О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
1 октября 2020 г. 0:16

Өлкөдө жарым миллиондой адамдын добуш берүү укугу жок

Кыргызстанда шайлоодо добуш берүү укугу жок адамдардын жалпы саны жарым миллионго жакын. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө биометрикалык каттоого туруу укугу бар 437 миң 384 кыргыз жараны мындай каттоодон өтө элек жана эски үлгүдөгү ID паспорт менен жүрөт. Мыйзам боюнча мындай жарандар шайлоого катыша алышпайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебинде, Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 3,5 миллионго жакын. 16 жаштан жогору курактагы жарандарды биометрикалык каттоого алуу тууралуу мыйзам 2014-жылдын июль айында кабыл алынган. Каттоону Мамлекеттик каттоо кызматы бекер жүргүзөт. 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоонун добуш берүү күнү болот.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:17

WhatsApp суроо - жооптор 2- бөлүк

Сайтка жарыяланган суроолордун маани-маңызына жана тексттеги каталарга КТРК сайты жооптуу эмес. WhatsApp суроо - жооптордун 1- бөлүгүнө өтүү үчүн бул жерди басыңыз. WhatsApp суроо - жооптор: Кыргызстан партиясына: Бизнесмен бийликке аралашпаш керек дегенге кандай карайсыз? 0706 150 8ХХ “Кыргызстан”: Барды жок кылгандар Ишкердин баркын кетирген бизде, жаңы муун ишкерлер жоктон бар кылгандар. Алар жумуш оорду түзөт, салык төлөйт. Эгер алардын укугу корголбой, тескерисинче кугунтук көрүп, тосколдук жаратылып жатса, андай жаратман ишкерлер келип Экономиканы жөнгө салатурагн мыйзамдарды жазууга салым кошсо болот. Негизи мыйзамдар баарына бирдей иштегенде, ишкерлер өздөрү эле келбейт саясатка. Бирок келип контрабанданы, схемаларды коргогондорго жолтоо болушубуз керек. Асанбек Темирбековго суроо: Эмне үчүн бөлөк партияларга окшоп башкалар менен кошулбай дайым жалгыз позицияңызды коргоп келесиз? 0500 006 1ХХ "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын өз принциптери бар. Олкөбуздун өнүгүп өсүүсүнө жаркын келечегине тилектеш партиялар болсо идеалаш болууга даярбыз. Менин суроом Бир Болго Сиздердин партияларыңарда жалаң гана саясатчылар эмес спортмендерго. Сиздер кантип парламентти башкарасыздар же күч мененби? 0773 794 8ХХ “Бир Бол”: Жалган бизде 108 талапкер арасында башта спорт менен машыккан бирок ошол эле учурда ишкер болгон эки эле талапкер бар, калгандарынын спорт менен көп деле катнашы жок, чуркап, футбол ойногондон башка. Бизде эн көп юрист жана экономист бар партия. Орточо жашыбыз 37, Жогорку Билимдүүлөр 95%,аялдар эң көп 37%, башка улуттар эң көп 26%. Баардык партияларга: Жалгыз бой энелердин укугун коргоо учун кандай мыйзамдарды иштеп чыга аласыздар? 706 441 0ХХ “Ыйман Нуру”: альбетте бул маселеде жалгыз бой энелердин мамлекет тарабынан алынган жардамга адилеттүү мамиле каралыш керек, башка категорияларга салыштрмалуу жашаган шарттарына, иштеген жерина жана маянасына жараша акча каралыш керек. Баарына суроо: Ассалому алекумдар Урматтуу кандидаттар, Эгер депутат болуп калсаныздар границаны качан чечесиздер, Кыргызстанга кадр маселси солкундап кетти 0707 030 3ХХ “Республика”: Алейкум Ассалам, чек ара боюнча суроого жооп бердим, кадр маселеси өтө бир чоң көйгөйгө айланды. Кард өстүрүү, тандоону оңдоп албасак биз алдыга жылууну ойлонбой эле койсок болот. “Ыйман Нуру”: чек ара боюнча, кадр маселеси да абдан маанилүү аны үчүн жергиликтүү элдин арасынан кадр даярдоо саясатын башташ керек жана ошо жерлердин экономикалык акыбалын жогорулатыш керек. Баардык талапкерлерге: Бийликке келип калсаңыздар, шаардын айланасындагы таштандыны кантип жок кылып бере аласыңар? Бул көп жылдан бери чечилбей келген көйгөй 707 811 6ХХ “Ыйман Нуру”: Бул үчүн таштандыларды кайра иштетүү заводун салыш керек, ал завод таштандыларды шаардан өзү чогултуп аны кайра иштетип андан электроэнергия жана газ чыгарса болот. Чогулган таштандыларды тазалап андан пайда тапса болот. “Республика”: Шаардын айланасындагы таштанды маселе көптөн бери чечилбей атат, бул жатка бир гана жол бар таштандыны кайра иштетип чыгуу ишканаларды курушубуз керек жана бул багытта иштейм деген компанияларга шарт түзүп беришибиз керек. Мисаалы биздин темир тезектерибизди сатып алып, кайра арматура кылып өзүбүзго сатышат кымбат баада, ушул сыяктуу көп мисаалдар бар. Ошол кайра иштетип чыгуу багытын өнүктүрүшүбүз керек МИГРАНТАР БИЗДИН ОЛКОНУН БЮДЖЕТИНЕ ЧОН САЛЫМ КОШОТ ЭМЕСПИ сырт жакта иштеп ЖУРГОН мигарантарга бир министерство тузуп, башка олколордо иштейм деген атуулдарга иш табып гарант болуп беруусун кандай карайсынар? 0705 159 5ХХ “Кыргызстан”: биздин тышкы иштер министрлиги жана эмгек министринин жоопкерчилигин көтөрүп биздин мигранттардын укугун коргоо үчүн иш барыш керек. “Бир Бол”: Биздин максатыбыз Мигранттардын кайтып келүүсү, ал жерде Сиздердин талабыныздардын корголуусу Тышкы Иштер жана Миграция мекемелеринин түздөн түз жоопкерчилиги, биз аларды көзөмөлдөйбүз. Туризм, Энергетика, Заманбап айыл чарба, ИТ аркылуу жаны миндеген жумуш оорундарын түзсө болот. Кыргыз спортуна кандай көңүл бурасыңар? Кантип көтөрөсүңөр? Эмдиги жылы Токиодо олимпиада болот. Олимпиадалык спортту түшүнгөн кесипкөй адамыңар барбы араңарда? 778 199 9ХХ “Республика”: Мен дзюдо спорту менен машыгып жүрдүм, бул олимпядалык спорт түрүнө кирет. Албетте колдоо болушу керек. Ар бир мамлекет дүйнө аренасында өзүн мыкты жактары менен көрсөткүсү, жеңиштерди багындыргысы келет. Булар жалпысынан чет өлкөлүктөрдүн арасында биз жөнүндө көз карашты калыптандырат, ошого жараша бизге мамилек кылат, иштешет. Бирок спортчулар дүйнөгө даңтап аткан учурда, бизди тескери уят кылган депутаттарды шайлоо кандай болуп калат? Эгер шайлодон өтүп калсаңыздар эмнеден баштайт элеңиздер? 0776 971 9ХХ “Ыйман Нуру”: Биздин партяи тарабынан даярдалган 10 мыйзам долбоорло бар, ошолорду демилгелеп иштеп баштайбыз. Баардык талапкерлерге суроо: азыркы Жогорку Кенештин спикеринин иши талапка жооп береби? 500 228 8ХХ “Республика”: Жок, жооп бербейт. Жогорку Кенештин торагасы бул мамлекетте экинин бир, ал жака өтө билимдуу, тажрыйбалуу адам келиши керек. Аны көрүп чет мамлекетте жалпы элдин керек болсо жүзү катары баалашат. “Ыйман Нуру”: жооп бербейт. Мекен Ынтымагына: Сизге өкмөттөн жогорку даражадагы жумуш орду сунушталды беле Нуржигит Кадырбеков, Улукбек Кочкоровго сунушталгандай. 700 721 0ХХ "Мекен-Ынтымагы" саясий партиясыны Парламенттке, Аткаруу бийлигине мамлекеттин жалпы өнүгүшү учүн өз сунуштарын берип келет. Эгерде аткаруу бийлиги биздин сунуштарыбызды кабал алса кызматташууга даярбыз. Саламатсыздарбы! Кыргызстандын мыйзамына өлүм жазасын киргизсе пара корлорго, жемкорлорго, озгочо педофилдерге! Ушуга кандай карайсыздар? 0706 187 4ХХ “Ыйман Нуру”: Биз эл аралык конвенцияларга мүчө болгондуктан бул маселени чечүүдө бул жагдайды караш керек. Биздин ойубузча буга жеткирбей турган система куруш керек. “Мекен Ынтымагы”: Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык өлүм жазасы тыюу салынгын. Оор кылмыштар үчүн өмүр боюу укугунан ажыратуу каралган. Мамлекеттик саясат кылмыш жасалгандан кийин жазалоо гана эмес, кылмыш кылмыш кылууну алдын алуу. Суроо баарына: Бөлкө нандын баасы, 1 кВт светтин баасы жана маршруткадагы жол кире баасы канча? 0705 707 3ХХ “Ыйман Нуру”: Бөлкө нандын баасы сортуна жана көлөмүнө жараша 10 сомдон 30 сомго чейин, 1 Квт баасы 700киловатка чейин 77 тыйын, андан кийин 2 сом 24 тыйын, маршрутканын баасы саат 21:00га чейин 10 сом, андан кийин 12 сом “Мекен Ынтымагы”: Бөлкө нан ундун сортуна жараша 12 сомдон 25 сомго чейин. 1 кВт. электр энергиясы жөнөкөй жарандар үчүн 700 кВт. чейин 77 тыйын, андан ашык колдонгондорго 2,24 тыйын. Коомдук траснпорттун баасы 10 сом. Суроо баарына: Саламатсыздарбы! Кыргызстандын мыйзамына өлүм жазасын киргизсе пара корлорго, жемкорлорго, озгочо педофилдерге! Ушуга кандай карайсыздар? 0706 187 4ХХ “Кыргызстан”: биз колдойбуз, бирок ал үчүн конституцияга өзгөртүү киргизиш керек. Баардык партияларга: Канткенде Билим берүү системасын өзгөртө алабыз? Чоң рахмат 551 654 0ХХ “Ыйман Нуру”: Билим берүү системасын сапатын жогорулатуу үчүн ал жакка тийштүү акча бөлүнүш керек жана ал системанын продукты катары болгон бүтүрүүчүлөргө талап чоң болуш керек, ал талапты жеке бизнес жаратыш керек, жеке бизнес кеңеиш керек. Кыргызстан партиясы балага суйунчу пул 50000 сом өлчөмүндө төлөп берерин убадалап жатат. Кыргызстанда күнүнө 460 ымыркай жарык дүйнөгө келет. Жылына 460 балага 460*365=8 395 000 000 сом керектелет. Бул сумманы кай жактан аласынар жана канча жыл 50000 сомдон суйунчу пул төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк жетет. 0703 783 0ХХ “Кыргызстан”: таможняны тартипке салсак андан дагы көп тапса болот. Жарандык паспортко кайра кыргыз улутун алып келүү жөнүндө сөз айткан жоксуңар. Биздин паспортко улуттун жазылышы сиздер канчалык маанилүү? 778 268 1ХХ “Ыйман Нуру”: Сыртка чыгууда колдонгон жалпы жарандык паспорто сөзсүз керек, ички паспорто жаңы форматында маалымат катары ичинде болсо, анда ал паспорту колдонууга бүт шарттар болуш керек. Канткенде Билим берүү системасын өзгөртө алабыз? Чоң рахмат 551 654 0ХХ “Мекен Ынтымагы”: Билим берүү системасындагы билим сапатын жогорулатуу үчүн комплекстүү карашыбыз керек. Жеке менчик окуу жайларындагы билим сапаты менен мамлекеттик билим берүүдөгү айырмачылык айгине. Бул окутуучулардын айлык акысына социалдык камсыздоосуна, көз каранды. Биздин партия бул маселени чечүү үчүн өз программабызда көрсөтүлгөн сунуштарыбыз бар. Евразиялык интеграцияны кандай тушуносуздор???Жакында "Биримдик" партиясынын лидери Марат Аманкуловдун айланасында жанжал которулду. Ушул окуя боюнча позицияныздар кандай?? +1 562 552 28 ХХ “Ыйман Нуру”: Кандай гана интеграциялык процесстер болсо да, биздин мамлекеттин улуттук кызыкчылыктары, биздин бизнестин кызыкчылыгы алдыга койлуш керек жана бул процесстерге даярданып анан киришибиз керек. Евразиялык интеграцияны кандай тушуносуздор???Жакында "Биримдик" партиясынын лидери Марат Аманкуловдун айланасында жанжал которулду. Ушул окуя боюнча позицияныздар кандай?? +1 562 552 28 ХХ “Республика”: Мамлекеттин эгемендүүлүгү баа жеткис дөөлөт, биз көздүн карегиндей сакташыбыз керек. “Ыйман Нуру”: Биздин суверенитет баа жеткис байлык, аны биз сактап жүрүшүбүз керек. “Мекен Ынтымагы”: Мамлекеттин коопсуздугу жана эгемендиги баардыгыбыз үчүн ыйык. Евразиялык интеграция экономикалык, маданий багытта болушу керек. Жарандык паспортко кайра кыргыз улутун алып келүү жөнүндө сөз айткан жоксуңар. Биздин паспортко улуттун жазылышы сиздер канчалык маанилүү? 778 268 1ХХ “Кыргызстан”: аны кайра киргизүү маселесин карап талкуулар киргиүүгө биз даярбыз. Президенттин ишине кандай баа бересиздер? 555 103 1ХХ “Ыйман Нуру: Президент өзүнө караган сырткы саясатты татыктуу деңгеелде алып бара жатат, бирок ошол эле учурда элдин көпчүлүгүнүн ишенимин алган киши катары чарбалык маселелрди өкмөттөн каттуу талап койуу менен иштеш керек. Акыркы 5 жылдыкта эл учун, Мекен учун чын дили менен кызмат кылган, сиздер ишеним корсоткон 5 саясаттагы инсанды айтып берсениз? 505 032 7ХХ “Республика”: Омурбек Бабанов, Руслан Казакбаев, Алтынай Омурбекова, Мирлан Жеенчороев, Кенжебек Бокоев. Вопрос к партии Кыргызстан: вы много упоминаете про цифровизацию. Этот год был объявлен годом цифровизации и у вашей партии были мандаты 6 созыва ЖК. Почему простые люди все ещё не видят плоды ваших работ ?! +1 562 552 28 ХХ “Кыргызстан”: элементарный результат нашей цифровизации является запись ребенка в школу и в детский сад через интернет, получение гос услуг через интернет, проект безопасный город и оплата за штрафы, комуслуги и т.д. можно перечислить многие результаты. Менин суроом Бир Болго Сиздердин партияларыңарда жалаң гана саясатчылар эмес спортмендерго. Сиздер кантип парламентти башкарасыздар же күч мененби? 0773 794 8ХХ “Бир Бол”: Карапайым эл тилекке каршы спортсмен менен ОПГны айырмалай албай калган, негизинен ОПГга каршы чыныгы күрөшкөндөр бул ийгиликтүү спортсмендер. Бизде командада эки эле спортсмен бар калганы юристер жана экономистер, 97% жаңы жүздөр. Суу өмүр булагы деп айтат, Нарын дарыясы Токтогул ГЭСине куят, ошол сууну кантип туура пайдаланып, светтин баасын 50 тыйынга тушурсо болобу? 0509 464 7ХХ “Ыйман Нуру”: Светке болгон тарифтин түзүмүн өзгөртсө, анда бул тармактын эффективдүүлүгүн көтөрүп жаңы ГЭСтерди курса болот. Андан кийин аган тарифти түшүрүү маселесин караса болот. “Мекен Ынтымагы”: Элдин электрдик керектөө жыл сайын 5% га өсөт. Жыл сайын кошумча кубаттулукту ишке киргизишибиз керек. Эл аралык CASA 1000 программасынын алкагынында экспортко электр энергия сатышыбыз керек. Бул маселени чечүү үчүн гидро потенциалыбыздын мүмкүнчулүгун толук колдоношубуз керек. Во многих партиях кандидаты имеют уголовное прошлое, а то и вовсе связь с криминальным оттенком. Как могут такие кандидаты иметь законное и моральное право баллотироваться в выборах? 551 950 0ХХ “Республика”: Людям кто имеет связь с криминальным миром доступ в парламент должен быть ограничен. Это вопрос национальной безопасности. Акыркы 5 жылдыкта эл учун, Мекен учун чын дили менен кызмат кылган, сиздер ишеним корсоткон 5 саясаттагы инсанды айтып берсениз? 505 032 7ХХ “Ыйман Нуру”: Биздин партия жаңы партия, биздин ийгиликтер алдыда, ошондуктан биздин партия 5 жылдан кийин гана сизге бул суроого өзүнүн депутаттары тууралу жана өкмөт мүчөлөр тууралуу айтып бере алабыз. Суроо баарына: 120 депутат кичинекей Кыргызстан үчүн көптүк кылбайбы? Депутаттардын санын кыскартууга кандай карайсыздар? 0709 160 3ХХ “Ыйман Нуру”: Депутаттардын санына эмес алардын сапатына көңүл буралы, бул процессти сиздер шайлоочулар чечесиздер, туура тандоо жасаңыздар! Биздин партияны шайлаңыз! “Бир Бол”: Парламентаризмге балта чабыш үчүн бул сөз айтылып келет, 60 кишини сатып алуу, аларды коркутуу оңой болот. Биз чыныгы Парламентаризмге жетишибиз керек. Тарых үчүн Бакиевди алып келип жазага тартуу боюнча кимдин кандай оюу бар? 0990 355 1ХХ “Ыйман Нуру”: Жазага тартуу керек, соттун чечими бар бул боюнча. WhatsApp суроо - жооптордун 1- бөлүгүнө өтүү үчүн бул жерди басыңыз.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:19

Шайлоо - 2020. Лидерлер теледебаты - 20:00 / ТҮЗ ЭФИР (30.09.2020)

Теледебаттарга WhatsApp аркылуу суроо жөнөтүүдө төмөнкү эрежелерди сактаңыз!!! Адамдын кадыр-баркына шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн суроолор жарыяланбайт. Жогорудагы эрежелер сакталбаса, сурооңуз сайтка чыкпайт. Сайтка жарыяланган суроолордун маани-маңызына жана тексттеги каталарга КТРК сайты жооптуу эмес. Внимание! Прежде чем задать вопрос политическим партиям соблюдайте следующие правила: Не цензурная лексика, вопросы агитационного характера, провокационные, порочащие честь и достоинство вопросы публиковаться не будут! Соблюдайте правила и ваши вопросы с ответами кандидатов будут опубликованы на сайте КТРК. Редакция сайта не несет ответственности за ошибки, пунктуацию и содержание ответов! WhatsApp суроо - жооптордун 2- бөлүгүнө өтүү үчүн бул жерди басыңыз. Баардык партияларга: Чара маселесин Баткендеги кайсы партия канча убакытта чечет? 0708 178 0ХХ “Бир Бол” катары согушпай соода жүргүзөбүз деген максат менен биринчиден коншу өлкөлөр менен түз мамиле түзүүгө өтөбүз.Баткен эркин соода айиагына айлануусу керек. “Ыйман Нуру”: Чек ара меселесин чечүүдө биздин партия эң негизги басымды ошол жакта жашап жаткан элдин жашоо деңгелине, экономикалык өсүшүнө жана инфраструктурасына көңү бурат. Региондордун жашоо стандартарынын деңгээлин көтөрү үчүн мамлекттик акча ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүүгө басым жасалат. “Кыргызстан”: Бул маанилуу маселени коншу мамлекет менен биргеликте 1-2 жылда чечууго мумкун болот. Ага эрк жана чечкиндуу кадамдарга юарыш керек. Баардык партияларга: Урматтуу кандидаттар!Депутаттын кол тийбестигине кандай карайсыздар?Озулору чыгарган мыйзамга баш ийбей жооп керчилике тартылбай калышат экен. 0707362 3ХХ “Бир Бол”: эл өкүлүнүн кол тийбестиги алынышы керек. “Мекен Ынтымагы”: Депутаттарда кол тийбестик болбошу керек. Кыргыз Республикасынын Контитуциясында, баардыгы мыйзам жана сот алдында бирдей деген норма бар. “Кыргызстан”: Жогорку кенештеги айтылган создорду учун жоопко тартылбаш керек. Калган иш аракеттери учун жооп бериш керек. “Ыйман Нуру”: Азыркы учурдагы Жогорку Кеңештин регламентинде депутатты жоопко тартуу каралган, ага карабастан депутат иштеп жазып жаткан мыйзам долбоорлордун сапаты төмөн, ошону үчүн депутаттын мыйзам долбоорлордун сапатына байланыштуу баалоо чараларын регламентке киргизебиз. “Республика”: Депутатта кол тийбестик болбош керек. Алар катардагы эле жараандар менен укуктары тең болуш керек Эгерде бир максат менен бара жатсанар эмнеге биргелешип программа түзүп иш алып барбайсынар?Рахмат. 777 366 6ХХ “Кыргызстан”: Жогорку Кенешке барганда чоугулуп бирге эл учун иш алып барганга даярбыз. "Бир Бол” : “ Бирбол катары бир максат бир баалулук тегерегинде жаратман билимдүү,эларалык тажрыйбага ээ команда бириктик. Вопрос для ПП Республика. Могут ли инициировать закон новый состав ЖК: 1. уголовную ответственность Премьер-министра за не исполнение своей программы перед назначением. 2. Уноловную тветственность следователей за не законное возбуждение уголовного дела в отношении прдозреваемых, так как за период не зависимости КР не было ниодного прицидента такого рода. Актуальный вопрос, задайте лидерам пжл 0554 959 537 “Республика”: Вопрос ответственности в том или ином виде должен быть рассмотрен безусловно. В нашей стране это одна из главных проблем, никто не несет ответственности за принятые решения. Это одна из главных пунктов нашей программы, одно лицо должно отвечать за всю работу Правительства. Ответственность за незаконное возбуждение уголовного дела уже есть, вопрос в том что нужно контролировать соблюдение действуюших законов. Саламатзырдарбы! Статистика боюнча мугалимдерди,врачтардын мектеп тех персоналдардын айлыгын койбойду деп отчёт берилет.Бирок тех персоналдардын акчасы койбойтулгон жок эмне себептен жооп берип коёсуздарбы? 0700 139 5ХХ “Ыйман Нуру”: Мунун себеби өлкөнүн бюджетинин киреше мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу жана ал түшкөн акчаны адилетсизик түрдө бөлүштүрүү себеп болууда. Биздин партинянын программасынын негизинде адилетүү бөлүштүрүү жатат, бул ыкма менен бюджетке түшө турган киреше бөлүгүн көбөйтөбүз жана аны айлык акыларды көбөйтүүгө жумшайбыз. "Республика": Мунун баардыгы экономикабызга байланыштуу, бюджетибизде каражат жетиштүүболбосо айлыктарды көтөрүш кыйын. Бизде экономикабыздын 39% көмүскөдө, салык төлөнбөйт. Биз салык системабызды реформалап, бул агымдарды ачыка чыгарганда бюджетибиз толуп айлыктарды жана башка төлөмдөрдү көбөйтө алабыз. Бир бол партиясына суроо жалпы эле партиясына бул суроо онуктуробуз дейт анан шайлоодон кийин карантин болсо кандайча иш жургузушот тушундуруп берсин ошону 0700 5190ХХ “Бир Бол” : Биздин экономика дагы бир карантинди көтөрөалбайт, башка таасирдүү ыкмалар колдонуу керек. Биздин сунушубуз бар бул боюнча. Кыргызстан партиясына: Бала төрөлгөндө берилүүчү сүйүнчү пулду 50 000 сом деп убада кылдыңар эле. Бул убада шайлоо учурунда эле болгондо да бир эле адамга берилет экен да. Мындан ары бересиңерби? 705 911 1ХХ “Кыргызстан” : Биздин берген убаданы депутаттард иш алып барып Өкмөтт 4000 сомго макул болушкан. Эгерде Кыргызстан саясий партиясы Өкмөттү жетектесе 50000 сомго жеткизмек. Тилеке каршы Өкмөт толук кандуу иш алып бара алган жок. Баарына суроо: Кыргызстан Россияга кошулушу тууралуу ой, пикириңизди ачык айтып бересиздерби. ( Бардык партияларга суроо) 0777 181 9ХХ “Кыргызстан” : Биздин суверинитетти сакташыбыз керек. Биз такыр каршыбыз. Эгер парламенттке өтүп калсаңар бир жолу депутат болгон адам экинчи жолу депутат боло албайт деген мыйзамды кабыл ала аласыңарбы 755 777 9ХХ “Бир Бол” : 3-жолу болуусуна чектөө койсо болот, кеебир өлкөлөрдө ушундай. “Республика” : Бизге люстрация керек, бирок бул жолу менен эмес. Ким депутат болот, болбойт аны эл чечиш керек. “Мекен Ынтымагы” : Депутат экинчи жолу депутат боло албайт деген норма аракеттеги мыйзамдардын негизинде адам укугун чектөө болуп калат. Бирок шайлоо учурунда убадасын аткарбаса кандайдыр бир жоопкерчиликке тарттууга мыйзам долбоорун иштесе болот. "Ыйман Нуру": Эгерде ал депутат сапатсыз жана натыйжасыз иштесе анда ооба бул демилгени колдойбуз. Кыргызстан партиясына суроо: кайсы күчтүү сапаты үчүн саясый рейтинги учурда төмөн болгон Тазабек Икрамовду жана Дастан Артисбековичти тизмениздерге коштунуздар? 778 288 8ХХ “Кыргызстан” : Ар бир талапкердин өз жеринде өзүнүн кадыр баркы бар. Кыргыз тилин так билгени үчүн жана ар бир талапкер өз ишинде тыянак чыгарышат. Кыргызстан, Бир бол, Республика партиялары ар бир шайлоодо катышасынар, бирок элдин жашоосуна олуттуу өзгөрүү киргизе алган жоксуңар. Дагы аткарылбай калып, алдында уят болом деген сезим ойлондурабы? 707 317 6ХХ “Республика”: Республика партиясы салыштырмалуу өзүнүн программаларын аткарып турган. Мисаалы биз 2010 жылы коопсуз шаар, камералар, ипотека жана башкалар боюнча сөз кылганда ишенбегендер да кө болгон. Бирок убакыт көрсөттү ошол учурда көтөрүлгөн идеялар мезгилдин талабына жооп берген жана иш жүзүнө ашкан. "Бир Бол" : Биз ушул себептен 97% жаныланып, тышта билим алган команда менен бирге баражатабыз. Мурдагылар менен ишке ашпай турганына көзүбүз жетти. Башкаларды да ушул кадамга чакырабыз, тышта жүргөн миңдеген мекендештер бар, башка экономикага пайда алып келип, аларды саясатка тарткыла. "Кыргызстан": биздин береген убадаларды толук актарууга Өкмөттү жетектегенде аткаралабыз. Бардык талапкерлерге суроом: томонку пайыз менен насыяларды бергенче элдин жашоо дэнгелин насыялары жок эле жогорку дэнгелге жеткизип эл озу каалаган уй оокат автоунааларды ж. б.тиричилик буйумдарын алганга мумкунчулугу жетет? 0700 027 2ХХ “Ыйман Нуру” : Төмөнкү пайыз менен же пайызы жок башка альтернативдик акча каражаттарын тартуу ыкмалары биздин бизнес үчүн керек, туура элибиз колдон келсе кредитке кызыкпай өзүнүн акча каражаттары менен жашоо шартын өнүктүрсө болот, аны үчүн биздин партия Финансылык сабаттуулук боюнча улуттук программа кабыл алабыз. Баардык партияга: Энергетиканы өнүктүрүш үчүн тарифти көтөрүш керек. Кыргызстанда тариф эн арзан. Шамал, Кун, гидроэлектростацияларды куруш керек деп атат кээ бир партиялар. Андай болсо партия тарифти көтөрүш үчүн учун макулбу? 557 091 0ХХ “Республика” : Бүгүнкү экономикалык реалдуулукта тарифти көтөрүү мүмкүн эмес, эл көтөрө албайт. Ассалам алейкум урматтуу дебаттын катышуулар сиздерге сунуш тушсо маяна албай иштоо десе колдойт беленер бул суронуу копчулук кутуп жатабыз 0550 071 2ХХ “Мекен Ынтымагы” : Парламентке буюрса келсек айлык маянанын көлөмү боюнча демилге көтөрүүгө даярбыз. Мисалы мыйзам жазбаган депутаттарга жыйындарга катышпаган депутаттардын айлыгын токтотуу. Трайбализм маселесин кантип чечесиз? 703 770 0ХХ “Ыйман Нуру” : Меритократия принцибин кармануу менен. Бул деген жумушчу кадрлардын кесипкөйлүгүнүн негизинде гана дайындоо жана карьерасын жасоо болуп саналат. Баардык партияларга: Россия жарандыгын алган Кыргызстандыктардын өтө чоң көйгөйү бул кош жарандуулукту алуу, ушул көйгөйдү чечип бере аласыздарбы? Кантип? 778 819 8ХХ “Кыргызстан”: Биздин мыйзамдарда кош жарандуулукка бөгөт жок. Мекен Ынтымагы коррупцияны кантип жоёсунар? 700 145 9ХХ “Мекен Ынтымагы”: Коррупцияны жоюга саясий эрк керек. Жана бул тармактагы укуктук ченем актылардын баардыгын кайрадан иштеп чыгышыбыз керек. Корупция боюнча айыпталган адамдардын жазасын катуулатуу керек. Жана акыркысы баардын тармактарда так регламент иштеши керек. Республика партиясына: Силер 15 жылдан бери 3 пайыз кредит беребиз деп элге айтып келесинер? Натыйжа кайда? 0779 921 2ХХ “Республика” : Биздин партиябыз биринчи жоолу шайлоого 2010 жылы катышкан, 10 жыл болду. 3% кредит беребиз деген сунуш бул быйыл гана айтылды. Орто жана чакан бизнеске пандемиядан кийин колдоо ирээтинде биз жеңилдетилген насыя берели деп. Шайланып калсанар, бир жылда озгоруулор болбосо, же кийинки шайлоого жылыш жок барсанар, саясаттан биротоло кете аласынарбы? Ушул дебаттан кетем деп элге ант бере аласынарбы? 0707 194 9ХХ “Ыйман Нуру” : Бул маселеде акыркы чекитти эл өзүнүн тандоосу аркылуу койот, эгер партия Жогорку Кеңеште начар иштесе анда ал партияны шайлабай кийинки чакырылшка киргизбей койсоңуз болот. Биз элдин ишенимин толук актаганга болгон күч аракетибизди жумшайбыз. Ыйман нуру партиясына силер парламентке барсанар мектептерде дин таануу сабагын окутууга кучунор жетеби? 0702 5225ХХ “Бир Бол” : БирБол катары дин тарыхы сабагын сунуштайбыз. Мамлекет балага дин маселесинде туура фундамент бериш керек, болбосо радикалдашуу коркунучу бар. Имамдар да жогорку билимдүү мамлекет тарабынан айлык алган мам. кызматкер болуусу керек Түркиядагыдай. Ыйман нуру партиясына силер парламентке барсанар мектептерде дин таануу сабагын окутууга кучунор жетеби? 0702 5225ХХ “Ыйман Нуру” : Бул маселени биз карап чыгууга даярбыз, бирок бул маселе биздин улуттук баалуулуктар жана салтарыбыздын гана негизинде каралыш керек. Айтыңыздарчы ушул учурга чейин, агитация үчүн кайсы партия канча акча коротту? Ал каражат кайдан келди. Пандемия учурунда эл үчүн кандай жардам көрсөттүнөр? Санкт Петербург шаарынан Калысбек +7 925 796-86-ХХ “Мекен Ынтымагы” : Агитация жана башка партиялардын чыгымдары Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында көрсөтүлүп турат. "Мекен-Ынтымагы" саясий партиясынын чыгымдары партиянын мүчөлөрү тарабынан чогултулган. Баардык партияларга салыштырмалуу минималдуу. Бишкекке мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга мектеп ачып жана башка жеңилдиктерди кылып бере аласыңарбы? 706 068 6ХХ “Бир Бол” : Баардык мектептер буга ылайык болуш керек, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар башка курбулары менен бирдей класстарда, бирге окушу керек. Мектептерди аларга ылайыкташтыруу маанилүү. Республика партиясына: эгерде депутат болуп калсаныз депутаттардын айлыгын кыскартып же болбосо айлыгы жок иштеп бергенге маселе которбойсузбу? 0700 297 4ХХ “Республика”: Парламентке катардагы билимдүү жарандар да өткүдөй система курушубуз керек, жалаң гана байлар эмес. Эгерде алар күнү түнү иштеп атышса татыктуу маяналар менен камсыз болушу керек. Бул врач, мугалим сыяктуу эле кызмат катары кабыл алышыбыз керек. Депутат деген жаңы бай манап эмес, кызматкер деп түшүнүшүбүз керек Айтыңыздарчы ушул учурга чейин, агитация үчүн кайсы партия канча акча коротту? Ал каражат кайдан келди. Пандемия учурунда эл үчүн кандай жардам көрсөттүнөр? Санкт Петербург шаарынан Калысбек +7 925 796-86-ХХ “Кыргызстан”: Биздин талапкерлер пандемия учурунда элге жардам берип жүрүштү. Айткандай кайрымдуулукту көргөзбөй жазаш керек. Азыркы күндө 88 млн сом сарпталды шайлоого. Ал каражат талапкерлердин жана колдоочулардын каражаттары. Ыйман нуру партиясына: Эмне үчүн Нуржигит мырза карындашыныз менен экибашка партияда бара жатасыңар? 705 911 1ХХ “Ыйман Нуру”: Ар бир адам өзүнүн жеке ойун ишке ашырууга укугу бар, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошууга укугу бар. Өзүнүн саясий көз карашынын негизинде партияны тандап аны менен шайлоого баруу укугу да бар, ошо укук мене колдонуп жатышат. Этникалык кыргыздарга кандай жардам көрсөтө аласыңар? Мургабдагы кыргыздарды өз мекенине алып келүү жолу программаларыңда каралганбы? 557 477 4ХХ “Бир Бол”: Мургаб байыркы Кыргыз жери, алардын ал жактагы шарттарын жакшыртуу боюнча коншулар менен жогорку денгеелдеги иш алып баруу керек. Эрк жана Көрөгөчтүк талап кылат. “Ыйман Нуру”: Эң биринчиден бул инсандарга биздин өлкөдөгү жагдайга адаптация (көнү) процесстерин уюштуруу абзел, алар биздин коомдогу маданиятка, тартипке, салтарга жана башка ушул сыяктуу нерселерге көнүш керек анан гана аларга жумуш орундарын түзү, социалдык кам көрү каралыш керек. “Кыргызстан”: Албетте колдойбуз. Мыйзамды кабыл алынганда Кыргызстан саясий партиясы толук колдогон. Программадан ал маселе дагы камтылган. Рахмат. Саламатсызбы менин суроом "Республика"партиясына. Кыргызстанда мугалим менен врачтарга арзандатуу кридит жана ипотека менен үй алганга мүмкүнчүлүк деп сайрап келесинер эмне Кыргызстанда бир эле мугалим менен Врачтар эле иштейби? Менин суроом ошол эле больницада 30 же 40 жыл же болбосо ошол эле мектепте 35 же 40жылдан бери пол жууп иштегендерге кандай ипотека менен үй алганга мүмкүнчүлүк түзүп бере аласыздар? 0779 168 5ХХ “Республика”: Биздин көтөргөн программалар менен бүгүнкү күндө мамлекеттик программа иштеп атат. Биздин бул ирээт сунуш кылганыбыз пайыздарды дагы түшүрүшүбүз керек деп атабыз. Врачтар жана мугалимдер бул биринчи программада каралган категория андан кийин калган кызматкерлерге да сунуштайбыз Мекен ынтымагы: Парламентке барсаныздар биринчи жумушту эмнеден баштайсыздар 703 330 5ХХ "Мекен-Ынтымагы" саясий партиясыны буюрса шайланып келсек, эң биринчи Жогорку Кенештин регламентин өзгөртөбүз. Бул депутат башка депутат үчүн добуш бере албай. Жыйынга катышпаган депутаттын айлыгы кыскартылат. Ички жана тышкы иш сапарларга оз каражаты менен баруу жана эң негизгиси ай сайын алган 40 миң сом алган кошумча төлөмдөрдү кыскартылат. Кызматтык унаа кызматтык турак жай болбойт. Айтыңыздарчы ушул учурга чейин, агитация үчүн кайсы партия канча акча коротту? Ал каражат кайдан келди. Пандемия учурунда эл үчүн кандай жардам көрсөттүнөр? Санкт Петербург шаарынан Калысбек +7 925 796-86-ХХ “Бир Бол”: Биздин талапкерлер Россиядан жана Түркиядан 40 мекендеш дарыгердин келишине жардам берип, 3000 кишинин айыгуусуна себепкер болду. Бул дарыгерлердин учак билеттери жана 1 жарым айдагы чыгымдарын көтөрдү. Региондон келген дарыгерлерге жаңы протокол үйрөтүлдү. Мунун тышында даары дармек жана башка жардамдар берилди Жараткандын ыраазычылыгы үчүн, шайлоо үчүн эмес. Шайлоо каражаты биздин жаратман талапкерлердин жеке өз каражатынан алынды. Айыл чарбасы, мал, суу чарбасын өнүктүрүү боюнча эмнеге айтпайсыңар? Ушуларды кантип өнүктүрсөк болот? 558 838 346 “Кыргызстан”: Биздин программа айыл чарбага көп көңүл бурулган. Аны так аткарганга мүмкүнчүлүк болот. “Республика”: Айыл чарбаны биз толугу менен реформалашыбыз керек, биринчиден баардык программаларды карап чыгышыбыз керек. Иштетилген продукцияны чыгарганы аракет кылышыбыз керек, болбосо башка ортомуларды гана байыта беребиз. алар биздин продукцияларды алып кайра иштетип пайдасын ошолор көрүшөт. “Ыйман Нуру”: Айыл чарбасын өнүктүрүштүн 3 негизги жолу бар: 1 - сапаттуу жана натыйжалуу үрөөндөр, 2-автоматташтыруу (айдоодо, себүүдө, жыйнап алууда, сактоодо), 3-сатуу жолдору. Сатуу жолун болсо, ошол региондордо кайра иштетүү ишканалрды ачуу керек, ал ишканалардын товарларын сатууда да мамлекет тарабынан колдоо керек, аны үчүн биздин эл, бизде өндүрүлгөн товарларды сатып алууну үйрөнүш керек. “Мекен Ынтымагы”: Айыл чарбасы, мал, суу чарбасын өнүктүрүүгө толук мүмкүн. Орто Азияда таза сууга эң бай мамлекет бизбиз. Мал үчүн жайытыбыз эң кенен бизбиз. Айыл чарба маселеси боюнча концепциябыз даяр. Айыл чарба продукцияны кайра иштетүүдө, сатууда жана кийинки жылга себүү прогноздору мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүшү керек. Узбекстан менен Тажикстанга отуп аткан контрабанда жол менен миллиардарга өтүп жатат. Жонокой эл баары коруп турат да. Ушу маселени кантип туп тамырынан чече аласынарбы? 0773062 2ХХ “Республика”: Бул меселени чечүүдө мыйзамдын сакталышын катуу көзөмөлдөшүбүз керек жана чек арада 24 саат бою онлайн тартып турган камералар турушу керек. “Кыргызстан”: цифровизация аркылуу чечилет. Таможняны толук сканер, камера, компьютер менен чечсе болот. Жана болгон таможниктердин байлыгын текшерип жоопко тартыш керек. “Ыйман Нуру”: Бул маселени фискализацияны киргизүү менен чечсе болот, аны киргизиш үчүн бизне эң биринчи саясий эрк керек. Фискализация 3 этапка бөлүнөт: 1- электрондук счет-фактура (товарларды учетко алыш үчүн), 2-маркировка (товарлардын өлкө ичинде же сыркта чыгууда текшерүү), 3- скоринг (товарлардын эл тарабынан сатып алуу статистикасы). “Бир Бол”: Таможналарга Рентген тунельдерди орнотобуз, автоматташтырабыз. Бир да унаа рентгенден өтмөй сайын өтө албайт, сүрөттөр 10 жыл сакталат. Баардык тармактарда контрабанда бүтөт. Бажы биримдигинин башка мүчөлөрүнөн да талап кылабыз, аткарышбаса Бажы Биримдигинен чыгууну керек болсо шарт койобуз. Бизге Бажы Биримдигинин чегинен өткөн баардык унаалардын рентген тунельден өтүүсүн талап кылабыз. Кумтөр менен келишимди кайра караса болобу? Ушул маселени көтөрүп чыга аласыңарбы? 558 600 2ХХ “Республика”: Толугу менен карап чыгышыбыз керек жана мамлекеттин элдин кызыкчылыгына туура келген чечимдер кабыл алынышы керек. “Кыргызстан”: Күмтөр маселесин карап толук мамлекеттин элдин акчасын кайтарыш керек, баардык күнөөлүлөрдү жоопко тартып кустуруш керек. “Ыйман Нуру”: Карап чыкса болот, бул учурда биздин мамлекеттик кызыкчылыктарды эске алуу менен, анан инвестициялык климатты бузуп албашыбыз керек, себеби өлкөдө ишке ашып жаткан инвестициялык проектилердин абалына шартарына жараша башка инвесторлор келет. “Мекен Ынтымагы”: Кумтөр боюнча, парламентте биз биринчиден демилгелей турган маселе болот. Кумтөрдү эл аралык базарда алтындын баасынын өзгөрүшүнө ылайык кошумча салыктарды киргизип мамлекетте көптөгөн кошумча кирешелерди буюрса алабыз. Конституция боюнча өлкөнүн Коргоо саясатын жүргүзүү Өкмөткө жүктөлгөн, тилеке каршы бүгүнкү күндө Өкмөт тарабынан коргоо багытында эч кандай саясат жүргүзүлбөйт. Учурда 2017-жылы Президенттин указы менен түзүлгөн Генералдык штаб менен Коргоо комитетинин ортосунда биринин ишин кайталоо, түшүнбөстүктөр орун алып келет. Өлкөнүн аскердик саясатты жүргүзүү, аскер адамдарынын социалдык маселелери боюнча оюңуздар кандай? 704 003 8ХХ “Бир Бол”: Коргонуу министрдиги өкмөт мүчөсү болуусу керек, ПМге баш ийүүсү керек. ПМ кантип чек ара маселесин чечет коргонуу министрдиги жана чек ара кызматы ага баш ийбесе. Ушул себептен Баткен чек ара маселеси чечилбей келет. “Республика”: Туура бул багытта көп көйгөйлөрүбүз бар, тактап ала турчу маселелер да бар. Биз сунуштап атканыбыз бир адам жоопту болушу керек, өзүбүздү алдабайлы. Эгерде биз Президенттик башкаруу системасын тандасак анда Президент толугу менен баардыгына жоопкерчиликтүү болушу керек, эгерде парламенттик система десек анда Премьер министр жоопкерчиликти алышы керек. Аралаш система болбойт, эч ким жооп бербейт. “Кыргызстан”: Аскерелерибиздин социалдык маселелери толук чечилиш керек. Аскер кайсы жака барса дагы үй менен камсыз болуш керек. Андан тышкары жубайы, балдары жумуш жана мектеп, бала бакча маселеси чечилиш керек. Пенсияага чыкканда өзүнүн жеке үйү менен камсыз болуш керек. “Ыйман Нуру”: Аскер адамдардын айлык акысы, социалдык камсыздоосу маанилүү, айрыкча аскерий адамдардын пенсияга чыккандан кийин ишке орношуусу, ошол тармакта атайын программаны иштеп чыгып, ал кишилердин жаңы кесиптерге окутуп же окшош тармактарга жумушка орнотуу маселеси каралыш керек. “Мекен Ынтымагы”: Коргоо тармагындагы кызматкерлердин социалдык абалы мамлекет тарабынан чечилиши керек. Мамлекеттин коопсуздугу эн биринчилерден болушу керек. Ооба мамлекеттин коопсуздугу Окмөткө жүктөлгөн. Укуктук ченем актылардын иерархиясы боюнча Конституция, Президенттин указынан бийик турат. Суроо баарына:парламентке барганда пандемия орусу боюнча ачык чындыка чыгасыздарбы? Медицинада чыныгы абал кандай? 07093881ХХ “Республика”: Пандемия биздин медицинадагы реалдуу абалды ачыктап, көрсөтүп койду. Бул толугу менен реформага муктаж тармак, пандемия учурунда баардык кетирген кемчиликтер иликтениши керек. Кумтөр менен келишимди кайра караса болобу? Ушул маселени көтөрүп чыга аласыңарбы? 558 600 2ХХ “Бир Бол”: Биз ал жакка ачык конкурс менен Башкаруу Кенеши мүчөлөрүн тандоону сунуштайбыз. Кумтөр чыгымдарын ачык айкын жарыялаш керек. Биз жаны кен байлык конкурстарда акция алгандын оордуна чыккан алтындын 25% мамалекетке алынуусун инвестициялар кайткыча, инвестиция кайткандан кийин чыккан алтындын 40% биздин мамлекетке калуусун сунуштайбыз. Бул алтындын жарымы борбордук казына ал эми калган 50% ошол Аймак(ирилешкен райондор) казынасына калсын. Бизге бай аймкатар керек. Алар өздөрү коргоп алат инвесторун. Конкурсту Аймак өзү өткөрсүн Госгеология көзөмөлдөп эле берет конкурстун эрежелерин. Бир мандаттуу шайлоого кандай карайсыздар? 0555 098 4ХХ “Республика”: Бир мандаттуу шайлоо системасы бул эртеңки күн, бирок шайлоочулардын тизме түзүүдө таасирин күчөтүшүбүз керек. Мисаалы азыркы эле партиялардын тизмесинде өзүнчө да кандидатка добуш берүү укугун беришибиз керек. “Кыргызстан”: Бизге преференциалдуу добуш маселесин карап көрсөк туура болот деп ойлойбуз. “Бир Бол”: Туура эмес феодолизмге кайтабыз, трайбализм регионализм огобош бетер күчөйт. Преференциалдуу шайлоо сунуштайбыз. Биринчи партияны, анан анын ичиндеги 120 талапкерден бирөөнү тандасын шайлоочу, Ошондой эле Парламентаризм өнүгүшү үчүн айылдык кенештер да партия тизмеси менен гана шайлансын, айыл өкмөтү жетекчиси эл тарабынан шайлансын. Ошондо партиялар туруктуу болот, идея тегерегинде биригет, лидер тегерегинде эмес. “Ыйман Нуру”: Маселе Жогорку Кеңешке келүү жолдорунда эмес, келип жаткан адамдардын кесипкөйлүгүндө, адептүүлүгүндө. Бардык партияларга суроо: Люстрация мыйзамын кабыл алууга макулсуздарбы? 558 120 0ХХ “Республика”: Бизге люстрация мыйзамын кабыл алуу керек, болгону мыкты иштелип чыгышыбыз керек. “Мекен Ынтымагы”: Люстрация мыйзамын иштеп чыгып, саясий кызматтагы адамдердын кызмат учурунда кетирген кемчиликтери үчүн колдонсо болот. Административдик, миниципалдык, дипломатиялык жана аскер, укук коргоо кызматындагы адамдар үчүн башка мыйзам актылары иштеши керек. “Кыргызстан” : Кылдаттык менен карап жана талкуулап кабыл алууну туура деп эсептейбиз. “Ыйман Нуру”: Люстрация керек, бирок репутациясы начар, натыйжасыз, паракор кызматкерлердин дарегине колдонуш керек Баардык партияларга: Ар бир жарандын, депутаттын, президенттин жана соттордун декларациясын ким текшерип ким көзөмөлдөйт? Негизи көзөмөлдөө иши кандай иш алып барууда? 705 408 6ХХ “Республика”: Салык кызматы Парламентке барганда пандемия орусу боюнча ачык чындыка чыгасыздарбы? Медицинада чыныгы абал кандай? 07093881ХХ “Ыйман Нуру”: Медицинада обал оор, аны чечүү үчүн биздин партия Салык кодексинин 208 беренесине өзгөртүү киргизет, андан сырткары бюджетке түшкөн кирешелерди адилеттүү бөлүштүрүү менен медицина тармагына, ал тармактын жабдууларын жаңыртуу, инфраструктураларын жаңылоо анан албетте айылк акыларын көтөрүү болуп саналат. Мындан сырткары, даары дармекти даярдоо маселеси, илим менен болгон байланыш, бир гана илим жаны инфекциялардын алдын алууга жардам берет. Ар бир жарандын, депутаттын, президенттин жана соттордун декларациясын ким текшерип ким көзөмөлдөйт? Негизи көзөмөлдөө иши кандай иш алып барууда? 705 408 6ХХ “Кыргызстан”: Налог, кадр службасы жакшы изилдеп маалыматты ачыка чыгарып туруш керек. ГКНБ жана Прокуратура анализдеп ар бир өзгөчүлүктөргө тийиштүү чара көрүш керек. “Мекен Ынтымагы”: Саясий жана административдик кызматтагы адамдардын толтурган киреше декларациясын , салык кызматы текшерет. Кошумча прокуратура органдары дагы текшерүүгө укуктуу. “Республика”: Салык кызматы, прокуратура текшерет. Бирок текшергени менен эч нерсе таппаса бул текшерүүлөрго ишеним болбойт. Эл арасында чоң кызматтагы чиновниктер эң бай адамдарга айланып атканын көрүп, алар айдаган машиналарын, салган үйлөрүң көрүп күмөн пайда болот, биз бүт системаны кайра карап чыгышыбыз керек. “Ыйман Нуру”: Бул жумуштуу тийштүү мамлекттик органдар карап жатышат, мамлекеттик кадр кызматынан баштап, коопсуздук кенешине чейин. Парламентке барганда пандемия орусу боюнча ачык чындыка чыгасыздарбы? Медицинада чыныгы абал кандай? 07093881ХХ “Бир Бол”: Биз текшерүү талап кылабыз, жоопко тартылуусун талап кылабыз күнөөлүлөрдүн. Толук өзгөрүүсү керек медицина тармагы, пандемия мүмкүнчүлүк берүүдө. Түркия сыяктуу мамалекеттер биз менен тажрийба алмашууга даяр экендерин билдирип келишет. Биз болсо алар салган оорукананы да ишке киргизбей келебиз жада калса. Бизде программада так айтылган биздин баракчада толук маалымат бар. Мекен ынтымагы: почему ваша программа нигде не опубликована? 550 559 9ХХ "Мекен-Ынтымагы" саясий партиясынын шайлоо платформасы Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жайгаштырылган, кошумча фейсбук, инстаграм жана шайлоо үчүн таратылган материалдрыбызда жайгаштырылган. Кыргызстан партиясына: Бизнесмен бийликке аралашпаш керек дегенге кандай карайсыз? 0706 150 8ХХ “Кыргызстан”: Бизнестин өкүлү Жогорку Кеңеште болуп алардын кызыкчылыгын коргоп жана үнүн жеткизиш керек. Эгерде бизнесте жакшы жыйнтыктарга жетишсе анда Жогорку Кеңеште жакшы салымын кошот деп ойлойбуз. Рахмат. Баардык партияларга: Ар бир партиянын мүчөлөрү кыргыз тилинде эркин сүйлөй алышабы? Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча аракет кыласыздарбы? 702 722 7ХХ “Ыйман Нуру”: Альбетте сүйлөй алат, тилибиздин өнүгүшүнө ар бирибиз салым кошушубуз керек, аны үчүн эне тилибизди болушунча көп тармактарда колдонулуш керек, үй бүлөдөн баштап мамлекеттик жолугушууларда жана кагаздарга чейин. Ар бир партиянын мүчөлөрү кыргыз тилинде эркин сүйлөй алышабы? Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча аракет кыласыздарбы? 702 722 7ХХ “Мекен Ынтымагы”: Мамлекеттик тил, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамында бекитилген. Биздин партиянын баардык мүчүлөрү мамлекеттик тилде эркин сүйлөшот. “Республика”: Басымдуу бөлүгү албетте эркин сүйлөй алышат. Тил өнүктүрүүдө биз кыргыз тилиндеги контетти көбөйтүшүбүз керек, мисаалы азыр кичинекей балдарыбыздын баардыгы ютуб көрүшөт ал жакта баардык контент башка тилдерде. Бара бара тил аркылуу дилин да сиңирип алат. Биз аз дегенде үч тилде эркин сүйлөгөн муун тарбиялашыбыз керек, бирок эң биринчи эне тилин билгендей болушу керек “Бир Бол”: Кыргыз Тили абдан маанилүү Кыргыз Тилиндеги бала бакчаларга эки эсе көп каражат бөлүүнү сунуштадык. ГЧП негизинде Кыргыз Тилиндеги менчик бала бакчага эки эсе каражат бөлөбүз ваучер аркылуу. “Кыргызстан”: Бизде талапкерлер кыргызча билишет. Тилеке каршы биздин талапкерлер орусча жакшы сүйлөй алышпайт деп шылдыңдашат. Баардык партияларга: ЖК депутатынын негизги 4 милдетин жана негизги 4 жоопкерчилигин атап бериңиздер. 708 607 6ХХ “Республика”: Конституция боюнча негизги үч функциясы бар. Бул өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу, жана көзөмөл функциялары. Мына ушул ишти так аткаруу алардын милдети жана жоопкерчилиги. Жазылбаган милдеттери эл арасында көп жүрүшөт жана өзүнүн жүрүм турумдары менен жаштарга таасир этишет, андан тышкаары чет жака көп чыгышат аларды карап бул элдин мыктылар дешет, ошого жараша баа беришет, биз менен иш алып барышат “Мекен Ынтымагы”: Жогорку Кенештин депутатарынын негизги милдеттери Конституцияда көрсөтүлгон. Жогорку Кенеш жогорку мыйзам чыгаруу бийлик бутагы болгондуктан депутаттын эң негизги милдети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо, шайлоочулардын кызыкчылыгын коргоо, мыйзам жазуу. “Кыргызстан”: 1 мыйзам чыгрыш керек. 2. аткаруу бийлигин көзөмөлдөш керек. 3. элдин арыз муунун көтөрүп чечүү. 4. Президент, сот, прокуратура, жана башка мамлекеттин мекемелерин иш аракеттерин көзөмөлдөө жана жоопко тартуу. “Ыйман Нуру”: Милдеттери: 1-мыйзам чыгаруу, 2-мыйзамдын аткарылышн текшерүү, 3-коомдун пикирдин негизинде жаңы сунуштарды мыйзамга сунуштоо, 4- жеке бизнестин жана мамлекеттик органдардын маселелеринин негизинде мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү. Жоопкерчиликтери: 1- Мамлекеттин улуттук кызыкчылыгын сактоо, 2-Мамлекеттик саясаттын эффективдүүлүгүн контролдоо, 3-сунуштарынын сапаты, 4-элдин көйгөйлөрүн мыйзамдар аркылуу чечүү. “Бир Бол”: Мыйзам чыгаруу, өкмөт куруу жана бекитүү, бюджетти бекитүү, БШК, Эсеп Палатасы, Сотторду тандоо кенеши сыяктуу мекемелердин мүчөлөрүн дайындоо. Бирбол партиясына суроо: карапайым адам мамлекеттик жумушка орношойун десе туугандары жана озу соттолгон эмеспи текшерилет, эмне учун атка минерлерге бул закон иштебейт? 0775 655 1ХХ “Бир Бол”: Ачык айкын конкурс алып келебиз, керек болсо конкурсту өткөрүүнү эларалык уюмдар менен бирге алып барабыз. Соттолгон кишилердин коомго кайтуусу абдан маанилүү, себеби алар жазасын тартып бүттү. Биз камактагылардын жарымынын, женил кылмышкерлердин электрондук браслет аркылуу үй камагына чыгарылуусун сунуштайбыз. Технология аркылуу аларды үйүнөн көзөмөлдөйбүз. Чыгымдар азайат, кылмышкердин коомго кайтуусу женилдейт. Камактагыладын жарымы үйбүлөөсүнө кайтат. ОПГ жалгыз камераларга киргизилет. Алтынбек Сулайманов, сизди бай деп угабыз. Ушунча байлыкты кантип кайдан топтодунуз эле? 779 708 1ХХ “Бир Бол”: Алтынбек Мырза багбанчылык, курулуш менен алек болуп келет. Алтынбек Мырза алдынкы байлар тизмесине кирбейт. Здравствуйте! Вопрос касающейся к партиям Бир Бол , Кыргызстан и Республика: вы же избирались до этого, почему вы не смогли исполнить обещанное? 0707 484 895 “Республика”: Если действительно изучать работу по выполнениям политических партий, то вы легко обнаружите что партия Республика работала над их выполнением и это отличие партии от других. Безопасный город, льготные кредиты под сельское хозяйство, ипотека, отмена тех осмотров, доверенностей, двух уровневый бюджет и тд. “Бир Бол”: Биз жаныландык, 97% жаны жүздөр, жаратман билимдүү күчтөр менен келе жатабыз. Саясий Элита жаныланышы шарт.Башкалардан да күтөбүз. “Кыргызстан”: Спасибо за вопрос. К сожалению наша партия не смогла возглавить Правительство, в связи с чем исполнение всех обещании не представилось возможным. WhatsApp суроо - жооптордун 2- бөлүгүнө өтүү үчүн бул жерди басыңыз.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:20

«Биримдик» №1. А. Жамангулов: Эффективные законы для инвесторов, новые рабочие места, сокращение оттока молодежи – цель партии «Биримдик

Бишкек, 30.09.20 /Кабар/. Накануне кандидат от партии демократического социализма – евразийский выбор «Биримдик» Акылбек Жамангулов встретился с жителями Панфиловского района Чуйской области. В ходе встречи он рассказал жителям района о программе партии «Биримдик», детально остановился на вопросах развития сельского хозяйства и перерабатывающей отрасли. По его словам, Панфиловский район, гранича с соседним Казахстаном, имеет хороший экспортный потенциал, и открытие в районе перерабатывающих предприятий даст мощный экономический рост местности. Для этого, по мнению Акылбека Жамангулова, в парламенте необходимо принимать самые эффективные законы для инвесторов, ориентированные на облегчение ведения предпринимательства. «Новые предприятия дадут мощный импульс для развития экономики в регионах, что в свою очередь сократит отток молодежи. Инвесторы всегда будут смотреть на законодательную базу, правовые механизмы и налоговую политику. Именно эти рычаги должны быть эффективными и над этим наша партия будет работать в случае избрания в парламент. Чуйская область, являясь экономическим локомотивом страны, имеет огромный потенциал в самых разных направлениях, и наша задача - раскрыть каждое из этих направлений», - сказал он. В свою очередь, жители района смогли рассказать кандидату о проблемах района. В частности, было много жалоб в обеспечении чистой питьевой водой, строительства детских садов, школ, проселочных и центральных дорог. Акылбек Жамангулов отметил, что все указанные проблемы широко охвачены в программе партии и будут решаться. Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:20

О.Ибраимов поддержал БИРИМДИК №1: Настоящая интеграция состоит из двух “максимумов” – максимального суверенитета и максимального сотрудничества

Бишкек, 30.09.20 /Кабар/. Общественный деятель Осмонакун Ибраимов в социальных сетях поделился своим видением о евразийстве. “Дорогие братья и сестры, откуда такие ярые споры и почему евразийство вас так пугает? Я думаю, что дело не в Евразии, а в тех, кто это неправильно понимает. Напомню слова Чынгыза Айтматова: "В любом случае, отношения с Россией будут оставаться для нас приоритетными. Мы живем и мыслим, воспринимая два мира в одном: европейский и азиатский. Это - Евразия. Но многие не имеют понятия о том, что же такое Евразия: то ли - географическое пространство, то ли - политическое определение? В моем представлении Евразия - это наша Средняя Азия. От Средней Азии до Китая всего один шаг, тем не менее, нам чужд китайский образ жизни. Мы находимся на орбите иной цивилизации. Это евразийская цивилизация". Можно ли еще более наглядно истолковать? А что такое интеграция? Настоящая интеграция состоит из двух «максимумов»: максимального суверенитета и максимального сотрудничества. И если одного будет недостаточно, то пойдет политика северной Кореи “чучхе”. В этом вся суть евразийской интеграции”. Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:20

«Биримдик» №1. Кокумбек Таштаналиев рассказал жителям Таласской области о демократическом социализме

Бишкек, 30.09.20 /Кабар/. «За последние три десятилетия у нас появились частная собственность, свободные СМИ, выборность власти, политическая конкуренция, рыночная экономика. Мы обязаны все это хранить и беречь», - отметил Кокумбек Таштаналиев, выступая перед жителями Таласской области. По его словам, главной целью партии «Биримдик» является построение социального государства, обеспечивающего достойную жизнь и свободное развитие граждан. Таштаналиев подчеркнул, что партия приложит все силы, чтобы государство на законодательном уровне взяло на себя ответственность за: - формирование здорового и образованного общества; - общественный прогресс на основе социально ориентированных реформ; - укрепление межнациональной дружбы; - продвижение интеграции страны в мировое сообщество – органичное, соответствующее национальным интересам, конструктивное взаимодействие с другими государствами и международными организациями; - установление принципов народовластия, т.е. ориентации политической и общественной жизни на широкие слои населения, на их включение в самые разные сферы экономической, политической, социальной жизни. Кокумбек Таштаналиев выразил надежду на то, что таласцы сделают осознанный выбор и поддержат партию, способную реализовать намеченные цели, то есть «Биримдик». Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:20

БИРИМДИК №1. Галина Агафонова (Кетова): Неправильно, что учитель превратился в педагогического официанта. Мы вернем авторитет и уважение профессии

Бишкек, 29.09.20 /Кабар/. Кандидаты от партии демократического социализма – евразийский выбор «Биримдик» продолжают свои встречи с избирателями Бишкека. Заслуженная артистка Кыргызстана, общественный деятель, руководитель общественного фонда «GALA» и вице-президент Союза театральных деятелей Кыргызстана Галина Агафонова (Кетова) на встрече с избирателями рассказала о партии «Биримдик», ее целях и задачах. «Образование сегодня - это важнейший приоритет государства. Мы не должны отдавать образовательные процессы исключительно в частные руки. Государство должно взять на себя ответственность за то, чтобы у каждого кыргызстанца был доступ к качественному и бесплатному образованию», - сказала кандидат от партии «Биримдик» на встрече с горожанами. Галина Агафонова (Кетова) обратила внимание на необходимость признать, что медицина, культура, здравоохранение - это не услуга, а высшее благо. "Доступ к ним обязательно должен быть у каждого ребенка, у каждого человека", - подчеркнула она. Кандидат считает, что в первую очередь нужно восстановить авторитет учителя. «Неправильно, что из уважаемого человека учитель превратился в педагогического официанта. Сегодня, оказавшись в условиях дистанционного обучения, многие родители пересмотрели своё отношение к учителям. Не так просто оказалось занятым родителям контролировать даже своих собственных детей. Это огромный труд. Мы должны понять, что государство должно взять на себя ответственность за людей самых важных на сегодня профессий», - подчеркнула она. Кандидат считает нужным выделять достаточные средства на эти сферы. «Высокоразвитое образование и наука – ключи к будущему Кыргызстана», - сказала Галина Агафонова (Кетова) на встрече с жителями Бишкека, добавив, что в этой сфере партия «Биримдик» ставит следующие цели: - обеспечение доступности и высокого качества общего, профессионального и высшего образования; - введение единого образовательного пространства страны и единых образовательных стандартов; - оптимизация высших учебных заведений страны, повышение качества высшего образования в соответствии с требованиями международных стандартов; - оптимизация системы ОРТ; - обязательное посещение начальной и средней школы учащимися, в том числе ужесточение мер воздействия к родителям и опекунам детей в случае воспрепятствования ими образованию детей; - повышение уровня оплаты труда учителей, возвращение высокого авторитета профессии учителя. - модернизация материально-технической базы образования с упором на внедрение современных информационных технологий; - создание крупных учебно-научных комплексов на базе эффективно действующих вузов, профтехучилищ, колледжей, гимназий и общеобразовательных школ; - обеспечение условий на базе общеобразовательных учреждений для организации профориентационных работ среди школьников по выбору профессий, что даст возможность не только снизить уровень потенциальной безработицы молодых специалистов, но и повысит квалификацию самих будущих специалистов и, соответственно, качественно отразится на всех сферах общества; - создание условий для профессиональной переподготовки и развитие эффективной системы повышения квалификации и освоения новых профессий. «Только благодаря образованному обществу и вместе мы сможем идти вперед и достигать новых вершин», - заключила кандидат. Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 17:25

Үгүт керебени

“Кыргызстан” партиясынын үгүт кербени ордолуу Ош жергесинде. "Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев баштаган талапкерлер бүгүн Ош шаарындагы шайлоочулары менен жолугушуп, “Эл үчүн” программасынын артыкчылыктары менен тааныштырышты. Кененирээк төмөнкү материалда:

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:33

Кыргызстандыктар "Республиканы", “Алдыга жолду” колдойт!

"Республика" партиясы үгүт иштерин алып барып, кыргызстандыктарга мамлекеттеги олуттуу реформаларды өткөрүү багытындагы "Алдыга жол" программасын сунуштады. Жолугуулар Кыргызстандын жети облусунун бардык райондорунда өттү. Депутаттыкка талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушуулары Ысык-Көл облусунан башталды. Партиянын лидери Мирлан Жеенчороев мамлекеттин өнүгүүсүн саясый реформалардан башташ керектигин айтып кетти: "Биз парламентте жүрүп да сиздер тарапта болгонубузга сыймыктанабыз. Бирок, басымдуу бөлүгү эки жүздүү, кошоматчы болуп калды. Алар санды көбөйтүп, сапаты жок болуп, элге иштебей, бир ууч адамдарга кызмат кылуу менен алектенди. Ошол себептен биз программада депутаттардын санын 120дан 75ге кыскартабыз деп айтып жатабыз. Биз дагы бир жобо киргизип жатабыз, ага ылайык, эгерде татыктуу эл өкүлү боло албаса, эл ага нааразы болсо 10 миң кол топтоо менен депутатты кайра артка чакыртып алсаңар болот. Ошондо иштебеген “кнопка баскыч” депутаттары жумуштан алып салса болот", - деди "Респулика" партиясынын лидери Нарындыктар менен жолугушууда сөз алган "Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер, журналист Тынчтык Алтымышев болсо элдин көңүлүн учурдагы өлкөнүн экономикалык абалына бурду: "Өлкө азыр кызыл чекте турат. Бюджетте акча жок. Пандемияга деп донорлор берген каражаттарды өкмөт пенсия, жөлөк пулдарга таратып коюп отурат. 500 миллион доллар жиги жок кетти. Сыртка карызыбыз 5 миллиард доллардан ашты. Чукул арада жасалган реформаларды жон терибиз менен сезгидей бололу. Алдыга жолду тандайлы! Артка жол - коркунучтуу. Биз мамлекеттүүлүктү жоготуп алышыбыз мүмкүн. Тандоодон жаңылбаңыздар! "Республика" номер 14, "Алдыга жолду тандаңыздар", - деди Тынчтык Алтымышев. Баткен облусунун чек арасында аткезчилик, паракорчулук ээ-жаа бербей өнүгүп жатат, дал ушул себептен "Республика" партиясы коррупцияга ачык-айкын күрөш жарыя кылганын жергиликтүү тургундарга Назарали Арипов айтты: "Кыргызстандын чек арасы коррупциянын борбору болуп калды! Ар бир жүк ташыган унаалардан алына турган мамлекеттик салык пара болуп жеке тараптардын чөнтөгүнө түшүп жатат. Биз коррупционерлер, бандиттер, уурулар менен ачык күрөшүүбүз керек. Азыр кээ бир партиялар жарандарды Кадамжайдан Ошко алып барып форма-2 менен каттап жатат. Бул эмне дегендик? Мындай ыплас ыкмалар менен шайлоону өткөрө турган болсок, мамлекетибиз туңгуюкка такалат. Элдин добушун сатып алам деген – мамлекетти жок кылам дегенге барабар!", - деди Арипов. Ош облусунун Араван, Алай, Өзгөн райондорунун жана Ош шаарынын тургундары менен жолугушууларында "Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер Руслан Казакбаев партия өлкөдөгү экономикалык, саясый жоопкерчиликти толук мойнуна алууга даяр экенин билдирди: "Эски саясатчылар убада берсе ишенбегиле! Алардын колунан келсе, Кыргызстан эчак гүлдөп-өнүкмөк! Биз ар бир жараныбыздын жашоосун өзгөртүүгө жоопкерчиликти алганга даярбыз. Буга чейин берген сөзүбүздү силердин колдооңор менен ишке ашырдык. Бул жолу да реалдуу реформаларды камтыган “Алдыга жол” программасы менен баратабыз. Коррупцияны жалгыз президент же укук коргоо органдары жеңе албайт. Андыктан, биз өзүбүздүн ичибизде, жүрөгүбүздө, акылыбызда реформа жасашыбыз керек. "Республика" партиясынын мамлекеттин келечеги үчүн кызмат кыла турган программасы даяр", - деди Руслан Казакбаев. Базар-Коргон, Сузак, Аксы, Ноокен райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын тургундары “Республика” партиясынын программасы менен таанышып, кызуу колдоого алышууда. "Республикадан" депутаттыкка талапкер Акпарали Калматов партиялар беш жыл сайын убада берип, пара менен шайланганын эске салды: "Азыркы учурда эң ыплас шайлоо болуп жатат деп ойлойм. Анткени, мугалимдерди, дарыгерлерди, бюджеттик кызматкерлерди коркутуп, бизге шайлагыла деп мажбурлап жаткан партиялар бар. Кээ бири элдин добушун сатып алып жатышат. Алар айылдарга барып мекемелердин чатырларын оңдоп, майда –чүйдө иштерди аткарып добуштарды чогултуп жүрөт. Бирок , ушундан айылдыктардын жашоосу толугу менен оңолобу? Ошондуктан, шайлоо күнү өлкөнү өнүктүрүүгө дарамети жете турган "Республиканы" колдоп бергиле деп суранам", - деп талапкер жыйынтыктады. Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата райондорунун жана Талас шаарынан тургундары "Республика" партиясын кубануу менен тосуп алышты. Депутаттыкка талапкер Кенжебек Бокоев шайлоодо добуштарды сатып алгандардын ниети бузук экенин айтып, аларды ачыкка чыгарууну сунуштады: "Республика" партиясы туура жолдо! Биздин "Алдыга жол" – чыныгы программа! Эч ким бизди пара алды деп айта албайт, анткени, биздин депутаттарыбыз Жогорку Кеңешке байлык үчүн барган эмес. Азыркы учурда Талас облусунун айылдарында форма-2 менен башка айылдардын тургундарын тизмеге киргизип жаткан учурлар бар. Акча тараткандарды четке кагып, шайлоодон кийин алардын атын ачыкка чыгарышыбыз керек. Келечекти көздөй "Республика" партиясы менен бирге кадам таштап, мамлекеттеги оор абалды оңдоого салым кошкула", - деп Кенжебек Бокоев элди чакырык жасады. Чүй облусунун эли менен жолугушууда депутаттыкка талапкер Эсенгул Исаков "Республика" партиясы олуттуу реформаны ишке ашырганга күчү жетет деп ишендирди: "Силердин колдооңор менен мамлекеттин келечегин куруп, эгемендүүлүгүн сактаганга "Республика" партиясынын күчү, кайраты, сабаттулугу,эрки жетет деп ишенем. Программада асмандагы айды убада кылбай, жашообузду жакшы жакка реалдуу өзгөртө турган кадамдар жазылган. Азыр акчалуулар бир айылдын элин бөлүп, мушташтырып жатат. Силердин чогулганыңар бул акча үчүн эмес, өлкөнүн келечегине кайдыгер карабай, "Республика" үчүн деп келгениңерди ди билдирет", - деп талапкер жыйынтыктады. Буйрутмачы: "Республика" саясий партиясы. ИНН 01708200710163. "Республика" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:21

БШК шайлоону даярдоого жана өткөрүү үчүн чыгымдардын сметасына өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 29-сентябрындагы отурумунда «2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» 2020-жылдын 17-июлундагы № 134 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Чечимде, 1-пункттагы “447 726 500 (төрт жүз кырк жети миллион жети жүз жыйырма алты миң беш жүз)” деген сөздөр “449 583 700 (төрт жүз кырк тогуз миллион беш жүз сексен үч миң жети жүз)” деген сөздөргө алмаштырылсын деп айтылган. Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн чыгымдардын сметасын 1 857 200 (бир миллион жети жүз элүү жети миң эки жүз) сом өлчөмүндө бекитти. Чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-сентябрында № 224 токтому менен бекитилген, Москва шаарынын аймагында кошумча түзүлгөн шайлоо участкасын ишин каржылоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып кабыл алынды.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:21

«Мекенчил» в Ноокате. Ташиев: Коррупционеры ходят по улицам и в открытую предлагают продать свои голоса

Подкуп голосов избирателей явно поощряют правоохранительные органы, службы безопасности и местные власти. По этой причине ни один из нарушителей не был привлечен к ответственности. Об этом на встрече с избирателями в Ноокатском районе заявил лидер политической партии «Мекенчил» Камчыбек Ташиев. «На заседании Совета безопасности президент Сооронбай Жээнбеков призвал правоохранительные органы «выявлять и строго наказывать тех, кто пытается покупать и продавать голоса», — напомнил он. - Но в итоге никто никого не наказал. Главу государства не послушали. Исполнительная власть, милиция, Государственный комитет национальной безопасности и прокуратура, которые обязаны выполнять указание президента, сами оказались вовлечены в незаконную деятельность. Поэтому никто не был пойман на продаже или купле голосов. Хотя все это можно было остановить, если бы привлекли к ответственности, посадили или оштрафовали одного-двух нарушителей. В итоге коррупционеры теперь ходят по улицам и в открытую предлагают продать свои голоса. Почему я об этом говорю и для меня это так важно? Потому что от этого зависят наша с вами безопасность, будущее нашего государства. Парламентские выборы - это не выборы на уровне района или города, а выборы в высший орган законодательной власти. По Конституции в нашей стране нет власти выше, чем Жогорку Кенеш. Права главы государства ограничены, а парламента - нет. Теперь представьте, какие люди придут на самую высшую ступень власти, если народное голосование превратилось в самый обыкновенный базар». Оплачено уполномоченным представителем по финансовым вопросам партии «Мекенчил» Тологоновой Аидой Бейшеналиевной из средств специального избирательного фонда политобъединения.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:22

Путин Беларуссиядагы кырдаалдан чочулап турат”. Саясат таануучулар Кыргызстан менен Россиянын башчыларынын жолугушуусу жөнүндө кандай ойдо?

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун алдында Владимир Путин менен бир себептен улам жолуккан, президенттер алдыдагы кырдаалды талкуулашса керек. Мындай пикирин саясат таануучу Аркадий Гладилов Vesti.kg менен бөлүштү. "Биздин өлкө таптакыр көз карандысыз деп айтуу туура эмес, КМШдагы бардык окуялар Кыргызстандагы саясий кырдаалга таасир этет", - деп эсептейт ал. «Жана биздин президент Беларуссиядагы баш аламандык, ал тургай Армения менен Азербайжандын ортосундагы согуш Кыргызстанга таасир этиши мүмкүн экендигин түшүнөт. Албетте, Россияда алар муну түшүнүшөт. Бирок Россия Федерациясы биздин өлкөдөгү шайлоо жараянына түздөн-түз таасир эте алат деп ишенбейм. Муну ушундай деп ойлогондор саясатка өтө эле примитивдүү мамиле жасашат. Аркадий Аркадьевич кошумчалагандай, тескерисинче, Европа өлкөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө өз алдынча өзгөрүүлөрдү жасоого аракет кылышат. "Азыр АКШнын өзүнүн көйгөйлөрү жетиштүү, бирок Европа Бирлиги бир нерсе кыла алат", - деп сунуш кылды ал. - Ошентсе дагы, Кыргызстан биздин облустун борборунда. Өз кезегинде, саясат таануучу, профессор Айнура Арзыматова Кыргызстан менен Россиянын башчылары Кыргыз Республикасындагы шайлоону талкуулоо үчүн так жолугушкандыгына толук ишенет. "Путин Беларуссиядагы кырдаалдан чочулап жатат жана биздин өлкөдө массалык нааразычылык акциялары үчүн жакшы шарттар бар" деди ал. - Шайлоо алдындагы жалпы үгүт жүрүшүндө эки гана партия тең шартта күрөштү: “Мекеним Кыргызстан” жана “Биримдик”. Жана, сыягы, "Мекеним Кыргызстан" лидери - алар акчаларын аяшкан жок жана үгүт иштерин кеңири жүргүзүштү. Ошондой эле эл саясатты балага окшоп баалайт, элди алдоо оңой. Шайлоодон кийин баш аламандыктын бардык өбөлгөлөрү бар деп корком. Жана биздин мамлекеттеги эки төңкөрүш да шайлоонун жыйынтыгынан улам болгонун унутпашыбыз керек. Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg сайты бир-эки күн мурун президент Сочиде Владимир Путин менен жолукканын жазган. Президенттин администрациясы өз билдирүүлөрүндө сүйлөшүүлөрдүн максатын көрсөткөн эмес, бардык маалыматтар өз ара пайдалуу кызматташтык жөнүндө деп эле чектелген. Вероника Малышева Сүрөт www

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:22

Социал-демократтардын туусунда “Мекеним Кыргызстан” баракчалары пайда болду. Кылмышкерлер жазаланды

Фейсбук социалдык тармагы шайлоочуларга акча таратуунун көбөйгөндүгү, ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагындагы жетим балдарга материалдык баалуулуктарды жеткирүү жөнүндө маалыматты алдыдагы шайлоонун алдында жарыялады. Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында, аталган фак КЖБРде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүгү (Шайлоочуларга пара берүү) менен катталган. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 42-3ст менен (Шайлоочуга акча каражаттарын жана материалдык баалуулуктарды алуусу), бардыгы болуп ички иштер органдары 5 адамды жоопко тартты. Ошондой эле, Facebook социалдык тармагына "Мекеним-Кыргызстан" саясий партиясынын ленталары жана баракчалары Социал-демократтар саясий партиясынын туусуна жабыштырылган лента жарыяланды. Ал эки адам Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 48-беренеси (Үгүт материалдарын жок кылуу же бузуу) боюнча жоопкерчиликке тартылды. Белгилей кетсек, укук коргоо органдары тарабынан жиберилген ушундай мүнөздөгү материалдардын негизинде аймактык шайлоо комиссиялары 8 жаранды жоопко тартуу боюнча чечимдерди кабыл алышкан. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Сүрөт www

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:22

Клара Сооронкулова Райымбек Матраимов менен эмне үчүн жолукканын айтып берди

"Реформа" партиясынын башчысы Клара Сооронкулова Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен эмне себептен жолукканын айтты. Ал жолугушуунун чоо-жайы менен Фейсбуктагы түз эфир учурунда бөлүштү. Сооронкулова Матраимов менен маектешүүнү уюштуруу үчүн жолукканын айтты. Анын айтымында, алгач МБЖтин экс-орун басары сүйлөшүүгө макул болуп, андан кийин баш тарткан. Ошондой эле ал Сооронкулованы чогуу парламенттик шайлоо катышууга чакырды Белгилей кетсек, КТРКдагы дебат учурунда Конституциялык палатанын экс-судьясы 2019-жылдын октябрь айында Райымбек Матраимов менен Бишкектеги ресторандардын биринде жолукканын айткан. Сооронкулова шайлоо жөнүндө сүйлөшкөнүн түшүндүрдү. Гулиза Чудубаева сүрөт www

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:20

Шайлоо-2020: коопсуздукту эске салган кыймыл

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган деген шек менен 26 адамды кармап, алардын бешөөнү камакка алды. Бул бүгүн-эртең шайлоо болот деп турганда коопсуздук маселесин күн тартибине чыгарды. Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, 30-сентябрда коомдук тартипти туруксуздаштырууну пландап, бийликти күч менен басып алууга чакырган видео Интернетте тараган. Бул факты боюнча Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы кылмыш ишин козгоду. Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. «Видео тасмадагы адамдардын тек-жайы аныкталып, 2020-жылдын 30-сентябрь күнү «Кырк уруу жети дубан» кыймылынын 26 мүчөсү кармалып, Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматына жеткирилген. 26 жаранга тең наркологиялык изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 20 адам баңгизат колдонгондугу аныкталган», - деди министрликтин басма сөз катчысы Адинай Шаршеева. ИИМ кармалгандар «Кырк уруу жети дубан» кыймылынын мүчөлөрү экенин, камакка алынган беш кишинин төртөө мурда соттолгонун кабарлады. Ага ылайык, Шамил Муканбаев буга чейин сот жообуна тартылган. Амангелди Артыков баңгизат сактагандыгы үчүн эки жолу соттолгон. Акылбек Олжембаев зордуктоо жана аткезчилик менен эки ирет түрмөгө түшкөн. Кубанычбек Жумаканов мурда тоноо, ээнбаштык жана уурдоо менен үч жолу абакка отуруп чыккан. Рыскелди Бериков гана кылмыш жообуна тартылган эмес. Милиция тасмадагы башка адамдардын да окуяга тиешеси бар-жогун иликтеп жатат жана бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды. 30-сентябрда социалдык түйүндөрдө бир бөлмөдө отурган 20 чакты эркек саясат темасын, тагыраагы парламенттик шайлоону талкуулап жатканы тартылган видео тараган. Анда отургандар Кыргызстандын ар бир айылынан адамдарды чыгаруу, тышкы карызды төлөө, 30 жылдан бери жаратылыш ресурстарын колдонуу жолго коюлбай келатканы тууралуу сүйлөшкөн. «Эгерде ушул шайлоону өткөрүп жиберсек биз, Кыргызстан утулабыз. Азыр желек биздики. Кыргыздар бардык жерде кул болуп жатабыз, миграцияда жүрөбүз. Ушунун баарын ойлонуп туруп бир жыйынтыкка келели», - деген отургандардын бири. «Кырк уруу жети дубан» эмне болгон кыймыл? Видео кайсы жерде качан тартылганы белгисиз. «Кырк уруу жети дубан» кыймылынын мүчөлөрү буга чейин да бир катар чуулуу окуяларга аралашкан. Алардын аты былтыр жыл башында Бишкектин Ала-Тоо аянтында Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүүнү талап кылган митингде аталган. Акцияны уюштуруучулардын бири, кыймылдын мүчөсү Амангелди Артыков кийинчерээк «үйүнөн баңгизат табылды» деген негиз менен 2019-жылы эки айга камалган. Аялы баңгизатты алардын үйүнө күч кызматкерлери таштап кеткенин айтып, арызданган. Артыковдун аты өткөн жылы март айында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингде да чыккан. Акциядан кийин «Бийликти күч менен басып алуу аракети» беренеси менен козголгон иште Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров менен кошо Амангелди Артыковду да кармаган. Анын буга чейинки иштери эмне менен бүткөнү жана качан абактан чыкканы беймаалым. Ошол эле митингге «Кырк уруу жети дубан» кыймылынын башка да мүчөлөрү катышканы кабарланган. Сөз болуп жаткан кыймыл Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн эмес. ИИМ былтыр июнь айында кыймылдын лидери Замирбек Дүйшөнов «милиция кызматкерине пара сунуштаган» деп шек саналып кармалганын билдирген. «Кырк уруу жети дубандын» мүчөлөрү ар кандай акцияларга, өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөө боюнча талаш-талкууларга аралаша калып жүрүшөт. Жалаң эркектердин катышуусунда өлкөдөгү саясий абалды талкуулап жаткан тартылган видеолору Интернетте көп эле. Президентти кооптондурган коопсуздук Анын мүчөлөрүнүн парламенттик шайлоо алдында оор беренелерге шек саналып кармалышы саясий жараян алдындагы коопсуздук маселесин козгоду. Муну президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиодогу» акыркы маегинде да белгилеген. «Тилекке каршы, биздин өлкөдөгү эки элдик толкундоонун негизги себеби мына ушул шайлоо болгон. Ал окуялар, биринчи кезекте, бизге — бийликтегилерге чоң сабак болуш керек. Ошондуктан, шайлоонун ачык, адилеттүү, таза өтүшүнө биринчи кезекте мен, президент катары кызыкдармын. Жана ушуга зарыл болгон бардык иш-чараларды мыйзам алкагында тиешелүү органдар менен жасап жатабыз. Укук коргоо органдарынын шайлоо учурунда өлкөдөгү тынчтыкты сактоо, чагымчылдыкка жол бербөө иштери өзгөчө көзөмөлдө турат азыр. Шайлоону тынч, кыргызстандыктардын тынч жашоосун бузбай өткөрүү — бул менин президенттик негизги милдетим. Эч бир күч биздин мекенибизде кандайдыр бир эксперимент жүргүзүүгө акысы жок жана ага, буйруса, жол бербейбиз». Эксперттер эмне дейт? Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолукканда да парламенттик шайлоонун шылтоосу менен өлкөдө саясий абалды курчуткусу келип жаткандар бар экенин айткан. «Бийлик улам-улам коңгуроо кагып жатышынын төркүнү эмнеде, чын эле шайлоодо тоз-тополоң кылгысы келген күчтөр барбы?» деген суроолор берилип жатат. «Легендарлуу парламенттин» депутаты, академик Жамин Акималиев бул тууралуу пикири менен бөлүштү. «Шайлоодо кооптуу абал болот деген сөздөрдөн алыс болуш керек. Ооба, эл арасында «шайлоодон кийин эмне болуп кетет?» деген сөз бар. Бирок анализдеп карап көрсөк андай деле коркунуч жок. Бардык иштер шайлоонун гана жыйынтыгына жараша болот. Шайлоону таза өткөрүп, мыйзамды так сактасак эле эч нерсе болбойт. Ал эми ар кандай пикирлер боло берет. Аны күчөтө бербеш керек». Ал тапта социалдык тармактарда «парламенттик шайлоого катышып аткан «Чоң Казат» партиясы шайлоодо башаламандык уюштурганга даярданып жатат. Ал үчүн партиянын лидери чет жактан каржылык колдоо алды» деген тасма чыкты. Партиянын төрагасы бул маалыматтарды четке какты. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Туратбек Мадылбеков Кыргызстанда президенттик, парламенттик шайлоодо ар дайым коомдук абалды туруксуздаштырууга аракет кылган күчтөр тууралуу айтылып, эскертилип келатканын белгиледи. «Укук коргоо органдары партияларга алдын ала эскертүү кылып жатат. Айрым партиялар «шайлоодон өтпөй калсак көчөгө чыгабыз» деп айтып жатат. Муну оппозициялык бир катар партиялар кайталады. Бирок мен азыр кооптонууга негиз жок деп эсептейм. Шайлоо тынч өтөт. Себеби, мен мурда – кийин саясатта жүргөндүктөн аймактардагы тааныштарым менен сүйлөшүп, маанайларын да билип турам да», - деди Мадылбеков. Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники