О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
2 октября 2020 г. 21:41

АБЫШЕВ Кылычбек Асаналиевич

«РЕСПУБЛИКА» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер, Юрист, Укук тануунун магистри, Кыргыз Республикасынын Юстициясынын мыкты кызматкери, Мамлекеттик кызматтын 1 чениндеги кенешчиси Менин тандоом - РЕСПУБЛИКА саясий партиясы! Эмне үчүн "РЕСПУБЛИКА»? Биринчиден, 2010-жылы, апрель окуяларынан кийин, мамлекетибиз таланып, тонолуп, үй-бүлөлүк - кландык башкаруудан арыла албай, элибиздин жаны кыйналып, мамлекетибиз чайналып турганда, бир эмес эки ыңкылапты баштан өткөрүп, өлкөбүз жараланып турганда, башчыларыбыз мамлекеттик башкаруунун көзүн таппай карайлаганда, элибизге жарык нур чачып, дем берип, жаңы күч болуп, келечекке үмүт берип, булуттан чыккан күнгө окшоп, жылуулук тартуулаган, жаратман, жүрөгүндө жалыны, көзүндө оту бар жаштардын башын бириктирип, алдыга ишенимдүү кадам таштаган партия бул жалгыз гана - "РЕСПУБЛИКА" партиясы болгон! Партия тез арада калың катмардын колдоосуна ээ болуп, эбегейсиз популярдуулукка жетип, шайлоого аттанып, ийгиликке жетишип, “чү” дегенде эле аты чыккан партиялар менен тең тайлашып, 2010-жылкы парламенттик шайлоодо 23 мандат алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде татыктуу орун алганга жетишкен! Экинчиден, берген убадаларына партия бек туруп, анын бир тобун иш жүзүнө ашырган! Партиянын аракетинин негизинде төмөнкү чаралар көрүлүп, иш жүзүнө ашырылды: - Кыргызстандыктардын турмушун жеңилдетен 15 мыйзам сунушталды; - депутаттардын айрым артыкчылыктары кыскартылды; - калкты тейлөө борборлору ачылды; - бюрократияны кыскартты; - аз пайыз менен ипотека сунушталып ишке ашырыла баштады; - 7 пайыздык агрокередит иштелип чыкты; - “Техосмотр” аталган коррупциялык элементи бар система жоюлду; - 49 мамлекет менен болгон визалык милдеттенмелер алынып салынып, ошонун негизинде чет элдик туристтердин биздин өлкөгө келүүсү көбөйдү. Үчүнчүдөн, «РЕСПУБЛИКА» бул сөз гана эмес иш жүзүндө РЕФОРМА жургузуу колунан келээрин далилдеген партия! Дагы да болсо реформа жазоого дарамети күч, эрки бар, күчү дагы акылы дагы жете турган, командасы дагы даяр партия бул – “РЕСПУБЛИКА”! Алдыдагы боло турган шайлоодон ийгиликтүү өтүп, жеңишке жеткен учурда, “РЕСПУБЛИКА” партиясы төмөнкү конституциялык реформалык кадамдарга даяр: - Президенттин кызматы жоюлат; - 120 депутаттын ордуна 75 мандаттуу Жогорку Кенеш келет; - 16 министрликтин ордуна 7 гана министрлик сунушталат; - УКМК, ПРОКУРАТУРА жоюлат; - соттун көз карандысыздыгы күчөтүлөт; - Каржы жана ИИМ министрин оппозициядан көрсөтүүнү сунуштайт; - мамлекеттик органдарга массалык маалымат каражаттарына ээлик кылууга тыюуу салуу жагы каралат. Төртүнчүдөн, «РЕСПУБЛИКА» - элдин сүймөнчүгүнө ээ болуп, 2015-жылы парламенттик шайлоодо, Ата-Журт партиясы менен биргеликте күчүндө болуп турган бийликтин партиясы менен тең ата болуп, татыктуу экинчи орунда келип, 28 мандатка ээ болгон партия! Кийинки 2017-жылы өткөн Президенттик шайлоодо “РЕСПУБЛИКА” партиясынын лидери экинин бири болуп, 600 минден ашуун добуш алып, калын катмардын ишенимине ээ болду! Бешинчиден, "РЕСПУБЛИКА" партиясы бул өлкөбүзгө лидерлерди тартуулаган партия! "РЕСПУБЛИКА" партиясынын казанында кайнаган, тарбияланган, бышкан эр-азаматтар, ар бири өз алдынча лидерге айланып, топ жарып, өз алдынча партияларды башкарып турган чактары. Алтынчыдан, партиянын Программасы башка саясий партиялардын программаларынан реалдуулугу, эл мүдөөсүнө туура келгендиги жана учурдун талаптарына жооп бергендиги менен айырмаланып турат! Жетинчиден, "РЕСПУБЛИКА" партиясы менен 2010- жылдан бери байланышым бар, ар бир иш-чарасына активдүү катышып келе жатам, колдон келишинче партиянын ишине салымымды кошуп келем. Партиянын негиздөөчүсү Өмүрбек Токтогулович Бабановдун 2010-жылдагы парламенттик ишмердүүлүгүндөгү жардамчысы, кеңешчиси болгонума, жана "Республика" фракциясынын катчылыгынын эң биринчи жетекчисинин кызматын аркалаганыма, андан кийин Өкмөт башчылык кызматка барганда, ал кишинин жардамчысы жана Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп иштегениме мен эч качан өкүнбөйм, сыймыктанам, баалайм! Мен "РЕСПУБЛИКА" партиясын тандагам жана бирге болом! Туура тандоо - Татыктуу жашоо! “РЕСПУБЛИКА” партиясы татыктуу партия!

Подробнее
2 октября 2020 г. 12:43

туулган жери Кара-Кулжа

Нуржигит Кадырбеков туулган жери Кара-Кулжа районунун элдери менен жолугушуусу

Подробнее
2 октября 2020 г. 14:18

Урматтуу шайлоочулар!

Урматтуу шайлоочулар! Алтынчы чакырылыш өз ишин жыйынтыктады. Аны менен катар 2020-жылы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого карата үгүт өнөктүгү соңуна жетти. Бүгүн өткөөл мезгилдин босогосунда турабыз - сиздин добушуңуз кийинки чакырылышта ким депутат болоорун чечүүчү мезгил келди. Алар кесипкөйлөрбү же ышкыбоздорбу, кнопка баскычтарбы же эл жүгүн аркалоочу азаматтарбы, эл ичинен чыккандарбы же креслону басып алгандар болобу, бир гана сиз аныктайсыз. ⠀ Бардык кыргызстандыктарды өз шайлоо участкасына келип, сиздердин баалуулуктар жана тилектер менен бөлүшкөн партия үчүн таза абийир менен добуш берүүгө чакырабыз. Жогорку Кеңеште сиздин кызыкчылыгыңызды коргой турган партия үчүн. Өлкө үчүн, намыс жана кадыр-барк үчүн иштеген партияны тандаңыз! ⠀ **** Уважаемые избиратели, Подходит к концу работа предыдущего парламента, вместе с которым подходит к концу агитационная кампания партий на выборы в Жогорку Кенеш 2020. Сегодня наступил переломный момент — когда ваш голос решает, кто будет в следующем созыве: профессионалы или дилетанты, жмущие кнопки по приказу или защищающие интересы граждан, те кто с народом или те, кто за деньги покупает кресло. Мы призываем всех кыргызстанцев прийти на свой избирательный участок и отдать голос с чистой совестью за ту партию, которая разделяет ваши ценности и стремления. За ту партию, которая будет представлять ваши интересы в Жогорку Кенеше. За ту партию, которая за страну, честь и достоинство!

Подробнее
2 октября 2020 г. 13:25

Урматтуу кыргызстандыктар!

Урматтуу кыргызстандыктар! "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Чиркешович Текебаев саат 16:00дө түз эфир аркылуу элге кайрылуу жасайт! Фейсбуктагы баракчалар: https://www.facebook.com/jalbyrak.tv/ https://www.facebook.com/atameken.kg/ https://www.facebook.com/o.tekebaev **** Уважаемые кыргызстанцы! Председатель партии "Ата Мекен" Омурбек Текебаев проведет прямой эфир в 16:00, чтобы обратиться к народу! Страницы в фейсбуке: https://www.facebook.com/jalbyrak.tv/ https://www.facebook.com/atameken.kg/ https://www.facebook.com/o.tekebaev/

Подробнее
2 октября 2020 г. 13:19

Милдет. Намыс. Ата Мекен.

Милдет. Намыс. Ата Мекен. Добушуңду сатпа, дагы бир жолу ойлон, программаларды жана талапкерлерди изилдөөгө убакыт бар, бардыгын таразалап, туура тандоо жаса. Ата Мекен - Шайлоо бюллетенинде # 6! ⠀ *** Милдет. Намыс. Ата Мекен. Не продавайте свой голос, обдумайте еще раз, еще есть время изучить программы и кандидатов, еще есть время все взвесить и сделать правильный выбор. Ата Мекен — #6 в избирательном бюллетене!

Подробнее
2 октября 2020 г. 17:25

Билим берүү системасын өзгөртүүгө БИЗ ДАЯРБЫЗ!

Билим берүү системасын өзгөртүүгө БИЗ ДАЯРБЫЗ!

Подробнее
2 октября 2020 г. 14:21

"Таза шайлоо" акциясы Кочкор-Ата шаарында!

"Таза шайлоо" акциясы Кочкор-Ата шаарында! "Бир Бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Кенжебаев Нурланбек. Бир бол! Номер 13!

Подробнее
2 октября 2020 г. 10:04

Эмиль Уметалиев, президент компании «Кыргыз Концепт»:

Эмиль Уметалиев, президент компании «Кыргыз Концепт»: - В партию «Бир Бол» входят такие известные люди, как Мирбек Асангариев, Руслан Акматбек, Жодар Сайдилканов и Темирбек Ажыкулов, которые на протяжении многих лет вносят свой вклад в улучшение работы правительства по достижению свободы предпринимательства. Специалисты, которые внесли свой вклад в развитие экономики страны, улучшение международных отношений, формирование гражданского общества, наращивание потенциала, подотчетность, социальную активность и создание новых законов, идут в парламент с партией «Бир Бол». Поэтому мы поддерживаем партию «Бир Бол».

Подробнее
2 октября 2020 г. 12:28

Нарын облусун

Нарын облусундагы айылдык кеңештин депутаты «Биримдик» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер, Улан Бакасов боюнча жалган маалымат таратканын мойнуна алып, элден кечирим сурады.

Подробнее
2 октября 2020 г. 12:41

Ноокат районунун

Ноокат районунун Көк-Бел айылы Биримидик партиясынын талапкери Жусупбек Коргонбай уулун колдоп, депутаттык жарышка чыгарышты. Айыл аксакалдары Жусупбек мырзага ак боз ат мингизишип ак жол каалашты. Жаркын келечек Биримдик менен

Подробнее
2 октября 2020 г. 18:52

Кара-Балта шаары “Алдыга жолду” тандады!

Кара-Балта шаары “Алдыга жолду” тандады! Руслан Казакбаев: Заманыбыздын баатырлары болгон врачтар менен мугалимдерге 6% менен ипотека берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Подробнее
2 октября 2020 г. 12:25

Айнура Жусупалиева

Биримдик партиясынын талапкери Айнура Жусупалиева: Заманбап билим берүү жана илим – Кыргызстандын келечегинин ачкычы. Калкка заманбап билим берүү системасын жеткиликтүү кылуу максатында жалпы билим берүүнү реформалоо зарыл. Окутуу менен бир эле мезгилде алдыңкы өнүгө турган заманбап илими бар илим-изилдөөчү институттардын системасын өнүктүрүү сапаттуу жогорку билим алууга өбөлгө түзөт. Жеңиш Биримдик менен

Подробнее
2 октября 2020 г. 11:36

Жалал-Абад

Жалал-Абад шаарында миңдеген жаштар Биримдик партиясын даңазалап, жөө жүрүш өткөрүшү. Үгүт, шайлоо шаңы, көтөрүлгөн желектер, бир добуштан үн салуу, Жалал-Абад шаарында жашоочулардын маанайын көтөрүп, партиянын гимни жаңырып жатты. Кыргыз элинин жаркын келечеги Биримдик менен

Подробнее
2 октября 2020 г. 17:05

Тандалган сүрөттөр.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын үгүт өнөктүгү кандай жүрдү? Тандалган сүрөттөр. *** Как проходила агитации партии «Мекеним Кыргызстан». Лучшие фото.

Подробнее
2 октября 2020 г. 16:16

«Мекеним Кыргызстан»

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын өлкө элине кайрылуусу Урматтуу элим! Ошентип Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү да аягына чыгууда. Ал биз үчүн оңой болгон жок. Саясий атаандаштарыбыздын көпчүлүгү “Мекеним Кыргызстан” партиясын бутага алып, ар кандай чабуулдарды жасады. Бирок биз андай ыпластыкка аралашпай, өз жолубуз менен багыт алдык. Сөздүн түз жана кыйыр маанисинде да бизге ар тараптан сокку урулду, биз тескерисинче бардык саясий күчтөрдү, атаандаштарыбызды калыстыкка, тынчтыкка чакырып жаттык. Ага карабай каалагандай ботко чалышып, бизге карай чачышты. Ушундай ыплас маалыматтык чабуулга карабастан биз таза күрөштүк. Анткени мындай саясий күрөштө ким күчтүү болсо баары ошого асылары салтка айланган көрүнүш, жагымсыз, жашыруун күрөш үчүн атаандаштарыбызга рахмат айтабыз. “Мекеним Кыргызстанга” каршы айрым атаандаштардын каралоосу, жалган жалаасы кайра биздин партиянын кадыр-баркын көтөрдү. Анткени биздин улуу, көрөгөч, кеменгер элибиз ак-караны ажыратып, негизсиз караланып жаткан тарапта болуп келгени талашсыз. Үгүт өнөктүгү маалында биздин партиянын талапкерлери жер-жерлерде жүздөгөн жолугушууларды өткөрдү. Үгүт кербенибиз бүтүндөй өлкөнү кыдырды жана бардык жерде карапайым калктын колдоосун сезип жаттык. Үгүт учурунда бизди түшүнгөн, колдогон, бизге үмүт арткан, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы үчүн добуш берүүгө камынып жаткан калайык калкка алдын-ала терең ыраазычылык билдиребиз. Бул тандоо үчүн сиздер эч качан өкүнбөй турганыңыздарды дагы бир жолу бекемдеп кетмекчибиз. Ошондой эле баарыңыздарды 4-октябрда добуш берүү участкасына келип, жарандык милдетиңиздерди аткарып кетүүгө чакырабыз. Ушундай кризистик учурда келечекке кайдыгер карабай, бул саясий жараянга катышып, добуш берүү абдан маанилүү. Биз өз элибизди эч качан өз жана өзгө, бөлөк-бөтөн, бизди колдойт, же каршы деп бөлгөн эмеспиз жана бөлбөйбүз. Анткени «Мекеним Кыргызстан» ар бир кыргызстандыктын партиясы. Бул жөн гана ураан эмес, бул биздин философия. Биз конструктивдүү бардык тараптар менен диалогго даярбыз жана ачыкпыз. Бирге баскан жол үчүн керемет өлкөбүздүн элине, бардык жарандарыбызга дагы бир ирет алкыш айтабыз. Баарыңыздарга сак-саламат, бардар жана бакубат жашоо каалайбыз. Ала-Тообуздун асманы дайыма ачык болсун!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники