О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
2 октября 2020 г. 1:07

№4 "Мекеним Кыргызстан" партиясы – карыларга кам көргөн партия

1-октябрь – Улгайган адамдардын эл аралык күнү. Ал БУУ тарабынан 1990-жылы негизделип, ошондон бери белгиленип келет. Тактап айтканда, быйыл бүткүл дүйнө жүзү бул күндү отузунчу жолу белгилөөдө. Акыркы жылдары Кыргызстанда да бул күнү улуу муундагы адамдарга өзгөчө көңүл буруу салтка айланып калды. "Мекеним Кыргызстан партиясы жыл сайын бул күнү улгайган адамдарга – чоң ата, чоң энелерибизге, ата-энелерибизге, туугандарыбыздын, кошуна-колоңдорубуздун арасындагы кары кишилерге өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылат. Биз аларды ушул күнү гана эстебей, дайыма көңүл буруп турушубуз керек. Бирок биз эртең эле пенсияны эки эсе көтөрө коёбуз деген куру убадаларды бербейбиз. Биз Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшоону убада кылабыз. Экономика өссө ошондо пенсия да көбөйөт. Бул кыял эмес, эгер туура иш жүргүзсөк мындай абалга аз эле убакытта жетсек болот" , - дейт "Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкери Улан Садалиев . "Мекеним Кыргызстан" партиясы бардык кыргызстандыктарга, өзгөчө акылман курактагы жарандарыбызга сак-саламаттык, бак-дөөлөттүү карылык жана узун өмүр каалайт. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 11:31 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:07

Толкунбек Исаков: "Жөнөкөй жарандарга жашоо ыңгайлуу болуш үчүн мен өзүмдүн турмуштук тажрыйбамды, акылымды, өлкөдөгү жашоону жакшыртуу үчүн болгон потенциалды колдонгум келет"

Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө 180 миңден ашуун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт. Алардын көпчүлүгү шаарды кыдырмак турсун, өз үйлөрүнөн чыга албай жатышат. Айрымдары гана активдүү жашоо образын жүргүзүшөт, алар өз укуктарын коргошот. Ошолордун бири Толкунбек Исаков . Бала кезинде ал көзү көрбөй калган, бирок бул ага Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктап, андан кийин кандидаттык диссертациясын коргоого тоскоол болгон эмес. Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери ал Кыргыз жарандарынын кызыкчылыгын коргоп, бүткүл өлкө боюнча майыптардын укугун коргоп келет. Бүгүнкү күндө Исаков Майыптардын укугун коргоо комитетин жетектейт. Мындан тышкары ал спорт менен машыгат, Армрестлинг федерациясынын вице-президенти. Эки жылдын ичинде Азия чемпиондугунда төрт алтын медалды жеңип алды. Маектеринин биринде Толкунбек Исаков коомдук иш-аракеттер менен алектенип, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоп жатып, алардын жашоосун жакшыртууга багытталган ар кандай маселелерди көтөрүп чыккандыгын белгилеген. "Мен шайлоого "Мекеним Кыргызстан" менен бара жатам, анткени бул жаш саясий уюм. Бул жерге негизинен жаңы жүздөр, жаңы күчтөр, чыныгы кесипкөйлөр чогулушту. Партиядагы команда мамлекеттин саясий жана экономикалык турмушуна олуттуу салым кошо алат, республикабызды өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрөт деп ишенем. Жөнөкөй жарандарга жашоо ыңгайлуу болуш үчүн мен өзүмдүн турмуштук тажрыйбамды, акылымды, өлкөдөгү жашоону жакшыртуу үчүн болгон потенциалды колдонгум келет", - деп айткан ал. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 10:51 01-10-2020

Подробнее
1 октября 2020 г. 20:02

5 кесиптин ээси Муктарбек Зулпукаров "Замандаш" партиясынан ЖК депутаттыгына талапкер

"Өлкөнү, бизнести кризистен алып чыгуунун көп жолдору ишке ашпай турат. Мандат алып, ЖКга барсак ушул багытты колго алууга даярмын" 5 кесиптин ээси Муктарбек Зулпукаров "Замандаш" партиясынан ЖК депутаттыгына талапкер

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:07

"Бир Бол" партиясы "Таза шайлоо" экологиялык акциясын өткөрүүдө

Бүгүн, 1-октябрда "Бир Бол" саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын "Таза шайлоо" аттуу экологиялык акция менен жыйынтыктоодо. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышып жатышат. "Таза шайлоо" акциясы Бишкектин четиндеги Чоң Чүй каналынын жээгинде өтүүдө. Иш-чарага партия лидери Алтынбек Сулайманов , талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов , Жоодар Сайдилканов , Жоомарт Жолдошев , Эсен Момункулов , Айжан Чыныбаева , Акан Иманов , Екатерина Филаретова , Нурсултан Кубанов катышып жатат. Лидер Алтынбек Сулайманов партияны колдоп келгендерге ыраазычылык билдирип, мекендештерди шайлоого келип, татыктууларына добуш берүүгө чакырып өттү. "Үгүт иштерин тазалануу, жаңылануу менен баштаганбыз. Биз бийликтен таза шайлоону талап кылабыз. Айланабыз гана эмес, мамлекеттик башкаруу системасынын тазаланышынан үмүтүбүз чоң. Элибизге жаркын жашоону “Бир Бол” гана тартуулай алат”, - деди Алтынбек Сулайманов. Акция жарандарды шайлоого катышып, таза жүздөрдү тандоого чакыруу максатын көздөйт. Ошондой эле партияларды шайлоо өнөктүгүн мыйзам чегинде өткөрүүгө чакырат. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь. 10:34 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:07

"Мекеним Кыргызстан" №4! Сандан сапатка! Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу зарыл

Мамлекет эл үчүн – бул коомчулуктун суроо-талабына ыкчам жооп берген заманбап мамлекет. Өз жарандарына сапаттуу жана өз учурунда кызмат көрсөткөн мамлекет. Күчтүү жана эффективдүү, ошол эле учурда болушунча ийкем, максатка ылайыктуу жана жөндүү принциптерди активдүү колдонгон мамлекет. Андыктан «Мекеним Кыргызстан» партиясы мамлекеттик башкарууга эффективдүү механизмди киргизүүгө ынтызар. Биздин сунуш: – Мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу, жеке тараптарга аутсорсингге берүүгө мүмкүн болгон керексиз функциялардан арылуу; – Оптимизация жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен министрликтер менен ведомстволорду бириктирүү; – Көп функционалдуулук принцибин киргизүү. Вице-премьерлер менен тармактык министрликтердин башчыларынын функцияларын бириктирүү. Ушул эле жол аркылуу министрлер менен башкармалыктардын жетекчилеринин функцияларын айкалыштыруу; – Мамлекеттик кызмат системасына кадр тандоодо компетенттүүлүк стандарттарына жана коомчулук ишенимине дал келген жаңы механизмдерди киргизүү экендигин “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Амантуров белгиледи. “Кыргызстанга 120 депутат өтө көптүк кылат. Биз сандан сапатка өтүшүбүз керек жана кыргыз элине пайдалуу, ыңгайлуу мыйзамдарды жазуу зарыл”, - дейт “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов . – Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу зарыл. Азыркы учурда ар бир депутатты кармоодо мамлекет жылына болжол менен 6 жарым миллион сомдой чыгымга учурайт. Өзгөчө соңку чакырылыштагы депутаттар ишке каалаганда келип-кетүү же себепсиз келбей коюу, кнопка басуу (ордунда жоктор үчүн кыдырып добуш берүү), өз оюн таамай айта албагандардын арбындыгы, элдин мүдөө-талабын эске албай, ар кандай кызыкчылыктардын таламын талашуу менен парламенттин беделин кетирип бүттү. «Мекеним Кыргызстан» ушундан улам парламентте депутаттардын саны эмес, сапаты маанилүү деп эсептейт. Кыргыз парламентаризминин акыркы он жылдыктагы тарыхы көп депутат – мыкты парламент дегенди түшүндүрбөсүн далилдеди. Алсак, депутаттык корпусту кыскартуу бери дегенде бюджеттик каражатты үнөмдөп, ары дегенде парламент ишмердигинин натыйжалуулугун арттырат. Ошондо партиялар шайлоо тизмесин эптеп толтурбай, ич ара иргеп, тандоого өтөт. Парламентке элдин таламын талашкан, билимдүү, чыныгы элдик лидерлер келишине жол ачылмак. Бул сунуштардын айрымдарын ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү талап кылынгандыктан «Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип чыкса, дароо референдум өткөрүү демилгесин козгоп, кол топтоого кирише тургандыгын билдирди. 4-октябрда 4-орунда турган “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Биз мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүбүздү далилдейбиз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 09:44 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:07

Белгилүү саясатчы Бөдөш Мамырова, "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер

Кыргызстанга белгилүү коомдук жана депутаттык ишмердүүлүгүндө Бөдөш Мамырова аялдардын бизнес жана саясий чөйрөгө аралашуусуна кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө багытталган мыйзамдарды демилгелеп, Жогорку Кеңешке алып чыккандыгы менен элдин эсинде кала алды. Так ушул кыргыздын чыгаан айымы Бөдөш Мамырова учурда “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка аттанып, саясатка кайрадан кадам таштады. Бөдөш Мамырова калктын аярлуу катмарын колдоого багытталган көптөгөн социалдык маселелерди чечүүгө арналган мыйзамдарды кабыл алууда жигердүү иштеди. Ошол эле учурда Бөдөш Мамырова “Аял укугун коргоо” деген туунун алдында Батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдарга берилген каражаттар максатсыз жумшалып жаткандыгын сындап, мындай иш-аракеттер келечекте үй-бүлө институтуна да кедергисин тийгизерин көп жолу айткан саналуу гана депутаттардын бири болгон. ММКга берген көптөгөн маектеринде “Аялдардын укугу” демиш болуп, түпкү стратегиялык максаты такыр башка күчтөр бар экендигин ашкерелеген, бул жааттагы көптөгөн актуалдуу маселелерди ачык айткан. Бөдөш Мамырова аялдардын укугун алга сүрөгөн мындай уюмдардын либералдуу идеологиясы салттуу маданиятты карманган коомго өөн көрүнүш экендигин көп жолу айтып чыккандыгы эсибизде. Эгер айрым бейөкмөтчүлөрдүн жетеги менен кыргыз коому кете берсе көптөгөн үй-бүлөдө конфликттер жараларын, аялдардын укугу жана гендер маселелерин калктын жалпы жашоо шартын жакшыртуу жолу менен гана чечүүгө болорун баса белгилеген. Аялдар маселеси менен иштеген коомдук уюмдардын баарын эле бир беткей сындай бербей, аялдарды кесиптик өнөр-ыктарга үйрөтүүгө багытталган иштер менен алектенгенин колдоого алган. Ошону менен бирге Бөдөш Мамырова Кыргызстандагы аялдардын зордук-зомбулукка учурашына каршы экендигин айтып, бул көрүнүштөргө бөгөт болчу иш-чаралар кээде гана өткөрүлүп калбастан, зомбулукка каршы күрөш укук коргоо органдары жана жарандык коомдун эриш-аркак аракети менен дайыма туруктуу жүргүзүлүүсүн талап кылып, чындыкты чыркыратып айтып келген. 4-октябрда 4-орунда турган “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Биз мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүбүздү далилдейбиз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 09:18 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:07

Канатбек Азиз, депутаттыкка талапкер: "Cоцтармактарда "Мекеним Кыргызстан" партиясы парламенттик шайлоодон четтетилди" деген маалымат калп"

Учурда социалдык тармактарда партияларга болгон бири-бирин каралоо күч алды. Айрыкча чындыкка дал келбеген фейк маалыматтар басымдуулук кылууда. Алардын катарында №4 тизмеден орун алган “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы алдыңкы сапта турат. Социалдык тармакта тараган “Мекеним Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоодон четтетилди” деген маалыматка жооп катары депутаттыкка талапкер Канатбек Азиз : "Cоцтармактарда белгисиз себептерден улам “Мекеним Кыргызстан” партиясы жакынкы эки-үч күндүн ичинде парламенттик шайлоодон четтетилди” деген туура эмес фейк маалыматтар тарап жатат. Мына ушул өңүттөгү арзан, натыйжасыз маалыматтар менен шайлоочулардын ишенимин жоготобуз дегендер көбөйдү. Жогорудагы маалыматтар туура эмес, чындыкка дал келбейт”, - деди. 4-октябрда 4-тизмеде турган “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Биз мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүбүздү далилдейбиз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 09:02 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:07

БШК 55 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

Борбордук шайлоо комиссиясы 55 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 30-сентябрга карата БШК дүйнөнүн 41 мамлекетинен 33 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болгон 274 адамды эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрдү. Алар парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүшөт. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия ат салышат. 08:14 01-10-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
1 октября 2020 г. 12:52

Асель Казакбаева

#БиздинТалапкер рубрикасынын алкагында Асель Казакбаева тууралуу фактыларды сунуш кылабыз: 1. Үч баланы тарбиялап келет. 2. Эки жогорку билимдин ээси. 3. Жакшы көргөн жазуучулары – Чыңгыз Айтматов жана Лев Толстой. 4. Жаш кезинде мугалим болууну кыялданчу. 5. Ата-энеси пенсияга чыккан. Атасы учкуч, апасы мээрман айым болгон. 6. Марк Аврелийдин: “Абийириң жол бербеген нерсени кылба, чындыкка дал келбеген нерсени айтпа. Ушул эки эрежени сактай алсаң, жашооңдогу тапшырмаңды аткарган болосуң”, - деген цитатасын жактырат. 7. Күз – жакшы көргөн жыл мезгили. 8. Актриса Таттыбүбү Турсунбаевага суктанат. 9. Ар бир жаңы жылын ынтымактуу үй-бүлөсүнүн коштоосунда тосот. 10. Алтынчы күндөрү балдары менен чүчпара жасайт. 11. Геннадий Базаровдун “Саманчынын жолу” аттуу тасмасын жакшы көрөт. 12. Ысык-Көлдө эс алганды жактырат. 13. Ар бир күнүн бир чыны кофе менен баштайт. 14. 2004-жылдан бери Кыргыз-орус славян университетинде англис тили боюнча мугалим болуп иштейт. 15. Мектепти алтын медаль менен аяктаган. ________________ В рамках рубрики #НашКандидат предлагаем вашему вниманию факты об Асель Казакбаевой: 1. Воспитывает 3 детей. 2. Имеет 2 высших образования. 3. Любимые писатели - Лев Николаевич Толстой и Чынгыз Торокулович Айтматов. 4. С детства мечтала стать учителем. 5. Родители - пенсионеры. Отец был лётчиком, а мама медсестрой. 6. Любимая цитата: «Не делай того, что осуждает твоя совесть, и не говори того, что не согласно с правдой. Соблюдай это самое важное, и ты выполнишь всю задачу своей жизни», Марк Аврелий. 7. Осень - любимое время года. 8. Восхищается актрисой Таттыбубу Турсунбаевой. 9. Каждый Новый год встречает в кругу большой и дружной семьи. 10. По субботам лепит пельмени с детьми. 11. Любимый фильм - «Материнское поле» режиссера Геннадия Базарова. 12. Предпочитает отдыхать на озере Иссык-Куль. 13. Утро начинает с чашечки кофе. 14. Работает преподавателем английского языка в Кыргызско-Российском Славянском университете с 2004 года. 15. Окончила школу с золотой медалью.

Подробнее
1 октября 2020 г. 11:16

Алтынбек Жунус уулу

Алтынбек Жунус уулу: “Республика” партиясы элдин арасында жүргүзгөн реформалары менен белгилүү

Подробнее
1 октября 2020 г. 12:22

Алтынай Өмүрбекова

Алтынай Өмүрбекова: Биз Өкмөттү жетектеп, өлкөнү алдыга алып чыгууга даярбыз!

Подробнее
1 октября 2020 г. 12:29

Аяз Баетов

Аяз Баетов: Биз мамлекетти коргоп калууга, алдыга алып чыгууга даярбыз!

Подробнее
1 октября 2020 г. 12:32

Алтынбек Жунус уулу

Алтынбек Жунус уулу: Бир шайлоо экинчисине окшобойт. Бул жолку шайлоодо акча менен абийирдин күрөшү болуп жатат.

Подробнее
1 октября 2020 г. 10:29

"Ата Мекендин" кербени ордо калаанын тургундары менен жолугушуу үчүн Бишкекке кайтып келди.

"Ата Мекендин" кербени ордо калаанын тургундары менен жолугушуу үчүн Бишкекке кайтып келди. Биринчи жолугушуу "Түштүк дарбаза" сейил багында өтүп, жолугушууга Өмүрбек Чиркешович жана Асия Сасыкбаева катышты. Партиянын жаңы жүздөрү жана программасы менен тааныштырып, жаш талапкерлерибиз эмне үчүн саясатка атангандыгын айтып беришти. Шайлоого бир канча күн калды. Өлкө үчүн бул тарыхый шайлоо болот, биз мамлекет катары маанилүү кадам жасап жатабыз. Анткени бул шайлоонун жыйынтыгы алдыдагы беш жылды аныктайт. Ошондуктан бийликке принциптерин кармабаган, билими жок, өз ишин билбеген, чөнтөгүн гана ойлогон адамдарды келтирбөөгө аракет кылышыбыз керек. Анткени, өлкөгө профессионалдар керек! Биз, "Ата Мекен" партиясы чечкиндүү кадамдарга барууга жана жоопкерчиликти алууга даяр билимдүү, күчтүү команда топтодук. Биздин партияга добуш бериңиздер! ***** Основная команда "Ата Мекен" вернулась в Бишкек, чтобы до 4 октября встретиться с жителями города и окраин. Первая встреча состоялась на Южных воротах, где присутствовали основатели партии в лице Текебаева Омурбека и Асии Сасыкбаевой. Наши лидеры представили и без того уже известных кандидатов публике. В рамках мероприятия молодые кандидаты рассказали, почему они решились идти в политику и какие изменения в страну они хотят внести. Остались считанные дни до выборов. Этот день будет одним из самых ответственных в истории страны. Этот день определит будущее не только следующих пяти лет, но и заложит новые стандарты в сфере госуправления на годы вперед. Нельзя допустить во власть беспринципных, необразованных, некомпетентных чиновников, которые придут нажимать кнопки по приказу сверху. Страна находится в ситуации, когда нужно обновление во всех сферах, и только новые профессиональные кадры смогут сделать это! Мы, партия "Ата Мекен" собрали качественный состав, который не боится принимать сложные решения и готов брать ответственность за них. Поддержите нас и мы вас не подведем!

Подробнее
1 октября 2020 г. 12:33

Каким премьер-министром был Омурбек Бабанов?

Результаты работы Омурбека Бабанова на посту премьер-министра в 2011-2012 годах сейчас довольно непросто оценить, потому что многие вполне позитивные и перспективные начинания не были развиты достаточно хорошо или вообще оборвались. Однако есть смысл взглянуть на ситуацию в ретроспективе. Геополитика Именно при Бабанове началась реальная подготовка к экономической интеграции с ближайшими соседями. Как прагматичный бизнесмен, он и тогда понимал, что Таможенный Союз (а в последствии ЕАЭС, в который мы вступили) – неизбежность и единственное правильное решение для государства. К сожалению, подготовку к интеграционным процессам сильно подпортили последующие кабинеты министров. Вот что сам Бабанов сказал на этот счет: «Вступление в ЕАЭС было абсолютно правильным решением! Про это не должно быть каких-то разночтений. Другое дело, как наша страна смогла воспользоваться всеми преимуществами членства! Партия «Республика» очень негативно оценивает провал действующего правительства, а также нескольких предыдущих премьеров по проведению интеграции нашей экономики в ЕАЭС. Совершенно непонятно, как так получилось и кто несет за это ответственность, что до сих пор в стране нет ни одной аккредитованной лаборатории для сертификации нашего мяса, например. Не можем экспортировать мясо по такой банальной причине, а продолжаем винить Москву и Астану в том, что чинят препятствия нашей торговле. Просто бездарно, а по отношению к нашей экономике преступно халатно, растрачены льготные двухгодичные каникулы, и я опасаюсь того, что в ближайшие месяцы наши предприниматели окажутся совершенно не готовы и будут просто шокированы высокими стандартами технических регламентов ЕАЭС, которым предыдущие премьер-министры столь необдуманно взяли на себя обязательство соответствовать в столь короткое время. Вступить в союз было легко, но ведь надо было напряженно и усиленно работать по модернизации нашей экономики и административных ведомств! А у нас получилось так, что вступили и сразу же ожидали роста экономики за чужой счет! Так ведь не бывает! Теперь мы удивляемся тому, что наши рынки захватывает белорусская продукция. Меня не совсем удовлетворяет качество наших переговорщиков, уровень наших представителей в составе Евразийской комиссии. Ответственность за промахи лежит на нас самих, но мы должны разъяснять нашим партнерам характер экономических трудностей, с которыми мы сталкиваемся». В должности премьер-министра Бабанов посетил многие страны и провел довольно эффективные переговоры. На этом фоне ожидать каких-то негативных сюрпризов от Бабанова в любой должности не приходится. Чиновничий аппарат Сейчас структура правительства в стране более-менее оптимальна. Но мало кто помнит, что основную реформу провел именно Бабанов. Он понимал, что штат государственных служащих в стране слишком раздут. В структуре правительства были органы, дублирующие полномочия друг друга, в стране насчитывалось более 18 тысячи чиновников, и в итоге на бюджет ложилась огромная нагрузка. В декабре 2011 года, когда Жогорку Кенеш утвердил его кандидатуру на пост премьер-министра, Омурбек Бабанов представил программу «100 дней», в рамках которой расходы на содержание госаппарата сократились бы на 583 млн сомов. Было упразднено 5 госорганов, а государственный аппарат сокращен на 1700 человек. Были сокращены и расходы на содержание административных зданий и автомобильного транспорта. Все эти мероприятия привели к экономии 1 млрд сомов. Он, кстати, пошел на поддержку бюджетников, в частности, учителей. Все это можно легко проверить и доказать. Бизнес-среда, перспективы Все знают, как сложно начинать бизнес в Кыргызстане. Поддержки со стороны государства практически нет, получить разрешение сложно, а государственные органы не перестают проводить многочисленные проверки предпринимателей. Решению этой проблемы также было уделено внимание в рамках той самой, уже упомянутой программы «100 дней». В результате удалось сократить количество лицензий с 563 до 213, а количество проверяющих органов с 21 до 12. Для 44 стран был отменен визовый режим. Причем, были выбраны страны, уровень доходов в которых на душу населения составляет более $7000. Такая мера позволила увеличить количество состоятельных туристов в Кыргызстане. Плюс именно такого подхода еще и в том, что люди, родившиеся и выросшие в более-менее богатых странах, воспитаны в уважении если не к чужой культуре, то к природе и чистоте – наверняка. То есть, количество туристов возросло, а нагрузка на экосистему при этом существенно не увеличилась. Именно тогда, во времена премьерства Бабанова, впервые за много лет началась масштабная поддержка предпринимателей, занятых в сфере сельского хозяйства. Омурбек Бабанов инициировал выдачу льготных кредитов фермерам. За 2011 год под 9% был выдан 1 млрд сомов. В 2012 году под 7% также был выдан 1 млрд сомов. Для ветеринаров были закуплены ветеринарные комплекты, которые бесплатно раздали на местах, в айыл окмоту. Тогда же появилась инициатива создания по всей республике 300 пунктов искусственного осеменения, и на создание сети семеноводческих хозяйств было выделено 340 млн сомов. Налоговый режим кооперативов был приравнен к отдельным фермерским хозяйствам. Был принят разработанный правительством новый закон «О государственно-частном партнерстве». Во всем мире путем привлечения частных партнеров государство ищет решение проблем в социальных сферах. Внутренние инвестиции двигают экономики многих стран. Если эта система заработает у нас в полную силу, ресурс ее трудно переоценить. Государственные активы Под председательством Омурбека Бабанолва правительство смогло утвердить налоги на сверхдоходы сотовых операторов в размере 5%. С тех пор это приносит до 500 млн сомов в госбюджет ежегодно. При этом сотовые операторы не имеют права увеличивать тарифы для населения. Правительством также были утверждены сверхдоходы на золото в размере 2% на каждые $100 увеличения цены. Это позволило в 2-3 раза увеличить поступление налогов от разработки природных ресурсов. Впервые за 20 лет все лицензии выдаются с участием представителей общественности и СМИ и только через открытые тендера и аукционы. Такой порядок появился во время премьерства Бабанова. В это же время разработано 40 национальных проектов, которые могли бы сгенерировать до $478 млн в государственный бюджет. К сожалению, они не реализуются до сих пор. Обслуживание населения Работа ГАИ всегда вызывала нарекания со стороны населения, поэтому один из блоков программы Омурбека Бабанова был посвящен борьбе с коррупцией и бюрократией в этой системе. Одним из важных шагов стала отмена технического осмотра для автомобилей, а также доверенности для владельцев авто. Была снижена сумма сбора за перерегистрацию транспортных средств с 6 тысяч до 1 тысячи сомов. Омурбек Бабанова всегда выступал за то, чтобы сотрудники ГАИ не стояли на дорогах, а вместо этого действовала патрульная милиция. Тогда же был инициирован проект «Безопасный город», который до сих пор находится в виде инициативы. Именно на него сейчас, в период чудовищного разгула нарушений скоростного режима и роста детской смертности в ДТП очень рассчитывают горожане. Была значительно упрощена система документирования населения. На базе филиалов государственного предприятия «Кыргызпочтасы» было открыто 50 центров обслуживания населения всей стране. Впервые за 20 лет государство начало самостоятельно печатать национальные паспорта. Социальный сектор За 7 месяцев работы Омурбека Бабанова во главе правительства были повышены пенсии в среднем на 8,2% - с 3 тысяч 700 сомов до 4 тысяч 70 сомов. Если бы пенсионная политика, запланированная Бабановым, была продолжена до сегодняшнего дня, то размер средней пенсии составлял бы 9 тысяч 800 сомов. За тот же период по всей стране была построена 91 школа. До этого даже в лучшие времена правительство могло построить не более 24 школ в год. Также правительством была сокращена учебная нагрузка на детей с 1 тысячи 200 часов до 918 часов, благодаря чему сэкономлено более 400 млн сомов. Конечно, реформы не были доведены до конца. У нас в стране кресло главы правительства освобождается слишком часто, довести начатое до конца пока никто не успел. Однако уровень активности, векторы и направления работы в целом понятны. Именно по этим отметкам и есть смысл оценивать премьерство Омурбека Бабанова.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники