О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
3 октября 2020 г. 1:28

№4 Сиздин тандоо! Улан Сырдыбаев: Кайгы түшкөндө калкты аман алып калуу үчүн ар доордо баатырлар жаралат

Талас облусунан "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка аттанганУлан Сырдыбаев Талас эли менен болгонжолугушуулары тууралуу билдирди. Урматтуу, мекендештер! Эл үчүн кызмат кылган "МекенимКыргызстан" саясий партиясынын үгүтиштеринин акыркы күндөрү. Тарыхжараткан Талас эли менен болгонжолугушууларыбыз айтылуу Манас айылынабарып токтоду. Үгүт кербени менен жүрүп, жети облустутүрө кыдырып, жергиликтүү элдер мененачык диалог өткөрүп, эл кайгысы, түйшөлткөн түрдүү көйгөйлөр менентааныштык. Эл башына кайгы түшкөндөкалкты аман алып калуу үчүн ар доордобаатырлар жаралат. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлери бүгүнкү күндүнбаатырлары болуп бере алат деп ишенимдүүайта алам. Күчтүү, экономикасы өнүккөн мамлекеткурууга, ар бир кыргызстандык үчүнтатыктуу жашоо шартын түзүп берүүгөболгон күчүбүздү жумшайбыз. Жаңытарыхтын жаратуучулар, жаңы баатырларкелди. Элибиздин, өлкөбүздүн эртеңи сиздинколуңузда, ошондуктан 4-октябрда 4-номерди тандаңыз! №4 “Мекеним Кыргызстан” – ар биркыргызстандыктын партиясы. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар биркыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлДжайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «МекенимКыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунунэсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: КыргызРеспубликасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:28

Сиздин тандоо №4! «Мекеним Кыргызстан» партиясы добуш сатып алуудагы провакациялык видео тууралуу билдирди

ЖМКларда тарап жаткан “Мекеним Кыргызстан” партиясынын агитатору Кара-Суу районунда добуштарды сатып алууда”, деген карандай калп. Бул көрүнуш атаандаштардын жасаган провокациялык иш-аракеттери. Жергиликтүү Ички иштер башкармалыгы жагдайлар тактала электен мурда эле “Мекеним Кыргызстан” партиясына белгисиз адамды бекитүүнү чечкен. “Мекеним Кыргызстан” партиясын атайын каралаган, чуулгандуу видеотасма боюнча өзүбүз териштирүү иштерин жүргүздүк. Жыйынтыгында видеодогу жаран “Мекеним Кыргызстан” партиясына эч кандай тиешеси жок болуп чыкты. Тактап айтканда, тасмадагы жаран өзү, же болбосо тууган-туушкандары дагы партиянын агитатору же мүчөсү болгон эмес. Андыктан “Мекеним Кыргызстан” партиясы бардык тараптан мындай өңүттөгү жалган жана чагымчыл маалыматтарды жарыялоодон мурун анын чоо-жайын, чын-төгүнүн текшерип чыгууга чакырабыз. “Мекеним Кыргызстан” партиясы ар дайым таза жана шайлоодо технологияны жаман ниетте колдонбостон, жоопкерчилик менен мыйзамга ылайык иш жүргүзүп келген. Биз жасаган ишибизге жоопкерчилик алып, жасалган иштерге кепилдик беребиз. “Мекеним Кыргызстан” партиясы ар бир кыргызстандыкка ийгилик каалайт! Сиздин тандоо №4. “Мекеним Кыргызстан” партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:28

Материалы за неделю

no article

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:29

Виктор Иванов, талапкер: “Мекеним Кыргызстан” партиясы өз убагы келгенде эл ишениме ээ болот

Маектешибиз юстициянын полковниги Иванов Виктор Геннадьевич 1964-жылы 22-мартта Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Биринчи класстагы юстициянын кеңешчиси. Иванов Виктор эмгек жолун 1990-жылы Кара-Балта шаарына караштуу Калинин районунун прокуратурасына катардагы кызматкерликтен баштаган. Бир жылдан кийин прокурордун жардамчысы болгон. 6 жылдан кийин тергөө бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. Тагыраагы, 1990-жылдан 2000-жылга чейин Калинин району, Жайыл району, Чүй облусунун прокуратурасы тармагында эмгектенип, прокурордун орун басарлык кызматына чейин жеткен. Андан кийин президенттин аппаратындагы консультант жана эксперт болуп 3 жыл иштеген. 2003-2004-жылдары Башкы прокуратурада эмгектенген. 2004-2005-жылдары Бишкек прокуратурасында, андан кийин Свердлов прокуратурасында жана транспорт прокуратурасында прокурор болуп иштеген. 2008-2009-жылдары шаардык прокуратурада бөлүм башчылык кызматты аркалап, кийин Ысык-Көл облустук прокуратурасында прокурор болгон. 2010-жылы Башкы прокурордун орун басары, 2011-жылы Аскер прокуратурасынын орун басар болгон. - Виктор Геннадьевич, Кудай буюруп, мандатка ээ болуп калсаңыз ишти эмнеден баштайсыз? - Ишти мыйзам жазуудан баштайм. Тагыраагы, чиеленишкен маселелерди чечүүнү жолго салган мыйзамдарды жазам. Ошондой эле бир канча мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизем. Анткени депутаттын эң негизги милдети мыйзам жазуу экенин билем. Буюрса, мыйзам жазууда камчы салдырбайм. Элимдин турмушун жеңилдеткен, эффективдүү иштөөгө шарт түзгөн мыйзамдарды жазам деген ниетим бар. - Прокуратура тармагында көп жыл эмгектенипсиз. Эмне үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясына токтолдуңуз? - Мен партиянын программасын окуп мекендин жүгүн, элдин жүгүн көтөрөм, турмушун жеңилдетем деген аракет менен жазылган программа экенине ынандым. Ар бир тармак боюнча маселе көтөрүлүп, кайра аны чечүүнүн жолун сунуштагандарына ыраазы болдум. Команданын күчтүүлүгүн, санга эмес, сапатка маани бергенин көрүп ишеним пайда болду. Ойлонуп, толгонуп отуруп парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен барайын деген чечим кабыл алдым. Урматтуу шайлоочулар, “Мекеним Кыргызстан” партиясы мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүн далилдейт. Берген убадаларын аткарат. Элдин үмүтүн актайт деп ишенем. Ошон үчүн саналуу күндөрдөн кийин тагдыр чечүүчү мүнөттө 4-номурдагы “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:29

Улан Примов: Реализовать планы полностью возможно лишь с командой единомышленников. Теперь она у меня есть

Кандидат от партии демократического социализма – евразийский выбор «Биримдик» Улан Примов рассказал о своих целях в будущем парламенте. «Я по первому образованию экономист, работал в районном отделе ведущим специалистом, начальником, руководил частной компанией, избирался депутатом Ошского горкенеша. Я из тех людей, кто освоил экономику на практике, особенно региональную», - сказал кандидат от партии «Биримдик». По его словам, специфику местных финансов, местного хозяйства он изучил достаточно хорошо и будучи госслужащим, и возглавляя предприятие, которое расположено в одном из отдаленных районов страны, и выполняя обязанности депутата городского кенеша. «И весь этот накопленный опыт я старался использовать в своей работе, когда был избран депутатом Жогорку Кенеша в 2015 году», - говорит он. Сейчас Улан Примов вновь баллотируется в законодательный орган и на встречах избиратели непременно спрашивают его, да и он сам задает себе этот вопрос постоянно: смог ли он оправдать доверие людей, оказанное ему 5 лет назад? «Вопрос и простой, и сложный одновременно. Простой потому, что я все эти уже прошедшие 5 лет в стенах парламента вкладывался в полную силу, старался добиваться решения как можно большего количества вопросов, которые напрямую влияют на жизнь граждан. А сложный потому, что не все из задуманного сумел провести в виде законов, не всегда мои инициативы находили понимание, поддержку коллег по парламенту», - отмечает он. По словам кандидата, он убедился, что полный успех, полное выполнение своих планов в Жогорку Кенеше возможны лишь в том случае, если за тобой команда единомышленников. «Такие люди, чьи взгляды на жизнь, на пути дальнейшего развития страны созвучны с моими, и основали партию «Биримдик». Я уверен, что в будущем парламенте мы, наша команда, сумеем придать динамику работе законодательного органа, динамику работе правительства. Мы добьемся, чтобы законодательная и исполнительная ветви власти свои усилия сосредоточили на стратегических задачах, чтобы народ, граждане как можно скорее стали ощущать плоды новой политики», - заключил кандидат от партии «Биримдик» Улан Примов. Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:30

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын өлкө элине кайрылуусу

Урматтуу элим! Ошентип Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү да аягына чыгууда. Ал биз үчүн оңой болгон жок. Саясий атаандаштарыбыздын көпчүлүгү “Мекеним Кыргызстан” партиясын бутага алып, ар кандай чабуулдарды жасады. Бирок биз андай ыпластыкка аралашпай, өз жолубуз менен багыт алдык. Сөздүн түз жана кыйыр маанисинде да бизге ар тараптан сокку урулду, биз тескерисинче бардык саясий күчтөрдү, атаандаштарыбызды калыстыкка, тынчтыкка чакырып жаттык. Ага карабай каалагандай ботко чалышып, бизге карай чачышты. Ушундай ыплас маалыматтык чабуулга карабастан биз таза күрөштүк. Анткени мындай саясий күрөштө ким күчтүү болсо баары ошого асылары салтка айланган көрүнүш, жагымсыз, жашыруун күрөш үчүн атаандаштарыбызга рахмат айтабыз. “Мекеним Кыргызстанга” каршы айрым атаандаштардын каралоосу, жалган жалаасы кайра биздин партиянын кадыр-баркын көтөрдү. Анткени биздин улуу, көрөгөч, кеменгер элибиз ак-караны ажыратып, негизсиз караланып жаткан тарапта болуп келгени талашсыз. Үгүт өнөктүгү маалында биздин партиянын талапкерлери жер-жерлерде жүздөгөн жолугушууларды өткөрдү. Үгүт кербенибиз бүтүндөй өлкөнү кыдырды жана бардык жерде карапайым калктын колдоосун сезип жаттык. Үгүт учурунда бизди түшүнгөн, колдогон, бизге үмүт арткан, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы үчүн добуш берүүгө камынып жаткан калайык калкка алдын-ала терең ыраазычылык билдиребиз. Бул тандоо үчүн сиздер эч качан өкүнбөй турганыңыздарды дагы бир жолу бекемдеп кетмекчибиз. Ошондой эле баарыңыздарды 4-октябрда добуш берүү участкасына келип, жарандык милдетиңиздерди аткарып кетүүгө чакырабыз. Ушундай кризистик учурда келечекке кайдыгер карабай, бул саясий жараянга катышып, добуш берүү абдан маанилүү. Биз өз элибизди эч качан өз жана өзгө, бөлөк-бөтөн, бизди колдойт, же каршы деп бөлгөн эмеспиз жана бөлбөйбүз. Анткени «Мекеним Кыргызстан» ар бир кыргызстандыктын партиясы. Бул жөн гана ураан эмес, бул биздин философия. Биз конструктивдүү бардык тараптар менен диалогго даярбыз жана ачыкпыз. Бирге баскан жол үчүн керемет өлкөбүздүн элине, бардык жарандарыбызга дагы бир ирет алкыш айтабыз. Баарыңыздарга сак-саламат, бардар жана бакубат жашоо каалайбыз. Ала-Тообуздун асманы дайыма ачык болсун! Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:30

Материалы за неделю

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Виноградное айылында “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Акжол уулу Жоомарт шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга бул талапкерден сырткары Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер Марлен Маматалиев да катышты. Акжол уулу Жоомарт шайлоочуларга Бишкек шаарында бир нече фабрикаларды ачып иштетип жаткандыгын, келечекте Бишкекке канаатташ Аламүдүн районунда да фабрикаларды кураарын айтты. Анын бул убадасы жашоочулар тарабынан кызуу колдоого алынды. Марлен Маматалиев “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы реалдуу экендигин, аны ишке ашырууга мүмкүндүгүн билдирди. Жашоочулар жаш талапкерлердин иш-аракеттерин колдоп, добуш берерин айтышты. Саясый күрөшкө аттанган Акжол уулу Жоомартка жергиликтүү аксакалдар ак батасын беришти. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:30

№4 Сиздин тандоо! Талас эли “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандайт!

Аймактардын экономикасын өнүктүрүү – “Мекеним Кыргызстан” партиясынын негизги багыттарынын бири. Бул тууралуу “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкери Тариэл Жоробеков билдирди. "Биздин партиянын негизги багыты - айыл чарбаны өнүктүрүү жана элеттеги элдин турмуш шартын жакшыртуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү. Эгерде биз алдыдагы шайлоодо жеңишке жетсек, анда төө буурчактын баасын көтөрүп, жергиликтүү калк жакшы киреше алышы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деди “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкери Тариэл Жоробеков. Талас салыштырмалуу чакан шаар болгонуна карабастан, ал чоң атак-даңкка ээ. Анткени Талас байыркы баатыр бабабыз Манастын кичи мекени катары да белгилүү. Шаарга жакын жерде Манас атабыздын күмбөзү, “Манас Ордо” улуттук комплекси жайгашып, андан анча алыс эмес аймакта петроглифтер менен аскадагы сүрөт галереялары дагы бар. Мындан сырткары табияты да кооз. Ушундан улам партия өкүлдөрү Талас облусун туризмдин борборуна айлантууну пландап жатышат. Албетте, партиянын пландары ушуну менен эле токтоп калбайт. Анткени, программанын алкагында аймактардагы калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу да каралган. "Биздин максатыбыз - экономиканы өнүктүрүү жана жергиликтүү калктын жашоосун жакшыртуу. Пандемия учурунда биз ынтымактуулугубузду жана мыктылыгыбызды көрсөтө алдык. Ага карабастан вирус тараган сайын, медицинабыз алсыз болуп, көптөгөн жакындарыбызды жоготтук. Бирок биринчи байлык ден соолук болгондуктан, партиянын программасында медицинага өзгөчө көңүл бурулуп, сапаттуу ооруканаларды куруу, дарыгерлердин айлык акыларын көтөрүү башкы максат болуп коюлду”, - деп кошумчалады “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкери Улан Садыбаев. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:30

Материалы за неделю

no article

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:30

Материалы за неделю

no article

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:31

Келдибеков: Жаңылануунун улуттук өзгөчөлүгүн - өткөндүн духун бекем сактоо менен келечектин кубатын жаратуудан көрөм

Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын спикери, депутат, саясатчы Ахматбек Келдибеков “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер өзүнүн мамлекеттеги куруужагы 7 өзөктүү маселе бар экендигин айтты. – Кыргыз эли Азиядагы эң байыркы калк. Бизде мамлекетти куруунун, аны коргоонун жана башкаруунун улуу салттары болгон. Менин оюмча, азыр элибиздин алдында кыйшаюусуз чечүүнү талап кылган 7 ѳзѳктүү маселе бар. Алар: Адилеттүүлүк: Адилеттүүлүк азыркы күндѳ ѳлкѳбүздѳгү, коомубуздагы башкы саясий постулат болушу керек. Ал эми адилеттүүлүктүн түркүгү – эркин жана кара кылды как жарган калыс сот. Ошондуктан адилет сот системасын түзмѳйүн, биздин демократиялык дѳѳлѳттѳр тууралуу сѳз кылууга саясий да, моралдык да акыбыз жок. Акыйкаттык: Улуттук айкѳлдүк сапатты сактоо – ал кыргызды сактоо. Ал эми элибиздин салттуу дѳѳлѳттѳрүнѳ ар кандай саясий эксперименттерди жасоо саясаттын да, саясатчылардын да нравалык принциптерин аныктабайт! Айкѳлдүк: Бул элибиздин эзелтеден келе жаткан улуу сапаты, улуу наркы. Бул асыл сапаттардын мамлекетүүлүгүбүздү чыңдоодогу орду жана ролу эбегейсиз зор. Мекенчилдик: Уюткулуу журт мекенчил болот. Ѳз улутун сүйүү – улутчулдук эмес, ал тарыхын урматтоо, элин сыйлоо дегендик. Ал мекендин ыйыктыгын урматтоо дегендик. Ыймандуулук: Ыймандуу жана ынтымактуу коом гана келечектүү мамлекет кура алат. Биз саясий ыйман маселесин башкаруу системасына киргизүүбүз зарыл. Ал эмне? Ал – тазалык, чынчылдык, абийирдүүлүк жана таза кѳкүрѳк. Ырайымдуулук: Эл аралык саясаттагы адам укугу деген маселе, кыргыздын кѳѳнѳ түшүнүгүндѳ адамга адам ырайымдуу болушу зарыл деген маани менен түшүндүрүлүп келген. Ынсапкорлук жана сарамжалдуулук: Кыргыз эли эзелтеден ушул эки сапатты жогору баалап келген. Кыргыз улуттук коррупциясынын ѳзгѳчѳлүгү, тамыры, ѳзѳгү биздин сарамжалсыз мамилебизде, ынсапкорлугубузда жатат. Мен жаңылануунун улуттук ѳзгѳчѳлүгүн ѳткѳндүн духун бекем сактоо менен келечектин кубатын жаратуудан кѳрѳм. Ахматбек Келдибеков, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:31

Хотите реальных перемен в стране? Голосуйте за БИРИМДИК №1

Выборы в парламент Кыргызстана уже послезавтра - в воскресенье 4 октября. Лидеры известны. Настроения людей, их приоритеты и выбор говорят о том, что кыргызстанцы хотят качественных перемен в государственном устройстве. Поддержите свой народ, выбирайте партию демократического социализма – евразийский выбор «БИРИМДИК» Только БИРИМДИК №1 сможет провести реальные эволюционные перемены, направленные на созидание, а не разрушение. Создавать, верить, действовать, вместе строить сильный, свободный, защищенный и процветающий Кыргызстан – таковы задачи БИРИМДИК №1. 4 октября, в это воскресенье, с 8.00 до 20.00 на избирательных участках страны вы выбираете свое будущее! И отвечать за этот выбор будет каждый – и тот, кто проголосовал, и кто решит уйти от ответственности. Перемены неизбежны, и мы должны сами решить, какими они будут в этот раз – разрушительными или созидательными. Выбор за вами! Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:31

Материалы за неделю

no article

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:32

Кара-Суу “Мекеним Кыргызстанды” тандайт!

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын Ош облусундагы үгүт кербени Кара-Суу шаарында жыйынтыкталды. Партия талапкерлерин шайлоочулар жылуу тосуп алып, уюштуруучулардын санитардык талаптарды сактоо чакырыктарына карабай шаардык стадионго эл жыкжыйма толуп чыкты. Болжол менен жолугушууга беш миңден ашуун адам чогулду. Бул жерге Кара-Суу шаарынын эле эмес, ага жакын айыл өкмөттөрдүн эли да келди. “Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасындагы ар бир пункт кылдаттык менен иштелип чыккан. Тагыраагы, биз шайлоочуларга жөн гана куру сөздөрдү айтпай, реалдуу ишке аша турган программа менен тааныштырабыз. Биз саламаттыкты сактоо, билим берүү жана жарандарыбызды социалдык жактан коргоо системасын реформалоого жетишүү үчүн талыкпай иштөөгө даярбыз. Приоритеттүү багыттардын бири - айыл чарбасын өнүктүрүү. Андан сырткары, биздин катарда өз ишин мыкты билген күчтүү адистер, прогрессивдүү жаштар, ар кандай улуттагы жана идеяга бай, жаратман адамдар бар, алар өлкөбүздү өнүктүрүүгө болгон күч аракеттерин жумшайт”, - деди партиянын төрагасы Мирлан Бакиров. Дагы бир талапкер Ибрагим Жунусов партия парламентке келсе жөлөк пул алуу маселесин жеңилдетерине токтолду: «Биздин программанын пункттарынын бири - калктын социалдык аялуу катмарына жардам берүү. Азыр Кыргызстанда ушул карапайым тургундарга жөлөк пул алуу укмуштуудай кыйын. Өкүнүчтүүсү жарандар мамлекеттен жардам алуу үчүн пара берүүгө аргасыз болушат. Ошол эле учурда, бардыгы эле системада болгон бюрократиялык тоскоолдуктардан чыгууга даяр эмес. Биз, “Мекеним Кыргызстан” партиясы, бул кырдаалдан чыгарып, өлкөбүздү жакшы жагына өзгөртүү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз». Жолугушууда Кыргызстандын ар бир жаранынын жашоосундагы жана өлкөдөгү өзгөрүүлөрдүн символу катары асманга чоң шар учурулду. Шайлоочулар жапырт “Мекеним Кыргызстан” партиясын колдоорун айтып жатышты. “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиздер! Максатыбыз бир, жолубуз шыдыр элибиз аман болсун! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:32

Шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн Россиянын Мамлекеттик Думасынын делегациясы Кыргызстанга келди

Константин Затулин жана Мамлекеттик Думанын КМШ иштери, Евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары баштаган Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын делегациясы Кыргызстанга Жогорку Кеңештин шайлоосуна эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн келди. Бул тууралуу КМШ өлкөлөрүнүн институтунун басма сөз кызматы билдирди.“Мамлекеттик Думанын депутаттары буга чейин Россиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушкан. Алар республиканын парламентинин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги, шайлоого катышкан саясий партиялар, ошондой эле Кыргызстандагы орус мекендештеринин уюмдарынын активисттери менен жолугушат. Шайлоо күнү, 4-октябрда, Мамлекеттик Думанын депутаттары КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештери менен биргеликте добуш берүүгө байкоо жүргүзүүгө катышышат », — деп айтылат билдирүүдө.Делегация Кыргызстанда 2-октябрдан 5-октябрга чейин болот.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники