О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
2 октября 2020 г. 0:06

Семь причин, почему избиратель должен поддержать партию «Биримдик»

4 октября кыргызстанцам предстоит сформировать Жогорку Кенеша VII созыва. Почему избиратель должен отдать свой голос за нашу партию «Биримдик? Объясняем. 1 Все хорошее начинается с единства, объединения и сплоченности. То общество, где есть единство, всегда будет развитым. Главная заповедь Манаса Великодушного — это единство народа! Поэтому первая причина поддержать «Биримдик» — само название партии. 2 Единство должно быть везде, как в семье, так и в обществе. Для этого нужно поддержать «Биримдик». 3 «Биримдик» — это уверенное развитие с активной внутренней и внешней интеграцией и коллективной безопасностью. Если мы хотим, чтобы наш Кыргызстан стал богатой, стабильной и развитой страной, вы должны поддержать «Биримдик»! 4 Евразийский выбор имеет 3-тысячилетнюю историю, и мы унаследовали это понимание от предков. Верность этого вектора развития доказала нам история. В этой связи надо поддержать «Биримдик», идеология которой — евразийский выбор. 5 Все мы хотим, чтобы в обществе была справедливость, социальное равенство. В свою очередь один из столпов идеологии партии «Биримдик» — это социальное равенство. Если вы разделяете наш принцип, вы должны поддержать партию «Биримдик». 6 «Биримдик» — партия, которая ставит в приоритет борьбу с коррупцией. Если мы хотим очистить наше общество от коррупции, то нам нужны союзники. Поддержите партию «Биримдик»! 7 «Биримдик» — это партия профессионалов и патриотов. Если мы хотим, чтобы в ближайшие пять лет государством руководили высококвалифицированные кадры, вы должны поддержать нашу партию! Партия «Биримдик» № 1 в избирательном бюллетене! * ** Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» ( « Единство » ) уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:06

Шайлоо. Жашпы, аксакалбы, жумушсузбу, жетекчиби? Талапкер боюнча эмне билесиз?

Кыргызстанда 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттын шайлоо болот. Ага 16 партия катышууда. 24.kg агенттиги талапкерлер боюнча маалыматтарды топтоп, сереп салды. Эми биз парламентте орточостатистикалык талапкердин ким экенин жакшы билебиз. Сиз дагы бул жерден тесттен өтүп өзүңүздү сынап көрүңүз. Дата-редакторлор: Кристина Шведа, Анастасия Валеева. Иллюстрация: Надежда Хабичевская. Материал «Интерньюс в Кыргызстан» уюмунун USAID, Дүйнөлүк банк, DFID жана IDEMдин колдоосунда ишке ашып жаткан дата-журналистика боюнча «Медиа-К» долбоорунун стипендиаттары тарабынан даярдалды. Программанын ментору - Анастасия Валеева. Материалдагы пикир жана бүтүм «Интерньюс» уюумунун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-каращын билдирбейт.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:06

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү жаратман жана бир пикирде!

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков шайлоочуларына кайрылуу жасады. — Урматтуу агайын туугандар, шайлоочулар! Жогорку Кеңешке шайлоо баарыбызга эң жоопкерчиликтуу милдет. Мен дагы Кыргызстандын атуулу катары, шайлоочу катары катышып өз тандоомду, добушумду берип келем. Анткени ар бирибиздин тандообуз, добушубуз чечүүчү болот! Менин билимим, мүмкүнчүлүгүм жана иш тажрыйбам партиянын астына койгон максатын ишке ашырууга жана өлкөбүздө бизнес сферанын, соцблоктун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кандай реформаларды жүзөгө ашыруу жетет. Бул максатты ишенимди — элим кабыл алат жана бекемдейт деген ишенимдемин. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү ушул программада зарылдыгы көрсөтүлгөн көптөгөн мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга даяр. Биз Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөнү кезектеги көчө революциясы эмес, интеллектуалдуу революция, инновация жана жаңы идеялардын революциясы менен таң калтырарына ишенебиз. Кыргызстан региондогу ийгиликтүү модернизациянын үлгүсү боло алат жана ошондой болууга тийиш. Чыгыш Азияда азыр төрт «жолборс» бар. Эми Борбор Азия «барстарынын» мезгили келди. «Мекеним-Кыргызстан» партиясы мекенибиз үчүн ийгиликтин башаты, жакшылыктын жарчысы», — деди депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков. «Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:06

Зайнидин Курманов: «Мекеним Кыргызстандын» шайлоо алдындагы программасы олуттуу

Тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Зайнидин Курманов социалдык тармактагы баракчасына партиялардын программалары боюнча көз карашын жарыялады. Профессор башка партиялардын арасынан «Мекеним Кыргызстанды» өзгөчө белгилеп, парламенттик жарыштын фаворити катары сыпаттады. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасы мени таң калтырды. Аталган партияны социалдык тармактарда тепкилебеген адам калган жок. Эринбей окуп чыгыңыздар. Бул социалдык-либералдык идеологияны камтыган максаты анык программа. Партиянын планы алдыдагы 5 жылдыкты гана эмес, андан аркы мезгилди да камтыган. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өзүнүн убадаларын гана эмес, жаңы саясий багытты элге сунуштады. Эң башкысы чар жайыт, бири-бирине байланышы жок башкалардан уурдалган идеяларды алып чыккан жок. «Мекеним Кыргызстан» партиясы КМШ мамлекеттер арасында миңдеп саналган катардагы саны бар сапаты жок партия эмес, заманбап идеологиясы бар, жарандарга камкордук көргөн, алардын укугу, эркиндиги маанилүү болгон партия боло алды. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасында көз караштардын системасы орун алган, «жапайы капитализмдин» ордуна «социалдык капитализмди» курууга умтулган идеологиялык партия. Партиянын программасындагы адам укуктары, жарандык коомдун, бизнестин өнүгүүсү, калкты социалдык колдоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, башкаруу, аймактардын өнүгүүсү, экономикалык саясат жана башка адамзаттын маанилүү көйгөйлөрүн чечүү жолдору дал ушул социалдык либерализм идеологиясынан келип чыккан. ЕАЭСтин алкагында Евразиялык интеграция маселесине чоң маани берилген. Анткени бизде башка цивилизациялык альтернатива жок. Европа биримдиги да НАФТА да бизди күтпөйт. Албетте Кытай, Иран, Афганистан, Пакистан же Индия менен интеграциялашуу маселесин карап көрсө болот. Бул партиянын талапкерлери Жогорку Кеңешке келип калса программасын ишке ашырууга киришүүсүн абдан каалайт элем. Зайнидин Курманов, тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери. *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:06

Өкмөт шайлоо процесси кемчиликтер менен коштолуп жатканын мойнунга алды

«Шайлоо идеалдуу өтүп жатат дегенден алысмын», — деп билдирди премьер-министр Кубатбек Боронов. Аткаминерлердин шайлоо процессине кийлигишпөөсүн өкмөт башчысы дагы бир жолу эске салды. «Жорук жана кылмыштар реестринде бир нече материалдар катталды. Баардык фактылар боюнча иликтөө жүрүп жатат. Кечээ Башкы прокуратура да маалымат берди. Дагы бир жолу эскертем: мыйзамга ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үгүт иштерине катышып, админресурстарды пайдаланууга тыюу салынат», — деди ал. Кубатбек Бороновдун айтымында, Араван районундагы окуяны эске албаганда, үгүт иштери тынч өттү.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:07

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы 7 облуска түзгөн программасы

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо алдындагы баардык облустарга өнүгүү долбоорун иштеп чыкты. Облустар үчүн өнүгүү долбоорлору Баткен облусунда күрүч, рапс, соя, ошондой эле мөмө-жемиштерди өстүрүүгө багытталган тамак-аш жана кайра иштетүү тармактарын, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнү демилгелөө керек. Аты алыска кеткен айтылуу Баткен өрүгү аймактын визиттик карточкаларынын бири жана экспорттун эн белгиси болуп калышы керек. Жалал-Абад облусунда электр энергиясын, электрониканы, көмүр казып алуу жана башка пайдалуу кендерди өндүрүүнү андан ары өнүктүрүү зарыл. Баарынан мурда пахта өндүрүүгө жана уникалдуу жапайы жаңгак токойлорунун түшүмүн кайра иштетүүгө адистешкен айыл чарба тармагын өнүктүрүү керек. Мындай географиялык жайгашууда рекреациялык инфраструктураны өнүктүрүү да абдан маанилүү. Ысык-Көл облусунда эс алуучу туристтик инфраструктураны интенсивдүү өнүктүрүү зарыл. Ошондой эле транспорттук жана коммуникациялык инфраструктураны да. Органикалык жашылчалар менен жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү өтө кирешелүү болот. Мындан тышкары Ысык-Көлдө спорттук медицина тармагында кызмат көрсөтүү структурасын иштеп чыгуу керек. Ошондо бизге өздөрүн калыбына келтирүү жана реабилитациялоо үчүн КМШнын бардык өлкөлөрүнөн спортчулар келмек. Нарын облусу өзүнүн географиялык жайгашуусун колдонуп, соода-логистикалык потенциалын өнүктүрсө болот. Нарында ошондой эле жогорку өнүмдүү мал чарбачылыгы үчүн да бардык шарттар бар. Аймак акыркы жылдары этнотуризмдин сүйүүчүлөрү үчүн да жагымдуу жайга айланууда. Экологиялык жана медициналык туризмдин багыттары да перспективдүү болушу мүмкүн. Ошондой эле «Нарын» ЭЭАсынын өнүгүүсүнө жаңы дем берүү керек. Ош облусунун экономикасы үчүн жеңил, кайра иштетүү өнөр жайын, ар тараптуу айыл чарба тармагын, биринчи кезекте бакча өсүмдүктөрүн жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүү локомотив болушу мүмкүн. Тоо-кен тармагы да алардын катарында. Экологиялык, этно, ошондой эле «зыярат» туризмин өнүктүрүү да маанилүү, анткени аймакта көптөгөн мазарлар, ыйык жайлар, мечиттер бар. Заманбап байланышты, мунай өнөр жайын, түштүк регионунун чет мамлекеттер менен соода жүргүзүүсүн, ошондой эле эки тараптуу сооданы камсыз кылган инфраструктураны өнүктүрүү зарыл. Суу түтүктөрүнүн жана ирригациялык системанын курулушун улантуу да маанилүү маселе. Талас облусунда кайра иштетүү өнөр жайын түзүү, айыл чарба продукцияларын, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана аларды экспорттоо, байланышты өнүктүрүү маанилүү. Мындан тышкары бул аймакта маданий жана тарыхый туризмди да өнүктүрсө болот. Чүй облусу үчүн логистикалык борборлорду өнүктүрүү, IT-паркка инвестицияларды тартуу, инфраструктура, тоо-кен байлыктарын казуу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана билим берүү мекемелеринин деңгээлин жогорулатуу приоритеттүү багыт болуп саналат. «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиздер! Максатыбыз бир, жолубуз шыдыр элибиз аман болсун! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлу Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:40

Жаңы партиялар алдыдагы шайлоодо “сюрприздерди” көрсөтө алабы?

Семетей АМАНБЕКОВ —Elgezit.kg сайтынын башкы редактору 2020-жылдын Жогорку Кеңешке парламентти шайлоосу аягына жакындап калган учуру. Шайлоого 3 гана күн калды, эми Борбордук шайлоо комитети жарыштан бир дагы партияны, бир дагы кандидатты четтетүүгө укугу жок. Аналитиктердин айтуусуна караганда, жарыштын алдыңкылары болуп административдик жана финансылык ресурстарга бай партиялар эсептелинет. Биринчиси – форма 2 аркылуу мамлекеттик ишкерлердин добушун топтоп махинация кылгандар, экинчиси – үгүт кампаниялардын кең пейилдик менен акча төлөгөндөр жана массалык добуш топтогондор. Ошондой эле күчтүү административдик жана финансылык ресурстарга ээ болгон партиялар өзүнүн катарына белгилүү жана авторитеттүү инсандарды кошуусу дагы шайлоонун жыйынтыгында чоң роль ойношу мүмкүн. Ошону менен бирге саясатчылар жана аналитиктер алдыдагы шайлоо көптөгөн сюрприздерге бай болорун айтышууда. Көптөгөн жаңы партиялардын катышуусу, ошондой эле күчтүү карама-каршы электоратына карабастан, жарышта “кара күчтөр” да марага чыгуусу мүмкүн. Эмне үчүн жаңы партиялар жеңишке жетүүсү мүмкүн? Чыныгы реформалардын жоктугу, пандемия учурундагы өкмөттүн шалаакылыгы, экономикалык кризистен өлкөнү чыгара албагандыгы, ошондой эле VI чакырылыштын сабатсыздыгынын айынан натыйжасыз иштөөсү өлкөдө күчтүү карама-каршы электоратты жаратты. Жогорку Кеңештин депутаттарынын абалы жаңы адамдардын келүүсүн жана бүтүндөй саясий системанын өзгөрүүсүн талап кылууда. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында жүргүзүлгөн “Кыргызстандагы 2020-жылдын парламенттик шайлоосу шайлоочулардын көзү менен” аталышындагы социалдык изилдөөсүнө ылайык, шайлоочулардын 96%ы парламентте билимдүү эл өкүлдөрүн көргүсү келерин белгилешкен. Ошондой эле жаш, жаңы жана “элдик” талапкерлерди колдоорун айтышкан. Элдин бардыгы чыныгы өзгөрүүлөрдү жана жашоонун деңгээлинин өсүүсүн каалап турган учуру. Коомдун маанайын тез сезип, келечектеги саясий мейкиндикке болгон көз карашын жаңырткан партия модераторлоруна сый көрсөтүшүбүз керек. Учурдагы парламенттик шайлоого өз тарыхында биринчи жолу бир нече жаңы партиялар бара жатат (алардын айрымдары ачык-айкын фаворит статусуна ээ), ал эми эски партиялардын көпчүлүгү өз платформаларын толугу менен реформалап, талапкерлердин катарын жаңыртышты. Ошону менен бирге, коом мындан ары партиянын көрнөк-жарнактарына алданбай тургандыгын, эми жөн гана “жаңы” болуу жетишсиз экендигин, жаңы платформага, идеяларга ээ болуп, бийлик структурасында эмнени өзгөртүү керектигин түшүнүү керек. Ошондуктан «эски-жаңы» партиялар күчтүү каржылык жана административдик ресурстарга ээ болгондугуна карабастан, катарында VI чакырылыштын депутаттары, олигархтар, чиновниктер, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү көп болгондуктан керектүү добуштарды ала албай калышы мүмкүн. Өлкөнүн аймактарынын көпчүлүгү парламенттик шайлоолордо «дос же душман» принциби боюнча өз тандоосун жасап келишкен. Катарында аймактык лидерлер, айылдарынын, райондорунун, шаарларынын же облустарынын активисттери бар партиялар артыкчылыкка ээ болуп келген. Партиялардын идеологиясы жана платформасы ар дайым экинчи орунда кала турган. Бирок азыркы парламенттик шайлоодо бул «сурнай» дагы иштебей калышы мүмкүн, анткени коомдо көңүл калуу деңгээли өтө жогору. Ушундан улам өлкөдө реалдуу тармактык өзгөрүүлөрдү сунуш кылган жана саясий жактан толугу менен жаңыланган партиялар жеңишке ээ болушу мүмкүн. Бул жерде шайлоочулардын популисттик чараларды көрүүгө чакырган кээ бир радикалдык партиялардын экстремисттик ураандарына алданып калбашы өтө маанилүү. «Талап-тоноо» жана «биз эскилердин бардыгын жер менен жексен кылабыз» деген ураандар ыргытылат. Мисалы, Украинада ушундай бузуку жол менен саясий жана мамлекеттик системаны жок кылуу процессин баштаган. Азыр Европа биримдигинин өкүлдөрү дагы Украинада бийликтин вертикалы талкаланганын, мамлекетти регионалдык кландар башкарып жаткандыгын жана аларды европалык негизде реформалоо мүмкүн эместигин моюнга алышууда. Дал ушундай абалга кабылбаш үчүн коңшулардын каталарынан сабак алып, мындай акылсыздыкты жасабашыбыз керек. Ошондуктан суроо-талап болгондуктан, бул процесстер саясий укуктук нукта кала тургандай олуттуу социалдык чектен чыгып кетпеши үчүн зарыл болгон жооп түзүлөт. Жаңы муун өзүнүн көңүлүн жаңыланган партияларга бурушу толук мүмкүн. Бул өлкөнүн саясий өнүгүүсүнүн табигый талап кылынган процесси. Коронавирус пандемиясы коомдогу дүйнө таанымдын өзгөрүшүнө, мамлекеттин турмушунда сапаттуу өзгөрүүлөрдү жасоого умтулган жаңы саясий каармандардын пайда болушуна өбөлгө болду. Демек, алдыдагы шайлоонун башкы сюрпризи жаңы саясатчылардын, жаңы партиялардын жеңиши менен коштолушу толук ыктымал. Азыркы бийлик бул кадимки көрүнүш экендигин гана түшүнүшү керек. Реформа жасоо мүмкүнчүлүгү оппозициялык энергияга айланып, легитимсиз талаага чачырап кетпестен, парламенттеги позитивдүү чыгармачыл энергияга айланганы жакшы. Мисалы, аянтта. Буга чейин бир нече жолу болгондой…

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:07

Канат Аманкулов: Элдин татыктуу жашоосу үчүн партиябыз баардык аракетин жасайт

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү — жаратман жана бир пикирде. Партиялаштарды тек-жайына карабай жалпы бир түшүнүк — Кыргызстанда кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ой бириктирди. «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Канат Аманкулов. — «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы мыкты түзүлгөн, себеби анда социалдык саясатты өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар камтылган. Ошондон улам партиянын жеңип чыгарына толук ишенем. Пандемия көптөгөн адамдардын көз карашын өзгөрттү. Коомубуз, анын ичинде элибиз, ошондой эле жаштар, дарыгерлер, мугалимдерибиз пандемия учурунда биримдиктин эң мыкты үлгүсүн көрсөтө алды. Элибиз жакшы жашоого татыктуу. Бул үчүн партиянын мүчөлөрү колдон келген бардык аракеттерин жасайт деп ишенем. Биз, депутаттыкка талапкерлигин коюп жаткандар жеңишке жетип калсак, жеке милдетибизди сезе билип, элибиз берген тапшырманы так аткарууга милдеттүү экендигибизди эсибизден чыгарбашыбыз керек. Жаштарыбыздын «улуулардын тажрыйбасы — жаштардын энергиясы» деген урааны, биримдиги партиябыздын тренддеринин бири болуп саналат. Элибизде бекеринен «көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет» деп айтылбаса керек. Биздин партия жеке максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон аянт эмес, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн аракеттенүүчү талапташтардын союзу экендигин калың элге далилдеп берүүбүз абзел, — деди. *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:07

«Мекеним Кыргызстан» партиясы эмгек мигранттарын мекенине кайтарууну көздөйт!

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Ибрагим Жунусов, эмгек мигранттарын кантип өлкөгө кайтаруу керек экендигин айтты. — «Мекеним Кыргызстан» партиясы эмгек мигранттарын мекенине кайтарууну көздөйт. Учурда Орусия менен кошуна Казакстанда эле миллиондон ашуун мекендештерибиз иштейт. Аларды мекенине кайтаруу үчүн албетте маянасы жакшы жумуш орундарын түзүү зарыл. Аталган партиянын шайлоо алдындагы программасында дал ушул маселени чечүү жолдору да каралган. Кыргызстанда акыркы 10-15 жылдан бери жумуш издеп сыртка агылгандардын агымы күч. Өлкөдө жумуш жоктугунан, болсо да айлык акысы аздыгынан улам жыл сайын жүздөгөн адамдар, негизинен жумушка жарамдуу жарандарыбыз бактысын башка өлкөлөрдөн издеп кетүүдө. «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер, буга чейин Түркия менен Өзбекстанда элчилик кызматтарда иштеп келдим. Эң башкысы миграция маселесинде алгач мигранттардын келечегин ойлоо зарыл. Алсак, мигранттардын киреше салыгы мамлекеттин казынасына келип түшө турган долбоор иштеп чыгып, кошуна мамлекеттер менен келишим түзүү керек. Ошондо гана кыргыз мигранттары келечекте татыктуу пенсия ала алат. Мындай келишим буга чейин Түркия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн«, — деди «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Ибрагим Жунусов. Эске салсак, «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоо алдындагы программасында мигранттардын маселесин каралган. Мекендин кадыры алыстан билинет — Активдүү эмгек миграция акыркы он жылдыкта постсоветтик аймакта трендге айланды. Кыргызстан болсо негизинен Орусия менен Казакстанга жумуш күчүн жиберчү өлкөгө айланып калды. Мамлекет эмгек мигранттарынын агымынын өсүшүн өлкөнүн нормалдуу өнүгүүсү жана улуттук коопсуздук үчүн коркунуч катары карашы зарыл. Ошол эле учурда биз башка өлкөлөрдө туруктуу жашаган мигранттар жана мекендештер үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайт: — Чет өлкөлөрдө таанылган диаспора лидерлерине ардактуу консул макамын ыйгаруу; — Башка өлкө жарандыгын алган мекендештерибизге Кыргызстанда өз жарандары менен бирдей, тоскоолдуксуз экономикалык ишмердик жүргүзүү укугун берген атайын карта — «Мекен Карт» берүү; — Мекенинде бизнес ачууну каалаган мекендештерге Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыя алуу жол-жоболорун жеңилдетүү; — Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын биринчи орун басарынын ыйгарым укуктарына эмгек мигранттарынын — мекендештердин укуктарын коргоо маселесин киргизүү. *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:07

№ 4 «Мекеним Кыргызстан» — карыларга кам көргөн партия

1-октябрь — Улгайган адамдардын эл аралык күнү. Ал БУУ тарабынан 1990-жылы негизделип, ошондон бери белгиленип келет. Тактап айтканда быйыл бүткүл дүйнө жүзү бул күндү отузунчу жолу белгилөөдө. Акыркы жылдары Кыргызстанда да бул күн улуу муундагы адамдарга өзгөчө көңүл буруу салтка айланып калды. «Мекеним Кыргызстан» партиясы жыл сайын күнү улгайган адамдарга — чоң ата, чоң энелерибизге, ата-энелерибизге, туугандарыбыздын, кошуна-колоңдорубуздун арасындагы кары кишилерге өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылат. Биз аларды ушул күнү гана эстебей, дайыма көңүл буруп турушубуз керек. Бирок биз эртең эле пенсияны эки эсе көтөрө коебуз дегендей куру убадаларды бербейбиз. Биз Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшоону убада кылабыз. Экономика өссө ошондо пенсия да көбөйөт. Бул кыял эмес, эгер туура иш жүргүзсөк мындай абалга аз эле убакытта жетсек болот«, — дейт «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Улан Садалиев. «Мекеним Кыргызстан» партиясы бардык кыргызстандыктарга, өзгөчө акылман курактагы жарандарыбызга сак-саламаттык, бак-дөөлөттүү карылык жана узун өмүр каалайт. *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:07

«Мекеним Кыргызстан»: Депутаттардын санын эки эсе кыскартуу зарыл

Мамлекет эл үчүн — бул коомчулуктун суроо-талабына ыкчам жооп берген заманбап мамлекет. Өз жарандарына сапаттуу жана өз учурунда кызмат көрсөткөн мамлекет. Күчтүү жана эффективдүү, ошол эле учурда болушунча ийкем, максатка ылайыктуу жана жөндүү принциптерди активдүү колдонгон мамлекет. Андыктан «Мекеним Кыргызстан» партиясы мамлекеттик башкарууга эффективдүү механизмди киргизүүгө ынтызар. Биздин сунуш: — Мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу, жеке тараптарга аутсорсингге берүүгө мүмкүн болгон керексиз функциялардан арылуу; — Оптимизация жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен министрликтер менен ведомстволорду бириктирүү; — Көп функционалдуулук принцибин киргизүү. Вице-премьерлер менен тармактык министрликтердин башчыларынын функцияларын бириктирүү. Ушул эле жол аркылуу министрлер менен башкармалыктардын жетекчилеринин функцияларын айкалыштыруу; — Мамлекеттик кызмат системасына кадр тандоодо компетенттүүлүк стандарттарына жана коомчулук ишенимине дал келген жаңы механизмдерди киргизүү, — дейт «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Амантуров. «Кыргызстанга 120 депутат өтө көптүк кылат. Биз сандан сапатка өтүшүбүз керек жана кыргыз элине пайдалуу, ыңгайлуу мыйзамдарды жазуу зарыл», — дейт «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов. — Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу зарыл. Азыркы учурда ар бир депутатты кармоодо мамлекет жылына болжол менен 6 жарым миллион сомдой чыгымга учурайт. Өзгөчө соңку чакырылыштагы депутаттар ишке каалаганда келип-кетүү, же себепсиз келбей коюу, кнопка басуу (ордунда жоктор үчүн кыдырып добуш берүү), өз оюн таамай айта албагандардын арбындыгы, элдин мүдөө-талабын эске албай, ар кандай кызыкчылыктардын таламын талашуу менен парламенттин беделин кетирип бүттү. «Мекеним Кыргызстан» ушундан улам парламентте депутаттардын саны эмес, сапаты маанилүү деп эсептейт. Кыргыз парламентаризминин акыркы он жылдыктагы тарыхы көп депутат — мыкты парламент дегенди түшүндүрбөсүн далилдеди. Алсак, депутаттык корпусту кыскартуу бери дегенде бюджеттик каражатты үнөмдөп, ары дегенде парламент ишмердигинин натыйжалуулугун арттырат. Ошондо партиялар шайлоо тизмесин эптеп толтурбай, ич ара иргеп, тандоого өтөт. Парламентке элдин таламын талашкан, билимдүү, чыныгы элдик лидерлер келишине жол ачылмак. Бул сунуштардын айрымдарын ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү талап кылынгандыктан «Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүү демилгесин козгоп, кол топтоого кирише тургандыгын билдирди. 4-октябрда 4-орунда турган «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиз. Биз мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүбүздү далилдейбиз. *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:07

Башкы прокуратура добуш сатып алуу боюнча 83 материалды каттады

Башкы прокуратура добуш сатып алуу боюнча 83 материалды каттады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Прокуратура шайлоочулардын добуш берүү шайлоо тилкесин өзгөртүү укугу бар экенин белгилейт. «Шайлоочуларды ташып келүү, документтерди жасоо фактыларына укук коргоо органдары ыкчам иш жүргүзөт. Мындай фактылар боюнча 56 материал катталды, шайлоо кагаздарын жасоо боюнча — 27», — дейт Башкы прокуратура. Буга чейин ИИМ добуш сатып алуу боюнча 40 кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:07

Тажикстанда алдыдагы президенттик шайлоого элдин кызыгуусу жок

Тажикстанда эксперттер 11-октябрга белгиленген президенттик шайлоого жарандардын кызыгуусу жок экенин билдиришүүдө. Бул саясий окуяга ишеним артпагандардын көбү мындай көз карашын чыныгы саясий күрөштүн, атаандаштыктын жоктугу менен түшүндүрүп жатышат. Добуш берүүгө эки жумадан аз убакыт калганда өлкөнүн мамлекеттик телеканалдарында президенттик шайлоого талапкерлигин койгон азыркы мамлекет башчы жөнүндө берүүлөр көбөйдү. Жаңылыктарда президенттин аймактарга жасаган сапарлары, калк менен жолугушуусу жана балдар үйлөрүнө баргандыгы көрсөтүлүүдө. Ошол эле маалда телеканалдар калган беш талапкердин шайлоочулар менен жолугушуусу тууралуу да кыска маалыматтарды берип жатышат. Бирок шайлоочулардын көбүндө президентикке талапкерлигин коюп жаткан адамдар, алардын программалары жана убадалары жөнүндө маалымат аз. Ал ортодо өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бардык шайлоо тилкелери даяр экенин, шайлоочулардын тизмелери такталганын билдирди. Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:07

Ахматбек Келдибеков: Биз Ата Журтубуз менен сыймыктанышыбыз керек

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Ахматбек Келдибеков Ата Журтка болгон сүйүү зарылчылыктан эмес, ата каны, эне сүтү менен берилүүчү ыйык сезим экендигин даңазалады. — Ѳз улуттун сүйүү, ал-улутчулдук эмес, ал ѳз тарыхын урматтоо, ѳз элин сыйлоо. Ал Мекендин ыйыктыгын урматтоо. Мекенге болгон сүйүү бүтүндөй ааламга болгон сүйүү менен киндиктеш. Ал эми Ата Журтка болгон сүйүү зарылчылыктан эмес, ата каны, эне сүтү менен берилүүчү ыйык сезим деп ойлойм. Ал эми кыргыз эли түпкүлүгү түбөлүктүү калктардын катарына кирет. Биз өзүбүздүн кылым карыткан тарыхыбыз менен сыймыктанышыбыз керек. Мына, канча элдер али күнчө бабаларынын баскан жолдорунан кабарсыз. Канча элдер өз улутунун тарыхын табалбай убара. Тарыхын, тилин унуткан элдин келечеги болбойт. Ошон үчүн да, көчмөн калктын көчү түшкөн, бабаларыбыз байырлап, аталарыбыз жердеген Ата Журтубуз менен ар качан сыймыктанышыбыз керек. — Ахматбек мырза, акыркы учурдагы сын-пикирлерди кандай кабыл алдыңыз? — Саясатчы үчүн элдин сыны — күзгү деп билем. Бирок баарына жагуу мүмкүн эмес. Ал эми сенин дарегиңе айтылып жаткан сында чындыктын үлүшү болсо, андан сѳзсүз жыйынтык чыгаруу керек. Анан жѳн гана далилсиз, жалган жалаа менен каралоо болсо андай кѳрѳ албас, ушакчылардын деңгээлине түшүү кажет эмес. Эл мени эки жолу ѳздѳрүнүн Жогорку Кеңештеги ѳкүлү кылып шайлашты. Ошол учурда акча, бийлик, мансап менен элдин добушун алууга мүмкүн болсо, мен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланмак эмес элем. Бул элимдин мага болгон зор ишеними, колдоосу деп билем. Ал эми жалган жалаанын курмандыгы болуп, башыма оор күн түшүп турганда, элим мага таяныч, тирек болуп жалгыз таштаган жок. Мен ушуга сыймыктанам. Калкымдын колдоосу менин душмандарымдын ичин күйгүзгөн бийик жеңишим болчу деп ишенимдүү айта алам. «Мекеним Кыргызстан» — ар бир кыргызстандыктын партиясы. 4- октябрда 4-номерди тандаңыз. *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:51

Экологиялык акция таза шайлоого чакырык

Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан “Бир Бол” партиясы масштабдуу үгүт иштерин расмий жыйынтыктады. Саамалык экологиялык акция ирээтинде уюштурулуп “Таза шайлоо” урааны менен өттү. Ишембилик Бишкектин кире беришиндеги “Аска Таш” эстелигинен башталып, Чоң Чүй каналынын жээгинде уланды. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында өттү. Иш-чаранын максаты - өлкөнүн саясий күчтөрүн ыпылас ыкмаларды колдонбостон таза шайлоо өткөрүүгө жана жарандарды акчага азгырылбай, татыктууларга добуш берүүгө чакырык таштоо болуп саналат. “Бир Бол” партиясы үгүт иштерин “Тазалан!” экологиялык акциясы менен баштап, айылдарды, шаарларды таштандыдан арылтканбыз. Бүгүн дагы үгүт ишин “Таза шайлоо” ишембилиги менен жыйынтыктап жатабыз. Биздин максат - айлана-чөйрөдөн баштап мамлекеттик башкаруу системасын тазалоо. 4-октябрдан кийин мамлекетибизде тазалануу болот. Биз бийликтен таза жана мыйзамдуу шайлоону талап кылабыз”, - деди “Бир Бол” партиясынын лидери А. Сулайманов. -Алмамбет Шыкмаматов: “Кан алмашып, жаңы муун, күчтүү лидерлердин командасынын, заманбап деңгээлдеги саясатчылардын келишин мен тазалануу деп түшүнөм. Эл акчаны эмес тазаларды жана мыктыларды тандайт деп ишенем”. -Жоомарт Жолдошев: “Көчөлөрдү тазалоо менен биз символикалык түрдө жалпы системаны, мамлекеттик башкарууну, саясий чөйрөдөгү адамдары тазалоого убакыт келди дегибиз келет”. - Жодар Сайдилканов: “Тазалануу бийликтин бардык катмарына жетиши керек. Ошондо гана тоскоолдуктар жоюлуп, өлкөнүн өнүгүү импульсу жаралат”. -Айжан Чыныбаева: “Алдыда жакшы долбоорлорубуз бар. “Таза шайлоо- таза жашоо” деген ураан менен үгүт иштерин жыйынтыктадык”. - Эсен Момункулов: “Бүгүн таштандыларды кандай тазалап, жыйнасак, Жогорку Кеңешке барганда да таза иштеп берүүгө, эл үчүн иштеген Мыйзамдарды демилгелөөгө даярбыз!”. - Нурсултан Кубанов: “Саясий элитанын өзгөргөнү дүйнө жүзүндө нормалдуу көрүнүш. Коомчулук жаштарга суусап турганда биз барып, элдин ишенимин акташыбыз керек”. Чоң Чүй каналын чогултулган таштандылар иргелип, жарамдуусу кайра иштетүүгө, калдыктар таштанды полигонуна төгүлдү. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 1- октябрь, 2020-жыл.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники