О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
15 сентября 2020 г. 19:52

Жогорку Кеңештин депутаты

Расмий түрдө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер

Подробнее
15 сентября 2020 г. 17:00

Талас облусу

Талас облусунун тургуну: Төрөбай Зулпукаров миллиондогон долларлардан баш тартып, мыйзам жазып казинолорду жапкан"

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:04

Толкунбек Исаков: Партияны жамандап жаткандар — өздөрүнө ишенбегендер

Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарында төрөлгөн 44 жаштагы Толкунбек Маматович патриот жигит. Кесиби юрист. Алгач Азиздер үчүн атайын адистештирилген мектептен билим алган, андан соң, Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин бюджет бөлүмүндө окуган. «Майыптарга юридикалык жактан жардам» фондунун негиздөөчүсү жана президенти. Жусуп Баласагын атындагы КМУУнун сырттан окуу бөлүмүндө мугалим кесибин аркалаган. Кыргыз Республикасынын юстициясынын отличниги. 2010-2012-жылдары Бишкек шаардык кеңешинде Төкөлдөш округунан депутат болгон. Армрестлинг (кол күрөшүү) боюнча Кыргызстан жана Азия чемпиону. Классикалык музыканын сүйүүчүсү. Үй-бүлөлүү. Үч баланын атасы. Кыргыз, орус, казак, немис, англис тилдеринде эркин сүйлөгөн Толкунбек Маматович эмне себептен «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандаганын төмөндөгүдөй түшүндүрдү. — Ар бир адам бир иш жасаарда миң ойлонуп, жүз толгонот. Анын сыңарындай, мен дагы ойлонуп, толгондум, жакындарым менен кеңештим, акылдаштым. Анан жаш, прогрессивдүү, келечеги бар партиялардын бири болгон «Мекеним Кыргызстанга» токтолдум. Программасы бүгүнкү күндүн талабына жооп берет, жалпак тил менен түшүнүктүү, кыска, нуска жазылган. Көпчүлүктүн көөнүнөн орун табат деп ишенем. — Саясый күрөштө сөзсүз сын айтылат эмеспи. Сынды кандай кабыл алуудасыңар жана сынды угуунун кемчилиги эмнеде? — Туура, шайлоо — саясый күрөш. Партиялар таймашы болуп аткан соң, албетте, ар түрдүү көз караштагы адамдардан сын айтылбай койбойт. Сын айткандарында калет жок, кемчилик бар. Аны эки түргө бөлсө болот. Кээ бир талапкерлерибиз, күйөрмандарыбыз программаны жеткиликтүү айтып бере албаганында. Бул бир. Экинчиден, биздин программа эң мыкты болгондуктан ар кай жактан көчүргөн өздөрүнүн программасына ичи чыкпай, куйкалары курушкандардын ушак-айыӊ таратканында. «Эл ушул партияга ооп кетпесе экен» деген коркунуч башкалардын жүрөгүнөн көбүрөөк орун алгандай сезилет. — Анан, жолугушуулар, күндөр кандай өтүүдө? — Негизи эле адамдын ар бир күнү — жарыш, шайлоо менен өтүүдө, жаңы келаткан талапкерлерден үмүт кылууда. Кудай буйруп, депутат болуп калсам, социалдык тармактагы проблемалар менен алектенем. Алар билим берүү, маданият, спорт, муктаждарды социалдык жактан коргоо. Мен 20 жылдан ашуун майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоп келатам. Ошого байланыштуу майып эле эмес соо адамдардын кайсы тармакта кандай көйгөйү бар экенин абдан жакшы билем. Ошонун баарын сапаттуу мыйзам долбоорлору аркылуу түздөп, ошо багытка салым кошом деген үмүттөрүм бар. Кесибим юрист болгон соң укуктук талаага да салымым чоң болоорун билем. Сөзсүз түрдө биздин партиянын программасында көрсөтүлгөн максаттарга жетиш үчүн Конституцияга жана толгон-токой мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, программадагы иш-чаралар аткарылып, максатына жеткенге бар күчүмдү аянбайм. — Атаандаштар сөзсүз бири-бирин жамандайт эмеспи, дегеним, ушак-айыңга көңүл бурасызбы? — Бүгүнкү күндө ар тараптуу массалык түрдө биздин партияны жамандап да, жамандатып да аткандар өздөрүнүн адамдык ресурстарына, электоратына ишенбегендер. Эки жүз миң эмес, эки адамга кадыры жоктордун каалаган нерсени айта бериши кадыресе көрүнүш. Биздин команда ар тараптуу, бардык кесиптин мыкты адистери менен толукталган. Жаш, прогрессивдүү, креативдүү ой жүгүрткөн, өз тармагы эле эмес бизнести да кошо ала жүргөн касиет ар бир талапкерибизде бар. Демек, арт тарапка кылчайып, ар ким менен кыл чайнаша бербестен алдыга умтулганыбыз оң. Жеңиш ар дайым күчтүүлөр тарапта! Кеп, сөз кылып ушактап атабы, демек, биз күчтүүбүз! Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан — ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:31

Шайлоо участкаларына пандустарды орнотуу иштери улантылууда

Шайлоо участкаларына пандустарды орнотуу иштери улантылууда. Эгер 2017-жылы шайлоо тилкелеринин 27% гана пандустар орнотулса, ал эми ушул жылдын сентябрь айынын башталышына карата добуш берүү участкаларынын 65% ушул шайман менен жабдылды. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге шарттарды түзүү үчүн тиешелүү жабдууларды орнотуу иштери улантылууда. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө көзөмөлүндө. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, учурда Брайль тамгалары бар атайын тактачаларды жана жардам чакыруу баскычтарын орнотуу жумуштары жүрүп жатат. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын материалдык-техникалык база, Интернет жана байланыш менен камсыз кылуу боюнча иштери күчө

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:31

Шайлоо-2020. Адахан Мадумаров БШКны сотко берет

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШКны сотко берет. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын мыйзамсыз чечимине сот аркылуу даттануу конституциялык укук болуп саналат жана саясий уюм аны колдонот. “Шайлоого катышууга үмүтүбүз чоң. БШКдан тийиштүү документтерди качан алсак, ошондо Жогорку сотко кайрылабыз. Бүгүн берсе, бүгүн“ , – деди. Партия өкүлдөрү кечээги, 3-сентябрда БШКнын “Бүтүн Кыргызстан” партиясы техникалык ката кетиргени үчүн шайлоодон четтетүү боюнча чечимине каршы экенин билдиришүүдө. Эске салсак, кечээ Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттабай койду. Буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:16

Депутат башында жаш келиндей. ЖКнын маалымат кызматынын жетекчисинин баяны

Ибраим Нуракун уулунун айтымында, жаңы шайланып келген депутаттар алгачкы жылдары келиндей болсо, үчүнчү жылы бышып жетилип, кишилерин кызматка түртө баштайт.БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу беш жылга жакын убакыттын ичинде депутаттар кандай өзгөргөнү боюнча байкагандарын Facebook баракчасына жазды . Анын айтымында, депутат биринчи жылы жаңы келген келиндей болот. © Фото / пресс-служба ЖК Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу "Депутат биринчи жылы жаңы келген келиндей болот. Парламенттин аки-чүкүсүн таанып, кабинеттерин бөлүшүп, олтургучтарын оңдоп бүткүчө эле бир жыл зуу деп өтөт. Экинчи жылы лидерлер суурулуп чыга баштайт. Айрыкча, өкмөттүн ишин тескегендер, экономикадан баштап, маданият, психология, гинекологияга чейин тармактарды аңдап-түшүнүп дегендей", — деди Нуракун уулу. Анын айтымында, үчүнчү жыл депутаттын бышып жетилген маалы. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу "Саясатты чемичкедей чагып, кишилерин кызматка түртүп, жазган же жактаган мыйзамдары кадимкидей өлкөнүн жашоо-турмушуна таасир этип, юридикалык, ораторлук жана саясий таланттары ачылган жыл болот. Мыктыларын дээрлик жыл сайын алмашчу өкмөткө вице же бери дегенде эле министрликке алып кетет", — деп белгиледи маалымат кызматтын жетекчиси. Ал эми төртүнчү жылы депутаттын ит талагандай сын-пикирлерге да, мактоо, кошоматчылык, пактакорлорго да бирдей туруштук бергидей иммунитети пайда болорун байкаган. Админресурс колдонгондор кандай жазаланат? Мамкызматкерлер үчүн маалымдама © Sputnik / Табылды Кадырбеков Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу "Мурдараак курч сүйлөгөндөрү кадимкидей токтолуп, өз чөйрөсүндө авторитети өркүндөгөн маалы. Депутаттан башка адамдар менен көп деле сүйлөшпөй, өздөрүнчө консультацияларды өткөрүшүп, шыбырашып, той-тамаша, куран окуткан жерде деле депутаттар өзүнчө үстөлгө бөлүнүп отуруп, депутат эместерден бир аз оолагыраак болушат. Биздейлерден ковид жугуп калчудай "социалдык дистанцияны" дайым сакташат. Баамдасаңыз, кээ бирлеринде мындай мүнөз талапкер кезинен эле старт берет. Ушундайда баягы эле айыл жыттанган, кичинекей бир кыштактан чыккандар же бир спортсмен депутаттар, же кайра-кайра шайлана берип депутаттыктан тажагандар гана өзгөрбөйт. Аларга депутатпы, жөнөкөй адамбы баары бирдей болот, негедир. Адамдар менен ылгабай саламдашат. Айтмакчы, төртүнчү-бешинчи жылдары ЖК депутаттары фейсбук сыяктуу түйүндөргө өтө кылдат мамиле кыла баштайт. Ашыкча пикир, сүрөт же маалымат таратуудан карманышат. Байкасаңыз, депутаттын азы эле лайк, дизлайк деген смайликтерди колдонот. Бул алардын маалыматтан алыстыгы, убактысынын жоктугу же фейсбуктагылардан жийиркенгендиги эмес, саясий жактан абдан кылдаттыгы, такшалгандыгы десе да болот. Бирөөлөрдү капа кылып албайлы дешет. Социалдык желени көбүнчө алардын консультанттары колдонуп, лайк басышат. Өздөрү окуса да окумаксан, көрсө да көрмөксөнгө салып коюшат", — дейт Нуракун уулу. Парламентке келиш үчүн кайсы партия канча акча сарптап жатканы айтылды Жетекчи бешинчи жылы депутат үчүн да, алардын жанында иштеген карапайымдар үчүн да кызыктуу жыл экенин жазган. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу "Ушул маалда алар чоң иштерин коё туруп, өзүнүн кийинки мөөнөтү тууралуу ойлоно баштайт. Жөнөкөй адамдардын арасынан жакшы адистерди издеп, улуу башын кичик кылып дегендей, кайрадан таанышкан, бири-бирин кайра башынан жактырышкан моменттер көп кезигет. Депутаттын кабылдамасында депутат олтурган таң калычтуу учурлар да болбой койбойт. Көп жыл иштеген кесиптештеримен сурай келсем, бул кубулуштар алтынчы чакырылыш үчүн эле эмес, соңку 29 жыл бою эле ушундай дешет", — деди жетекчи. Ал ошондой эле эл арасында канча ар түрдүү пикир, канча улут, канча кулк-мүнөз болсо, депутаттын портрети да ошондой - түмөн түстүү боёк менен гана тартууга мүмкүн болгон өкүлү экенин белгилеп, депутат бул — элдин добушунан жаралган беш жылдык гибрид киши экенин кошумчалады.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:31

Турсунбай Бакиру уулу: “Бүтүн Кыргызстан” шайлоодо өтөрүнө ишенбейм (видео)

“Мен буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоодон өтөрүнө ишенгем. Эми ишенбейм”,- деп билдирет Турсунбай Бакир уулу. Себеби БШКга курултайда бекитилген эмес, таптакыр башка жасалма тизме кетти дейт. Булак: “Коом пресс”

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:31

“Шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишпегиле”. Коопсуздук кеңешинде чечим кабыл алынды

Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусундагы чакан курамдагы Коопсуздук кеңеши 2020-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселени карады. Жыйынтыгында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылуу; — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлундагы № 139 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууну камсыз кылуу; — шайлоо алдындагы, шайлоодогу жана шайлоодон кийинки мезгилдеги коюлган милдеттерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы координацияны жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу; — туруктуу негизде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жана кызматчыларынын арасында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол берилбестиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; — жогорудагы абзацта көрсөтүлгөн кызмат адамдарына төмөнкүлөргө тыюу салуу: шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына кайсы бир талапкерлердин же саясий партиялардын пайдасына шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин же кайсы бир саясий партиялардын пайдасына кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга; — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин же саясий партиялардын пайдасына шайлоо алдындагы үгүт иштерине мыйзамсыз катышкан, ошондой эле кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланган аткаруу бийлигинин, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын ишеним жоготкондугунун негизинде ээлеген кызматынан бошотууга чейин тартиптик жана башка жоопкерчиликке мыйзамда белгиленген тартипте тартуу; — шайлоо мыйзамдарында каралган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин, саясий партиялардын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн жана ишенимдүү адамдардын үгүт иштерин эркин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу; — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону айкындуулук жана демократиялык принциптеринде, укуктук мейкиндикте гана жана талаптагыдай уюштуруу деңгээлинде өткөрүлүшүн камсыз кылган толук чараларды көрүү; — энергетика системасынын жана телекоммуникация системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, зарыл болгон учурда шайлоо участкаларын жана шайлоо процессине тартылган мамлекеттик органдарды үзгүлтүксүз электр булактары (генераторлор) менен жабдуу; — 2020-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө укук коргоо органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде укуктук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү; — чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жайгашкан шайлоо участкаларынын ишин туруктуу негизде координациялоо; — 2020-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарынын, шайлоо комиссияларынын кызматкерлеринин жана шайлоо процессине тартылган башка адамдардын шайлоо күнү шайлоо участкаларына барган убакта коронавирустук инфекцияны жана бейтапканадан тышкаркы пневмонияны жуктурууну болтурбоо боюнча планды иштеп чыгуу жана бекитүү; — шайлоо өткөрүү күнү Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте төмөнкүлөргө багытталган чараларды көрүү: учурдагы техникалык жана уюштуруу көйгөйлөрүн жоюу жана шайлоо процессине тартылган жактардын туруктуу, ырааттуу жана синхрондуу иштеши, шайлоо участкаларында шайлоо процессинде колдонулуучу жабдуулардын жана техникалык каражаттардын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштешин, жарандардын биометрикалык маалыматтарынын коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүү; бардык даярдоо, шайлоо жана шайлоодон кийинки процесстердин жана чечимдердин максималдуу ачыктыгына жана айкындуулугуна жетишүү максатында шайлоо процессин камсыз кылуучу мамлекеттик институттардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү; шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо же алардын эркин эрк билдирүүсүнө башка таасир көрсөтүү максатында жарандарга таасир этүүнүн кандай гана түрдө болбосун формаларын болтурбоо; — саясий партиялардын лидерлери, саясий кеңештери жана өкүлдөрү менен техникалык жана башка шайлоо жол-жоболору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; — 2020-жылдын 25-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте: шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрүн, көз карандысыз байкоочуларды жана шайлоо участкаларынын ишине тартылган башка адамдарды, анын ичинде үйүндө добуш берүүчү шайлоочулар менен иштеген адамдарды жеке коргонуу каражаттары (медициналык маскалар, кол каптар, бет үчүн коргоочу экрандар), зарыл болгон учурда коргоочу костюмдар менен камсыз кылуу; шайлоочулар менен байланышта болгон жана бюллетендерди иштетүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук талаптарын сактоо эрежелерине жогоруда аталган адамдарды окутуу; бардык шайлоо участкаларын дезинфекциялоочу каражаттар жана контактсыз термометрлер менен жабдуу, ошондой эле социалдык аралык эрежелерин, санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо зарылдыгы жөнүндө маалымат такталарын орнотуу; шайлоо участкаларынын ишин социалдык аралык эрежелерин сактап, анын ичинде бюллетендер үчүн урналарды, добуш берүүчү кабиналарды жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн жумуш орундарын жайгаштыруу жагында уюштуруу; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү бардык шайлоо участкаларын дезинфекциялоону уюштуруу; — Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен биргеликте: кеңири маалыматтык өнөктүк жүргүзүү, анын алкагында 2020-жылдын 4-октябрында жарандарды жарандык активдүүлүктү көрсөтүүгө жана өзүнүн шайлоо укугун ишке ашырууга чакыруу; шайлоо участкаларына барганда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды кынтыксыз сактоо жана добуш берүү учурунда адамдардын массалык түрдө чогулушуна жол бербөө жөнүндө калкка маалымдоону уюштуруу. — шайлоону өткөрүү боюнча орган тарабынан өз убагында чечимдерди кабыл алуу максатында шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча келип түшкөн доо арыздарды, даттанууларды жана кайрылууларды сот органдарынын өз убагында кароосун жана процесстик чечимдерди кабыл алуусун мыйзамда белгиленген тартипте камсыз кылуу; — 2020-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейинки мезгилде судьялардын жана сот органдарынын кызматкерлеринин нөөмөтүн уюштуруу. — Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан так жана бирдей аткарышына талаптагыдай көзөмөлдөөнү камсыз кылуу, анын ичинде мыйзамда белгиленген тартипте арыздарды жана даттанууларды, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарда жарыяланган билдирүүлөрдү кароону уюштуруу; — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте тийиштүү маалымат алмашууну камсыз кылуу жана прокуратура органдарынын иши тууралуу калкты маалымдоо менен шайлоо мыйзамдардын бузуу фактыларына бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү; — мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар, укук коргоо, фискалдык органдардын кызматкерлери жана аскер кызматчылары тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга, саясий партиялардын ишине кандайдыр бир формада катышууга же көмөк көрсөтүүгө, саясий партиялардын байкоочулары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдары катары катышууга тыюу салууга багытталган колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү сактабаган фактыларын болтурбоо, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ишти активдештирүү; — мыйзамдардын талаптарына ылайык даттануулардын жана кайрылуулардын өз убагында каралышына жана чечимдердин кабыл алынышына көзөмөлдү күчөтүү; — жогоруда көрсөтүлгөн сунуштамаларды ыкчам жана өз убагында чечүү үчүн 2020-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейинки мезгилде прокуратура органдарынын кызматкерлеринин күнү-түнү нөөмөтүн камсыз кылуу. — 2020-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун бардык мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча оперативдүү штаб түзүү; — төмөнкүлөрдү камсыз кылуу: шайлоо участкаларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун; терс жана деструктивдүү тышкы жана ички таасир этүүнү жана өлкөдө көз карандысыз жана демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө кызыкдар болбогон жактардын кийлигишүүсүн болтурбоону; трансулуттук, диний-экстремисттик жана террордук уюмдардын аракеттерине ыкчам чара көрүүнү; — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргеликте шайлоо бюллетендерди шайлоо участкаларына жеткирүүнү жана аларды кайтарууну камсыз кылуу. — 2020-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын өз эркин билдирүү укугунан ажыратуу мүмкүндүгүн болтурбаган шайлоочулардын сапаттуу жана толук тизмесин түзүүнү камсыз кылуу; — биометрикалык каттоо жана шайлоочуларды идентификациялоо менен байланышкан техникалык тобокелдиктерди жоюу; — 2020-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жана байланыштардын, мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системалардын ишенимдүү иштөөсүн, ошондой эле бул системалардын коопсуздугун, анын ичинде жарандарды биометрикалык идентификациялоо системасынын сакталышын, бүтүндүгүн жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу. — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен өз ара аракеттенип, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын контролдоо-өткөрүү пункттарында кызмат өтөөнү күчөтүү; — 2020-жылдын 25-сентябрынан тартып мамлекеттик чек араны кайтаруунун жана коргоонун күчөтүлгөн вариантын киргизүү; — чек ара инциденттерин, жаңжалдуу кырдаалдарды болтурбоо жана мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо боюнча чек ара райондорундагы калк менен максаттуу алдын алуучу-профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. — аймактык шайлоо комиссияларына жазаларды аткаруу мекемелеринин аймагында шайлоо процессин өткөрүү боюнча алардын коопсуздугун камсыз кылуу менен көмөк көрсөтүү; — шайлоо өткөрүү күнү санитардык-эпидемиологиялык талаптардын жана коопсуздук ченемдердин кынтыксыз сакталышын эске алуу менен жаза аткаруу мекемелеринин атайын контингентинин жана кызматкерлеринин добуш берүүсүн уюштуруу. — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо процессин өткөрүүгө көмөк көрсөтүү; — жергиликтүү калк арасында айрым жарандар жана адамдардын топтору тарабынан укукка каршы аракеттерди жасоого, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн өздөрүнүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын аткаруусуна тоскоолдук кылууга жол берилбестиги жөнүндө түшүндүрүү-профилактикалык иштерин жүргүзүү; — шайлоо участкаларында жана аларга жакынкы аймактарда санитардык-эпидемиологиялык талаптардын ченемдерин сакталышын камсыздоодо аймактык шайлоо комиссияларына жана саламаттык сактоо уюмдарына көмөк көрсөтүү. — Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ишин, чет өлкөлүк дипломатиялык корпус, өлкөдө аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн конституциялык-укуктук ченемдерин түшүндүрүү боюнча аккредитацияланган эл аралык байкоочулар, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүүгө багытталган ишти; — республикадан тышкары жерлерде жашаган жана жүргөн шайлоочулардын арасында мыйзамдарда белгиленген алардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруунун шарттары, ошондой эле добуш берүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоонун зарылдыгы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:31

Шайлоо-2020. Сооронбай Жээнбеков: “Мыйзам бузуулар тастыкталып калса, жоопкерчиликке тартуу зарыл”

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусундагы жыйында 2020-жылдын 4-октябрындагы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө коомчулукта айрым партиялар менен парламент депутаттыгына талапкерлер өз электоратын көбөйтүш үчүн шаарлар менен айылдардын тургундарынын № 2 формасы боюнча добуш бериши үчүн участокторун массалык түрдө өзгөртүп жатканы тууралуу көп сөздөр бар экенин белгиледи. «Бул тууралуу басма сөздө, социалдык тармактарда жазып жатышат. Бирок, мамлекеттик жана укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик буга каршы эч кандай чара көрбөй жатат. Силер азыртан эле шайлоого карата элдин нааразычылыгын жаратып жатасыңар», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Ал мындай билдирүүлөрдүн баарына ыйгарым укуктуу органдар тарабынан мыйзам чегинде тиешелүү чечимдерди ыкчам түрдө кабыл алуу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. «Биз таза шайлоо өткөрүүгө даярбыз. Бизге азыр эмне зарыл? Биринчиден, мындай арыздарга, билдирүүлөргө ыкчам жооп берүү керек. Мыйзам бузуулар тастыкталып калса, жоопкерчиликке тартуу зарыл. Эгерде андай болбосо, чагымчылдардын ар кандай маалыматтар менен чайкоочулук кылуусуна жол бербөө керек. Экинчиден, участкалык комиссиялар шайлоо жүрүмүнүн ачык-айкындуулугун толук кандуу камсыз кылуу үчүн сааттай болуп так иштөөсү керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы бул эки багытты ишке ашыруунун өзгөчө зарылдыгын, бул аракеттер шайлоонун жыйынтыктарын талашсыз чыгаруунун кепилдиги экенин жана айрым адамдардын шайлоодон кийинки кырдаалды дестабилизация кылуу аракетине себеп болбошу керектигин билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларын болтурбоо үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан жасала турган милдеттер арбын экенин дагы бир жолу баса белгиледи. Ал ошону менен бирге шайлоо процессине даярдык иштери өз деңгээлинде жүргүзүлгөнүн кошумчалады. Парламенттик шайлоону ачык, демократиялуу өткөрүүгө мыйзам базасы, участкалык шайлоо комиссиялары даяр экенин белгиледи. Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана Премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат беришти. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев шайлоонун астындагы жана шайлоодон кийинки мезгилдерде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу айтып берди Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:31

Талант Мамытов: Сот адилеттүү чечим чыгарды. Ким парламентке келээрин шайлоочулар аныкташ керек

“Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Талант Мамытов Бишкектин административдик соту бүгүн адилеттүү жана мыйзамга туура келген чечим чыгарды деп белгиледи. “Биздин мамлекет укуктук жана адам укугун сыйлаган өлкө. Ошондой эле биздин Конституциялык укуктарды коргогон жана мыйзамдарды так белгиленген, биздин ыйгарым укуктарды коргогон өлко деп ачык айтабыз. Биздин бардык мүмкүнчүлүктөр жана атаандаштыктар, Жогорку Кеңешке келүү шайлоо жолу менен гана аныкталышы керек. КР Конституциясына ылайык бийликтин негизги булагы-бул эл деп көрсөтүлгөн. Эл тандоо жолу менен гана Жогорку Кеңешти камсыз кылыш керек. Бүгүн биздин укуктар толугу менен аныкталды, буюрса шайлоого катышып эл үчүн кызмат кылабыз”,– деди соттон кийинки кайрылуусунда. Ошондой эле атаандаштарын бири-биринин укуктарын сыйлоого чакырды. Белгилей кетсек, бүгүн 27-августта Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына каршы жазган арызын толугу менен канааттандырды.

Подробнее
4 сентября 2020 г. 20:33

“Ата Мекенге” 28 жылдан бери ишеним көрсөткөн элибиздин ишенимин актоо – биздин чоң максат.

“Ата Мекенге” 28 жылдан бери ишеним көрсөткөн элибиздин ишенимин актоо – биздин чоң максат. Билим, тажрыйба жана өлкөнү жакшы жакка өзгөртүүгө умтулуу - Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышынын негизи болушу керек! Бул ар бир кыргызстандыктын мүдөөсү деп ишенебиз жана үмүттөнөбүз!

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:31

«Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүп, депутаттардын санын кыскартат

Элибиз – эң башкы байлыгыбыз! Мамлекет эл үчүн – бул коомчулуктун суроо-талабына ыкчам жооп берген заманбап мамлекет. Өз жарандарына сапаттуу жана өз учурунда кызмат көрсөткөн мамлекет. Күчтүү жана эффективдүү, ошол эле учурда болушунча ийкем, максатка ылайыктуу жана жөндүү принциптерди активдүү колдонгон мамлекет. «Мекеним Кыргызстан» партиясы мамлекеттик башкарууга эффективдүү механизмди киргизүүгө ынтызар. Биздин сунуш: - Мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу, жеке тараптарга аутсорсингге берүүгө мүмкүн болгон керексиз функциялардан арылуу; - Оптимизация жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен министрликтер менен ведомстволорду бириктирүү; - Көп функционалдуулук принцибин киргизүү. Вице-премьерлер менен тармактык министрликтердин башчыларынын функцияларын бириктирүү. Ушул эле жол аркылуу министрлер менен башкармалыктардын жетекчилеринин функцияларын айкалыштыруу; - Мамлекеттик кызмат системасына кадр тандоодо компетенттүүлүк стандарттарына жана коомчулук ишенимине дал келген жаңы механизмдерди киргизүү; - Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу. Азыркы учурда ар бир депутатты кармоодо мамлекет жылына болжол менен 6 жарым миллион сомдой чыгымга учурайт. Өзгөчө соңку чакырылыштагы депутаттар ишке каалаганда келип-кетүү, же себепсиз келбей коюу, кнопка басуу (ордунда жоктор үчүн кыдырып добуш берүү), өз оюн таамай айта албагандардын арбындыгы, элдин мүдөө-талабын эске албай, ар кандай кызыкчылыктардын таламын талашуу менен парламенттин беделин кетирип бүттү. «Мекеним Кыргызстан» ушундан улам парламентте депутаттардын саны эмес, сапаты маанилүү деп эсептейт. Кыргыз парламентаризминин акыркы он жылдыктагы тарыхы көп депутат – мыкты парламент дегенди түшүндүрбөсүн далилдеди. Депутаттык корпусту кыскартуу бери дегенде бюджеттик каражатты үнөмдөп, ары дегенде парламент ишмердигинин натыйжалуулугун арттырат. Ошондо партиялар шайлоо тизмесин эптеп толтурбай, ич ара иргеп, тандоого өтөт. Парламентке элдин таламын талашкан, билимдүү, чыныгы элдик лидерлер келишине жол ачылмак. Бул сунуштардын айрымдарын ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү талап кылынгандыктан «Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүү демилгесин козгоп, кол топтоого киришет. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:32

Гүлмира Шакирова, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер: «Саламаттыкты сактоо тармагын көтөрүү зарыл. Пандемия байлыгың да, бийлигиң да жаныңа аралжы боло албастыгын көрсөттү»

-- Гүлмира айым, алгач өзүңүздүн алгачкы кызмат жолдоруңуз тууралуу айтып берсеңиз... --Мен буга чейин көп эле жооптуу кызматтарда иштедим. Жогорку окуу жайда сабак бердим, ар кандай эл аралык долбоорлордо жетекчи болдум. Негизинен аткаруу бийлигинде көбүрөөк иштедим. Бир жолу да эскертүү же дарегиме жогору жактан сын уккан жокмун. Кайсы тармакка жөнөтсө кыйылбастан кызмат кылдым. -- Эмне үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясы н тандап алдыңыз? --“Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого эле эмес, буюрса, чоң саясатка багыт койдум десем болот. Анткени элдин ишенимине ээ болуп, эл өкүлү болуу чоң жоопкерчилик. Мен абдан ойлонуп, анан ушул партияны тандадым. Биринчиден, бул партиянын элге жакындыгы, элдин көйгөйүн чечүүнү колго алганы, жакындан жардам берип, кыйын мезгилде кылчактабастан кол сунган, калктын кызыкчылыгын биринчи орунга койгон программасы жакты. Экинчиден, ушул партияга кызыккандар колдогондор арбын экенин сездим. Үчүнчүдөн, мен сыяктуу эле “Мекеним Кыргызстан” партиясы дагы алгачкы жолу парламентке ат салышып элдин элегинен өтүп жатат. Кээ бир партияларга окшоп айтканы менен жасаганы дал келбей, элди тажатып, көңүлүн калтыра элек. Бир сөз менен айтканда, жыдый элек. Ошондуктан мен да саясий кадамды жаңы партия менен баштайын деген чечимге келдим. --Кудай колдоп парламентке келип калсаңыз кандай долбоорлорду ишке ашырасыз? --Кудайым буюруп, парламентке келип калсам, ар кандай тоскоолдуктардын негизинде ишке ашпай жүргөн эки эл аралык долбоорумду ишке ашыруунун аракетин көрөм. Биринчиси, калкты сапаттуу дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча бирдиктүү электрондук база түзүү. Экинчиси, түрктөрдүн дары-дармектер боюнча агентствосу 5 миллион долларлык медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди бизге бекер берүүгө макул болгон. Буюрса, жакында алып келип, калктын саламаттыгын чыңдоого салым кошом. -- Элдин элегинен өтүп, депутат болуп калса ңыз шайлоочуларыңызга кандай пландар бар? --Элдин элегинен өтүп, депутат болуп калсам, республика боюнча ооруканаларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздап, калкты жылына эки жолудан милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүүнү пландап жатам. Антпесек ааламды каптаган апаатта көйгөйдүн баары алаканга салгандай ачыкка чыгып калды. Мындан ары медицинага мындай мамиле кылууга жол жок экени сокурга дагы көрүндү. Чынында медицина көз жаздымда калганына баарыбыз күбө болдук. --Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус илдетинен кийин кандай ойлор сизди туңгуюкка жетеледи? --Пандемиядан Кудайым колдоп аман-эсен чыгып алалы. Бирок пандемия ушундай айттырбай келген кырсыкка даяр болуу керектигин, жашоодо өмүрдөн, ден соолуктан кымбат эч нерсе жок экенин айгинеледи. Байлыгың да, бийлигиң да жаныңа аралжы боло албастыгын, адамдар бири-бирине кымбат экенин, жоготуу оор болорун билип, бири-бирибизге аяр мамиле кылып, сак болууну үйрөндүк. Буюрса, элди түйшөлткөн бардык маселени чогуу-чаран чечип, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошобуз деген ниеттемин. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы кагаз бетинде эмес, иш жүзүнө ашат деген ишеничтемин. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:31

Канатбек Исаев: БШК талапкерлердин гана эмес, 206 миңден ашык шайлоочунун укугун бузуп жатат

“Бул техникалык ката партияны жарыштан четтетүүгө себеп боло албайт”. Бул тууралуу “Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев соттогу билдирүүсүндө айтты. Бүгүн, 27-августта Административдик сот судья Чолпон Досмамбетованын төрагалыгы алдында “Кыргызстан” партиясынын БШКнын документтерин кайтарып берүү жана Жогорку Кеңешке боло турган шайлоого каттоодон баш тартуу боюнча доо арызын карап жатат. Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда, документтер кайтарылып бериле электе эле, мыйзамдуулук маселеси каралып жатканда, ал жакка ыйгарым укуктуу адамдын ишеним каты менен партиянын документтери тапшырылганы тастыкталды. «Пара берүү, мыйзамсыз үгүт жүргүзүү, каржылоо болсо, башкача айтканда, шайлоочулардын сөз эркиндигине байланышкан мыйзам бузуулар аныкталган процесстерди билебиз. А бирок бул катачылык шайлоочулардын чечимине эч кандай таасирин тийгизбейт. Бул үчүн эскертүү жасоо жетиштүү болот. БШКнын ушул эле курамы 2015-жылы парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөргөн. Мыйзам бузуулар жана паракорчулук фактылары аныкталганда, тараптар жарыштан четтетилген эмес. БШК бул жерде депутаттыкка талапкерлердин гана эмес, 206 миңден ашуун шайлоочунун да укугун бузуп жатат. Мурунку шайлоолордо одоно мыйзам бузууларга жол берилген прецеденттер болгон, аларды жазаласа болот, бирок аларга кичинекей гана эскертүү берилген», – деди Исаев сотто.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:31

Атайын экспертиза: Шайлообек Атазовдун билдирүүсүндө массалык баш аламандыкка чакыруунун белгилери бар

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Шайлообек Атазов 26-августта Ош шаардык милициясына төрт сааттай сурак берип чыккан. Укук коргоо кызматы аны менен «профилактикалык сүйлөшүү» жүргүзүп, «Фейсбукка» жазган билдирүүсүн атайын экпертизага берген. 27-августта экспертиза Атазовдун билдирүүсүндө «массалык баш аламандыкка чакыруунун белгилери бар» деген жыйынтык чыгарды. Бул туурасында «Азаттык» радиосуна Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирген: «Анын паспорт чогултуу боюнча айтканынын негизинде да тергөө иштери башталды. Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 320-беренесинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» негизинде тергөө иштери башталды». Шайлообек Атазов «Биримдиктин» талапкери Азамат Арапбаев административдик күч колдонуп жатканын айтып чыккан. Ал буга чейин «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгонун айткан. Атазов — кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону, EREM спорт клубунун машыктыруучусу катары таанымал. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун тушунда шаардык кеңеште депутат, бир нече муницпиалдык мекемелерде жетекчи болуп эмгектенген.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники