О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
1 октября 2020 г. 0:07

Чехияда коронавирустан улам кайрадан өзгөчө абал жарыяланат

Чехиянын өкмөтү өлкөдө СOVID-19 вирусу жуккандар көбөйүп жатканына байланыштуу 5-октябрдан тартып кайрадан өзгөчө абал жарыяламак болду. Саламаттык сактоо министри Роман Примула өкмөттүн кезексиз жыйынынан соң алгачкы эки жумада имарат ичинде 10дон ашык, ачык жайларда 20дан ашык адамдын чогулушуна чектөө коюлуп, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынарын билдирди. Мындан сырткары мектептер жабылып, медициналык билим алган студенттер ооруканаларга жардам бериш үчүн жөнөтүлөт. Ал эми театрлар менен кинотеатрлар ачык болот. Спорттук оюндарды көрөрмандарсыз өткөрүүгө уруксат берилет. Чехия Европада коронавирус жугузган адамдардын саны боюнча акыркы айда экинчи орунга чыкты. 10, 7 миллион калкы бар соңку айда 40 миң адам вирус жугузуп, ооругандардын жалпы саны 67 миң адамдан ашты. Чехияда 2-3-октябрда парламенттин жогорку палатасы - Сенаттын үчтөн бирин шайлоо жана аймактык шайлоолордун биринчи айлампасы өтөт. Добуш берүүнүн экинчи айлампасы 9-10-октябрда болот. Карантинде отурган чехиялыктар өз автоунаасынан атайын уюштурулган убактылуу добушканада добуш бере алышат. Автоунаасы жок адамдар өз үйүндө «көчмө кутуларга» добуш берсе болот. Буга чейин Чехияда өзгөчө абал март айында жарыяланып, эки айга уланган.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:08

Ошто санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушу иликтене баштады

Ош облусунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушу боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы 30-сентябрда билдирди. Маалыматка караганда, 27-сентябрдан тартып Ош облусунун жетекчилиги ички иштер органдары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлери менен бирге коронавируска байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылышына көзөмөлдү күчөткөн. Коомдук жайларда жана эл көп чогулган жерлерде рейддер жүргүзүлгөн. Рейд учурунда Кара-Суу районунда «Элдорадо гранд» рестораны менен Дыйкан-Кыштак айылындагы «Кербен» ресторанында эреже бузулганы аныкталган. Буга байланыштуу Жоруктар кодексинин 127-беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталды. Кара-Кулжа районундагы «Дөөлөтбай» кафеси тазалык эрежелерин сактаган эмес деген негизде үч миң сом айыпка жыгылды. Облустук милиция коронавирус жайылып жатканына жана жапырт иш-чараларга чектөө бар экенине карабай, кафе-ресторандарда той-топурлар көбөйгөнүн, айрым жарандар беткап тагынбай, санитардык эрежелерди сактабай жатканын билдирди. Мекеме жарандарды өздөрүнүн коопсуздугу үчүн санитардык талаптарды аткарууга чакырды. COVID-19 пандемиясынан улам Кыргызстанда бир катар чектөөлөр бар. Кафе-ресторандарга той-аш өткөрүүгө, эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынган. Мындай талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынат. Буга чейин Бишкекте эреже сактабай, той-топур өткөргөн бир канча кафе-ресторандар, клубдар аныкталган. Ошондой эле айыппул төлөп коюп эле той өткөргөндөр көп экени, 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө санитардык талаптар бузулуп жатканы коомчулукта айтылып келет. Маселе өкмөттө да бир нече ирет көтөрүлүп, айыппулду көбөйтүү тууралуу сунуштар айтылган. Президент жана премьер-министр саясий партияларды санитардык эрежелерди сактоого чакырышкан. Статистика акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 жугузуп алгандар улам көбөйүп жатканын көрсөтүп жатат. (NT)

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:08

Беларуста оппозицияны колдогон баскетболчу Левченко кармалды

Беларустагы таанымал спортчулардын бири, баскетболчу Алёна Левченко Александр Лукашенкого каршы нааразылык акцияларына катышканы үчүн кармалды. «Спортчулардын эркин ассоциациясы» кыймылынын мүчөсү болгон Левченко 30-сентябрда дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кетер алдында Минск аэропортунда кармалды. Анын адвокаты Михаил Кирилюк спортчу уруксатсыз акцияга катышканы үчүн Ленин райондук милициясына жеткирилгенин билдирди. Минск шаардык администрациясынын басма сөз катчысы Алёна Левченконун кармалганын ырастаганын ТАСС агенттиги жазып чыкты. Левченко - Беларустагы таанымал спортчулардын бири. Ал Беларустун улуттук баскетбол командасында, Орусиядагы жана АКШдагы командалардын курамында ойногон. Буга чейин 350гө жакын беларус спортчулары Александр Лукашенкого ачык кат жазып, 9-августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга жана акциялар маалында кармалгандарды коё берүүгө чакырган. Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоо өткөн. Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко акыркы шайлоодо жеңишке жетишкенин жарыялаганы менен, беларус оппозициясы анын жыйынтыгын таануудан баш тарткан. Андан бери өлкөнүн баш калаасы Минск баштаган бир нече аймактарында оппозициянын тарапкерлери нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат. Бул акцияга чыккандарды милиция күч менен таратып, айрым катышуучуларды кармап жатат. Бир катар Батыш өлкөлөрү Александр Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбай турганын жарыялашкан.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:08

Шайлоонун каржылык ачыктыгы боюнча журналисттер арасында сынак жарыяланды

Журналисттер арасында шайлоонун каржылык ачыктыгы боюнча сынак жарыяланды. Бул тууралуу 30-сентябрда «Азаттыкка» сынакты өткөрүп жаткан «Кыргыз Республикасынын журналисттеринин көз каранды эмес бирикмеси» уюмунун жетекчиси Азамат Касыбеков билдирди. Анын айтымында, сынак шайлоонун каржылык ачык-айкындуулугу жана инклюзивдүүлүгү деген эки теманы камтыйт. «Негизги максаттары – шайлоочулардын укуктук маданиятын, медиа материалдардын сапатын жогорулатуу жана журналисттерге дем берүү», - деди ал. Сынак Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен чогуу уюштурулуп жатат. Жыйынтыгы 24-октябрда жарыяланат. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Бул саясий өнөктүккө карата 61 телекомпания, 27 радиокомпания, 59 гезит-журнал жана 77 интернет-басылма катталган. (RK)

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:08

Башкы прокуратура: №2 форма боюнча 83 материал иликтенүүдө

Шайлоочулардын добушун сатып алуу жана документ жасалмалоо тууралуу маалыматтарга байланыштуу жалпысынан 83 материал иликтенүүдө. Бул тууралуу 30-сентябрда Башкы прокуратура кабарлады. Мекеменин маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Эрмек Асанов «Азаттыкка» билдиргендей, материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. «Жарандардын добушун сатып алуу боюнча 56, ал эми шайлоо документтерин жасалмалоо боюнча 27 материал катталган жана мыйзамда каралган караштуулук боюнча сотко чейинки териштирүүнү ички иштер органдары жүргүзүүдө», - деди ал. Башкы көзөмөл органы ар бир жаран эркин добуш берүүгө, №2 форма менен катталууга укугу бар экенин, аны эч ким мажбурлай албасын белгиледи. Бирок эгер №2 форма менен добуш берип жаткандарды кимдир-бирөө топтоп, атайын уюштуруп жатса же документтер жасалмаланып, добуш сатып алуу болгону аныкталса мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти. Бул үчүн ири өлчөмдө айыппул салынарын же эркинен ажыратуу каралганын белгиледи. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 24-сентябрдагы расмий маалыматына караганда, өлкөдө №2 форма боюнча 481 950 арыз түшкөн. Комиссия муну шайлоочуга каттоого турган жери боюнча эмес, өзүнө ыңгайлуу жерден добуш берүүгө шарт түзгөн көрүнүш катары мүнөздөгөн. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Шайлоого катышып жаткан оппозициялык партиялардын талапкерлери №2 форманы добуш сатып алууга шарт түзүү деп атап, БШКны андан баш тартууга чакырган. (RK)

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:57

Чаткал району

Чаткал району Алдыга жолду тандайт ! Республика №14✅

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:19

“Мекенчил” №2. Камчыбек Ташиев: “Менчиктештирүү коррупциялык схема менен ишке ашкан. Эл ырыскысын уурдагандар азыр дагы тоё элек!”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мамлекет азыркы абалында өлбө жаным, өлбө болуп сапарын улай берет. Жылдан жылга алсызданат". Саясий эмес, экономикалык люстрацияны жасаш керек. Мындай пикирин “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалындагы түз эфирде билдирди. “Мамлекеттеги менчиктештирүү учурунда көп байлык саналуу адамдардын колунда калды. Эмнеге бир адам он-жыйырма завод менчиктештирген да, экинчи адам бир кирпич да ала алган жок? Мисалы, мен дагы мамлекеттер бир кирпич, бир сотых жер алган эмесмин. Менчиктештирүү коррупциялык схема менен ишке ашкан. Андагы эл байлыгын өзүмдүк кылып алгандар дагы да тое элек. Эми башка жагынан элдин ырыскысын жулуп жеп жатышат. Мындай коррупционер аткаминерлерди өлкөдөн тазаламайынча, эл байыбайт. Мамлекет азыркы абалында өлбө жаным, өлбө болуп сапарын улай берет. Жылдан жылга алсызданат. Беш-он жылда жакшы жашап калабыз деген үмүт болсо, мамлекет өргө кыбырап болсо да тырмышып жатса, мен түшүнөт элем, ошол убак келгиче чыдайт болчумун. Бирок андай эмес. Биз артка кетип жатабыз. Мындан чыгуунун бир жолу – элим, жерим деп, мекендин бүт түйшүгүн көтөрүүгө даяр турган инсандарга жол бериш керек. Алардын парламентке келишине өбөлгө болуу керек! Эл беш жылда бир келчү мүмкүнчүлүгүн жаңылбай пайдаланышы кажет. Мен аталарыбыздан, апаларыбыздан кечирим сурайм. Силер бизге бүтүн, күчтүү мамлекетти өткөрүп бердиңер эле, биз аны чайпалтып, чачылтып, түз жол таап бере албай кыйнадык. Жүрөктүүлөр, мекенге күйгөндөр аз эмес, бирок алар бийликке бара албай жатат. Ар бир жараныбыз бирөөнүн чачпагын көтөрө чуркабай, адилеттүүлүк, тактык үчүн тик турган элибиздин кырааны болсо экен дейм. Ар бир жаран мамлекет үчүн ниетти түздөп, абийири, акылы менен кеңешип добуш берээрине ишенем ”, - деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:09

АКШда Трамп менен Байдендин алгачкы телетаймашы өттү

АКШда президенттик талапкерлердин алгачкы телетаймашы өттү. Республикалык партиянын талапкери, азыркы президент Дональд Трамп менен Демократиялык партиядан талапкер болгон Жо Байдендин дебаты Огайо штатындагы Кливленд шаарында өттү. Коронавируска байланыштуу аз гана адам киргизилген жайда өткөн дебатта АКШнын Жогорку сотунун судьясын шайлоо, шайлоо мыйзамдарын сакталышы, пандемиядагы кабыл алынган чечимдер, экономикадагы абал боюнча талкуу жүрүшү керек болчу. Телетаймаштын жүрүшүндө бул маселелер үстүртөн талкууланып, Трамп менен Байден дебаттын биринчи мүнөтүнөн тартып эле кайым айтышка өттү. Буга байланыштуу көптөгөн маалымат каражаттары талапкерлердин дебатын «башаламан» өткөнүн жазып чыгышты. Телетаймашта Жо Байден Трамптын пандемия маалындагы аткарган ишин сынга алып, анын кесепетинен 200 миңдей америкалык каза болгонун эскертти. Дональд Трамп болсо СOVID-19 менен күрөштө федералдык бийлик медициналык жабдык, беткап менен камсыз кылганын жана жетиштүү болгонун билдирди. Ошондой эле Байден ушул аптада "The New York Times" басылмасы жазып чыккан иликтөөнү мисалы кылып, АКШнын учурдагы президентин салык төлөгөн жок деп айыптады. Ал эми Трамп болсо Жо Байден өлкөнүн вице-президенти болуп турган учурда уулу Хантер Байден бир нече өлкөдө ыңгайлуу келишимдерге кол койгонун эске салып, сынга алды. Президенттикке талапкерлердин алгачкы телетаймашы абдан кызуу өтүп, Трамп менен Байден бири-бирин «жалганчы», «маскарапоз» деп айыптоого чейин жетишти. АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Талапкерлери бул шайлоо кампаниясынын алкагында дагы эки жолу телетаймашка чыгат.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:09

Камактагы саясатчы Жээнбеков бюджеттик кызматкерлерге кайрылды

Камактагы оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков 30-сентябрда мугалимдерге, дарыгерлерге жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылды. Анда Жээнбеков бийликчил деген партиялар «Форма №2» аркылуу добуштарды ачык эле сатып алып жатканын, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин – мугалимдерди, дарыгерлерди жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин пайдаланып, административдик ресурсту колдонуп жатканын жазган. Бийликчил партиялар мамлекетке көз каранды бюджеттик кызматкерлердин абалынан пайдаланып жатканын айткан. Саясатчы дарыгерлерди, мугалимдерди, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин бийликти ачык сындап чыгып, куугунтукка кабылып жаткандарды колдоого чакырган. «Силер – жарансыңар, силер – «административдик ресурс» эмессиңер, силер – бийликтин менчиги эмессиңер, силердин өз атыңар, укуктарыңар жана эркиндигиңер бар. Билип койгула, бүгүн натыйжасыз жана коррупциялашкан бийлик силерге көз каранды болуп турат. Силер өзүңөр, жакындарыңар үчүн, жаңы, демократиялык Кыргызстан үчүн көп нерсени чечип коё аласыңар», деп жазылган Жээнбековдун кайрылуусунда. Бийликчил деген партиялар добуштарды сатып алууну көздөп, шайлоочулардын паспортторун жапырт чогултуп, №2 форма аркылуу көз боёмочулукка барып жатканы тууралуу сын-пикир буга чейин да айтылган. Өткөн аптада «Бүтүн Кыргызстан», «Реформа» жана «Чоң Казат» партиялары басма сөз жыйынын өткөрүп, №2 форма аркылуу шайлоо даректерин өзгөрткөндөрдүн саны 500 миң кишиге жакындаганын айтып чыгышкан. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов бул айыптоону куру доомат катары баалаган. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков 26-сентябрда «Биринчи радиодогу» маегинде шайлоону калыс өткөзүүгө өзү умтуларын айтып, эки жолу күч менен бийлик алмашкан окуя бийликке сабак болушу керек экенин билдирген. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган. (NT)

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:11

WhatsApp суроо - жооптор 2- бөлүк

Сайтка жарыяланган суроолордун маани-маңызына жана тексттеги каталарга КТРК сайты жооптуу эмес. WhatsApp суроо - жооптордун 1- бөлүгүнө өтүү үчүн бул жерди басыңыз. WhatsApp суроо - жооптор: Кыргызстан партиясына: Бизнесмен бийликке аралашпаш керек дегенге кандай карайсыз? 0706 150 8ХХ “Кыргызстан”: Барды жок кылгандар Ишкердин баркын кетирген бизде, жаңы муун ишкерлер жоктон бар кылгандар. Алар жумуш оорду түзөт, салык төлөйт. Эгер алардын укугу корголбой, тескерисинче кугунтук көрүп, тосколдук жаратылып жатса, андай жаратман ишкерлер келип Экономиканы жөнгө салатурагн мыйзамдарды жазууга салым кошсо болот. Негизи мыйзамдар баарына бирдей иштегенде, ишкерлер өздөрү эле келбейт саясатка. Бирок келип контрабанданы, схемаларды коргогондорго жолтоо болушубуз керек. Асанбек Темирбековго суроо: Эмне үчүн бөлөк партияларга окшоп башкалар менен кошулбай дайым жалгыз позицияңызды коргоп келесиз? 0500 006 1ХХ "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын өз принциптери бар. Олкөбуздун өнүгүп өсүүсүнө жаркын келечегине тилектеш партиялар болсо идеалаш болууга даярбыз. Менин суроом Бир Болго Сиздердин партияларыңарда жалаң гана саясатчылар эмес спортмендерго. Сиздер кантип парламентти башкарасыздар же күч мененби? 0773 794 8ХХ “Бир Бол”: Жалган бизде 108 талапкер арасында башта спорт менен машыккан бирок ошол эле учурда ишкер болгон эки эле талапкер бар, калгандарынын спорт менен көп деле катнашы жок, чуркап, футбол ойногондон башка. Бизде эн көп юрист жана экономист бар партия. Орточо жашыбыз 37, Жогорку Билимдүүлөр 95%,аялдар эң көп 37%, башка улуттар эң көп 26%. Баардык партияларга: Жалгыз бой энелердин укугун коргоо учун кандай мыйзамдарды иштеп чыга аласыздар? 706 441 0ХХ “Ыйман Нуру”: альбетте бул маселеде жалгыз бой энелердин мамлекет тарабынан алынган жардамга адилеттүү мамиле каралыш керек, башка категорияларга салыштрмалуу жашаган шарттарына, иштеген жерина жана маянасына жараша акча каралыш керек. Баарына суроо: Ассалому алекумдар Урматтуу кандидаттар,Эгер депутат болуп калсаныздар границаны качан чечесиздер, Кыргызстанга кадр маселси солкундап кетти 0707 030 3ХХ “Республика”: Алейкум Ассалам, чек ара боюнча суроого жооп бердим, кадр маселеси өтө бир чоң көйгөйгө айланды. Кард өстүрүү, тандоону оңдоп албасак биз алдыга жылууну ойлонбой эле койсок болот. “Ыйман Нуру”: чек ара боюнча, кадр маселеси да абдан маанилүү аны үчүн жергиликтүү элдин арасынан кадр даярдоо саясатын башташ керек жана ошо жерлердин экономикалык акыбалын жогорулатыш керек. Баардык талапкерлерге: Бийликке келип калсаңыздар, шаардын айланасындагы таштандыны кантип жок кылып бере аласыңар? Бул көп жылдан бери чечилбей келген көйгөй 707 811 6ХХ “Ыйман Нуру”: Бул үчүн таштандыларды кайра иштетүү заводун салыш керек, ал завод таштандыларды шаардан өзү чогултуп аны кайра иштетип андан электроэнергия жана газ чыгарса болот. Чогулган таштандыларды тазалап андан пайда тапса болот. “Республика”: Шаардын айланасындагы таштанды маселе көптөн бери чечилбей атат, бул жатка бир гана жол бар таштандыны кайра иштетип чыгуу ишканаларды курушубуз керек жана бул багытта иштейм деген компанияларга шарт түзүп беришибиз керек. Мисаалы биздин темир тезектерибизди сатып алып, кайра арматура кылып өзүбүзго сатышат кымбат баада, ушул сыяктуу көп мисаалдар бар. Ошол кайра иштетип чыгуу багытын өнүктүрүшүбүз керек МИГРАНТАР БИЗДИН ОЛКОНУН БЮДЖЕТИНЕ ЧОН САЛЫМ КОШОТ ЭМЕСПИ сырт жакта иштеп ЖУРГОН мигарантарга бир министерство тузуп, башка олколордо иштейм деген атуулдарга иш табып гарант болуп беруусун кандай карайсынар? 0705 159 5ХХ “Кыргызстан”: биздин тышкы иштер министрлиги жана эмгек министринин жоопкерчилигин көтөрүп биздин мигранттардын укугун коргоо үчүн иш барыш керек. “Бир Бол”: Биздин максатыбыз Мигранттардын кайтып келүүсү, ал жерде Сиздердин талабыныздардын корголуусу Тышкы Иштер жана Миграция мекемелеринин түздөн түз жоопкерчилиги, биз аларды көзөмөлдөйбүз. Туризм, Энергетика, Заманбап айыл чарба, ИТ аркылуу жаны миндеген жумуш оорундарын түзсө болот. Кыргыз спортуна кандай көңүл бурасыңар? Кантип көтөрөсүңөр? Эмдиги жылы Токиодо олимпиада болот. Олимпиадалык спортту түшүнгөн кесипкөй адамыңар барбы араңарда? 778 199 9ХХ “Республика”: Мен дзюдо спорту менен машыгып жүрдүм, бул олимпядалык спорт түрүнө кирет. Албетте колдоо болушу керек. Ар бир мамлекет дүйнө аренасында өзүн мыкты жактары менен көрсөткүсү, жеңиштерди багындыргысы келет. Булар жалпысынан чет өлкөлүктөрдүн арасында биз жөнүндө көз карашты калыптандырат, ошого жараша бизге мамилек кылат, иштешет. Бирок спортчулар дүйнөгө даңтап аткан учурда, бизди тескери уят кылган депутаттарды шайлоо кандай болуп калат? Эгер шайлодон өтүп калсаңыздар эмнеден баштайт элеңиздер? 0776 971 9ХХ “Ыйман Нуру”: Биздин партяи тарабынан даярдалган 10 мыйзам долбоорло бар, ошолорду демилгелеп иштеп баштайбыз. Баардык талапкерлерге суроо: азыркы Жогорку Кенештин спикеринин иши талапка жооп береби? 500 228 8ХХ “Республика”: Жок, жооп бербейт. Жогорку Кенештин торагасы бул мамлекетте экинин бир, ал жака өтө билимдуу, тажрыйбалуу адам келиши керек. Аны көрүп чет мамлекетте жалпы элдин керек болсо жүзү катары баалашат. “Ыйман Нуру”: жооп бербейт. Мекен Ынтымагына: Сизге өкмөттөн жогорку даражадагы жумуш орду сунушталды беле Нуржигит Кадырбеков, Улукбек Кочкоровго сунушталгандай. 700 721 0ХХ "Мекен-Ынтымагы" саясий партиясыны Парламенттке, Аткаруу бийлигине мамлекеттин жалпы өнүгүшү учүн өз сунуштарын берип келет. Эгерде аткаруу бийлиги биздин сунуштарыбызды кабал алса кызматташууга даярбыз. Саламатсыздарбы! Кыргызстандын мыйзамына өлүм жазасын киргизсе пара корлорго, жемкорлорго, озгочо педофилдерге! Ушуга кандай карайсыздар? 0706 187 4ХХ “Ыйман Нуру”: Биз эл аралык конвенцияларга мүчө болгондуктан бул маселени чечүүдө бул жагдайды караш керек. Биздин ойубузча буга жеткирбей турган система куруш керек. “Мекен Ынтымагы”: Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык өлүм жазасы тыюу салынгын. Оор кылмыштар үчүн өмүр боюу укугунан ажыратуу каралган. Мамлекеттик саясат кылмыш жасалгандан кийин жазалоо гана эмес, кылмыш кылмыш кылууну алдын алуу. Суроо баарына: Бөлкө нандын баасы, 1 кВт светтин баасы жана маршруткадагы жол кире баасы канча? 0705 707 3ХХ “Ыйман Нуру”: Бөлкө нандын баасы сортуна жана көлөмүнө жараша 10 сомдон 30 сомго чейин, 1 Квт баасы 700киловатка чейин 77 тыйын, андан кийин 2 сом 24 тыйын, маршрутканын баасы саат 21:00га чейин 10 сом, андан кийин 12 сом “Мекен Ынтымагы”: Бөлкө нан ундун сортуна жараша 12 сомдон 25 сомго чейин. 1 кВт. электр энергиясы жөнөкөй жарандар үчүн 700 кВт. чейин 77 тыйын, андан ашык колдонгондорго 2,24 тыйын. Коомдук траснпорттун баасы 10 сом. Суроо баарына: Саламатсыздарбы! Кыргызстандын мыйзамына өлүм жазасын киргизсе пара корлорго, жемкорлорго, озгочо педофилдерге! Ушуга кандай карайсыздар? 0706 187 4ХХ “Кыргызстан”: биз колдойбуз, бирок ал үчүн конституцияга өзгөртүү киргизиш керек. Баардык партияларга: Канткенде Билим берүү системасын өзгөртө алабыз? Чоң рахмат 551 654 0ХХ “Ыйман Нуру”: Билим берүү системасын сапатын жогорулатуу үчүн ал жакка тийштүү акча бөлүнүш керек жана ал системанын продукты катары болгон бүтүрүүчүлөргө талап чоң болуш керек, ал талапты жеке бизнес жаратыш керек, жеке бизнес кеңеиш керек. Кыргызстан партиясы балага суйунчу пул 50000 сом өлчөмүндө төлөп берерин убадалап жатат. Кыргызстанда күнүнө 460 ымыркай жарык дүйнөгө келет. Жылына 460 балага 460*365=8 395 000 000 сом керектелет. Бул сумманы кай жактан аласынар жана канча жыл 50000 сомдон суйунчу пул төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк жетет. 0703 783 0ХХ “Кыргызстан”: таможняны тартипке салсак андан дагы көп тапса болот. Жарандык паспортко кайра кыргыз улутун алып келүү жөнүндө сөз айткан жоксуңар. Биздин паспортко улуттун жазылышы сиздер канчалык маанилүү? 778 268 1ХХ “Ыйман Нуру”: Сыртка чыгууда колдонгон жалпы жарандык паспорто сөзсүз керек, ички паспорто жаңы форматында маалымат катары ичинде болсо, анда ал паспорту колдонууга бүт шарттар болуш керек. Канткенде Билим берүү системасын өзгөртө алабыз? Чоң рахмат 551 654 0ХХ “Мекен Ынтымагы”: Билим берүү системасындагы билим сапатын жогорулатуу үчүн комплекстүү карашыбыз керек. Жеке менчик окуу жайларындагы билим сапаты менен мамлекеттик билим берүүдөгү айырмачылык айгине. Бул окутуучулардын айлык акысына социалдык камсыздоосуна, көз каранды. Биздин партия бул маселени чечүү үчүн өз программабызда көрсөтүлгөн сунуштарыбыз бар. Евразиялык интеграцияны кандай тушуносуздор???Жакында "Биримдик" партиясынын лидери Марат Аманкуловдун айланасында жанжал которулду. Ушул окуя боюнча позицияныздар кандай?? +1 562 552 28 ХХ “Ыйман Нуру”: Кандай гана интеграциялык процесстер болсо да, биздин мамлекеттин улуттук кызыкчылыктары, биздин бизнестин кызыкчылыгы алдыга койлуш керек жана бул процесстерге даярданып анан киришибиз керек. Евразиялык интеграцияны кандай тушуносуздор???Жакында "Биримдик" партиясынын лидери Марат Аманкуловдун айланасында жанжал которулду. Ушул окуя боюнча позицияныздар кандай?? +1 562 552 28 ХХ “Республика”: Мамлекеттин эгемендүүлүгү баа жеткис дөөлөт, биз көздүн карегиндей сакташыбыз керек. “Ыйман Нуру”: Биздин суверенитет баа жеткис байлык, аны биз сактап жүрүшүбүз керек. “Мекен Ынтымагы”: Мамлекеттин коопсуздугу жана эгемендиги баардыгыбыз үчүн ыйык. Евразиялык интеграция экономикалык, маданий багытта болушу керек. Жарандык паспортко кайра кыргыз улутун алып келүү жөнүндө сөз айткан жоксуңар. Биздин паспортко улуттун жазылышы сиздер канчалык маанилүү? 778 268 1ХХ “Кыргызстан”: аны кайра киргизүү маселесин карап талкуулар киргиүүгө биз даярбыз. Президенттин ишине кандай баа бересиздер? 555 103 1ХХ “Ыйман Нуру: Президент өзүнө караган сырткы саясатты татыктуу деңгеелде алып бара жатат, бирок ошол эле учурда элдин көпчүлүгүнүн ишенимин алган киши катары чарбалык маселелрди өкмөттөн каттуу талап койуу менен иштеш керек. Акыркы 5 жылдыкта эл учун, Мекен учун чын дили менен кызмат кылган, сиздер ишеним корсоткон 5 саясаттагы инсанды айтып берсениз? 505 032 7ХХ “Республика”: Омурбек Бабанов, Руслан Казакбаев, Алтынай Омурбекова, Мирлан Жеенчороев, Кенжебек Бокоев. Вопрос к партии Кыргызстан: вы много упоминаете про цифровизацию. Этот год был объявлен годом цифровизации и у вашей партии были мандаты 6 созыва ЖК. Почему простые люди все ещё не видят плоды ваших работ ?! +1 562 552 28 ХХ “Кыргызстан”: элементарный результат нашей цифровизации является запись ребенка в школу и в детский сад через интернет, получение гос услуг через интернет, проект безопасный город и оплата за штрафы, комуслуги и т.д. можно перечислить многие результаты. Менин суроом Бир Болго Сиздердин партияларыңарда жалаң гана саясатчылар эмес спортмендерго. Сиздер кантип парламентти башкарасыздар же күч мененби? 0773 794 8ХХ “Бир Бол”: Карапайым эл тилекке каршы спортсмен менен ОПГны айырмалай албай калган, негизинен ОПГга каршы чыныгы күрөшкөндөр бул ийгиликтүү спортсмендер. Бизде командада эки эле спортсмен бар калганы юристер жана экономистер, 97% жаңы жүздөр. Суу өмүр булагы деп айтат, Нарын дарыясы Токтогул ГЭСине куят, ошол сууну кантип туура пайдаланып, светтин баасын 50 тыйынга тушурсо болобу? 0509 464 7ХХ “Ыйман Нуру”: Светке болгон тарифтин түзүмүн өзгөртсө, анда бул тармактын эффективдүүлүгүн көтөрүп жаңы ГЭСтерди курса болот. Андан кийин аган тарифти түшүрүү маселесин караса болот. “Мекен Ынтымагы”: Элдин электрдик керектөө жыл сайын 5% га өсөт. Жыл сайын кошумча кубаттулукту ишке киргизишибиз керек. Эл аралык CASA 1000 программасынын алкагынында экспортко электр энергия сатышыбыз керек. Бул маселени чечүү үчүн гидро потенциалыбыздын мүмкүнчулүгун толук колдоношубуз керек. Во многих партиях кандидаты имеют уголовное прошлое, а то и вовсе связь с криминальным оттенком. Как могут такие кандидаты иметь законное и моральное право баллотироваться в выборах? 551 950 0ХХ “Республика”: Людям кто имеет связь с криминальным миром доступ в парламент должен быть ограничен. Это вопрос национальной безопасности. Акыркы 5 жылдыкта эл учун, Мекен учун чын дили менен кызмат кылган, сиздер ишеним корсоткон 5 саясаттагы инсанды айтып берсениз? 505 032 7ХХ “Ыйман Нуру”: Биздин партия жаңы партия, биздин ийгиликтер алдыда, ошондуктан биздин партия 5 жылдан кийин гана сизге бул суроого өзүнүн депутаттары тууралу жана өкмөт мүчөлөр тууралуу айтып бере алабыз. Суроо баарына: 120 депутат кичинекей Кыргызстан үчүн көптүк кылбайбы? Депутаттардын санын кыскартууга кандай карайсыздар? 0709 160 3ХХ “Ыйман Нуру”: Депутаттардын санына эмес алардын сапатына көңүл буралы, бул процессти сиздер шайлоочулар чечесиздер, туура тандоо жасаңыздар! Биздин партияны шайлаңыз! “Бир Бол”: Парламентаризмге балта чабыш үчүн бул сөз айтылып келет, 60 кишини сатып алуу, аларды коркутуу оңой болот. Биз чыныгы Парламентаризмге жетишибиз керек. Тарых үчүн Бакиевди алып келип жазага тартуу боюнча кимдин кандай оюу бар? 0990 355 1ХХ “Ыйман Нуру”: Жазага тартуу керек, соттун чечими бар бул боюнча. WhatsApp суроо - жооптордун 1- бөлүгүнө өтүү үчүн бул жерди басыңыз.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:16

Шайлоо - 2020. Лидерлер теледебаты - 20:00 / ТҮЗ ЭФИР (30.09.2020)

Теледебаттарга WhatsApp аркылуу суроо жөнөтүүдө төмөнкү эрежелерди сактаңыз!!! Адамдын кадыр-баркына шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн суроолор жарыяланбайт. Жогорудагы эрежелер сакталбаса, сурооңуз сайтка чыкпайт. Сайтка жарыяланган суроолордун маани-маңызына жана текстеги каталарга КТРК сайты жооптуу эмес. Внимание! Прежде чем задать вопрос политическим партиям соблюдайте следующие правила: Не цензурная лексика, вопросы агитационного характера, провокационные, порочащие честь и достоинство вопросы публиковаться не будут! Соблюдайте правила и ваши вопросы с ответами кандидатов будут опубликованы на сайте КТРК. Редакция сайта не несет ответственности за ошибки, пунктуацию и содержание ответов! Баардык партияларга: Чара маселесин Баткендеги кайсы партия канча убакытта чечет? 0708 178 0ХХ “Бир Бол” катары согушпай соода жүргүзөбүз деген максат менен биринчиден коншу өлкөлөр менен түз мамиле түзүүгө өтөбүз.Баткен эркин соода айиагына айлануусу керек. “Ыйман Нуру”: Чек ара меселесин чечүүдө биздин партия эң негизги басымды ошол жакта жашап жаткан элдин жашоо деңгелине, экономикалык өсүшүнө жана инфраструктурасына көңү бурат. Региондордун жашоо стандартарынын деңгээлин көтөрү үчүн мамлекттик акча ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүүгө басым жасалат. “Кыргызстан”: Бул маанилуу маселени коншу мамлекет менен биргеликте 1-2 жылда чечууго мумкун болот. Ага эрк жана чечкиндуу кадамдарга юарыш керек. Баардык партияларга: Урматтуу кандидаттар!Депутаттын кол тийбестигине кандай карайсыздар?Озулору чыгарган мыйзамга баш ийбей жооп керчилике тартылбай калышат экен. 0707362 3ХХ “Бир Бол”: эл өкүлүнүн кол тийбестиги алынышы керек. “Мекен Ынтымагы”: Депутаттарда кол тийбестик болбошу керек. Кыргыз Республикасынын Контитуциясында, баардыгы мыйзам жана сот алдында бирдей деген норма бар. “Кыргызстан”: Жогорку кенештеги айтылган создорду учун жоопко тартылбаш керек. Калган иш аракеттери учун жооп бериш керек. “Ыйман Нуру”: Азыркы учурдагы Жогорку Кеңештин регламентинде депутатты жоопко тартуу каралган, ага карабастан депутат иштеп жазып жаткан мыйзам долбоорлордун сапаты төмөн, ошону үчүн депутаттын мыйзам долбоорлордун сапатына байланыштуу баалоо чараларын регламентке киргизебиз. “Республика”: Депутатта кол тийбестик болбош керек. Алар катардагы эле жараандар менен укуктары тең болуш керек Эгерде бир максат менен бара жатсанар эмнеге биргелешип программа түзүп иш алып барбайсынар?Рахмат. 777 366 6ХХ “Кыргызстан”: Жогорку Кенешке барганда чоугулуп бирге эл учун иш алып барганга даярбыз. "Бир Бол” : “ Бирбол катары бир максат бир баалулук тегерегинде жаратман билимдүү,эларалык тажрыйбага ээ команда бириктик. Вопрос для ПП Республика. Могут ли инициировать закон новый состав ЖК: 1. уголовную ответственность Премьер-министра за не исполнение своей программы перед назначением. 2. Уноловную тветственность следователей за не законное возбуждение уголовного дела в отношении прдозреваемых, так как за период не зависимости КР не было ниодного прицидента такого рода. Актуальный вопрос, задайте лидерам пжл 0554 959 537 “Республика”: Вопрос ответственности в том или ином виде должен быть рассмотрен безусловно. В нашей стране это одна из главных проблем, никто не несет ответственности за принятые решения. Это одна из главных пунктов нашей программы, одно лицо должно отвечать за всю работу Правительства. Саламатзырдарбы! Статистика боюнча мугалимдерди,врачтардын мектеп тех персоналдардын айлыгын койбойду деп отчёт берилет.Бирок тех персоналдардын акчасы койбойтулгон жок эмне себептен жооп берип коёсуздарбы? 0700 139 5ХХ “Ыйман Нуру”: Мунун себеби өлкөнүн бюджетинин киреше мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу жана ал түшкөн акчаны адилетсизик түрдө бөлүштүрүү себеп болууда. Биздин партинянын программасынын негизинде адилетүү бөлүштүрүү жатат, бул ыкма менен бюджетке түшө турган киреше бөлүгүн көбөйтөбүз жана аны айлык акыларды көбөйтүүгө жумшайбыз. "Республика": Мунун баардыгы экономикабызга байланыштуу, бюджетибизде каражат жетиштүүболбосо айлыктарды көтөрүш кыйын. Бизде экономикабыздын 39% көмүскөдө, салык төлөнбөйт. Биз салык системабызды реформалап, бул агымдарды ачыка чыгарганда бюджетибиз толуп айлыктарды жана башка төлөмдөрдү көбөйтө алабыз. Бир бол партиясына суроо жалпы эле партиясына бул суроо онуктуробуз дейт анан шайлоодон кийин карантин болсо кандайча иш жургузушот тушундуруп берсин ошону 0700 5190ХХ “Бир Бол” : Биздин экономика дагы бир карантинди көтөрөалбайт, башка таасирдүү ыкмалар колдонуу керек. Биздин сунушубуз бар бул боюнча. Кыргызстан партиясына: Бала төрөлгөндө берилүүчү сүйүнчү пулду 50 000 сом деп убада кылдыңар эле. Бул убада шайлоо учурунда эле болгондо да бир эле адамга берилет экен да. Мындан ары бересиңерби? 705 911 1ХХ “Кыргызстан” : Биздин берген убаданы депутаттард иш алып барып Өкмөтт 4000 сомго макул болушкан. Эгерде Кыргызстан саясий партиясы Өкмөттү жетектесе 50000 сомго жеткизмек. Тилеке каршы Өкмөт толук кандуу иш алып бара алган жок. Баарына суроо: Кыргызстан Россияга кошулушу тууралуу ой, пикириңизди ачык айтып бересиздерби. ( Бардык партияларга суроо) 0777 181 9ХХ “Кыргызстан” : Биздин суверинитетти сакташыбыз керек. Биз такыр каршыбыз. Эгер парламенттке өтүп калсаңар бир жолу депутат болгон адам экинчи жолу депутат боло албайт деген мыйзамды кабыл ала аласыңарбы 755 777 9ХХ “Бир Бол” : 3-жолу болуусуна чектөө койсо болот, кеебир өлкөлөрдө ушундай. “Республика” : Бизге люстрация керек, бирок бул жолу менен эмес. Ким депутат болот, болбойт аны эл чечиш керек. “Мекен Ынтымагы” : Депутат экинчи жолу депутат боло албайт деген норма аракеттеги мыйзамдардын негизинде адам укугун чектөө болуп калат. Бирок шайлоо учурунда убадасын аткарбаса кандайдыр бир жоопкерчиликке тарттууга мыйзам долбоорун иштесе болот. "Ыйман Нуру": Эгерде ал депутат сапатсыз жана натыйжасыз иштесе анда ооба бул демилгени колдойбуз. Кыргызстан партиясына суроо: кайсы күчтүү сапаты үчүн саясый рейтинги учурда төмөн болгон Тазабек Икрамовду жана Дастан Артисбековичти тизмениздерге коштунуздар? 778 288 8ХХ “Кыргызстан” : Ар бир талапкердин өз жеринде өзүнүн кадыр баркы бар. Кыргыз тилин так билгени үчүн жана ар бир талапкер өз ишинде тыянак чыгарышат. Кыргызстан, Бир бол, Республика партиялары ар бир шайлоодо катышасынар, бирок элдин жашоосуна олуттуу өзгөрүү киргизе алган жоксуңар. Дагы аткарылбай калып, алдында уят болом деген сезим ойлондурабы? 707 317 6ХХ “Республика”: Республика партиясы салыштырмалуу өзүнүн программаларын аткарып турган. Мисаалы биз 2010 жылы коопсуз шаар, камералар, ипотека жана башкалар боюнча сөз кылганда ишенбегендер да кө болгон. Бирок убакыт көрсөттү ошол учурда көтөрүлгөн идеялар мезгилдин талабына жооп берген жана иш жүзүнө ашкан. "Бир Бол" : Биз ушул себептен 97% жаныланып, тышта билим алган команда менен бирге баражатабыз. Мурдагылар менен ишке ашпай турганына көзүбүз жетти. Башкаларды да ушул кадамга чакырабыз, тышта жүргөн миңдеген мекендештер бар, башка экономикага пайда алып келип, аларды саясатка тарткыла. "Кыргызстан": биздин береген убадаларды толук актарууга Өкмөттү жетектегенде аткаралабыз. Бардык талапкерлерге суроом: томонку пайыз менен насыяларды бергенче элдин жашоо дэнгелин насыялары жок эле жогорку дэнгелге жеткизип эл озу каалаган уй оокат автоунааларды ж. б.тиричилик буйумдарын алганга мумкунчулугу жетет? 0700 027 2ХХ “Ыйман Нуру” : Төмөнкү пайыз менен же пайызы жок башка альтернативдик акча каражаттарын тартуу ыкмалары биздин бизнес үчүн керек, туура элибиз колдон келсе кредитке кызыкпай өзүнүн акча каражаттары менен жашоо шартын өнүктүрсө болот, аны үчүн биздин партия Финансылык сабаттуулук боюнча улуттук программа кабыл алабыз. Баардык партияга: Энергетиканы өнүктүрүш үчүн тарифти көтөрүш керек. Кыргызстанда тариф эн арзан. Шамал, Кун, гидроэлектростацияларды куруш керек деп атат кээ бир партиялар. Андай болсо партия тарифти көтөрүш үчүн учун макулбу? 557 091 0ХХ “Республика” : Бүгүнкү экономикалык реалдуулукта тарифти көтөрүү мүмкүн эмес, эл көтөрө албайт. Ассалам алейкум урматтуу дебаттын катышуулар сиздерге сунуш тушсо маяна албай иштоо десе колдойт беленер бул суронуу копчулук кутуп жатабыз 0550 071 2ХХ “Мекен Ынтымагы” : Парламентке буюрса келсек айлык маянанын көлөмү боюнча демилге көтөрүүгө даярбыз. Мисалы мыйзам жазбаган депутаттарга жыйындарга катышпаган депутаттардын айлыгын токтотуу. Трайбализм маселесин кантип чечесиз? 703 770 0ХХ “Ыйман Нуру” : Меритократия принцибин кармануу менен. Бул деген жумушчу кадрлардын кесипкөйлүгүнүн негизинде гана дайындоо жана карьерасын жасоо болуп саналат. Баардык партияларга: Россия жарандыгын алган Кыргызстандыктардын өтө чоң көйгөйү бул кош жарандуулукту алуу, ушул көйгөйдү чечип бере аласыздарбы? Кантип? 778 819 8ХХ “Кыргызстан”: Биздин мыйзамдарда кош жарандуулукка бөгөт жок. Мекен Ынтымагы коррупцияны кантип жоёсунар? 700 145 9ХХ “Мекен Ынтымагы”: Коррупцияны жоюга саясий эрк керек. Жана бул тармактагы укуктук ченем актылардын баардыгын кайрадан иштеп чыгышыбыз керек. Корупция боюнча айыпталган адамдардын жазасын катуулатуу керек. Жана акыркысы баардын тармактарда так регламент иштеши керек. Республика партиясына: Силер 15 жылдан бери 3 пайыз кредит беребиз деп элге айтып келесинер? Натыйжа кайда? 0779 921 2ХХ “Республика” : Биздин партиябыз биринчи жоолу шайлоого 2010 жылы катышкан, 10 жыл болду. 3% кредит беребиз деген сунуш бул быйыл гана айтылды. Орто жана чакан бизнеске пандемиядан кийин колдоо ирээтинде биз жеңилдетилген насыя берели деп. Шайланып калсанар, бир жылда озгоруулор болбосо, же кийинки шайлоого жылыш жок барсанар, саясаттан биротоло кете аласынарбы? Ушул дебаттан кетем деп элге ант бере аласынарбы? 0707 194 9ХХ “Ыйман Нуру” : Бул маселеде акыркы чекитти эл өзүнүн тандоосу аркылуу койот, эгер партия Жогорку Кеңеште начар иштесе анда ал партияны шайлабай кийинки чакырылшка киргизбей койсоңуз болот. Биз элдин ишенимин толук актаганга болгон күч аракетибизди жумшайбыз. Ыйман нуру партиясына силер парламентке барсанар мектептерде дин таануу сабагын окутууга кучунор жетеби? 0702 5225ХХ “Бир Бол” : БирБол катары дин тарыхы сабагын сунуштайбыз. Мамлекет балага дин маселесинде туура фундамент бериш керек, болбосо радикалдашуу коркунучу бар. Имамдар да жогорку билимдүү мамлекет тарабынан айлык алган мам. кызматкер болуусу керек Түркиядагыдай. Ыйман нуру партиясына силер парламентке барсанар мектептерде дин таануу сабагын окутууга кучунор жетеби? 0702 5225ХХ “Ыйман Нуру” : Бул маселени биз карап чыгууга даярбыз, бирок бул маселе биздин улуттук баалуулуктар жана салтарыбыздын гана негизинде каралыш керек. Айтыңыздарчы ушул учурга чейин, агитация үчүн кайсы партия канча акча коротту? Ал каражат кайдан келди. Пандемия учурунда эл үчүн кандай жардам көрсөттүнөр? Санкт Петербург шаарынан Калысбек +7 925 796-86-ХХ “Мекен Ынтымагы” : Агитация жана башка партиялардын чыгымдары Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында көрсөтүлүп турат. "Мекен-Ынтымагы" саясий партиясынын чыгымдары партиянын мүчөлөрү тарабынан чогултулган. Баардык партияларга салыштырмалуу минималдуу. Бишкекке мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга мектеп ачып жана башка жеңилдиктерди кылып бере аласыңарбы? 706 068 6ХХ “Бир Бол” : Баардык мектептер буга ылайык болуш керек, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар башка курбулары менен бирдей класстарда, бирге окушу керек. Мектептерди аларга ылайыкташтыруу маанилүү. Республика партиясына: эгерде депутат болуп калсаныз депутаттардын айлыгын кыскартып же болбосо айлыгы жок иштеп бергенге маселе которбойсузбу? 0700 297 4ХХ “Республика”: Парламентке катардагы билимдүү жарандар да өткүдөй система курушубуз керек, жалаң гана байлар эмес. Эгерде алар күнү түнү иштеп атышса татыктуу маяналар менен камсыз болушу керек. Бул врач, мугалим сыяктуу эле кызмат катары кабыл алышыбыз керек. Депутат деген жаңы бай манап эмес, кызматкер деп түшүнүшүбүз керек Айтыңыздарчы ушул учурга чейин, агитация үчүн кайсы партия канча акча коротту? Ал каражат кайдан келди. Пандемия учурунда эл үчүн кандай жардам көрсөттүнөр? Санкт Петербург шаарынан Калысбек +7 925 796-86-ХХ “Кыргызстан”: Биздин талапкерлер пандемия учурунда элге жардам берип жүрүштү. Айткандай кайрымдуулукту көргөзбөй жазаш керек. Азыркы күндө 88 млн сом сарпталды шайлоого. Ал каражат талапкерлердин жана колдоочулардын каражаттары. Ыйман нуру партиясына: Эмне үчүн Нуржигит мырза карындашыныз менен экибашка партияда бара жатасыңар? 705 911 1ХХ “Ыйман Нуру”: Ар бир адам өзүнүн жеке ойун ишке ашырууга укугу бар, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошууга укугу бар. Өзүнүн саясий көз карашынын негизинде партияны тандап аны менен шайлоого баруу укугу да бар, ошо укук мене колдонуп жатышат. Этникалык кыргыздарга кандай жардам көрсөтө аласыңар? Мургабдагы кыргыздарды өз мекенине алып келүү жолу программаларыңда каралганбы? 557 477 4ХХ “Бир Бол”: Мургаб байыркы Кыргыз жери, алардын ал жактагы шарттарын жакшыртуу боюнча коншулар менен жогорку денгеелдеги иш алып баруу керек. Эрк жана Көрөгөчтүк талап кылат. “Ыйман Нуру”: Эң биринчиден бул инсандарга биздин өлкөдөгү жагдайга адаптация (көнү) процесстерин уюштуруу абзел, алар биздин коомдогу маданиятка, тартипке, салтарга жана башка ушул сыяктуу нерселерге көнүш керек анан гана аларга жумуш орундарын түзү, социалдык кам көрү каралыш керек. “Кыргызстан”: Албетте колдойбуз. Мыйзамды кабыл алынганда Кыргызстан саясий партиясы толук колдогон. Программадан ал маселе дагы камтылган. Рахмат. Саламатсызбы менин суроом "Республика"партиясына. Кыргызстанда мугалим менен врачтарга арзандатуу кридит жана ипотека менен үй алганга мүмкүнчүлүк деп сайрап келесинер эмне Кыргызстанда бир эле мугалим менен Врачтар эле иштейби? Менин суроом ошол эле больницада 30 же 40 жыл же болбосо ошол эле мектепте 35 же 40жылдан бери пол жууп иштегендерге кандай ипотека менен үй алганга мүмкүнчүлүк түзүп бере аласыздар? 0779 168 5ХХ “Республика”: Биздин көтөргөн программалар менен бүгүнкү күндө мамлекеттик программа иштеп атат. Биздин бул ирээт сунуш кылганыбыз пайыздарды дагы түшүрүшүбүз керек деп атабыз. Врачтар жана мугалимдер бул биринчи программада каралган категория андан кийин калган кызматкерлерге да сунуштайбыз Мекен ынтымагы: Парламентке барсаныздар биринчи жумушту эмнеден баштайсыздар 703 330 5ХХ "Мекен-Ынтымагы" саясий партиясыны буюрса шайланып келсек, эң биринчи Жогорку Кенештин регламентин өзгөртөбүз. Бул депутат башка депутат үчүн добуш бере албай. Жыйынга катышпаган депутаттын айлыгы кыскартылат. Ички жана тышкы иш сапарларга оз каражаты менен баруу жана эң негизгиси ай сайын алган 40 миң сом алган кошумча төлөмдөрдү кыскартылат. Кызматтык унаа кызматтык турак жай болбойт. Айтыңыздарчы ушул учурга чейин, агитация үчүн кайсы партия канча акча коротту? Ал каражат кайдан келди. Пандемия учурунда эл үчүн кандай жардам көрсөттүнөр? Санкт Петербург шаарынан Калысбек +7 925 796-86-ХХ “Бир Бол”: Биздин талапкерлер Россиядан жана Түркиядан 40 мекендеш дарыгердин келишине жардам берип, 3000 кишинин айыгуусуна себепкер болду. Бул дарыгерлердин учак билеттери жана 1 жарым айдагы чыгымдарын көтөрдү. Региондон келген дарыгерлерге жаңы протокол үйрөтүлдү. Мунун тышында даары дармек жана башка жардамдар берилди Жараткандын ыраазычылыгы үчүн, шайлоо үчүн эмес. Шайлоо каражаты биздин жаратман талапкерлердин жеке өз каражатынан алынды. Айыл чарбасы, мал, суу чарбасын өнүктүрүү боюнча эмнеге айтпайсыңар? Ушуларды кантип өнүктүрсөк болот? 558 838 346 “Кыргызстан”: Биздин программа айыл чарбага көп көңүл бурулган. Аны так аткарганга мүмкүнчүлүк болот. “Республика”: Айыл чарбаны биз толугу менен реформалашыбыз керек, биринчиден баардык программаларды карап чыгышыбыз керек. Иштетилген продукцияны чыгарганы аракет кылышыбыз керек, болбосо башка ортомуларды гана байыта беребиз. алар биздин продукцияларды алып кайра иштетип пайдасын ошолор көрүшөт. “Ыйман Нуру”: Айыл чарбасын өнүктүрүштүн 3 негизги жолу бар: 1 - сапаттуу жана натыйжалуу үрөөндөр, 2-автоматташтыруу (айдоодо, себүүдө, жыйнап алууда, сактоодо), 3-сатуу жолдору. Сатуу жолун болсо, ошол региондордо кайра иштетүү ишканалрды ачуу керек, ал ишканалардын товарларын сатууда да мамлекет тарабынан колдоо керек, аны үчүн биздин эл, бизде өндүрүлгөн товарларды сатып алууну үйрөнүш керек. “Мекен Ынтымагы”: Айыл чарбасы, мал, суу чарбасын өнүктүрүүгө толук мүмкүн. Орто Азияда таза сууга эң бай мамлекет бизбиз. Мал үчүн жайытыбыз эң кенен бизбиз. Айыл чарба маселеси боюнча концепциябыз даяр. Айыл чарба продукцияны кайра иштетүүдө, сатууда жана кийинки жылга себүү прогноздору мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүшү керек. Узбекстан менен Тажикстанга отуп аткан контрабанда жол менен миллиардарга өтүп жатат. Жонокой эл баары коруп турат да. Ушу маселени кантип туп тамырынан чече аласынарбы? 0773062 2ХХ “Республика”: Бул меселени чечүүдө мыйзамдын сакталышын катуу көзөмөлдөшүбүз керек жана чек арада 24 саат бою онлайн тартып турган камералар турушу керек. “Кыргызстан”: цифровизация аркылуу чечилет. Таможняны толук сканер, камера, компьютер менен чечсе болот. Жана болгон таможниктердин байлыгын текшерип жоопко тартыш керек. “Ыйман Нуру”: Бул маселени фискализацияны киргизүү менен чечсе болот, аны киргизиш үчүн бизне эң биринчи саясий эрк керек. Фискализация 3 этапка бөлүнөт: 1- электрондук счет-фактура (товарларды учетко алыш үчүн), 2-маркировка (товарлардын өлкө ичинде же сыркта чыгууда текшерүү), 3- скоринг (товарлардын эл тарабынан сатып алуу статистикасы). “Бир Бол”: Таможналарга Рентген тунельдерди орнотобуз, автоматташтырабыз. Бир да унаа рентгенден өтмөй сайын өтө албайт, сүрөттөр 10 жыл сакталат. Баардык тармактарда контрабанда бүтөт. Бажы биримдигинин башка мүчөлөрүнөн да талап кылабыз, аткарышбаса Бажы Биримдигинен чыгууну керек болсо шарт койобуз. Бизге Бажы Биримдигинин чегинен өткөн баардык унаалардын рентген тунельден өтүүсүн талап кылабыз. Кумтөр менен келишимди кайра караса болобу? Ушул маселени көтөрүп чыга аласыңарбы? 558 600 2ХХ “Республика”: Толугу менен карап чыгышыбыз керек жана мамлекеттин элдин кызыкчылыгына туура келген чечимдер кабыл алынышы керек. “Кыргызстан”: Күмтөр маселесин карап толук мамлекеттин элдин акчасын кайтарыш керек, баардык күнөөлүлөрдү жоопко тартып кустуруш керек. “Ыйман Нуру”: Карап чыкса болот, бул учурда биздин мамлекеттик кызыкчылыктарды эске алуу менен, анан инвестициялык климатты бузуп албашыбыз керек, себеби өлкөдө ишке ашып жаткан инвестициялык проектилердин абалына шартарына жараша башка инвесторлор келет. “Мекен Ынтымагы” : Кумтөр боюнча, парламентте биз биринчиден демилгелей турган маселе болот. Кумтөрдү эл аралык базарда алтындын баасынын өзгөрүшүнө ылайык кошумча салыктарды киргизип мамлекетте көптөгөн кошумча кирешелерди буюрса алабыз. Конституция боюнча өлкөнүн Коргоо саясатын жүргүзүү Өкмөткө жүктөлгөн, тилеке каршы бүгүнкү күндө Өкмөт тарабынан коргоо багытында эч кандай саясат жүргүзүлбөйт. Учурда 2017-жылы Президенттин указы менен түзүлгөн Генералдык штаб менен Коргоо комитетинин ортосунда биринин ишин кайталоо, түшүнбөстүктөр орун алып келет. Өлкөнүн аскердик саясатты жүргүзүү, аскер адамдарынын социалдык маселелери боюнча оюңуздар кандай? 704 003 8ХХ “Бир Бол”: Коргонуу министрдиги өкмөт мүчөсү болуусу керек, ПМге баш ийүүсү керек. ПМ кантип чек ара маселесин чечет коргонуу министрдиги жана чек ара кызматы ага баш ийбесе. Ушул себептен Баткен чек ара маселеси чечилбей келет. “Республика”: Туура бул багытта көп көйгөйлөрүбүз бар, тактап ала турчу маселелер да бар. Биз сунуштап атканыбыз бир адам жоопту болушу керек, өзүбүздү алдабайлы. Эгерде биз Президенттик башкаруу системасын тандасак анда Президент толугу менен баардыгына жоопкерчиликтүү болушу керек, эгерде парламенттик система десек анда Премьер министр жоопкерчиликти алышы керек. Аралаш система болбойт, эч ким жооп бербейт. “Кыргызстан”: Аскерелерибиздин социалдык маселелери толук чечилиш керек. Аскер кайсы жака барса дагы үй менен камсыз болуш керек. Андан тышкары жубайы, балдары жумуш жана мектеп, бала бакча маселеси чечилиш керек. Пенсияага чыкканда өзүнүн жеке үйү менен камсыз болуш керек. “Ыйман Нуру”: Аскер адамдардын айлык акысы, социалдык камсыздоосу маанилүү, айрыкча аскерий адамдардын пенсияга чыккандан кийин ишке орношуусу, ошол тармакта атайын программаны иштеп чыгып, ал кишилердин жаңы кесиптерге окутуп же окшош тармактарга жумушка орнотуу маселеси каралыш керек. “Мекен Ынтымагы”: Коргоо тармагындагы кызматкерлердин социалдык абалы мамлекет тарабынан чечилиши керек. Мамлекеттин коопсуздугу эн биринчилерден болушу керек. Ооба мамлекеттин коопсуздугу Окмөткө жүктөлгөн. Укуктук ченем актылардын иерархиясы боюнча Конституция, Президенттин указынан бийик турат. Суроо баарына:парламентке барганда пандемия орусу боюнча ачык чындыка чыгасыздарбы? Медицинада чыныгы абал кандай? 07093881ХХ “Республика”: Пандемия биздин медицинадагы реалдуу абалды ачыктап, көрсөтүп койду. Бул толугу менен реформага муктаж тармак, пандемия учурунда баардык кетирген кемчиликтер иликтениши керек. Кумтөр менен келишимди кайра караса болобу? Ушул маселени көтөрүп чыга аласыңарбы? 558 600 2ХХ “Бир Бол”: Биз ал жакка ачык конкурс менен Башкаруу Кенеши мүчөлөрүн тандоону сунуштайбыз. Кумтөр чыгымдарын ачык айкын жарыялаш керек. Биз жаны кен байлык конкурстарда акция алгандын оордуна чыккан алтындын 25% мамалекетке алынуусун инвестициялар кайткыча, инвестиция кайткандан кийин чыккан алтындын 40% биздин мамлекетке калуусун сунуштайбыз. Бул алтындын жарымы борбордук казына ал эми калган 50% ошол Аймак(ирилешкен райондор) казынасына калсын. Бизге бай аймкатар керек. Алар өздөрү коргоп алат инвесторун. Конкурсту Аймак өзү өткөрсүн Госгеология көзөмөлдөп эле берет конкурстун эрежелерин. Бир мандаттуу шайлоого кандай карайсыздар? 0555 098 4ХХ “Республика”: Бир мандаттуу шайлоо системасы бул эртеңки күн, бирок шайлоочулардын тизме түзүүдө таасирин күчөтүшүбүз керек. Мисаалы азыркы эле партиялардын тизмесинде өзүнчө да кандидатка добуш берүү укугун беришибиз керек. “Кыргызстан”: Бизге преференциалдуу добуш маселесин карап көрсөк туура болот деп ойлойбуз. “Бир Бол”: Туура эмес феодолизмге кайтабыз, трайбализм регионализм огобош бетер күчөйт. Преференциалдуу шайлоо сунуштайбыз. Биринчи партияны, анан анын ичиндеги 120 талапкерден бирөөнү тандасын шайлоочу, Ошондой эле Парламентаризм өнүгүшү үчүн айылдык кенештер да партия тизмеси менен гана шайлансын, айыл өкмөтү жетекчиси эл тарабынан шайлансын. Ошондо партиялар туруктуу болот, идея тегерегинде биригет, лидер тегерегинде эмес. “Ыйман Нуру”: Маселе Жогорку Кеңешке келүү жолдорунда эмес, келип жаткан адамдардын кесипкөйлүгүндө, адептүүлүгүндө. Бардык партияларга суроо: Люстрация мыйзамын кабыл алууга макулсуздарбы? 558 120 0ХХ “Республика”: Бизге люстрация мыйзамын кабыл алуу керек, болгону мыкты иштелип чыгышыбыз керек. “Мекен Ынтымагы”: Люстрация мыйзамын иштеп чыгып, саясий кызматтагы адамдердын кызмат учурунда кетирген кемчиликтери үчүн колдонсо болот. Административдик, миниципалдык, дипломатиялык жана аскер, укук коргоо кызматындагы адамдар үчүн башка мыйзам актылары иштеши керек. “Кыргызстан” : Кылдаттык менен карап жана талкуулап кабыл алууну туура деп эсептейбиз. “Ыйман Нуру”: Люстрация керек, бирок репутациясы начар, натыйжасыз, паракор кызматкерлердин дарегине колдонуш керек Баардык партияларга: Ар бир жарандын, депутаттын, президенттин жана соттордун декларациясын ким текшерип ким көзөмөлдөйт? Негизи көзөмөлдөө иши кандай иш алып барууда? 705 408 6ХХ “Республика”: Салык кызматы Парламентке барганда пандемия орусу боюнча ачык чындыка чыгасыздарбы? Медицинада чыныгы абал кандай? 07093881ХХ “Ыйман Нуру”: Медицинада обал оор, аны чечүү үчүн биздин партия Салык кодексинин 208 беренесине өзгөртүү киргизет, андан сырткары бюджетке түшкөн кирешелерди адилеттүү бөлүштүрүү менен медицина тармагына, ал тармактын жабдууларын жаңыртуу, инфраструктураларын жаңылоо анан албетте айылк акыларын көтөрүү болуп саналат. Мындан сырткары, даары дармекти даярдоо маселеси, илим менен болгон байланыш, бир гана илим жаны инфекциялардын алдын алууга жардам берет. Ар бир жарандын, депутаттын, президенттин жана соттордун декларациясын ким текшерип ким көзөмөлдөйт? Негизи көзөмөлдөө иши кандай иш алып барууда? 705 408 6ХХ “Кыргызстан”: Налог, кадр службасы жакшы изилдеп маалыматты ачыка чыгарып туруш керек. ГКНБ жана Прокуратура анализдеп ар бир өзгөчүлүктөргө тийиштүү чара көрүш керек. “Мекен Ынтымагы”: Саясий жана административдик кызматтагы адамдардын толтурган киреше декларациясын , салык кызматы текшерет. Кошумча прокуратура органдары дагы текшерүүгө укуктуу. “Республика”: Салык кызматы, прокуратура текшерет. Бирок текшергени менен эч нерсе таппаса бул текшерүүлөрго ишеним болбойт. Эл арасында чоң кызматтагы чиновниктер эң бай адамдарга айланып атканын көрүп, алар айдаган машиналарын, салган үйлөрүң көрүп күмөн пайда болот, биз бүт системаны кайра карап чыгышыбыз керек. “Ыйман Нуру”: Бул жумуштуу тийштүү мамлекттик органдар карап жатышат, мамлекеттик кадр кызматынан баштап, коопсуздук кенешине чейин. Парламентке барганда пандемия орусу боюнча ачык чындыка чыгасыздарбы? Медицинада чыныгы абал кандай? 07093881ХХ “Бир Бол”: Биз текшерүү талап кылабыз, жоопко тартылуусун талап кылабыз күнөөлүлөрдүн. Толук өзгөрүүсү керек медицина тармагы, пандемия мүмкүнчүлүк берүүдө. Түркия сыяктуу мамалекеттер биз менен тажрийба алмашууга даяр экендерин билдирип келишет. Биз болсо алар салган оорукананы да ишке киргизбей келебиз жада калса. Бизде программада так айтылган биздин баракчада толук маалымат бар. Мекен ынтымагы: почему ваша программа нигде не опубликована? 550 559 9ХХ "Мекен-Ынтымагы" саясий партиясынын шайлоо платформасы Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жайгаштырылган, кошумча фейсбук, инстаграм жана шайлоо үчүн таратылган материалдрыбызда жайгаштырылган. Кыргызстан партиясына: Бизнесмен бийликке аралашпаш керек дегенге кандай карайсыз? 0706 150 8ХХ “Кыргызстан”: Бизнестин өкүлү Жогорку Кеңеште болуп алардын кызыкчылыгын коргоп жана үнүн жеткизиш керек. Эгерде бизнесте жакшы жыйнтыктарга жетишсе анда Жогорку Кеңеште жакшы салымын кошот деп ойлойбуз. Рахмат. Баардык партияларга: Ар бир партиянын мүчөлөрү кыргыз тилинде эркин сүйлөй алышабы? Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча аракет кыласыздарбы? 702 722 7ХХ “Ыйман Нуру”: Альбетте сүйлөй алат, тилибиздин өнүгүшүнө ар бирибиз салым кошушубуз керек, аны үчүн эне тилибизди болушунча көп тармактарда колдонулуш керек, үй бүлөдөн баштап мамлекеттик жолугушууларда жана кагаздарга чейин. Ар бир партиянын мүчөлөрү кыргыз тилинде эркин сүйлөй алышабы? Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча аракет кыласыздарбы? 702 722 7ХХ “Мекен Ынтымагы”: Мамлекеттик тил, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамында бекитилген. Биздин партиянын баардык мүчүлөрү мамлекеттик тилде эркин сүйлөшот. “Республика”: Басымдуу бөлүгү албетте эркин сүйлөй алышат. Тил өнүктүрүүдө биз кыргыз тилиндеги контетти көбөйтүшүбүз керек, мисаалы азыр кичинекей балдарыбыздын баардыгы ютуб көрүшөт ал жакта баардык контент башка тилдерде. Бара бара тил аркылуу дилин да сиңирип алат. Биз аз дегенде үч тилде эркин сүйлөгөн муун тарбиялашыбыз керек, бирок эң биринчи эне тилин билгендей болушу керек “Бир Бол”: Кыргыз Тили абдан маанилүү Кыргыз Тилиндеги бала бакчаларга эки эсе көп каражат бөлүүнү сунуштадык. ГЧП негизинде Кыргыз Тилиндеги менчик бала бакчага эки эсе каражат бөлөбүз ваучер аркылуу. “Кыргызстан”: Бизде талапкерлер кыргызча билишет. Тилеке каршы биздин талапкерлер орусча жакшы сүйлөй алышпайт деп шылдыңдашат. Здравствуйте! Вопрос касающейся к партиям Бир Бол , Кыргызстан и Республика: вы же избирались до этого, почему вы не смогли исполнить обещанное? 0707 484 895 “Республика”: Если действительно изучать работу по выполнениям политических партий, то вы легко обнаружите что партия Республика работала над их выполнением и это отличие партии от других. Безопасный город, льготные кредиты под сельское хозяйство, ипотека, отмена тех осмотров, доверенностей, двух уровневый бюджет и тд. “Бир Бол”: Биз жаныландык, 97% жаны жүздөр, жаратман билимдүү күчтөр менен келе жатабыз. Саясий Элита жаныланышы шарт.Башкалардан да күтөбүз. “Кыргызстан”: Спасибо за вопрос. К сожалению наша партия не смогла возглавить Правительство, в связи с чем исполнение всех обещании не представилось возможным. Бюджеттеги мекемелерге бөлүнгөн акчаларды экономдуу пайдаланыш үчүн тендерди жойсо болобу? Тендерде 10 сомдук ручка 25 сомго сатылып келет? 704 852 8ХХ Ыйман Нуру: Тендерди өткөрүү процесстерин карап чыгыш керек, себеби бул жерде коррупция мүмкүнчүлүктөр бар. Биздин партия мамлекттен бөлүнгөн акчаларды бир гана тендер аркылуу бөлүнбөстөн, түз бөлүнүү да каралыш керек (айлык айы, пенсия, пособия ж.б.) “Бир Бол”: Мамлекеттик сатып алуу мыйзамы толук өзгөрүүсү керек, санариптешүүсү керек, биздеги мыйзам сапатсыз кызмат алууга түртөт. Эки баскычтуу болуш керек тендерлер. Биринчиси катышкан компания текшерилиши керек, андан кийин анын сунушу. Кытайга болгон карызды кандай жол менен чечесиздер? Конкреттүү жооп күтөбүз 704 637 8ХХ “Республика”: Бүгүнкү күндө 39% экономикабыз көмүскөдө, бул 3 млрд доллардын тегерегиндеги сумма. Эгерде биз бул каражаттарды ачыкка чыгарсак бюджетибиз толуп тышкы карыздарды да төлөгөнгө бүт шарттар түзүлөт. “Бир Бол”: Экономиканы көмүскөдөн чыгырабыз, биздин ИДП(ВВП) эки эсе көбөйөт көмүскөдөн чыкса. Биз Европа жана башка өлкөлөрдөн узун мөөнөттүк жаны арзан карыз алып, Кытайдын карызын рефинансирования кылабыз 2 жыл ичинде. Экономиканы өнүктүрүп карыздарды төлөйбүз. Мамлекет коопсуздук, билим берүү, медицина тышында баардык тармактардан чыгышы зарыл. Ошондо өнүгүү болот. “Ыйман Нуру”: Кытайга болгон сырткы карызды ички карызга айлантыш керек, ички карыз дегенибиз бул биздин бизнестен, банктардан мамлекет карыз алып аны сырткы карызга жолдоп жапсак болот. Ички карызды, мамлекет бюджеттен киреше булактарынан жапса болот. Ошентип эң негизгиси Кытайга болгон карызды убагында жаап турганга мамлекеттин алы жана киреше булактары болуш керек, аны үчүн биздин партия туруктуу өнүгүү механизмин өзүбүздүн программа тууралу сунуштап жатабыз. “Кыргызстан”: Тышкы иштер министрлиги, финансы министри чогуу карызды реструктуризация кылып бир бөлүгүн кечүү жолун табыш керек. Андан сырткары биздин паракорорду кустуртуп оңой эле төлөсө болот. Качып кеткен президенттердин туугандары эле жарымын төлөтсө болот. Темирбек Асанбековго суроо: пандемиянын таасири менен экономикалык абал канча начарлап кетти? Аны жандандыруу боюнча кандай чараларды көрсө болот? 0500 006 1ХХ "Мекен Ынтымагы" саясий партиясы тышкы карыз кутулуу боюнча так иш пландарыбыз бар. Карыздан кутулуунун негизги жолдору "Бюджет кодексинде" көрсөтулөн мамлекеттик каржы боюнча резерв түзулушу керек. Мамлекеттик каржы ресурстарын максималдуу эффективдүү колдонуу. Көмүскө экономиканы либералдуу салык саясаты менен ачыкка чыгаруу (бул125млрд. сом) энергетикадагы 12% жоготууну, тоо кен тармагындагы салыктарды мамлекеттин кызыкчылыгына карата карап чыгуу. Бюджеттеги мекемелерге бөлүнгөн акчаларды экономдуу пайдаланыш үчүн тендерди жойсо болобу? Тендерде 10 сомдук ручка 25 сомго сатылып келет? 704 852 8ХХ Ыйман Нуру: Тендерди өткөрүү процесстерин карап чыгыш керек, себеби бул жерде коррупция мүмкүнчүлүктөр бар. Биздин партия мамлекттен бөлүнгөн акчаларды бир гана тендер аркылуу бөлүнбөстөн, түз бөлүнүү да каралыш керек (айлык айы, пенсия, пособия ж.б.) “Бир Бол”: Мамлекеттик сатып алуу мыйзамы толук өзгөрүүсү керек, санариптешүүсү керек, биздеги мыйзам сапатсыз кызмат алууга түртөт. Эки баскычтуу болуш керек тендерлер. Биринчиси катышкан компания текшерилиши керек, андан кийин анын сунушу.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:16

Почти полмиллиона кыргызстанцев не смогут проголосовать на выборах

В Кыргызстане почти полмиллиона кыргызстанцев не смогут проголосовать на предстоящих выборах депутатов Жогорку Кенеша. Об этом сообщили в Государственной регистрационной службе. Отмечается, что 437 тысяч 384 гражданина не прошли биометрическую регистрацию и пользуются ID-паспортами старого образца. По закону такие граждане не могут голосовать. По данным ЦИК, в список избирателей включены около 3,5 млн человек. Закон о биометрических данных был принят в 2014 году. Биометрическую регистрацию проводит ГРС. Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов на заседании 29 сентября внесла поправки в смету расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша. Как сообщили в пресс-службе ЦИК, вместо 447 млн 726,5 тысячи сомов на выборы будет израсходовано 449 млн 583,7 тысячи сомов. Таким образом ЦИК утвердила дополнительную смету расходов в сумме 1 млн 857,2 тысячи сомов. Такое решение принято в целях финансирования дополнительного избирательного участка в Москве. Выборы в Кыргызстане назначены на 4 октября. В предвыборной гонке участвуют 16 партий.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:16

Теледебат: Электр энергиясынын өчүшүнө Батыш РЭСинде болгон авария себеп болду

Бүгүн 2020- жылдын 30- сентябрь күнү Коомдук биринчи каналда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине талапкер саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жаткан теледебат учурунда корпорациянын аппараттык- студия комплексинде электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Анын кесепетинен түз берүү 15 мүнөт эфирге чыкпай калды. Электр энергиясынын өчүшүнө Батыш РЭСинде болгон авария себеп болду. Муну РЭСтин нөөмөтчүсү В. В. Корташов тастыктады. Өзгөчө маанидеги түз эфирлерди өткөрүү тартиби боюнча бүгүн теледебаттар өтөөрү жана бул учурда электр энергиясынын өчүшүнө жол бербөө боюнча КТРКнын жоопту кызматкерлери тарабынан Батыш РЭСине, нөөмөтчү В. В. Корташовго алдын ала 18:00дө эскертме жолдонгон. Келтирилген ыңгайсыздык үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы телекөрүүчүлөрдөн кечирим сурайт.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 18:44

30 сентябрь

30 сентября кандидаты в депутаты от партии “Кыргызстан” во главе с лидером Канатбеком Исаевым встретились с жителями города Ош.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:31

Улан Садалиев: Жашоодогу негизги принциптеримдин бири – аз сүйлөп, көп жумуш аткаруу

– Улан мырза, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка аттанып атасыз, өзүңуз тууралуу айтып берсеңиз. – Кудайдын буйругу экен, 2017-жылдан тартып Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары кызматын 4 жылдан бери аркалап келдим. Эми минтип Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди көрсөткөнүмө байланыштуу кызматымды өткөрүп бердим. – Ички миграциянын күч алышы, жергиликтүү тургундардын жер маселесин мыйзамдуу түрдө документтештирүү да чоң маселелерден эмеспи… – Туура, каттоосу жок жашаган мекендештерибиз арбын. Каттоо учурунда мыйзамдардын чийкилиги маселе жаратты. Буга ким күнөөлүү? Баягы эле айыл өкмөт, акимчилик күнөөлүү болуп, көп кыйынчылыктар башыбыздан өттү. Жергиликтүү тургундардын үлүш жерин, жашаган үйүн документтештирүү маселесин жон терим менен сезгендиктен аны түп тамырынан өзгөртүү учур талабы деп ойлойм. Аткаруу бийлигинен барган депутат көп болсо мыйзамды өзгөртүүдө, аны колдоодо чоң өбөлгө түзүп бермек. Мисалы, бизге инвесторлор келсе анын маселесин 2-3 айлап чече албай кечигип калып жатабыз. Трансформация, алардын жалпы документтерин иреттештирүүгө 3 айдан ашык убакыт кетет. Маселени чечүүгө мээң жетип турса да мыйзам жол бербейт. Мыйзам чегинен чыга албай каласың. Себеби кабыл алынган мыйзам чийки. Канчалаган жарандарыбыз жер үлүшүн, үйүнө кызыл китебин ала албай убара болуп жүрөт. Трансформация маселеси чечилсе кийин инфраструктуралык маселе чечиле баштайт. Кээ бир конушта “Тез жардам” унаасы бара турган жердин дарегин таба албай калууда. Пандемия көптөгөн маселени ачыкка чыгарды. – Пандемия деп калдыңыз. Эл башына келген бул сыноодо эмнелерди байкай алдыңыз? – Адамдар бири-бирине жүрөктөрү муздап бара жаткандай сезилчү. Бай, кедей деп эки ажырым болуп калганы ачык эле. Пандемия бай менен кедейди теңеп койду. Адамгерчилик сапатты ойготту. Бул бизде эле эмес, дүйнөдө болду. Кудай сыноо берди. Үй-бүлөбүзгө, жоро-жолдошторубузга, кошунабызга урмат-сыйды арттырды. Пандемия ички дүйнөнү ойготту. Эмне маселе бар экенин ачыкка чыгарды. Ошол эле ыктыярчылар, өкмөт, медицина, милиция кызматкерлери, бардык органда иштеген кызматкерлер вирус менен күрөшүүдө жапа тырмак аракет кылышты. Күч биримдикте экенин көрсөтүштү. Пандемияда медицина, билим берүү тармагында кетирген катачылыгыбыз оркоюп көрүнүп калды. Өзгөчө абалга даяр эмес экенбиз. СССР кезинде стратегиялык институттар болгон. Ушулар унутта калыптыр. Окумуштуу, илимпоздорубузду баалап, тиешелүү ар бир тармакка ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү караштырсак башыбызга келген апааттардын алдын алууда көп кыйынчылыктар жаралмак эмес. – Аягында шайлоочуларга кандай кайрылуу айтат элеңиз? – Шайлоочуларга айтарым, добушту сатып албай, ар бир партияны, талапкерди изилдеп, алардын аткарган ишине, кызматына туура баа берип, жүрөгү менен шайлап берсе. Жашоодогу негизги принциптеримдин бири – аз сүйлөп, көп жумуш аткаруу. Эл колдоп берсе мамлекетибиз үчүн, эл үчүн татыктуу иштеп берейин деген тилегим чоң. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники