О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
3 октября 2020 г. 1:37

Алтынбек Сулайманов: “Бүгүнкү тандоо эртеңки келечекти аныктайт. “Бир Бол” №13

Урматтуу мекендештер! Элдин башкы талабы бийликке, өкмөткө жана парламентке элдин бакубат жашоосу үчүн иштеп бере ала турган адистерди алып келүү болду. Бул талапка “Бир Бол” партиясы биринчилерден болуп көңүл бурганын билесиздер. Шайлоо алдындагы тизмени түзүп жатканда заман талабына ылайык ойлоно алган, чечимдерди ыкчам кабыл алууга жөндөмдүү, өз тармагынын кесипкөй адиси болгон, бизнестеги ыңгайлуулукту, кызмат көрсөтүүдөгү ийкемдүүлүктү көрүп, өзүнө сиңирген тажрыйбалуу жаш күчтөрдү, жаңы жүздөрдү алып келдик. “Мурунку көчтүн адашканын, кийинки көч билет” демекчи, азыр жаштардын талабы, көз караштары жана маселени чечүү жолдору, биздеги салттуу ыкмалардан кыйла айырмаланып турат. Мындай өзгөчөлүк “Бир Болдун” жаңы командасында так жана даана билинип турат. Биздин команда жүрөгүндө жалы бар, эл дегенде күйүп-жанган эрктүү жигиттерден, өнүгүү жолуна гумандуу, эркин барууга умтулган кыздарыбыздан турат. Бийликти толугу менен иштин көзүн билген адистер менен жаңыртуу, инновациядан негиз алып өнүгүү, эл алдында президентти, депутаттарды жоопкер кылуу биз үчүн принципиалдуу болуп саналат. Биздин партиянын максаты – бийликтин бардык бутактарына профессионал адистерди алып келүү. Биз социалдык-экономикалык өнүгүүнүн натыйжалуу программасын киргизип, аны жүзөгө ашырууну көздөп жатабыз. Ошондой эле губернаторлорду жоюп, бийликти жер-жерлерге берип, элге партияны эле эмес, партиядагы өзү каалаган талапкерди шайлоо укугун беребиз. Ошондо бийлик менен элдин ортосундагы ажырым жоюлат. Биз өзүбүз үчүн бир катар милдеттерди алдык. Биздин башкы милдетибиз медицина кызматкерлеринин, окутуучулардын жана мугалимдердин айлык акысын эки эсе жогорулатуу. Ошондой эле экономикада чакан жана орто бизнестин үлүшүн 70%га чейин жеткирүү, мамлекеттик аппаратка сарпталган чыгымдарды 70%га кыскартууну өз милдетибиз деп билебиз. Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү үчүн таптакыр жаңыча көз караш менен бара жатабыз. Жаңыча чечимдер маданият тармагында да болот деп айта алабыз. Маданий элитаны жандандыруу жана колдоо максатыбыз бар. Кымбаттуу мекендештер! Шайлоого мына ушундай бийик максаттар, аруу тилектер менен бара жатабыз. Биз шайлоо эмес тандоо кылалы. Анткени бүгүнкү тандоо эртеңки келечекти аныктайт. Келиңиздер, жаркын келечекке чогуу баралы! Бул максаттарды ишке ашырууга биз даярбыз! "Бир Бол" саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 2-октябрь. 16:26 02-10-2020

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:37

БШКнын төрайымы: "3 жаран форма-2 боюнча 22 жолу арыз берген"

3 жаран форма-2 боюнча 22 жолу арыз берген. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди. "Шайлоочулардын тизмеси боюнча маселелер көп. Шайлоочулардын тизмеси 3 миллион 523 миң 554тү түзөт. Бул 24-сентябрга карата көрсөткүч. 4-сентябрга карата 3 миллион 465 миң 415 болчу. Форма-2 менен бир нече жолу кайрылгандар болду. 32 миң 504 адам 2 жолу, 5 миң 810 адам 3 жолу арыз менен кайрылганы белгилүү болду" , - дейт ал. 16:05 02-10-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:37

“Бир Бол”, №13. “Таза шайлоо” акциясы Араванда

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Ош облусунун Араван районунда “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Мурат Көчөбаев билдирди. “Биз табиятты таштандыдан арылтууну Араван районунун Араван-Сай айылында жайгашкан базардан баштадык. Базардын айланасы таштандыга бат эле толуп кетет. Бирок райондук экотехинспекция тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн жергиликтүү калктын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө. Бүгүнкү иш-чара элге сабак болушу керек. Райондо тазалык акциясын өткөрүү менен жергиликтүү калкка дагы түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. “Ар бирибиз таза болсок, коом дагы таза болот. Таштанды ыргытканың, өлкөгө зыян келтиргениң” деп айтып жатабыз. Буюрса, шайлоо бүткөндөн кийин дагы тазалык ишембилик өткөрүп турабыз”, - деди Мурат Көчөбаев. Иш-чарага 100гө жакын киши катышты. Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышты. “Бир Бол”, №13 – Жаратман күч! Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 2-октябрь. 15:59 02-10-2020

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:37

Кочкор-Ата шаары: “Бир Бол” тазалыктын үлгүсү болду”

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Нурлан Кенжебаев билдирди. Анын айтымында, “Таза шайлоо” акциясын өткөрүп, элге жакшы үлгү көрсөтө алышкан. “Ишембилик Кочкор-Ата шаары жана Момбеков айыл өкмөтүндө өткөрүлдү. Чоң көчөлөрдү, эс алуучу жайларды, стадиондорду тазаладык. Бул иш-чара боюнча биздин гана партия башкаларга үлгү боло алды. Жергиликтүү тургундар “буга чейин мындай деңгээлдеги акция боло элек болчу, жакшы үлгү көрсөттүңүздөр” деп ыраазычылыгын билдиришти. Тазалык иштерин айыл жашоочулары улантып турарын белгилешти”, - деди Нурлан Кенжебаев. Иш-чарага 60тан ашык киши катышты. Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү келишти. “Бир Бол” №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 2-октябрь. 15:36 02-10-2020

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:37

Үгүт иштеринин акыркы күнү: “Кыргызстан” партиясына 300 адам салтанаттуу түрдө мүчө болду

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүттөө иштеринин акыркы күнүндө “Кыргызстан” саясий партиясына 300 адам жаңы мүчөлүккө кабыл алынды. Партиянын Бишкек шаарындагы борбордук штабында болуп өткөн иш-чарага, партиянын түптөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов жана партия лидери Канатбек Исаев катышып, жаңы мүчөлөргө парт билеттерди тапшырышты. “Кыргызстан” партиясына кошулуп жаткан адамдардын саны күн сайын көбөйүп жатканын айткан партия лидери Канатбек Исаев буларга токтолду: “Кыргыз эли үчүн ак кызмат кылып келе жаткан адамдардын биздин катарга кошулуп жатканы аябай кубандырат. Биздин катарга кошулушуңар менен “Кыргызстан” партиясы дагы да күчтөнүп, көп жетишкендиктерге жетет. Биз элдин колдоосу менен 4-октябрда жеңишке жетип, элибиздин жана мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн эмгектенебиз”. Иш-чаранын соңунда символикалуу түрдө баш кошуп жаткан эки жашка парт билеттер тапшырылды. Партиянын лидери Канатбек Исаев эки жашка ак жол каалап, алардын мамилеси “Кыргызстан” партиясы сыяктуу туруктуу жана түбөлүктүү болушун каалады. Андан соң иш-чаранын жалпы катышуучулары алакан жайып, эки жашты ак бата менен узатышты. Бүгүнкү күндө “Кыргызстан” партиясынын жалпы 40 миңден ашык мүчөсү бар. Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 2.10.2020) 15:28 02-10-2020

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:37

Талас шаарында “Таза шайлоо” экологиялык акциясы өттү. Бир Бол №13

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Талас шаарындагы үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” экологиялык акциясы менен жыйынтыкташты. Алар Талас токоюнун жээктерин, коомдук жайлардагы таштандыларды тазалашты. “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Рамис Мамбеталиев ар бир жаран тазаланууну өзүнөн баштоосу керектигин айтты. “Таза шайлоо” акциясынын негизги максаты - шайлоочуларды акчага сатылбай, татыктуусун тандап добуш берүүгө чакыруу. Муну менен бирге айланабызды тазалап, жан дүйнөбүздү аруулантып, келечектен көптү үмүттөндүргөн татыктууларын тандоого учур келди”, - деди талапкер. Ал тазалык иштерине байланыштуу партиянын программасында тиричилик калдыктарын чогултуу жана таштандыларды кайра иштетүүчү заводдордун курулушу үчүн шарттарды түзүү каралганын кошумчалады. Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышты. “Бир Бол” №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 2-октябрь. 15:08 02-10-2020

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:38

БИРИМДИК №1. 2,5 миллион шайлоочу менен жолуктук, бүт өлкө бизди колдоду, жеңиш биз тарапта!

«Биримдик» демократиялык социализм-евразиялык тандоо партиясынын командасы үгүт кампанияга чегерилген бир айдын ичинде Кыргызстандын бардык облустарында, шаарларында жана айылдарында шайлоочулар менен беш миӊден ашуун жолугушууларды өткөрүштү. Бардыгы үгүт кампаниясынын жүрүшүндө «Биримдик» партиясы бүткүл өлкө боюнча 2,5 миллиондон ашык шайлоочулар менен жолугушту. «Биримдик» партиясынын талапкерлери менен лидерлери Төрөбай Зулпукаров, Акылбек Жамангулов, Аида Касымалиева, Улукбек Кочкоров жана башка партиянын талапкерлери жолугушуулардын жүрүшүндө ар бир кыргызстандыктын оюн угуп, аларды кызыктырган маселелерге жооп берип, «Биримдик» партиясынын идеологиясы жана пландары туурасында жана аларды чечүүнүн жолдорун айтып беришти. Жалпылап айтканда, «Биримдик» партиясынын үгүт кербенинин жүрүшү учурунда өлкөнүн эӊ эле алыскы аймактарына чейин барышып, партиянын программасы менен идеологиясын Кыргызстандын ар бир тургунуна чейин жеткирүүгө жетишишти. Баарлашып, пикир алмашып, элдин суроо-талаптарын угуп, алардын колдоосуна ээ болушту. «Биримдик» демократиялык социализм жана евразиялык тандоо партиясынын үгүт кербени 4-сентябрда өлкө боюнча жүрүшүн Бишкек жана Ош шаарларынан баштаганын эсиӊиздерге салабыз. Үгүт кампаниясынын башталганына арналган расмий иш-чара өлкөнүн түндүк жана түштүк борборлорунда-Бишкектин "Жеӊиш" аянтында, Ош шаарындагы ыйык Сулайман-Тоодо өткөрүлгөн. №1 БИРИМДИКТИ колдоо менен сиздер өз элиӊиздерди колдогон болосуздар. Жекшембиде 4-октябрда 8.00дөн 20.00гө чейин шайлоо участкаларына келип тизменин башындагы №1 БИРИМДИК партиясына добуш бериӊиздер. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 1-октябрь, 2020-жыл. Разаков 4. 2-октябрь. 14:42 02-10-2020

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:38

Шайлоо-2020: Эртең "жымжырт күнү". Бүгүн шайлоого карата үгүт жүргүзүүнүн акыркы күнү

Бүгүн, 2-октябрда шайлоого карата үгүт жүргүзүүнүн акыркы күнү. Бул тууралуу "Президенттин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" конституциялык мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүндө жазылган. Ага ылайык, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтору белгиленген. Саясий партияларга акыркы күнү үгүт иштери жүргүзүү үчүн дагы 24 саат берилет. Расмий түрдө үгүт иштери 3-октябрь саат 08:00дө токтойт. Буга байланыштуу БШКга "Үгүт иши токтогондо саясий партиялар кандай иш-аракеттерди жасашы керек?" деген суроо менен кайрылдык. "Эртең, 3-октябрда эртең мененки саат 08:00дөн баштап өлкө боюнча бардык үгүт иштери токтотулуп, "жымжырт күнү" болот. Бул күнү жалпыга маалымдоо жана интернет-басылмаларына үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Саясий партиялар тарабынан "жымжырт күнү" бузулган учурда БШК аларга чара көрүүгө укуктуу", - дешти БШКнын маалымат кызматынан. Ал эми "Шаарда толуп кеткен билборд, үгүт плакаттары алынышы керекпи?" деген сурообузга БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева төмөндөгүдөй жооп берди. "Шайлоо мыйзамдарында мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана орун-жайларынан тышкары жерлерде жайгаштырылган үгүт басылма материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берген күнү мурдагы орундарында тура берет деп жазылган. Демек, билборддор алынбайт, бирок үгүт иши токтотулушу керек" , - дейт Журабаева 13:41 02-10-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:38

Кыргызстандыктар "Республиканы", “Алдыга жолду” колдойт!

"Республика" партиясы үгүт иштерин алып барып, кыргызстандыктарга мамлекеттеги олуттуу реформаларды өткөрүү багытындагы "Алдыга жол" программасын сунуштады. Жолугуулар Кыргызстандын жети облусунун бардык райондорунда өттү. Депутаттыкка талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушуулары Ысык-Көл облусунан башталды. Партиянын лидери Мирлан Жээнчороев мамлекеттин өнүгүүсүн саясий реформалардан башташ керектигин айтып кетти. "Биз парламентте жүрүп да сиздер тарапта болгонубузга сыймыктанабыз. Бирок басымдуу бөлүгү эки жүздүү, кошоматчы болуп калды. Алар санды көбөйтүп, сапаты жок болуп, элге иштебей, бир ууч адамдарга кызмат кылуу менен алектенди. Ошол себептен биз программада депутаттардын санын 120дан 75ге кыскартабыз деп айтып жатабыз. Биз дагы бир жобо киргизип жатабыз. Ага ылайык, эгерде татыктуу эл өкүлү боло албаса, эл ага нааразы болсо 10 миң кол топтоо менен депутатты кайра артка чакыртып алсаңар болот. Ошондо иштебеген “кнопка баскыч” депутаттары жумуштан алып салса болот", - деди "Республика" партиясынын лидери. Нарындыктар менен жолугушууда сөз алган "Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер, журналист Тынчтык Алтымышев болсо элдин көңүлүн учурдагы өлкөнүн экономикалык абалына бурду. "Өлкө азыр кызыл чекте турат. Бюджетте акча жок. Пандемияга деп донорлор берген каражаттарды өкмөт пенсия, жөлөк пулдарга таратып коюп отурат. 500 миллион доллар жиги жок кетти. Сыртка карызыбыз 5 миллиард доллардан ашты. Чукул арада жасалган реформаларды жон терибиз менен сезгидей бололу. Алдыга жолду тандайлы! Артка жол - коркунучтуу. Биз мамлекеттүүлүктү жоготуп алышыбыз мүмкүн. Тандоодон жаңылбаңыздар! "Республика" номер 14, "Алдыга жолду тандаңыздар", - деди Тынчтык Алтымышев. Баткен облусунун чек арасында аткезчилик, паракорчулук ээ-жаа бербей өнүгүп жатат, дал ушул себептен "Республика" партиясы коррупцияга ачык-айкын күрөш жарыя кылганын жергиликтүү тургундарга Назарали Арипов айтты. "Кыргызстандын чек арасы коррупциянын борбору болуп калды! Ар бир жүк ташыган унаалардан алына турган мамлекеттик салык пара болуп жеке тараптардын чөнтөгүнө түшүп жатат. Биз коррупционерлер, каракчылар, уурулар менен ачык күрөшүүбүз керек. Азыр кээ бир партиялар жарандарды Кадамжайдан Ошко алып барып форма-2 менен каттап жатат. Бул эмне дегендик? Мындай ыплас ыкмалар менен шайлоону өткөрө турган болсок, мамлекетибиз туңгуюкка такалат. Элдин добушун сатып алам деген – мамлекетти жок кылам дегенге барабар!", - деди Арипов. Ош облусунун Араван, Алай, Өзгөн райондорунун жана Ош шаарынын тургундары менен жолугушууларында "Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер Руслан Казакбаев партия өлкөдөгү экономикалык, саясий жоопкерчиликти толук мойнуна алууга даяр экенин билдирди. "Эски саясатчылар убада берсе ишенбегиле! Алардын колунан келсе, Кыргызстан эчак гүлдөп-өнүкмөк! Биз ар бир жараныбыздын жашоосун өзгөртүүгө жоопкерчиликти алганга даярбыз. Буга чейин берген сөзүбүздү силердин колдооңор менен ишке ашырдык. Бул жолу да реалдуу реформаларды камтыган “Алдыга жол” программасы менен баратабыз. Коррупцияны жалгыз президент же укук коргоо органдары жеңе албайт. Андыктан биз өзүбүздүн ичибизде, жүрөгүбүздө, акылыбызда реформа жасашыбыз керек. "Республика" партиясынын мамлекеттин келечеги үчүн кызмат кыла турган программасы даяр", - деди Руслан Казакбаев. Базар-Коргон, Сузак, Аксы, Ноокен райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын тургундары “Республика” партиясынын программасы менен таанышып, кызуу колдоого алышууда. "Республикадан" депутаттыкка талапкер Акпарали Калматов партиялар беш жыл сайын убада берип, пара менен шайланганын эске салды. "Азыркы учурда эң ыплас шайлоо болуп жатат деп ойлойм. Анткени мугалимдерди, дарыгерлерди, бюджеттик кызматкерлерди коркутуп, бизге шайлагыла деп мажбурлап жаткан партиялар бар. Кээ бири элдин добушун сатып алып жатышат. Алар айылдарга барып мекемелердин чатырларын оңдоп, майда-чүйдө иштерди аткарып добуштарды чогултуп жүрөт. Бирок ушундан айылдыктардын жашоосу толугу менен оңолобу? Ошондуктан шайлоо күнү өлкөнү өнүктүрүүгө дарамети жете турган "Республиканы" колдоп бергиле деп суранам", - деп талапкер жыйынтыктады. Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата райондорунун жана Талас шаарынан тургундары "Республика" партиясын кубануу менен тосуп алышты. Депутаттыкка талапкер Кенжебек Бокоев шайлоодо добуштарды сатып алгандардын ниети бузук экенин айтып, аларды ачыкка чыгарууну сунуштады. "Республика" партиясы туура жолдо! Биздин "Алдыга жол" – чыныгы программа! Эч ким бизди пара алды деп айта албайт, анткени биздин депутаттарыбыз Жогорку Кеңешке байлык үчүн барган эмес. Азыркы учурда Талас облусунун айылдарында форма-2 менен башка айылдардын тургундарын тизмеге киргизип жаткан учурлар бар. Акча тараткандарды четке кагып, шайлоодон кийин алардын атын ачыкка чыгарышыбыз керек. Келечекти көздөй "Республика" партиясы менен бирге кадам таштап, мамлекеттеги оор абалды оңдоого салым кошкула", - деп Кенжебек Бокоев элге чакырык жасады. Чүй облусунун эли менен жолугушууда депутаттыкка талапкер Эсенгул Исаков "Республика" партиясы олуттуу реформаны ишке ашырганга күчү жетет деп ишендирди: "Силердин колдооңор менен мамлекеттин келечегин куруп, эгемендүүлүгүн сактаганга "Республика" партиясынын күчү, кайраты, сабаттуулугу, эрки жетет деп ишенем. Программада асмандагы айды убада кылбай, жашообузду жакшы жакка реалдуу өзгөртө турган кадамдар жазылган. Азыр акчалуулар бир айылдын элин бөлүп, мушташтырып жатат. Силердин чогулганыңар бул акча үчүн эмес, өлкөнүн келечегине кайдыгер карабай, "Республика" үчүн деп келгениңерди билдирет", - деп талапкер жыйынтыктады. Буйрутмачы: "Республика" саясий партиясы. ИНН 01708200710163. "Республика" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А. 2-октябрь. 13:24 02-10-2020

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:39

Белгилүү инсандар “Кыргызстан” партиясы тууралуу эмне дейт?

"Кыргызстан" партиясынын билдирүүсүнө караганда шайлоого аттанган 16 партиянын ичинен 3 партия фаворит катары саналууда. Алардын бири – «Кыргызстан» саясий партиясы. Анткени "Кыргызстан" партиясы өзүнүн так идеологиясы жана туруктуу электораты менен өзгөчөлөнүп турат. Муну эске алганда, шайлоо жарышында ийгиликке жетүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Жогорудагы айтылгандарды бекемдеш үчүн, коомчулукка белгилүү инсандардын “Кыргызстан” партиясы тууралуу ой-пикири жана каалоо тилектерине орун берели. Мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиев: “Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңештин VI чакырылышына келген күндөн тартып жоопкерчиликтен качпай, мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдөөчү функцияларын өз ыйгарым укуктарынын чегинде так аткарып келишти. Ошондой эле бул партия туруктуулугун көрсөтүп, бүгүнкү партиялык башкаруу системасынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошо алышты. “Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев жер-жерлерде шайлоочулар менен жолукканда реалдуу ураан менен чыгып, ишке аша турган программаны сунуштап жатат. Негизинен элдин кызыкчылыктарына шайкеш келе турган, экономикалык жана социалдык жактан маанилүү болгон көптөгөн жакшы сунуштарды айтып жатат. Эгер “Кыргызстан” партиясы парламентке келсе, тараза болот. Парламент салмактуу болот деген ойдомун. Маанилүү чечимдерди кабыл алат деп терең ишенем. Илимдин доктору, педагог-илимпоз, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, ардактуу профессор Калыгул Жусупов: “Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев өзүн такшалган лидер катары көрсөтүп, айланасына мыкты команданы топтой алды. Партия лидеринин жана партиянын башка талапкерлеринин айткан сөзү менен аткарган иштери бир. Ошондуктан мен аларды урматтайм. Биз өнүккөн өлкө болуубуз үчүн татыктуу адамдардын парламентке, өкмөткө келишине шарт түзүп беришибиз керек. “Кыргызстан” партиясынын программасында реалдуу, кыска мөөнөттүн ичинде өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн жолдору камтылган жана турмушубузда зарыл болгон тармактарга реформа жүргүзүү керектиги так жазылган. Ошондой эле башта айтып өткөндөй партиянын курамында ар кыл кесиптин, ар тармактын өкүлдөрү бар. Алардын ичинен тажрыйбалуу саясатчыларды, ийгиликтүү ишкерлерди, аткаруу бийлигинин жогорку кызматтарында, бир катар министрликтерге жана мамлекеттик комитеттерге жетекчи болуп, мамлекеттик башкарууга активдүү аралашып жүргөн инсандарды көрүүгө болот. Алардын баары өлкөнүн бакубат жашоосу үчүн жан үрөп иштөөгө даяр. Ошондуктан “Кыргызстан” партиясын жеңишке жетишин каалайм. Кыргыз Республикасынын эл артисти, коомдук ишмер Бахтияр Тухтаматов: Шайлоого катышып жаткан “Кыргызстан” партиясы өзүнүн так идеологиясы жана туруктуу элдик колдоосу бар күчтүү партия экенин көрсөтө алды. Бардык жагын эске алганда, бул партияда жеңишке жетүүгө бардык мүмкүнчүлүгү бар. “Кыргызстан” партиясы жөнүндө өзгөчө эки нерсени белгилеп кетиш керек: Биринчиден, партиянын көптөгөн талапкерлери ийгиликтүү ишкерлер, алар программада өндүрүш жана өнөр жай тармагын жакшыртуу боюнча конкреттүү кадамдарын белгилешкен. Дал ушул эки тармакты өнүктүрүү менен өлкөдө жумуш орундарын түзүп, мамлекеттин бюджеттин толтурууга болот. Ошондой эле миграциянын агымын азайтууга болот. Экинчиден, партиянын программасында ишкерлерди колдоо үчүн ашыкча текшерүүлөрдү азайтып, жеңилдетилген кредиттерди берүү, салыктардан бошотуу жагы да каралыптыр. Андан сырткары, билим берүү, медицина жана маданият тармактарына да өзгөчө маани беришкен. Себеби илим-билим, маданиятта өнүгүү болмоюн, коомдо да өнүгүү болбойт. Ошондуктан “Кыргызстан” партиясынын сунуштары реалдуу ишке аша турган мыкты сунуш деп ойлойм. Ошондуктан “Кыргызстан” партиясын колдоп, аларга ийгилик каалайм. Коомдук ишмер, “Даңк” орденинин ээси Дамира Молдоярова: Мен “Кыргызстан” саясий партиясынын “Эл үчүн” деген программасы менен кеңири таанышып чыктым. Анда өлкө экономикасын өнүктүрүп, элдин жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча конкреттүү багыттар так, түшүнүктүү жазылган. Программасы абдан жакты. Бул партияны колдойм, колдоп жатышымдын себептеринин бири – менин максаттарым менен партиянын максаттары үндөш десем да жаңылышпайм. Мисалы, мен өзүм Бишкекте жашаганыма карабастан, “өзүң туулуп өскөн айылыңа тууңду сай” дегендей эле, айылыма кум-таш майдалоочу кичи завод куруп, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга өзүмдүн салымымды кошсом деген ниетте иш кылып келе жатам. Ал эми “Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү бүгүнкү күндө өлкө боюнча масштабдуу деңгээлде ондогон ишканаларды ачып, миңдеген кишини жумуш менен камсыз кылып жатат. Ошондой эле алар өлкө казынасына миллиондогон сом салык төлөп, бюджетти толтурууга өздөрүнүн салымдарын кошуп келишет. Ошол эле маалда миграциянын агымын азайтып, элге дагы көптөгөн жумуш орундарын түзүп берели деп жатышат. Алар программасын ойдогудай ишке ашырат деп ойлойм жана аларда аны ишке ашырганга чоң мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан мен “Кыргызстан” саясий партиясын колдоп, жеңишке жетишине тилектешмин. Коомдук ишмер, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрөгасы Мамбетжунус Абылов: Шайлоодогу үгүт иштери жыйынтыкталып жатканда, кайсы партияга добуш бериш керек экендиги элге билине баштады. Мен өзүм башынан эле “Кыргызстан” партиясына ыктап турдум эле, Кудайга шүгүр, үгүт маалында ушул партиянын талапкерлери шайлоодо жүргүзгөн үгүт иштери, менин баштагы пикиримдин тууралыгын бышыктады. Анткени бул партиядан шайлоого аттанган талапкерлердин басымдуу бөлүгү ишкерлик чөйрөдө ийгиликке жеткен инсандар экени байкалып турат. Ошондуктан мындай талапкерлерди экономиканын чордонунда бышып жетилген инсандар деп бааласак болот. Биздин өлкөнүн экономикасы оор абалга кептелип турганда, элибиз ушундай бышып жетилген инсандарга депутаттык мандатты ыйгарса, экономикабызды өнүгүү жолуна бура алат деген менде ишеним күч. Эгер шайлоочулар “Кыргызстан” партиясын ушул жолу да колдой турган болсо, биздин өлкөдө бул партия дагы да туруктуу саясий күчкө айланганы турат. Өлкөдө элибиз колдогон туруктуу саясий күч жаралса гана, өлкөбүздө тынчтык орноп, экономикабыз өнүгөт. Ошондуктан биздин экономикабыз оор кырдаалга кептелип турганда элибизди саясий кыраакылыгын көрсөтүп, шайлоодо “Кыргызстан” партиясын колдоого чакырам. Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 2.10.2020) 12:19 02-10-2020 Автор: Азат Бейшенбеков

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:39

"Бир Бол" партиясынын тарапташтары Нарында "Таза шайлоо" акциясын өткөрүштү

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Нарын шаарында “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Зарина Чекирбаева билдирди. Ал шаардыктардын иш-чарага активдүү катышканын белгиледи. “Үгүт кампаниясын тазалык акциясы менен жыйынтыктап жатабыз. Бирок бул чек эмес, алдыда тазалык иштерин уланта беребиз. Партиянын программасында калк жашаган аймактардагы жашылдандырылган аянттарды коргоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алуу, Кыргызстанды желим буюмдардан арылтуу: желим баштыктарды сатууга тыюу салуу, желим буюмдарды тапшырууну стимулдаштыруучу механизмдерди иштеп чыгуу каралган. Буюрса, шайлоодо ийгиликке жетишсек бул сунуштарды иш жүзүнө ашырууга аракет кылабыз”, - деди Зарина Чекирбаева. Иш-чара шаардагы “Жеңиш” эс алуу жайында уюштурулуп, ага 50дөн ашуун киши катышты. Келгендер сейил бактын аймагындагы таштандыларды тазалап чыгышты. Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү келишти. “Бир Бол” №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь. 10:59 02-10-2020

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:39

Өмүрбек Бабанов: "Ойлон, Кыргызстандыгым!" (видео)

Өмүрбек Бабанов кыргызстандыктарга кайрылды: Ойлоно турган, өзгөрө турган убакыт келди! Буйрутмачы: "Республика" саясий партиясы. ИНН 01708200710163. "Республика" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А. 10:01 02-10-2020

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:39

Айжан Чыныбаева, “Бир Бол” №13: “Бир Бол” партиясынын курамы башка партияларга үлгү болду”

“Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Айжан Чыныбаева бүгүнкү экологиялык акцияда “Таза шайлоо - таза жашоо” деген ураан менен үгүт иштери жемиштүү жыйынтыкталгандыгын айтты. “Эл өзгөрүүлөрдү, жаңы жүздөрдү көргүсү келет. Биздин партиянын курамында билимдүү, тажрыйбалуу, кесипкөй жаңы жүздөр чогулган. Алдыда жакшы долбоорлорубуз бар, аларды ишке ашырууга болгон күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деди Айжан Чыныбаева. Ошондой эле ал “Бир Бол” партиясынын курамы башка партияларга үлгү болгонун кошумчалады. “Биз жаш талапкерлерди көрсөткөндө, башка партиялар дагы жаш, ийгиликтүү жаштарды издеп башташты. Биздин партиянын курамы сапаттуу экенин көрсөтүп, башка партияларга үлгү болду. Ооба, ийгиликтүү, бизнесмен, коомдук ишмер катары калыптанган адамдар “Бир Болго” биригип, Кыргызстандагы абалды өзгөртүүгө кадам ташташты. Ар бириңиздерге алдыга кадам таштап, пикирлештериңизди колдоого чакырам. Бир болгондо гана ийгиликтерге жетише алабыз”, - деди талапкер. Айжан Чыныбаева элди шайлоого келип, добуш берүүгө чакырып өттү. “Эгерде биз өнүккөн Кыргызстан тууралуу кыялдансак, анда келечегиңерди сатпагыла. Оюңарды, тандооңорду өзгөртүүгө жол бербегиле. Эң башкысы иштин көзүн билген татыктууларга добуш бериңиздер”, - деди Айжан Чыныбаева. 1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү келишти. “Бир Бол”, №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь. 10:00 02-10-2020

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:39

Кара-Суу “Мекеним Кыргызстанды” тандайт!

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын Ош облусундагы үгүт кербени Кара-Суу шаарында жыйынтыкталды. Партиянын талапкерлерин шайлоочулар жылуу тосуп алып, уюштуруучулардын санитардык талаптарды сактоо чакырыктарына карабай шаардык стадионго эл жыкжыйма толуп чыкты. Болжол менен жолугушууга беш миңден ашуун адам чогулду. Бул жерге Кара-Суу шаарынын эле эмес, ага жакын айыл өкмөттөрдүн эли да келди. “Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасындагы ар бир пункт кылдаттык менен иштелип чыккан. Тагыраагы, биз шайлоочуларга жөн гана куру сөздөрдү айтпай, реалдуу ишке аша турган программа менен тааныштырабыз. Биз саламаттыкты сактоо, билим берүү жана жарандарыбызды социалдык жактан коргоо системасын реформалоого жетишүү үчүн талыкпай иштөөгө даярбыз. Приоритеттүү багыттардын бири - айыл чарбасын өнүктүрүү. Андан сырткары биздин катарда өз ишин мыкты билген күчтүү адистер, прогрессивдүү жаштар, ар кандай улуттагы жана идеяга бай, жаратман адамдар бар, алар өлкөбүздү өнүктүрүүгө болгон күч-аракеттерин жумшайт”, - деди партиянын төрагасы Мирлан Бакиров . Дагы бир талапкер Ибрагим Жунусов партия парламентке келсе, жөлөк пул алуу маселесин жеңилдетерине токтолду: "Биздин программанын пункттарынын бири - калктын социалдык аярлуу катмарына жардам берүү. Азыр Кыргызстанда ушул карапайым тургундарга жөлөк пул алуу укмуштуудай кыйын. Өкүнүчтүүсү жарандар мамлекеттен жардам алуу үчүн пара берүүгө аргасыз болушат. Ошол эле учурда бардыгы эле системада болгон бюрократиялык тоскоолдуктардан чыгууга даяр эмес. Биз, “Мекеним Кыргызстан” партиясы, бул кырдаалдан чыгарып, өлкөбүздү жакшы жагына өзгөртүү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз". Жолугушууда Кыргызстандын ар бир жаранынын жашоосундагы жана өлкөдөгү өзгөрүүлөрдүн символу катары асманга чоң шар учурулду. Шайлоочулар жапырт “Мекеним Кыргызстан” партиясын колдоорун айтып жатышты. “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиздер! Максатыбыз бир, жолубуз шыдыр, элибиз аман болсун! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 08:40 02-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 16:51

БИЗ ДАЯРБЫЗ

Айыл чарба продукциясын экспорттоого БИЗ ДАЯРБЫЗ

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники