О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
1 октября 2020 г. 0:34

“Мекенчил” Кара-Сууда. К.Ташиев: "Көп добуш менен көп мандат алып парламентке барсак, Садырдын маселесин көтөрүп чыгып, күнөөсүз жерден күнөөлөнгөнүн далилдейбиз!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Кара-Суу районунун Мады айылына барды. Садыр Жапаров эл байлыгы элде калсын дегени үчүн кыйынчылыкка кабылды. Башкалардай көп нерсеге көзүн жумуп, алдына чыркырап келген чындыкка көңүл бурбай жүрө бергенде камалмак эмес. Бул тууралуу “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Мады айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Мекенчил” партиясы буга чейин бир да жолу шайлоого катышкан эмес. Ушундай жаш, элге таанылбаган партияны парламенттик шайлоого жетектеп баруума мен бийик туткан достук себеп болду. “Ата Журт” партиясын жалпы Кыргызстан билет, колдоочулары да көп, бирок мен “Мекенчилди” тандадым. Эмнеге? Анткени абакта ак жеринен отурган Садыр досума жардам бергим келди. Аны мыйзам чегинде чыгарып алып, мамлекетке билимин, тажрыйбасын арнатууга бизде бир гана жол калды. Ал – парламенттик шайлоодо жеңишке жетишүү! Көп добуш менен көп мандат алып парламентке барсак, өкмөттү куроо милдети бизге түшөт. Мына ошондо, Садырдын маселесин көтөрүп чыгып, күнөөсүз жерден күнөөлөнгөнүн далилдейбиз! Силер Садыр Жапаровдун көргөн азап-тозогунун азын гана билесинер. А мен баарын билем! Чындык деп башын канжыгага байлап, элдин байлыгын бөтөндөрдөн коргогону үчүн көрбөгөнү деле калбады. Биздин максат – жарандардын укугун коргоо, адилеттүү система орногон өлкөнүн калкын бакыбат жашоого жеткирүү!”- деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:34

(Фото) “Мекенчил” Ноокатта. К.Ташиев: "Азыр коррупционерлер көчөдө баштыгын көтөрүп жүрүшөт: “Ким добуш сатат?”-деп"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Ноокат районуна барды. Добуш сатып алуу аракетине укук коргоо, коопсуздукту коргоочу кызматтар, жергиликтүү бийлик аралашып кетти. Ошондуктан бул жаатта мыйзам бузгандардын бири да кармалган жок! Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ноокат районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. Добуш сатып алуу аракетине укук коргоо, коопсуздукту коргоочу кызматтар, жергиликтүү бийлик аралашып кетти. Ошондуктан бул жаатта мыйзам бузгандардын бири да кармалган жок! Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ноокат районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо кызматтарына кайрылып, “Ким добуш сатып алуу жана сатуу аракеттерине барса, мыйзам чегинде жазалагыла”, - деген. Бирок эч ким эч кимди жазалаган жок! Президентти уккан адам жок! Президентти уга турган аким, шаарлардын мэрлери, милиция, УКМК, прокуратура өздөрү мыйзамдан сырт иштерге аралашып кетишти. Ошондуктан бир да добуш саткан же сатып алып жаткан адам кармалбады! Эгерде добуш сатып жана сатып алып жаткандардын бир-экөөсүн, алып барып камап, олчойгон айыппулду моюнуна илип койгондо, мындай жаман илдет азаят эле. Азыр коррупционерлер көчөдө баштыгын көтөрүп жүрүшөт: “Ким добуш сатат?”-деп. Эмнеге мен муну айтып жатам? Анткени ага мамлекеттин коопсуздугу байланышкан. Парламенттик шайлоо райондук же шаардык деңгээлдеги шайлоо эмес, мамлекеттин эң жогорку бийлигинин шайлоосу. Жогорку Кеңештен ашкан бийлик жок! Президенттин укугу да чектелген, ал эми парламенттин укугу чектелген эмес. Элдин добушу акчага айланып кетсе эң жогорку бийликке деңгээли кандай адамдар келээрин элестетип көрүңүздөр”, – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
30 сентября 2020 г. 14:04

Саясий сойкулукту кантип токтотсо болот?"

WhatsAppтан түшкөн суроо: "Саясий сойкулукту кантип токтотсо болот?"

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:34

(Фото) “Мекенчил” Үч-Коргондо. К. Ташиев: "Мага ишенген элимдин берген ар бир добушун коргоп алам!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" Кадамжай районуна барды. Мага ишенген элимдин берген ар бир добушун коргоп алам! Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Мен Кыргызстанды түрө кыдырдым. Партиянын программасын айтып түшүндүрүү үчүн сапарга чыкканым менен башкы максатым элди-журтту көрүү, акыбал-шартына баам салуу болду. Кайсы аймактын эли эмне менен алектенип жатышат, мамлекеттин кандай социалдык маселелери бар – баарын байкадым. Мамлекеттик деңгээлдеги чоң коррупцияга кирип кеткенибизди да көрдүм. Кайда барбайын добуш сатуу жана сатып алуу күчүндө экен. Акча сунуштаган партиялар болбой эле акча берип жатса, силердин албай койгонго мүмкүнчүлүгүңөр калбаса – анда ал акчаны адалдап алгыла! Анын жолу – ал партия силерден алган акчанын бир кичинекей бөлүгүн кайтарды, өзүңөрдүн акчаңар өзүңөргө келди. Андыктан анын алдында өзүңөрдү милдеттүүмүн деп эсептебегиле! Шайлоо күнү добуш сатып алган партияга эмес, ниетиңерге туура келген, ушул партия парламентке барса мамлекетте жакшы жылыш болот, биздин укугубуз корголот деп ишенген адамыңарга добуш бергиле! Мен мага ишенип, колдогон элимдин ар бир добушун коргоп алам! Добуштардын жыйынтыгын бурмалоо, дагы бир бузуку иштер болсо, аягына чейин чыгам! Ар бир жарандын ишеними мага чоң күч! Мен бул күч менен чындыкты, акыйкаттуулукту табам!” – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:34

Шайлоого эмне максат менен бара жатасыз? Же сизге дебат эле кызыкпы? Партия лидерлери бири-бирине суроо узатты

Бүгүн, 30-сентябрда Коомдук телерадио корпорациясында парламенттик шайлоого талапкер партиялардын дебаттары уланды. Ага «Бир бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, «Ыйман нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков, «Мекен ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев катышты.Анда “Бир бол” партиясы “Мекен-Ынтымагына”  “сиз дагы парламенттик шайлоого 2-3 жолу аттанып жатасыз. Сиздин программаңызды көргөн дагы, уккан дагы жокмун. Шайлоо башталганда пайда болосуз, анан 5 жыл жоголосуз. Шайлоого эмне максат менен бара жатасыз? Же сизге дебат эле кызыкпы?”деген суроо узатты.“Мекен-Ынтымагынын” лидери  “коомдук кызыкчылыкты коргой турган системди программа түрүндө жазып, элге ошонун маанисин жеткирүүгө аракет кылып келе жатам. Программа боюнча сиз БШКнын сайтын ачсаңыз бардыгы толук илинип турат. Ичинде бардык маселелер бар” деген жооп кайтарды.Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага жалпысынан 16 партия ат салышып жаткан чагы.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:34

«Республика» шайлоодон жеңсе, премьерликке Бабанов сунушталат

«Республика» партиясы парламенттик шайлоодон жеңип чыкса, өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин сунуштайт. Бул тууралуу партия лидери Мирлан Жээнчороев КТРКдагы дебат учурунда билдирди. “Ал премьер-министр болуп турганда өлкө боюнча 91 мектеп курулган, ИДП өскөн. 44 өлкө менен болгон виза алынып салынган”, – деди ал.Эске салсак, Бабанов саясаттан кеткенин жар салып, партия лидерлигин тапшырып берген. 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын сентябрына чейин өкмөт башчы болгон.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:34

Шайлоо-2020: КТРКдагы түз эфирдеги дебат учурунда электр жарыгы өчүп калды

30-сентябрда КТРКнын түз эфиринде саясий партиялардын лидерлери катышкан дебат өтүп жатканда электр жарыгы өчүп калды.Жарык өчкөн учурда «Кыргызстан» партиясынын талапкери Асел Атабекова сүйлөп жаткан.Дебат кечки саат 20.00дө башталган, үчүнчү раундда, саат 21.50 чамасында жарык өчтү.Бүгүн Коомдук каналдагы дебатка «Бир бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, «Ыйман нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков, «Мекен ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек  Асанбеков, «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев, «Кыргызстан» партиясынан Асел Атабекова катышышты.Жарык 15 мүнөттөн кийин күйдү.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:34

Ачык айт: «Баарына каршылар шайлоону өзгөртөбү?» (Түз эфир)

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Бирок коомдо бир да партияны колдобогондор да көбөйдү. Баарына каршы кыймылы да түзүлө калды.Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого карата элдин маанайы терс. Мындай көрсөткүчтөрдү маалымат каражаттары жана ар кандай уюмдар жүргүзгөн сурамжылоодон байкоого болот.2015-жылкы парламенттик шайлоодо 12 500 шайлоочу баарына каршы добуш берсе, 2017-жылкы президенттик шайлоодо 13 талапкердин ичинен 12 300 добуш менен 4-орунга чыккан.«Баарына каршылар шайлоону өзгөртөбү?», деген теманын катышуучулары: жарандык акивистер Адиль Турдукулов жана Азамат Аттокуров.Бул макала “Демократия үчүн Европалык өнөктөштүк”, “Жергиликтүү демократиянын Европа ассоциациясынын ” (ALDA) колдоосу менен даярдалды. Макаланын мазмунуна GovoriTV мультимедиялык агенттиги жооптуу жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:34

Кайрат Осмоналиев: Шайлоо күнү БШК сайтына хакердик чабуул болушу мүмкүн

2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо шайлоо серверине 40 миң жолу хакердик чабуул болгон. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссияссынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев “Маралдын” суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал алдыда боло турчу парламенттик шайлоодо да ар кандай чабуулдарды күтүүгө болорун айтат. «2017-жылкы президенттик шайлоо күнү болжол менен 40 миңдей хакердик чабуул болгон. Бирок система ага туруштук берген. Эртеңки шайлоодо дагы чабуул болбой койбойт. Системабыз заманбап, аны тестирлөөдөн өткөрүп жатабыз, андай чабуулдарга каршы тура алат деп ойлойм», — деди Осмоналиев. Ал ар кандай кокустуктардын жана коркунучтардын алдын алуу максатында ар бир участокторго кошумча интернет, электр энергиясын чыгарып берүүчү генераторлор жеткирилгенин кошумчалады. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партия катышып, 3 жарым миллиондой жаран шайлоого катыша алат.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:34

Кыргызстанда жарым миллиондой адамдын добуш берүү укугу жок

Кыргызстанда шайлоодо добуш бер үү укугу жок адамдардын жалпы саны жарым миллионго жакын . Бул тууралуу 30- сентябрда «Азаттыкка» м амлекеттик каттоо кызматы кабарлады . Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө биометрикалык каттоого туруу укугу бар 437 миң 384 кыргыз жараны мындай каттоодон өтө элек жана эски үлгүдөгү ID паспорт менен жүрөт. Мыйзам боюнча мындай жарандар шайлоого катыша алышпайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебинде, Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 3,5 миллионго жакын. 16 жаштан жогору курактагы жарандарды биометрикалык каттоого алуу тууралуу мыйзам 2014-жылдын июль айында кабыл алынган. Каттоону мамлекеттик каттоо кызматы бекер жүргүзөт. Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:35

ЦИК исключила ряд кандидатов от политической партии «Кыргызстан»

Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов Кыргызстана на своем заседании 28 сентября 2020 года приняла решение об исключении из зарегистрированного списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша от политической партии «Кыргызстан» 2015 года. Об этом сообщает пресс-служба Центризбиркома. Дуйшеева Азамата Раимжановича, Дыйканбаева Алмазбека Кенешбековича, Курманбекова Данишбека Муратовича, Кубатова Каныбека Идрисовича, Кыдырбаева Улука Асанкарыевича, Мырзаканова Кубана Нуржановича, Тургунбаева Абдумиталиба Тажибаевича, Чыдынова Космосбека Мамажжановича. Решение принято на основании письменного уведомления политической партии «Кыргызстан» об исключении из списка указанных кандидатов от 28 сентября 2020 года, руководствуясь статьей 61 конституционного Закона Кыргызской Республики «О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики», статьями 6, 7, 18 Закона Кыргызской Республики «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики».

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:35

СМИ: В ЦИК поступила жалоба на кандидата в депутаты Марата Аманкулова

Акция недовольных высказыванием лидера партии «Биримдик» Марата Аманкулова. Бишкек, 27 сентября 2020 г. Фото Радио Азаттык В ЦИК поступила жалоба от гражданских активистов на кандидата в депутаты от партии «Биримдик» Марата Аманкулова. Об этом сообщает 24.kg со ссылкой на Центризбирком. Активисты требуют отменить регистрацию Марата Аманкулова в связи с его выступлением на мероприятии в Москве, прошедшем в 2019 году. Они считают, что высказывания направлены на подрыв суверенитета страны и он, как претендент на мандат, не может делать такие заявления. В Центризбиркоме пообещали рассмотреть обращение активистов. Ранее в соцсетях распространили видеозапись с выступлением Марата Аманкулова. На видео он говорит: «Тридцать лет показали, что нам надо возвращаться. На свободе хорошо, а дома лучше». Пользователи соцсетей расценили это заявление как попытку инициирования вхождения Кыргызской Республики в состав Российской Федерации. Член ЦИК Гульнара Джурабаева отметила, что в высказываниях Аманкулова есть признаки покушения на суверенитет страны, и комиссия должна дать оценку этим высказываниям. Накануне в Бишкеке прошла акция недовольных высказыванием Аманкулова под названием «Кул болбо!» (дословно с кырг. «Не будь рабом!» — прим.ред.). Аналогичные акции проведены в Оше и Караколе. Демонстранты подписали обращение в Государственный комитет национальной безопасности (ГКНБ) КР, где потребовали дать юридическую оценку высказываниям лидера партии «Биримдик» Марата Аманкулова. В этом документе отмечается, что «данное заявление – сепаратистское, направлено против народа и Конституции. «Такая позиция и идеология «Биримдика» говорят о том, что действия партии направлены против национальной безопасности Кыргызстана», – делают вывод авторы обращения.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:46

Келечек үчүн добуш бер!

Келечек үчүн добуш бер! "Кыргызстан" үчүн добуш бер! __________ Голосуй за будущее! Голосуй за "Кыргызстан"!

Подробнее
30 сентября 2020 г. 14:24

Кадр саясаты боюнча

Кадр саясаты боюнча "Ордонун" программасынын алкагында "Мыктынын мыктысы" деген проект иштелип чыккан!

Подробнее
30 сентября 2020 г. 11:35

Шаршенбек Абдыкеримов

#БиздинТалапкер рубрикасынын алкагында Шаршенбек Абдыкеримов тууралуу фактыларды сунуштайбыз: 1. Евразияда, Түндүк жана Түштүк Америкада жайгашкан бардык өлкөлөрдү кыдырган. Антарктидага, Борбордук Африкага жана Австралияга барууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Австралиядан асыл тукумдуу малдарды алып келмек, бирок, COVID-19дун кесепетинен улам бара албай калган; 2. Өспүрүм кезинде патриоттук ырларды жакшы көрчү. Студент болуп жүргөндө 80-90 жылдардагы ырларды укчу. Казакстанда иштеп баштагандан тартып кыргыздын элдик ырларына көнүл буруп, ошондон бери өзгөчө баа берип угуп келет; 3. Балалык чагынын дээрлик бардыгын кой кайтарып, чоң энеси менен кийиз жасап, шырдак шырып жайлоодо өткөргөн. Бул аны бардык тараптан ийгиликтүү болууга шыктандырчу. Чоң энеси: “Окуп жатсаң, жакшы оку! Эгер бир нерсе жасап жатсаң, майын чыгара жаса! Жан дүйнөсү кенен адам бол!” – деп айтчу; 4. Көптөгөн ишканаларды ачып, ар кандай долбоорлор менен иштешип келет, бирок азыркы учурга чейин санарип технологияларды колдонбойт; 5. Жаш кезинен бери эле китеп окуганды жактырат, өзгөчө тарых китептерине кызыгат. Акыркы бир жыл ичинде Олег Тиньков менен Стив Жобстун эмгектерин окуган; 6. Мектепте окуп жүргөндө шахмат боюнча облустун чемпиону болгон, башталгыч класстын окуучулары үчүн шахмат жана шашки ийримин жетектеген; 7. Студент кезинен баштап иштеп, алгач жашылча базасында жашылча сорттогон. Жайкысын студенттик отряддын коштоочусу болуп иштеген; 8. Кыргыз тилиндеги жакшы көргөн макалдары: “Жакшылык кылсаң айтпа, айтсаң кылба!”, “Акча табылат, көңүл табылбайт!”; 9. Биринчи авто унаасы – ВАЗ-2108 “Спутник” үлгүсундөгү авто унаа, экинчиси - ВАЗ-21099 “Спутник”, андан кийин “Мерседес-Бенц W124” сатып алган. Азыркыга күнгө чейин “Мерс” үлгүсүндөгү авто унаалар менен жүрөт; 10. Советтик кинолорду, Француздардын жана Америкалыктардын комедияларын, тарыхый жана чыныгы окуяларга негизделип тартылган фильмдерди көрөт; 11. Күрөш федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын улуттук олимпиада комитетинин президенти; 12. Жаңы долбоорлорду алгач өзү жетектейт, обьекттин курулушун, өндүрүш технологиясын, маркетингди көзөмөлдөп, жаңы команда топтоп, өзү окутуп үйрөтөт. Качан гана жумуш өз ыргагына түшкөндө, аткаруучу директор дайындайт; 13. Жакшы көргөн спорттун түрү – шахмат жана күрөш; 14. Мектептеги жакшы көргөн сабактары – тарых, география жана адабият болгон; 15. Дүйнөдөгү эң мыкты жер кыргыз тоолору деп эсептейт. Тоолордон жакшы - тоолор гана болушу мүмкүн!!! ____________ В рамках рубрики #НашКандидат представляем вашему вниманию факты о Шаршенбеке Абдыкеримове: 1. Посетил все страны, расположенные в Евразии, Северной и Южной Америке. Не довелось побывать в Антарктиде, Центральной Африке и Австралии. В Австралию не успел съездить из-за COVID-19, а собирался привезти оттуда племенной скот; 2. В детские и юношеские годы любил патриотические песни. Будучи студентом, слушал «дискотеку 80-х и 90-x». Когда начал работать в Казахстане, полюбил кыргызские народные песни и с тех пор отдает им предпочтение; 3. Почти все детство провел на джайлоо, где пас овец, помогал бабушке валять кийиз и шить шырдаки. Она же привила ему мечту быть успешным во всем. Бабушка говорила: «Если учишься, учись на отлично! Если занимаешься чем-то, сделай все качественно! Будь человеком широкой души!»; 4. Успел открыть десятки предприятий, занимается различными проектами, однако пока руки не дошли до тех, что касаются цифровых технологий; 5. С детства любит читать, особенно исторические книги. За последний год прочитал труды Олега Тинькова и Стива Джобса; 6. В школьные годы был чемпионом области по шахматам, вел кружок по шахматам и шашкам для учеников младших классов; 7. Начал работать в студенческие годы. Первая работа – сортировщик овощей на овощной базе. Летом работал проводником в студенческих отрядах проводников; 8. Любимые поговорки на кыргызском языке: «Жакшылык кылсаң айтпа, айтсаң кылба!» (Сделал добро, молчи!) «Акча табылат, көңүл табылбайт!» (Деньги заработаешь, а отношения былого не вернешь); 9. Первая машина – ВАЗ-2108 «Спутник» («восьмерка»), потом ВАЗ-21099 «Спутник» («99-я»), затем «Мерседес-Бенц W124». С тех пор ездит только на «Мерсах»; 10. Смотрит советское кино, французские и американские комедии, исторические фильмы и фильмы, основанные на реальных событиях; 11. Является президентом Федерации спортивной борьбы и Национального Олимпийского Комитета Кыргызской Республики; 12. Новым проектом сначала руководит сам, начиная от строительства объекта, технологии производства и заканчивая маркетингом, продвижением продукта, сам набирает команду, обучает ее. Когда работа поставлена, назначает исполняющего директора; 13. Любимые виды спорта - шахматы и борьба; 14. Любимыми предметами в школе были история, география и литература; 15. Лучшим местом в мире считает кыргызские горы. Лучше гор могут быть только горы!!!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники