушталган долбоорлорун угуп турсаң Суусамырдай уч кыйырсыз жайлоо болоор Бүгүн туура чечим кылып ойлонбосок Бүктөп кайрып колу бутуң байлоо болоор”, – деп ыр менен жыйынтыктаган билдирүүсүн. Булак: reporter.kg

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

Адахан Мадумаров БШК менен соттошот

Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды. Адахан Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоодон четтетилишин «саясий чечим» деп сыпаттап, сотко кайрыларын айтты: «Колубузду кууштуруп отуруп калбайбыз, укуктук талаада күрөшүүгө даярбыз». Кечээ, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого каттабай койду. Буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова алгач партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок танаписте ал тымызын өзгөртүлгөнүн айтты. Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды. Жумушчу топ ал документти көрсөтө албады. Булак: Элгезит

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

БШК 15 партияга шайлоого катышууга уруксат берди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоого алды.Алар – «Мекен Ынтымагы», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Социал-демократтар», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Ордо», «Кыргызстан», «Бир Бол», «Замандаш», «Ата Мекен» партиялары жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы».Ал эми «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларына саясий жарышка катышууга уруксат берилген жок.Партиялар 24-августта документтерин тапшырып, БШК бир жума бою талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерди.Эреже бузган деген негизде «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган, бирок бул партия сотто БШКны утуп алган.БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү боюнча жыйындарын 2-3-сентябрда өткөрдү. 4-сентябрда партиялардын үгүт иштери башталат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берет

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынан шайлоого аттанып, бирок жыйындан кийин тизмеден алынган Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) сотко бере турганын «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, арыз 4-сентябрда Бишкектин административдик сотуна берилет.«БШКнын менин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын үстүнөн жазган арызыма карата чыгарган чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылып жатам. 2-сентябрда БШК менин арызымды карап, «сотко кайрылсын» деген чечим чыгарды. Алар менин маселемди чечиштин ордуна сотко түртүп коюшту», – деди ал.«Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратканын айткан Бакир уулу партиянын отурумунан кийин талапкерликтен чыгып калганын билдирген. Ал «жыйындын чечимин өз алдынча бурмалоого жол берген» деп партия лидери Адахан Мадумаровду айыптап, Боршайкомдон жыйында кабыл алынган тизмени калыбына келтирүүсүн талап кылууну өтүнгөн.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Депутаттар үгүт иштерине байланыштуу шайлоого чейин тыныгуу алышты

Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейин аймактарда шайлоочулар менен иштей турган болду. Тиешелүү токтом парламенттин бүгүн, 3-сентябрда өткөн сессиясында кабыл алынды.2-октябрга чейин парламенттин жыйындарын токтото турууну спикер Дастанбек Жумабеков сунуштады. Ал муну азыркы алтынчы чакырылыштын депутаттарынын көпчүлүгү алдыдагы парламенттик шайлоого катыша турганы менен түшүндүрдү. Жогорку Кеңештин трибунасын үгүт иштери үчүн колдонбоо үчүн жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү керек деп негиздеди. Депутаттар спикердин сунушун колдоду.Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кайсы партиялар шайлоого барарын 3-сентябрдан калбай жарыялоого тийиш.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Шайлоо-2020: Башкы прокуратура мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында штаб түздү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” №139 ПЖ Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун тескемеси менен прокуратура органдарын алдыда өтүүчү шайлоого даярдоого Башкы прокуратуранын Штабы түзүлгөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.Маалыматка ылайык, ушул сыяктуу штабдар республиканын аймактарындагы прокуратураларда да түзүлгөн.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү боюнча бир катар уюштуруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө жана бул туурасында облустук, шаардык жана райондук прокурорлорго да тийиштүү тапшырмалар берилген.“Азыркы учурда, прокурорлор тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-булактарындагы билдирүүлөргө жана жарыяларга мониторинг жүргүзүлүп, ошондой эле келип түшкөн арыздар жана кайрылуулар мыйзам талаптарына ылайык каралууда.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 43-бер. 4-б. ылайык, прокуратура органдары аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөйт, ошондой эле административдик жана жазык жоопкерчилик каралган мыйзамдарга ылайык алардын иш-аракеттерине карата арыздарды (даттанууларды) карай тургандыгын маалымдайбыз”, – деп айтылат малыматта.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Орусиядагы кыргыздардын шайлоого катышуу маселеси талкууланат

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандарына кайрылды. Анын «Фейсбук» баракчасындагы маалыматка караганда, 2-сентябрда Моква убактысы боюнча күндүзгү саат 15.00дө (Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18.00дө) чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрү менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн онлайн жолугушуусу өтөт. Анда Орусияда жүргөн кыргыз жарандары үчүн 4-октябрда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу маселе каралат. Жолугушууга катышууга кызыктар болгон жактар төмөнкү шилтеме аркылуу катталса болот: https://forms.gle/jTrk71BhTUf4CpfR7 https://undp.zoom.us/j/92837703941. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен, Орусиянын аймагында 11 шайлоо тилкеси бекитилген. Даректери: 1 жана 2. № 9001 жана № 9005 шайлоо тилкелери – КРнын Москва шаарындагы Элчилигинде; 3. № 9002 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы кеңсесинде; 4. № 9003 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы Элчилигинин Красноярск шаарындагы кеңсесинде; 5. № 9004 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы Элчилигинин Владивосток шаарындагы кеңсесинде; 6. № 9006 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы элчилигинин Якутск шаарындагы кеңсесинде; 7. № 9007 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсесинде; 8. № 9009 шайлоо тилкеси — Екатеринбург шаарындагы КР Башкы консулдугунда; 9. № 9010 шайлоо тилкеси — Новосибирск шаарындагы КР Башкы консулдугунда; 10. № 9013шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы кеңсесинде; 11. № 9014 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы элчилигинин Сургут шаарындагы кеңсесинде.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники