Мыйзамдуулук, бийликтин толук ачыктыгы жана адилеттүүлүгү гана элдин ишенимин кайтарып, коомдун ынтымагын жана биримдигин камсыз кылат. Элге жакын болуп, элдин үнүн угуу - эң башкы максатыбыз! "Ыйман Нуру" адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясы үчүн добуш бериңиз - шайлоо бюллетенинде №3
Подробнее"Тапканыбыз адалдан болсун. Биздин чөнтөгүбүздө 1 тыйыныбыз калбаса да, "таасирдүү" адамдардын 1 тыйынын да албайбыз". Жаңы доордун, экономикалык жана коомдук чоң өзгөрүштөрдүн башталышы жана жаңылануунун башаты бизди күтүп турат. "Ыйман Нуру" партиясынын өз ишин мыкты билген адистери менен биргеликте жаркын келечекке жол ачыңыз!
Подробнее"Шайлоо 5 жылда бир келген шанс! Менин кыялымдагы парламент жаңы, таза инсандардан турган парламент болуш керек! Урматтуу шайлоочу мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба! Кыргызстандын келечеги үчүн жүрөгүң менен добуш бер!" Мирбек Мияров
ПодробнееКара-Суу “Мекеним Кыргызстанды” тандайт "Мекеним Кыргызстан" партиясынын Ош облусундагы үгүт кербени Кара-Суу шаарында жыйынтыкталды. Партия талапкерлерин шайлоочулар жылуу тосуп алып, уюштуруучулардын санитардык талаптарды сактоо чакырыктарына карабай шаардык стадионго эл жыкжыйма толуп чыкты. Болжол менен жолугушууга беш миңден ашуун адам чогулду. Бул жерге Кара-Суу шаарынын эле эмес, ага жакын айыл өкмөттөрдүн эли да келди. “Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасындагы ар бир пункт кылдаттык менен иштелип чыккан. Тагыраагы, биз шайлоочуларга жөн гана куру сөздөрдү айтпай, реалдуу ишке аша турган программа менен тааныштырабыз. Биз саламаттыкты сактоо, билим берүү жана жарандарыбызды социалдык жактан коргоо системасын реформалоого жетишүү үчүн талыкпай иштөөгө даярбыз. Приоритеттүү багыттардын бири - айыл чарбасын өнүктүрүү. Андан сырткары, биздин катарда өз ишин мыкты билген күчтүү адистер, прогрессивдүү жаштар, ар кандай улуттагы жана идеяга бай, жаратман адамдар бар, алар өлкөбүздү өнүктүрүүгө болгон күч аракеттерин жумшайт”, - деди партиянын төрагасы Мирлан Бакиров. Дагы бир талапкер Ибрагим Жунусов партия парламентке келсе жөлөк пул алуу маселесин жеңилдетерине токтолду: «Биздин программанын пункттарынын бири - калктын социалдык аялуу катмарына жардам берүү. Азыр Кыргызстанда ушул карапайым тургундарга жөлөк пул алуу укмуштуудай кыйын. Өкүнүчтүүсү жарандар мамлекеттен жардам алуу үчүн пара берүүгө аргасыз болушат. Ошол эле учурда, бардыгы эле системада болгон бюрократиялык тоскоолдуктардан чыгууга даяр эмес. Биз, “Мекеним Кыргызстан” партиясы, бул кырдаалдан чыгарып, өлкөбүздү жакшы жагына өзгөртүү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз». Жолугушууда Кыргызстандын ар бир жаранынын жашоосундагы жана өлкөдөгү өзгөрүүлөрдүн символу катары асманга чоң шар учурулду. Шайлоочулар жапырт “Мекеним Кыргызстан” партиясын колдоорун айтып жатыщты.
ПодробнееПартияны колдоп келген шайлоочулар сүрөттөн байкалгандай абдан көп болду. Талапкерлер программаларды айтып, алдыда жасалуучу иштер туурасында ой бөлүштү. "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы №4
Подробнее"Мекеним Кыргызстан" партиясы чоң масштабдагы жолугушуу уюштурду. "Мекеним Кыргызстан" партиясы аймактарды кыдыруу боюнча үгүт кербенин жыйынтыктады. Акыркы фиништик жолугушуу Кара-Суу шаарында өттү. Ош облусунун эли талапкерлерди кубаттап, жылуу тосуп алышты. Аларды колдоо үчүн беш миңден ашык жаран чогулду. Уюштуруу комитетинин санитардык нормаларды сактоо тууралуу чакырыктарына карабастан эл талапкерлери менен көрүшүштү. Стадионго жергиликтүү тургундар эле эмес, жакынкы айыл өкмөттөн да келишти. Парламенттин жаңы чакырылышына үмүттөр чоң экенин билдирип, ал чакырылышка "Мекеним Кыргызстан" партиясы кошуларына ишеним артышты.
ПодробнееУзген выбирает партию Мекеним Кыргызстан. Партию победителя! За партию «Мекеним Кыргызстан», № 4 в избирательном бюллетене. «Мекеним Кыргызстан» - это партия каждого кыргызстанца. И это не просто предвыборный лозунг. Это наша философия. Партия «Мекеним Кыргызстан» открыта для диалога со всеми, кто настроен на конструктив во благо развития страны, во благо народа Кыргызстана.
ПодробнееЭл аралык карылар күнү менен!🙏🏻 Жашоо тууралуу көптөгөн нерсени билген, көптү айтып, үйрөтө алган адамдарды куттуктайбыз. Ак түстөгү бубак чачтары алардын жашын гана эмес, чексиз акылмандыгынан, баа жеткис тажрыйбасынан жана улуу билимдүү экенинен кабар берет. 🤲🏻Сиздерге ден-соолук, тынчтык, бакыт жана камкордукка толгон узак жана бактылуу жылдарды каалайбыз. Сиздердин жаш курагыңыздарга карабастан, жан дүйнөңүз ар дайым жаш жана энергиялуу бойдон кала беришин тилейбиз. . С Международным днем пожилых людей!🙏🏻 Поздравляем людей, которые очень многое знают об этой жизни. Людей, которые могут многое рассказать и многому научить. Людей, чьи благородные седины означают не только возраст, но и безграничную мудрость, бесценный опыт и большие познания. 🤲🏻Желаем вам бесконечно долгих и счастливых лет, наполненных здоровьем, покоем, счастьем и заботой. Желаем, чтобы, несмотря на возраст, ваша душа всегда оставалась молодой и энергичной.
ПодробнееМекенчил кызыбыз Чынара Мамажакыпова чоң жарышка аттанды Байыртадан кыргыз элинин жашоосун өзгөрткөн, мекенчил, кеменгер, баатыр Курманжан даткага окшогон улутунун учугун улаган, караңгыдан жол тапкан энелерибиз өткөн. “Ыйман-нуру” партиясынын атынан талапкерлигин койуп, чоң жарышка аттанган кыргыздын мекенчил кызы Чынара Мамажакыпова тууралуу бүгүн кеп козгогубуз келип турат. Көптөгөн мыкты сапаттардын ээси, тигүүчүлүк тармакта ийгиликтерди жаратып “Чики” брендин негиздеп, мода үйүн ачып, кыргыз өндүрүшүнө өз чыйырын салып, көптөгөн кыз-келиндерге насаатчы болуп, умтулууга үндөгөн асылзат айым. Бир эки курдай Чынара айым менен маек куруп талыбаган эмгекчилдигине, фантазиясы кенен идеяга бай көрөңгөлүү үзүлгөндүн учугун улай турган мыкты сапаттарга ээ экендигин байкадым. Куйдай буйруса Чынара айым жогорку кеңешке келсе кыргыз элинин айрыкча өндүрүш, тигүүчүлүк тармагынын өсүп өнүгүшүнө чоң салым кошуп, мекенчилдик сезими менен эл турмушу онолуусуна көп салым кошооруна ишеним чоң. Чынара Мамажакыпова биз колдоп ала турган чыныгы мекенчил кыргыз кызы. Чоң жарышта ийгиликтерге жетишиңе тилектешпиз.
ПодробнееИдёт информационная война! Против нас десятки млн долларов, админ ресурс, армия проплаченных ботов и продажных пабликов! Сложно против всего этого бороться одним, но мы не одни💪 Мы чувствуем вашу поддержку и просим вас вместе с нами противостоять информационной тирании. Просим открыто поддержать и сделать всего три вещи: 1. Запишите видео или напишите об этом на ваших соц стр или пабликах. 2. Поставьте нашу аватарку на ваших соц стр! ( всего на несколько дней ) 3. Приходите в день выборов и захватите с собой друзей и родственников. Маалыматтык согуш болууда! Бизге каршы он миллиондогон долларлар, акчага сатылып алынган боттордун армиясы жана пабликтер! Булардын баарына каршы жалгыз күрөшүү оңой эмес. Бирок биз жалгыз эмеспиз💪 Биз сиздердин колдооңуздарды сезип жатабыз жана биз менен бирге маалыматтык чабуулга каршы турууга чакырабыз. Ачык колдоп, болгону үч нерсени аткарууңуздарды суранабыз: 1. Өзүңүздүн баракчаңызга жана пабликтерге бул жөнүндө видео тартып же жазып жайгаштырыңыз. 2. Социалдык тармактагы башкы сүрөтүңүзгө биздин логону коюңуз (болгону бир канча күнгө)! 3. Шайлоо күнү өзүңүз менен кошо туугандарыңызды жана досторуңузду алып алыңыз.
ПодробнееБаткен облусу “Республиканы” колдоду! “Республика” партиясынын талапкерлери Баткен облусун түрө кыдырып, жасала турган реформаларды, партиянын программасын элге кенен тааныштырышты. Өз кезегинде жергиликтүү эл өз сунуштарын айтып, батасын беришип, шайлоодо колдоорун билдиришти.
ПодробнееБакай-Ата району "Республика" үчүн! Айкөл элибиз Алдыга жолду тандады! Республика №14
ПодробнееУзарбек Жылкыбаев: “Республика” партиясынын лидерлеринин артынан жаман сөз ээрчиген жок, кесипкөй адистер катары тааныйм. Партиянын программасы менен аймактык-административдик реформаны жүргүзөбүз.
ПодробнееТалас шаары Алдыга жолду тандады! Намыстуу элибиз акчага сатылбай, ууруларды эмес, Республиканы колдоого алды! Алдыга жол №14✅
ПодробнееТалас району «Республика» үчүн! Баатыр элибиз жамгырга карабай биздин талапкерлерди колдоого алып, Алдыга жолду тандашты! Акылман калкыбыз арзыбаган акча үчүн эмес, "Республика" үчүн добуш берээрин айтышты.
Подробнее