О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 2:31

БШК дагы бир партияны шайлоо өнөктүгүнөн четтети

«Актив» партиясы шайлоо өнөктүгүнөн четтетилди. Бул тууралуу БШКнын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Изреков билдирди. Анын айтымында, “Актив” саясий партиясы документтерди БШКга тапшырганы менен, мыйзам талап кылган 5 миллион сом күрөөнү 24-августка чейин төлөгөн эмес. Ошондой эле “Мекен Ынтымагы” партиясы дагы 5 миллион сом күрөөнү төлөнгөндүгүн тастыктаган кагазы жок. Ал эми аталган партиянын штабы күрөө төлөнгөндүгүн айтып, жакынкы убакыта тастыктоочу документти БШКга берээрин билдиришкен. Ошентип, шайлоо жарышына катыша турчу партиялардын азыркы тизмеси: “Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясы”, «Мекен Ынтымагы»; «Ыйман Нуру»; «Замандаш»; «Чоң казат»; «Реформа»; «Республика»; «Бүтүн Кыргызстан»; «Социал-демократтар»; «Биримдик»; «Мекеним Кыргызстан»; «Ордо»; «Бир Бол»; «Ата Мекен»; «Мекенчил».

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:32

Мадумаров парламенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Вице-премьер-министр иш сапардын алкагында Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларына барды. Андан соң Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышты. Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоонун, облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Акрам Мадумаров ошондой эле Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышты.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:32

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында коронавирус пандемиясынан тез арада чыгуунун жолдору каралды

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштары. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. Жашыбызга, жынысыбызга, улутубузга, диний ишенимибизге жана тек-жайыбызга карабай бизди жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ой бириктирди. Коронавирус пандемиясынан кийин азыр дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда да системдүү туташ кризис байкалууда. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз жана каалайбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча такай социологиялык мониторинг жүргүзүп турат. Кыргызстандын элин кандай негизги проблемалар түйшөлтүп жатканына биз дайыма абай салып турат. «Мекеним Кыргызстандын» командасында ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялар бар. «Мекеним Кыргызстан» партиясы нын максаты : Өнүккөн рынок экономикасы менен социалдык багыттагы мамлекет куруу; Ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу. Приоритеттери : Жеке эркиндик; Экономикалык эркиндик; Коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу; Мүмкүнчүлүктөр теңдиги. Анын ичинде укуктук жана саясий теңдик; Толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк. Принциптери: Улуттук кызыкчылыктарга приоритет; Эркин экономикалык жана саясий атаандаштык; Либералдык-плюралисттик башкаруу; Бейпилдик жана ынтымак-ырашкерлик; Рационализм жана прагматизм; Бардар эл жана бакубат өлкө. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:32

Материалы за неделю

no article

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:33

Кылыч Исамамбетов: “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер: “Алдыбызда азыраак уктап, көбүрөөк иштей турган күндөр турат”

--Саламатсызбы Кылыч мырза. Алдыда чоң саясий маарага аттанып жатасыз, сиздин пландарыңыз өзгөргөндөй болуп кетти. Чечимдердин өзгөрүлүшүнө өзүңүз себеп болдуңузбу? --«Бирик» партиясы алдыдагы шайлоого өз алдынча катышууга ниеттенген. Бирок бардык оң жана терс тараптарын салмактап чыгып, башка партия менен альянста шайлоого баруусу туура болот деген бирдиктүү чечимге келген. «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин биз Жогорку Кеңештин шайлоосуна «Мекеним Кыргызстан» партиясынын туусунун алдында баралы деген чечим кабыл алдык. --“ Биз – чоң окуялардын жана майда кишилердин доорунда жашап жатабыз ”, дегендей кылдыңыз, кандайча? -- Ооба, биз – чоң окуялардын жана майда кишилердин доорунда жашап жатабыз. Дүйнөдөгү элдерден айырмалап турган жалгыз нерсебиз – КЫРГЫЗ экендигибиз. Кыргыз экендигибиздин далилдөөчүсү эң башкысы тил, анан каада-салттарыбыз. Байыркы улуу элдин урпагы катары мен эмнеден уялам? Туш тараптан агылып кирген түркүн агымдар, чоочун идеологиялар кичинекей бейиштей жерибизди, анын ичинде жашаган улуу элибизди каалашынча пайдаланып, кул мүнөз кылып, элдик уулдарды бири-бирине тукуруп жатканына уялам. Кыргызда «кечээкиге караганда жакшымын» деген жакшы сөз бар. Биз өзүбүздү өзүбүз сооротуп отуруп эгемендүүлүк алган 30 жылды өткөрдүк. --«Азия арстандары» аталып келген Азия мамлекеттерге көзөмөл салып, тажрыйба алып келдиңиз. Биз менен айрымачылыгы кандай экен же алар менен бизди “кыялкеч” кыргыздар менен салыштырса болобу? --Мен дагы, индустриалдашкан жана азыркы учурда «Азия арстандары» аталып келген Азия мамлекеттеринин тажырыйбалары тууралуу көп окуп, көрүп жана изилдеп келдим. Гонконг, Сингапур, Түштүк Корея, Тайвань өз жолунун башында биздеги сыяктуу эле көрүнүштөргө кириптер болуп турушкан. Бирок алар алдыга чыга алышты. Биз болсо бир орунда айланчыктап жүрөбүз. Биз абдан көп кыялданабыз, бирок аракетибиз чабал. Уктап турсак эле өлкөбүз Сингапур болуп калбайт. Алдыбызда азыраак уктап, көбүрөөк иштей турган күндөр турат. Эгерде өлкө ичинде кимдир бирөө кыйналып жашап жатса, анда калганыбыз кантип жакшы жашап жатабыз деп айта алабыз. --Негизи Кыргызстанда мыйзамдардан баш айланып, тактыктын таразы сынып калгандай. Дегеле мыйзамдарды өзгөртүүнүн зарылчылыгы барбы? --Мен чечкиндүү, координалдуу реформалар үчүн умтулам, өзгөчө экономика, санарип технологиялар тармагында. Мыйзамдарды түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл. Өнөктөш өлкөнүн президенти Путин мырза «СССРди ойлобогон кишинин жүрөгү жок, СССР кайра болсун деген кишинин мээси жок» деп таасын айткан. Андыктан элибизди коммунизм, социализм өңдүү куру кыялдарга эмес, жаңыланууга үндөгөнүбүз туура болот. Таажы вирусунун пандемиясы, тагыраак айтканда, карантин учуру санариптештирүү – бул келечек эмес, азыркы учурдун талабы экенин айгинелеп койду. Бул багытта «Мекеним Кыргызстан» партиясы өзүнүн шайлоо алдындагы программасында басым жасап жаткан либералдуу мамиле кылуу – ал мамлекет үчүн заманбап жана зарыл нерсе болууда. --Алдыдагы жарышта сиз тандаган «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоочуларына берген убадасын убагында аткара алабы? --Шайлоо кампаниясына күчтүү командалар катышат. Демек, биз тандаган «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоо жарышында алдыга озуп чыккан партиялардын бири болууга толук кубаты жетет деп эсептейм. Саналуу күндөрдөн соң шайлоого үгүт иштери башталат. Мен бардык партияларды бири-бирибизге душман болбоого чакырат элем. “Сокурдун тилегени эки көз” дегендей, баарыбыздын ой-тилегибиз бир – бул Кыргыз өлкөсүн өстүрүп, өнүктүрүү. Бирок кантип? Салижан Жигитов агабыз айткандай, “кыргызга, чукуганга чыбыктын кереги жок, сөөмөйү жетиштүү”, сөөмөйүбүздү жумуп, ичибизден бузулуп, ыркырашып, бирибиз позиция, бирибиз оппозиция деп элдин башын айлантпайлы, кыргыздын улуу, эркиндикти туу туткан эл экенин эсибизден чыгарбайлы. Бүгүн, азыр, ушул жерден таза баракка тарых жазып, өсүп-өнүгүүнүн жолуна түшөлү. Эртең кеч болуп калат. Бизде бир гана менен бар – ал Кыргыз өлкөсү. Биз качан гана гүлдөгөн өлкө курганда урпактарыбызга талыкпай эмгектенгенибиз тууралуу айтып беребиз. -- «Мекеним Кыргызстан» партиясы “ чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улай ” алабы? --Туура, кыргыз буту баспаган жер калбады. Дүйнө жүзүнө чачылдык. Демек, биз бул шайлоодо күчтүү адамдар менен күчтүү парламентти курабыз. Күчтүү парламент күчтүү өлкө болот. Чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улайбыз. Мына ошондо ар бирибиз менин МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН, мен Кыргыз өлкөсүнүн жаранымын деп сыймыктанабыз! Сөзүмдү мекенин сүйгөн кытайлык кыргыздын төрт сап ыры менен аяктасам. Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз, Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз. Чөп болдук жер тандабай өсө берген, Булуттай аалам кездик, чачылдык биз. Кырылып бара жатып тирилдик биз, Бөлүнүп бара жатып бириктик биз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:34

Таабалды Тиллаев, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер: “Чек ара маселеси татаал бойдон калууда”

--Таабалды мырза, эмне себептен “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандап алдыңыз? -- “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы көбүрөөк көңүлүмө жакын болду. Социалдык көйгөйлөр, элдин жагдайын оңдоо дагы бир топ жакшы программалар бар. Менин башкы максатым да элдин жашоо деңгээлин көтөрүү, жаштардын билим алуусуна шарт түзүү. Майыптуулугу бар жарандарга жетишерлик көңүл бурулбай жатат. Анан да эң башкысы – чек ара маселеси. Ал эми бүгүнкү жагдайда башкы ролду эл чечет. Ошондуктан талапкерлердин буга чейинки жасаган иши, элге кылган кызматын эске алуу менен эл бир аз тыйынга сатылбай, туура чечим кабылдайт деген ойдомун. «Мекеним Кыргызстандын» курамында жаштар жана тажрыйбалуу инсандар бар. Мен өзүмдү ушул курамда көрдүм. --Сиз туулуп өскөн Баткен жергесинде чек ара маселеси чечилбей келет, жергиликтүү тургун катары чырга байланган чек ара маселеси тууралуу кандай ойдосуз? -- Өзүңөр күбө болгондой, бизде чек ара маселеси татаал бойдон калууда. Дал чек арада чыккан чырдан көптөгөн көйгөйлөр бар экенин көрдүк. Биз ар бир маселени Жогорку Кеңеште да көтөрүп чыкмайынча чечилбей турганына күбө болдук. Мен ошол Баткендин, чек арага чектеш Лейлек элинин кулуну катары, башка улуттар менен жанаша жашоо, алар менен болгон мамиле, жер талашка ичинен аралашып, көрүп-билген адам катары элимдин кең келечеги үчүн дал чек ара маселесин көп ирет көтөрүүмдүн да себеби бар. Лейлекте чынында жашоо татаалыраак. Биз кичинекей кезде тамеки айдап, тамекиге иштечүбүз. Анын жыты эле кишинин башын оорутат. Түйшүгү көп тамекини жерге отургузгандан баштап, аны өткөрүп берүүгө чейин тынбай эмгек кыласың. Түн ичинде отуруп, тамекинин жалбырактарынын өзөгүнөн жип өткөрүп тизип, күндүзү сугарып карап өстүрчүбүз. Ошол бала кезимде элдин турмушун, кыйналганын көрүп көп ойлончумун. Көп ирет суу талашып согушкан күндөр болду. --Алгачкы саясатка аралашкан мезгилдерди эске салган учурларыңыз болобу? --Мектепти бүтүп, шаарга келип, 1995-жылы экспедитор, Бишкек шаарындагы "Датка" ЖЧКсынын менеджери болуп иштедим. 1999-2000-жылдары “Сапат” соода үйүнүн башкы директорунун орун басары да болдум. Ошентип жогорку билимди 2005-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба университетин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча алдым. Буйрук экен, 2015-жылы «Республика-Ата Журт» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынан депутат болдум. -- Депутат болгон сырттан караганда оңой-олтой кызмат көрүнгөнү менен бир топ көйгөйлөр бар. Депутат болгондон кийин шайлоочулар ар кандай маселелер менен кайрылышат. Негизи эле депутат эмне жумуш аткарат? -- Депутаттык 5 жылдык мөөнөттүн ичинде ар кандай сөздөр айтылды, кара пиарлар, каралоолор болду. Ошого карабастан алга карай умтулуп, элдин көйгөйүн чечкенге, элдин үнүн өкмөткө жеткиргенге аракет кылдым. 34 мыйзам долбооруна демилгечи катары чыктым. 10 000 ашуун шайлоочуларды кабыл алып, алардын кайрылуулары менен таанышып чыгып тиешелүү чара көрүлдү. Аймактарды кыдырып 30дан ашуун ар кандай маселелер боюнча шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрдүм. Эми шайлоочулар менен кандай иштегениме эл баа берсин. Жасалган иштер тууралуу айтып отурууну туура көрбөйм. Жалпысынан кайрылган ар бир шайлоочунун маселеси менен иштегенге туура келет. Тилекке каршы, бардык эле маселени чечип берүүгө депутаттык ыйгарым укуктар жетишсиз. Айрыкча аткаруу бийлигине тиешелүү маселелер эл өкүлүнөн көз каранды болбойт. Шайлоочу муну да эске алышы зарыл. Депутаттын милдети – элдин жашоо турмушун жакшыртуучу мыйзамдарды жазып, демилгелеп, анын аткарылышын көзөмөлдөө болуп эсептелет. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:34

«Бутун Кыргызстан» подала в суд на ЦИК

В административный суд Бишкека поступило заявление политической партии «Бутун Кыргызстан» на действия Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов. Уточняется, что политорганизация просит признать недействительным решение ЦИК об отказе в регистрации. Заседание назначено на 7 сентября. Напомним, что большинство членов Центризбиркома проголосовали против регистрации партии «Бутун Кыргызстан». Экс-омбудсмен Турсунбай Бакир уулу потребовал от ЦИК отказать «Бутун Кыргызстану» в регистрации на основании того, что лидер партии Адахан Мадумаров изменил порядок в списке, исключив из него бывшего нардепа.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:35

ЦИК провел жеребьевку между политпартиями по распределению бесплатного эфирного времени и печатных площадей

Сегодня, 5 сентября, Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики провела жеребьеву по распределению бесплатного эфирного времени и печатных площадей между политическими партиями, участвующими на выборах в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, назначенными на 4 октября 2020 года. Согласно Инструкции о порядке проведения жеребьевки по распределению бесплатного эфирного времени на каналах государственных телерадиоорганизаций и бесплатной печатной площади в государственных периодических печатных изданиях Центральной избирательной комиссии (в редакции постановления ЦИК КР от 26 июня 2020 года № 119), ЦИК самостоятельно определяет дату, время и место проведения жеребьевки по распределению бесплатного эфирного времени на каналах государственных телерадиоорганизаций и печатной площади в государственных периодических печатных изданиях. Жеребьевка проводится по завершении регистрации кандидатов, но не позднее, чем за 35 календарных дней до дня голосования. Средства массовой информации или интернет-издания, учредителями (соучредителями, владельцами) которых являются государственные органы и органы местного самоуправления или их подведомственные учреждения и предприятия, которые финансируются полностью или частично за счет средств республиканского или местного бюджетов, а также СМИ, которые имеют льготы по уплате налогов и обязательных платежей по сравнению с другими медиа, обязаны обеспечить политическим партиям равные возможности проведения предвыборной агитации. Политические партии, выдвинувшие списки кандидатов, имеют право на предоставление им бесплатного эфирного времени на каналах государственных телерадиоорганизаций и печатной площади в государственных периодических печатных изданиях. Указанное эфирное время должно приходиться на период, когда теле- и радиопрограммы собирают наибольшую аудиторию - с 20 до 24 часов. По итогам жеребьевки бесплатные эфирное время и печатные площади распределены следующим образом: Телеканал КТРК (теледебаты с участием лидеров политических партий) п/п “Мекеним Кыргызстан”, п/п “Социал-демократы”, п/п Социалистическая партия “Ата Мекен”, п/п “Ордо”, п/п “Реформа”, п/п “Мекен Ынтымагы”, п/п “Государственного единства и патриотизма “Бир Бол”, п/п Справедливости и развития “Ыйман Нуру”, п/п “Кыргызстан”, п/п “Республика”, п/п “Мекенчил”, “п/п “Ветеранов войны в Афганистане и Участников других боевых действий”, п/п “Чоң Казат”, п/п “Замандаш” п/п “Демократическая партия “Биримдик” (Единство)”. Телеканал КТРК (теледебаты с участием женщин-кандидатов) п/п “Мекен Ынтымагы”, п/п “Кыргызстан”, п/п “Социал-демократы”, п/п “Демократическая партия “Биримдик” (Единство)”, п/п “Республика”, п/п “Мекенчил”, п/п Социалистическая партия “Ата Мекен”, п/п “Государственного единства и патриотизма “Бир Бол”, п/п “Замандаш”, п/п “Ордо”, п/п “Чоң Казат”, п/п “Ветеранов войны в Афганистане и Участников других боевых действий”, п/п “Мекеним Кыргызстан”, п/п Справедливости и развития “Ыйман Нуру”, п/п “Реформа”. Телеканал КТРК (индивидуальные выступения политических партий) п/п “Мекен Ынтымагы”, п/п “Реформа”, п/п “Республика”, п/п Социалистическая партия “Ата Мекен”, п/п “Социал-демократы”, п/п “Демократическая партия “Биримдик” (Единство)”, п/п “Ордо”, п/п “Кыргызстан”, п/п “Замандаш”, п/п “Мекеним Кыргызстан”, п/п “Чоң Казат”, п/п “Мекенчил”, п/п “Государственного единства и патриотизма “Бир Бол”, п/п Справедливости и развития “Ыйман Нуру”, п/п “Ветеранов войны в Афганистане и Участников других боевых действий”, Телеканал КТРК (теледебаты с участием представителей молодежного крыльев партий) п/п “Реформа”, п/п “Кыргызстан”, п/п “Ветеранов войны в Афганистане и Участников других боевых действий”, п/п “Мекеним Кыргызстан”, п/п “Мекен Ынтымагы”, п/п “Социал-демократы”, п/п “Мекенчил”, п/п Справедливости и развития “Ыйман Нуру”, п/п “Республика”, п/п “Ордо”, п/п “Чоң Казат”, п/п “Замандаш”, п/п Социалистическая партия “Ата Мекен”, п/п “Демократическая партия “Биримдик” (Единство)”, п/п “Государственного единства и патриотизма “Бир Бол”. КТРК (прямая связь) п/п Социалистическая партия “Ата Мекен”, п/п “Замандаш”, п/п “Социал-демократы”, п/п “Мекен Ынтымагы”, п/п “Ордо”, п/п “Реформа”, п/п “Государственного единства и патриотизма “Бир Бол”, п/п Справедливости и развития “Ыйман Нуру”, п/п “Кыргызстан”, п/п “Демократическая партия “Биримдик” (Единство)”, п/п “Мекеним Кыргызстан”, п/п “Республика”, п/п “Мекенчил”, п/п “Ветеранов войны в Афганистане и Участников других боевых действий”, п/п “Чоң казат”. Телеканал МТРК “ЭлТР” (теледебаты с участием лидеров политических партий) п/п “Мекеним Кыргызстан”, п/п “Демократическая партия “Биримдик” (Единство)”, п/п “Ордо”, п/п “Мекен Ынтымагы”, п/п “Республика”, п/п “Замандаш”, п/п Социалистическая партия “Ата Мекен”, п/п “Чоң казат”, п/п “Ветеранов войны в Афганистане и Участников других боевых действий”, п/п Справедливости и развития “Ыйман Нуру”, п/п “Мекенчил”, п/п “Реформа”, п/п “Социал-демократы”, п/п “Кыргызстан”, п/п “Государственного единства и патриотизма “Бир Бол”. Телеканал МТРК “ЭлТР” (теледебаты с кандидатами от политических партий) п/п “Мекен Ынтымагы”, п/п “Мекеним Кыргызстан”, п/п “Демократическая партия “Биримдик” (Единство)”, п/п “Ветеранов войны в Афганистане и Участников других боевых действий”, п/п “Кыргызстан”, п/п “Государственного единства и патриотизма “Бир Бол”, п/п “Республика”, п/п “Замандаш”, п/п “Чоң казат”, п/п “Ордо”, п/п “Реформа”, п/п “Социал-демократы”, п/п Социалистическая партия “Ата Мекен”, п/п Справедливости и развития “Ыйман Нуру”, п/п “Мекенчил”. Телеканал МТРК “ЭлТР” (индивидуальные выступления политических партий) п/п “Демократическая партия “Биримдик” (Единство)”, п/п “Ветеранов войны в Афганистане и Участников других боевых действий”, п/п “Реформа”, п/п “Замандаш”, п/п “Социал-демократы”, п/п Социалистическая партия “Ата Мекен”, п/п Справедливости и развития “Ыйман Нуру”, п/п “Кыргызстан”, п/п “Мекенчил”, п/п “Ордо”, п/п “Мекен Ынтымагы”, п/п “Государственного единства и патриотизма “Бир Бол”, п/п “Мекеним Кыргызстан”, п/п “Республика”, п/п “Чоң казат”. Телеканал МТРК “ЭлТР” (Элге эмне дейсиз?) п/п “Республика”, п/п “Государственного единства и патриотизма “Бир Бол”, п/п “Реформа”, п/п “Кыргызстан”, п/п Справедливости и развития “Ыйман Нуру”, п/п “Социал-демократы”, п/п “Чоң казат”, п/п “Мекеним Кыргызстан”, п/п “Ветеранов войны в Афганистане и Участников других боевых действий”, п/п “Мекен Ынтымагы”, п/п “Мекенчил”, п/п “Демократическая партия “Биримдик” (Единство)”, п/п Социалистическая партия “Ата Мекен”, п/п “Замандаш”, п/п “Ордо”. КНИА “Кабар” п/п “Республика”, п/п “Мекен Ынтымагы”, п/п “Мекеним Кыргызстан”, п/п Справедливости и развития “Ыйман Нуру”, п/п “Мекенчил”, п/п “Реформа”, п/п “Замандаш”, п/п “Кыргызстан”, п/п “Ордо”, п/п “Демократическая партия “Биримдик” (Единство)”, п/п “Ветеранов войны в Афганистане и Участников других боевых действий”, п/п “Социал-демократы”, п/п “Чоң казат”, п/п “Государственного единства и патриотизма “Бир Бол”, п/п Социалистическая партия “Ата Мекен”. Газета “Кыргыз Туусу” п/п “Государственного единства и патриотизма “Бир Бол”, п/п “Реформа”, п/п “Кыргызстан”, п/п “Мекеним Кыргызстан”, п/п “Замандаш”, п/п Справедливости и развития “Ыйман Нуру”, п/п “Мекен Ынтымагы”, п/п Социалистическая партия “Ата Мекен”, п/п “Ветеранов войны в Афганистане и Участников других боевых действий”, п/п “Демократическая партия “Биримдик” (Единство)”, п/п “Ордо”, п/п “Чоң казат”, п/п “Республика”, п/п “Социал-демократы”, п/п “Мекенчил”. Газета “Эркин Тоо” п/п “Мекеним Кыргызстан”, п/п “Ветеранов войны в Афганистане и Участников других боевых действий”, п/п Справедливости и развития “Ыйман Нуру”, п/п “Демократическая партия “Биримдик” (Единство)”, п/п “Мекен Ынтымагы”, п/п “Реформа”, п/п “Кыргызстан”, п/п “Замандаш”, п/п “Чоң казат”, п/п “Ордо”, п/п “Республика”, п/п “Государственного единства и патриотизма “Бир Бол”, п/п Социалистическая партия “Ата Мекен”, п/п “Мекенчил”, п/п “Социал-демократы”. Областные медиацентры п/п “Ордо”, п/п Справедливости и развития “Ыйман Нуру”, п/п “Замандаш”, п/п “Реформа”, п/п Социалистическая партия “Ата Мекен”, п/п “Республика”, п/п “Мекенчил”, п/п “Мекен Ынтымагы”, п/п “Демократическая партия “Биримдик” (Единство)”, п/п “Чоң казат”, п/п “Государственного единства и патриотизма “Бир Бол”, п/п “Мекеним Кыргызстан”, п/п “Кыргызстан”, п/п “Социал-демократы”, п/п “Ветеранов войны в Афганистане и Участников других боевых действий”.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:35

На Суусамыре у чабана обнаружили оружие и боеприпасы

В Суусамырской долине у чабана обнаружили два огнестрельных оружия и боеприпасы, сообщили 5 сентября в пресс-службе ГУВД Чуйской области. В Отдел по борьбе с организованной преступностью Службы криминальной милиции ГУВД Чуйской области поступила информация, что у Н.А., 2001 года рождения, есть оружие, которое он хранит в юрте на одном из пастбищ Суусамыра. Обнаруженное оружие изъяли. Данный факт был зарегистрирован в ЕРПП по ст.253 («Незаконный оборот оружия, боеприпасов») УК КР. Были назначены экспертизы.

Подробнее
4 сентября 2020 г. 20:34

Наша команда поставила себе амбициозную цель — оправдать доверие кыргызстанцев, которые верят в партию "Ата Мекен" вот уже более 28 лет.

Наша команда поставила себе амбициозную цель — оправдать доверие кыргызстанцев, которые верят в партию "Ата Мекен" вот уже более 28 лет. Опыт, знания и желание изменить страну в лучшую сторону должны стать основой для будущего созыва Жогорку Кенеша. Мы верим и надеемся, что этого хочет каждый из вас!

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:35

"Бүтүн Кыргызстан" соттон утуп чыкса, БШК партияны кайрадан жарышка чыгарат

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия биринчи инстанциянын жана Жогорку соттун чечимдери саясий уюмдун пайдасына чечилсе, “Бүтүн Кыргызстанды” кайрадан жарышка чыгарат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди. Анын айтымында, “Бүтүн Кыргызстанга” 25-сентябрга чейин, бюллетендер басылып чыкканга чейин убакыт бар. Тынчтык Шайназаров ошондой эле соттор шайлоо талаштары боюнча чечимдерди тездетилген тартипте – үч жумушчу күндүн ичинде чыгарат деп кошумчалады. “Эгерде партия сотто өз ишин далилдеп, шайлоо процессинин катышуучусу болуп кайтып келсе, анда ага өзүнчө катар номери берилет”, – деп түшүндүрдү ал. Эскерте кетсек, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясынын саясий бирикмелердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимин мыйзамсыз деп атап, башкармалыкка каршы сотко кайрыларын билдирген.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:35

Материалы за неделю

«Мекеним Кыргызстан» партиясы – ООБА! Биз популизмден алыс, ачык-айкындуулукка жана натыйжага багытталган программаны иштеп чыктык. Биз Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын эки эсе кыскартууну сунуштайбыз! «Мекеним Кыргызстан» партиясы парламенттеги депутаттардын саны эмес, ишинин сапаты маанилүү деп эсептейт. Депутаттардын санын кыскартуу менен миллиондогон сомдорду үнөмдөлүп, каражатты экономиканын өсүшүнө жана калктын социалдык жашоосун жакшыртууга жумшоого мүмкүн болот. Ошондой эле аз сандагы депутаттардын ишин көзөмөлдөө да оңой эмеспи. Жумушка каалаганда келип-кетүү, ордунда жоктор үчүн да кнопка басып добуш берүү, өз оюн так айта албагандык, ар кандай кызыкчылыктар үчүн элдин оюн эске албоо сыяктуу кемчиликтер акыркы чакырылыштагы депутаттарда көп болду. Биз элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген эффективдүү парламентти түзөбүз! «Мекеним Кыргызстан» партиясы – ар бир кыргызстандыктын партиясы! «Мекеним Кыргызстан» партиясы – ООБА! Биз популизмден алыс, ачык-айкындуулукка жана натыйжага багытталган программаны иштеп чыктык. Биз көмүскө бизнестин көшөгөсүн ачабыз! Бул үчүн азыркы талапка жооп бербеген, татаалдашкан жана бюрократияга басым жасалган салык системасын кайрадан иштеп чыгууну сунуштайбыз. Бардык салыктарды жоюп, ишкерлик жүгүртүүгө салынган бир гана салыкты калтырабыз. Бул нерсе бир гана коррупцияга бөгөт койбостон, салык отчётторун берүүгө убактысын жана нервин коротуп жаткан ишкерлердин ишин жеңилдетет. Өлкөнүн бюджети көбөйсө калктын аярлуу катмарынын социалдык жашоосун жакшыртууга жана медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин жана бюджеттин эсебинен айлык алгандардын эмгек акысын жогорулатууга мүмкүн болот. Бир өлкө – бир салык! «Мекеним Кыргызстан» партиясы – ар бир кыргызстандыктын партиясы! «Мекеним Кыргызстан» партиясы – ООБА! «Мекеним Кыргызстан» партиясы – өлкөнү алга сүрөөчү тажрыйбалуу жана жаш профессионалдардын бирдиктүү командасы! Жумушсуздукту жоёбуз, депутаттардын санын кыскартабыз жана өлкөбүздүн экономикасын көтөрөбүз! «Мекеним Кыргызстан» партиясы – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

Облштаб призвал политические партии к соблюдению санитарно-гигиенических норм

По словам полномочного представителя Правительства КР в Иссык-Кульской области Балбака Тулобаева предвыборные мероприятия партий должны проводиться на открытой местности, которые определены органами местного самоуправления. «Политические партии должны проводить свои агитационные или иные мероприятия в соответствии с санитарно-гигиеническими нормами и не допускать массового скопления народа более чем 50 человек. Политическим партиям необходимо проводить свои агитационные мероприятия в открытой местности, которые определены органами местного самоуправления», - отметил полпред.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

Продолжается работа по установке пандусов на избирательных участках

Продолжается работа по установке пандусов на участковых избирательных участках. Если в 2017 году лишь на 27% избирательных участков были установлены пандусы, то по состоянию на начало сентября текущего года 65% участков оборудованы данным приспособлением. Работа по установке соответствующего оборудования для создания необходимых условий лицам с ограниченными возможностями здоровья продолжается. Правительство Кыргызской Республики держит на особом контроле данный вопрос. По данным Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики, в данное время ведется работа по установке специальных табличек со шрифтом Брайля и кнопок вызова помощи. Усилена работа государственных и местных органов власти по обеспечению надлежащей материально-технической базы, Интернета и связи.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

ЦИК зарегистрировал 1912 кандидатов в депутаты

Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики допустила 15 политических партий до участия в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, назначенных на 4 октября 2020 года. Данные партии выдвинули 1 тыс. 957 кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша, из них 45 исключены из списков по собственным заявлениям. Всего зарегистрировано 1 тыс. 912 кандидатов в депутаты ЖК КР. Из 1 тыс. 912 кандидатов 618 или 32,32% - женщины.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники