О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
1 октября 2020 г. 0:35

«Социал-демократтар» партиясы «Бүтүн Кыргызстандын» шайлоодон четтетилишин сындады

«Социал-демократтар» партиясы «Бүтүн Кыргызстандын» шайлоодон четтетилишин сындады. Партия бул тууралуу 7-сентябрда тараткан билдирүүсүндө маалымдады. Анда «Социал-демократтар» саясий партиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоо жарышынан чыгарып салуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин кескин сындай турганы жазылган: «Олуттуу электораты бар абройлуу оппозициялык партиянын шайлоо жарышынан четтелиши — келечектеги парламенттин легитимдүүлүгүнө жана анын сапатына терс таасирин тийгизет. Бийликтин аракеттерине сын айткан саясый күчтөрдүн жана алардын электоратынын үнү парламентте угулбай калышы жалпы бийлик бутактарына элдин ишенимин азайтат». «Социал-демократтар» партиясы билдирүүсүндө бардык бийлик бутактарын шайлоонун адилеттүү өтүшүнө салым кошууга чакырган. Ошондой эле ачык, таза шайлоону камсыз кылуу үчүн оппозиция-позиция деген кош стандарттуулукту токтотууну, «Бүтүн Кыргызстан» партиясына карата адилеттүү чечим чыгарууну талап кылган. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрылган. Партиянын арызы 7-сентябрда каралары маалым болгон. Буга чейин БШКнын чечимин «Реформа» партиясы жана «Саясий репрессияларга каршылык комитети» сындап чыккан. Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:36

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасында IT-хабга батыраак айлантуу үчүн жаңы идеялары бар

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштар. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз жана каалайбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы. «Мекеним Кыргызстандын» шайлоо алдындагы программасында акыркы эки жылда Кыргызстан санариптешүү жана IT-технологияны өнүктүрүү жолуда каралган. Санарип каганат Акыркы эки жылда Кыргызстан санариптешүү жана IT-технологияны өнүктүрүү жолунда байкаларлык алдыга жылды. Коронавирус пандемиясы менен карантин шарты ар бир үйгө жана бизнеске санарип технологияларды киргизүү жараянын болушунча тездетти. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын бул процессти мындан да тездетип, Кыргызстанды Борбор Азия менен Европаны, Азия менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган IT-хабга батыраак айлантуу үчүн жаңы идеялары бар. Биздин сунуш: – Мамлекеттик деңгээлде, анын ичинде электрондук өкмөттө санариптештирүү чөйрөсүндөгү амбициялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү, бардык мамлекеттик органдардын жана мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин арасында санариптик технологиялар боюнча маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу. Мамлекеттик сектордо иштегендер жана иштөөнү каалагандар үчүн жаңы стандарттарды иштеп чыгуу керек. Азыркы реалдуулукта колдонуучу катары компьютер кучактап отуруу жетишсиз. – Өлкөнү бүтүндөй интернеттештирүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу. Интернет арзан жана ар бир адамдын колу жеткидей болушу керек; – Санарип трансформация боюнча инновациялык билим берүү программаларын иштеп чыгуу; – IT тармагындагы бизнестин бардык түрлөрү үчүн максималдуу либералдашууну камсыз кылуу. – Жалпы IT-инфраструктурасын пайдаланууну, ачык маалыматтарды жана маалымат алмашууну, электрондук төлөөлөрдү жөнгө салуучу эрежелердин жана жол-жоболордун кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу; – IT чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарды карап чыгып, болгон кемчиликтерди жоюу жана зарыл болгон учурда жаңы мыйзамдарды кабыл алуу; – Интернет-маркетингинен тарта QA-инженерлерине чейинки IT тармагындагы кесипкөй адистерди көбөйтүү боюнча мамлекеттик тапшырма коюу. Ар кайсы деңгээлдеги билим берүү мекемелериндеги бул адистиктер мамлекеттик деңгээлде колдоого алынышы керек; – ЕАЭБ линиясы менен Бишкекте санариптешүүнүн глобалдык тенденциялары жана анын негизги чакырыктары боюнча форум өткөрүү. Мындай форум жыл сайын өтүп, бара-бара ал санарип жаатында кыргыз Давосуна айланышы мүмкүн. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:36

Материалы за неделю

no article

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:36

Камила Талиева: Шайлоого катышуудан баш тарттым, элге мандаты жок эле кызмат кылам

Камила Талиева «Социал-демократтар» партиясынын катарынан чыкты. Бул тууралуу ал FB баракчасына жазды. “Шайлоого катышуудан баш тарттым, элимдин келечеги үчүн кызмат кыла берем, мандаты жок эле”,-деп жазган Талиева. Камила Талиева «Социал-демократтар» партиясынын тизсмесинде 13-орунда турган.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:36

Баарына каршы добуш берүүгө үндөгөн акция жүрүүдө

Бишкекте бардык партияларга каршы добуш берүүгө үндөгөн акция жүрүп жатат. Ага жарандык активисттер «Жашылдар партиясынын» өкүлдөрү баарына каршы добуш берүүгө үндөп, атайын чакырыктар менен баш калаанын көчөлөрүн кыдырып жатышат.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:36

Алмазбек Токторов "Кыргызстан" партиясынын катарынан чыкты

Референдум жана шайлоо өткөрүү боюнча борбордук комиссия Алмазбек Токторовду “Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигинен четтетти. Аталган чечим партиясынын тизмесинен чыгаруу жөнүндө жазуу түрүндөгү билдирүүнүн негизинде кабыл алынды. Бүгүнтөн баштап партиянын чечими менен шайлоо өтмөйүнчө депутаттыкка талапкерлердин тизмесин өзгөртүү мүмкүн эмес. Эске салсак, Алмазбек Токторов тизмеде 43-орунда турган.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:38

Мирлан Бакиров: Агрардык тармакка жаңыча мамиле – өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн өбөлгөсү

“Кооперативдерди түзүп, ирилешкен үрөн чарбага өтсөк, ички дүң продукциянын көлөмүн көбөйтөбүз” – Кыргызстандын 65 пайыздан ашык калкы айыл жергесинде жашайт. Убагында Кыргызстан агрардык-индустриялык өлкө болуп, ички дүң продукциянын 32 пайызын айыл чарба продукциялары түзүп келген. Бүгүн биз жерди жеке менчикке берип, жер реформасы деп отуруп, ички дүң продукцияны бир топ төмөндөтүп алдык. Ошондуктан айыл чарбасын иштетүүнү жаңылап, баштагы калыбына келтиришибиз керек. Туура, жерлер үлүшкө берилди. Эми элге берилип кеткен жерлерди кооперативдерди түзүп, ирилешкен үрөн чарба, кластердик мамиле дегенге өтсөк, ошондо гана бул тармактагы маселени жолго коюп, ички дүң продукциянын көлөмүн көбөйтө алабыз. “Түштүккө эт, түндүккө сүт багытындагы породалуу уйларды көбөйтүшүбүз керек” – Кыргызстанда 9 миллион гектардан ашык жайытыбыз бар. 60 пайызы деградация болду. Эл аралык уюмдар жайыттарды жакшыртуу, өркүндөтүү боюнча ондогон долбоорлорду колдошту, мыйзам кабыл алууга тийиштүү каражаттар берилди. Бирок биз ушул каражатты актай алдыкпы деген маселе бар. Анткени жайытты жакшыртышыбыз үчүн малды сандан сапатка өткөрүшүбүз керек. Мисалы, ири мүйүздүү беш мал тебелеп-тепсеп оттогон жерге бир эле породадагы мал баксак, жайыт да сакталат, мал ээсинин кирешеси да көп болот. Эт, сүт өткөрүү дагы жолго коюлат. Ошон үчүн мыкты породадагы малды көбөйтүүнү жайылтышыбыз керек. Эт багытында жана сүт багытындагы уйларды баксак, кирешеси арбын болот. Маселен, 40-50 литр сүт берген уйларды түндүккө жайылтышыбыз керек. Анткени түндүктө кайра иштетүү ишканалары жолго коюлуп калган. Эт багытындагы ийри мүйүздүү малды түштүккө жайылтсак, этти коңшу мамлекеттерибиз Тажикстан менен Өзбекстанга экспорттоп, көбүрөөк каражат тапсак болот. “Жаңгак токоюна жаңы көчөттөрдү отургузбасак, 20 жылда токой жок калат” Биздин чоң байлыктарыбыздын бири – токойлор. Кыргызстанда Токой агентствосу бар болгону менен, тилекке каршы, Союз убагындагыдай иштебейт. Токойду сактап калуу үчүн Союз кезиндегидей мамиле жасалбайт. Мен кызыл-үңкүрлүкмүн. Арсланбаптагы токойдун арасында чоңойгом. Союз мезгилинде ар бир токойчу токойду арендага алып иштеткендерди көзөмөлгө алып турчу. Жыл сайын күзүндө питомник кылып, көчөттөрдү өстүрүп, жазында арендаторго берчү. Ал жаш көчөттү отургузуп, токтойду жашартып турчу. Азыр анын бири жок. Эгер жаңгак токоюн жашартып, жаңы көчөт отургузбай, талкалоонун гана үстүндө болсок, 20 жылда токой жок калат. Ошон үчүн токойлорду сактап калуунун аракетин эртеңкиге калтырбашыбыз керек. “Кыргызстанда гана жапайы жаңгак өсөт деп бренд кылып алышыбыз керек” – Мен Кыргызстандагы жападан жалгыз жапайы жаңгак токойлорун сактап калуу боюнча мыйзам жазып, демилгечи болдум. Эми ал мыйзамды өкмөт колдоп, андан ары иш жүзүнө ашырышы керек. Айтайын дегеним, СССРдин убагындагы илимпоздордун жаңгак токоюн иликтеген изилдөөлөрүнө караганда, 35 миллион жыл мурун чаңдашуу болгон деген маалымат бар. Швейцариянын илимпоздору болсо 200 миң жыл мурун Кыргызстанда жаңгак болгон деген пикирлерин айтып жатышат. Демек, бул грек жаңгагы эмес, кыргыз жаңгагы. Ошондуктан илимий жактан Кыргызстанда гана жапайы кыргыз жаңгагы өсөрүн далилдешибиз керек. Тагыраагы, Кыргызстанда гана жапайы жаңгак өсөт деп бренд катары чыгарып алсак, экономиканын жогорулашына да чоң салым кошот элек. “Медицинада жаңгактын гүлүнөн тартып, маңызына чейин дары” Жаңгак нымдуулукту сактаган, жердин кыртышын кармаган, көп жылдык бак дарактардын түрүнө кирет. Жаңгактын гүлүнөн тартып, маңызына чейин косметологияда, медицинада дарылык касиети күчтүүлүгү белгилүү. Жаңгак азык катары да ден соолукка пайдалуу. Адамдын иммунитетин көтөрүп, организмди йод менен камсыздап, эс-тутумду жогорулатып, унутчаактыктын алдын алат. Тагыраагы, жаңгактын колдонулбаган бир да нерсеси болбойт. Баса, жаңгактын көгүндө кыям кылса, анын дарылык касиети жогору болорун көп айтышат. Кудай буюрса, ушул тармакты колго алып Аксыдан Кара-Кулжага чейин бир кырка кеткен 42 миң гектар жаңгак токоюн жашартып, кеңейтип, өркүндөтүшүбүз керек. “Жаңгактын эрте бышкан түрүн плантация кылсак, үч жылда түшүм берет” – Молдованын тажрыйбасын эске алып, эрте бышкан жаңгактардын сортун Кыргызстанга плантация кылуу боюнча мыйзам кабыл алганбыз. Молдовандар убагында Кыргызстанга келип, жаңгак алып жүрүшкөн. Жаңгактын даамын таткандан кийин өздөрүнө плантация кылып, 15 миң гектар жерине эгип, бүгүнкү күндө Европага экспорттоп, мамлекети да, эли да пайда таап жатат. Тагыраагы, Европага беш мамлекет жаңгак экспорттосо, ошонун бири молдовандар. Алардын ар бир үй-бүлөсү жаңгактан жылына 5-10 миң евродон, мамлекети 100 миллион евродон киреше алат. Жаңгакты плантация кылуу максатында Өзбекстан да келип жатат. Жаңгактын эрте бышкан, кабыгы жумшак сортторун плантация кылсак, үч жылда түшүм берет. Анткени жаңгак үчүн географиялык түзүлүшүбүз, жер кыртышыбыз идеалдуу. Жаңгак токойду көбөйтүп, жаңы сортун өздөштүрүп алсак, экономиканы жогорулата турган кирешелүү чоң тармак болот. Ал үчүн жаңгакты эге турган жерди ырасташыбыз керек. Асылдуулугу төмөн жайыттарды, айыл чарба багытында иштетишибиз шарт. “Жерлерди жеке тараптарга айыл чарба багытында берели деп жатабыз” – 9 миллион гектар жайытыбыз бар дегенибиз менен, анын 500 миң гектары таш баскан, кум баскан, жайытка жараксыз жер. Мындайча айтканда, 1 гектарынан 0,8 центнерден да төмөн түшүм берет. Бир эчки дагы тойбойт. Мына ошол жерлерди биз жеке тараптарга айыл чарба багытында берели деп жатабыз. Мисалы, сиз келип жер алам десеңиз конкурстун негизинде 5 жылга аласыз. Келишимди аткарып, бак тигип, суу чыгарып, жашылдандырып, тегерегин тосуп курчап койсоңуз сизге ал жер 20 жылга берилет. 20 жылда баштагыдан дагы жашылдандырып, мөмөсүн алып баштасаңыз 49 жылга арендага берилет. Бак тигип, жерди өздөштүрүп, түшүм алгандарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, мүмкүн болушунча жайыттын категориясына кирген жерлерди иштетишибиз керек. Тажикстан дагы талаагабы, түзгөбү бак-дарак эксең мамлекеттен колдоо гана болот деген саясат жүргүзүп жатышат. Биз да ошондой максатта иш алып барышыбыз зарыл. Көпчүлүк айылдарда айыл, андан кичине жогору чыксаңыз адыр, адырдан кийин жайыт болот. Адыр көп болсо бир-эки жума гана жайыт болот. Анан бозоргон чаң баскан талаага айланат. Мал айдай турган, мал жайыла турган жерлерден башкасын жергиликтүү калк жана жайыт пайдалануучулар менен биргелешип чечип, жаңгак эгишибиз керек. Буюрса, асылдуулугу төмөн жерлерди тактап, анан инвентаризацияга берсек, элге да, мамлекетке да пайда болот. “Балык чарбасын өнүктүрсөк, мал чарбасынан көбүрөөк киреше табабыз” – Кыргызстанда 4-5 жыл мурун балык 4 миң тонна гана өндүрүлүп келген. Акыркы 2-3 жылда бир топ балык чарбалар пайда болду. Экспорт 10 миң тоннага жетти. Россия балык алып кел дегени менен, бизде алар талап кылгандай өндүрүлбөй жатат. Нарын дарыясынын шарты балык өстүрүүгө абдан ыңгайлуу. Кара-Көлдөн тартып Таш-Көмүргө чейин 10 балык чарбасын курууга мүмкүнчүлүк бар. Бүгүн, мен жаңылбасам, 4 гана балык чарба бар. 10 ири балык чарба куруп алсак, ар бири бир айда 1000 тоннадан өндүрсө, 10 миң тонна балык бир айда эле өндүрүлөт. Андай дарыяларыбыз Кыргызстанда Кудайга шүгүр. Мындайча айтканда, балык чарбасынын потенциалы абдан чоң. Россия миллиондогон калкы, эмне деген территориясы болсо да Кыргызстандын балык өндүрүү потенциалына тең келе албайт. Анткени алардын суусу начар. Ошон үчүн балык бир эле районунда өндүрүлөт экен. Биз Евразиялык шериктештик уюмуна мүчөбүз. Биз канчалык көп өндүрсөк, коңшу мамлекеттер ошончолук көп алышат. Биз төрт түлүк мал кармаган мал жандуубуз. Малды азайтып, балык чарбасына өтсөк, жайытты да сактап, мал чарбасына караганда көбүрөөк да киреше табабыз. Баса, балык чарбасын өнүктүрүү максатында мыйзам жазып, сууну кантип иштетиш керек, кандай ижарага алыш керектигинин баарын мыйзамда көрсөттүк. “Бал челекти көбөйтүп, балдан да жакшы киреше тапсак болот” – Бал челек да өтө уникалдуу тармак. Бала кезде бал челек кармап чоңойгом. Бир жылда балды 3-4 жолудан тартып, 30-40 килограммдан айланды деп сүйүнүп жүрөбүз. Азыркы жаңы технология боюнча бал челек жылына бир гана жолу тартылат экен. Тагыраагы, балды аары гана бышырат экен. Жайы менен аары өзү иштетип, толтургандан кийин бир гана жолу алат экенсиң. Аарыларды дарылаганың эле болбосо, кумшекер берип, азабын тартпайт экенсиң. Бал аарычылыкты өнүктүрүп алсак, араб мамлекеттери, Кытай, Европага сатып пайда тапсак болот. Болгону алардын талаптарын так аткарышыбыз керек. Айтайын дегеним, балды аары бышыргандан кийин жыгач идишке куйса, жыгач идиш балдын сапатын өзгөртпөй сактайт экен. Биз балды бышырбай тартып алып же жыгач идишке куйбаганыбыз үчүн лабораториядан өтпөй калып жатат. Балды өндүрүүдө дагы талаптарын аткарсак, бул тармактан да жакшы киреше тапсак болот. Ал үчүн органикалык продукция деп эл аралык лабораториялар таанышы керек. Биз бүгү н пакетке салып барганыбыз менен, анын сертификаты жок болсо, органикалык продукция деп тааныбаса, пайда таба албайбыз. Ошон үчүн талапка жооп бергендей кылып, лабораторияга жеткиче таза бышырып, сертификат алышыбыз керек. Буюрса, бул маселенин алкагында балдар иштеп жатат. Алар эл аралык аренада органикалык таза продукция деп таанытуунун аракетин көрүп жатышат. Жыйынтыктап айтканда, агрардык тармакка жаңыча мамиле – өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн өбөлгөсү гана болмокчу деп ишенимдүү айта алам. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:38

Материалы за неделю

no article

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:38

ЖАЛАЛ-АБАД: 448 ШАЙЛОО УЧАСТКАСЫ ДАЯРДАЛДЫ

4-октябрда өтүүчү шайлоо өнөктүгүнүн алкагында облуста 643 миң 774 шайлоочу катталды. Ал эми №2 формасын толтуруп 58 миң 59 жаран шайлоо дарегин өзгөрткөн. Мында аймактагы жергиликтүү бийликтер тарабынан мекемелер керектелүүчү зарыл жабдыктар жана коммуникациялык байланыш каражаттары менен камсыздалды. Аны менен бирге күч түзүмдөрү тарабынан коомдук коопсуздук көзөмөлгө алынат. Керек учурда жарандардын ден соолугуна кам көрүү үчүн участкаларда медицина кызматкерлери жардам көрсөтөт. www.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:38

"Шайлоо башталганда пайда болосуз, кайра 5 жыл жоголосуз же сизге дебат кызыкпы?" Партиялардын лидерлери бири-бирине суроо беришүүдө

"Ыйман-Нуру" партиясынан "Бир бол " партиясына суроо: "Партиянын аталышын түшүндүрүп берсеңиз? Жооп: "Ыйман жоопкерчилик, ишеним дегенди билдирет". "Динде 5 багыт бар. Ыймандуулук бул жүрөк менен. Партиянын атын ушундай атап, ар кандай нерсе болгондо шек келтирип алабыз деп коркпойсуңарбы?" Жооп: "Кээде сен каалабагандай болуп калат. Биз ыймандуубуз, тазабыз дегенден Кудай сактасын. Атыбызга затыбызды жараштырганга аракет кылабыз". "Балдарыбыз ыймандуу болуш үчүн мектептен башташ керек. Буга кандай карайсыңар?" Жооп : "Светтик өлкөбүз. Бирок ошол эле Америкада дин таануу сабактары кирет. Ошол үчүн бул маанилүү. Рахмат, келечекте сиз экөөбүз иштешет окшойбуз". “Бир Бол” партиясынан “Кыргызстан” партиясына суроо: “Сиздер өндүрүш, ишкерлик боюнча басым жасап жатасыздар. Жогорку Кеңеш эмне иш кылышы керек?” Жооп: "Жогорку Кеңеш биринчи кезекте мыйзам чыгаруучу орган. Биз тишибиз ооруса тиш дарыгерине барабыз. Өндүрүш боюнча тажрыйбабыз бар. Бул туура мыйзамдарды жазууга чоң жардам берет. Бул мактана турган нерсе. Биз чоң салымды жасап жатабыз. Чечүү жолдорун көрүп жатабыз. Биздин мамлекетке тажрыйба керек". "Мекен-Ынтымагы" партиясынан "Республика", "Кыргызстан", "Бир бол" партияларына суроо: " Азыркы учурда, партиянын лидерлери, 4-жолу депутаттык шайлоого аттанып жатасыңар. Силердин моралдык жактан депутаттык шайлоого аттанууга укугуңар барбы? "Бир бол" партиясынан жооп: "Мен 30 жылдын акыркы 10 жылында депутаттык кызматты аркалаган кызматкер жана өзүм ушул системдин курмандыгы, туткуну болгон катары 100 системдин 97си жаңы жүздөр. Заманбап билимге ээ болгон өзүнүн тармактарында ийгиликке жеткен адамдарды алып кетип жатам. Мен ушуларды алып барып, тарыхый миссиям эскирген системди жаңылоо, түп тамырынан бери жок кылуу. Жаңы Кыргыз өлкөсүнө татыктуу келечекти арноо. Сиз айтышыңыз мүмкүн "эмне үчүн аны убагында жасаган жоксуз" деп, аны жасагандарга аракет кылгандардын бири менмин, жалгыз болбосом дагы биз азчылык болуп келдик. Качан болсо, биз кнопкадан утулуп келдик. Сиз айтып жаткан сунуштарды биз сунуштаганбыз. Форма-2ге каршы чыккандардын биримин. Каршы добуш дагы бергем. Мына бүгүн форма-2нин азабын көрүп жатабыз". "Бир бол" партиясынан "Мекен-Ынтымагы" партиясына суроо: " Сиз дагы парламенттик шайлоого 2-3 жолу аттанып жатасыз. Сиздин программаңызды көргөн дагы, уккан дагы жокмун. Сиз шайлоого эмне максат менен бара жатасыз? Же сизге дебат эле кызыкпы? Шайлоо башталганда пайда болосуз, анан 5 жыл жоголосуз". Жооп: "Өзүңөр системге каршы чыгам деп айттыңар. Анан бардыгын курмандыкка чалып жаткан системге кирип мен эми жинди эмесмин да. Ошо башка коомдук кызыкчылыкты коргой турган системди программа түрүндө жазып, элге ошонун маанисин жеткирүүгө аракет кылып келе жатам. Программа боюнча сиз БШКнын сайтын ачсаңыз бардыгы толук илинип турат. Программанын ичинде бардык маселелер бар. Аны сизге китеп кылып деле берүүгө даярмын". 22:11 30-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова, Жылдыз Джускембаева, Айжанар Рыспек кызы

Подробнее
30 сентября 2020 г. 17:20

Сокулук району

Сокулук району Алдыга жолду тандады! Республика №14✅

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:38

Парламенттик шайлоого аттанып жаткан партиялардын лидерлеринин теледебаты үзгүлтүккө учурады

Бүгүн, 30-сентябрда партия лидерлеринин теледебаты өтүүдө. Дебатка беш партиянын лидерлери катышууда. Алар: "Мекен-Ынтымагы" - Темирбек Асанбеков , "Бир бол" - Алтынбек Сулайманов, "Ыйман-Нуру" - Нуржигит Кадырбеков , "Кыргызстан" - Асель Атабекова , "Республика" - Мирлан Жээнчороев . Талапкерлер бири-бирине суроо берип жаткан учурда теледебат үзгүлтүккө учурады. Түз эфир жарык өчүп калганына байланыштуу токтотулуп калды. Бир аздан соң дебат кайра уланды. "Бир Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов "Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Асель Атабековага суроо узатып жаткан. 22:05 30-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева, Айсалкын Качкынбекова, Айжанар Рыспек кызы

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:38

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын программасында өлкөнү Борбор Азия менен Европаны, Азия менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган IT-хабга айлантуу үчүн жаңы идеялар бар"

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштар. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз жана каалайбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы. "Мекеним Кыргызстандын" шайлоо алдындагы программасында акыркы эки жылда Кыргызстан санариптешүү жана IT-технологияны өнүктүрүү жолунда каралган. Санарип каганат Акыркы эки жылда Кыргызстан санариптешүү жана IT-технологияны өнүктүрүү жолунда байкаларлык алдыга жылды. Коронавирус пандемиясы менен карантин шарты ар бир үйгө жана бизнеске санарип технологияларды киргизүү жараянын болушунча тездетти. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын бул процессти мындан да тездетип, Кыргызстанды Борбор Азия менен Европаны, Азия менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган IT-хабга батыраак айлантуу үчүн жаңы идеялары бар. Биздин сунуш: – Мамлекеттик деңгээлде, анын ичинде электрондук өкмөттө санариптештирүү чөйрөсүндөгү амбициялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү, бардык мамлекеттик органдардын жана мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин арасында санариптик технологиялар боюнча маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу. Мамлекеттик сектордо иштегендер жана иштөөнү каалагандар үчүн жаңы стандарттарды иштеп чыгуу керек. Азыркы реалдуулукта колдонуучу катары компьютер кучактап отуруу жетишсиз. – Өлкөнү бүтүндөй интернеттештирүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу. Интернет арзан жана ар бир адамдын колу жеткидей болушу керек; – Санарип трансформация боюнча инновациялык билим берүү программаларын иштеп чыгуу; – IT тармагындагы бизнестин бардык түрлөрү үчүн максималдуу либералдашууну камсыз кылуу. – Жалпы IT-инфраструктурасын пайдаланууну, ачык маалыматтарды жана маалымат алмашууну, электрондук төлөөлөрдү жөнгө салуучу эрежелердин жана жол-жоболордун кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу; – IT чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарды карап чыгып, болгон кемчиликтерди жоюу жана зарыл болгон учурда жаңы мыйзамдарды кабыл алуу; – Интернет-маркетингинен тарта QA-инженерлерине чейинки IT тармагындагы кесипкөй адистерди көбөйтүү боюнча мамлекеттик тапшырма коюу. Ар кайсы деңгээлдеги билим берүү мекемелериндеги бул адистиктер мамлекеттик деңгээлде колдоого алынышы керек; – ЕАЭБ линиясы менен Бишкекте санариптешүүнүн глобалдык тенденциялары жана анын негизги чакырыктары боюнча форум өткөрүү. Мындай форум жыл сайын өтүп, бара-бара ал санарип жаатында кыргыз Давосуна айланышы мүмкүн. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 18:20 30-09-2020

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:39

Канатбек Исаев: “Биз арабызга жаратман, өз тармагында ийгиликке жеткен лидерлерди тартып жатабыз”

Бүгүн, 30-сентябрда “Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жыргалбек Саматов, Нурбек Алимбеков, Нурлан Сулайманов, Салайдин Айдаров, Мирлан Акматбеков, Кубанычбек Нурматов, Ахрор Иминов жана Макен Асанов Ош шаарынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Канатбек Исаев партиянын максаты Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүп, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталгандыгын белгилеп өттү. Ошондой эле партиянын “Эл үчүн” деген программасында көптөгөн маселелерди чечүү жолдору камтылгандыгын билдирди. “Биздин жарандар өз үйүндө болуп, ата-энесинин жанында жашап, мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн иштеши керек. Өлкөдө партиялар көп, бирок алардын бири дагы биздин партиядай көп жумушчу орундарын түзгөн жок деп жоопкерчиликтүү түрдө айта алам. “Кыргызстан” партиясы реалдуу түрдө өндүрүшкө жана өнөр-жайдын өнүгүшүнө салым кошуп келе жатат. Мына биздин партиялаштар өлкө боюнча жалпы 100 ишкана курушту. Мындай адамдардын “Кыргызстан” партиясынын курамында бар экендиги мени кубандырат. Ийгиликтүү талапкерлер менен биргеликте мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө Кыргызстанда бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Себеби ийгиликтүү адамдар гана ийгиликтүү мамлекетти кура алат. Ошондуктан мен жаратмандардын партиясын колдойт сиздерге ишенем”, – деди партия лидери. Ошондой эле Канатбек Исаев заманбап билимге ээ, өз тармагында ийгиликке жеткен жаш муундун өкүлдөрүн партиянын катарына тартканын баса белгилеп, жаратман жаштар партиянын ишин уланта тургандай болушу керектигин айтты. Ал эми “Кыргызстан” партиясынын дагы бир талапкери Жыргалбек Саматов партия куру убадалардан алыс болуп, реалдуу ишке аша турган программаны сунуштап жатканына токтолду. Ошондой эле ал шайлоочуларга кайрылып, 4-октябрда мамлекеттин келечеги үчүн татыктуу партияны тандоого чакырды. “Мен билем ушул жерге келип отургандар “Кыргызстан” партиясын колдоп келдиңиздер. Сиздер биздин куру убада менен эмес, иш жүзүндө иш кылганыбызды жакшы билесиздер. Сиздердин колдооңуздар менен “Кыргызстан” партиясы 4-октябрда чоң жеңишке жетет деп ишенем. Сиздер менен биргеликте бир топ жакшы иштерди аткарып, сиздерди эч уят кылбайбыз деп өзүмдүн, талапкерлердин жана лидердин атынан баарыңыздарды ишендирип кетем. Биздин партия сөз менен эмес, иш менен далилдеген партия. Ошондуктан биз бул партияны катарына кошулуп, өлкөбүздү өнүктүрүп, элибиздин жашоо турмушун жакшырталы деген максатта шайлоого баратабыз. Кудай буйруп, баарыңыздар 4 күндөн кийин бюллетендеги №15 тизмени тандап, “Кыргызстан” партиясынын жеңишин 5-октябрда бирге белгилейли”, - деди Саматов. Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 30.09.2020) 18:19 30-09-2020

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:39

Бажыдагы текшерүү 90 секундда. "Бир Бол" коррупция менен кантип күрөшөт?

"Бир Бол" партиясы бажы пункттарында товарларды текшерүүдө көзөмөл-өткөрмө процессин автоматташтырып, бажы кызматкерлеринин санын азайтууну сунуштайт. Кыргызстанда мамлекеттин казынасынан бир тыйын коротпой, 90 секунд ичинде “растаможка” кылууга мүмкүнчүлүк түзө турган реформаны кантип ишке ашырса болот? - Бажы кызматы менен салык кызматы бириктирилет. - Бажы кызматындагы кызматкерлердин саны азаят. - Бардык чек ара пункттарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде эл аралык инвестор тарабынан “3D рентген-тоннелдер” курулат. - Чек арадагы операторлор мамлекеттик-жеке өнөктөш инвестор тарабынан ишке алынат. - Бардык фуралар 90 секунд ичинде рентгенден өтөт. - Ал жерде алынган 3D сүрөттөр жана электрондук декларациялар Бишкектеги диспетчердик борборго ошол эле учурда жөнөтүлөт. - Бажы кызматкерлери айдоочу жана жүктүн ээси менен беттешпейт, Бишкектеги Көзөмөлдөө борборунан туруп эле 3D сүрөттүн декларацияга дал келип-келбегенин 1 мүнөт ичинде тастыктайт. - 90 секунд ичинде “тоннелден” өтүп, декларациясы тастыкталган айдоочу, бажы кампасына барбай туруп, жүгүн өзүнүн кампасына түшүрөт. - Бажы салыгын 10 иш күн ичинде банк аркылуу которот. “Бир Бол” №13 – парламенттеги сиздин үнүңүз! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 30-сентябрь. 17:15 30-09-2020

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники