О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 1:13

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров президенттин жүргүзгөн саясатын колдошот

Бийликти күч менен басып алууга аракет кылды деп соттолуп чыккан Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов саясатка аралашып башташат. Бул тууралуу маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымына караганда, Сооронбай Жээнбековдун жүргүзгөн саясатын колдошот. Жемкорлукка каршы күрөш туура багытта жүрүп жатканын кошумчалашты. Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 2020-жылга чейин соттолгондугу алынбай, парламенттик шайлоого катыша албай калышса, анда саясий партиялардын бирин колдоого алышмакчы.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:13

Капарова: КТРКнын жетекчилигине менин Байкоочу кеңешке мүчө болушум жакпайт

30-январда Жогорку Кеңеште КТРКнын Коомдук Байкоочу кеңешине шайлоо болуп өттү. Шайлоого 5 талапкер ат салышып, Атыркүл Сарыбаева 77 добуш менен Байкоочу кеңештин мүчөсү болуп дайындалды. Түшкө чейинки болгон шайлоодо журналист Чынара Капарова 79 добуш менен депутаттардын колдоосуна татыган. Чынара Капарованын белгилешинче түштөн кийин бир адам келип шайлоонун нугун буруп койгон. “Менин КТРКга барышыма тоскоол болгондор бар. КТРКга барсам баардыгын ачык айтып, калыс пикиримди билдирмекмин. КТРКнын жетекчисине андай адамдардын келиши жакпайт. Кечээки шайлоо аркылуу президенттин ишине көлөкө түшүрүп алышты”, дейт Капарова.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:13

Депутат президенттен Өмүрбек Бабановго көнүл бурууну суранды

Депутат Руслан Казакбаев, бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык отурушунда президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жөнөттү, ал президенттин экс-министрлер менен жолугуу демилгесин белгилеп, Өмүрбек Бабановдун дагы ишине калыс болуп бериңиз деп айтып өттү. "Бул демилгени биз бүткүл топ менен колдойбуз. Учурдагы маанилүү заманбап идея. Сиздин демилгеңизди парламент президентик аппарат жана жарандык коом баары колдоого алат. Бирок билинбеген менен президенттик шайлоонун өткөнүнө бир жыл болду. Анткен менен бизде шайлоонун элеси, шайлоонун жаңырыгы биздин арабызда турат. Ушул идеяны, себеби, дегенде сиздин оппозициядан чыккан атаандашыңыз шайлоочулардын 34% алып, шайлоонун чечимине макул болуп, жалпы ынтымак үчүн президенттик шайлоону колдоп берди. Өзүңүздү куттуктап, президенттик шайлоону таанып, элди тынчтандырып, ден-соолугун чыңдоо үчүн өлкөдөн чыгып кетти эле. Өлкөдө саясий абал курчуп турганда бузукуларды укпастан, тажрыйбалуу аксакалдардын сөзүн угуп, бийликтин өз алдынча иштешине өз салымын кошуп өлкөгө келбей турду. Өлкөбүздүн стабилдүүлүгү үчүн депутаттык мандатын тапшырып, өз сөзүнө бекем туруп саясатка аралашкан жок. Президентке кайрылуумдун себеби, жалпы партиялаштар жана шайлоочуларыбыз суранып жатат. Калыс, айкөл бул маселени карап берсеңиз"- дейт Руслан Казакбаев. Бабановго карата козголгон кылмыш иши 2017-жылдын 4-ноябрында “Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө коомдук чакырыктар” жана “Улуттук, расалык жана диний кастыкты козгоо” беренеси боюнча козголгон. 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен. Кийинчирээк ал депутаттык мандатын тапшырганын, саясий карьерасынын аяктаганын билдирген. Кийинчирээк, үстүбүздөгу жылдын 19-сентябрднда УКМКнын бышчысы Идрис Кадыркулов Бабановго карата козголгон кылмыш иштин бирөөсү убактылуу тоткотулгандыгын билдирген.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:13

Депутат: Эркек талапкерлер акыйкатчылыктан баш тартуусу керек

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова акыйкатчы болууга талапкер эркектерге кайрылып, жалгыз аял талапкер Рита Карасартованы колдоо үчүн күрөштөн баш тартууга чакырды. Бирок талапкер мырзалар ар кандай себептер менен ага макул болушкан жок. Мамытов «эгер эркектер талапкерлигин алып салса, аял кишини басмырлоо болуп каларын» айтты. Башкалары, альтернативасыз шайлоо мыйзамсыз болорун белгилеп, баарын депутаттар чечерин билдиришти. Белгилей кетсек, Акыйкатчылык кызматка беш адам көрсөтүлгөн. Токон Мамытовду КСДП фракциясы, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди жана Маматурайым Момуновду «Бир Бол», Канатбек Азизди «Ата Мекен» фракциялары сунуштаган. Маматурайым Момунов атаандаштарынын арасында «тажрыйбалуу кишилер бар экенин эске алып», бул кызматка ат салышуудан баш тартты.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

Төрт партиянын тизмеси каттоодон өттү

Бүгүн, 2-сентябрь Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында шайлоого катыша турган партиялардын тизмесиндеги талапкерлердин мыйзамда көрсөтүлгөн шарттары каралып, каттоодон өткөрүү маселеси талкууландууда. Жыйын алкагында БШК “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”, “Замандаш”, “Бир Бол”, жана “Ата Мекен” саясий партияларынын тизмесин каттоодон өткөрдү. Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ал эми шайлоо алдындагы үгүттөө иштери 4-сентябрда башталмакчы.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:19

Шайлоо босогосун 9%дан 7%га төмөндөтүү сунушталууда

Шайлоо босогосун 9%дан 7%га төмөндөтүү сунушталууда. Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. “Саясий партиялардын Жогорку Кеңешке өтүшү үчүн шайлоо босогосун 9%дан 7%га төмөндөтүү сунушталдууда”,- деди депутат Талант Мамытов. Талкуу маалында депутат Төрөбай Зулпукаров республикадагы парламентаризмди күчтөндүрүү максатында шайлоо босогосун төмөндөтүүгө болбой тургандыгын белгиледи. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, демилгечи депутаттардын бири Талант Мамытов: ” Шайлоо босогосунун 7 % болушу парламентке ар кандай партиялардын келишине жоп ачып, ойлордун көп түрдүүлүгүн камсыздайт”, – деди. Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева мыйзам долбоорун колдосо, депутат Умбеталы Кыдыралиев учурга жараша шайлоо босогосун 7 %га төмөндөтүү өтө зарыл экендигине токтолду. Ушундай эле пикирди эл өкүлү Жыргалбек Турускулов да айтты.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:04

Башкы прокуратура шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөйт

Башкы прокуратура шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын, шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү мезгилинде мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жоктор үгүт жүргүзүүгө жана ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укугу жок экендигин маалымдайт. Шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясында төмөнкүлөргө: улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды басмырлоого, кастыкка чакырган үгүттөө же бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга багытталган чакырыктарга тыюу салынган. Шайлоочулардын добушун кандай түрдө болбосун сатып алууга тыюу салынат. Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 1-сентябрындагы чечимин аткаруу максатында Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө менен айрым талапкерлердин же саясий партиялардын кызыкчылыктарын көздөө максатында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин, тең укуктуулукту бузуу менен административдик ресурстарды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна жана алардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусун, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-булактарына мониторинг жүргүзүп келүүдө. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу мезгилинде 21 жарыя-макала изилденип, ички иштер органдарынын кароосуна жиберилген. Жалпысынан республика боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 22 материал катталып, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык караштуулугу боюнча ички иштер органдары тарабынан каралууда. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жүргүзүлүп жаткан мониторинг көрсөткөндөй көпчүлүк учурда шайлоо документтерин бурмалоого (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 195-бер.), административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 87-1-бер.), шайлоочуларды сатып алуу (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 192-бер.) жана шайлоочунун акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 42-3-бер.) жөнүндө мыйзам бузуулар көрсөтүлүүдө. Башкы прокуратурасы шайлоо процессинин катышуучуларына прокуратура органдары жана башка укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө максатында жана мыйзам бузуучулуктарга жол бергендерди мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрө тургандыгын маалымдайт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:25

Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырды

Алмамбет Шыкмаматов депутаттык укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу VB.KG редакциясына Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Комиссия бүгүн бул маселени кароого чогула турганы белгилүү болду. "Ата Мекен" партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкер Жогорку Кеңешке жаңы депутаттык болуп келет. 24.кж. басылмасынын маалыматы боюнча, Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын гана тапшырбастан, "Ата Мекен" партиясынын катарынан чыга тургандыгын билдирген. Ал мындай чечимди Өмүрбек Текебаев менен болгон пикир келишпестиктен улам кабыл алган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:25

С. Жээнбеков: КСДПнын азыркы акыбалы жүрөгүмдү оорутат

Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйыны өтүп жатат. Сооронбай Жээнбеков журналисттердин берген суроолоруна жооп берип жатып,2020-жылдагы парламенттик шайлоолор мыйзам чегинде жана ачык өтүшү үчүн баардык күчүн жумшай тургандыгын билдирди. -Кийинки жыл абдан саясатташкан жыл болот, айрым саясатчылар упай топтоого аракет кылышат, кимдир-бирөөлөрү ыплас оюндарын баштайт. Бул эмитеден эле байкалууда. Мен дагы өз ишимди бир партиядан баштагам, ушу КСДПнын ысык-суугунда, эң оор мезгилинде башында турган мүчөсүмүн, жетекчилеринин биримин. Бир кездеги ийгиликтүү, күчтүү партиянын азыркы акыбалын көрүп менин дагы ичим күйүп, жүрөгүм ооруп жатат. Президент болгондон кийин бул партиядан мүчөлүгүмдү убактылуу токтоттум. Эмне үчүн дегенде баардык партияларга бирдей шарт түзүшүм керек. - деди ал. Мындан тышкары ал шайлоодогу босого чеги боюнча суроого токтолуп, бул маселе парламент тарабынан чечилерин белгиледи. Эске салсак, мурда депутаттар парламенттик шайлоодо босого чегин 9% жогорулатуу демилгесин көтөрүшкөн. Азыр Жогорку Кеңеште шайлоо босого чегин 5% төмөндөтүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:25

Шайлоо-2020: Саясий партиялар 6 айга чейин каттоодон өтүүгө тийиш

Кезектеги парламенттик шайлоого катышуу үчүн саясий партиялар мыйзам боюнча берилген убакта каттоодон өтүүгө тийиш. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди. Берилген маалымат боюнча, "Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө чейин 6 айдан кем эмес мөөнөттө белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот. Ушуга байланыштуу Конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык "Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоолор президент тарабынан добуш берүү күнүнө 100 календардык күн калгандан эрте эмес жана 90 календардык күн калгандан кеч эмес дайындалат. Учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын биринчи жекшемби күнү добуш берүү күнү болуп саналат. Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт ал шайланган күндөн тартып эсептелет. Добуш берүүнүн натыйжасында ал ыйгарым укуктуу курамда шайланган күн Жогорку Кеңештин шайланган күнү болуп саналары" белгиленет. Мыйзамдын ушул жоболорунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарын кезектеги шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалышы мүмкүн. Ал эми аны дайындоо жөнүндө чечим 2020-жылдын 26-июну менен 6-июлдун аралыгындагы мезгилде кабыл алынат. Ушуга байланыштуу саясий партиялар парламенттик шайлоого катышуу үчүн мыйзам менен берилген шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө чейин 6 айдан кем эмес мөөнөттө каттоодон же кайра каттоодон өтүүгө тийиш. Конституциялык мыйзамдын 60-беренесине ылайык "Аткаруу бийлигинин саясий партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү иш-милдеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (Юстиция министрлиги – эск.) каттоодон өткөн саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары расмий жарыялануучу булактарга тизмени жарыялоону камсыз кылат жана ошол эле мөөнөттө көрсөтүлгөн тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет". Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:58

"Бүтүн Кыргызстан" жөнүндө юрист: "Алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу ачыкка чыгып жатат"

Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн каттоосунан баш тартты. Белгилүү ата мекендик юрист Икрамидин Айткулов саясий бирикменин айланасындагы кырдаал жөнүндө ушинтип айтты. "Мен БШК партиянын ички ишине" кирип кеткендиктен ", анын ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кетти деп эсептейм, бул иш жүзүндө жана учурдагы мыйзамдарга ылайык, ага тиешеси жок болушу керек", - деп түшүндүрдү ал Фейсбуктагы баракчасында. Адвокат конгресс тарабынан бекитилген жана БШКга тапшырылган талапкерлердин тизмеси өзүм билемдик менен өзгөртүлгөндүгүнө көңүл бурду. "Эгер андай болсо, анда иш жүзүндө партия лидеринин жана башка бир катар жооптуу адамдардын кызматтык абалын бурмалоо жана кыянаттык менен пайдалануу бар", - деди Айткулов. "Бул фактыга БШК эмес, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө милдеттүү болгон тергөө органдары тарабынан процесстик баа берилиши керек, эгерде негиздер болсо, ишти сотко өткөрүп берүү керек". Адвокат кылмыш үчүн конкреттүү адамдар гана жооп бериши керек жана соттун өкүмү менен гана жооп бериши керек деп баса белгиледи. Ошондой эле, депутаттыкка талапкерлерди партиянын тизмесинен мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен гана чыгарып салууга болот, эгерде шайлоо ошол убакка чейин өтүп, кылмышкерлер парламентке өтсө, анда гана аларды депутаттык мандатынан ажыратууга туура келет, деп улантты ал. "Партиянын лидери болсо дагы, конкреттүү адам тарабынан жасалган кылмыш үчүн жалпы партия жооп бербеши керек", - деди Айткулов. "Эгер азыр сот БШКнын чечимин тастыктап," Бүтүн Кыргызстанды "шайлоо жарышынан четтетсе, анда биз шайлоонун легалдаштырылышы ар дайым чоң шек жаратат деп божомолдосок болот." Эскерте кетсек, 2020-жылдын 3-сентябрында Vesti.kg сайты БШКнын жумушчу тобу шайлоого катышуу үчүн “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттоодон баш тарткандыгын билдирген. Себептердин бири - берилген документтердин тизмесине кирген талапкерлердин тизмеси курултайда көрсөтүлгөндөн айырмаланып турганы болгон. Бир күн мурун Бишкек шаардык сотунун имаратынын жанында партиянын тарапкерлеринин нааразычылык акциясы болуп өттү. Шайлоо жарышына катышууну 300гө жакын адам талап кылды. Сүрөт www

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

Алтынбек Сулайманов: «Бир Бол» шайлоого кесипкөй, билимдүү жана таза жаштар менен бара жатат

Кыргызстан тазаланууга жана таза инсандарга муктаж. Биз алдыдагы парламенттик шайлоого кесипкөй, заманбап билимге ээ болгон таза жаштар менен аттанып жатабыз. Бул туурасында “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Тазалан!” экологиялык акциясында билдирди. “Шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Биз иштин көзүн билген, жаратман жаңы жүздөрдү бириктире алдык. Биз өзгөрүүгө жана өзгөртүүгө даярбыз!” – деди А. Сулайманов. Аталган акция партиянын шайлоо алдындагы үгүт иштеринин бащталышына арналган. Экологиялык саамалык Бишкектин четиндеги Боз-Бөлтөк тоосундагы желексаптын аймагында өттү. Иш-чарага талапкерлер, партиянын мүчөлөрү жана тарапташтары катышты. “Биздин команда “Бир Бол” саясий партиянын жаңыланган жаңы командасы. Биздин максатыбыз жана ниетибиз мамлекеттик башкарууда, сот системасында, жалпы элибизге тиешелүү ар бир тармактарды ириген-чириген , коррупционер, уурулардан тазаланып, өлкөбүздүн жаркын келечегине аттанып жатабыз” – деп билдирди “Бир Бол” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жоомарт Жолдошев. “Кыргызстаныбыз үчүн эң маанилүүсү – бул тазалык! Өлкөбүз таза болсо туризм, экология жана экономика өнүгөт. Биз туура жолду баштап, балдарга үлгү көрсөтүшүбүз керек. Биздин жакшы иштерибиз балдарыбызга таалим-тарбия болот. Бүткүл кыргызстандыктарды жаратман иштердин башында турууга чакырат элем” – деди “Бир Бол” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айжан Чыныбаева. “Тазалан!” акциясынын жыйынтыгында 300 кг таштанды чогултулду. Иргелген калдыктар кайра иштетүүгө жиберилип, калганы таштанды полигонуна төгүлдү. Эске салсак, бүгүн, 2020-жылдын 4-сентябрында парламенттик шайлоого үгүт кампаниясы расмий түрдө башталды. Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгү 4-октябрда өтөт. Ага 15 партия ат салышууда. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 4-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:30

Партиялар кайсы номер менен шайлоого бара тургандыгы анык болду

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого кабыл алынган партиялардын бюллетенде кайсы номер менен бара тургандыгын чечти. Кара кагаз кармоого 15 партия катышкан. Шайлоо бюллетендериндеги саясий бирикмелердин тизмеси төмөнкүдөй болот: 1.»Афганистандагы согуштун ардагерлеринин саясий партиясы жана башка жергиликтүү аскердик чыр-чатактардын катышуучулары»; 2.»Мекен Ынтымагы»; 3.Ата Мекен Социалисттик партиясы; 4.Мекенчил; 5.Бир Бол; 6.»Ыйман Нуру»; 7.»Замандаш»; 8.Чок Казат; 9.»РЕФОРМА»; 10.»Республика»; 11.»Социал-демократтар»; 12.»Демократиялык» Биримдик «партиясы (Биримдик)»; 13.»Мекеним Кыргызстан»; 14.»Ордо!; 15.»Кыргызстан». Бул партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына 1 миң 957 талапкерди көрсөтүштү, анын 45и өз арыздары боюнча тизмеден чыгарылды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына жалпы 1 миң 912 талапкер катталды. 1 миң 912 талапкердин ичинен 618 же 32,32% аялдар

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:30

БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясын эрежени бузгандыгына байланыштуу шайлоого катышуу тизмесинен алып салды

3-сентябрда Борбордук Шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоо катышуудан алып салды. Себеби, Адахан Мадумаров партиянын шайлоого бара турган тизмесин түзүүдө мыйзамсыз кадамдарга барган. Россиянын аймагында жүргөн адамдардын документин башка адамдар толтуруп, кол тамгасын жасап тапшырган. БШКнын комиссиясы бир топ мыйзам бузууларды аныктап чыкты. ШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова 17:53тө партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок саат 18:45тен 20:00гө чейинки танаписте долбоор өзгөрүп калганын айтты. Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды. Жумушчу топтун өкүлү Акылбек Эшимов партияга байланыштуу буга чейинки чырдын жагдайларынан улам ушундай чечим кабыл алынганын белгиледи, бирок Абдрахматова сураган документ көрсөтүлгөн жок. Партиянын жыйынга катышып отурган өкүлү чечимге нааразылыгын билдирди. Ал эми шайлоого ат салышууга 15 партия укук алды. Алардын катарында «Кыргызстан» партиясы дагы бар. Сүрөт www

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:30

Муфтият имамдардын шайлоо иштерине аралашуусуна тыюу салды

Мусулмандар дин башкармалыгы атайын токтом менен дин ишмерлеринин, имамдардын шайлоо иштерине аралашуусуна тыюу салды. Бул боюнча муфтият маалымат таратты. Муфтият бул жаатта айрыкча ордо калааны катуу көзөмөлгө алмакчы. «Дин кызматкерлери саясатка аралашып, үгүт ишин жүргүзө албайт. Бул тууралуу Муфтияттын атайын так буйругу бар. Ошондуктан биз өз милдетибизди так аткаралы. Элибиздин, жерибиздин ынтымагын, бекемдигин жана саламаттыгын сурап Жараткандан дуа кылалы. Шайлоодо жарандык милдетибизди аткарып, эң негизгиси үгүт иштерине аралашпайлы» – деп айтылат маалыматта. Токтомго ылайык мечиттерде, медреселерде шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Ошондой эле дин ишмерлери, имамдар да саясий абалга кийлигишип, кайсы бир партиянын жана талапкерлердин пайдасына иштөөсүнө уруксат жок. Атабаевдин айтымында, муфтият буга катуу көзөмөл кылат. Дин кызматкерлери саясатка аралашып, үгүт иштерин жүргүзө албай турганын 2-сентябрда Бишкектин казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов да жыйында эскерткен. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мечиттерде жума намазга тыюу салынып, август айынын акыркы жумасынан тартып гана уруксат берилген. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоого үгүт иштери 4-сентябрдан тартып башталат. Азырынча шайлоого талапкер катары төрт партия расмий катталды. Борбордук шайлоо комиссиясы дагы 13 партиянын арызын кароодо.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники