О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
2 октября 2020 г. 1:05

Экологиялык акция таза шайлоого чакырык

Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан “Бир Бол” партиясы масштабдуу үгүт иштерин расмий жыйынтыктады. Саамалык экологиялык акция иретинде уюштурулуп “Таза шайлоо” урааны менен өттү. Ишембилик Бишкектин кире беришиндеги “Аска Таш” эстелигинен башталып, Чоң Чүй каналынын жээгинде уланды. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында өттү. Иш-чаранын максаты - өлкөнүн саясий күчтөрүн ыплас ыкмаларды колдонбостон таза шайлоо өткөрүүгө жана жарандарды акчага азгырылбай, татыктууларга добуш берүүгө чакырык таштоо болуп саналат. “Бир Бол” партиясы үгүт иштерин “Тазалан!” экологиялык акциясы менен баштап, айылдарды, шаарларды таштандыдан арылтканбыз. Бүгүн дагы үгүт ишин “Таза шайлоо” ишембилиги менен жыйынтыктап жатабыз. Биздин максат - айлана-чөйрөдөн баштап мамлекеттик башкаруу системасын тазалоо. 4-октябрдан кийин мамлекетибизде тазалануу болот. Биз бийликтен таза жана мыйзамдуу шайлоону талап кылабыз”, - деди “Бир Бол” партиясынын лидери А.Сулайманов. Алмамбет Шыкмаматов: “Кан алмашып, жаңы муун, күчтүү лидерлердин командасынын, заманбап деңгээлдеги саясатчылардын келишин мен тазалануу деп түшүнөм. Эл акчаны эмес, тазаларды жана мыктыларды тандайт деп ишенем”. Жоомарт Жолдошев: “Көчөлөрдү тазалоо менен биз символикалык түрдө жалпы системаны, мамлекеттик башкарууну, саясий чөйрөдөгү адамдарды тазалоого убакыт келди дегибиз келет”. Жодар Сайдилканов: “Тазалануу бийликтин бардык катмарына жетиши керек. Ошондо гана тоскоолдуктар жоюлуп, өлкөнүн өнүгүү импульсу жаралат”. Айжан Чыныбаева: “Алдыда жакшы долбоорлорубуз бар. “Таза шайлоо - таза жашоо” деген ураан менен үгүт иштерин жыйынтыктадык”. Эсен Момункулов: “Бүгүн таштандыларды кандай тазалап, жыйнасак, Жогорку Кеңешке барганда да таза иштеп берүүгө, эл үчүн иштеген мыйзамдарды демилгелөөгө даярбыз!”. Нурсултан Кубанов: “Саясий элитанын өзгөргөнү дүйнө жүзүндө нормалдуу көрүнүш. Коомчулук жаштарга суусап турганда биз барып, элдин ишенимин акташыбыз керек”. Чоң Чүй каналын чогултулган таштандылар иргелип, жарамдуусу кайра иштетүүгө, калдыктар таштанды полигонуна төгүлдү. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь. 18:56 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:05

Эсен Момункулов, "Бир Бол", №13: “Азыр айлананы таштандылардан кандай тазаласак, кийин да таза иштеп берүүгө даярбыз”

“Жаштар, жаңы күчтөр мамлекетибизди жемкорлуктан, аткезчиликтен, жаман көрүнүштөрдөн тазалайлы деген ниетте акция өткөрүүдөбүз". Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Эсен Момункулов “Таза шайлоо” экологиялык акциясында айтты. “Бүгүнкү иш-чарада айлананы таштандылардан кандай тазаласак, буюрса, Жогорку Кеңешке барып калсак таза иштеп берүүгө, элдин кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамдарды демилгелөөгө даярбыз деген символикалык маанини камтыйт. Командабызда билимдүү, тажрыйбасы мол жаңы жүздөр көп, биз элге кызмат кылууга даярбыз”, - деди талапкер. Бүгүн, 1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыктоодо. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышып жатышат. “Бир Бол” №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь. 18:01 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:05

«Замандаш» партиясы Сары-Өзөндө

«Замандаштын» кезектеги үгүт кербени Кеминде , Кара-Балтада, Кантта, Сокулукта уланды. Чүй облусунун тургундары менен жолугушууга Чынара Шейшекеева , Искендер Гаипкулов , Айсулуу Мамашова , Гүлнара Мамбетсеитова , Жакшылык Матанов жана Ильяс Суванов барышкан. Алар элге партиянын максаттарын айтып беришип, «Замандаш» партиясынын Жогорку Кеңешке талапкерлери эмне үчүн бул партияны тандап алгандыктарын мындайча билдиришти. Искендер Гаипкулов: - Элдин арасында VI чакырылыштын депутаттарына карата ар кандай нааразычылыктар болуп жатат. Бул нерсенин баары эмнеден келип чыкты? Убагында ар кайсы партиялар көпөстөрдү, акчалуу адамдарды катарына мүчө кылып, алардын кесипкөйлүүлүгүнө карабай кошуп алгандыктан нааразычылыктарга дуушар болушту. «Замандаш» партиясы андай партияларга кирбейт! «Замандаш» кесипкөй адамдарга мол, айтылган программасын так аткара турган партия болуп эсептелинет. Ошондой эле Искендер Гаипкулов «Замандаш» партиясы башкалардан айырмаланып, талапкерлердин тизмеси дыкат текшерилип, ар бир талапкердин кесипкөйлүүлүгүнө жараша тандалгандыгын, илимге салымын кошкон инсандар партиянын тизмесине кошулгандыгын билдирди. Чынара Шейшекеева Кеминдин тургундарынан «Замандаш» элдик партия экендигин, партия түзүлгөндөн бери эл менен чогуу болуп келгендигин кошумчалады. - Биз силердин үнүңөрдү жеткизели деген үмүт менен шайлоого аттандык, «Замандаш» партиясы таза партия деп мен ачык айта алам, анткени жүзүбүз жарык. Кыргызстандыктардын чет жерде жүрүп кыйналгандарын көрүп, буга чейинки кылып келген аракеттерден да масштабдуу иштерди чечүү үчүн бара жатабыз . Айсулуу Мамашова "э лиме кызмат кылам деген адам кооз сөздөрдү, куру убадаларды бербей, айтканын аткарышы абзел. Мен «Замандашты» ушул сапатка төп келгендиги үчүн тандап алдым" деп баса белгиледи. Жакшылык Матанов мактанган партияны тандабаганын, пандемия учурунда ар бир ишин элге жарыялабаган партия «Замандаш» партиясы экендигин, партиянын лидери жолдо калган мекендештерди өз унаасын сатып, өз мекенине кайтарганы башкаларга үлгү болушу керектигин белгиледи. Жергиликтүү тургундар партиянын мигранттарга көрсөткөн колдоосу үчүн «Замандашты» колдой турганын билдиришти. Москва районунун Беловодск айылынын тургундары менен жолугушууда Гүлнара Мамбетсеитова саламаттыкты сактоо жаатындагы көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн «Замандашта» кесипкөй адамдар арбын экенин баса белгиледи. Ал: - Мен саламаттыкты сактоо министрлигинде 27 жылдан бери эмгектенип келем, менин оюмча, биздин партиядагы адамдардын өзүнүн коомдогу салмактуу орду бар, оор кырдаалдан чыгара турган инсандар «Замандаш» менен аттанышты. Парламентке биздин талапкерлер өлкөнү өзгөртүш үчүн бара жатат. Пандемия өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин системасы алсыз экенин көрсөттү. «Замандаш» партиясы өзгөчө жаштар менен бирге иштешип, мигранттарга жардам берип келет. Эл 5 жылда өлкөнүн тагдырына добушун берет, урматтуу элим, бардыгыңыздар кайдыгер карабастан шайлоого катышып, татыктуу партияга добуш бериңиздер - деди. Ильяс Суванов айлана-чөйрөнү коргоо «Замандаш» партиясынын программасынын маанилүү компоненттеринин бири экенин белгилеп, билим берүү системасында чоң реформаларды жасаш керектигин айтып өттү. Сары-Өзөндүн эли партияга ыраазычылыгын айтышып, «Замандашты» шайлоодо колдоп берерин билдиришти. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г.Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 1-октябрь, 2020-жыл. 17:52 01-10-2020

Подробнее
1 октября 2020 г. 12:53

“Кыргызстан” саясий партиясынан

Шайлоочулардын кайрылуулары жана суранычтары менен “Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер Таалайбек Масабировдун Жалал-Абад облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдөгү иш-аракеттери боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана коомдук фонддор менен биргеликте жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат.

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:05

Жодар Сайдилканов, "Бир Бол", №13: "Тазалануу Жогорку Кеңештен башталашы керек"

“Тазалануу Жогорку Кеңештен башталашы керек”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Жодар Сайдилканов “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акциянын жүрүшүндө билдирди. Ал партиянын курамындагы жаңыланууларга токтолуп, команда тазалануу процессин шайлоодон мурда эле баштаганын айтты. “Партиянын курамы 97 пайызга жаңы жүздөр менен толукталды. Мурда саясатка эч качан аралашпаган таза, ак ниеттүү адистер чогулду. Тазалануу Жогорку Кеңештен башталашы керек. Биз жаңы деңгээлге таза чыгуу үчүн шайлоого аттандык. Тазалануу аракети Жогорку Кеңештин, аткаруу, сот бийлигинин бардык катмарына жетиши керек. Ошондо эл күткөн саясат жүрө баштайт”, - деди Ж.Сайдилканов. Бүгүн, 1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышты. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь. 17:27 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:05

Жоомарт Жолдошев, "Бир Бол" №13: “Эски системадан тазаланмайынча, келечекте жаркын жашоо болбойт”

“Эски системадан тазаланмайынча, келечектеги жаркын жашоону көрө албайбыз”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Жоомарт Жолдошев бүгүн, 1-октябрда Бишкектин четиндеги Чоң Чүй каналынын жээгин тазалоо учурунда айтты. “Жаштардын ою, пикири, каалоосу, үмүтү буга чейинки 30 жылдан бери келе жаткан эски системадан, анын ичиндеги курал катары колдонуп келишкен саясатчы, аткаминерлерден арылуу. Алардан тазаланмайынча келечектеги жакшы жашоону көрө албай калдык. Көчөлөрдү тазалоо менен биз символикалык түрдө жалпы системаны, мамлекеттик башкарууну, саясий чөйрөдөгү адамдары тазалоого убакыт келди деген белгини бергибиз келди. Алдыда жеңишке жетебиз, себеби биздин кылган ишибиздин багыты туура. Элге жакпаган системаны жок кылып, жакшылыкка алып барууну көздөп жатабыз”, - деди Жоомарт Жолдошев. Бүгүн, 1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыктоодо. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышып жатышат. “Бир Бол” №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь. 16:50 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:06

Дамира Долоталиева: "Ишкерлердин укуктары тебеленбейт, алардын кызыкчылыктары корголот!"

Дамира Долоталиева «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер. Ал учурда Кыргызстандын кызмат көрсөтүү рыногунун Ассоциациясынын президенти. Талапкер айым биз менен болгон маегинде кичи жана орто бизнестин өнүгүшүнө кандай мыйзамдар керектиги ж.б. суроолорубузга жооп берди. - Эмне үчүн Жогорку Кеңешке барууну чечтиңиз, буга эмне түрткү болду? - Менин ишимдин, дегеле жашоомдун көп бөлүгү ишкерлердин таламын талашуу, алардын укугун коргоо менен коштолду. Он жылдан ашуун бул багытта иштеп келем. Бирок алгылыктуу жыйынтыктар үчүн менин ишмердүүлүгүм жетишерлик болбой жатат. Муну мен 2019-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңеш тарабынан Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкканда өзгөчө сездим. Андагы патенттерди алып салуу, кассалык аппараттарды киргизүү сыяктуу түзөтүүлөр ишкерлердин кызыкчылыгына каршы келет. Патент деген эмне? Бул бизнес жүргүзүүнүн эң оңой түрү. Ошондо мен ишкерлерди коргоодо түрткүч болгон мүмкүнчүлүгүбүз жок экенин билдим. Мен “Дордой” профсоюзунун төрайымы болуп туруп, эл өкүлдөрүнө үнүм жетпеди. 2015-жылы эле парламентке барууну көздөгөм, мүдөөм – байып кетүү эмес, кичи жана орто бизнести коргоо эле. Биздин үнүбүз парламенттен угулушун кааладым. - Эмне үчүн «Кыргызстан» саясий партиясы менен Жогорку Кеңешке барууну туура көрдүңүз? - Бул партияда өндүрүшчүлөр көп. Сап башында да көп жылдар бою жумушчу орундарды камсыздап келген, саясий уюмдун негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов турат. Алардын бардыгы өздөрүнүн ишканаларын түптөп, жумушчу орундарын түзгөн салык төлөөчүлөр. Бизнестеги көйгөйлөрдү жакшы билишет. Эң башкысы, бул партия өнүгүүгө күчтүү негиз боло алган, өлкөнүн чыныгы күйөрманы. “Кыргызстан” партиясынын программасында да ишкерлердин кызыкчылыгын коргоого, салык мыйзамын өзгөртүүгө өзгөчө көңүл бурулгандыктан мен бул саясий партияны тандадым. - Сиз көп жылдан бери “Дордой” СБКнын ишкерлеринин профсоюзун жетектеп келесиз. Кайсы көйгөйлөрдү мыйзам менен чечсе болот айта аласызбы? - Пандемия маалында ишкерлердин укуктары тебеленди. Киргизилген өзгөчө абал проблемалардын баарын ачып, көрсөттү. Ишкерлер алсыз, калканчсыз, аянычтуу абалда экени билинди. Биз эки ай бою иштеген жокпуз. Кытай, Казакстан, Россия жана башка соода-сатык мамилелер бар өлкөлөр менен чек аралар жабылып, кандайдыр бир деңгээлде бизнестин кыйрашына алып келди. Көптөр зыян тартты. Кыргызстан 60 пайыз тигүүчү өлкө болуп саналгандыктан кийим фурнитурасынын баарын Кытайдан алып келет эмеспи, ал жактан товар келбей калды. Ишкерлердин кредиттери, чет өлкөлүк өнөктөштөрү алдында милдеттенмелери бар. Казакстандын чек арасы дагы деле жабык бойдон. Кичи жана орто бизнес коргоосуз калды. Өкмөт насыя төлөөнүн мөөнөтүн гана узартымыш болду. Мен профсоюз башчысы катары ММКлар аркылуу өкмөткө кайрылдым, 30 жылдан бери мамлекеттин бюджетин толтуруп келе жаткан ишкерлер азыр өкмөттүн колдоосуна муктаж болуп жатат, жок дегенде 3 айга салыктан эс алдырып “каникул” кылып койгулачы деп. Алар эч кимден эч нерсе сурабастан баарын өздөрү көтөрүп келишпедиби. Мен ишкерлер үчүн ыза болдум, атүгүл кайсы бир деңгээлде бизнеске коркунуч туулгандай болду. Ошондо мен мыйзам чыгарууга өзүбүз катышуубуз керектигин түшүндүм. Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 1.10.2020) 16:37 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:06

Алмамбет Шыкмаматов: “Тазалануу бүгүн бизге аба менен суудай керек”

“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акциянын жүрүшүндө тазалануу аба менен суудай керек болуп жатканын айтты. “Сот системасын, аткаруу бийлигин, парламентти тазалаш керек. Коом тазаланууну, жаңыланууну эңсеп, күтүп, тилеп жатат. Жаңы муундун, күчтүү лидерлер командасынын, заманбап деңгээлдеги саясатчылардын келгенин мен тазалануу деп түшүнөм. Буюрса, эл бир силкинип, бир булкунуп акчага жана башка кызыкчылыктарга эмес, тазаларды, мыктыларды тандайт деп ишенем”, - деди Алмамбет Шыкмаматов. Бүгүн, 1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү келишти. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь. 15:50 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:06

"Биримдик" №1 жоопкерчиликтүү жана туура социалдык саясат үчүн!

"Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо" партиясы социалдык саясат улуттук кызыкчылыктарга шайкеш келүүсү керек деп эсептейт. "Биримдик" партиясынын ишениминде адам ресурстарын жетиштүү деңгээлде колдоого албай, ѳнүктүрбѳй туруп, экономикалык ѳсүштү камсыз кылуу мүмкүн эмес. Партиянын программасында: "Адамдык жана социалдык капитал – бул экономиканы ѳнүктүрүүнүн негизги фактору, ал эми ѳнүккѳн экономика – адамдык жана социалдык капиталды ѳнүктүрүүгѳ жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет", - деп айтылат. "Биримдик" партиясы жакырчылыкты жоюу үчүн кѳйгѳйдү комплекстүү карап, аны акырындап толук жоюуга багытталган саясатты иштеп чыгып, аны ырааттуу түрдѳ ишке ашыруу зарыл деп эсептейт. Партиянын программалык документинде: "Социалдык чѳйрѳдѳгү улуттук кызыкчылыктарга келтирилген коркунучтарды алдын алып, социалдык теңсиздикти жоюуга бардык мүмкүнчүлүктѳр бар» деп айтылат. «Башкысы – бул мамлекет тарабынан социалдык саясаттын так ишке ашырылуусу. Ал социалдык саясат эң ириде калктын акчалай кирешесин ѳстүрүүгѳ багытталган болушу керек". Бул чѳйрѳдѳгү эң башкы милдет - социалдык адилеттүүлүк принциптерин камсыз кылуу болуп эсептелет; элди толук жумуш менен камсыз кылуу; ѳздѳрүнѳ байланышпаган себептерден улам убактылуу жумушсуз калган жарандарга жѳлѳк пулдарды берүү, жѳлѳк пул жашоого керектүү минимумдан тѳмѳн болбошу зарыл; жарандардын адилеттүү эмгек акыга болгон укуктарын камсыз кылуу; алгачкы керектѳѳлѳрдү сатып алууга жетерлик эмгек акылардын минималдуу ѳлчѳмүн аныктоо; социалдык камкордукка алуунун даректүү системасын ѳнүктүрүү, биринчи кезекте жетим балдарга, майыптарга, жалгыз бой, кары адамдарга, кѳп балалуу үй-бүлѳлѳргѳ, кызматтык милдетин аткарууда жабыркагандарга, социалдык турак-жай программасын ѳнүктүрүү; эне жана баланы коргоо социалдык программасын жүзѳгѳ ашыруу; үй-бүлѳ институтун бекемдѳѳ программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу; жаштардын билим алуусуна, жумуш менен камсыз болуусуна, физикалык жана руханий саламаттыгына кам кѳрүү. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 1-октябрь, 2020-жыл. Разаков 4. 14:51 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:06

"Биримдик" №1. Сот процесстеринин ачык-айкындыгын камсыздап, судьялардын жеке жоопкерчилигин киргизебиз

"Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясы Кыргызстандагы демократиялык коомдун өнүгүүсүнүн эң маанилүү институту болгон сот системасы бүгүн көп суроолорду жаратып, кеңири көңүл бурууну талап кылууда деп эсептейт. Партия төмөнкү кечиктирилгис чараларды кабыл алуу зарылдыгын айтат: • сот системасын реформалоодон кийин өзгөчө оор кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү; • судьялардын жеке жоопкерчилигин киргизүү; • сот процесстеринин жана алардын чечимдеринин ачык-айкын болуусун киргизүү; • судьялардын жана сот процесстеринин реалдуу көз карандысыздыгын камсыз кылуу; • тергөө жана сот органдары тарабынан кетирилген тартип бузуулардын жоопкерчилигин күчөтүү; • тергөө этабында кысым жасоонун негизги куралы катары тийиштүү кылмыштар үчүн бөгөт чарасын тандоо процедурасын реформалоо; Муну менен катар “Биримдик” партиясы Кыргызстанда адилеттүү фемида системасы орносо, жарандардын сотко болгон ишеними жогорулайт деп эсептейт. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 1-октябрь, 2020-жыл. Разаков 4. 12:36 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:06

“Мекеним Кыргызстан” партиясы эмгек мигранттарын мекенине кайтарууну көздөйт! №4 сиздин тандоо!

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Ибрагим Жунусов эмгек мигранттарын кантип өлкөгө кайтаруу керек экендигин айтты. “Мекеним Кыргызстан” партиясы эмгек мигранттарын мекенине кайтарууну көздөйт. Учурда Орусия менен кошуна Казакстанда эле миллиондон ашуун мекендештерибиз иштейт. Аларды мекенине кайтаруу үчүн, албетте, маянасы жакшы жумуш орундарын түзүү зарыл. Аталган партиянын шайлоо алдындагы программасында дал ушул маселени чечүү жолдору да каралган. Кыргызстанда акыркы 10-15 жылдан бери жумуш издеп сыртка агылгандардын агымы күч. Өлкөдө жумуш жоктугунан, болсо да айлык акысы аздыгынан улам жыл сайын жүздөгөн адамдар, негизинен жумушка жарамдуу жарандарыбыз бактысын башка өлкөлөрдөн издеп кетүүдө. “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер, буга чейин Түркия менен Өзбекстанда элчилик кызматтарда иштеп келдим. Эң башкысы миграция маселесинде алгач мигранттардын келечегин ойлоо зарыл. Алсак, мигранттардын киреше салыгы мамлекеттин казынасына келип түшө турган долбоор иштеп чыгып, кошуна мамлекеттер менен келишим түзүү керек. Ошондо гана кыргыз мигранттары келечекте татыктуу пенсия ала алат. Мындай келишим буга чейин Түркия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн”, - деди “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Ибрагим Жунусов. Эске сала кетсек, “Мекеним Кыргызстан” партиясы шайлоо алдындагы программасында мигранттардын маселесин караган. Мекендин кадыры алыстан билинет - Активдүү эмгек миграция акыркы он жылдыкта постсоветтик аймакта трендге айланды. Кыргызстан болсо негизинен Орусия менен Казакстанга жумуш күчүн жиберчү өлкөгө айланып калды. Мамлекет эмгек мигранттарынын агымынын өсүшүн өлкөнүн нормалдуу өнүгүүсү жана улуттук коопсуздук үчүн коркунуч катары карашы зарыл. Ошол эле учурда биз башка өлкөлөрдө туруктуу жашаган мигранттар жана мекендештер үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайт: - Чет өлкөлөрдө таанылган диаспора лидерлерине ардактуу консул макамын ыйгаруу; - Башка өлкө жарандыгын алган мекендештерибизге Кыргызстанда өз жарандары менен бирдей, тоскоолдуксуз экономикалык ишмердик жүргүзүү укугун берген атайын карта – «Мекен Карт» берүү; - Мекенинде бизнес ачууну каалаган мекендештерге Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыя алуу жол-жоболорун жеңилдетүү; - Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын биринчи орун басарынын ыйгарым укуктарына эмгек мигранттарынын – мекендештердин укуктарын коргоо маселесин киргизүү . Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 1-октябрь. 12:26 01-10-2020

Подробнее
1 октября 2020 г. 13:54

Баткендин эли “Кыргызстан” партиясын колдойт.

Баткендин эли “Кыргызстан” партиясын колдойт. Партия лидери Канатбек Исаев өрүк зарлуу Баткен облусуна барды. Исфана жана Сүлүктү шаарларында өткөн жолугушууга жергиликтүүлөр активдүү катышып, көйгөйлөрүн айтышты. Аларды түйшөлткөн маселер кийинки материалда камтылган.

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:06

“Биримдик” №1. Партия улуттук кызыкчылыктарды баарынан жогору коёт!

“Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясы Кыргызстандагы бүгүнкү абалды эске алуу менен жарандардын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кылуучу башкы максаттарын программасында камтыды. Кыргызстанда акыркы отуз жыл ичинде жеке менчик, эркин ЖМК, бийликти шайлоо, саясий атаандаштык, рынок экономикасы пайда болду. Мунун баарын сактап калууга тийишпиз, бирок ошол эле мезгилде өлкөдөгү кырдаалдын учурдагы реалдуу абалы менен да эсептешүү зарыл. Партия мыйзам чыгаруу деңгээлинде мамлекет өзүнө төмөндөгүлөр үчүн жоопкерчилик алуусуна бардык күч-аракетин жумшайт: • дени сак жана билимдүү коомду калыптандырууга; • социалдык багыттагы реформалардын негизиндеги коомдук прогресске жетишүүгө; • улут аралык достукту чыңдоого; • өлкөнүн дүйнөлүк коомчулукка интеграцияланышын илгерилетүүгө – башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен улуттук кызыкчылыктарга шайкеш тыгыз, иштиктүү өз ара кызматташууга; • элдин башкаруу принциптерин орнотууга, б. а. саясий жана коомдук турмушту калктын кеңири катмарына багыттоого жана эл-журтту экономикалык, саясий, социалдык турмуштун ар түрдүү чөйрөлөрүнө тартууга. “Биримдик” партиясы шайлоодон өтүп калса дал ушул принциптерге бекем карманып, ишке ашырууга өз салымын кошот. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 1-октябрь, 2020-жыл. Разаков 4. 12:11 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:06

Нурбек Алимбеков, "Кыргызстан" №15: "Биз элге жардам берүү үчүн Жогорку Кеңешке аттандык"

“ Биз Жогорку Кеңешке келсек элдин кызыкчылыгына шайкеш келе турган мыйзамдарды жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөйбүз”. Бул тууралуу “Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапке Нурбек Алимбеков Ош шаарында өткөн эл менен жолугушуу учурунда айтты. “Мен сиздерге ишенем. Шайлоо күнү бюллетенди алып добуш берүүчү бөлмөгө киргенде “Жүрөгүмдө Кыргызстан” деген биздин девизди туу тутуп, “Кыргызстан” партиясына добуш бересиздер деп ишенем. Өлкөнүн ар бир аймагында элине эмгеги сиңген, татыктуу талапкерлерибиз бар. Биз элибизге жардам берели деп Жогорку Кеңешке баратабыз. Калың элдин алдында баарыңыздарга сөз беребиз. Биз Жогорку Кеңешке келсек элдин кызыкчылыгына шайкеш келе турган мыйзамдарды жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөйбүз”, – деди Алимбеков. Нурбек Алимбеков андан ары партиянын “Эл үчүн” деген программасына токтолуп, андагы айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча камтылган маанилүү бөлүк тууралуу элге маалымат берди. “Программабызда камтып кеткендей, биз дыйкандарды ыктыярдуу кооперативдерге бириктирип, жаңы технологияларды колдонууга үйрөтөбүз. Аларга төмөнкү пайыз менен насыя берип, өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын изилдөөгө, алар менен алака түзүп иштөөгө үйрөтөбүз. Ошондой эле биз Айыл-чарба министрлигинин ишин эффективдүү аткаруусун талап кылып, айыл-чарбанын башкаруу системасына реформа жасайбыз”, – деди Алимбеков. Ош шаарында өткөн эл менен жолугушууга "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жыргалбек Саматов , Нурлан Сулайманов , Салайдин Айдаров , Мирлан Акматбеков , Кубанычбек Нурматов , Ахрор Иминов жана Макен Асанов ж.б. партиянын мүчөлөрү катышты. Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 1.10.2020) 12:09 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:07

Алтынбек Сулайманов: “Бийликтен таза шайлоону талап кылабыз”

“Биз бийликтен таза шайлоону талап кылабыз”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Таза шайлоо” аттуу тазалык акциясынын жүрүшүндө билдирди. “Бир Бол” партиясы үгүт иштерин “Тазалан” экологиялык акциясы менен баштап, айылдарды, шаарларды таштандыдан тазалаганбыз. Бүгүн дагы үгүт ишин “Таза шайлоо” экологиялык иш-чарасы менен жыйынтыктап жатабыз. Бир гана айлана-чөйрөнү эмес, мамлекеттик башкаруу системасын тазалоо - биздин негизги максатыбыз”, - деди партия лидери. Ошондой эле Сулайманов эски системадан арылуу учур талабы экенин кошумчалады. “Биз буюрса, шайлоодон өтүп келсек, эски системаны өзгөртөбүз. 4-октябрдан кийин мамлекетибизде тазалануу болот. Өлкөнү жаңылануу күтүп жатат. Биз бийликтен таза шайлоону талап кылабыз. Мыйзамдуу шайлоону талап кылабыз. Биз эл көксөгөн таза жашоону курууга даярбыз”, - деди Алтынбек Сулайманов. Белгилей кетсек, Чоң Чүй каналынын жээгиндеги тазалык акциясына “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Жодар Сайдилканов, Жоомарт Жолдошев, Эсен Момункулов, Айжан Чыныбаева, Акан Иманов, Екатерина Филаретова, Нурсултан Кубанов катышып жатат. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь. 11:45 01-10-2020

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники