О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 0:38

«Мекеним Кыргызстан» партиясы — ООБА!

Биз популизмден алыс, ачык-айкындуулукка жана натыйжага багытталган программаны иштеп чыктык. Биз Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын эки эсе кыскартууну сунуштайбыз! «Мекеним Кыргызстан» партиясы парламенттеги депутаттардын саны эмес, ишинин сапаты маанилүү деп эсептейт. Депутаттардын санын кыскартуу менен миллиондогон сомдорду үнөмдөлүп, каражатты экономиканын өсүшүнө жана калктын социалдык жашоосун жакшыртууга жумшоого мүмкүн болот. Ошондой эле аз сандагы депутаттардын ишин көзөмөлдөө да оңой эмеспи. Жумушка каалаганда келип-кетүү, ордунда жоктор үчүн да кнопка басып добуш берүү, өз оюн так айта албагандык, ар кандай кызыкчылыктар үчүн элдин оюн эске албоо сыяктуу кемчиликтер акыркы чакырылыштагы депутаттарда көп болду. Биз элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген эффективдүү парламентти түзөбүз! «Мекеним Кыргызстан» партиясы — ар бир кыргызстандыктын партиясы! «Мекеним Кыргызстан» партиясы — ООБА! Биз популизмден алыс, ачык-айкындуулукка жана натыйжага багытталган программаны иштеп чыктык. Биз көмүскө бизнестин көшөгөсүн ачабыз! Бул үчүн азыркы талапка жооп бербеген, татаалдашкан жана бюрократияга басым жасалган салык системасын кайрадан иштеп чыгууну сунуштайбыз. Бардык салыктарды жоюп, ишкерлик жүгүртүүгө салынган бир гана салыкты калтырабыз. Бул нерсе бир гана коррупцияга бөгөт койбостон, салык отчётторун берүүгө убактысын жана нервин коротуп жаткан ишкерлердин ишин жеңилдетет. Өлкөнүн бюджети көбөйсө калктын аярлуу катмарынын социалдык жашоосун жакшыртууга жана медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин жана бюджеттин эсебинен айлык алгандардын эмгек акысын жогорулатууга мүмкүн болот. Бир өлкө — бир салык! «Мекеним Кыргызстан» партиясы — ар бир кыргызстандыктын партиясы! «Мекеним Кыргызстан» партиясы — ООБА! «Мекеним Кыргызстан» партиясы — өлкөнү алга сүрөөчү тажрыйбалуу жана жаш профессионалдардын бирдиктүү командасы! Жумушсуздукту жоёбуз, депутаттардын санын кыскартабыз жана өлкөбүздүн экономикасын көтөрөбүз! «Мекеним Кыргызстан» партиясы — ар бир кыргызстандыктын партиясы! «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын буюртмасы менен даярдалды. 3-сентябрь, 2020-жыл. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жайчиева Гүлбарчын Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо фондусунун эсебинен каржыланды.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:38

Шайлоо-2020. Таза күрөшүү боюнча меморандумду эки партия колдогон жок

Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан партиялар арасында таза күрөшүү боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Боршайкомдун жетекчиси Нуржан Шайлдбекова билдирди. Анын айтымында, «Ата Мекен» менен «Реформа» партиясы меморандумга кол койгон жок. Белгилей кетсек, 4-сентябрдан тарта расмий үгүт башталды. Шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламентке 15 партия ат салышууда.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 14:56

Сегодня Айсулуу Мамашова провела встречу с женщинами города Ош.

Сегодня Айсулуу Мамашова провела встречу с женщинами города Ош. На встречу пришли активистки, блогеры, предприниматели. Кандидат и избиратели говорили о том, какие женские профессии на сегодняшний день наиболее востребованы и о правах женщин. Кроме того, у избирателей была возможность задать Айсулуу Мамашовой все интересующие их вопросы.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:38

Жогорку Кеңешке жети жаңы депутат келди

Жогорку Кеңешке жети жаңы депутат келди. Бул тууралуу парламенттин басма сɵз кызматы билдирет. Анын маалыматы боюнча, бүгүнкү отурумда Сталбек Молдалиев, Нурлан Сырдыбаев, Осмон Турдумамбетов, Мээримбек Койчуманов, Уланбек Исмаилов, Улугбек Садиков жана Байгазы Кенжебаев ант беришти. Сталбек Молдалиев пневмониядан кɵз жумган мурунку ЖК тɵрагасы Чыныбай Турсунбековдун ордуна келди. Нурлан Сырдыбаев, Осмон Турдумамбетов, Уланбек Исмаилов («Ɵнүгүү-Прогресс фракциясы») Алтынбек уулу Жунус, Зиядин Жамалдинов жана Абылкайыр Узакбаевдин ордуна келишти. Мээримбек Койчуманов, Байгазы Кенжебаев жана Улугбек Садиков («Кыргызстан» фракциясы) Данияр Толонов, Таалайбек Масабиров жана Кубанычбек Нурматовдун ордун басышты. Президент Сооронбай Жээнбеков парламентке шайлоо ɵткɵрүү жɵнүндɵ жарлыкка кол койду. Шайлоо 4-октябрда ɵтɵт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:38

Коопсуздук кеңеши аткаминерлерге үгүт иштеринен алыс болууну эскертти

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, укук коргоо, фискалдык органдардын кызматкерлери жана аскер кызматчылары тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга тыюу салынат. Бул боюнча Коопсуздук кеңешинин чечиминде айтылат. Коопсуздук кеңеши Башкы прокуратурага саясый партиялардын ишине кандайдыр бир формада катышкан же көмөк көрсөткөн аткаминерлердин ишине бөгөт коюнуну тапшырды. Андан тышкары, башкы көзөмөл органы мыйзамдардын талаптарына ылайык даттануулардын жана кайрылуулардын өз убагында каралышына жана чечимдердин кабыл алынышына көзөмөлдү күчөтүүсү зарыл. Прокуратура кызматкерлери 1-октябрдан тарта 10-октябрына чейин күнү-түнү нөөмөт менен иштешет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:38

Үйлөрдү кыдырып маалымат чогулткандар Статкомдун кызматкерлери эмес

Улуттук статистикалык комитети эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылганын эскертет. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Алардын маалыматында, социалдык тармактарда эл каттоо жүрүп жатканын айтып, белгисиз адамдар үймө-үй кыдыруу менен алдыдагы шайлоо үчүн маалымат чогултуп жатышкандыгы тууралуу айтылууда. «Улутстатком эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралары 2020-жылдын 23-мартынан тартып 1-апрелине чейин өтө тургандыгы тууралуу маалымдаган. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылган. Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоосун өткөрүү боюнча учурда эч кандай иш-чаралар жүргөн жоктугун расмий түрдө билдирет», — дейт мекеме.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:38

Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясына даттанып БШКга кайрылды

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясына даттанып Боршайкомго кайрылды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесин каттоого албоону суранат. Саясатчынын пикиринде, БШКга берилген талапкерлердин тизмеси курултайда кабыл алынган тизме эмес. Турсунбай Бакир уулу алгач тизмеде 18-орунда болсо, кийин ал 22-орунга жылып калган. «Бул шайлоо мыйзамдарын орой бузуу. Курултайда кабыл алынган тизме өзгөрбөшү керек», — дейт ал. Белгилей кетсек, 4-сентябрдан тарта үгүт иштери башталат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:54

Бишкекте «Таза шайлоо үчүн» деген акция өтүүдө

Бишкек шаарында «Таза шайлоо үчүн» деген аталышта тынчтык акциясы өтүп жатат. Аны «Баштан башта» кыймылы уюштурду. Кыймылдын лидери Улан Үсөйүн «Азаттыкка» билдиргендей, алар 4-октябрдагы парламенттик шайлоону таза уюштурууну бийликтен талап кылууда. 29-августта «Таза шайлоо үчүн» коалициясы түзүлүп, ага жарандык активисттер, коомдук уюмдар жана бир катар саясий партиялар кирген. Алар саясий өнөктүктө жарандык көзөмөлдүн зарылдыгын белгилешүүдө.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:43

Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоого байланыштуу 2-октябрга чейин тарашты

Жаңы эле жайкы каникулдан келген Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан тарта 2-октябрга чейин жыйындарга чогулбай турган болушту. Алар бул убакыт аралыгында шайлоочулар менен жолугат. Буга чейин төрага Дастан Жумабеков шайлоонун үгүт иштери 4-сентябрда тарта башталарын айтып, көпчүлүк депутаттар кайрадан шайлоого аттанып жатканын эске салып, алар Жогорку Кеңештин трибунасын үгүттөө үчүн колдонушу мүмкүн экенин белгилеген. Мындан улам Жумабеков шайлоого чейин жыйын өткөрбөй турууну сунуштаган . Жогорку Кеңеш буга байланыштуу токтом кабыл алды. Токтомду 79 депутат колдоп, бир депутат каршы болду. Жыйындын соңунда Жумабеков кечиктирилбестен кабыл алынышы керек болгон мыйзам долбоорлоруна добуш берилгенин билдирип, депутаттарга эл менен ийгиликтүү жолугуп келүүнү каалады. «Токтомду кабыл алып бердик, шайлоочулар менен жакшы жолугуп келиңиздер. Ийгилик каалайм, элде тынчтык, токчулук болуп, шайлоо жакшы өтсүн», — деген каалоосун айтты. Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ал эми 4-сентябрдан тарта үгүт иштери башталат. Азыркы чакырылыштын жарымынан көбү Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайрадан талапкерлигин коюуда. Ошол эле маалда, быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу үгүт маалында стадионго элди чогултуп, концерт менен коштолгон иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Ошондой эле, республикалык штаб дагы деле санитардык-гигиеналык нормаларды сактоого чакырууда.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:43

Сот «Кыргызстан» партиясынын шайлоого катышуу укугун калыбына келтирди

Бишкек административдик соту «Кыргызстан» партиясынын арызын 27-августта карап чыгып канааттандырды. Сот буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы партияны парламенттик шайлоодон четтетүү тууралуу чечимин жокко чыгарды. «Бүгүн Бишкек шаардык административдик соту адилеттүү жана мыйзамга туура келген чечим чыгарды. Биз ачык айтабыз, биздин мамлекетибиз укуктук жана адам укуктарын сыйлаган өлкөлөрдүн бири», — деди «Кыргызстан» партиясынын талапкери, депутат Талант Мамытов. Соттун чечими жарыялангандан тарта күчүнө кирди, ал эми БШКнын Жогорку сотко даттанууга укугу бар. «Кыргызстан» партиясынын айланасындагы ызы-чуу 24-августта «Реформа», «Бир бол» жана «Ата Мекен» партиясынан шайлоого аттанган айрым талапкерлер жана жарандык активисттер БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин саат 18:00дөн кийин кабыл алды деген жүйөө менен мекеменин имаратынын алдына чогулушкан. Алар мыйзам бузган кайсы гана партия болбосун аны шайлоодон чететтүүнү талап кылган . Беш партия - «Ата Мекен», «Бир Бол», «Ордо», «Реформа» жана «Чоң Казат» «Кыргызстан» партиясынын айланасындагы иштер боюнча президентке кайрылды. Алар бул факты боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштоону суранышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы 25-августтагы жыйынында «Кыргызстан» партиясына документтерин кайтарып берүү чечимин кабыл алган. Ага чейин БШКнын жумушчу тобу партиянын документтерин расмий бекитилген өкүлдөн башка киши тапшырганына байланыштуу аны кайтарып берүүнү сунуштаган. Бирок «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечими менен макул болбой сотко кайрылган. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. 24-августта Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууну пландаштырган партиялардын акыркы документтерин кабыл алды жана аларды карап чыгып, 4-сентябрга чейин каттайт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:53

COVID-19: Дүйнөдө оору жуккан эң чоң көрсөткүч катталды

«Азаттык» радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап, андан коргонуу жолдору тууралуу да материалдарды даярдап келе жатат. 6-сентябрь, жекшемби, саат 11:00го карата маалымат: Бир сутка ичинде COVID-19 UO7.1 жана пневмония UO7.2 катталган жаңы учур 87ни түздү. Өлгөндөрдүн жалпы саны - 1 061. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 44 403кө жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 39 826​. 5-сентябрда 4 медициналык кызматкерге коронавирус жуккан учур катталды. Ошону менен пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алгандардын жалпы саны 3145ке жетти, алардын ичинен 2 533 медкызматкер айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 70тен ашты. Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:53

Саясий репрессияларга каршы комитети партияларды «Бүтүн Кыргызстанга» тилектештик билдирүүгө чакырды

Кыргызстандагы Саясий репрессияларга каршы күрөш комитети 6-сентябрда алдыдагы парламенттик шайлоого катыша турган партияларга жана жарандарга кайрылды. Комитет Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) катоосунан өтпөй калган «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына тилектештик билдирүүгө чакырды. Уюмдун билдирүүсүндө каттоодо кош стандарттуулукка жол берилгени айтылат. Шайлоо эркин өтүп, анын жыйынтыгы мыйзамдуу деп табылышы үчүн саясий жарыш атаандаштыкта өтүшү керек экендиги, антпесе элдин нааразылыгы күчөп, Беларустагыдай каршылыкка айланып кетиши мүмкүн экени белгиленген. Кайрылууда Боршайком бийликтин таасиринен чыга албай, тандап чарап көрүп жатканы тынчсыздандырып турганы, бул жагдай аталган орган өз алдынча чечим чыгара албайт деп айтууга негиз болуп бергени кошумчаланган. Уюмдун кайрылуусунда коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары бийликтин шайлоого кийлигишүүсүнө, административдик ресурс колдонулушуна жана добуш сатып алууга жол бербеш үчүн жарандык көзөмөлдү күчөтүшү керек экени айтылган. БШК 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турганын маалымдаган. Кыргызстанда алтынчы чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды. (NT)

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:30

Мадумаров менен Шайлдабекова Баткендеги шайлоо участкаларын кыдырды

Мадумаров Баткендин чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүү маселесине жерине барып текшерди. Аны менен бирге БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова шайлоого болгон даярдыктарды текшерип, аткарылып жаткан иштерди жеринен көрдү. Өкмөт Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого болгон даярдыкка көз салды. Өкмөт Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыкты текшерди. Вице-премьер Акрам Мадумаров Баткен облусуна баргандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Андан кийин Мадумаров ЖК депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышкан. «Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоо туурасында айтты. Облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи», — деп айтылат маалыматта. Мадумаров андан сырткары Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышкан.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:53

Ала-Букада «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери нааразылык билдиришти

Ала-Букада 5-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине нааразылык билдиришти. Бул тууралуу маалымат аталган партиянын өкүлдөрүнөн алынды. Ага ылайык, партиянын Ала-Бука районунун борборундагы штабына Чаткал районунан да тарапкерлер келишти. Чогулгандар соттон партияны каттоо боюнча оң чечим чыгарууну талап кылышты. БШК 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турганын маалымдаган. Кыргызстанда алтынчы чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды. (NT)

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:04

Шайлоо-2020: БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоодон четтети

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуусуна тыюу салды. Мындай чечим бүгүн 3-сентябрда БШКда өткөн жыйындан кийин чыкты. Жыйында БШКнын көпчүлүк мүчөсү “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоого катышуусуна каршы добуш беришти. БШКнын 9 мүчөсү аталган партияны жарыштан четтетүү чечимин кабыл алса, 2 мүчөсү каршы добуш берди. Жыйынтыгында БШКнын иш тобу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесин каттоодон өткөрбөөнү туура көрүштү. Партиянын съездиндеги катталган тизме менен БШКга тапшырган талапкерлердин тизмесинде айырмачылыктар болгону мындай чечим чыгарууга түрткү болгонун БШКнын мүчөсү Медина Кутбердиева билдирди. Эске салсак, буга чейин экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу БШКдан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесин каттоодон баш тартууну талап кылган. Анын айтымында партиянын лидери Адахан Мадумаров тизменин катарын өзгөртүп, андан Турсунбай Бакир уулун алып салган. Бирок, БШК Бакир уулунун суранычын канааттандырбай ага сотко кайрылып, партиянын ичиндеги пикир келишпестиктерди сот аркылуу чечишип алууну сунуштаган.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники