О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
3 октября 2020 г. 1:22

Шайлоо-2020: бүгүн өлкөдө «жымжырттык күнү»

Бүгүн Кыргызстанда жымжырттык күнү. Эрежеге ылайык, бул күнү парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялар үгүт кампаниясын жүргүзө албайт. Мындан тышкары БШКдан аккредитация алган интернет басылмаларга да үгүттү чагылдырууга тыюу салынат. “Жымжырттык күнүнүн” эрежеси бузулган учурда, БШК буга жол берген тараптарга мыйзамга ылайык чара көрөт. Парламенттик шайлоого карата жалпы 2474 шайлоо участогу уюштурулган. Анын 44ү чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын добуш берүүсү үчүн каралган. Форма-2 боюнча бир канча жолу арыз тапшыргандар тизмеден чыгарылды

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:22

Эксперттер шайлоодон кийин нааразычылыктар күчөй турганын эскертет

«Республика» партиясы Өзгөндө орун алган чырда тарапташы өлтүрүлгөнүн кабарлады. Бирок Ош облустук ички иштер башкармалыгы мушташтын шайлоого, саясий партиялардын ишине тиешеси жок экенин айтууда. Ал эми укук коргоочулар адам өмүрү барынан кымбат экенин эскертип, мындай окуялардан саясатка байланыштыруу, упай топтоо туура эместигин белгилейт. Экспреттер коомчулугу укук коргоо органдарынын шайлоого байланыштуу айрым мыйзамсыз аракеттерге көз жумуп коюушу, шайлоодон кийинки нааразычылыктарга себеп болорун, саясий чыңалуулар орун алышы ыктымал экенин айтып, коңгуроо кагышууда. 30-сентябрга караган түнү Өзгөн районунун Мырзаке айылында 1995-жылы туулган Замирбек Ормон уулу аттуу жаран мушташтан каза тапты. Жакындары анын «Республика» партиясына үгүт жүргүзүп иштегенин айтып чыгышты. Бирок Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев чырдын шайлоого, саясий партиялардын ишине тиешеси жок экенин билдирди. Анын маалыматында, Замирбек Ормон уулу «Портер» үлгүсүндөгү автоунаасын «Республика» партиясынын үгүтчүлөрүнө ижарага берилген. Ормон уулу айдоочу катары досу экөө үн чыгаруучу аппарат менен иштеп жүргөн. Чырдын себеби, алкоголдук ичимдик ичкен эки адам пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Натыйжада 1996-жылы туулган жаран Ормон уулун бычактап жиберген. Кылмышка шектүү адамдын бир да партияга тиешеси жок экени аныктаган. — Чыр чыккан жерде 5 бала болгон. Алар досунун жакынкы күндөрү өтө турган тоюуна даярдыктарды талкуулап, кеңешип жатып уруша кетишкен. Бул иш боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси, «Киши өлтүрүү», боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Шектүү кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилди. Бүгүн анын анын баш коргоо чарасы каралат. Ал эми окуяга катышкан жалпы күбөлөрдүн бары суракка чакырылып, териштирилип жатат. Маркумга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгын күтүп турабыз. «Республика» партиясы 1-октябрда тараткан билдирүүдө өлтүрүлгөн Замир Ормон уулу партиянын тарапташы болгону айтылды. Партиянын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арстан Туржанов Ормон уулу партиянын тарапташы болгонун, үгүт иштерине катышып жүргөнүн, ал эми кылмышка шектүү жаран “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тарапташы болгонун билдирди. Бул үчүн жетиштүү далилдер бар экенин белгиледи. Мындан сырткары, партиянын тарапташтарына басым-кысымдар көп болуп, бирок кылмыш иши талаптагыдай иликтенбей, тийиштүү органдар тарабынан үй-бүлөлүк кылмыш катары көрсөтүлүп жатканы кошумчалады. — Өзгөндөгү окуянын шайлоого тиешеси бар. Биз маркум «Республика» партиясынын тарапташы экенин айтып жатабыз. Ал үчүн далилдер бар. «Мекеним Кыргызстандын» тарапташынын да үгүт иштерине катышып жүргөн сүрөттөрү бар. Анан кантип окуяны шайлоого тиешеси жок деп айтууга болот? Чырга балдардын мамилеси себеп болуп жатат. Биринчи, «Мекеним Кыргызстанга» жардам берет. Кийинчерээк ал жактан кандайдыр бир себептерге байланыштуу кетип калып, бизге кошулат. Ошонун айынан эки достун (же тааныштын) ортосунда чыр чыгат. Укук коргоо органдары бир тараптуу карап коюуда. Маселелердин баарын үй-бүлөлүк кылмыштын катарына чыгарып коюшууда. Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясы окуяга тиешеси жок экенин айтып чыкты. Укук коргоочу Азиза Абдрасулова мындай окуяларды саясатка аралаштырбоо керектигин белгилейт. Анын айтымында, партиялар тарапташтарын коопсуздугун камсыздап, саясий жолго алып чыкканда көзөмөлгө алышы керек. — Окуяны саясатка байланыштуруу туура эмес. Упай топтоо, саясий аброюн жогорулатуу маселеси адам өмүрү менен байланыштырбашы керек. Анткени адам өмүрү кайталангыс. Мындай окуяларда саясатан бийик болушубуз кажет. Ар бир саясий партия тарапташтарынын мыйзамдуулугун, укуктарын коргоп, түшүндүрүшү керек. Азыр партиялар кыйкырык, ызы-чууга алдырып коюп жатышат. «Республика» партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арстан Туржанов укук коргоочунун оюу боюнча төмөнкүдөй коментарий берди. — Кооопсуздукту камсыздоо дегенде биз урушка бара жаткан жокпуз да, шайлоого баратабыз. Күзөтчү коё албайбыз. Коопсуздукту камсыздоо үчүн компетенттүү органдар бар. Аларга кайрылып сурап, өздөрүнө түшүндүрмө берип жаттык. Бизде укуктук жактан камсыздоо жагы гана бар. Өзгөндөгү окуя катталган факты, катталбай калган мыйзам бузуулар да көп. Ага укук коргоо органдары көз жумуп коюуда. Бул аракеттер шайлоодон кийинки саясий чыңалууларга негиз болу жатат. Өлкөнүн келечегине кайдыгер караган укук коргоо органдары бизге керекпи? Борбордук шайлоо комиссиясы, укук коргоо органдары чырларга жол бербей, алдын-ала даяр турушу керек болчу. Эми президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодон соң Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, аталган органдардын калпыстыктарды коё бергенине баа бериши зарыл. Радикалдык чечимдерди кабыл алып, сөзсүз чара көрүлүшү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутататы Туратбек Мадылбеков билдирди. Ал шайлоодон кийин нааразычылыктар күчөшү мүмкүн экенин эскертти. — Паракорлор менен уюшкан кылмыштуу топтордун кол кармашып, 5-6 партияда талапкер катары шайлоого аттанышы элдин кыжырын келтирүүдө. Эгерде ошол талапкерлер Жогорку Кеңешке келип калса, элден нааразычылык күчөйт. Мындан сырткары, добуштарды сатып алуулар да чыңалуулага негиз. Шайлоодо утулуп калган партия ушулар маселелерди айтып чыгат. Буга кошумча митингдерди өткөрүп, сөз чыгарган кырдаалга барат. Бул КР үчүн өтө кооптуу. Ошондуктан укук коргоо органдары буга сөзсүз даяр турушу кажет. Республиканын маалыматына караганда, үгүт иштери башталгандан бери өлкөнүн айрым аймактарында партиянын тарапташтарын моралдык жана физикалык кысымга алуу, уруп-сабоо, өлтүрүү фактылары аныкталды. Партия кылмыштарга байланыштуу укук коргоо органдарынан объективдүү иликтөө жүргүзүүнү, Башкы прокуратурадан тергөөнүн жүрүшүн өзгөчө көзөмөлгө алууну, ал эми БШКдан шайлоо мыйзамдарында каралган тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылууда.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:22

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган 557 миң 856 адам шайлоого катышпайт

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган 557 миң 856 адам шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн маалымат жыйында кабарлады. 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере ала турган жарандардын саны 3 млн 523 миң 554ттү түзөт. Быйыл 1-августка карата Кыргызстандын калкынын саны 6 млн 586,6 миңге жеткен. Анын ичинен 18 жана жана андан улуу курактагы паспорту бар жарандардын саны 4 млн 81,4 миң адамды түзөт. Форма-2 боюнча бир канча жолу арыз тапшыргандар тизмеден чыгарылды

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:22

Парламенттик шайлоого көз салуу үчүн эл аралык байкоочулар келди

Кыргызстандагы 4-октябрда өтө турчу парламенттик шайлоого эл аралык байкоочулар көз салат. Алар — Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясы (КМШ ПАА), Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясы (ЖККУ ПА) жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына (ТүркПА) мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү. Байкоочулар шайлоого чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги, партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, шайлоону уюштуруу маселелери менен таанышышат. Ошондой эле 4-октябрда шайлоо тилкелеринде болушуп, добуш берүү жараяндарына жеринде байкоо салышат. Кыргызстанда 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Ага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн байкоочулар катышат. Андан тышкары чет мамлекеттерден жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да чакырылган.

Подробнее
2 октября 2020 г. 20:04

Мирбек Асангариев, Аскар Турдугулов.

"Бир Бол" саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлер Мирбек Асангариев, Аскар Турдугулов. БИР БОЛ ! НОМЕР 13!

Подробнее
2 октября 2020 г. 19:22

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын үгүт кербени Баткен шаарына барды.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын үгүт кербени Баткен шаарына барды.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:22

Шайлоо участокторунда санитардык эрежелердин сакталышы көзөмөлдөнөт

Премьер-министр Кубатбек Боронов шайлоо күнү бардык шайлоо участокторунда санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин сакталышы керектигин айтты. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык участокторго шайлоочулардын санына жараша дезинфекциялык каражаттар жана медициналык бет каптарды жеткирген, жалпысынан 3,5 млн медициналык беткап жеткирилгени кабарланды. Шайлоодон бир күн өткөн соң, кенже класстардын окуучулары үчүн окуу процесси жандандырылат. Көптөгөн шайлоо участоктору мектептерде жайгашкандыктан өкмөт окуу процессин 6-октябрдан тарта жандандыруу чечимин кабыл алган. «5-октябрда ар бир мектепте, өзгөчө, шайлоо участогу жайгашкан билим берүү мекемелеринде дезинфекциялык иштер тыкыр аткарылат. Биз балдарды COVID-19 илдетинен коргошубуз керек», — деп белгиледи премьер-министр. Бардык жалпы билим берүү жайлары алгоритм боюнча иш алып баруусу зарыл.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:22

БШК: Шайлоого толугу менен даярбыз

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 күн калды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, бул жолку шайлоого 3 млн 523 миң жаран шайлоочулардын тизмесине кирген. Алардын ичинен 35 миң 580и өлкөдөн сыртта шайлайт. Бул үчүн Боршайком Кыргызстанда 2474, ал эми чет жактарда жалпысынан 44 шайлоо участокторун ачкан. БШК бардык шайлоо участкалары керектүү жабдуулар менен камсыз болгонун айтып, бардык автоматтык урналар текшерүүдөн өтүп жатканын билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев бардык участкалар шайлоого даяр экенин, ал күнү ар кандай абалга дайын турганын айтат. — Ар бир участкада урналар жетишерлүү, кошумча урналар менен дайындалган. Кокус бирөөсү иштебей кала турган болсо, кошумча урна коюлат. Ар кандай техникалык мүчүлүштүктөргө даярдык катарында бардык участкаларга генераторлор орнотулду. Шайлоону уютуруучу орган катары биз даярбыз. Мына, бүгүн шайлоо бюллетендер таратылып жатат. Осмоналиев ошол эле учурда 4-октябрь шайлоо системасына ар кандай хакердик чабуул болорун да айтат. Анткени, 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо бир эле күнү серверге 40 миңдей чабуул болгон. — Эми ар кандай коркунучтар бар. Мисалы, акыркы шайлоону алсак, 2017-жылы шайлоо күнү эле болжол менен 40 миңдей хакердик чабуул болгон. Анткен менен системага залакасы тийген эмес, бүгүнкү күнү деле иштеп жатат. Эртеңки шайлоодо дагы биз, албетте, андай чабуулдарды күтөбүз. Бирок, биздин шайлоо системабыз туруктуу, заманбап болгондуктан, андайларга туруштук берет, — деди Осмоналиев. Ал эми шайлоо участкаларына урна, биометрикалык маалыматты аныктоочу аппарат жана башка жабдуулар жеткирилген. Бирок, мектептерде жайгашкан участкаларда окуучулар окуп жаткандыктан урналар орнотула элек. БШК шайлоо участкаларынын кызматкерлерин окутуп, түшүндүрүү иштерин улантып жатат. Боршайком аларга шайлоо күнү электр энергиясы өчүп, интернет байланышы үзүлүп калса кандай чараларды көрүү керек жана шайлоочуларды кандай тартип менен кабыл алуу керектигин үйрөтүүдө. 1325 номурлуу шайлоо участкасында азырынча 1-класстын окуучулары билим алып жаткандыктан жабдууларды орното элек. Участканын төрайымы Илита Пактын айтымында, урналарды шайлоого бир күн калганда ортнотуп байштайт. — Бизде бардыгы жетиштүү. Биринчиден, техникалык катачылыктар болушу мүмкүн экенин эске алып, генераторлор орнотулду. Экинчиден, орнотулган интернет тутуму дагы иштебей калышы мүмкүн, анын да алдын алып, интернет модем беришти. Биз бардыгын кандай керек болсо, ошондой өткөрөбүз. Биз катачылыкка жол бербейбиз, бирок бизден көз каранды болбогон техникалык мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн. Биз аларды кантип жоюу керектигин окуп жатабыз. Андай катачылыктар болбойт деп үмүт кылабыз, — дейт участканын төрайымы. Пак ошону менен бирге шайлоо участогуна кирерде санитардык эрежелер сакталып, социалдык аралыкты сактоону көзөмөлдөй турганын кошумчалады. Ал үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери маалымат берип, түшүндүрүү иштерин шайлоо участкаларында жүргүзүп жатат. Парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн быйыл мамлекеттик бюджеттен 722 млн сом бөлүнгөн. Ага кошумча, Кыргызстан Түркиядан шайлоого карата техникалык жабдууларды сатып алуу үчүн акчалай жардам сураган. Түрк бийлиги ага 100 миң АКШ долларын бөлүп берген. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча эрте мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин болот. Ага 16 партия ат салышып, шайлоого катышкан жалпы жарандардын 7 пайызынан жогору добушун алганы парламентке өтөт.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:23

Президент парламенттик шайлоого байланыштуу элге кайрылды

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда өтө турчу парламенттик шайлоого байланыштуу элге кайрылды. Анын айтымында, шайлоону өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы, Өкмөттө түзүлгөн республикалык штаб, жергиликтүү шайлоо комиссиялары мыйзам алкагында өз милдеттерин аткарып жатышат. Үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү. Президент эми ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келгенин айтат. “Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек. Бул шайлоо — элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл. Ушул максатка жетүү үчүн бардык шарттар түзүлдү”, -дейт өлкө башчы. Жээнбековдун айтымында, шайлоо адилеттиги — добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылынды. Шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартуу жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча жаңы нормалар кирди. Саясий партияларга үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бирдей шарт түзүлдү. Жээнбеков шайлоодон кийин жеңилген тараптарды жеке амбициясына алдырып, элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирбөөгө чакырды. “Элибиздин биримдигине, улут аралык ынтымакка, мыйзам үстөмдүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чечкиндүү чаралар көрүлөрүн унутпайлы”, -деп эскертти өлкө башчы. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрда башталган. Шайлоого быйыл 16 партия катталган.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:23

Сооронбай Жээнбеков шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 4-октябрында өтө турчу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти: «Урматтуу мекендештерим! 4-октябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлайбыз. Борбордук шайлоо комиссиясы, Өкмөттө түзүлгөн Республикалык штаб, жергиликтүү шайлоо комиссиялары мыйзам алкагында өз милдеттерин аткарып жатышат. Үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү. Эми ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келди. Урматтуу мекендештерим, Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан, ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек. Бул шайлоо — элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл. Ушул максатка жетүү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Мыйзам базасы бир жыл мурда аныкталды. Шайлоо эрежелери саясий партияларга, шайлоочуларга алдын ала белгилүү болду. Шайлоо адилеттигин — добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууга умтулдук. Шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартуу жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча жаңы нормаларды киргиздик. Урматтуу саясий партиялардын лидерлери, талапкерлер! Үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Саясий позицияңарды, көз карашыңарды жарыялоо үчүн эч кандай тоскоолдук болгон жок. Эми, шайлоо мыйзамдарынын чегинен чыкпагыла. Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла! Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге, жеңилген тарап да болот. »Жыгылган күрөшкө тойбойт« дегендей, жеке амбициясына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз. Элибиздин биримдигине, улут аралык ынтымакка, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө жана мыйзам үстөмдүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чечкиндүү чаралар көрүлөрүн унутпайлы. Урматтуу мекендештерим, Шайлоо күнү биздин өлкөбүз эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда болот. Бул күн биздин өлкө тарыхында жогорку саясий маданияттулуктун күнү катары калат деп үмүттөнөм. Шайлоону улуттук ар-намысыбызды, абийирибизди сактап өткөрөлү. Шайлоого аттанып, марага чейин жеткен 16 партиянын өкүлдөрү — элибиздин ичинен суурулуп чыккан мыкты уул-кыздарыбыз. Силер үчүн элдин амандыгынан, коомдун тынчтыгынан өткөн байлык жок деп билебиз. Баардыгыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок! Урматтуу шайлоочулар, Кимге добуш беребиз — ал ар кимдин жеке чечими, өз эрки. Эч ким кысым жасай албайт. Ар бир шайлоочунун добушу — өлкөнүн тагдырын чечет. Мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык-маданий багытын аныктайт. Шайлоого катышып жаткан ар бир партиянын программасы, келечек максаттары белгилүү болду. Ошондуктан, 4-октябрь күнү ар бирибиз саясий тандообузду сөзсүз билдирели! Кадырлуу калайык-журтум! Элибизде „Эр эсептен жаңылса да, эл эсептен жаңылбайт“ деген накыл сөз бар. Элибиз саясий зиректик менен, „өзүм эмес, элим үчүн“ деген максатта чыккан талапкерлерди тандап, эртеңки шайлоодо жаңылбайт деп ишенебиз. Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалайм. Сүйүктүү Кыргызстанбызды Жараткан Кудайым Өзү колдоп, дайыма элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!»

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:23

Камактагы Равшан Жээнбековдун мугалимдерге, дарыгерлерге, укук коргоо орган кызматкерлерине кайрылуусу

Камакта жаткан оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков шайлоо алдында мугалимдерге, дарыгерлерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылды. -30 жыл бою бардык президенттер тең шайлоо учурунда саясий алдамчылык менен алектенип, өздөрүнүн дежур талапкерлери менен партиялары үчүн өзгөчө ыңгайлуу шарттарды түзүп келишти. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да алардан эч айырмаланбайт, ал өзүнүн бийликчил партиялары “Форма №2” алдамчылыгы менен алектенип жатканын, добуштарды ачык эле жана уятсыздык менен сатып алып жатышканын, силерди, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин – мугалимдерди, дарыгерлерди жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин пайдалануу менен административдик ресурсту колдонуп жатышканын билбейт экен. Бийликчил партиялар көз каранды бюджетчилердин аярлуу абалын пайдалануу менен, аларга чындыкты ачык айткандарды көзөмөл астындагы кесиптик кошуундар аркылуу коркутуп, куугунтукка алууда. Бир дагы бийликчил партия өлкөбүз үчүн маанилүү маселелерди чечкен жок. Кыргызстан эң жакыр жана артта калган өлкө, а бийлик коррупциялашкан жана натыйжасыз бойдон калып келет. Үч жылдык башкаруусунда Сооронбай Жээнбеков менен анын жакындары өлкөнү чылгый социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык кризиске дагы терең батырышты. Эл аралык каржы институттарынан жана донорлордон ушул жылы алынган 700-800 млн доллар коротулуп, желип жок болду. Өлкө бюджети бош, бирок Сооронбай Жээнбеков менен анын командасы мамлекеттик карызды 5 млрд долларга чейин жеткиришти. Бийлик силерди татыктуу жумуш шарты жана маяна менен камсыздай алган жок жана камсыздай да албайт, анын ордуна өлкөдө болуп жаткан бетпактык жөнүндө ачык айткандарды куугунтуктоо менен алек. Силер баарыңар тең Сооронбай Жээнбеков жана анын бийликчил партиялары өлкөнү башкарууга жөндөмсүз экенин, силер эңсегендей келечекти кура албасын жана саясий кудуретсиз абалда экенин көөдөнүңөр менен сезип турганыңарга ишенем. Бийлик болгону убакытты созууда. Силерге мамлекеттик башкарууда жана оппозицияда 20 жылдык тажрыйбасы бар жаран жана саясатчы катары бийликтин саясий алдамчылыгынын куралы жана бөлүгү болбоо чакырыгы менен кайрылам. Кимди татыктуу жана көз карандысыз деп эсептесеңер, ошого добушуңарды бергиле, “чоң шефтерге” кызмат көрсөтпөгүлө. Силер өзүңөр, жакындарыңар үчүн, жаңы, демократиялык Кыргызстан үчүн көп нерсени чечип коё аласыңар, -деп кайрылды Равшан Жээнбеков. Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Равшан Жээнбеков оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, тактап айтканда, “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип жатат.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:23

Жээнбеков: Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла!

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда өтө турган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. -Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан, ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек, -деди мамлекет башчы. Андан ары Президент мыйзам базасына токтолуп кетти: -Мыйзам базасы бир жыл мурда аныкталды.Шайлоо эрежелери саясий партияларга, шайлоочуларга алдын ала белгилүү болду. Шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартуу жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча жаңы нормаларды киргиздик, -деп белгиледию Ошондой эле саясий партияларга кайрылып мындай деди: -Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла! Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге, жеңилген тарап да болот. “Жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей, жеке амбициясына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз., -деди Жээнбеков. Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:23

no title

Ак үйдү самап. Шайлоо 2020дагы жаңы партиялар Быйылкы парламенттик шайлоого 16 саясий партия ат салышууда. Алардын арасында алгачкы жолу катышып жаткан беш партия бар. Алар «Ыйман Нуру», «СДК» , «Ордо», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары. «Ыйман Нуру» Партиянын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов Кененирээк "Социал-демократтар" партиясы Атамбаевдин уулдары түптөгөн Кененирээк «ОРДО» Жаш партиялардын катарына кирет Кененирээк «Чоң Казат» Чуулгандуу билдирүүлөр менен таанылган Кененирээк "Реформа" Партиянын курамында көбүнчө жарандык активисттер бар Кененирээк Шайлоодон үмүт үзбөгөн партиялар «Мекен ынтымагы» Партия негизделгенден бери парламенттик шайлоолорду калтырбай катышып келет Кененирээк «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» Саясий уюм Боршайкомго 78 талапкердин тизмесин тапшырса, анын 35и жумушсуз. Кененирээк Материалга колдонулган сүрөттөр интернеттен алынды Бул материал ALDA-Европалык Жергиликтүү Демократия Ассоциациясынын жардамы менен Европа Биримдигинин каржылык колдоосунда даярдалды. Материалдын мазмуну Европа Биримдигинин же ALDAнын көз карашын чагылдырбайт. Биз социалдык тармактарда Facebook Twitter Odnoklassniki Youtube Instagram Telegram

Подробнее
2 октября 2020 г. 16:22

Добушуңду сатпа!

Баарыбыз БИР БОЛУП чыга келгенде гана мамлекетибиз ийгиликке жетет! Добушуңду сатпа! БИР БОЛ!

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:24

Фарид Ниязов: «Социал-демократы» — костяк СДПК Атамбаева плюс новые молодые лидеры гражданского общества

В связи с предстоящими 4 октября парламентскими выборами экс-руководитель аппарата президента Фарид Ниязов выступил с заявлением. Его полный текст приводим ниже: «Под флагом партии «Социал-демократы» (№9) на эти выборы идут честные профессионалы из числа сторонников Атамбаева. По сути это костяк партии «СДПК», люди, сохранившие свои честь и достоинство. Никто из нас ничего не разворовывал и никоим образом материально не разбогател за годы президентства Алмазбека Шаршеновича. А все коррупционеры, прилипалы и предатели давно переметнулись в лагерь братьев Жээнбековых. И слава Богу! Есть в «Социал-демократах» и молодые новые лидеры, блогеры и активисты , не имевшие ранее никакого отношения к СДПК. Они сами, без посторонней помощи, пробивают себе дорогу в жизнь, отличаются духом свободы и стремления к справедливости. Поэтому я призываю всех избирателей, моих родных и близких, друзей и земляков голосовать 4 октября 2020 года за партию «Социал-демократы» (№9 в избирательном бюллетене)! За 19 лет в оппозиции, семь лет работы во власти и три последних года под жестоким политическим преследованием мы обрели богатый опыт и решимость в проведении глубоких реформ. Партия «Социал-демократы» готова защищать интересы народа Кыргызстана в Жогорку Кенеше!» С уважением, Фарид Ниязов – политзаключенный, кандидат в депутаты Жогорку Кенеша от партии «Социал-демократы». Заказчик: Политическая партия “Социал-демократы”. Оплачено из избирательного фонда политической партии “Социал-демократы”. Уполномоченный по финансовым вопросам политической партии “Социал-демократы” Конурбаева Аида Азаматовна, регистрационное свидетельство № 40 ЦИК КР.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники