О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
4 октября 2020 г. 0:17

Шайлоодо мыйзам бузулушуна жол берилбейт

Ош облусунун аймагында шайлоо мыйзамдарын бузулушуна жол бербөө максатында Ош ОИИБдин кызматкерлери тийиштүү ыкчам иш аракеттерди жүргүзүүдө, — деп билдирет Ош ОИИБдин басма сөз кызматы. Ушундай иш-чаралардын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнүнө карата кайсыл бир саясий партиянын өкүлдөрү добуш сатып алуу үчүн акча таркатып жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат Ош ОИИБнын Кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталды. Алгачкы тергөөнүнүн жүрүшүндө 2020-жылдын 1-октябрь күнү саат 22:15 чамасында малымааттардын электрондук журналына катталып, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 192-бер. 1-бөл., негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берилген. Тийиштүү иш-чаранын жүрүшүндө , Кара-Кочкор айыл аймагынын тургундары, 26-жаштагы Ау.А, К.Т, С.Ж, Б у.Д, Б.С жана З у.А биргеликте, 26 –жаштагы А.М ге Кара-Кочкор айыл аймагынын тургуну 53-жаштагы К.Ага 2020-жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын парламенттик шайлоосуна талапкер болуп жаткан “Республика” саясий партиясына добуш берүү үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акча жана шайлоо күнү ошол аталган акчага дагы кошумча берилээрин айтып акча тапшырышкандыгы маалым болду жана аталган акча каражаты тергөө кызматы тарабынан далил буюм катары алынды. Топтолгон материалдын негизинде тергөө иштери жүрүп жатат.

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:17

Шайлоо күнү өкмөт үйүндө ишеним телефон борбору тынымсыз иштейт

4-октябрдагы боло турган парламенттик шайлоо күнү өкмөт үйүндө телефон борбору тынымсыз иштейт. Расмий маалыматка ылайык, call-борборго шайлоочулар шайлоо эрежелеринин жана санитардык нормалардын бузулушуна байланыштуу маселелерде телефон чалып, кабарлашса болот. Ишеним телефондор: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11. Факс: (0312) 66 61 97. «Кыргызтелекомдун» Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан чалуу акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук операторлордон учурдагы тарифтерге ылайык акы алынат. Сүрөт интернеттен алынды

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:17

Шайлоо 2020: үгүт иштери токтоду

Парламенттик шайлоо алдындагы жымжырттык күнү 3-октябрда эртең менен саат 8:00дө башталды. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул күнү партиялар жана талапкерлер үгүт иштерин жүргүзө албайт. 16 партия ат салышып жаткан шайлоо 4-октябрда өтөт. Добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалды, анын 35и чет мамлекеттерде. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны — 3 523 554. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт. Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар. Жарышка аттанган партиялардын бюллетендеги орду төмөнкүдөй: 1. «Биримдик» 2. «Мекенчил» 3. «Ыйман Нуру» 4. «Мекеним Кыргызстан» 5. «Реформа» 6. «Ата Мекен» 7. «Замандаш» 8. «Бүтүн Кыргызстан» 9. «Социал-Демократтар» 10. «Мекен Ынтымагы» 11. «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери» саясий партиясы 12. «Ордо» 13. «Бир Бол» 14. «Республика» 15. «Кыргызстан» 16. «Чоң Казат»

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:18

Выборы 2020: Больше всего жалоб на подкуп избирателей и админресурс

В преддверии выборов в парламент Кыргызкой Республики центральная избирательная комиссия зарегистрировала 86 жалоб на нарушение избирательного законодательства. Об этом стало известно в ходе заседания координационной группы оперативного реагирования ЦИК. Сотрудники центризбиркома раскрыли подробности этих противоправных деяний представителям госкомитета нацбезопасности, министерства внутренних дел и генеральной прокуратуры республики. По их словам, в список попали 40 обращений по фактам подкупа избирателей, 27 — по фактам злоупотребления административным ресурсом, 9 — о подделке избирательных документов, 8 — о нарушении условий предвыборной агитации и по одному — по фактам воспрепятствования осуществлению избирательного права и повреждения агитационного баннера.

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:21

Шайлоого катышуучу эл аралык байкоочулар өчпөс отко гүл коюшту (фото)

Парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышкан эл аралык байкоочулар өчпөс отко гүл коюшту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Анда КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун парламенттик ассамблеясынын байкоочулары жана Орусиянын депутаты Константин Затулин Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышкан эл аралык байкоочулар борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева менен биргеликте жеңиш аянтындагы өчпөс отко гүл коюшту. «КМШ кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий белгилегендей, алар ар дайым гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта жеңиш үчүн өмүрүн арнаган адамдардын элесине таазим кылышат. Коноктор жана вице-мэр таазим кылып, гүл коюшкандан кийин байкоочуларды ардактуу кароол тосуп алды«, — деп айтылат маалыматта. Өчпөс от мемориалы — Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине арналып коюлган архитектуралык-скульптуралык композиция. Ал 1985-жылы орнотулган.

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:18

«Медикам не запрещается агитировать». Рабочая группа ЦИК рассмотрела видео партии «Биримдик»

Рабочая группа по вопросам информирования избирателей и иных субъектов избирательного процесса и правилам агитации на заседании от 20 сентября рассмотрела нарушения проведения агитационно-публичных мероприятий политическими партиями. Об этом сообщает пресс-служба ЦИК. На заседании рабочая группа рассмотрела видеоматериал с признаками агитации, размещенный в социальной сети Facebook медицинскими работниками за кандидата в депутаты Улукбека Кочкорова от политической партии «Биримдик». После рассмотрения было решено закрыть этот вопрос за отсутствием правовых оснований для дальнейшего рассмотрения, так как медицинским работникам не запрещается агитировать.

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:18

Жээнбеков поделился своим мнением о выборах-2020

Президент Сооронбай Жээнбеков 3 октября дал очередное интервью «Биринчи радио» Общественной телерадиовещательной корпорации. Об этом сообщает пресс-служба президента. Главе государства был задан вопрос о предстоящих выборах в Жогорку Кенеш, на что Жээнбеков ответил: « Мы с 2010 года занимаемся над развитием парламентской демократии. С тех пор два раза были проведены выборы в Жогорку Кенеш. Два созыва парламента работали по этой парламентской системе. И было продемонстрировано влияние парламента на развитие государства. Поняв это, сейчас и я, и все государственные органы, которые ответственны за проведение выборов, местные власти отнеслись к нынешним выборам по-особенному. Самое главное — мы по мере возможностей создали все условия для полноценного участия в выборах политических партий и их кандидатов. Вмешательство моего аппарата в процесс подготовки к выборам было минимальным. Правительство действовало самостоятельно. Наш аппарат указывал на недостатки в процессе подготовки. Напрямую аппарат ни во что не вмешивался. Но есть и обратная сторона. За ситуацию в стране во время и после выборов ответственен президент. В этих целях аппарат в рамках закона выполнял свои задачи» . Он также сообщил, что за последние пять лет в парламенте были шесть партий. Многие входили в коалицию большинства, оппозиционное меньшинство также участвовало в формировании правительства. « Все партии влияли на кадровые назначения. Это было очевидно. В настоящее время сторонники всех этих партий сидят в правительстве, министерствах и местных органах власти. Каждый депутат, каждая партия за пять лет имели возможность назначить своих людей на должности. Но после принятия закона об использовании административного ресурса резко снизился уровень использования админресурса со стороны государственной власти. Мы следим за этим посредством СМИ, аппарат указывает на существующие недостатки. Как показывает статистика, большинство депутатов 6-го созыва снова баллотируются в депутаты. Одни — в составе той же партии, другие — уже вместе с другой партией. Я хотел бы сказать, что при таких условиях невозможно доминирование той или иной партии в использовании административного ресурса. Влияние участвовавших в выборах 16 партий было разным в разных городах и районах. Таким образом, невозможно точно предсказать исход предстоящих выборов. Конечно, будут фавориты выборной гонки, но предугадать, кто победит, невозможно. Узнаем завтра, когда откроются урны. Я всегда говорю, что развитие возможно только тогда, когда есть конкуренция. Сейчас мы создали условия для политической конкуренции. Могу сказать, что это сделано. Если мы сможем создать такие же условия для свободной конкуренции в экономике, то у нас начнут появляться лучшие кадры в политике. Если мы создадим конкуренцию в экономике, у нас появятся лучшие, образованные, опытные и передовые предприниматели. Я, конечно, не могу сказать, что все стало идеальным. Как показывает пройденный путь других развитых стран, проблемы все еще остаются, и они еще будут. Я убежден, что конкуренция и открытое общество будут двигать страну вперед. Мы хотим достигнуть этой цели », – рассказал он. Президент добавил, что его беспокоит проблема подкупа голосов и призвал соотечественников не продавать свои голоса.

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:18

Выборы-2020: Президент призывает не продавать свои голоса

Президент Сооронбай Жээнбеков прокомментировал в интервью «Биринчи радио» предстоящие выборы в парламент. Глава государства убежден, что конкуренция и открытое общество будут двигать страну вперед. «И в политике, и в экономике должна быть здоровая конкуренция. Самая большая проблема на сегодняшний день, которая беспокоит и меня, и каждого гражданина, болеющего за будущее Кыргызстана, — это проблема подкупа голосов. Завтра — день голосования, и я хотел бы призвать не продавать свои голоса. Человек, который радеет за свое будущее, за будущее своих детей, за будущее государства, никогда не пойдет на это», — сказал Сооронбай Жээнбеков. Сооронбай Жээнбеков - "Продать свой голос — это удар по будущему своих детей, будущему государства, собственному будущему". Источник: NazarNews.kg

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:18

Бул жолу Бишкекте 497 миң 692 шайлоочу катталды

Бул жолку парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн Бишкек шаарында алгач 391 миң 833 шайлоочу катталган. Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдун маалыматы боюнча, акыркы тизме 497 миң 692 шайлоочу менен түзүлдү. «№2 форма менен 146 миң 248 арыз түшкөн. Факт түрүндө 132 миң 334 арыз болду. Ал эми 13 миң 914 шайлоочу 2 же андан көп жолу арыз жазгандар. Бишкек шаарындагы шайлоочулардын тизмесинен 26 миң 475 шайлоочу чыгарылды. Алардын арасында көз жумган жарандар жана жашаган дарегин өзгөртүп кеткендер бар», - деди төрага. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:19

Президент: "Шайлоо деп, партиялар 400дөн 500 киши топтоп, үгүт ишин өткөрүптүр"

«Шайлоо деп, 400дөн — 500-1000ге чейин киши топтоп, партиялар эрежелерди сактабай, үгүт ишин өткөрүптүр», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде. Мамлекет башчысы аларга чара көрсөң бийлик бизге кысым кылып, бут тосуп жатат деп айтып чыгышарын кошумчалады. «Жөндөн-жөн эле добуш алуу үчүн „бийлик мени кысып жатат, бийлик мени иштетпей жатат, бийлик биздин добушту алып кетип жатат“ деген эле болбогон сөздөрдү айтып жатышты. Мына карасаңыз, дебаттарды, ошол 20 жылдап иштегендер бийликти шыбап жатышат. Өздөрү жүрүп, эч нерсе жасай албагандар. А берки жаңы келген балдар айтса мейли эми, бул жаңы келатат, чын жүрөктөн иштейм деп, макулбуз ага», — деп белгиледи Президент. Сооронбай Жээнбеков ошондой эле мурдагыдай карантин киргизип коюуга мүмкүн эместигин, экономикага да ден соолукка да бирдей мамиле кылуу керектигин баса белгиледи. Мамлекет башчысы бул үчүн Президенттен тартып катардагы жарандарга чейин санитардык эрежелерди так сактоосу зарыл экендигин белгиледи. «Биздин дарыгерлер айтып жатат, эрежени сакташ керектигин. Ошол эрежени сактаса эле бул ооруну жеңебиз. Муну бардыгыбыз тең бирдей күрөшүп, бирдей аракет кылсак, муну жеңебиз. Анан бирөө той өткөрүп жатса, беш жүз кишини чакырып алып, билип туруп, түшүнүп туруп, өткөрүп жатса, бирөө элди топтоп алып жылдыктарды кылып, каза болгондорго куран окутуп жатса. Кыл, бирок эрежени сактап кыл деп айтып жатабыз», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:19

4-октябрь: Кара-Көлдө шайлоо тилкесинен сырткары добуш берүү өтүп жатат

Бүгүн, 3-октябрда Кара-Көл шаарында шайлоо тилкесинен сырткары добуш берүү өтүп жатканын аймактык шайлоо комиссиясы билдирди. Билдирүүгө ылайык, 9 участок боюнча 43 адам добуш берет. Шайлоо тилкелеринин кызматкерлерине саат 10:00гө чейин инструктаж өтүп, арыздын негизинде кайрылган жарандардын добушун алуу боюнча аймактык шайлоо комиссиясы үйлөрдү кыдырып жүрүшөт. Кыргыз Республикасыныны Жогорку Кеңешине шайлоо эртең, 4-октябрда өтөт. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:19

Баткенде ден соолугуна байланыштуу шайлоо тилкесине бара албай турган адамдар көчмө урна аркылуу добуш берүүдө

Баткен облусунда ден соолугуна байланыштуу шайлоо тилкесине бара албай турган 1351 адам бүгүн 3-октябрда көчмө урна аркылуу добуш берүүдө. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты. Ага ылайык, пандемияга байланыштуу шайлоо тилкелеринде жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык шарттар түзүлгөн. Шайлоо күнү коомдук тартипти камсыз кылууга 622 милиция кызматкери тартылган. Баткен облусунда 215 шайлоо тилкеси, 284265 шайлоочу бар. Кыргыз Республикасыныны Жогорку Кеңешине шайлоо эртең, 4-октябрда өтөт. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:19

БШК “Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкуловду шайлоодон четтетүүдөн баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы бир топ жарандардын “Биримдик” партиясын жана алардын лидери Марат Аманкуловду парламенттик шайлоодон четтетүү боюнча арызын канааттандыруудан баш тартты. Мындай чечим 2-октябрда БШКнын отурумунда кабыл алынды. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматованын айтымында, БШКнын эки мүчөсү гана “Биримдик” партиясын жана алардын лидери Марат Аманкуловду шайлоо жарышынан чыгарууну суранган 11 кыргызстандыктын билдирүүсүн колдошту. Алар мындай арыз менен Марат Аманкуловдун “Биздин көз карандысыз 30 жылдык тарыхыбыз “эсиңерге келгиле, кайра артка кайтканга убакыт келди!” дегенди көрсөттү” деген билдирүүсүнөн кийин беришкен. Белгилей кетсек, БШК мүчөлөрү иштин материалдарын Башкы прокуратурага жана УКМКга Марат Аманкуловдун билдирүүлөрүнө укуктук баа берүү үчүн жөнөтүүнү сунуш кылышкан. Бирок бул демилгени эки гана адам колдоду. Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Марат Аманкуловдун сүйлөгөн видеотасмасы тараган . Видеодо ал: “30 жылдык эгемендүүлүктөн кийин өлкө көз-карашын өзгөртүп, кайра кайтууга мезгил келди” деп айткан. Социалдык тармактардын колдонуучулары Аманкуловдун бул билдирүүдөн Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүү катары баалап, сынга алышты. Партия бул провокация болгонун, сөздөр контексттен алынып салынгандыгын белгилеп, “партия патриоттук платформага негизделген жана биздин башкы баалуулуктар биздин көз карандысыздыгыбыз, эгемендигибиз, аймактык бүтүндүгүбүз” деп белгиледи. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:19

Шайлоо алдындагы жарыш аяктады. Кыргызстанда «жымжырттык күнү»

3-октябрдан 4-октябрга караган түнү Кыргызстанда шайлоо алдындагы үгүт иштери токтоп, «жымжырттык күнү» келди. Бул күнү шайлоо жарышына түшкөн партиялардын кандайдыр бир үгүт иштерине тыюу салынат. Ошондой эле үгүт иштерин жүргүзүү үчүн БШКдан аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар да үгүт материалдарын чыгара албайт. Быйылкы парламенттик шайлоого 16 саясий партия катышууда: 1. «Ата-Мекен» 2. «Бир-Бол» 3. «Биримдик» 4. «Замандаш» 5. «Кыргызстан» 6. «Мекеним Кыргызстан» 7. «Мекеним Ынтымагы» 8. «Мекенчил» 9. «Ордо» 10. «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» 11. «Республика» 12. «Реформа» 13. «Социал-Демократтар» 14. «Чоң Казат» 15. «Ыйман Нуру». 16. «Бүтүн Кыргызстан». tizme.gov.kg сайтында айтылгандай, алдыдагы парламенттик шайлоого карата 3 млн 523 миң 554 шайлоочу катталган. Аймактар боюнча алганда: - Бишкек шаары – 497 миң 692; - Ош шаары – 179 миң 972; - Баткен облусу – 284 миң 265; - Жалал-Абад облусу – 643 миң 774; - Нарын облусу – 176 миң 202; - Ош облусу – 682 миң 603; - Талас облусу – 149 миң 011; - Чүй облусу – 586 миң 664; - Ысык-Көл облусу – 290 миң 769; - Чет жерлерде 32 миң 602 шайлоочу добуш берет. Белгилей кетсек, шайлоого жашы 18ге толгон, биометрикалык маалыматтарын тапшырып, шайлоочулардын тизмесине кирген жарандар катыша алат. Шайлоочу өзү катталган шайлоо тилкеси боюнча гана добуш бере алат. Эске сала кетсек, добуш берүү өнөктүгү 4-октябрда саат 08:00 — 20:00 аралыгында жүрөт. Бул шайлоого карата Кыргызстандын аймагында 2462, чет өлкөлөрдө 44 шайлоо тилкеси уюштурулган. Шайлоочулардын жалпы саны — 3 млн 523 миң 532 адам. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:19

Последние новости

no article

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники