О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
4 октября 2020 г. 0:22

Шайлоо-2020: Бүгүн Кыргызстанда «жымжырттык күнү»

no article

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:22

ЦИК: Во время агитации зарегистрировано 40 фактов подкупа избирателей

В преддверии парламентских выборов ЦИК зарегистрировала 86 жалоб на нарушение избирательного законодательства. Об этом стало известно в ходе заседания координационной группы оперативного реагирования ЦИК. По сообщениям, сотрудники центризбиркома раскрыли подробности этих противоправных деяний представителям госкомитета нацбезопасности, министерства внутренних дел и генеральной прокуратуры республики. Также в список попали 40 обращений по фактам подкупа избирателей, 27 — по фактам злоупотребления административным ресурсом, 9 — о подделке избирательных документов, 8 — о нарушении условий предвыборной агитации и по одному — по фактам воспрепятствования осуществлению избирательного права и повреждения агитационного баннера.

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:22

Материалы за неделю

Кечээ, 2-октябрда КТРКда "Биримдик", "Мекенчил", "Замандаш", "Бүтүн Кыргызстан", «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" жана "Чоң Казат" саясий партияларынын лидерлеринин дебаты болуп өттү. Дебат учурунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров башка атаандаштарын коррупциянын үрөөнүн себип жатканын айтып, сатып алуу жолу менен шайлоого катышып жатканын билдирди. "Коррупцияны муунта турган күн 4-октябрь", - деди Мадумаров. Жеңишбек Молдокматов: Адахан Кимсанбаевич, менин айткан сөзүмө терикпестен, 29 жылдын ичинде президенттик кызматтан башка бардык кызматты ээлеп келдиңиз. Камераны карап, мага жооп бербестен, элден кечирим сурап койгонуңуз туура болот. Пандемия дегеним, ушул системаны 29 жыл ичинде талкалаган улуу муун болду. Адахан Мадумаров: Иним келечегиң алдыда. Эгерде Мадумаров 11 жылдан бери 1 кун дагы мамлекеттик кызматта болбосо, эки жагыңды карап сүйлөчү. Оозум бар деп сүйлөгөнүңдү токтотчу! Жеңишбек Молдокматов: Адахан Кимсанбаевич, иштегениңиз жалганбы?! Улуу муун ушинтип актанып калат экенсиздер. Мамлекеттин келечеги үчүн ким жооп берет? Адахан Мадумаров: Эгерде 4,5 миллион калк Мадумаровдун бир сөзүнө ишенген болсо, баракелде! Мадумаров эмне сөз айтса эл жасайт! Жеңишбек Молдокматов: Баракелде! эл кол чапса, мен да чаап берем! Адахан Мадумаров: 4-октябрь күнү чабасың!

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:23

Бишкекте шайлоо участокторунда дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө

Борбор калаада парламенттик шайлоодо эл келип добуш бере турчу участкалык шайлоо комиссиялардын имараттарын жууп-тазалап жана дезинфекция иштерин жүргүзүп жатышат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.«Ар бир районго «Тазалык» ишканасынан 5-10 кишиден турган бирден бригада бекитилген. Шайлоо участкалардын кире беришине термометр коюлуп, дезинфекциялоочу килемчелер жана нөөмөттө турчу кызматкерлер үчүн атайын коргонуу кийимдери даярдалган», – дешти муниципалитеттин маалымат кызматынан.Мэрия шайлоого даярдануу жана аны өткөрүү боюнча арыз-даттануулар болсо же юридикалык жактан кеп-кеңеш алууну каалагандар 1255 номерине чалып же 0990 02 12 55 WhatsApp номерине кайрылууну айтышты.Андан сырткары, электрондук kgor_cec@shailoo.gov.kg дарегине жазууну кошумчалашты.

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:23

Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларын каттады

Прокуратура органдары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларын каттады. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.Интернет-ресурстарда Ош шаарынын «Черемушки» кичирайонунда жүргөн «Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлдөрү шайлоочуларга пара берүү максатында 10 кап көмүрдү тургундарга таркаткан видео жарыяланган. Факт КЖБРда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочуларга пара берүү” беренеси боюнча катталган.Көзөмөл органы Нарын районунун Эмгек-Тала айылдык кеңешинин төрагасы Б.у.Д.нын видео кайрылуусу Фейсбук социалдык тармагында дагы жарыялангандыгын белгиледи. Акыркысы, депутаттыкка талапкер Улан Бакасовдун өкүлдөрү алдыдагы шайлоодо 300 добуш алыш үчүн, айылдардын биринде ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн акча сунушташканын айтат. Алдын ала төлөм катары 300 миң сом алышкан.Факт КЖБРда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочуларга пара берүү” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.Өзгөн районунун прокуратурасына жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси А.А. Алтын-Булак айыл аймагынын башчысы Т.С. жергиликтүү мектептердин баш ийген жумушчуларын жана мугалимдерин алдыдагы шайлоодо «Мекенчил» саясий партиясына добуш берүүгө чакыруу менен үгүттөгөн. Бул факт КЖБРда Кылмыш кодексинин «Административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча катталган.

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:23

Шайлоо 2020

no article

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:38

Шайлоо-2020. Кыргызстандыктардын кɵбү добушун кимге салаарын билбейт

Кыргызстандыктардын басымдуу кɵпчүлүгү Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ат салышып жаткан партияларга каршы добуш бермекчи. Бул тууралуу SIAR Research and Consulting компаниясы Center for Insights in Survey Research эл аралык институтунун буйрутмасы менен жасалган социалдык иликтөөдɵн билинди. Сурамжылоо 6-15-августта уюлдук телефон аркылуу маек түрүндө алынган. Ага 18 жаштагы жана андан өйдө курактагы кыргызстандыктар катышты. Сурамжылоонун 63 пайызы кыргызча, 35 пайызы орусча, 2 пайызы өзбек тилинде жүргүп, ага 1 миң 223 адам катышты. «Жакынкы жекшемби күнү щайлоо боло турган болсо, добушуңузду кимге берет элеңиз?» деген суроого 27 пайызы кимди шайлаарын аныктай элегин айтты, 15 пайызы баарына каршы добуш бермек, ал эми 10 пайызы такыр эле шайлоого бармак эмесмин деди. Сурамжылоого катышкандардын жети пайызы добушун шайлоого катышпаган «Ата-Журт» партиясына бермек. Алты пайызы «Республикага» добуш салмак. «Биримдик», КСДП (бул дагы шайлоого катышпайт) жана «Ата Мекенге» ɵз добушун респонденттердин 5 пайызы бермек.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:32

Коронавирус: Караколдогу саясий партиялар шайлоону жылдыра турууну өтүнүштү

Жергиликтүү кеңештерге карата шайлоону жылдыра турууну Каракол шаарындагы саясий партиялардын өкүлдөрү өтүнүштү. Каракол шаарындагы 14 саясий партия кайрылуусун аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүштү. Бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы Facebook-баракчасына “Табылга” партиясынан Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтбаев жазып чыкты. Ал муну менен бирге башка дагы шаарлардын саясий партияларын ушундай өтүнүч менен кайрылууга чакырган. Белгилей кетсек, бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Акылбек Жапаров жана Ирина Карамушкина шайлоону жылдыруу маселесин көтөрүп, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу чечим чыгарышы керек экенин белгилеген. Бирок БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо белгиленген мөөнөттө өткөрүлөрүн, жугуштуу илдеттин алдын алыш үчүн БШК бир катар чараларды иштеп чыгарын күн мурун, 17-мартта билдирген. Ушул тапта Кыргызстанда беш шаардык, 25 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышууда. Шайлоого карата үгүт иштери 13-мартта башталган, добуш берүү 12-апрелде болот. #коронавирус #шайлоо2020 #каракол #саясийпартиялар #бшк

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:32

Шайлоо-2020: Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өзгөчө кырдаал киргизилсе жылдырылышы мүмкүн

Жергиликтүү кеңештерге шайлоону өзгөчө кырдаал режими жана аскердик абал киргизилгенде гана жылдырса болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык штаттык режимде жүрүүдө. Учурда үгүт иштери өткөрүлүүдө. «30 жергиликтүү кеңеште 216 участка жана 19 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлүп, учурда иш алып барууда. Шайлоо тилкелерине жарандар келип өзүнүн тизмелерин тактоодо. Тиешелүү деңгээлде өзүн коргой турган медициналык жабдыктар менен камсыздоо боюнча республикалык штабга билдирүүлөрдү бердик», — дейт ал. БШКнын төрайымынын орун басары белгилегендей, мыйзамга ылайык, шайлоо өлкөдө өзгөчө кырдаал режими жана аскердик абал киргизилгенде гана жылдырылат. «Шайлоону жылдыруу боюнча чечим өкмөт тарабынан кабыл алынат. Учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу болгондуктан шайлоо өз учурунда өтөт деп ойлойм», — деди Бекматов. Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 12-апрелде өтөт. #бшк #жергиликтүүкеңеш #шайлоо2020 #өкмөт #коронавирус

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:32

Коронавирус тоскоол эмес. Жергиликтүү кеңешке шайлоолор өз убагында өтөт

Коронавируска байланыштуу жергиликтүү депуттарды шайлоо мөөнөтү жылдырылбайт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева 24.kg агенттигине маалымдады. Анын айтымында, азырынча шайлоону жылдыруу үчүн чечим карала элек. Жергиликтүү кеңешке депутаттыкты шайлоо Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаарчаларында болсо, ал эми 12-апрелде 25 айыл өкмөтү шайланат. Шаардык кеңешке депутаттыкка катышуу үчүн 22 саясий партия өтүнмө арызын тапшырды. Эске сала кетсек, 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемияга айланышы мүмкүн деп коңгуроо каккан. Дүйнөдө 153 миң адам коронавирус менен күрөшүп жаткан болсо, көбү айыгып, 5,7 минден ашууну көз жумду. #шайлоо2020 #жергиликтүүкеңеш #бшк #гүлнаражурабаева

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:32

Шайлоо-2020: Балыкчыда жергиликтүү кеңешке кайсы партиялар, кандай тизмек менен кетээри белгилүү болду

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында шаардык кеңешке шайлоого карата партиялардын шайлоо бюллетениндеги кезеги түзүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты. Маалыматка караганда, жергиликтүү кенештердеги шайлоого карата 11 саясий партия документтерин тапшырышкан. “Кара көтөн” кармоо ыкмасы аркылуу саясий партиялар кандай кезек менен шайлоо бюллетенинде тизилээри аныкталган. Жыйынтыгында 11 саясий партия төмөндө көрсөтүлгөн кезек менен бюллетенде көрсөтүлүшөт: 1. «Биримдик»; 2. «Улуу Журт»; 3. «Өнүгүү-Прогресс»; 4. «Ата-Журт»; 5. «Табылга»; 6. «Замандаш»; 7. «Социал-демократтар»; 8. «Мекеним Кыргызстан»; 9. «Мекен Ынтымагы»; 10. «Эмгек»; 11. «Кыргызстан». #шайлоо2020 #балыкчы #жергиликтүүкеңеш #саясийпартиялар #тизмек

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:32

Шайлоо-2020: Жарандарды жапырт каттоо боюнча кылмыш иштери козголду

Чүй облусунун үч аймагында шайлоо алдында адамдарды жапырт каттоого байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, быйыл жыл башынан бери Токмок шаарында 6745 адам каттоого турду. Текшерүүнүн натыйжасында алардын айрымдары үй ээсинин макулдугусуз, тиешелүү документтери жок эле туруктуу катталганы, кээ бир даректер боюнча 150дөн ашык адам каттоого алынганы аныкталды. Жергиликтүү каттоо кызматынын айрым кызматкерлерине карата Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды. Ушул эле берене менен эки миңдей адамды Токмок шаарына каттаган Кемин жана Аламүдүн райондорунун паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине карата тергөө жүргүзүлө баштады. Буга чейин Башкы прокуратура Ош шаардык кеңешине шайлоонун алдында добуштарды сатып алуу аракети болгонун, жапырт каттоого тургузууга байланыштуу иш боюнча тергөө башталганы айтылган. Быйыл, 12-апрелде Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештерининин депутаттары шайланат. #шайлоо2020 #жергиликтүүкеңеш #кылмышиши #каттоо

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:32

Шайлоо-2020: Президенттин баамында саясий партиялардын 9% шайлоо босогосунан өтүүгө күчү жетпейт

Бүгүн, 20-февралда Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин отурумна катышты. Өлкө башчы депутаттардын алдында сөз сүйлөп жатып, шайлоодогу пайыздык өтмөккө токтолуп кетти. Айтымында учурда Кыргызстанда партиялардын парламентке өтүүсүнүн босого чегин 9% кылууга саясий күчтөр даяр эмес. "Азыр 9 пайыз, 7 пайыз, 5 пайыз, жада калса 3 пайыз деген пикирлер айтылууда. 9 пайызды демилгелеп, аны колдогондордун оюн эске алсак, негизги аргумент – партияларды ирилештирүү максаты болгон. Ооба, бул зарылдык, муктаждык. Бирок буга саясий күчтөр даярбы? Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери буга даяр эмес. 7 пайыз бул – биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол. 5 жана 3 пайызды айткандар «жаштарга мүмкүнчүлүк берели» деген, элдин кулагына жага турган аргументтерди айтууда. Бирок чынында жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат», - дейт Сооронбай Жээнбеков. Ал эми шайлоо босогосун 7% түшүрчү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууда. Белгилей кетсек, мурдараак (IRI) Эл аралык Республикалык институт өз изилдөөсүн жарыялап, анда Кыргызстандын үч партиясынын 9 пайыздык чектен ашууга күчү жетээрин билдирген. Алар «Республика», КСДП жана «Ата-Мекен» Эске салсак, Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу 5% болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында 7% болуп өзгөртүлгөн. 2017-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча Жогорку Кеңешке барам деген партиялар бардык добуш берүү бекеттерине келген шайлоочулардын добушунун 9 пайыздан кем эмесин алууга тийиш. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. #шайлоо2020 #сооронбайжээнбеков #жогоркукеңеш #мыйзамдолбоору

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:32

Шайлоо-2020: Үч партия гана 9 пайыздык чектен аша алат. Алардын бири КСДП

“Эгер шайлоо келе жаткан дем алыш күнү өтуп калса, кайсы партияга добуш берет элеңиз?”. Дал ушундай суроо менен (IRI) эл аралык республикалык институт жарандарга кайрылган . Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү “Билбейм” деген жооп кайтарган. Партияларды салыштырууда биринчи орунга «Республика» (18%) добуш менен арзыган. Экинчи орунга КСДП (11%) илинген. Үчүнчү орунду болсо «Ата-Мекен» (10%) добуш менен ээлеген. Ал эми сурамжылоого катышкандардын 11 пайызы “баарына каршы” деп жооп беришкен. Мындан улам изилдөөнүн жыйынтыгына жараша шайлоо өнөктүгү учурунда 9 пайыздык чектен болгону аталган үч партия аша алат. Сурамжылоо Кыргызстанда 21-ноябрдан тартып, 2019-жылдын 3-декабрына чейин созулган. Аны үймө-үч кыдырып жүргүзүшкөн. Изилдөөгө шайлоого укугу бар 18 жаштан жогору болгон 1 483 адам катышкан. Эске салсак, жарандар Кыргызстандын көйгөйлөрүн ким чечип бере алат деген суроого үч партияны көрсөтүшкөн. Арасында КСДП дагы бар. Кененирээк бул жактан окусаңыз болот. Сурамдылоонун жыйынтыгы тууралуу кененирээк тиркеме аркылуу өтүп, окусаңыздар болот. Толуктоо. IRI – бул коммерциялык эмес уюм. Анын максаты демакратияны куруу боюнча айрым өлкөлөргө жардам берүү. Аталган уюм Кыргызстанда саясий, экономикалык, социалдык, эл аралык жана шайлоо маселелери боюнча коомдук пикирди байкоо үчүн байма-бай сурамжылоо жүргүзүп турат. Жыйынтыктарын жарыялаган соң, IRI уюму топтолгон маалыматты саясий партиялардын ишин илгерилетүү үчүн тренингдерди өткөрүп турат. #ксдп #кыргызстан #шайлоо2020 #биринчиорун #тогузпайызчек

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:31

Депутат болсоң...беш жыл бою элден тил угасың... Жеке пикир

Депутат болсоң 30 миң сомго жакын айлык, 40 миң сом фонд, бирок беш жыл бою элден тил угасың. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу жеке фейсбук баракчасына жазып чыкты. Анын ой-толгоосун өзгөртүүсүз беребиз. "Парламентке илим-билимдүү, таза адамдар келсе деп, баарыбыз эңсейбиз, бирок кантип? Мисалы, Гарварддан окуган бир кыргыз Жогорку Кеңешке ат салышууну чечти дейли. Ал биринчи кезекте партия лидерине жолугуп шарттарын, жол-жоболорун сурайт. Айылыңан эки миңден ашуун кем эмес добуш алышың керек. Ал үчүн бала бакча, көпүрө, жол ремонттойсуң, колуңан келсе бир спортзал, ФАП же мечит салдырып бересиң, бука соёсуң, той өткөрөсүң, агитаторлорду жалдайсың, анан мүмкүн болсо партиябызга 200 миң $ төгүп кой, кыскасы ушул сыяктуу иштер. Ал эми диплом, идея, программаларыңды кийин сүрөткө түшөөрдө көрсөт, кагылайын... Албетте, Гарварддын бүтүрүүчүсү: "Ушулардын баарын аткарып депутат болуп калсам эмнеге жетем?" - деп сурайт. "Статус, төш белги, 30 миң сомго жакын айлык, 40 миң сом фонд, бирок беш жыл бою элден тил угасың, ун, май, чай таратасың, муктаждарга кол кабыш кыласың, оорулууларга операциясына тыйын-тыпырын таап бересиң, анан көпүрө, жол, бала бакча ремонтторун да улантасың, айылыңдагы аттуу-баштуулардын жамандык-жакшылыгына калтырбай барып, кошумчаңды берип турасың ж.б. ж.б" - дегендей артыкчылык-кемчиликтери угузулат. Ушуга билимдүү адам макул болобу? Негизи эле айлык албай эле иштегиле, тескерисинче, кайрылышып тургула дегендей мамиле мандемдүү. Мамлекет болгондон кийин бюджеттин акчасын билимдүү, таза адамдарды татыктуу эмгек акы менен жалдап иштетүүгө жумшашы керек. Ошондо гана, мисалы, бир сом салып, миң сомдук пайда түшөт. Рыноктун эрежелери ошондой эмеспи. Антпесе, айлыгы аз болсо деле депутат, министр же бир салыкчы, бажычы болуп иштей берем, Мекеним үчүн жаным курман дегендерге ишенбеш керек. Дегеле, мамлекеттик кызматка кедей адам катары келип, бай болуп чыгуу акылга сыйбайт. Өмүрбек Абдрахманов агай айтмакчы, система оң жолго коюлса, анан ошол жерде түзүк адамдар иштей баштаса, элибиздин жашоо-турмушу тез эле өзгөрмөк. "Өзүбүздүн кулунубуз" деген шылтоо менен билимине, тажрыйбасына карабай эле, кимден көбүрөөк акча, семизирээк бука чыкса, ошону шайлай берип азыркыдай абалга кептелгендейбиз. Эгер элдин курсагы тойсо, жумуш орундары жетиштүү, эмгек акылары жогору болсо, добушту эч кимиси сатмак эмес, "кулун-пулунга" деле көңүл бурмак эмес. Добуш сатылбаса, система, эмгек акы адилеттүү болсо, билимдүүлөрдүн арты менен мамлекеттин экономикасы дүркүрөп өсүп, бюджет ашып-ташып турмак. Ушундай бири-бирине чырмалышкан чынжыр качан үзүлөт? Эки революция өзгөртө албады. Парламент баралына жеткиче дагы көптөгөн ушул сыяктуу шайлоолорду баштан өткөрүшүбүз керек. Мен мисалы, реформа деп эле мамлекеттик институттардын, кызматкерлердин башын кыя чабабыз дегендерге ынанбайм. Биздин шартта 350 депутат болсо, анын элүүсү гана тың чыгат, 120нын отузу гана элдин купулуна толот. Элүү депутат кылып койсок, он эле депутат активдүү иштейт. Же башка бир мамлекеттик мекемеде кыскартуу жүргүзө турган болсок, кыскаргандардын ичинде жалаң адискөйлөр, ордун сактап калгандар тааныш-билиш, дос-туугандар болуп чыгат. Билими барлар чет өлкөдөн келмек тургай, кете баштайт. Сан эмес, сапатка карай, куру убадалар эмес, натыйжага карай, бүтүндү бүлдүрүү эмес, жаратмандыкка карай багытыбыздын ачкычы каерде? Кимдин колунда? Добушуңузду сатпаңыз, билимдүүлөр бийликке келсин деген кеп-кеңештер ушул сыяктуу көптөгөн суроолорго барып такалат".

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники