О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
1 октября 2020 г. 0:39

Эмне үчүн "БИРИМДИК"? Биримдикчилерди колдоого 7 себеп

Эмне үчүн «БИРИМДИК»? Биримдикчилерди колдоого 7 себеп: Бардык жакшы нерселер биригүүдөн куралат, түзүлөт, уланат. Бириккен эл гана өсөт, өнүгөт. Манастан калган башкы нуска - эл-журттун ажырагыс биримдиги. Ошон үчүн “Биримдикти” колдойлу! Биримдик үй-бүлөбүздөн тартып бардык жерде болушу үчүн “Биримдикке” добуш берели! Биримдик – бул ички, сырткы тыгыз интеграция аркылуу коопсуздукта ишенимдүү өнүгүү. Кыргызстандын туруктуу өнүгүп, эли бай-бакубат, бактылуу жашаган өлкөгө айлануусу үчүн “Биримдикке” добуш берели! Евразиялык тандоо - үч миң жылдык тарыхы бар бабаларыбыздан калган. Ал тандоонун тууралыгын өткөн мезгил ырастады. Ошондуктан евразиялык интеграцияны жактаган “Биримдикке” добушубузду берели! Ар бирибиз коомубузда социалдык адилеттүүлүк, теңдик, чындык бекем орношун каалайбыз. Аны ишке ашырууну максат кылган “Биримдик” үчүн добуш берели! «Биримдик» - бул коррупцияга каршы элдешкис күрөш. Кыргызстанда коррупциянын тамыры биротоло кыркылышы үчүн “Биримдикке” добуш берели! «Биримдик» - бул кесипкѳй, жаратман, мекенчил жана мамлекетчилдердин биримдигинен түзүлгѳн партия. Беш жылдык жашообуз мамлекетчилдердин колунда болсун десек, «Биримдик» партиясына добушубузду берели! «Биримдик» партиясы шайлоо бюллетенинде №1 «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 28-сентябрь, 2020-жыл. Разаков 4. 16:30 30-09-2020

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:39

Рамис Мамбеталиев: “Тоо-кен тармагындагы келишимдер жөнгө салынат”

“Кыргызстанда өндүрүш жана айыл чарба тармагына басым жасоо менен экономиканын өнүгүүсүнө салым кошсо болот”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Рамис Мамбеталиев Талас жергесинде болгон үгүт кербенинде айтты. “Өлкөбүздө мактана тургандай тармак жокко эсе. Нефть, газ сыяктуу байлыктарыбыз да жок. Биз өндүрүшкө, айыл чарбага, билимге, маданиятка көңүл бөлүп, бул тармактарды өнүктүрүшүбүз керек”, - деди талапкер. Ал партиянын программасында айыл чарба министрлигин оптималдаштыруу, инновацияларды киргизүү, ошондой эле айыл чарба кооперативдерине мамлекеттик колдоо көргөзүү программасын иштеп чыгуу каралганын кошумчалады. Рамис Мамбеталиев тоо-кен тармагынын абалы тууралуу кеп козгоду. “Тоо-кен өтө татаал тармак. Аны иштетиш үчүн ири суммадагы акча керек. Инвестиция тартуу көп эмгекти жана убакытты талап кылат. Бирок инвесторлор менен келишим түзүп иштешкен күндө деле жергиликтүү эл буга нааразы. Буга кен байлыктардын мамлекетке пайдасы тийбегендиги, эл аралык экологиялык нормалардын сакталбагандыгы жана ал жерде иштеген кызматкерлердин эмгек укугу корголбогондугу себеп”, - деди ал. Рамис Мамбеталиев партия шайлоодон ийгиликтүү өтүп калса, биринчи кезекте тоо-кен тармагы элдин пайдасына иштей тургандыгын убада кылды. “Тоо-кен тармагындагы келишимдер, экологиялык долбоорлор, эмгек мыйзамдары жана ички тартиптер жөнгө салынат”, - деди ал. Бир Бол! №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 30-сентябрь. 16:16 30-09-2020

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:40

Мирлан Бакиров, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери: “Агрардык тармакка жаңыча мамиле – өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн өбөлгөсү”

“Кооперативдерди түзүп, ирилешкен үрөн чарбага өтсөк, ички дүң продукциянын көлөмүн көбөйтөбүз” – Кыргызстандын 65 пайыздан ашык калкы айыл жергесинде жашайт. Убагында Кыргызстан агрардык-индустриялык өлкө болуп, ички дүң продукциянын 32 пайызын айыл чарба продукциялары түзүп келген. Бүгүн биз жерди жеке менчикке берип, жер реформасы деп отуруп, ички дүң продукцияны бир топ төмөндөтүп алдык. Ошондуктан айыл чарбасын иштетүүнү жаңылап, баштагы калыбына келтиришибиз керек. Туура, жерлер үлүшкө берилди. Эми элге берилип кеткен жерлерди кооперативдерди түзүп, ирилешкен үрөн чарба, класстердик мамиле дегенге өтсөк, ошондо гана бул тармактагы маселени жолго коюп, ички дүң продукциянын көлөмүн көбөйтө алабыз. “Түштүккө эт, түндүккө сүт багытындагы породалуу уйларды көбөйтүшүбүз керек” – Кыргызстанда 9 миллион гектардан ашык жайытыбыз бар. 60 пайызы деградация болду. Эл аралык уюмдар жайыттарды жакшыртуу, өркүндөтүү боюнча ондогон долбоорлорду колдошту, мыйзам кабыл алууга тийиштүү каражаттар берилди. Бирок биз ушул каражатты актай алдыкпы деген маселе бар. Анткени жайытты жакшыртышыбыз үчүн малды сандан сапатка өткөрүшүбүз керек. Мисалы, ири мүйүздүү беш мал тебелеп-тепсеп оттогон жерге бир эле породадагы мал баксак, жайыт да сакталат, мал ээсинин кирешеси да көп болот. Эт, сүт өткөрүү дагы жолго коюлат. Ошон үчүн мыкты породадагы малды көбөйтүүнү жайылтышыбыз керек. Эт багытында жана сүт багытындагы уйларды баксак, кирешеси арбын болот. Маселен, 40-50 литр сүт берген уйларды түндүккө жайылтышыбыз керек. Анткени түндүктө кайра иштетүү ишканалары жолго коюлуп калган. Эт багытындагы ийри мүйүздүү малды түштүккө жайылтсак, этти коңшу мамлекеттерибиз Тажикстан менен Өзбекстанга экспорттоп, көбүрөөк каражат тапсак болот. “Жаңгак токоюна жаңы көчөттөрдү отургузбасак, 20 жылда токой жок калат” Биздин чоң байлыктарыбыздын бири – токойлор. Кыргызстанда Токой агентствосу бар болгону менен, тилекке каршы, Союз убагындагыдай иштебейт. Токойду сактап калуу үчүн Союз кезиндегидей мамиле жасалбайт. Мен кызыл-үңкүрлүкмүн. Арсланбаптагы токойдун арасында чоңойгом. Союз мезгилинде ар бир токойчу токойду арендага алып иштеткендерди көзөмөлгө алып турчу. Жыл сайын күзүндө питомник кылып, көчөттөрдү өстүрүп, жазында арендаторго берчү. Ал жаш көчөттү отургузуп, токтойду жашартып турчу. Азыр анын бири жок. Эгер жаңгак токоюн жашартып, жаңы көчөт отургузбай, талкалоонун гана үстүндө болсок, 20 жылда токой жок калат. Ошон үчүн токойлорду сактап калуунун аракетин эртеңкиге калтырбашыбыз керек. “Кыргызстанда гана жапайы жаңгак өсөт деп бренд кылып алышыбыз керек” – Мен Кыргызстандагы жападан жалгыз жапайы жаңгак токойлорун сактап калуу боюнча мыйзам жазып, демилгечи болдум. Эми ал мыйзамды өкмөт колдоп, андан ары иш жүзүнө ашырышы керек. Айтайын дегеним, СССРдин убагындагы илимпоздордун жаңгак токоюн иликтеген изилдөөлөрүнө караганда, 35 миллион жыл мурун чаңдашуу болгон деген маалымат бар. Швейцариянын илимпоздору болсо 200 миң жыл мурун Кыргызстанда жаңгак болгон деген пикирлерин айтып жатышат. Демек, бул грек жаңгагы эмес, кыргыз жаңгагы. Ошондуктан илимий жактан Кыргызстанда гана жапайы кыргыз жаңгагы өсөрүн далилдешибиз керек. Тагыраагы, Кыргызстанда гана жапайы жаңгак өсөт деп бренд катары чыгарып алсак, экономиканын жогорулашына да чоң салым кошот элек. “Медицинада жаңгактын гүлүнөн тартып, маңызына чейин дары” Жаңгак нымдуулукту сактаган, жердин кыртышын кармаган, көп жылдык бак дарактардын түрүнө кирет. Жаңгактын гүлүнөн тартып, маңызына чейин косметологияда, медицинада дарылык касиети күчтүүлүгү белгилүү. Жаңгак азык катары да ден соолукка пайдалуу. Адамдын иммунитетин көтөрүп, организмди йод менен камсыздап, эс-тутумду жогорулатып, унутчаактыктын алдын алат. Тагыраагы, жаңгактын колдонулбаган бир да нерсеси болбойт. Баса, жаңгактын көгүндө кыям кылса, анын дарылык касиети жогору болорун көп айтышат. Кудай буюрса, ушул тармакты колго алып Аксыдан Кара-Кулжага чейин бир кырка кеткен 42 миң гектар жаңгак токоюн жашартып, кеңейтип, өркүндөтүшүбүз керек. “Жаңгактын эрте бышкан түрүн плантация кылсак, үч жылда түшүм берет” – Молдованын тажрыйбасын эске алып, эрте бышкан жаңгактардын сортун Кыргызстанга плантация кылуу боюнча мыйзам кабыл алганбыз. Молдовандар убагында Кыргызстанга келип, жаңгак алып жүрүшкөн. Жаңгактын даамын таткандан кийин өздөрүнө плантация кылып, 15 миң гектар жерине эгип, бүгүнкү күндө Европага экспорттоп, мамлекети да, эли да пайда таап жатат. Тагыраагы, Европага беш мамлекет жаңгак экспорттосо, ошонун бири молдовандар. Алардын ар бир үй-бүлөсү жаңгактан жылына 5-10 миң евродон, мамлекети 100 миллион евродон киреше алат. Жаңгакты плантация кылуу максатында Өзбекстан да келип жатат. Жаңгактын эрте бышкан, кабыгы жумшак сортторун плантация кылсак, үч жылда түшүм берет. Анткени жаңгак үчүн географиялык түзүлүшүбүз, жер кыртышыбыз идеалдуу. Жаңгак токойду көбөйтүп, жаңы сортун өздөштүрүп алсак, экономиканы жогорулата турган кирешелүү чоң тармак болот. Ал үчүн жаңгакты эге турган жерди ырасташыбыз керек. Асылдуулугу төмөн жайыттарды, айыл чарба багытында иштетишибиз шарт. “Жерлерди жеке тараптарга айыл чарба багытында берели деп жатабыз” – 9 миллион гектар жайытыбыз бар дегенибиз менен, анын 500 миң гектары таш баскан, кум баскан, жайытка жараксыз жер. Мындайча айтканда, 1 гектарынан 0,8 центнерден да төмөн түшүм берет. Бир эчки дагы тойбойт. Мына ошол жерлерди биз жеке тараптарга айыл чарба багытында берели деп жатабыз. Мисалы, сиз келип жер алам десеңиз конкурстун негизинде 5 жылга аласыз. Келишимди аткарып, бак тигип, суу чыгарып, жашылдандырып, тегерегин тосуп курчап койсоңуз сизге ал жер 20 жылга берилет. 20 жылда баштагыдан дагы жашылдандырып, мөмөсүн алып баштасаңыз 49 жылга арендага берилет. Бак тигип, жерди өздөштүрүп, түшүм алгандарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, мүмкүн болушунча жайыттын категориясына кирген жерлерди иштетишибиз керек. Тажикстан дагы талаагабы, түзгөбү бак-дарак эксең мамлекеттен колдоо гана болот деген саясат жүргүзүп жатышат. Биз да ошондой максатта иш алып барышыбыз зарыл. Көпчүлүк айылдарда айыл, андан кичине жогору чыксаңыз адыр, адырдан кийин жайыт болот. Адыр көп болсо бир-эки жума гана жайыт болот. Анан бозоргон чаң баскан талаага айланат. Мал айдай турган, мал жайыла турган жерлерден башкасын жергиликтүү калк жана жайыт пайдалануучулар менен биргелешип чечип, жаңгак эгишибиз керек. Буюрса, асылдуулугу төмөн жерлерди тактап, анан инвентаризацияга берсек, элге да, мамлекетке да пайда болот. “Балык чарбасын өнүктүрсөк, мал чарбасынан көбүрөөк киреше табабыз” – Кыргызстанда 4-5 жыл мурун балык 4 миң тонна гана өндүрүлүп келген. Акыркы 2-3 жылда бир топ балык чарбалар пайда болду. Экспорт 10 миң тоннага жетти. Россия балык алып кел дегени менен, бизде алар талап кылгандай өндүрүлбөй жатат. Нарын дарыясынын шарты балык өстүрүүгө абдан ыңгайлуу. Кара-Көлдөн тартып Таш-Көмүргө чейин 10 балык чарбасын курууга мүмкүнчүлүк бар. Бүгүн, мен жаңылбасам, 4 гана балык чарба бар. 10 ири балык чарба куруп алсак, ар бири бир айда 1000 тоннадан өндүрсө, 10 миң тонна балык бир айда эле өндүрүлөт. Андай дарыяларыбыз Кыргызстанда Кудайга шүгүр. Мындайча айтканда, балык чарбасынын потенциалы абдан чоң. Россия миллиондогон калкы, эмне деген территориясы болсо да Кыргызстандын балык өндүрүү потенциалына тең келе албайт. Анткени алардын суусу начар. Ошон үчүн балык бир эле районунда өндүрүлөт экен. Биз Евразиялык шериктештик уюмуна мүчөбүз. Биз канчалык көп өндүрсөк, коңшу мамлекеттер ошончолук көп алышат. Биз төрт түлүк мал кармаган мал жандуубуз. Малды азайтып, балык чарбасына өтсөк, жайытты да сактап, мал чарбасына караганда көбүрөөк да киреше табабыз. Баса, балык чарбасын өнүктүрүү максатында мыйзам жазып, сууну кантип иштетиш керек, кандай ижарага алыш керектигинин баарын мыйзамда көрсөттүк. “Бал челекти көбөйтүп, балдан да жакшы киреше тапсак болот” – Бал челек да өтө уникалдуу тармак. Бала кезде бал челек кармап чоңойгом. Бир жылда балды 3-4 жолудан тартып, 30-40 килограммдан айланды деп сүйүнүп жүрөбүз. Азыркы жаңы технология боюнча бал челек жылына бир гана жолу тартылат экен. Тагыраагы, балды аары гана бышырат экен. Жайы менен аары өзү иштетип, толтургандан кийин бир гана жолу алат экенсиң. Аарыларды дарылаганың эле болбосо, кумшекер берип, азабын тартпайт экенсиң. Бал аарычылыкты өнүктүрүп алсак, араб мамлекеттери, Кытай, Европага сатып пайда тапсак болот. Болгону алардын талаптарын так аткарышыбыз керек. Айтайын дегеним, балды аары бышыргандан кийин жыгач идишке куйса, жыгач идиш балдын сапатын өзгөртпөй сактайт экен. Биз балды бышырбай тартып алып же жыгач идишке куйбаганыбыз үчүн лабораториядан өтпөй калып жатат. Балды өндүрүүдө дагы талаптарын аткарсак, бул тармактан да жакшы киреше тапсак болот. Ал үчүн органикалык продукция деп эл аралык лабораториялар таанышы керек. Биз бүгүн пакетке салып барганыбыз менен, анын сертификаты жок болсо, органикалык продукция деп тааныбаса, пайда таба албайбыз. Ошон үчүн талапка жооп бергендей кылып, лабораторияга жеткиче таза бышырып, сертификат алышыбыз керек. Буюрса, бул маселенин алкагында балдар иштеп жатат. Алар эл аралык аренада органикалык таза продукция деп таанытуунун аракетин көрүп жатышат. Жыйынтыктап айтканда, агрардык тармакка жаңыча мамиле – өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн өбөлгөсү гана болмокчу деп ишенимдүү айта алам. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 14:39 30-09-2020

Подробнее
30 сентября 2020 г. 14:35

Мы верим вам и надеемся на поддержку! "Ата Мекен" — №6!

Урматтуу мекендештер! Саналуу күндөрдөн кийин добуш берүү аркылуу Кыргызстандын алдыдагы беш жылдык тагдырын чечесиздер. Добуш сиздики. Ошол добушуңуз менен сиз үй-бүлөңүздүн, балаңыздын, Кыргызстандын тагдырын чечесиз. Андыктан, мына ушул жоопкерчиликти сезип туруп мамиле кылыңыз! Акчага алданбай, терең ойлонуп, татыктуу партияңызды шайлаңыз! Мен сиздерге ишенем! ⠀ ** Уважаемые кыргызстанцы, Буквально через несколько дней вы примете решение, которое изменит судьбу страны на ближайшие пять лет. Ваш выбор — это только ваше решение. Этот выбор определит судьбу страны, ваших детей и вашей семьи. Важно принять важное решение, обдумав все тщательно и взвешенно. Ни деньги, ни подкуп, ни давление не должны влиять на ваш выбор, а только ваша воля! ⠀ Мы верим вам и надеемся на поддержку! "Ата Мекен" — №6!

Подробнее
30 сентября 2020 г. 15:28

Автор Кыялбек Урманбетов.

Эгемендүү өлкөбүз бар урагыс, Эчен кылым турдук жана турабыз. Эң бир кымбат кайталангыс өмүрдү, Эң бир ыйык мекен үчүн сунабыз. Эргип учкан ылаачындай туюлган, Эркиндикти энчибизге буюрган. Түркөй саткын маңкурттарга жол бербе, Түптүү журтпуз ар-намысты туу кылган. Кыргызстан жоголбой, Бийиктейли тоолордой. Бир бол, элим, бир бол! Бак таалайга аттансак, Баштан түшпөй ак калпак. БИР БОЛ, ЭЛИМ , БИР БОЛ!

Подробнее
30 сентября 2020 г. 14:49

Токтогул районунун эли: “Бир Бол” партиясын тандайбыз!”

Токтогул районунун эли: “Бир Бол” партиясын тандайбыз!” Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын тургуну Салима Айтмамбетова: “Жаштар Кыргызстанды жакырчылыктан куткарат деген ишеним болгон үчүн “Бир Бол” партиясын тандадым. “Билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат” демекчи, жаштар жаңыча билимге ээ болушуп, өлкөнү өнүккөн мамлекеттердин катарына кошооруна үмүтүм чоң. “Бир Болдун” дагы бир артыкчылыгы -оппозиция болгондугунда. Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматов дайыма парламентте оюн ачык айтып, эл таламын талашып жүргөн инсандар”.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 17:43

Эрк Орозбаев

Жизненный путь Эрка Орозбаева, основавшего политпартию и ставшего депутатом горкенеша❗ Вдоль дороги, соединяющей север и юг страны, по правой стороне реки Нарын расположен город Таш-Кумыр. Город с вековой историей и богатый полезными ископаемыми вырастил немало талантливых личностей, внесших свой весомый вклад в культурную, социально-политическую жизнь Кыргызстана.  В этой статье хотели бы рассказать об одном из активных молодых людей Таш-Кумыра Эрке Орозбаеве.  Глава общественного объединения «Кыргыз Жаш Куч», 💪основатель и заместитель председателя политической партии «Таш-Кумыр жаштары», депутат Таш-Кумырского городского кенеша, президент Федерации по армрестлингу города Таш-Кумыра, предприниматель и меценат Эрк Орозбаев вырос именно в этом городе.  Эрк говорит, что судьба не раз представляла ему возможность остаться и достичь успеха в другой стране, но он себя видел только на родине. «Я не смог променять свой родной Таш-Кумыр, Шамалды-Сай и Кызыл-Жар ни на какие перспективы. Считаю, что нужно жить и развиваться там, где твоя родина», — говорит он.  Наш герой пошел в среднюю школу-гимназию № 7 имени Кожобека Кузембаева города Таш-Кумыра в 1991 году. Проучившись там 6 классов он перевелся в школу имени Николая Островского. Получил школьный аттестат уже в гимназии № 4 имени Токтогула Сатылганова. Будучи еще школьником, наш герой начал показывать успехи. К примеру, по физике трижды занимал первое место в городской олимпиаде, принимал участие в разных соревнованиях по физкультуре, отличался организаторскими способностями.  После школы Эрк Орозбаев поступил в КГТУ имени И.Раззакова по специальности  «Автомтическое управление в информатике». Он вспоминает, что у него были грандиозные цели и серьезные стремления, для реализации которых ему пришлось пройти гору препятствий и жизненных испытаний. Оплата за учебу, сложные жизненные обстоятельсва вынудили перевестись на заочное отделение. Позже он поступает в Академию управления при президенте КР на направление «Управление государственной политикой», где позже получает степень магистра.  Зная проблемы и чаяния жителей Таш-Кумыра изнутри, Эрк решает влиться в социально-политичекую жизнь❗

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:57

Аманбаев айылы

Аманбаев айыл аймагынын айкөл эли "Республика" үчүн! Алдыга жол №14✅

Подробнее
30 сентября 2020 г. 11:35

Кыргызстан обворованная страна

Теледебат КТРК. "Кыргызстан не бедная страна! Кыргызстан обворованная страна!" - Мирбек Мияров.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 17:55

Базар-Коргон

Базар-Коргон районунун Сейди-Кум шайлоо округу. Жергиликтүү активдүү айымдар, кадырман карылар жана айыл тургундары менен болгон жолугушуулар. *** Базар - коргонский район, Сейдукумский избирательный округ. Локальные встречи с женщинами-активистами, уважаемыми аксакалами и с жителями сел

Подробнее
30 сентября 2020 г. 16:36

Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштарбыз. Жашыбызга, жынысыбызга, улутубузга, диний ишенимибизге жана тек-жайыбызга карабай бизди жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ой бириктирди. Кыргызстандын элин кандай негизги көйгөйлөр түйшөлтүп жатканына дайыма абай салып турабыз. Биздин максатыбыз – рынок экономикасы өнүккөн социалдык багыттагы мамлекетти куруу. Биздин приоритеттер – жеке эркиндик, экономикалык эркиндик, коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу, мүмкүнчүлүктөр теңдиги, толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк. №4 "Мекеним Кыргызстан" – ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Члены партии «Мекеним Кыргызстан» – созидатели и единомышленники. Несмотря на отличия по возрасту и полу, национальности и вероисповеданию, по месту рождения и происхождению, нас объединяет общее понимание, как сделать Кыргызстан комфортной страной для каждого кыргызстанца. Мы держим руку на пульсе, чтобы знать основные проблемы, волнующие граждан Кыргызстана. Наша цель – построить социально ориентированное государство с развитой рыночной экономикой. Наши приоритеты: свобода личности, экономическая свобода, уважение общества и государства к частной собственности, равенство возможностей, толерантность, терпимость и великодушие. "Мекеним Кыргызстан" №4 - партия каждого кыргызстанца!

Подробнее
2 октября 2020 г. 10:34

Эркинбек Чертанов

Эркинбек Чертанов: Каждый человек должен задуматься и помнить о том, что продавая свои голоса, они продают своё будущее, свою историю и память предков.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 15:37

Элнура Алканова.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлери Ат-Башы районунда болуп кайтышты. Элнура Алканова менен Кылыч Исамамбетов партиянын программасын шайлоочуларга тааныштырды. "Нарын облусу географиялык жайгашуу өзгөчөлүгүнө ылайык соода-логистикалык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүшү керек. Азыктуу мал чарбачылыгына басым жасоого бардык шарттар бар. Ошондой эле Нарын облусу этнотуризмди баалаган туристтерди тартуучу жайга айлана алат. Экологиялык жана медициналык туризмди да алдыңкы орунга алып чыкса болот. Жаңы багыттардын бири "Нарын" эркин экономикалык аймагын өнүктүрүүгө да басым жасашыбыз кажет", - деп белгиледи Элнура Алканова.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:38

Биз баарыбыз экономикасы

Биз баарыбыз экономикасы өнүккөн, жарандардын коопсуздугу камсыздалган, кылмыштуулук болбогон, баары жумуш менен камсыздалган, балдар сапаттуу билим алган, ооруп калсак мыкты медициналык кызмат кєрсөтүлгөн, ардагер, улгайган адамдар сый-урматка ээ болгон өлкөдө сыймыктануу менен жашагыбыз келет. Бул натыйжага талбай эмгектенсек гана жете алабыз. «Мекеним Кыргызстан» партиясы социал-либералдык багытты карманат жана шайлоо алдындагы программабызды ишке ашыруу менен өлкөбүздү ар тараптуу өнүктүрөбүз. *** Все мы хотим жить в стране с развитой экономикой, где для всех есть работа, где главенствует безопасность и нет преступности, где дети получают прекрасное образование, а ветераны – заботу и уход, где больные уверены в профессионализме врачей и не страдают от отсутствия необходимых лекарств и медицинского оборудования. В стране, которой мы можем гордиться. Мы уверены, что всего этого можно добиться, если упорно работать. Партия «Мекеним Кыргызстан» позиционирует себя как партию социально-либерального толка, и мы думаем, что реализация нашей предвыборной программы приблизит страну к нашей мечте.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 10:39

Ак батасын алып кайтышты.

Баткен эли бизди тандайт! №4 "Мекеним Кыргызстан" партиясы Баткен облусунун шайлоочулары менен жолугушту. Иш-чарада туругундар бул саясий бирикмеге ишеним чоң экенин билдирип, колдоо көрсөтөрүн баса белгилешти. Жолушгушууга барган талапкерлер да берилген убадалар сөзсүз түрдө иш жүзүнө ашарын айтышты. Партиянын төрагасы Мирлан Бакиров менен талапкерлер өз программалары менен тааныштырды. Андагы саламаттыкты сактоо тармагын кардиналдуу түрдө жаңылоо боюнча план жергиликтүү шайлоочулардын кызыгуусун арттырды. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлери жолугушууга келген аксакалдардын алкоосуна арзып, ак батасын алып кайтышты.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники