О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
2 октября 2020 г. 1:01

Канат Аманкулов: Элибиз жакшы жашоого татыктуу жашаш үчүн биздин партия бардык аракеттерди жасайт

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирде. Партиялаштарды тек-жайына карабай жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанда кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ой бириктирди. “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Канат Аманкулов. --«Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы мыкты түзүлгөн, себеби анда социалдык саясатты өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар камтылган. Ошондон улам партиянын жеңип чыгарына толук ишенем. Пандемия көптөгөн адамдардын көз карашын өзгөрттү. Коомубуз, анын ичинде элибиз, ошондой эле жаштар, дарыгерлер, мугалимдерибиз пандемия учурунда биримдиктин эң мыкты үлгүсүн көрсөтө алды. Элибиз жакшы жашоого татыктуу. Бул үчүн партиянын мүчөлөрү колдон келген бардык аракеттерин жасайт деп ишенем. Биз, депутаттыкка талапкерлигин коюп жаткандар жеңишке жетип калсак, жеке милдетибизди сезе билип, элибиз берген тапшырманы так аткарууга милдеттүү экендигибизди эсибизден чыгарбашыбыз керек. Жаштарыбыздын «улуулардын тажрыйбасы – жаштардын энергиясы» деген урааны, биримдиги партиябыздын тренддеринин бири болуп саналат. Элибизде бекеринен «көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет» деп айтылбаса керек. Биздин партия жеке максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон аянт эмес, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн аракеттенүүчү талапташтардын союзу экендигин калың элге далилдеп берүүбүз абзел, - деди. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:02

Шаршенбек Абдыкеримов тууралуу 15 факт

#БиздинТалапкер рубрикасынын алкагында Шаршенбек Абдыкеримов тууралуу фактыларды сунуштайбыз: 1. Евразияда, Түндүк жана Түштүк Америкада жайгашкан бардык өлкөлөрдү кыдырган. Антарктидага, Борбордук Африкага жана Австралияга барууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Австралиядан асыл тукумдуу малдарды алып келмек, бирок, COVID-19дун кесепетинен улам бара албай калган; 2. Өспүрүм кезинде патриоттук ырларды жакшы көрчү. Студент болуп жүргөндө 80-90 жылдардагы ырларды укчу. Казакстанда иштеп баштагандан тартып кыргыздын элдик ырларына көнүл буруп, ошондон бери өзгөчө баа берип угуп келет; 3. Балалык чагынын дээрлик бардыгын кой кайтарып, чоң энеси менен кийиз жасап, шырдак шырып жайлоодо өткөргөн. Бул аны бардык тараптан ийгиликтүү болууга шыктандырчу. Чоң энеси: “Окуп жатсаң, жакшы оку! Эгер бир нерсе жасап жатсаң, майын чыгара жаса! Жан дүйнөсү кенен адам бол!” – деп айтчу; 4. Көптөгөн ишканаларды ачып, ар кандай долбоорлор менен иштешип келет, бирок азыркы учурга чейин санарип технологияларды колдонбойт; 5. Жаш кезинен бери эле китеп окуганды жактырат, өзгөчө тарых китептерине кызыгат. Акыркы бир жыл ичинде Олег Тиньков менен Стив Жобстун эмгектерин окуган; 6. Мектепте окуп жүргөндө шахмат боюнча облустун чемпиону болгон, башталгыч класстын окуучулары үчүн шахмат жана шашки ийримин жетектеген; 7. Студент кезинен баштап иштеп, алгач жашылча базасында жашылча сорттогон. Жайкысын студенттик отряддын коштоочусу болуп иштеген; 8. Кыргыз тилиндеги жакшы көргөн макалдары: “Жакшылык кылсаң айтпа, айтсаң кылба!”, “Акча табылат, көңүл табылбайт!”; 9. Биринчи авто унаасы – ВАЗ-2108 “Спутник” үлгүсундөгү авто унаа, экинчиси - ВАЗ-21099 “Спутник”, андан кийин “Мерседес-Бенц W124” сатып алган. Азыркыга күнгө чейин “Мерс” үлгүсүндөгү авто унаалар менен жүрөт; 10. Советтик кинолорду, Француздардын жана Америкалыктардын комедияларын, тарыхый жана чыныгы окуяларга негизделип тартылган фильмдерди көрөт; 11. Күрөш федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын улуттук олимпиада комитетинин президенти; 12. Жаңы долбоорлорду алгач өзү жетектейт, обьекттин курулушун, өндүрүш технологиясын, маркетингди көзөмөлдөп, жаңы команда топтоп, өзү окутуп үйрөтөт. Качан гана жумуш өз ыргагына түшкөндө, аткаруучу директор дайындайт; 13. Жакшы көргөн спорттун түрү – шахмат жана күрөш; 14. Мектептеги жакшы көргөн сабактары – тарых, география жана адабият болгон; 15. Дүйнөдөгү эң мыкты жер кыргыз тоолору деп эсептейт. Тоолордон жакшы - тоолор гана болушу мүмкүн!!! ____________ В рамках рубрики #НашКандидат представляем вашему вниманию факты о Шаршенбеке Абдыкеримове: 1. Посетил все страны, расположенные в Евразии, Северной и Южной Америке. Не довелось побывать в Антарктиде, Центральной Африке и Австралии. В Австралию не успел съездить из-за COVID-19, а собирался привезти оттуда племенной скот; 2. В детские и юношеские годы любил патриотические песни. Будучи студентом, слушал «дискотеку 80-х и 90-x». Когда начал работать в Казахстане, полюбил кыргызские народные песни и с тех пор отдает им предпочтение; 3. Почти все детство провел на джайлоо, где пас овец, помогал бабушке валять кийиз и шить шырдаки. Она же привила ему мечту быть успешным во всем. Бабушка говорила: «Если учишься, учись на отлично! Если занимаешься чем-то, сделай все качественно! Будь человеком широкой души!»; 4. Успел открыть десятки предприятий, занимается различными проектами, однако пока руки не дошли до тех, что касаются цифровых технологий; 5. С детства любит читать, особенно исторические книги. За последний год прочитал труды Олега Тинькова и Стива Джобса; 6. В школьные годы был чемпионом области по шахматам, вел кружок по шахматам и шашкам для учеников младших классов; 7. Начал работать в студенческие годы. Первая работа – сортировщик овощей на овощной базе. Летом работал проводником в студенческих отрядах проводников; 8. Любимые поговорки на кыргызском языке: «Жакшылык кылсаң айтпа, айтсаң кылба!» (Сделал добро, молчи!) «Акча табылат, көңүл табылбайт!» (Деньги заработаешь, а отношения былого не вернешь); 9. Первая машина – ВАЗ-2108 «Спутник» («восьмерка»), потом ВАЗ-21099 «Спутник» («99-я»), затем «Мерседес-Бенц W124». С тех пор ездит только на «Мерсах»; 10. Смотрит советское кино, французские и американские комедии, исторические фильмы и фильмы, основанные на реальных событиях; 11. Является президентом Федерации спортивной борьбы и Национального Олимпийского Комитета Кыргызской Республики; 12. Новым проектом сначала руководит сам, начиная от строительства объекта, технологии производства и заканчивая маркетингом, продвижением продукта, сам набирает команду, обучает ее. Когда работа поставлена, назначает исполняющего директора; 13. Любимые виды спорта - шахматы и борьба; 14. Любимыми предметами в школе были история, география и литература; 15. Лучшим местом в мире считает кыргызские горы. Лучше гор могут быть только горы!!!

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:02

“Мекеним Кыргызстан” партиясы эмгек мигранттарын мекенине кайтарууну көздөйт! №4 Сиздин тандоо!

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Ибрагим Жунусов, эмгек мигранттарын кантип өлкөгө кайтаруу керек экендигин айтты. --“Мекеним Кыргызстан” партиясы эмгек мигранттарын мекенине кайтарууну көздөйт. Учурда Орусия менен кошуна Казакстанда эле миллиондон ашуун мекендештерибиз иштейт. Аларды мекенине кайтаруу үчүн албетте маянасы жакшы жумуш орундарын түзүү зарыл. Аталган партиянын шайлоо алдындагы программасында дал ушул маселени чечүү жолдору да каралган. Кыргызстанда акыркы 10-15 жылдан бери жумуш издеп сыртка агылгандардын агымы күч. Өлкөдө жумуш жоктугунан, болсо да айлык акысы аздыгынан улам жыл сайын жүздөгөн адамдар, негизинен жумушка жарамдуу жарандарыбыз бактысын башка өлкөлөрдөн издеп кетүүдө. “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер, буга чейин Түркия менен Өзбекстанда элчилик кызматтарда иштеп келдим. Эң башкысы миграция маселесинде алгач мигранттардын келечегин ойлоо зарыл. Алсак, мигранттардын киреше салыгы мамлекеттин казынасына келип түшө турган долбоор иштеп чыгып, кошуна мамлекеттер менен келишим түзүү керек. Ошондо гана кыргыз мигранттары келечекте татыктуу пенсия ала алат. Мындай келишим буга чейин Түркия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн”, - деди “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Ибрагим Жунусов. Эске сала кетсек, “Мекеним Кыргызстан” партиясы шайлоо алдындагы программасында мигранттардын маселесин каралган. Мекендин кадыры алыстан билинет --Активдүү эмгек миграция акыркы он жылдыкта постсоветтик аймакта трендге айланды. Кыргызстан болсо негизинен Орусия менен Казакстанга жумуш күчүн жиберчү өлкөгө айланып калды. Мамлекет эмгек мигранттарынын агымынын өсүшүн өлкөнүн нормалдуу өнүгүүсү жана улуттук коопсуздук үчүн коркунуч катары карашы зарыл. Ошол эле учурда биз башка өлкөлөрдө туруктуу жашаган мигранттар жана мекендештер үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайт: - Чет өлкөлөрдө таанылган диаспора лидерлерине ардактуу консул макамын ыйгаруу; - Башка өлкө жарандыгын алган мекендештерибизге Кыргызстанда өз жарандары менен бирдей, тоскоолдуксуз экономикалык ишмердик жүргүзүү укугун берген атайын карта – «Мекен Карт» берүү; - Мекенинде бизнес ачууну каалаган мекендештерге Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыя алуу жол-жоболорун жеңилдет үү ; - Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын биринчи орун басарынын ыйгарым укуктарына эмгек мигранттарынын – мекендештердин укуктарын коргоо маселесин киргизүү. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:02

№4 «Мекеним Кыргызстан» партиясы – карыларга кам көргөн партия

1-октябрь – Улгайган адамдардын эл аралык күнү. Ал БУУ тарабынан 1990-жылы негизделип, ошондон бери белгиленип келет. Тактап айтканда быйыл бүткүл дүйнө жүзү бул күндү отузунчу жолу белгилөөдө. Акыркы жылдары Кыргызстанда да бул күн улуу муундагы адамдарга өзгөчө көңүл буруу салтка айланып калды. --«Мекеним Кыргызстан» партиясы жыл сайын күнү улгайган адамдарга – чоң ата, чоң энелерибизге, ата-энелерибизге, туугандарыбыздын, кошуна-колоңдорубуздун арасындагы кары кишилерге өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылат. Биз аларды ушул күнү гана эстебей, дайыма көңүл буруп турушубуз керек. Бирок биз эртең эле пенсияны эки эсе көтөрө коёбуз дегендей куру убадаларды бербейбиз. Биз Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшоону убада кылабыз. Экономика өссө ошондо пенсия да көбөйөт. Бул кыял эмес, эгер туура иш жүргүзсөк мындай абалга аз эле убакытта жетсек болот», - дейт «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Улан Садалиев. «Мекеним Кыргызстан» партиясы бардык кыргызстандыктарга, өзгөчө акылман курактагы жарандарыбызга сак-саламаттык, бак-дөөлөттүү карылык жана узун өмүр каалайт. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:03

Нуржигит Кадырбеков коррупцияны жоюу үчүн өлүм жазасын киргизүү керектигин айтты

«Ыйман Нуру» партиясынын тең төрагасы Нуржигит Кадырбеков КТРКнын 30-сентябрдагы теледебатында коррупцияны жоюу үчүн өлүм жазасын кайра алып келүү керектигин айтты. «Бир сот чечим чыгарат, кийинкиси өзгөртөт, андан кийинкиси бузуп коёт. Ошон үчүн сот ар бир чечимге жооп бергидей болуш керек. Коррупия мамлекетти өлтүрөт, киши аткан, сайган адамды гана өлтүрөт. Андыктан коррупцияга кайра өлүм жазасын алып келиш керек », — деди ал. «Билимдүү кадрлар келсе кыйратат деген менен алардын ыйманы болбосо адам кейпиндеги айбан, маңкурт менен жырткычтар чыгып жатканын» кошумчалады.

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:03

Материалы за неделю

no article

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:03

«Мекеним Кыргызстан» № 4! Сандан сапатка! Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу зарыл

Мамлекет эл үчүн – бул коомчулуктун суроо-талабына ыкчам жооп берген заманбап мамлекет. Өз жарандарына сапаттуу жана өз учурунда кызмат көрсөткөн мамлекет. Күчтүү жана эффективдүү, ошол эле учурда болушунча ийкем, максатка ылайыктуу жана жөндүү принциптерди активдүү колдонгон мамлекет. Андыктан «Мекеним Кыргызстан» партиясы мамлекеттик башкарууга эффективдүү механизмди киргизүүгө ынтызар. --Биздин сунуш: – Мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу, жеке тараптарга аутсорсингге берүүгө мүмкүн болгон керексиз функциялардан арылуу; – Оптимизация жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен министрликтер менен ведомстволорду бириктирүү; – Көп функционалдуулук принцибин киргизүү. Вице-премьерлер менен тармактык министрликтердин башчыларынын функцияларын бириктирүү. Ушул эле жол аркылуу министрлер менен башкармалыктардын жетекчилеринин функцияларын айкалыштыруу; – Мамлекеттик кызмат системасына кадр тандоодо компетенттүүлүк стандарттарына жана коомчулук ишенимине дал келген жаңы механизмдерди киргизүү, - дейт “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Амантуров. “Кыргызстанга 120 депутат өтө көптүк кылат. Биз сандан сапатка өтүшүбүз керек жана кыргыз элине пайдалуу, ыңгайлуу мыйзамдарды жазуу зарыл”, - дейт “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов. – Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу зарыл. Азыркы учурда ар бир депутатты кармоодо мамлекет жылына болжол менен 6 жарым миллион сомдой чыгымга учурайт. Өзгөчө соңку чакырылыштагы депутаттар ишке каалаганда келип-кетүү, же себепсиз келбей коюу, кнопка басуу (ордунда жоктор үчүн кыдырып добуш берүү), өз оюн таамай айта албагандардын арбындыгы, элдин мүдөө-талабын эске албай, ар кандай кызыкчылыктардын таламын талашуу менен парламенттин беделин кетирип бүттү. «Мекеним Кыргызстан» ушундан улам парламентте депутаттардын саны эмес, сапаты маанилүү деп эсептейт. Кыргыз парламентаризминин акыркы он жылдыктагы тарыхы көп депутат – мыкты парламент дегенди түшүндүрбөсүн далилдеди. Алсак, депутаттык корпусту кыскартуу бери дегенде бюджеттик каражатты үнөмдөп, ары дегенде парламент ишмердигинин натыйжалуулугун арттырат. Ошондо партиялар шайлоо тизмесин эптеп толтурбай, ич ара иргеп, тандоого өтөт. Парламентке элдин таламын талашкан, билимдүү, чыныгы элдик лидерлер келишине жол ачылмак. Бул сунуштардын айрымдарын ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү талап кылынгандыктан «Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүү демилгесин козгоп, кол топтоого кирише тургандыгын билдирди. 4-октябрда 4-орунда турган “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Биз мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүбүздү далилдейбиз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:04

Белгилүү саясатчы Бөдөш Мамырова “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер

Кыргызстанга белгилүү коомдук жана депутаттык ишмердүүлүгүндө Бөдөш Мамырова аялдардын бизнес жана саясий чөйрөгө аралашуусуна кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө багытталган мыйзамдарды демилгелеп, Жогорку Кеңешке алып чыккандыгы менен элдин эсинде кала алды. Так ушул кыргыздын чыгаан айымы Бөдөш Мамыров учурда “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка аттанып, саясатка кайрадан кадам таштады. Бөдөш Мамырова, калктын аялуу катмарын колдоого багытталган, көптөгөн социалдык маселелерди чечүүгө арналган мыйзамдарды кабыл алууда жигердүү иштеди. Ошол эле учурда Бөдөш Мамырова “Аял укугун коргоо ” деген туунун алдында Батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдарга берилген каражаттар максатсыз жумшалып жаткандыгын сындап, мындай иш-аракеттер келечекте үй-бүлө институтуна да кедергисин тийгизерин көп жолу айткан саналуу гана депутаттардын бири болгон. ММКга берген көптөгөн маектеринде “Аялдардын укугу” демиш болуп, түпкү стратегиялык максаты такыр башка күчтөр бар экендигин ашкерелеген, бул жааттагы көптөгөн актуалдуу маселелерди ачык айткан. Бөдөш Мамырова аялдардын укугун алга сүрөгөн мындай уюмдардын либералдуу идеологиясы салттуу маданиятты карманган коомго өөн көрүнүш экендигин көп жолу айтып чыккандыгы эсибизде. Эгер айрым бейөкмөтчүлөрдүн жетеги менен кыргыз коому кете берсе көптөгөн үй-бүлөдө конфликттер жараларын, аялдардын укугу жана гендер маселелерин калктын жалпы жашоо шартын жакшыртуу жолу менен гана чечүүгө болорун баса белгилеген. Аялдар маселеси менен иштеген коомдук уюмдардын баарын эле бир беткей сындай бербей, аялдарды кесиптик өнөр-ыктарга үйрөтүүгө багытталган иштер менен алектенгенин колдоого алган. Ошону менен бирге Бөдөш Мамырова Кыргызстандагы аялдардын зордук-зомбулукка учурашына каршы экендигин айтып, бул көрүнүштөргө бөгөт болчу иш-чаралар кээде гана өткөрүлүп калбастан, зомбулукка каршы күрөш укук коргоо органдары жана жарандык коомдун эриш-аркак аракети менен дайыма туруктуу жүргүзүлүүсүн талап кылып, чындыкты чыркыратып айтып келген. 4-октябрда 4-орунда турган “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Биз мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүбүздү далилдейбиз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
1 октября 2020 г. 19:46

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстандыктарга кайрылуусу!

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстандыктарга кайрылуусу! Бабанов "Республика" партиясын колдоп, алдыга жолду тандоого чакырды.

Подробнее
1 октября 2020 г. 19:47

Токмок шаары “Республиканы” колдоду!

Токмок шаары “Республиканы” колдоду! Эсенгул Исаков: Бүгүнкү күндө мамлекеттик бийлик, Өкмөт биринчи кезекте элди карашы керек

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:04

Канатбек Азиз: Cоцтармактарда “Мекеним Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоодон четтетилди” деген маалымат калп

Учурда социалдык тармактарда партияларга болгон бири-бирин каралоо күч алды. Айрыкча чындыкка дал келбеген фейк маалыматтар басымдуулук кылууда. Алардын катарында №-4 тизмеден орун алган “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясы алдыңкы сапта турат. Социалдык тармакта тараган “Мекеним Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоодон четтетилди” деген маалыматка жооп катары депутаттыкка талапкер Канат Азиз: --Cоцтармактарда белгисиз себептерден улам “Мекеним Кыргызстан” партиясы жакынкы эки-үч күндүн ичинде парламенттик шайлоодон четтетилди” деген туура эмес фейк маалыматтар тарап жатат. Мына ушул өңүттөгү арзан, натыйжасыз маалыматтар менен шайлоочулардын ишенимин жоготобуз дегендер көбөйдү. Жогорудагы маалыматтар туура эмес, чындыкка дал келбейт”, - деди ал. 4-октябрда 4-тизмеде турган “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Биз мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүбүздү далилдейбиз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:04

Исаков: Хочу применить свой жизненный опыт, интеллект, имеющийся потенциал для улучшения жизни в стране

На сегодняшний день в Кыргызстане проживают более 180 тысячи лиц с ограниченными возможностями здоровья. Большинство из них не в состоянии выйти из собственных домов, не говоря уже о передвижении по городу. Лишь немногие ведут активный образ жизни, отстаивают свои права. Один из них – Толкунбек Исаков. Еще в детстве он потерял зрение, однако это не помешало ему закончить юридический факультет Кыргызского государственного университета национального университета, а затем – защитить диссертацию. Более двадцати лет он отстаивает интересы граждан Кыргызстана и защищает права инвалидов по всей стране. Сегодня Т. Исаков возглавляет Комитет по защите прав лиц с инвалидностью. Помимо этого, Т. Исаков профессионально занимается спортом, является вице-президентом Федерации армрестлинга. За два года выиграл на чемпионатах Азии четыре золотые медали. В одном из интервью Толкунбек Исаков отметил, что, занимаясь общественной деятельностью и защищая права лиц с инвалидностью, он продвигает различные вопросы, направленные на улучшение их жизни. «Я иду на выборы с «Мекеним Кыргызстан», потому что это молодая политическая организация. Здесь собрались преимущественно новые лица, новые силы, настоящие профессионалы. Я считаю, что сплоченная партийная команда может внести существенный вклад в политическую и экономическую жизнь государства, поднимет нашу республику на новую ступень развития. Хочу применить свой жизненный опыт, интеллект, имеющийся потенциал для улучшения жизни в стране, чтобы она стала комфортнее для рядовых граждан». Оплачено уполномоченным представителем по финансовым вопросам партии «Мекеним Кыргызстан» Джайчиевой Гульбарчин Эр Турсуновной из средств специального избирательного фонда политобъединения. Дата выхода 30.09.2020.

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:04

Шайлоого даярдык ойдогудай өтпөгөй жатат

Шайлоого даярдык ойдогудай өтпөгөнүн өкмөт мойнуна алды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингден премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.Партиялардын шайлоо процессине кийлигишпөөсүн өкмөт башчысы дагы бир жолу эске салды.«Жорук жана кылмыштар реестринде бир нече материалдар катталды. Баардык фактылар боюнча иликтөө жүрүп жатат. Кечээ Башкы прокуратура да маалымат берди. Дагы бир жолу эскертем: мыйзамга ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үгүт иштерине катышып, админресурстарды пайдаланууга тыюу салынат», — деди ал.Кубатбек Бороновдун айтымында, Араван районунан тышкары башка аймактарда шайлоо тынч өтүп жатат.

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:04

"Реформа" партиясынын атынан жөнөтүлгөн билдирүү боюнча БШКнын мүчөсү Башкы прокуратурага кайрылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева "Реформа" партиясынын атынан келип жатат делген СМС билдирүүлөр боюнча Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Гүлнара Журабаева өзү тастыктады. "Мен Башкы прокуратурага БШКнын алдындагы ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык тобу аркылуу кайрылдым. Кимдир бирөөлөр "Реформанын" атынан билдирүү жөнөтүүнү уюштурушуптур. Буга карата Башкы прокуратура юридикалык баа берет деп ойлойм" , - дейт Журабаева. Ал эми "Реформа" партиясынын өкүлдөрү социалдык тармактагы баракчаларына: "Бул жалган маалымат жана провокация. Биз уюлдук телефондун операторлорунан тез арада иликтөө жүргүзүшүн талап кылабыз" , - деп жазышкан. Эске салсак, бүгүн уюлдук операторлордун абоненттерине "Реформа" партиясы ЛГБТлардын (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер) укугун коргойт деген маанидеги билдирүүлөр келип жатканын социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышкан. 21:03 01-10-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:05

“Кыргызстан” партиясы №15: Туура тандоо жаса!

4-октябрь күнү өтө турган парламенттик шайлоонун үгүт иштери аяктап калды. Үгүт өнөктүгү учурунда ар бир партия шайлоочуларга өзүнүн программаларын тааныштырып, өлкөнүн бардык аймагында эл менен жолугушууларды өткөрүп келишти. Эми ар бир шайлоочунун алдында мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошо алган татыктуу партияларды тандоо милдети турат. Шайлоого аттанган татыктуу партиялардын бири - бул “Кыргызстан” саясий партиясы. Биз бүгүн “Кыргызстан” партиясынын артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беребиз. БИЗ туруктуу партиябыз 2015-жылы парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, парламентке келген 6 партиянын айрымдары бүгүнкү күндө чачырап кетишти. Ал эми айрым фракциялардын мүчөлөрү башка партиялардын тизмесине кирип парламентке келүүнү көздөшүүдө. 5 жыл мурун биринчи жолу парламентке келген “Кыргызстан” фракциясынын 18 депутатынын ичинен 14 депутат кайрадан партиянын катарында шайлоого аттанышты. Бул туруктуулуктун жакшы көрсөткүчү. Демек, “Кыргызстан” партиясы бүгүнкү партиялык системанын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошууда. БИЗДИН команда өндүрүш кызматкерлеринен жана тажрыйбалуу башкаруучулардан куралган “Кыргызстан” партиясы өлкө аймагында жүздөгөн ишкана куруп, экономиканын өнүгүшүнө зор салым кошкондугу менен айырмаланып турат. Партиянын катарында ишмердүүлүктүн ар кандай тармактарында ийгиликтерге жетишип, өлкө жарандарын миңдеген жумуш орундары менен камсыз кылган талапкерлер бар. Партиянын катарындагы ал талапкерлер KazGrain ун өндүрүүчү заводу, “Аю Фарм” фармацевтикалык заводу, жашылча өстүрүүчү күнөскана комплекси, “Алия” макарон азыктары, “Касиет” фабрикасы, “Tokmok Буллс”, “Эл сүт”, “Artezian”, “Golden Sun”, Kav&Kev сыяктуу ишканаларды уюштуруп, ишке киргизишти. Ошондой эле алдыда көптөгөн башка заводдор, компаниялар, фабрикалар, өнөр жай, курулуш компаниялары жана башкалар долбоорлонуп, курулуп, ишке киргизүүнүн алдында турат. БИЗ берген убадаларыбызды аткарабыз “Кыргызстан” партиясы 2020-жылдагы шайлоого “Эл үчүн” аттуу жаңы программасы менен баратат. Ага экономика, социалдык чөйрө, мамлекеттик башкаруу, маданият, билим берүү, тышкы саясат жана коопсуздук сыяктуу тармактарды реформалоо, өнүктүрүү кирет. Пландалган өзгөрүүлөр жөнөкөй жарандардын жашоосуна оң таасирин тийгизет. Партиянын 2015-жылдагы шайлоо алдындагы эң эсте калган убадаларынын бири жаңы төрөлгөн ымыркайга бир жолу төлөнүүчү 50 миң сом “сүйүнчү пул” төлөп берүү болгон. Бирок экономикадагы көйгөйлөр менен байланышкан бюджеттеги тартыштыктын айынан аны толук аткаруу мүмкүн болгон жок. Ошого карабастан, биздин партиянын аракети менен 2018-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда ар бир төрөлгөн балага 4 миң сом төлөнө баштаган. “Кыргызстан” партиясы алдыдагы шайлоодо өз максатынан баш тартпайт. Жаңы төрөлгөн балага сүйүнчүнүн өлчөмүн 50 миң сомго чейин жеткирет. БИЗ туруктуу элдик колдоого ээбиз 2010-жылы түптөлгөн “Кыргызстан” саясий партиясы 2015-жылы биринчи жолу парламенттик шайлоого катышып, 200 миңден ашык шайлоочунун добушуна ээ болгон. Анын 40 миңден ашыгы партиянын расмий мүчөсү. Андан кийин 2016-жылкы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо республикалык деңгээлде экинчи орунду ээлеген. Бул жылдан-жылга партияга болгон элдин ишеними жогорулап, партияга берген добуштарынын да саны өсүп жатканын далилдейт. Демек, “Кыргызстан” партиясы системалык түрдө партиянын түптөлүшү менен алектенип, ар бир райондо, айыл өкмөттө партиянын өкүлчүлүгү болгондой иш-аракеттерди алып барууда. “Кыргызстан” партиясы жөн гана шайлоо алдында пайда боло калган партиялардай болбой, байма-бай эл менен жакындан иштешип, жер-жерлерде тамырлашып, системалык түрдө ишин алып барууда. ӨКМӨТТҮ жетектөөгө биздин тажрыйбабыз жана эркибиз жетиштүү “Кыргызстан” саясий партиясы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына өткөн күндөн тартып жоопкерчиликтен качпай, өз милдетин так аткарып, мыйзам чыгаруу бийлигин жана көзөмөлдөөчү функцияларын өз ыйгарым укуктарынын чегинде аткарып келди. “Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү аткаруу бийлигинин жогорку кызматтарында, бир катар министрликтерге жана мамлекеттик комитеттерге жетекчи болуп, мамлекеттик башкарууга активдүү аралашып келишет. Тажырыйбалуу адамдардан турган “Кыргызстан” партиясы парламентке келсе, көпчүлүк коалициянын курамына кирип, өкмөттү түзүүгө жана жетектөөгө даяр. БИЗ бир идеянын алдына чогулган ынтымактуу партиябыз Акыркы 5 жыл ичинде башка партияларда же партиялардын Жогорку Кеңештеги фракцияларында бөлүнүп-жарылуу окуялары көп болду. Бир топ депутаттардын позициясы партия менен фракциянын максатына каршы келет делип таптакыр сыртка чыгарылган. “Кыргызстан” партиясында мындай көрүнүш болгон жок. Партиясынын мүчөлөрү бир максат жана идеянын алдында чогулушкан. БИЗ жеңишке умтулган партиябыз “Кыргызстан” партиясы өзүнүн так идеологиясы, уюштуруучулук негизи жана өзүнүн туруктуу элдик колдоосу бар алдыңкы саясий күч экендигин көрсөттү. Баардык жагын эске алганда, “Кыргызстан” партиясынын шайлоо жарышында алдыга чыгууга жана жеңишке жетүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. *** Урматтуу шайлоочулар 4-октябрь күнү өтө турган шайлоонун жыйынтыгы менен өлкөбүздүн келечеги аныкталат. Андыктан, ар бириңиздер парламенттик шайлоого катышып, туура тандоо жасаңыздар! Сиздер “Кыргызстан” партиясына добуш берүү менен мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү бекемдөө, өлкө экономикасын өнүктүрүү, жаңы ишканаларды түзүү, натыйжасыз чиновниктердин санын кыскартуу, коррупцияны жок кылуу сыяктуу максаттарыбызды ишке ашырууга салым кошосуздар. Андыктан өзүңүздүн добушуңузду жаратман “Кыргызстан” саясий партиясына бериңиздер! Кыргызстан партиясы №15: Элдин жыргалчылыгы - жалпы мамлекеттин жыргалчылыгы! Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 1.10.2020) 19:30 01-10-2020

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники