О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 1:30

50 эл аралык байкоочу шайлоонун ишине көз салышат

Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабекова Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги Парламенттер аралык Ассамблеясынын Башкы катчысынын орун басары Нурбек Сатвалдиев менен жолугушуп, өлкөдө боло турган парламенттик шайлоону талкуулады. Нурбек Сатвалдиев узак мөөнөттүү мониторингдин алкагында негизинен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн парламенттеринин мүчөлөрү болгон эл аралык байкоочулар Кыргызстандын аймактарын кыдырып, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын иши менен таанышып, саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушаарын билдирди. Жалпысынан 50 байкоочу жиберилет. Алар Санкт-Петербург, Москва, Минск жана Баку шаарларындагы чет элдик участкалык шайлоо комиссияларынын ишине көз салышат. Эске салсак, 2015-жылы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясынын 32 адамы Жогорку Кеңештеги шайлоону байкаган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:30

Азимбек Бекназаров: “Шайлоого чыныгы мекенчилдер аттанган жок”

Урматтуу президент , чыныгы улут лидери, мамлекет башчысы, мамлекеттин атын алып жүргөн улуттун кызыкчылыгы үчүн бир улутчул-мекенчил партияны ар дайым парламентте алып жүрөт. Бул дүйнөлүк практика. Мисалы, Россияда эмне үчүн Путин Жириновскийди парламентте кармап жүрөт? Анткени, анын оозу менен орустардын кызыкчылыгы корголот, башкалар кодуланат. Сиз дагы коомчулукта айтылып жаткан үч партияныздын бирин улутчулдардан түзсөңүз, сизге эле аброй болмок. И.Раззаковго окшогон, улутчул адамдардан түзүлгөн партиялар гана, сырткы саясый күчтөргө каршы туруп, кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, салтуу мусулманчылыгын, маданиятын, тарыхын, жер-суусунун бүтүндүгүн, кен-байлыктарын, мамлекеттин эгемен, көз карандысыздыгын бир бүтүн саясый идеологияга бириктири,п сырттан каржыланган партиялардан, саткын президент, депутат, өкмөттөн, үй-бүлөлүк партиялардан коргоп, улуттук кадрлардын, мекенчилердин көбөйүшүнө таасир бермек. Улуттук, укуктук Кыргызстан ушундай бир бүтүн улуттук идеаларга бириктирилүүгө муктаж. Мисалы жалаң төш Баяс Туралга окшогон улутчул илимпоз, окмуштуулардан, Аалыга окшогон акындардан, Абыкеевге окшогон жазуучулардан, Айбек Мырзага окшогон мекенчил жаштардан, Анаркулов, Назаралиевге окшогон журналисттерден, Кошалиевге окшогон курултайчылардан, кыргыздын желегин желбиретип дүйнөлүк спорт, маданий иш чараларда көтөрүшүп жүрүшкөн уул-кыздарыбыздан кантип бир партия чыгарса болбосун?! Андайлар жүздөп саналат, мына элдин башына түшкөн таажы апаатында кимдер ыктыярчылар болушту, чыныгы мекенчилдер гана ..,- деп Азимбек Бекназаров билдирди.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

БШК шайлоого катыша турган партияларды аныктады

Борбордук шайлоо комиссиясы 2-сентябрда шайлоого катыша турган партиялардын тизмесин каттоо боюнча жыйын өткөрүп, “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”, “Замандаш”, “Бир Бол”, жана “Ата Мекен” саясий партияларынын тизмесин каттоодон өткөргөн эле. Бүгүн, 3-сентябрь БШКнын жыйыны уланып, төмөндөгү партиялардын тизмеси расмий түрдө каттоодон өттү: "Мекен Ынтымагы”, “Мекенчил”, “Ыйман Нуру” , “Чоң Казат”, “Реформа”, “Республика”, “Социал-демократтар”, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Ордо”, “Кыргызстан”. Маалым болгондой, БШК “Актив” жана “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын тизмесин каттоодон баш тартты. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ал эми шайлоо алдындагы үгүттөө иштери 4-сентябрда башталмакчы.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

"Шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес": Дагы бир саясий партия шайлоо жарышынан четтетилет

Парламенттик шайлоого катышуудан дагы бир саясий партия четтетилет. Бул тууралуу “Медиа центр” маалымат агенттигине БШКнын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Изреков билдирди. Анын айтымында, учурда «Актив» саясий партиясын четтетүү маселеси каралууда. Анткени партия БШКга каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтерди өткөргөн, бирок мөөнөткө чейин (24-август) 5 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес. Ал эми саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо күрөөсү төлөнгөндүгүн, тиешелүү документтер БШКга жакынкы аралыкта берилерин билдиришкен. Бул маселелер БШКнын бүгүнкү отурумунда талкууланмакчы.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду . Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон буйрукка ылайык, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду. Кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:34

Алмамбет Шыкмаматов: Өлкөдө пандемияга байланыштуу өкүнүчтүү окуяларга тиешеси барлар сөзсүз жазаланышы керек

“Пандемия биздин саламаттыкты сактоо системабыз канчалык деңгээлде талкаланып калганын көрсөттү. Биздин мамлекеттин саламаттыкты сактоо тармагында көптөгөн жылдар бою колдонуп келген ыкмасы толугу менен эскирген”. Бул тууралуу Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов билдирди. “Саламаттыкты сактоо системасы учурда инерцияга гана байланып турат. Ошондой эле пандемия биздин өлкөдө кадрдык саясаттын кыйраганын көрсөттү. Карапайым калк оор күндөрдө кыйынчылык менен өздөрү күрөшүп, адамдар өлүп жатканда чиновниктер да, мамлекеттик аппарат дагы жоопкерчиликсиз экенин, кесипкөй эместигин жана алсыздыгын көрсөттү. Буга жооптуу чиновниктер бул убакта ички структуралык териштирүүлөр менен алек болуп, эл аралык жардамдарды ысырап кылып жатышты”,- деп белгиледи ал. А.Шыкмаматов ошондой эле пандемиянын кесепеттерине байланыштуу болуп жаткан окуяларга тиешеси барлардын баарын жазалоо керектигин белгиледи. “Биз объективдүү, калыс комиссия түзүп, ушул тармактагы бардык көйгөйлөрдү табышыбыз керек. Тиешелүү жетекчилер даярдыктарды көрүп, адам өмүрлөрүн сактоонун ордуна башка иштер менен алек болушту”,- деди А. Шыкмаматов. Жыйынтыгында “Бир Бол” партиясынын талапкери жана көп жылдык тажрыйбасы бар саясатчы приоритеттүү милдеттерди белгилеп өттү. «Күчтүү жана катаал чаралар менен гана биз мамлекеттик аппараттын бардык тармактарында болуп жаткан башаламандыкты токтото алабыз. Ал үчүн бизге парламентте ар-намысты, абийирди бардык нерседен жогору койгон эрктүү жаңы күчтөр керек. “Бир Болдун” жаңы лидерлери эч качан бийликтеги саясий топтордун жолун жолдошпойт, алардын туруктуу ички ишенимдери бар. Бул ишенимдерин алар таза абийир менен коргоого даяр»,- деди «Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов. Эске салсак, бүгүн 6-сентябрда “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкерлер Ош шаарында шайлоочулары менен жолугушту. Иш-чара «Киргизия» кинотеатрында өттү. Жолугушуунун алдында талапкерлер жана партиянын жергиликтүү активдери Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде болушуп, зыярат кылып, куран окушту. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 6-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:34

БШК: 15 партиядан депутаттыкка 1912 талапкер катталды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 15 саясий партияга 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга уруксат берди. Бул тууралуу БШК нын маалымат кызматынан билдиришти. Он беш партиядан депутаттыкка жалпы 1 миң 957 талапкерди көрсөтүлдү. Анын 45и өз арыздары боюнча тизмеден чыгарылды. Жалпысынан 1 миң 912 талапкер катталган. 1 миң 912 талапкердин ичинен 618 же 32,32 пайызын аялдар түзөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:34

Салык кызматы партияларды салыктарды убагында төлөөгө чакырды

Мамлекеттик салык кызматы шайлоого катышып жаткан саясий партияларды, аларга кызмат көрсөткөн компанияларды, үгүт иштери менен алектенген адамдарды салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөөгө чакырды. “ Шайлоо учурунда партиялар үгүтчүлөрдү, компанияларды жана башка бир катар адистерди жалдашат. Ошондой эле үгүт материалдарын (китепчелер, плакаттар, баннерлер, кермелер, ММКга макалалар жана роликтер ж.б.) даярдоо, таратуу үчүн массалык маалымат каражаттарын колдонушат. Буга байланыштуу бардык саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүк мезгилинде партиялардын ишине тартылган жеке жактар менен эмгек акысынан киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү төлөө үчүн эмгек мамилесин жол-жоболоштурууга тийиш. Алар үгүтчүлөр, адистер, шайлоо штабдарынын кызматкерлери жана башкалар ”, – деп айтылат маалыматта. Үгүт мезгилинде саясий партияларга кызмат көрсөткөн компаниялар жана фирмалар дагы көрсөткөн кызматтары үчүн (ММКларда жана интернет басылмаларындагы жарнактар, жарнак такталары, ар кандай акцияларды, үгүт иштерин өткөрүү ж.б.) тийиштүү салык жыйымдарын өз убагында төлөөгө милдеттүү.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:37

Парламенттик шайлоону өткөрүүгө 722,9 млн сом сарпталат

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоону өткөрүүгө 722,9 млн сом сарпталат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди. Анын айтымында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу” мыйзамына ылайык шайлоо комиссияларынын чыгымдары үчүн акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнөт. “Ага ылайык 4-октябрдагы шайлоого Борбордук шайлоо комиссиясына 722,9 млн сом каралып, учурда эч кандай каржылык маселелер жок”, – деди ал.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:37

«Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип дароо референдум өткөрүп, депутаттардын санын кыскартат

 Элибиз – эң башкы байлыгыбыз! Мамлекет эл үчүн – бул коомчулуктун суроо-талабына ыкчам жооп берген заманбап мамлекет. Өз жарандарына сапаттуу жана өз учурунда кызмат көрсөткөн мамлекет. Күчтүү жана эффективдүү, ошол эле учурда болушунча ийкем, максатка ылайыктуу жана жөндүү принциптерди активдүү колдонгон мамлекет. «Мекеним Кыргызстан» партиясы мамлекеттик башкарууга эффективдүү механизмди киргизүүгө ынтызар. Биздин сунуш: Мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу, жеке тараптарга аутсорсингге берүүгө мүмкүн болгон керексиз функциялардан арылуу; Оптимизация жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен министрликтер менен ведомстволорду бириктирүү; Көп функционалдуулук принцибин киргизүү. Вице-премьерлер менен тармактык министрликтердин башчыларынын функцияларын бириктирүү. Ушул эле жол аркылуу министрлер менен башкармалыктардын жетекчилеринин функцияларын айкалыштыруу; Мамлекеттик кызмат системасына кадр тандоодо компетенттүүлүк стандарттарына жана коомчулук ишенимине дал келген жаңы механизмдерди киргизүү; Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу. Азыркы учурда ар бир депутатты кармоодо мамлекет жылына болжол менен 6 жарым миллион сомдой чыгымга учурайт. Өзгөчө соңку чакырылыштагы депутаттар ишке каалаганда келип-кетүү, же себепсиз келбей коюу, кнопка басуу (ордунда жоктор үчүн кыдырып добуш берүү), өз оюн таамай айта албагандардын арбындыгы, элдин мүдөө-талабын эске албай, ар кандай кызыкчылыктардын таламын талашуу менен парламенттин беделин кетирип бүттү. «Мекеним Кыргызстан» ушундан улам парламентте депутаттардын саны эмес, сапаты маанилүү деп эсептейт. Кыргыз парламентаризминин акыркы он жылдыктагы тарыхы көп депутат – мыкты парламент дегенди түшүндүрбөсүн далилдеди. Депутаттык корпусту кыскартуу бери дегенде бюджеттик каражатты үнөмдөп, ары дегенде парламент ишмердигинин натыйжалуулугун арттырат. Ошондо партиялар шайлоо тизмесин эптеп толтурбай, ич ара иргеп, тандоого өтөт. Парламентке элдин таламын талашкан, билимдүү, чыныгы элдик лидерлер келишине жол ачылмак. Бул сунуштардын айрымдарын ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү талап кылынгандыктан «Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүү демилгесин козгоп, кол топтоого киришет. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:37

Шайлоо-2020. 15 партиядан депутаттыкка 1 миң 912 талапкер катталды

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышууга 15 партияны өткөрдү. БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, башында аталган партиялар көрсөткөн талапкерлердин саны 1 миң 957 болгон. Алардын ичинен 45и өз арыздарына ылайык тизмеден чыгарылган. Жыйынтыгында депутаттыкка 1 миң 912 талапкер катталган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:37

Салык кызматы шайлоого аттанган партияларды салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөөгө чакырат

Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партияларды, ошондой эле партияларга кызмат көрсөтүүчү компанияларды жана шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартылган адамдарды салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз мөөнөтүндө жана толугу менен төлөөгө чакырат. Шайлоо учурунда партиялар үгүтчүлөрдү жана башка бир катар адистерди жана компанияларды же фирмаларды жалдашат, ошондой эле үгүт материалдарын (китепчелер, плакаттар, баннерлер, кермелер, ММКга макалалар жана роликтер ж.б.) даярдоо, таратуу жана жайгаштыруу үчүн массалык-маалымат каражаттарын колдонушат. Буга байланыштуу парламенттик шайлоого катышып жаткан бардык саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүк мезгилинде партиялардын ишине тартылган жеке жактар менен эмгек акысынан киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү төлөө үчүн эмгек мамилесин жол-жоболоштурууга тийиш. Алар үгүтчүлөр, адистер жана шайлоо штабдарынын кызматкерлери жана башкалар. Үгүт мезгилинде саясий партияларга кызмат көрсөткөн компаниялар жана фирмалар дагы көрсөткөн кызматтары үчүн (ММКларда жана интернет басылмаларындагы жарнактар, жарнак такталары, ар кандай акцияларды, үгүт иштерин өткөрүү ж.б.) тийиштүү салык жыйымдарын өз убагында төлөөгө милдеттүү. Шайлоо алдындагы үгүт ишине катышкан бардык саясий партиялар, компаниялар жана башка уюмдар жана жеке адамдар салык мыйзамдарынын сакталышына карата салык органдары тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынаарын Салык кызматы эскертет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:37

“Биримдик” шайлоодогу үгүт иштерин салтанаттуу баштады

Бүгүн 4-сентябрда алдыдагы парламенттик шайлоонун расмий үгүт кампаниясы башталганына байланыштуу «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясы үгүт иштерин салтанаттуу түрдѳ баштады. Иш-чара Бишкектин Жеңиш аянтында ѳтүп, ага партиянын лидерлери, партиянын аймактардагы мүчѳлѳрү, тарапташтары, партиянын жаштар канатынын ѳкүлдѳрү катышты. Иш-чара алгач партиянын лидерлеринин келечек муундар үчүн ѳмүрлѳрүн беришкен аталардын элестерине таазим кылышып, ѳчпѳс отко гүлчамбарларды коюусу менен башталды. Андан соң «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын гимни ырчы Ильяз Абдразаковдун аткаруусунда жаңырды. Иш-чараны «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын лидери Марат Аманкулов ачты. Ал ѳз сѳзүндѳ партия демократиялык социализм идеологиясын сунуштап атканын белгилеп, ѳлкѳбүздүн келечеги евразиялык интеграцияда экенине токтолду. Алдыдагы шайлоодо «Биримдик» партиясын колдоого алууга чакырып ѳттү. Андан кийин сѳз алып сүйлѳгѳн партиянын лидеринин орун басары, ЖК депутаты Тѳрѳбай Зулпукаров партиянын максаттарына, эл үчүн кыла турган иштерине токтолуп ѳттү. Евразиялык тандоо идеясы келечекте Кыргызстанды ѳсүп-ѳнүгүүгѳ алып бара турганын айтты. «Биримдик» менен бирге болобуз! Келечек, туруктуулук – бул «Биримдик» – деп сѳзүн жыйынтыктады. Ошондой эле партиянын тизмесин баштап баратышкан талапкерлер Акылбек Жаманкулов, Улукбек Кочкоров, Галина Кетовалар сѳз сүйлѳп, партиянын максатына, алдыдагы кыла турган иштерине токтолушту. Иш-чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов менен легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев ѳздѳрүнүн баталарын беришип, алдыдагы шайлоодо «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясына жеңиш каалашты. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:37

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоодон четтетилди

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок. 3-сентябрдагы жыйында ушундай чечим кабыл алынып, буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова 17:53тө партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок саат 18:45тен 20:00гө чейинки танаписте долбоор өзгөрүп калганын айтты. Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды. Жумушчу топтун өкүлү Акылбек Эшимов партияга байланыштуу буга чейинки чырдын жагдайларынан улам ушундай чечим кабыл алынганын белгиледи, бирок Абдрахматова сураган документ көрсөтүлгөн жок. Партиянын жыйынга катышып отурган өкүлү чечимге нааразылыгын билдирди. Буга чейин бул партиядагы талапкерлерге байланыштуу талаш келип чыккан. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратканын айткан Турсунбай Бакир уулу талапкерликтен чыгып калганын билдирип, партия лидери Адахан Мадумаровго кине койгон. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү мыйзам бузулбаганын айтышкан. 2-сентябрда БШКнын жумушчу тобу ушул маселеде жыйынга чогулуп, партиянын ички ишин сотто чечип алууну сунуш кылган. Жыйынга Мадумаров да, Бакир уулу да катышкан. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Саясий жарышка катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:44

«Республика» партиясы парламенттик шайлоого карата кызуу даярдыкта.

Учурда Кыргызстандын бардык аймактарында коомдук кабылдамалар ачылып, толук кандуу иш-аракеттер журуп жатат. Айрым саясый бирикмелер менен суйлошуулор журуп, ошол эле убакта партия жанылануу багытында бир нече кадамдарга барды. «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороевдин айтымында, партиянын саясый кенешинин курамынан Жыргалбек Турускулов, Марлен Маматалиев, ал эми партиянын курамынан Табылды Тиллаев, Бактыбек Раимкулов жана Тариел Жоробековдор чыгарылгандыгы маалым болду. Айрым маалыматтарга караганда, алар келе жаткан шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан ат салыша турган болушкан.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники