О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
4 октября 2020 г. 0:19

Последние новости

no article

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:19

Выборы-2020. Президент призывает не продавать свои голоса

Президент Сооронбай Жээнбеков прокомментировал в интервью «Биринчи радио» предстоящие выборы в парламент. Глава государства убежден, что конкуренция и открытое общество будут двигать страну вперед. «И в политике, и в экономике должна быть здоровая конкуренция. Самая большая проблема на сегодняшний день, которая беспокоит и меня, и каждого гражданина, болеющего за будущее Кыргызстана, — это проблема подкупа голосов. Завтра — день голосования, и я хотел бы призвать не продавать свои голоса. Человек, который радеет за свое будущее, за будущее своих детей, за будущее государства, никогда не пойдет на это», — сказал Сооронбай Жээнбеков. Продать свой голос — это удар по будущему своих детей, будущему государства, собственному будущему. Сооронбай Жээнбеков Источник: 24.kg

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:20

Предвыборная гонка позади. В Кыргызстане настал день тишины

В этот день политические партии не имеют права проводить агитационную кампанию. В Кыргызстане настал день тишины, предвыборная агитация кандидатов завершилась 3 октября в полночь. В день тишины избиратели могут еще раз проанализировать программу кандидата и определиться с выбором. В этот день политические партии не имеют права проводить агитационную кампанию. Также средства массовой информации и интернет-издания, аккредитованные ЦИК для участия в агитации, не имеют права на ее проведение. В случае нарушения дня тишины со стороны участников избирательного процесса ЦИК вправе применить меры по отношению к нарушителю. Выборы депутатов Жогорку Кенеша состоятся 4 октября 2020 года. Всего в выборах принимают участие 16 партий: 1. «Ата-Мекен» 2. «Бир-Бол» 3. «Биримдик» 4. «Замандаш» 5. «Кыргызстан» 6. «Мекеним Кыргызстан» 7. «Мекеним Ынтымагы» 8. «Мекенчил» 9. «Ордо» 10. Партия Ветеранов войны в Афганистане и Участников других локальных боевых конфликтов» 11. «Республика» 12. «Реформа» 13. «Социал-Демократы» 14. «Чон Казат» 15. «Ыйман Нуру» 16. «Бутун Кыргызстан» Всего, по данным сайта tizme.gov.kg, на выборы зарегистрировано 3 млн 523 тыс. 554 избирателя. Информация по количеству избирателей в разрезе регионов республики: - г. Бишкек – 497 тыс. 692 - г. Ош – 179 тыс. 972 - Баткенская область – 284 тыс. 265 - Джалал-Абадская область – 643 тыс. 774 - Нарынская область – 176 тыс. 202 - Ошская область – 682 тыс. 603 - Таласская область- 149 тыс. 011 - Чуйская область – 586 тыс. 664 - Иссык-Кульская область - 290 тыс. 769 - по линии Министерства иностранных дел КР, за рубежом будут голосовать - 32 тыс.602 Всего на выборах депутатов ЖК будут работать 2 тыс. 474 избирательных участка. Отметим, что проголосовать на выборах могут только граждане, достигшие 18-летнего возраста и сдавшие биометрические данные. Избиратель может проголосовать только при наличии паспорта (ID-card или общегражданский паспорт) и только на своем избирательном участке по прописке. Источник: Кабар

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:20

Шайлоодон кийин депутаттар кантип “жыргашат”?

Парламенттин күчүн ушундан байкасаңыз болот, жада калса бир дагы министр депутаттардын макулдугусуз кызматка отура албайт. Аз күндөн кийин парламенттик шайлоо өтөт. Бул күнү биз жөн гана добуш бербейбиз, келечегибизди тандайбыз, колубуздагы бийликти бирөөгө ишенип тапшырабыз. Буга өзүбүзгө жар тандап жаткандай эле мамиле кылуу зарыл деп эсептейм. Себеби шайлоодон кийин депутаттарга беш жыл, алар түзгөн системага бери жагы 10 жыл чыдашыбыз керек. Бизди эр кылган да, кара жер кылган да ушулар болот. Парламент кандай укукка ээ? Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам чыгарып эле отурат деп ойлогон жоксузбу? Эгер андай десеңиз мандат мынчалык талаш болмок эмес. Мандаттын жыргалчылыгы башкада... Шайлоодон уткан депутаттар жаңы өкмөттү бекитет. Ал үчүн ар бир партияга квота берилет, мисалы, менин партиям сунуштаган адам айыл чарба министри кызматына, сиздин партияңыздыкы Бажынын башчылыгына дайындалат. Ошентип өкмөттүн курамын түзүп, премьер-министрди дайындашат. Ошол өкмөт анан өлкөнүн тагдырын чечет. Ниети түз болсо өргө тартат, болбосо "өгүз өлбө, араба сынба" принциби менен эптеп иштейт. Карыз жөнүндө көп кеп кылабыз. Өкмөт чет өлкөдөн насыя алып жатканда бир тыйынына чейин парламент менен макулдашат. Депутаттар карыз кандай максатта алынып, качан төлөнөрүн билген соң ратификациялайт. Мындан сырткары, партиялар Борбордук шайлоо комиссиясы, Жогорку сот, Конституциялык палата сыяктуу органдарга өзүнүн адамдарын коё алат. Парламенттин күчүн ушундан байкасаңыз болот, жада калса бир дагы министр депутаттардын макулдугусуз кызматка отура албайт. Жыл сайын өкмөт аткарган иши тууралуу отчёт берет. Эгер аны парламент жактырбай койсо отставкага кетет. Сапар Исаковду дал ушундай жол менен ээрден алып түшүшкөн. Эсеп палатасы менен Улуттук банк дагы парламентке баш иет. Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшү - парламенттик-президенттик башкаруу. Демек, сиз шайлаган депутаттардын ичинен бирөөсү төрагалыкка шайланат да, президенттен кийинки эле өлкөнүн экинчи адамы болуп калат. Кыскасын айтканда, бизде парламенттин ролу абдан чоң, кыбыр эткендин баары депутаттар аркылуу чечилет. Азыр сиздин колуңузда опол тоодой бийлик турганын түшүнүп жатасызбы? Ал каалайсызбы-каалабайсызбы 4-октябрдан кийин күчүн жоготот. Мен сизди максаттуу пайдаланууга чакырам. Сизде эки тандоо бар Биринчи тандоо: VI чакырылыштын 100дөн ашуун депутаты кайра мандат алууга ашыгып жатат. Арасында буга чейин эки-үч жолу депутат болгондору бар. Кээ бирлери канча жыл иштесе да жыйынтык көрсөтүүгө жарабаган, галстугу бар, бирок калыстыгы жок оомо депутат катары эсте калды. “Башкасына баш оорутпайм, бизнесимди гүлдөтсөм болду” деп келе жаткандар да бар. Болбосо бир мандат үчүн 500 миң долларды (39,4 миллион сом) ким эле садага чапсын. Талапкерлердин ооз көптүрүп айткан убадаларын угуп жатканда баскан жолуна да көз чаптырып коюңуз. Баарына көз жумуп, кайра эле ушулар бийликке келишин каалап турсаңыз, биринчи тандоо сиздики болот. Ошол учурда сизге бир нерсени эскерте кетейин... Парламент өлкө тагдырын ишенип тапшырган өкмөттүн дараметин пандемия башталганда көрдүк. Бюджетте кошумча акча жок, карыз менен жан баккан мамлекет экенибизди түшүндүк. Июлдагы апаатта саламаттык сактоо системасынын таш-талканы чыкканын жоон терибиз менен сездик. Чекеден кырылып калабызбы деген коркунуч жаралбады беле. Миңден ашуун үй-бүлө жер кучактап отуруп калганын унуткан жоксузбу? Адистер өз убагында медицина тармагына көңүл бурулбаганын айтышууда. Мунун кесепетинен учурда замандаштарыбыз мээрим төккөн энесинен, таянар тоо болчу атасынан, боор тарткан бир тууганынан, чырактай уул-кызынан жана бир жаздыкка башын жөлөгөн жубайынан ажырап, кан жутуп отурушат. Экинчи тандоо: Өлкөгө азыр тайманбас, курч, реформатор, сабаттуу жана саясий эрки бар адамдар керек. Агымга каршы сүзө алгандарды тандоо да сиздин эркиңиз. Жаңыланууга карай кадам таштасак, жаркын жашоону кура алабыз. Мени күйдүргөнү, элдин жашоосун жакшыртууга жарабагандар, калктын жакырчылыгынан пайдаланып колундагы бийлигин 2000 сом менен сатып алууга аракет кылууда. Муну элди шылдыңдоо катары сыпаттайт элем. Кээ бирлери карантин маалында тараткан жардамын бетине кармап, үгүт ишин аткарууда. Анысына рахмат, бирок билип коюңуздар, биз кайрымдуулук фондунун директорун эмес, мамлекеттин тагдырын чече турган адамдарды шайлап жатабыз. "Өзүбүздүн бала" деген түшүнүктөн арылып, айылга эки машина шагыл төгүп бергендерге алданбай, "тууганым суранды эле" дегенди жыйыштырып, өз эркибиз менен тандоо жасайлы. Эч качан кайдыгер болбоңуз, шайлоого барып, колуңуздагы бийликти ишенимдүү адамга тапшырып бериңиз. Ошондо андан талап кыла аласыз. Азыр эч кимге добуш бербей койсоңуз, кийин бийликке нааразы болууга моралдык укугуңуз жок. Адам сатып алган буюмун каалагандай колдонорун билесиз. Ошол сыңары эле добушуңузду сатып алгандан кийин өз билгениндей бийлик жүргүзөт. Андыктан ойгонуп, активдүүлүктү көрсөтүүгө убакыт келди. “Элине жараша бийлиги” дейт, мен сиздерге аябай ишенип, үмүт артып турам. Бир күндүк оокат менен эмес, келечек үчүн күйөлүчү! Эламан Карымшаков, журналист P.S: Мен эч бир партиянын курамында жокмун. Жөнөкөй жаран жана журналист катары пикиримди жазууну чечтим. Булак: "Майдан.kg" газетасы

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:20

Шайлоо алдындагы жарыш аяктады. Кыргызстанда «жымжырттык күнү»

Ошондой эле үгүт иштерин жүргүзүү үчүн БШКдан аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар да үгүт материалдарын чыгара албайт. 3-октябрдан 4-октябрга караган түнү Кыргызстанда шайлоо алдындагы үгүт иштери токтоп, «жымжырттык күнү» келди. Бул күнү шайлоо жарышына түшкөн партиялардын кандайдыр бир үгүт иштерине тыюу салынат. Ошондой эле үгүт иштерин жүргүзүү үчүн БШКдан аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар да үгүт материалдарын чыгара албайт. Быйылкы парламенттик шайлоого 16 саясий партия катышууда: 1. «Ата-Мекен» 2. «Бир-Бол» 3. «Биримдик» 4. «Замандаш» 5. «Кыргызстан» 6. «Мекеним Кыргызстан» 7. «Мекеним Ынтымагы» 8. «Мекенчил» 9. «Ордо» 10. «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» 11. «Республика» 12. «Реформа» 13. «Социал-Демократтар» 14. «Чоң Казат» 15. «Ыйман Нуру». 16. «Бүтүн Кыргызстан». tizme.gov.kg сайтында айтылгандай, алдыдагы парламенттик шайлоого карата 3 млн 523 миң 554 шайлоочу катталган. Аймактар боюнча алганда: - Бишкек шаары – 497 миң 692; - Ош шаары – 179 миң 972; - Баткен облусу – 284 миң 265; - Жалал-Абад облусу – 643 миң 774; - Нарын облусу – 176 миң 202; - Ош облусу – 682 миң 603; - Талас облусу – 149 миң 011; - Чүй облусу – 586 миң 664; - Ысык-Көл облусу – 290 миң 769; - Чет жерлерде 32 миң 602 шайлоочу добуш берет. Алдыдагы парламенттик шайлоого карата жалпы 2 миң 474 шайлоо тилкеси ачылган. Шайлоого жашы 18ге толгон, биометрикалык маалыматтарын тапшырып, шайлоочулардын тизмесине кирген жарандар катыша алат. Шайлоочу өзү катталган шайлоо тилкеси боюнча гана добуш бере алат. Булак: Кабар

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:20

Шайлоо тилкесиндеги мыйзам бузуулар жөнүндө колл-борборго билдирсе болот

Добуш берүү күнү Өкмөт үйүндө шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүдө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда Республикалык штабдын колл-борбору иштейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Күндүз каалаган шайлоочу ишеним телефонуна чалып, электр жарыгынын, Интернеттин жоктугу, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана байкоочулары тарабынан маска тагуу режиминин сакталбаганды, белгиленген санитардык ченемдер жана башка мыйзам бузуулар жөнүндө кабарлай алат. Ишеним телефондору: 0312662858, 625119, 662851, 961454, 960311; факс: 0312666197. Белгилей кетүүчү нерсе, бул номерлерге «Кыргызтелеком» ААКнын Бишкек шаардык телефон тармагынын стационардык телефондорунан чалуулар акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук операторлордон чалуу учурдагы тарифтерге ылайык болот.

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:20

Шайлоо участкаларында дезинфекциялоо жана тазалоо иштери жүргүзүлдү

Эртең, 4-октябрда өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун алдында борбор калаанын мэриясы шайлоо участкаларында дезинфекция иштерин жүргүздү . Бардык УШКлар ички жайларды жана анын айланасын жалпы тазалоодон өткөрүшөт. Ар бир райондо “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринен бирден команда (5 адамдан 10 адамга чейин) бар. Ар бир шайлоо участкасында кирүү чыпкасы уюштурулган: нөөмөттө турган кызматкерлер үчүн термометрлер, коргонуучу кийимдер, дезинфекциялоочу килемдер даярдалган. Мэрия белгилегендей, Бишкек шаарынын тургундары шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө, ошондой эле юридикалык, консультативдик жана усулдук жардамга байланыштуу арызы же даттануусу менен 1255 кыска номерине (акысыз чалуу), WhatsApp 0990021255 номерине же kgor_cec @ shailoo электрондук дарегине жазса болот.

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:21

Өкмөт башчы: Шайлоого даярбыз

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов парламенттик шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. «Бул жолу өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процесси коронавирус инфекциясы пандемиясы маалында өткөрүлгөнү менен өзгөчөлөнүп турат. Шайлоону өткөрүү жогорку уюшкандыкты, анын ичинде эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылууну талап кылат. Ар бир шайлоочу, комиссия мүчөлөрү, байкоочулар, коопсуздукту камсыз кылгандар жана башка жарандар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды, бет кап режимин сактоого тийиш», – деди премьер-министр. Ал шайлоо процессине даярдык көрүүнүн жүрүшү жана аны өткөрүүдө келип чыккан маселелер жеринде ыкчам тартипте чечилиши керектигин кошумчалады. Кубатбек Боронов коомдук коопсуздукту камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ички иштер органдары депутаттарды шайлоо өнөктүгүнө даярдануу жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча планга ылайык иш алып барышы керектигин айтты. Өкмөт башчы Кыргыз Республикасында шайлоо жараяны санарип технологияларын колдонуу менен өткөрүлүп жатканын, шайлоочулардын тизмесин түзүү жана идентификациялоо биометрикалык маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөнүн, ал эми автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын жардамы менен добуштар саналарын эске салды. «Шайлоо процессинин катышуучулары шайлоочуларды өздөрүнүн платформалары жана программалары менен тааныштырууга мүмкүнчүлүктөрү кеңири болду. Шайлоону ачык-айкын, таза жана атаандаштык менен өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Мен кыргызстандыктар жарандык жогорку жигердүүлүктү көрсөтүп, шайлоого барып, өлкөнүн келечеги жана өнүгүшү үчүн туура тандоо жасайт деп ишенем. Бул шайлоо коомду негизги баалуулуктардын — биримдиктин жана туруктуулуктун айланасында консолидациялоонун фактору болушу керек», – деп Кубатбек Боронов белгиледи. Жыйындын соңунда Кубатбек Боронов дагы бир жолу шайлоо участкаларынын даярдыгын, аларды электр энергиясы, кошумча генераторлор жана интернет байланышы менен камсыздалышын, өрт коопсуздугу боюнча чаралардын сакталышын катуу көзөмөлдөөнү, укук коргоо органдарына чагымчылдыкка жол берөө жана шайлоочуларга пара берүү аракеттерин ыкчам тартипте токтотууну милдеттендирди. «Шайлоочулардын нааразычылыктарын жаратпаш үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары милдеттерин так аткарышы керек. Менин оюм боюнча, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө даяр», – деп сөзүн жыйынтыктады премьер-министр.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:43

Чоң Казат! Күч бирдикте!

Чоң Казат! Күч бирдикте! Биз коррупцияга Чоң Казат жарыялайбыз! Биздин катарга кошул! "Жерин сатам" дегендин, Желкесин үзүп салабыз! "Элин сатам" дегендин, Эсин алып салабыз! "Тоону сатам" дегенди, Ташка басып салабыз! "Мөңгү сатам" дегенди, Моюнун жулуп салабыз! _____________________________________________ Чоң Казат! Сила в единстве! Мы объявляем коррупции Великое Сражение! Присоединяйся!

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:21

Чет өлкөдө 32 миң 602 кыргызстандык шайлоочу бар

Чет өлкөдөгү шайлоочулардын саны 32 миң 602 жаранды түзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 3-октябрда «Шайлоонун ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылган заманбап технологиялар, андагы Кыргыз өлкөсүнүн тажрыйбасы» аталышындагы конференцияда айтты. Мобилдик топтун иштерине токтолгон Шайлдабекова, чет өлкөдөгү шайлоочулардын саны 32 миң 602 жаранды түзгөнүн билдирди. Чет өлкөдө шайлоочулардын катарына кошулуу үчүн жалпысынан 5 өлкө боюнча 31 шаар камтылганын айтты. -Мобилдик бригаданын жумуштарынын алкагында 33 мобилдик консультация өткөрүлгөн. Ал эми 1 миң 376 адамдан ашык жарандар аталган жумушчу топтун жыйындарына катышышкан. Ошондой эле чет өлкөдөгү консулдуктарга 340 Кыргыз жараны каттоого турса, 382 мобилдик консультациянын катышуучулары биометрикалык маалыматтарын тапшырышты, — деп билдирди. Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо эртең, 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия ат салышат.

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:21

Шайлоо-2020: «Эл пикир» онлайн платформасы сурамжылоо жүргүзүүдө

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Анын алдында Elpikir.org онлайн платформасы Кыргызстанда жана чет жерде жүргөн мекендештер арасында сурамжылоо жүргүзүп жатат. Жарандардын кайсы партияга добуш берүүсү онлайн жүрүүдө. Сурамжылоонун максаты — жаны технологиянын жардамы менен таза шайлоону чагылдыруу болуп эсептелет. Сурамжылоого 3-октябрда түшкү саат 13.00гө карата 12 миңден ашык жаран катышты. Учурда онлайн добуш берүү улантылууда. Elpikir.org онлайн платформасы жарандардын жеке маалыматтарын сактабайт жана эч ким менен бөлүшпөйт. Борбордук шайлоо комиссиясы же эч бир саясий партия менен кызматташпайт. Ушул шилтеме аркылуу онлайн добуш берүүнүн жыйынтыктарын көрө аласыз.

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:21

Шайлоо-2020: Кыргызстанда үгүт иштери токтоду

Кыргызстандын аймагында 3-октябрда саат түнкү он экиден тартып парламенттик шайлоого карата үгүт иштери токтоду. Шайлоо жөнүндөгү кодекске ылайык, үгүт иштери шайлоо күнүнө 24 саат убакыт калганда токтошу керек. Тактап айтканда, 3-октябрда шайлоого байланыштуу массалык иш-чараларды уюштуруу, үгүт жүргүзүү, чакырык таштоого жана шайлоого катышып же катышпоого үндөгөнгө эч ким укуктуу эмес. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого 16 саясий партия ат салышып жатат. Добуш берүү өнөктүгү 4-октябрда саат 08:00 — 20:00 аралыгында жүрөт. Бул шайлоого карата Кыргызстандын аймагында 2462, чет өлкөлөрдө 44 шайлоо тилкеси уюштурулган. Шайлоочулардын жалпы саны — 3 млн 523 миң 532 адам. Шайлоо-2020: бүгүн өлкөдө «жымжырттык күнү»

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:21

Күч алган каралоо, шайлоо алдында шайы кеткен партиялар

Парламенттик шайлоонун босогосуна келгенде партияларга карата каралоо күч алды. Алардын көбү мурдагы иштер болгонуна карабай, шайлоо жакындаганда чыгууда. Мындай каралоолор партиялардын электоратын жогото алабы? 2 күн мурун Чок-Талдагы «Лазурный берег» пансионатынын жатаканасында Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери делген эки жигиттин видеосу тараган. Анда жашыруун камера аркылуу алардын ыплас ишке барганы тартылып, социалдык тармактарда тараган. Андагы жигиттердин бири кайсы бир партиянын мүчөсү экени айтылып, айрымдары «Реформа» партиясын каралоого аракет кылган. Бирок, партия алардын эч кандай тиешеси жок экенин айтып, Боршайкомго арыз менен кайрылган. Партиянын талапкери Эркин Нурбаев «Маралга» жогоруда аталган маселени ким кылгандыгы ачык болуп калганын айтып, оппоненттери таза күрөшө албай жаткандыгын билдирди. — Бул каралоо. Башка эч нерсе эмес. Биз оппозициялык маанайдагы партия болгондуктан, бул бийлик бизди аталган теманы пропаганда кылууга күнөөлөп, өздөрү ошондой видеолорду тестиер балдар көрөт дебей, аны ойлонбой жайылтып жүрөт. Биз эч качан андай теманы пропаганда кылган эмеспиз, — дейт Нурбаев. Активисттер пансионаттын жетекчилиги жоопкерчиликке тартылышын талап кылып жатышат. Тараган видео боюнча «жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» фактысы менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын укук коргоо органдары кабарлаган. Ага удаа, кечээ Бишкек шаарынын «Мегаком» жана «Биллайн» операторлорунун абоненттери болгон тургундарына «ReformaKG» деген ник менен СМС билдирүү келе баштаган. Анда «Бишкектиктер, Реформа партиясы «гейлердин» укугун коргоону жана аны жайылтууну улантат!» деп жазылган. Тургундар муну терс маанайда кабыл алып, соцтүйүндөрдө аталган эки компанияны сынга алып, жооп берүүсүн талап кылды. Эркин Нурбаев бул маселе боюнча арыз жазыларын, азыр такталып жатканын айтат. Анын айтымында, аталган операторлор кайсы бир партиянын буйругун аткарып жатышат. — Азыр ал маселелер каралып жатат. Мындай нерселерди мыйзам талаасында чечсе болот эле, бирок азыр мыйзам кимге иштей турганын жакшы билебиз да. Антсе деле биз күрөшө беребиз. Мобилдик операторлор дагы болушунча актанды, демек, алардын коргонуу системасы начар, — деди талапкер. Бирок, «Биллайн» компаниясы кайрылуу жасап, анда алар эч кайсы партиянын кызыкчылыгына иш жасабай турганын, саясаттан алыс экенин билдирди. Ал эми «Мегаком» компаниясынын маалымат кызматынын башчысы Жумгал Өмүрканов таратылган СМС билдирүүлөр чет өлкөнүн атайын билдирүүлөрдү жөнөтүүчү компаниясы аркылуу 32 колдонууучуга жөнөтүлгөнүн айтты. — Мегаком компаниясы СМС билдирүүлөрдү расмий түрдө жөнөткөн эмес. Биздин техникалык адистер тактап, карап чыгышты. Жалпысынан 32 билдирүү биздин абоненттерге жиберилиптир. Биздин компания муну шайлоо алдындагы партиялардын бири-бирин каралоосу катары баалайбыз. Ал эми абонеттерге келген 32 СМС билдирүү Швейцариянын GMS деген атайын ушундай СМС жөнөтө турган компаниясы тарабынан жиберилгени белгилүү болду, — дейт Өмүрканов. Каралоого кабылган бир гана «Реформа» эмес, башка оппозициячыл партиялардан «Чоң Казат» дагы бар. Бул партияга карата каралоолор акыркы аптада күчөп, видео материалдар социалдык тармактарда чыга баштаган. Алардын биринде партия лидери Максат Мамытканов белгисиз бирөөдөн чоң суммадагы акча каражатын алып жатканы тартылган. Ага удаа лидердин орусиялык бийликтин өкүлү менен сүйлөшүүсү делген аудио тарап, коомчулуктун сынына кабылды. Андан тышкары партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Сыймык Жапыкеевдин мас абалында унаа башкарып, жол коопсуздугунун кызматкерлери тарабынан токтотулуп, алар менен тартышып жаткан видеосу жарык көрдү. Анда Жапыкеев «самогон» ичкенин айтып, инспекторлордон кечирим сурап, кое берүүсүн өтүнөт. Жапыкеев муну өзү шайлоо алдындагы атайын каралоо деп айтып, кайрылуу жасады. — Бизди каралоо 2 күндөн бери катуу жүрүп жатат. Максат Мамытканов орустар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат дегенди чыгарып жиберишти. Жанагы конвертте акча берип аткан киши өзүнүн эле агасы, мөңгүлөр боюнча адис. Өзүнүн кесиптештери менен акча чогултуп бериптир, 70 миң сом. Булардын баары 2-3 ай мурунку видеолор. Мамытканов өзү аябай адилеттүү бала. Мени болсо «Самогон» ичип алыптыр деп каралап атышат. Ал январдагы болгон окуя, Садыр Жапаровду колдоо митингине баратканбыз, — дейт Жапыкеев. Мындай каралоолор шайлоо алдында кандай таасирге ээ? Партиялардын шайлоо алдында каралоого кабылып жатканы алардын шайлоодо аз добуш алып калышына себеп болот. Анткени, алар актанууга жетишпей каларын КТРКнын мурунку жетекчиси Илим Карыпбеков «Маралга» билдирди. — Медиа политтехнология деп коет, бул каралоолор бардык өлкөлөрдө бар. Мунун таасири чынында эле өтө чоң. Айрыкча, кайсы өлкөдө медиа сабаттуулугу төмөн жарандар көбүрөөк болсо, мындай каралоолор эффективдүү болот. Бизде көбүнчө ушундай, ушак-айыңдарга бат ишенишет. Карыпбеков каралоолор шайлоого эки күн калганда катуу жүрүп жатканында чоң максат бар экенин, бул жол менен партиялар актанууга жетишпей каларын кошумчалады. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрь эрте мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин болот. Ага 16 партия ат салышып, шайлоого катышкан жалпы жарандардын 7 пайызынан көп добушун алгандары парламентке өтөт.

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:22

Парламенттик шайлоо: үгүт иштери токтоду

Бүгүн, 3-октябрда таңкы саат 8де парламенттик шайлоонун үгүт иштери токтотулду. Шайлоо Кодексине ылайык Жогорку Кеңешке талапкерлер шайлоого 24 саат калганда шайлоого үгүт иштерин токтотуусу зарыл. 16 партия ат салышып жаткан шайлоо 4-октябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашкандай, Кыргызстан боюнча бардык шайлоо участкаларына бюллетендер жеткирилди. Өлкө боюнча 2462 шайлоо участкалары иштейт. Чет өлкөлөрдө 44 шайлоо тилкеси уюштурулган. Шайлоочулардын жалпы саны — 3 млн 523 миң 532 адам. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:22

Сооронбай Жээнбеков: Эти выборы должны быть справедливыми

Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков выступил с обращением к кыргызстанцам в связи с предстоящими выборами депутатов в Жогорку Кенеш Кыргызской Республики, которые состоятся 4 октября 2020 года. Ниже текст обращения: «Уважаемые соотечественники! 4 октября мы будем избирать депутатов в Жогорку Кенеш. Центральная избирательная комиссия, Республиканский штаб при Правительстве, местные избирательные комиссии выполняют свои обязанности в рамках законодательства. Агитационная кампания велась в условиях высокой политической конкуренции. Пришло время, когда голос каждого избирателя будет иметь решающее значение. Качественный состав будущего парламента окажет прямое влияние на развитие нашей страны в ближайшие пять лет. Поэтому каждый из нас обязательно должен воспользоваться своим правом выбора. Эти выборы должны быть справедливыми, отражающими свободное волеизъявление наших граждан. Для достижения данной цели были созданы все условия. За год до выборов была определена правовая база. Правила выборов были заранее известны политическим партиям и избирателям. Мы стремимся обеспечить справедливость выборов не только во время голосования и подведения итогов, но и на всех этапах выборного процесса. Мы ввели новые нормы в законодательство с целью профилактики нарушений закона, привлечения к ответственности за незаконные действия и предотвращения использования административного ресурса. Уважаемые лидеры политических партий, кандидаты! Для всех партий были созданы равные условия для проведения агитационной кампании. Не было никаких препятствий для выражения политических позиций и взглядов. Призываю вас не выходить за рамки избирательного законодательства. Не забывайте о том, что подкуп голосов преследуется по закону! В любой борьбе обязательно будет победившая и проигравшая сторона. Уверен, что проигравшие не пойдут на поводу своих личных амбиций и не станут провоцировать раскол в обществе, наносить вред миру и стабильности в стране. Не будем забывать, что будут приняты все решительные меры в рамках закона в отношении тех, чьи действия будут угрожать единству народа, межнациональному согласию, целостности нашего государства и верховенству закона. Дорогие соотечественники! В день выборов к нашей стране будет приковано внимание всего международного сообщества. Надеюсь, что этот день останется в истории нашей страны как день проявления высокой политической культуры. Давайте проведем выборы, не роняя нашей национальной чести и достоинства. Представители 16 партий, принявшие участие в выборной гонке и достигшие победы, — достойные сыновья и дочери нашего народа. Мы считаем, что для вас нет высшей ценности, чем благополучие людей и спокойствие в обществе. Для всех нас интересы страны превыше всего! Уважаемые избиратели! За кого мы отдадим свои голоса — это личное решение каждого, его личное волеизъявление. Никто не имеет права оказывать давление или навязывать свое мнение. Голос каждого избирателя решает судьбу страны. Определяет политическое, экономическое, социально-культурное направление развития государства. Программа и перспективные цели каждой партии, участвующей в выборах, ясны. Поэтому 4 октября каждый из нас должен сделать свой политический выбор! Дорогие мои сограждане! Уверен, что мы проявим политическую проницательность и не ошибемся с выбором, отдав свой голос за тех, кто будет служить не своим интересам, а интересам народа. Каждому из вас желаю крепкого здоровья, благополучия и успехов. Пусть Всевышний оберегает наш любимый Кыргызстан и на нашей благодатной земле всегда царит мир!»

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники