О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
3 октября 2020 г. 1:11

БШК: "№2 формасы боюнча туура эмес даректе катталган шайлоочулардан кечирим сурайбыз"

Бүгүн, 2-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова пресс-конференцияда шайлоочуну №2 формасы боюнча каттоодо туура эмес участкаларга туш болуп калган жөнүндө арыздар көп түшкөнүн айтты. Анын айтымы боюнча, №2 формасы боюнча бир эле адам 20 жолудан ашык арыз берген учурлар катталган. “Шайлоо комиссияларына чоң жүк түштү, балким мындай учурлар болгон. Туура эмес даректе катталган шайлоочулардан кечирим сурайбыз” – деди төрайым. Шайлоочу катталган жеринен эмес, башка жерден добуш бергиси келсе, анда №2 форма боюнча арыз берет. 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого 441 010 шайлоочу №2 формасы менен шайлайт. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:11

Шайлоо-2020: Шайлоочуларга эскертме!

Бул жолку шайлоодо аймактык шайлоо тилкелеринде жаңы эрежелер сакталышы керек. Шайлоо тилкелериндеги жарандардын ден соолугунун коопсуздугу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы жол-жоболорду иштеп чыккан. Аларды билип алыңыз. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды санитардык эрежелерди так сактоого чакырат. Шайлоо тилкесиндеги алгачкы кадам Кире бериште дене табын текшерүү иштери байланышсыз уюштурулат. Аймактык шайлоо комиссиясынын бардык мүчѳлѳрү жана шайлоочулар бет кап, кол кап менен камсыз болот. Атайын чийилген кѳрсѳткүчтѳр добуш берүүгѳ катышып жаткандардын байланышсыз кыймылын камсыз кылууга жана добуш берүүчү жайдын сыртында да жана ичинде да 1,5-2 метрлик аралыкты сактоого кѳмѳктѳшѳт. Шайлоо күнү шайлоо тилкесинде жасалуучу иштер - Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын контактсыз жол менен шайлоочулардын дене табын текшерүү. - Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде дезинфекциялоочу аралашма менен нымдалган килемчени уюштурууну камсыз кылуу. - Шайлоочулардын колдорун санитайзер менен же добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакат жайгаштыруу. - Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарын шайлоо участогунун кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакатты жайгаштыруусу. - Шайлоо участогунун кире беришинде добуш берүүгѳ катышкандардын бекитилген кирип чыгуу схемасынын болушу. - Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан шайлоо участогунун аймагында жана добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде аралык белгилерин (чийимдерин) камсыз кылуу. - Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан социалдык аралыктарды жана бет каптарды тагынуунун милдеттүү режимин сактоо жѳнүндѳ шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. - Шайлоо участкасына кирерде шайлоочуларга жеке коргоо каражаттарын (бир жолку бет каптарды жана кол каптарды) акысыз берүү. Шайлоочу кантип добуш берет? - Шайлоо участогунда шайлоочу УШКнын мүчѳсүнѳ Кыргыз Республикасынын жараны экенин тастыктаган паспортун кѳрсѳтѳт; - Манжаларынын белгилери боюнча идентификациялоодон ѳтүүдѳ шайлоочу кол кабын чечип, колдорун антисептик каражаттары менен тазалап идентификациялоодон ѳтѳт жана идентификациялоодон ѳткѳндѳн кийин колун кайра тазалап, кол кабын киет; - Бетинин биометрикалык параметрлери боюнча идентификациялоодон ѳткѳндѳ шайлоочу бет кабын убактылуу алып коюп, идентификациялоо бүткѳндѳн кийин кайра киет; - Ар бир шайлоочуну идентификациялоо жол-жобосуна чейин жана андан кийин идентификациялоо боюнча жабдуу дезинфекцияланат; - Добуш берүү үчүн кабина жана автоматтык эсептѳѳчү урналар ар бир 60 мүнѳттѳ эки иреттен кем эмес дезинфекциялоочу каражаттар менен тазаланат; - Оорунун белгилери бар шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн ѳзүнчѳ кабина болууга тийиш; - Добуш берүүнүн жүрүшүндѳ, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго кол коюуда участкалык шайлоо комиссиясынын ар бир мүчѳсү ѳзүнүн калемин колдонууга тийиш. - Добуш берүү үчүн үкѳктѳрдү ачардан мурда алардын үстүнкү бети антисептик каражаттар менен тазаланат. БШК оорунун белгилери бар же бейтап менен байланышта болгон жарандар 4-октябрда шайлоо тилкесинде добуш бере турган болсо, саат 18:00дон кийин барууну сунуш кылынат. Шайлоочунун эсине - УШК мүчѳлѳрүнүн бардык талаптарын жана кѳрсѳтмѳлѳрүн сактаңыз; - Шайлоочу добуш берүү үчүн орун-жайга кирерде дене табы текшерилип, колу тазалангандан кийин УШК тарабынан берилген бет кап жана кол каптарды кийиши керек; - Идентификациялоодон ѳтпөгөн учурда бет кап жана кол каптарды чечпеңиз; - Добуш берүү жайынан сырткары жана анын ичинде 1,5-2 метр аралыкты сактоо зарыл; - Шайлоо участогуна үй-бүлѳсү менен бирге барбай, кезектешип баруу сунушталат; - Шайлоо тилкесине бара жатанда жаш балдарды ээрчитпеңиз. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:11

Ар бир шайлоо тилкесинде негизги жана кошумча автоматтык эсептөөчү куту болот

Ар бир шайлоо тилкесинде негизги жана кошумча автоматтык эсептөөчү куту бар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, парламенттик шайлоого карата жалпы 2 миң 475 шайлоо тилкеси даярдалып, анын ичинен 45и чет мамлекеттерде ачылган. "Шайлоо тилкелери тиешелүү жабдуулар менен камсыздалды. Ал жерде эки жабдык колдонулат: бири биометрикалык идентификациядан өткөрүүчү жабдык жана автоматтык эсептөөчү куту. Бизде 5 миң 700 автоматтык эсептөөчү куту бар. Конституциялык мыйзамга ылайык ар бир шайлоо тилкесинде негизги жана кошумча автоматтык эсептөөчү куту болушу керек", - деди ал. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:12

Жарандар бардык партияларды шайлоодон кийин тартипти сактоого чакырды

Бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында коомдук ишмерлер, ишкерлер жана маданият өкүлдөрү бардык партияларды шайлоодон кийин тартипти сактоого чакырды. УКМКнын генерал-майору Артур Медетбековдун айтымында, шайлоо өнөктүгүндөгү көптөгөн мыйзам бузуулар жана айрым саясий лидерлердин билдирүүлөрү шайлоодон кийин башаламандыкка алып калышы мүмкүн. "Туруктуулукка чакырабыз. Коомдук-саясий абал тынч болушу керек. Сиздер жакшы билгендей бир ай ичинде кылмыштуу элементтерди колдонуу, добуш сатып алуу аракеттери менен канча мыйзам бузуулар болгон. Бир нече күн мурун Өзгөн районунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Мындан тышкары, 500 миңге жакын адамга №2 форма аркылуу добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Экинчиден, шайлоого катышып жаткан партиялардын лидерлери шайлоочулар менен болгон жолугушууларда көбүнчө радикалдарга жакын пикирлерин жана чакырыктарын айтып жатканын жакшы билесиздер", - деди Медетбеков. Медетбеков белгилегендей, көптөгөн адамдар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, митингдерге чыгышы мүмкүн. "Бүгүн жарандардан туруктуу мамлекетте тынч жашоону сурануу үчүн чогулдук. Инвесторлор туруктуу, коопсуз мамлекетке гана келишет жана туруктуу мамлекет гана андан ары өнүгө алат. Биз 2005 жана 2010-жылдары туруксуздуктун айынан өлкө артка кеткен учурду баштан кечирдик. Андыктан, келечекте мындай каталарды кетирбөө үчүн сабак алышыбыз керек", - деди ал. Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия ат салышууда. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
2 октября 2020 г. 17:25

Наталья Никитенконун шайлоочуларга кайрылуусу.

Наталья Никитенконун шайлоочуларга кайрылуусу. **** Обращение Натальи Никитенко к избирателям.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:12

Кара-Көл шаары: “Таза шайлоо” акциясы эң жакшы демилге болду”

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Темирбек Ажыкулов билдирди. Анын айтымында, тазалануу алгач ички дүйнөдөн, көз караштан, ой жүгүртүүдөн башталат. “Бир Бол” партиясынын курамы жаңыланганын тазалык аркылуу элге жеткирүү керек. “Биз тазалануу иш-чарасын шаар ичинде жүргүзгөн жокпуз. Себеби, Кара-Көл шаарынын кире беришиндеги чоң жолдун эки жээги таштандыга толуп кеткен. Ал жакка эч ким көңүл бурган эмес. Ошол себептен тазалыкты чоң жолдо жүргүздүк. Жолдун жээгинде жашаган жергиликтүү калк мындай ишке сүйүнүп, өзүлөрүнө жакын аймакты биз өзүбүз эле тазалайбыз деп жардам беришти. Тургундар ыраазычылыгын билдиришип, жакшы демилге көтөрүпсүздөр деп сүйүнүштү”, -деди Темирбек Ажыкулов. Иш-чарага 60тан ашык адам катышып, 10 чакырым жерди тазалашкан. Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү келишти. “Бир Бол”, №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 2 - октябрь, 2020-жыл.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:12

3 жаран №2 формасы менен шайлоо участогун 22 жолу алмаштырган

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн №2 формасы менен кыргызстандык 496 миң 239 жаран арыз меенн кайрылган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 2-октябрдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, 42 миң 386 жаран №2 формасы боюнча эки же андан көп жолу арыз менен кайрылган. Алардын ичинен: - 32 миң 500 жаран эки жолу арыз менен кайрылган; - 1967 жаран төрт жолу арыз менен кайрылган; - 872 жаран 5 жолу арыз менен кайрылган; - 3 жаран 22 жолу арыз менен кайрылган. Шайлоочулардын соңку тизмесине 3 млн 523 миң 554 адам кирди. Шайлоочу каттоодо турган жерине бара албагандыгына байланыштуу башка жерде добуш берүү үчүн шайлоо участогуна №2 формасы менен кайрылат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:12

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар шайлоодо добуш бере албайт

Кыргызстанда 18 жаштан өткөн 4 081 410 жарандын 557 856сы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере албайт. Алар биометрикалык каттоодон өтпөгөндүктан шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок. Бул тууралуу 2-октябрдагы басма сөз жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Шайлоо берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Үгүт иштери бүгүн, 2-октябрда түн жарымда токтотулат. Добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалды, анын 35и чет мамлекеттерде. Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:12

Шайлоо мыйзамын бузуу боюнча БШКга 86 арыз түштү

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобу 2-октябрда жыйынга чогулду. Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү да кирген координациялык топтун жыйынында шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланышкан маселе талкууланды. Жыйында белгилүү болгондой, 1-октябрга караганда мыйзам бузууларга байланыштуу 86 кайрылуу БШКга түшүп, электрондук реестрге катталды. Анын кыркы Кылмыш кодексинин 192-беренеси ("Шайлоочулардын добушун сатып алуу"), тогузу 195-берене ("Шайлоо документтерин бурмалоо"), бирөө 191-берене ("Шайлоо укугуна тоскоолдук кылуу") менен байланыштуу. Ал эми 27си Жоруктар кодексинин 87-1 беренеси ("Административдик ресурс колдонуу"), сегизи 44-берене ("Үгүт шартын бузуу"), бирөө Бузуулар кодексинин 119-беренеси менен катталган. Белгилей кетсек, 120 орундуу Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
2 октября 2020 г. 17:29

Максат Дамир уулу

Максат Дамир уулу: Я хочу вложить себя и весь свой опыт в развитие Кыргызстана! Для этого я вступил в ряды партии "Республика".

Подробнее
2 октября 2020 г. 20:35

Өмүрбек Бабанов

Өмүрбек Бабанов: Эң чоң байлыгыбыз – Эгемендүүлүгүбүз! Ойлоно турган, өзгөрө турган убакыт келди!

Подробнее
2 октября 2020 г. 20:36

РЕСПУБЛИКА №14

РЕСПУБЛИКА №14✅ ЧҮЙ ОБЛУСУ "АЛДЫГА" ЖОЛДУ ТАНДАДЫ! ______ ЧУЙСКАЯ ОБЛАСТЬ ВЫБИРАЕТ "ПУТЬ ВПЕРЕД"!

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:12

“Бир Бол”, №13. “Таза шайлоо” акциясы Араванда

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Ош облусунун Араван районунда “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Мурат Көчөбаев билдирди. “Биз табиятты таштандыдан арылтууну Араван районунун Араван-Сай айылында жайгашкан базардан баштадык. Базардын айланасы таштандыга бат эле толуп кетет. Бирок, райондук экотехинспекция тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, жергиликтүү калктын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө. Бүгүнкү иш-чара элге сабак болушу керек. Райондо тазалык акциясын өткөрүү менен жергиликтүү калкка дагы түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. “Ар бирибиз таза болсок, коом дагы таза болот. Таштанды ыргытканың, өлкөгө зыян келтиргениң” деп айтып жатабыз. Буюрса, шайлоо бүткөндөн кийин дагы тазалык ишембилик өткөрүп турабыз”, - деди Мурат Көчөбаев. Иш-чарага 100гө жакын киши катышты. Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышты. “Бир Бол”, №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 2 - октябрь, 2020-жыл.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:12

Талас шаарында “Таза шайлоо” экологиялык акциясы өттү. Бир Бол, №13

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Талас шаарындагы үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” экологиялык акциясы менен жыйынтыкташты. Алар Талас токоюнун жээктерин, коомдук жайлардагы таштандыларды тазалашты. “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Рамис Мамбеталиев ар бир жаран тазаланууну өзүнөн баштоосу керектигин айтты. “Таза шайлоо” акциясынын негизги максаты - шайлоочуларды акчага сатылбай, татыктуусун тандап добуш берүүгө чакыруу. Муну менен бирге айланабызды тазалап, жан дүйнөбүздү аруулантып, келечектен көптү үмүттөндүргөн татыктууларын тандоого учур келди”, - деди талапкер. Ал тазалык иштерине байланыштуу партиянын программасында тиричилик калдыктарын чогултуу жана таштандыларды кайра иштетүүчү заводдордун курулушу үчүн шарттарды түзүү каралганын кошумчалады. Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышты. “Бир Бол”, №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 2 - октябрь, 2020-жыл.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:12

БШК шайлоо күнү 2 саат сайын маалымат берип турган пресс-борбор уюштурат

Шайлоо күнү, 4-октябрда Кыргызстандын шайлоо тутумунун негизги принциптерин – ачык-айкындуулукту, ачыктыкты камсыз кылуу үчүн БШК пресс-борбордун ишин уюштурат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет. Алардын айтымында, ар бир 2 саат сайын спикерлер шайлоо процесстеринин жүрүшү, анын ичинде шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө коомчулукка маалымат берип турушат. Белгилей кетсек, 4-октябрда өтө турган шайлоого 16 партия катышат. Ал эми шайлоочулардын саны 3 миллион 523 миң 554. Булак: NazarNews.kg

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники