О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 2:24

Тилек Токтогазиев: Үч партия документ тапшырууда эреже бузду

«Ата Мекен» саясий партиясынын катарында шайлоого аттанган Тилек Токтогазиев 3 партия БШКга документтерди тапшыруу учурунда эреже бузду деген ойдо. Бул туурасында ал соцтармактагы баракчасында билдирди. Кеп «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары тууралуу болууда. Токтогазиевдин айтымында, бул 3 саясий уюм шайлоого катышуудан четтетилиши керек. Активист «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстандын» атынан журнал толтурган өкүлдөрдүн кол тамгасы менен кол жазмасы абдан окшош экенин белгилейт. «Бул эки партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып, паспортун карап, кол тамгаларын салыштырыш керек. Эгерде кол тамга алардыкына окшобосо, Конституциялык мыйзамдын 61-беренесине ылайык, бул эки партия шайлоого катыша албайт», — деди Токтогазиев. Ал эми «Кыргызстан» партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү каттоо журналына кол койгон да эмес. «Демек, бул партия дагы ат салышуудан четтетилиши керек», — дейт ал.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:24

Министр Улукбек Кочкоров убактылуу кызматынан кетти

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу токтотулду. Бул тууралуу буйрукка өкмөт башчы Кубатбек Боронов кол койгонунөкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду. «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду», — деп айтылатмаалыматта. Кошумчалай кетсек, буга чейин Улукбек Кочкоров парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясы менен аттанганын билдирген. Ал партиялык тизмеде экинчи орунду ээлейт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:24

БШКда партиялардын документин кабыл алууда чыр чыкты

25-августка караган түнү Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого ат салышкан партиялардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана журналисттер чогулуп, БШК жетекчилигинен «Кыргызстан» партиясы саат канчада талапкерлеринин тизмесин өткөргөнүн так көрсөтүүнү талап кылышты, деп жазат «Азаттык». Чогулгандарды БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабыл алды. Топтолгондорго имараттын кире беришинде коюлган камерадан алынган видео жана партиялардан келген документтерди каттоо журналы көрсөтүлдү. Камерадан алынган видеодогу убакытка караганда «Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү документтерди мыйзамда белгиленген сааттан кеч алып киришкен. Ошондой эле партиялардан келген документтерди каттаган журналда дагы «Кыргызстан» партиясы тапшырган убактысы кол менен оңдолуп, саат 17.59 деп жазылганы көрсөтүлдү. Боршайкомдун мүчөсү видеокамеранын сааты 13 мүнөт алдыда экенин айтты. БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну эрежеге ылайык, 24-августта саат 18:00дө токтотот. Шайлдабекова маселени БШКнын жумушчу тобу 24 сааттын ичинде карап чыгарын билдирди. 24-августта саат 18:20да БШКнын басма сөз кызматы 17 партиянын тизмесин тапшырганын жарыялаган, алардын катарында «Кыргызстан» партиясы да аталган. Көп өтпөй социалдык тармактарда «Кыргызстан» партиясы документтерин мыйзамда белгиленген убакыттан кеч алпарып, маселени жең ичинен чечүүгө аракет кылып жатканы тууралуу маалымат тараган. Аталган партиянын өкүлү Нурбек Алимбеков жана БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришкен. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. БШК 4-сентябрга чейин талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерип, анан бир айлык үгүт башталат.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:33

«Перезагрузка»

«Перезагрузка» "Если наша партия пройдет в парламент, мы будем защищать права кыргызстанок, не только в нашей стране, но и за границей, - сказала Чынара Шейшекеева в нашей программе "Перезагрузка".

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:24

«Ак Шумкар» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары бирикти

«Ак Шумкар» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары бирикти. Бул тууралуу «Ак Шумкардын» лидери Темир Сариев социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Алдыдагы парламенттик шайлоого партиялар бир туу алдында барышат. Эскерте кетсек, буга чейин Сариев «Ата Мекен» партиясы менен бириккенин жар салган, бирок 5-августта альянстан чыкканын билдирген. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Анда 40 партия ат салышаары күтүлүүдө. Мурдараак шайлоого катышуу ниетин билдирген 4 саясий партия ар кандай себептер менен кайра баш тартышты.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:24

Парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, парламенттин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалды. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (Боршайком) шайлоону өлкө мыйзамдарына ылайык уюштуруу тапшырмасы берилди. Өкмөткө шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын Боршайком бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык бөлүп берүү жагы тапшырылды. Башкы прокуратура шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Конституциянын жана өлкө мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү болот. Жергиликтүү бийлик жетекчилерине шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, тактоо, уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча тапшырма берилди. Боршайком парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн графигин былтыр 17-октябрда жарыялап, бул иш-чара 4-октябрда өтөрүн билдирген. Шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө 560 миллион сом талап кылынат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:24

Парламенттик жана жергиликтүү шайлоону бир өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоону парламенттик шайлоо менен чогуу өткөрүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында билдирди, деп жазат «Азаттык». « Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңешке шайлоону бириктирип өткөрсөк туура болот. Анткени бүгүнкү кырдаал ушундай болуп жатат »,-деди ал. Турускулов пандемия шартында эки шайлоону бир күндө өткөрсө бюджеттен кеткен чыгым да азыраак болмок деп эсептейт. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова казынадан парламенттик шайлоого 560 млн. сом, жергиликтүү кеңештерге шайлоого 56 млн. сом бөлүнгөнүн айтты. Жергиликтүү кеңештерге бөлүнгөн акчанын 24 млн. сому коротулганы белгилүү болду. «Жергиликтүү кеңеш менен парламенттик шайлоону чогуу өткөрсөк, акча үнөмдөлүшү мүмкүн. Бирок башка маанилүү жагдайлар да каралыш керек. Эгерде жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтү 30-ноябрга чейин аяктаса, шайлоо кийинки жылдын октябрь айынын биринчи дем алыш күнү өткөрүлөт. Эгерде ошол жылы президенттик же парламенттик шайлоо болсо шайлоону бир күндө өткөрсө болот. Бирок быйыл жергиликтүү кеңештерге шайлоо апрель айынын биринчи дем алыш күнү өтүш керек болчу. Ал өзгөчө абалга байланыштуу токтотулуп калды. Ошондуктан укуктук жактан караганда азыркы окуя башкача абал болуп турат», — деди Шайлдабекова. БШКнын төрайымы эки шайлоону бир өткөрүү пандемия учурунда адамдардын ден соолугуна кандай тобокелдик бар экени анализденгенден кийин гана кабыл алынышы керек экенин айтты. Эки шайлоону бир өткөрүү сунушун башка депутаттар Марлен Маматалиев менен Нурбек Сыдыгалиев да колдоду. Кыргызстанда 12-апрелде беш шаар жана 25 айылдык кеңешке шайлоо өтмөк. Буга чейин Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерин шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия катталган. Алар 13-марттан тартып үгүт өнөктүгүн жүргүзүп жаткан. Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин үгүт иштери 22-мартта башталмак. Коопсуздук кеңешинин 21-марттагы чечими менен шайлоого байланыштуу бардык өнөктүк, үгүт иштери өлкөдө эпидемиологиялык абал калыбына келгенге чейин токтотулган. Ага ылайык, шайлоонун жаңы мөөнөтү аныкталган соң шайлоо өнөктүгү кайсы баскычта токтотулса, ошол жерден улантылат. Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 21:12

"Кыргызстан" партиясынын колдоочулары көбөйүүдө

"Кыргызстан" партиясынын колдоочулары көбөйүүдө "Кыргызстан" партиясы жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүнү улантууда. Бүгүн 12-сентябрь күнү Чүй облусунун Асыл-Баш айлынын тургундары менен жолугушуу болуп өттү.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:24

Наргиза Муратова

Наргиза Муратова, реаниматолог: Өлкө үчүн, өзгөрүүлөр үчүн "Республиканы" тандайм! №14✅ 4 часа

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:31

БШК шайлоого катышууга 15 партияга уруксат берди

no article

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:25

В случае победы в суде, “Кыргызстан” еще может вернуться на выборы в ЖК

По вопросу возвращения поданных документов политической партией “Кыргызстан” в ЦИК сегодня было проведено заседание, на котором большинство проголосовали “ЗА”. Таким образом партия не попадает на предстоящие выборы в парламент. Но как отмечает член ЦИК Атыр Абдрахматова, Канат Исаев вправе подать в суд и обжаловать решение центризбиркома. “Политическая партия Кыргызстан вправе подать в суд и обжаловать принятое решение ЦИК о возврате документов и недопущении их к выборам, в данном случае нет второй инстанции, а суд будет рассматривать дело в срочном порядке, это займет до 3х дней, далее следует кассационное дело, которое продлится порядка пяти дней. Но все же суд не в праве дать распоряжение о допущении партии на выборы, все вновь в руках ЦИК” пояснила Атыр Болотбековна информационном агентству eldik.media. Напомним: Вчера 24 августа в 18:00 все партии идущие на выборы были обязаны подать документы на рассмотрение, но “Кыргызстан” опоздала на минуту и документы были доставлены другим лицом. Как потом пояснил Исаев, доверенное лицо в этот момент был болен и поэтому они приняли такое решение

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:24

Текебаев шайлоодо босогону 3 пайызга түшүрүүнү колдойт

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоодогу добуш топтоо босогосун 3% түшүрүүнү сунуш кылды. Мындай пикирин 22-октябрда Бишкекте Мамлекеттик башкаруу академиясында шайлоо мыйзамын талкуулаган жыйында айтып, бул кадам акчасы аз жана башка мүмкүнчүлүктөрү жок, бирок жаңы идеясы бар кишилердин парламентке келишине жол ачарын билдирди. Текебаев мурда 5%, 7% босогону колдогонун да белгилеп, дүйнөлүк тенденцияны эске алуу керектигин кошумчалады жана «кечээ мүмкүн болгон нерсе, бүгүн мүмкүн болбой калышы ыктымал» , — деди. Кыргызстандын президентин, Жогорку Кеңешин, жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Ош шаары менен Бишкек шаарынын макамы боюнча жалпысынан жети мыйзамга өзгөртүүлөрдү камтыган топтомду президентке караштуу жумушчу топ депутаттар менен бирге иштеп чыккан. Анда утуп чыгуу босогосу 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатылган. 2011-жылы босого эсеби 5тен 7 пайызга көтөрүлгөн. 2014-жылы Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн лидерлери партиялар үчүн парламентке өтүү босогосун 10 пайызга чейин жогорулатууну сунуш кылып, аны ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев да колдогон. Бул демилгени кубаттагандардын арасында Өмүрбек Текебаев да болгон .

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:24

Токмок шаарынын мэри болуп Данияр Амангелдиев шайланды

БШК 2018-жылдын 17-мартындагы өткөн Токмок шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдорун бекитти. Протоколдордун негизинде Токмок шаарынын мэрин шайлоо өттү деп таанылып, шаар мэри болуп Амангельдиев Данияр Джолдошевич таанылды. Шайланган мэрге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Токмок аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

"Замандашчылар" Ат-Башыда Чеч-Дөбөгө зыярат кылышып, Мухтар Өмүракуновго куран окутушту

Элдин сүймөнчүлүгүнө айланып, чоң колдоосуна татыган айтылуу “Замандаш” партиясы алгачкы үгүт ишин алыскы Нарын облусунун Ат-Башы районунан баштады. Себеби бул касиеттүү өрөөн кыргыздын мекенчил уулу, маркум Мухтарбек Өмүракуновдун туулган жери жана сөөгү жаткан жер эмеспи. Бейиши болгур Мухтар агабыз 13 жыл мурун “Замандаш” партиясын түптөп, 2011-жылы артында калган ага-туугандарына, санаалаштарына мурас катары калтырып кеткени маалым. “Замандаштын” лидери Жеңиш Молдокматов, Мелис Турганбаев, Улукбек Ормонов, Чынара Шейшекеева, Айсулуу Мамашова, Умбеталы Кыдыралиев, Бакыт Жумагулов баштаган талапкерлер жана партияны колдогон бир топ адамдар бул күнү кыргыздын тарыхында эң чоң орду бар, ыйык жер болгон Чеч-Дөбө мазарына барышып, ата-бабаларга куран окутушту. Чынында Чеч-Дөбөгө адамдын көзүнө көрүнө бербеген улуу касиеттин уюганы ырас. Ал касиетти билгендер жана сезгендер улуу ишке аттануунун башатын сөзсүз түрдө ошол ыйык жерге зыярат кылуу менен башташат. Көпчүлүккө маалым болгондой, зыяраты кабыл болгондорго ал ыйык жерден аян берилип, сыр көрүнөт... “Замандаштын” талапкерлери Чеч-Дөбөгө зыярат кылышкан соң, Мухтар Өмүракуновдун кабырына барышып, анын арбагына багыштап куран окутушту. Албетте, “Өлгөндөр да баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт” демекчи, “Замандашчылар” Мухтар Сүйүналиевичтин арбагына ар дайым куран окушуп, эл үчүн жасап кеткен опол тоодой эмгегине таазим кылып келишет. Мындан соң “Замандашчылар” Ат-Башы эли менен жолугушуп, бул партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанышкан татыктуу талапкерлер карапайым элге партиянын программасын айтып берип, элдин социалдык жашоосун оңдоо маселесин талкуулашты. Ошондой эле кышы узун, шарты катаал бул Ат-Башы районунун чечилбеген көйгөйлөрүн чечүүгө чоң аракеттер көрүлө турганын ишенимдүү айтышты. Бул айтылуу өрөөндүн сыймыктуу уулу генерал Мелис Турганбаев менен маркум Мухтар Өмүракуновдун ишин улап келаткан анын жубайы Чынара Шейшекеева да шайлоочуларга партиянын асыл максаттарын жана калктын көйгөйлөрүн чечүү боюнча өз ойлорун айтышты. Ат-Башы эли 13 жылдан бери башка партияларга салыштырмалуу барандуу иштерди жасап келаткан “Замандаш” партиясынын татыктуу талапкерлерин алкап, ак батасын беришти. Ошентип “Замандашчылар” абасы аңкыган Ат-Башыдан чоң колдоо, ийгилик менен Ак-Талаага жөнөп кетишти. Аткаруучу: "Замандаш" саясий партиясынын маалыматтык штабы. Дареги: Бишкек шаары, Жал кичи району 23, 28 Кардар: "Замандаш" саясий партиясы. Нускасы: 3 2020-жылдын 4-сентябрында өндүрүлгөн. "Замандаш" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Гүлнара Буларбековна тарабынан төлөнгөн (Күбөлүк №97, 10.08.2020-жыл). 13:52 05-09-2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

"Замандаш" партиясы Нарын облусундагы шайлоочулар менен жолугушууну Ак-Талаа районунан баштады

Ааламга жол айылдан башталат, айылдан улуу залкарлар, элин, жерин сүйгөн адамдар чыккан. Жеңиш Молдокматов алдыга чоң кадам таштаардан мурун өз айылына барып, кичи мекенинин тургундары менен амандашып, ак сакалдардан бата алуу үчүн боордоштору менен жолукту. Жеңиш Молдокматов Советтер союзу ыдырап, Кыргызстан мамлекети жаңы түптөлгөндө Ысык-Көл облусунда төрөлүп, кийин Ак-Талаа районунун Куртка айылында окуп, Нарын шаарында иштеген. Чет өлкөдө жогорку окуу жайда билим алып, кийин Бишкекке которулуп, ишин уланткан. 2010-жылдан баштап коомдук иштерге аралашып, 2015-жылы "Замандаш" партиясынын курамына кирип, 2018-жылы партиянын төрагалыгына өтүп, быйылкы парламенттик шайлоого, партияны жетектеди. Алгач өз кичи мекени Куртка айылына келип, бата алды. Өз атасына куран түшүрүп, эли менен амандашкандан өтөөрү жок болсо керек. Ак-Талаа району да өз кулунун ураан менен күтүп алды. Ак-Талаа жерине Жеңиш Молдокматов менен бирге партия негиздөөчүсү Мухтарбек Өмүракуновдун жубайы Чынара Шейшекеева , алтынчы чакырылыштын депутаттары Умбетаалы Кадыралиев менен Айсулуу Мамашова да барган. Партиянын катарында күчтүү, өз жерине күйө турган азаматтар элдин ал-акыбалын сурап, талабын талашканга даярдыгын билдиришти. Жеңиш Молдокматов өз кайрылуусунда: “Мухтарбек Өмүракунов партияны түзүп жатып, сыртта жүргөн өзүнүн боордошторун көрүп, мекениме жардамым тийсе экен деген каалоосу бар эле. Өзгөчө пандемиянын айынан мамлекетти өнүктүрүү боюнча мыкты реформаларды жасоо керектигин билдирди. Биздин карыялар да өнүккөн мамлекеттердин карыяларындай эл, жер көрүп, саякаттап, татыктуу карылыкты өткөрүшү керек. Өлкөбүздө дүйнөлүк стандартка жооп бере турган мектептер курулушу керек, ошондой мектептерди куруунун учуру келди. Биздин катарда кесипкөй, тажрыйбалуу мугалимден баштап генералдарга чейин өз ишин мыкты билген талапкерлер бар. Шайлоо деген күрөш, бул шайлоодо жеңишке жетебиз деген максатта аттанып жатышат. "Замандаштын" он жылдап кылган эмгеги жана тарыхы бар таза партия, биз куру убадаларды бербейбиз, катарда жүргөн мыктылар, парламентке барып сиздердин өкүлүңөр болуп, үнүңөрдү угузуу үчүн баратабыз. Биздин катарда мекен үчүн иштейли, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошолу деген жаш талапкерлер бар. Мен өлкөнүн тагдырын ойлонуп, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө биз салым кошпосок, ким салым кошот деп ойлодум. Добушуңарды урматтуу элим акчага сатпагыла, эми биздин мамлекетибиздин келечеги сиздердин колуңуздарда. Биримдикте бололу, бирге өнүгөлү калкым". Ошондой эле жолугушууда көптөгөн маселелерди чечүү жолдору партиянын программасында бар экенин баса белгиледи. Аткаруучу: "Замандаш" саясий партиясынын маалыматтык штабы. Дареги: Бишкек шаары, Жал кичи району 23, 28 Кардар: "Замандаш" саясий партиясы. Нускасы: 4 2020-жылдын 4-сентябрында өндүрүлгөн. "Замандаш" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Гүлнара Буларбековна тарабынан төлөнгөн (Күбөлүк №97, 10.08.2020-жыл). 13:16 05-09-2020

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники