О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
3 октября 2020 г. 1:19

Камчыбек Ташиев: "Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө келген 600 миллион доллар эмнеге коротулду? Жок дегенде бир оорукана курулган жок!"

Бишкек, "Саясат. kg". Өкмөт башчы илдет күчөп турган маалда менин иштегим келбей жатат деди да арызын жазып кетип калды. Эмне деген жоопкерчиликсиздик? “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалында түз эфирде болду. Ага көрүүчүдөн: “Пандемия маалында бийлик элди талаага таштады. Экинчи толкун ноябрь айында болот деген маалыматтан эл чоочулап турат. Сиз парламентке келип каласаңыз, элди дары-дармек менен камсыз кыла аласызбы?” – деген суроо берилди. “Бул өтө чоң маселе. Ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга сырттан 600 миллион доллар келген. Бул өтө чоң сумма. Чоң ооруканаларды куруп койсо болмок. 600 миллион долларга 100 оорукана куруп салмакпыз. Кана, ошол ооруканалар? Бир да оорукана курулбады. Себеби, акчалар туура эмес пайдаланылды. Жакында мурдагы саламаттыкты сактоо министри камакка алынды, так ушул акчанын айынан. Эмнеге биз мындайбыз? Жоопкерчиликсиздиктин айынан эл катуу кыйналды, бир жарым миңден ашуун адам каза болду. Жүз миңдеген адам ооруду, миллиондогон адам ар кандай жардамга муктаж болду. Өкмөт башчы илдет күчөп турган маалда менин иштегим келбей жатат деди да арызын жазып кетип калды. Эмне деген жоопкерчиликсиздик?! 3 жыл иштеп, 2 айга чыдабай калдыбы?! Бүт жардамдарды иреттештирип, күнү-түнү уктабай, башкаларды да уктатпай, эл үчүн каруусуз казык кылып иштесе болот эле го?! Ошондо балким, көп адамдын өмүрү сакталып калмак. Менин да бир тууган агам 58 жашында ушул илдеттен кайтыш болду. Өкмөт туура, жоопкерчиликтүү иштегенде агам аман калат беле деген ой бар менде. Ушундай ой каза тапкан бир жарым миңдей кыргызстандыктын жакындарынын ар биринде кудум ушундай ой болуп атпайбы. Ошол күндөрдү эстен чыгарбай, элди алдап кеткендерди 2-3 миң сому үчүн же бийликтин камчысынан коркуп шайлап албагыла! Эл үчүн иштеген балдарды шайлагылачы! Бул өзүңөргө эле керек го! “Мекенчил” партиясы көп мандат алып партияга барып калсак, күнү-түнү иштеп, маселелерди чечебиз, жок акчаны табабыз, барын үнөмдүү, максаттуу пайдаланабыз. Коррупционерлердин колуна чабабыз”, - деп жооп берди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:20

Күндүн ыргагы: Шайлоо алдында президент элге кайрылды. Партия үгүтчүлөрү добуш сатып алууга киришти…

ДОБУШ САТУУ-КЫЛМЫШ Кыргызстанда шайлоочуларды сатып алгандарга, ошол эле кезде добушун саткандарга да жаза каралган. Саналуу күндөн кийин Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Соцтармактын колдонуучулары “добушуңду сатып алам” дегендер чыгып жатканын жазышууда. ЖЭЭНБЕКОВ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫПрезидент Сооронбай Жээнбековдун пикиринде үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү. Бул тууралуу өлкө башчысынын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуусунда айтылат.КАРА-СУУДА ҮГҮТЧҮ КАРМАЛДЫКара-Суу районуна караштуу Нариман айылында шайлоого аттанган партиялардын биринин агитатору деген адам 313 миң сом акча менен кармалганы тууралуу маалымат тарады.Ош облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматы билдиргендей, акча таратууга шектелген жарандын жанынан беш конвертке бөлүнгөн акча жана аны кимдерге таратуу керек экендиги жазылган тизме табылган.КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛКыргызстанда 2-октябрга карата 215 адамдан коронавирус табылды. Маалыматка ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 154ү айыкты. Каза болгондор катталган жок. Өкмөттөгү онлайн брифингде маалымат берген саламаттык сактоо министринин орун басары  Нурболот Үсөнбаев  Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал дагы эле курч болуп турганын айтты.КАРАНТИНДЕН КИЙИН ЖАНДАНГАН АБА КАТТАМДАРУчурда Кыргызстан Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары, Россия менен аба каттамын жандандырган. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.АГАСЫ ИНИСИН  ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛҮҮДӨЫсык-Ата районунун тургуну бир тууганын өлтүрдү деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.Маалыматка ылайык, 2-октябрда  Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аталган аймактагы үйлөрдүн биринде кишинин жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн. Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу жерине барганда, үйдүн ичинде бир нече жолу бычак менен жаракат алган 39 жаштагы жарандын жансыз денеси табылгандыгы маалым болгон.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:20

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарым миллион жаран шайлоодо добуш бере албайт

Кыргызстанда 557миң 856 жаран 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере албайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди. Шайлдабекованын айтымында, алар биометрикалык каттоодон өтпөгөндүктан шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок.“Өлкөдө 18 жаштан өткөн 4 081 410 жарандын 557 856сы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере албайт”,-деди БШКнын төрайымы. Кошумчалай кетсек, 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Үгүт иштери бүгүн, 2-октябрда аяктайт.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:20

Ачык айт: Шайлоо-2020: «Добуш сатуу – кылмыш» (Түз эфир)

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Бүгүн үгүт иштеринин акыркы күнү. Ачык айтсак үгүт иштери деле болгон жок. Партиялардын даярдыгы начар болгондугу билинди. Бирок, баары эле добуштарды үгүт менен эмес, башка жол менен алууну көздөп жаткандай.“Ачык айт” программасында “Шайлоо-2020: «Добуш сатуу – кылмыш» деген тема талкууланат. Талкуунун катышуучулары: Айнура Усупбаева «Жарандык платформа» коомдук уюмунун жетекчиси жана Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин депутаты.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:20

БШК: 2475 шайлоо участогу ачылды, анын 44ү чет өлкөдө

Кыргызстанда парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн жалпы 2475 шайлоо участогу ачылды, анын 44ү чет өлкөдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди. “Шайлоо участокторунда жабдыктардын эки түрү колдонулат, алар биометрикалык идентификациядан өтүү, автоматтык эсептөөчү урналар. Шайлдабекованын айтымында, бул жабдыктардын кошумча запасы да коюлат”,-деди Шайлдабекова. Кошумчалай кетсек, 2-октябрь шайлоого карата үгүт жүргүзүүнүн акыркы күнү. Мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда, 3-октябрда саат 08:00дө токтойт. Дал ушул сааттардан тарта үгүт иштери токтотулуп, “жымжырттык күнү” болот.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:20

Шайлоодо канча кыргызстандык добуш бере алары белгилүү болду

Алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн 3 миллион 523 миң 554 кыргызстандык катталды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун даярдыктары туурасындагы маалымат жыйыны учурунда билдирди. “Шайлоочулардын тизмеси 3 миллион 523 миң 554тү түзөт. Бул 24-сентябрга карата көрсөткүч. 4-сентябрга карата 3 миллион 465 миң 415 болчу”, – деди Шайлдабекова.Белгилей кетсек, быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:20

Соңку жаңылыктар: Коронавирус кайрадан күчөп баштады. Жээнбеков шайлоо алдында элге кайрылуу жасады

КОРОНАВИРУСТУН ЖАҢЫ 215 УЧУРУ КАТТАЛДЫКоронавирус жуккан 16 адам өтө оор абалда реанимацияда жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.Анын айтымында, илдетке кабылган жарандардын 10у канааттандырарлык абалда.“667 адам орточо оор, 194ү оор жана 16 адам өтө оор абалда реанимацияда жатат. Өлкөнүн түштүк аймагына коронавирус менен күрөшүүгө профессор, докторлор барып, сунуштарын айтууда. Ошондой эле ал жакта саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев да иш алып барууда”, – дейт ал.Белгилей кетсек, 2-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 215 жаңы учур катталып, илдетке кабылгандардын жалпы саны 47 миң 56ны түзөт. Алардын ичинен 43 миң 137 киши айыгып чыкты, 1 миң 65 адам каза болду.ЖЭЭНБЕКОВ ШАЙЛОО БОЮНЧА КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫПрезидент Сооронбай Жээнбековдун пикиринде үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү. Бул тууралуу өлкө башчысынын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуусунда айтылат.Өлкө башчысы ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келгендигин белгилейт.«Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан, ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек. Бул шайлоо — элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл», — дейт ал.Сооронбай Жээнбековдун айтымында, бийлик шайлоо адилеттигин — добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууга умтулду. Президент партия лидерлерине шайлоодо утулуп калса, жеңилүүнү көтөрө билүүгө чакырды.АТАМБАЕВДИН СОТТУК ОТУРУМУ ЖЫЛДЫБишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча бүгүн, 2-октябрга белгиленген жараян болгон жок. Сот мамлекеттик адвокаттын өтүнүчү менен 7-октябрга жылды. Райондук соттун катчылыгы бул тууралуу айыпталуучуларга жана алардын адвокаттарына 1-октябрдын кечинде кабарлаган. Бул күнкү сот отурумуна Алмазбек Атамбаев өз каалоосуна ылайык катышаары мурда кабарланган.“Адатта, баарыбызды сотко чогултуп, камактагыларды да алып келип, андан кийин гана мындай чечим жарыяланчу. Азыр мамлекеттик адвокаттын өтүнүчүнүн себеби бизге маалым эмес”, деп жазат айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева өзүнүн фейсбуктагы баракчасына.Кой-Таш окуясы боюнча 30-сентябрдагы териштирүүдө адвокат Сергей Слесарев айыпталгандардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди келерки жараянга алып келүү тууралуу өтүнүч берип, ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков аны канааттандырган.  Быйыл 1-июндагы жараянда сот «Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши каралып бүткөнгө чейин Атамбаев сот отурумдарына катышпайт» деген чечим чыгарган.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:20

Шайлоого байкоо салуу үчүн чет өлкөлөрдөн өкүлдөр келди

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү жараяндарына байкоо салуу үчүн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясына (КМШ ПАА), Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясына (ЖККУ ПА) жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына (ТүркПА) мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт. Алар шайлоого чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги, талапкер партиялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, ири саясий иш-чараны уюштуруу маселелери менен таанышышат. Ошондой эле 4-октябрда бир катар шайлоо тилкелеринде болушуп, добуш берүү жараяндарына жеринде байкоо салышат.Эскерте кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өтөт. Ага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн байкоочулар катышат. Андан тышкары чет мамлекеттерден Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да чакырылган.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:20

Жээнбеков шайлоого карата кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 4-октябрында өтө турчу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:«Урматтуу мекендештерим!4-октябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлайбыз.Борбордук шайлоо комиссиясы, Өкмөттө түзүлгөн Республикалык штаб, жергиликтүү шайлоо комиссиялары мыйзам алкагында өз милдеттерин аткарып жатышат.Үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү.Эми ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келди.Урматтуу мекендештерим,Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет.Ошондуктан, ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек.Бул шайлоо — элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл.Ушул максатка жетүү үчүн бардык шарттар түзүлдү.Мыйзам базасы бир жыл мурда аныкталды.Шайлоо эрежелери саясий партияларга, шайлоочуларга алдын ала белгилүү болду.Шайлоо адилеттигин — добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууга умтулдук.Шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартуу жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча жаңы нормаларды киргиздик.Урматтуу саясий партиялардын лидерлери, талапкерлер!Үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү.Саясий позицияңарды, көз карашыңарды жарыялоо үчүн эч кандай тоскоолдук болгон жок.Эми, шайлоо мыйзамдарынын чегинен чыкпагыла.Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла!Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге, жеңилген тарап да болот.“Жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей, жеке амбициясына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз.Элибиздин биримдигине, улут аралык ынтымакка, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө жана мыйзам үстөмдүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чечкиндүү чаралар көрүлөрүн унутпайлы.Урматтуу мекендештерим,Шайлоо күнү биздин өлкөбүз эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда болот.Бул күн биздин өлкө тарыхында жогорку саясий маданияттулуктун күнү катары калат деп үмүттөнөм.Шайлоону улуттук ар-намысыбызды, абийирибизди сактап өткөрөлү.Шайлоого аттанып, марага чейин жеткен 16 партиянын өкүлдөрү — элибиздин ичинен суурулуп чыккан мыкты уул-кыздарыбыз.Силер үчүн элдин амандыгынан, коомдун тынчтыгынан өткөн байлык жок деп билебиз.Баардыгыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок!Урматтуу шайлоочулар,Кимге добуш беребиз — ал ар кимдин жеке чечими, өз эрки.Эч ким кысым жасай албайт.Ар бир шайлоочунун добушу — өлкөнүн тагдырын чечет.Мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык-маданий багытын аныктайт.Шайлоого катышып жаткан ар бир партиянын программасы, келечек максаттары белгилүү болду.Ошондуктан, 4-октябрь күнү ар бирибиз саясий тандообузду сөзсүз билдирели!Кадырлуу калайык-журтум!Элибизде „Эр эсептен жаңылса да, эл эсептен жаңылбайт“ деген накыл сөз бар.Элибиз саясий зиректик менен, “өзүм эмес, элим үчүн” деген максатта чыккан талапкерлерди тандап, эртеңки шайлоодо жаңылбайт деп ишенебиз.Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалайм.Сүйүктүү Кыргызстанбызды Жараткан Кудайым Өзү колдоп, дайыма элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!»

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:21

БШКнын жумушчу тобу Марат Аманкуловду шайлоо жарышында калтырууну сунуштады

Боршайкомдун эки жумушчу тобунун 1-октябрдагы биргелешкен жыйынында «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловду шайлоодон четтетүү тууралуу активисттердин арызы каралып, үгүт эрежелеринин сакталышы жана арыздар, ошондой эле жарандарга маалымат берүү боюнча жумушчу топтору жыйын соңунда Аманкуловду талапкер катары калтыруу жана ага карата түшкөн арызды четке кагуу тууралуу БШКга сунуш берди. Бул тууралуу Govori.TVга БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Семетей Аманбеков билдирди.Аманбековдун айтымында, арыз берген активист Умай Арыкова «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын 28-беренесинин негизинде Аманкуловду шайлоодон четтетүүнү талап кылган. Бирок талапкердин сөзү жазылган видео быйыл февралда тартылганы белгилүү болгон.“Үгүт иштери 4-сентябрда башталганын эсепке алып, мындан улам Аманкуловго карата 28-беренени колдонууга болбой турганы айтылды. Конституциялык мыйзамдын 46-беренесинде талапкерди тизмеден алуу боюнча жоболор бар экенин, Марат Аманкуловдун кадамы анын бирине да кирбей турганы белгилүү болду. Жумушчу топтордун өкүлдөрү ушундай негизде активисттердин арызын четке кагуу жана Аманкуловду талапкерлер тизмесинде калтыруу боюнча БШКга сунуш берди. Боршайком маселени качан карай турганы айтыла элек”,-деди Аманбеков.Аманкуловдун Орусиядагы жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзү жазылган кыска видеотасма Интернетте 26-сентябрда тараган. Анда саясатчы: «Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат», — деп билдирген. Анын сөзү коомчулукта кескин сын жана кызуу талкуу жараткан.Эске салсак, 28-сентябрь күнү жарандык активисттер «Биримдик» партиясын жана Марат Аманкуловду парламенттик шайлоо жарышынан четтетүү тууралуу БШКга арыз тапшырышкан.

Подробнее
2 октября 2020 г. 17:44

Жанар Акаевдин шайлоочуларга кайрылуусу

Жанар Акаевдин шайлоочуларга кайрылуусу *** Обращение Жанара Акаева к избирателям.

Подробнее
2 октября 2020 г. 16:35

Эльвира Сурабалдиеванын шайлоочуларга кайрылуусу.

Эльвира Сурабалдиеванын шайлоочуларга кайрылуусу. **** Обращение Эльвиры Сурабалдиевой к избирателям.

Подробнее
2 октября 2020 г. 13:59

Алтынай Өмүрбекова

Алтынай Өмүрбекова: Саясатта, мамлекеттик кызматта ар дайым жоопкерчилик менен мамиле жасаганга аракет кылам

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:21

Өкмөт башчы: «Шайлоочулардын добушун сатып алуу сыяктуу иштерге катуу санкциялар киргизилген»

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов мамлекеттик кызматкерлерге шайлоо алдындагы процесстерге кийлигишпөө керектигин эскертти. Бул тууралуу ал кечээ, 1-октябрда брифинг учурунда айтты. «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 22-беренесине ылайык, үгүт иштерине катышпоого жана административдик ресурсту пайдаланууга тыюу салынган. 2015-жылдагы шайлоодон кийин шайлоо мыйзамдарынын ичинде үгүт иштеринде административдик ресурсту колдонуу, шайлоочулардын добушун сатып алуу сыяктуу иштерге катуу санкциялар киргизилген. Мыйзам бузуу болгон жок дегенден алысмын, бирок өлкөдө абал тынч», — деди Кубатбек Боронов.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:21

Президент шайлоо алдында кыргызстандыктарга кайрылды

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 4-октябрында өтө турчу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти: «Урматтуу мекендештерим! 4-октябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлайбыз. Борбордук шайлоо комиссиясы, Өкмөттө түзүлгөн Республикалык штаб, жергиликтүү шайлоо комиссиялары мыйзам алкагында өз милдеттерин аткарып жатышат. Үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү. Эми ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келди. Урматтуу мекендештерим, Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан, ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек. Бул шайлоо — элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл. Ушул максатка жетүү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Мыйзам базасы бир жыл мурда аныкталды. Шайлоо эрежелери саясий партияларга, шайлоочуларга алдын ала белгилүү болду. Шайлоо адилеттигин — добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууга умтулдук. Шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартуу жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча жаңы нормаларды киргиздик. Урматтуу саясий партиялардын лидерлери, талапкерлер! Үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Саясий позицияңарды, көз карашыңарды жарыялоо үчүн эч кандай тоскоолдук болгон жок. Эми, шайлоо мыйзамдарынын чегинен чыкпагыла. Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла! Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге, жеңилген тарап да болот. »Жыгылган күрөшкө тойбойт« дегендей, жеке амбициясына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз. Элибиздин биримдигине, улут аралык ынтымакка, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө жана мыйзам үстөмдүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чечкиндүү чаралар көрүлөрүн унутпайлы. Урматтуу мекендештерим, Шайлоо күнү биздин өлкөбүз эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда болот. Бул күн биздин өлкө тарыхында жогорку саясий маданияттулуктун күнү катары калат деп үмүттөнөм. Шайлоону улуттук ар-намысыбызды, абийирибизди сактап өткөрөлү. Шайлоого аттанып, марага чейин жеткен 16 партиянын өкүлдөрү — элибиздин ичинен суурулуп чыккан мыкты уул-кыздарыбыз. Силер үчүн элдин амандыгынан, коомдун тынчтыгынан өткөн байлык жок деп билебиз. Баардыгыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок! Урматтуу шайлоочулар, Кимге добуш беребиз — ал ар кимдин жеке чечими, өз эрки. Эч ким кысым жасай албайт. Ар бир шайлоочунун добушу — өлкөнүн тагдырын чечет. Мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык-маданий багытын аныктайт. Шайлоого катышып жаткан ар бир партиянын программасы, келечек максаттары белгилүү болду. Ошондуктан, 4-октябрь күнү ар бирибиз саясий тандообузду сөзсүз билдирели! Кадырлуу калайык-журтум! Элибизде „Эр эсептен жаңылса да, эл эсептен жаңылбайт“ деген накыл сөз бар. Элибиз саясий зиректик менен, „өзүм эмес, элим үчүн“ деген максатта чыккан талапкерлерди тандап, эртеңки шайлоодо жаңылбайт деп ишенебиз. Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалайм. Сүйүктүү Кыргызстанбызды Жараткан Кудайым Өзү колдоп, дайыма элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!»

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники