О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 2:17

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ШАЙЛООДОН ЭМНЕГЕ БАШ ТАРТТЫ?

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышпай турганындыгын маалымат каражаттарына билдирди. Каныбек Иманалиев шайлоого катышпоо чечимин өз каалоосу менен кабыл алган. Бирок айрымдар анын шайлоодон баш тартуусу «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинин алдыңкы сабына кирип, съезд учурунда кайра артка жылып калгандыгын божомолдошууда. ARGUMENT.KG

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

“Бүтүн Кыргызстан” шайлоодон четтетилеби?

Мурдатан жаш кыздарга үйлөнө берип белгилүү болгон ажыке Турсунбай Бакир уулу эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоодон четтетүү менен ММКлардын каарманына айлана турган болуп калды. Көрсө бул партиянын негизги жыйынында тизме түзүлуп жатканда, Турсунбай Бакир уул оңтойлуу жерден орун алган экен. Партиянын съездинде бекитилген тизме кийин өзгөртүлүп ажыке өзүн таппай калат. “Эмнеге мындай болду?”- деп сураса, “шайлоого акча керек, фондко ким көбүрөөк каражат төксө ощолорду алдыга жылдырдык”-деп Мадумаров да ачыгын айтып салган экен. Эми ажыке мыйзамга таянып, съезде бекитилген тизме өзгөрбөш керек экендигин бетине кармап сотко берүүдө. Бул жерде түрдүү ойлор пайда болууда. Эгерде “Бүтүн Кыргызстан” аз эле депутат менен өтүп кетсе, тили курч Адахан мырза чекеге чыккан чыйкан болушу толук мүмкүн. Ошондуктан ажыкенин аракети бийлик жактайт деген партияларга жагып кетиши толук мүмкүн. Айрым бир эксперттер “Бүтүн Кыргызстан” шайлоодон четтетилсе саясий интригалардын мындан күчөп кетишин божомолдошууда. ARGUMENT.KG

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

БШК дагы бир партияны шайлоодон четтети

Дагы бир партия шайлоо өнөктүгүнөн четтетилди. Бул тууралуу БШКнын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Изреков билдирди. Анын айтымында, “Актив” саясий партиясы документтерди БШКга тапшырганы менен, мыйзам талап кылган 5 миллион сом күрөөнү 24-августка чейин төлөгөн эмес. Ошондой эле “Мекен Ынтымагы” партиясы дагы 5 миллион сом күрөөнү төлөнгөндүгүн тастыктаган кагазы жок. Ал эми аталган партиянын штабы күрөө төлөнгөндүгүн айтып, жакынкы убакыта тастыктоочу документти БШКга берээрин билдиришкен. ARGUMENT.KG

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Камактагы Равшан Жээнбеков “Социал-Демократтар” партиясы менен шайлоого аттанды

Жээнбеков күнөөлөнүп абакта жатат. Бирок ошого карабастан ал “Социал-Демократтар” партиясынан шайлоого аттанды. Болгондо да алдыңкы катардагылардын тизмесинде экен. Коомчулукта күнөөлөнгөн адамдар деле шайлоого бара береби деген суроолор арбын берилип жатат. Бирок, бир нерсени эсепке алуу керек. Күнөөлү же күнөөсүз экендигин сот гана аныктайт. Биз билгенден Равшан Жээнбековго карата эч кандай соттун өкүму чыга эле. Бир гана суроо, эгер ал ошол партиясынан ийгиликке жетишип, ЖКга депутат болуп кетсе анда мыйзам боюнча кандай ахыбалда болот? ARGUMENT.KG

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

“Шайлоодон кийин Беларустагы окуялар бизде да башталышы мүмкүн”

no article

Подробнее
5 сентября 2020 г. 20:27

Социал-демократы

Социал-демократы после прочтения курана на Ата-Бейите, на главной площади страны у памятника Манасу начали агитационную кампанию

Подробнее
25 сентября 2020 г. 14:15

«РЕФОРМА» саясий партиясынан Кокулов Эрулан ________________________

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековго Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды ѳткѳрүү боюнча Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрайымы Н. К. Шайылдабековага КАЙРЫЛУУ ‼️‼️‼️ Биз «Бүтүн Кыргызстан», «Реформа» , «Чоң Казат» саясий партиялардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Президентинен жана КР БШК төрайымынан акыйкат жана калыс шайлоону камсыздоону талап кылабыз. Шайлоочунун укугун камсыздоо, алардын эркин добуш берүүсүнө мүмкүндүк түзүп берүү – шайлоо жүргүзүүнүн эң негизги шарты! Урматтуу Президент! Сиз эл алдында саясий күрөш укук талаасында жүрүшү керек, жана эчким бирөөнүн куралы болбош керек деп айттыңыз. Бирок, шайлоо алдындагы мөөнөт башталгандан тартып айрым чыныгы орду түрмөдө болгон адамдар каржылаган айрым партиялар акча таратып, шайлоочулардын оор абалынан пайдаланып добушун сатып алып жатканын, элдин укугун тебелеп жаткандыгын көрүп туруп эч кандай чара колдонбостон байкоо салып туруудасыз. Сиздин фактыларды талап кылганыңыз Сиздин эркиңиздин жоктугун же ошол шайлоочулардын укугун тебелеп жаткан партиялардын алдында жоопкерчиликтен качып же аларга көмөктөшүп жаткандыгыңыздай пикир калтырат. Шайлоочуларды массалык түрдө ташып форма 2 менен добуш бердирген фактылар – бул галлюцинация же мираж эмес, бул – чыркыраган чындык. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарым миллионго чукул адамдарынын добушу уурдалганын тастыктаган чыркыраган чындык. Бул кайдыгерликтин жеткен чеги! Шайлоо алдында коррупция менен айоосуз күрөшүү тууралуу элге берген убадаңызды аткаргандын ордуна Сиз аларга саясий аренада кылмыштуулук менен үстөмдүк кылып бийликти басып алууга шарт түзүп бердиңиз. Бугун Кыргызстан кылмышкерлердин, мафиялык топтордун колуна түшүн калуу коркунучунда турат, мамлекет башчысы катары ага бөгөт коюу жоопкерчилиги Сиздин мойнуңузда. Р. Матраимов ээлик кылган «Мекеним Кыргызстан» партиясы уюшулган кылмыштуулук топтору менен биргелешип элдин кызыкчылыгын кордоп, элди коркутуп-үркүтүп, добуштарды сатып алып, атаандаштарынын тарапкерлерин сабап, өтө ыплас пиар-технологияларды колдонуп мамлекетке каршы диверсия иштерин бүткүл өлкө алкагында жүргүзүп жатат. Аларга сатылган мамлекеттик бийликтин бардык органдарындагы адамдар аркылуу Сиз аларга чексиз кожоюндук кылууга мүмкүндүк бердиңиз. Сиз административдик ресурсту колдонууга бөгөт коюуга сөз бергенсиз, бирок мугалимдер, врачтар, муниципалдык кызматкерлер азыр Сиздин бир тууганыңыз А. Жээнбеков көмүскөдө жетектеген Биримдик партиясы тарабынан колдонулуп жатат. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу шайлоочулардын 4 – октябрда боло турган шайлоого карата иренжүүсүн эске алуу менен Сизден БШК төрайымы Н. Шайылдабековадан төмөндөгүлөрдү талап кылабыз: 1. Форма 2 боюнча массалык түрдө каттоо жүргүзгөн фактыларды оперативдүү текшерүү үчүн жарандык активисттердин катышуусу менен токтоосуздан ведомство аралык комиссия түзүү. 2. № 2 форма боюнча шайлоочулардын бир орундан экинчисине жылдыруу жөнүндө маалыматтарга, анын ичинде шайлоочулардын жеке көрсөткүчтөрүнө, даталарына, участоктордун номурларына, көрсөткүчтөр системасын уруксатсыз кирүүдөн коргоо жолдоруна ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. 3. Мамлекеттик шайлоочулар порталы системасын «экинчи окшошун» текшерүү, автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды, МКК жана башка мамлекеттик органдар менен көрсөткүчтөрдү алмашуу системасына техникалык аудит жүргүзүү үчүн көз карандысыз эксперттердин (юристтердин жана IT адистердин), партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда коомдук комиссия түзүү. 4. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүчүлөргө добуш берүү орду менен бирге шайлоочулар туурасындагы маалыматты жеткиликтүү кылып камсыздап берүү. 5. Форма 2 менен добуш бергендер кайрадан карусель болуп добуш бере албастыгын БШК төрайымы кепилдеп берүүсүн талап кылабыз. 6. “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик”, “Кыргызстан” саясий партиялардын шайлоо компаниясындагы каржылоо булактарынын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн бардык чараларды көрүүнү талап кылабыз. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Барманов Токтосун ______________________________________________________________________________ «РЕФОРМА» саясий партиясынан Кокулов Эрулан ____________________________________________________________________________ «Чоң Казат» саясий партиясынан Абдыкадыров Замир

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Шайлоо-2020: БШК 15 партиядан 1912 депутаттыкка талапкер каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого 15 саясий партиядан 1912 депутаттыкка талапкерди каттады. Шайлоого партияар 1 957 талапкерди көрсөткөн, алардын ичинен 45и өз калоосу менен шайлоого талапкер болуудан баш тартышкан. Бардыгы болуп 1912 талапкер катталды, аларды 618и же 32,32% - аялдар. БШК "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлер тизмесин каттоодон баш тартты. "Бүтүн Кыргызстан" шайлоодон четтетилди. Ошондой эле "Актив" саясий партиясы да катталган жок. Катталган партиялар тууралуу маалымат бул шилтемеде. Жогорку Кеңеш депутаттыгына шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

“Социал-демократтар” ”Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоодон четтетилиши боюнча билдирүү жасады

" Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоодон четтетилиши боюнча жасаган билдирүүсүндө “Социал-демократтар” саясый партиясы билдирүүсүндө адилеттүү шайлоону камсыз кылуу үчүн оппозиция-позиция деген кош стандарттуулукту токтотууну, “Бүтүн Кыргызстан” партиясына карата адилеттүү чечим чыгаруу талабы менен тиешелүү органдарга кайрыларын билдирди. -“Социал-демократтар” саясий партиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоо жарышынан чыгарып салуу боюнча чечимди кескин сындайт. Олуттуу электораты бар абройлуу оппозициялык партиянын шайлоо жарышынан четтелиши келечектеги парламенттин легитимдүүлүгүнө жана анын сапатына терс таасирин тийгизет деп эсептейбиз. Бийликтин аракеттерине сын айткан саясый күчтөрдүн жана алардын электоратынын үнүнүн парламентте угулбай калышы жалпы бийлик бутактарына болгон элдин ишенимин азайтат. Андыктан, “Социал-демократтар” саясый партиясы Кыргыз Республикасынын бардык бийлик бутактарына шайлоонун адилеттүү өтүшүнө өз салымдарын кошууга чакырат. Адилеттүү шайлоону камсыз кылуу үчүн оппозиция-позиция деген кош стандарттуулукту токтотууну, “Бүтүн Кыргызстан” партиясына карата адилеттүү чечим чыгаруу талабы менен тиешелүү органдарга кайрылабыз, -деп социал-демократтар партиясынын атынан Сейитбек Атамбаев билдирди. 3-сентябрда, Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын парламенттин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алган

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Шайлоо-2020: Талапкерлери катталган партиялар. Анын арасында "Кыргызстан" да бар

Борбордук шайлоо комиссиясы 15 партиянын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттады. Талапкерлери катталган саясий партиялар: 1.“Ата Мекен" 2. Ооган ардагерлери 3. “Бир бол” 4. “Замандаш" 5. “Кыргызстан" саясий партиясы 6. "Биримдик" 7. "Социал-демократтар" 8.“Мекеним Кыргызстан”“ 9. ”Ордо” 10. "Республика" 11. “Реформа” 12. “Ыйман нуру" 13 ”"Мекен Ынтымагы" 14. "“Мекенчил” 15. "Чоң казат". БШК "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлер тизмесин каттоодон баш тартты. "Бүтүн Кыргызстан" шайлоодон четтетилди. Ошондой эле "Актив" саясий партиясы да катталган жок.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

БШК “Ата Мекен”, Ооган ардагерлери, “Бир бол”, “Замандаш” партия талапкерлерин каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы 2-сентябрда бир катар саясий партиялардын парламенттик шайлоого талапкерлерин каттоодон өткөрдү. Алардын арасында- “Ата Мекен”, “Ооган ардагерлери жана башка локалдык күжүрмөн жаңжал катышуучулар, Бир бол”, “Замандаш” саясий партияларынын парламенттик шайлоогго аттанган талапкерлери катталды. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди. Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Президент шайлоочулардын добуш сатып алуу фактыларына каршы чара көрүлөрүн айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, Коопсуздук Кеңешинин чакан курамдагы кезектеги отурумунда, бардык саясий партияларды жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди үгүт иш-чараларында мыйзамды так сактоого чакырды. «Саясий күчтөрдүн аракеттери өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукка залал келтирбөөсү абзел. Өзүнүн жеке амбициясы үчүн коомдук коопсуздукту коркунучка туш кылууга жана Кыргызстандын элин бөлүп-жарууга эч кимге жол берилбей турганын эстен чыгарбоо керек» деди. Президент үгүт кампаниясын өз ара сыйлоо атмосферасында өткөрүп, шайлоочулардын добуштары үчүн күрөштү — компроматтарды таратуу, «булганыч» технологияларды колдонууга эмес, программалардын атаандаштыгына негиздеп өткөрүүгө чакырды. Ал шайлоо мыйзамдарын бузууга, шайлоочулардын добушун сатып алуу фактыларына карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн кошумчалады. Ошону менен бирге партиялар үгүт иш-чараларын жарандарыбыздын ден-соолугуна коркунуч жаратпастан өткөрүүгө милдеттүү экенин баса белгиледи. Сүрөт: president.kg

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:23

Алдыга жол ✅

Алдыга жол ✅ "Республика" партиясынын лидери Мирлан Жеенчороевдин Кыргызстандыктарга кайрылуусу: Обращение лидера партии "Республика" Мирлана Жеенчороева к Кыргызстанцам:

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

БШК «Кыргызстан» партиясы боюнча Жогорку сотко кассациялык арыз берди

28-августта Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкек шаардык административдик сотунун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз берди. Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” саясий партиясынын документтеринин кайтарылышын мыйзамдуу деп эсептейт. Ошого байланыштуу Бишкек шаардык административдик сотунун 27-августтагы “Кыргызстан” партиясынын документтеринин талаптагыдай болбогондугунан жана партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү эмес киши тапшыргандыгынан улам кайтарылышын мыйзамсыз деп тапкандыгы менен макул эмес. 27-августта, “Кыргызстан” партиясынын доо арызы Бишкек шаарынын административдик сотунда каралды. Сот "Кыргызстан" саясий партиясын шайлоого катыштыруу чечимин кабыл алган. Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу "Кыргызстан" саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин мүчүлүштүктөрдөн улам кайра кайтарган. “Кыргызстан” партиясы БШК чечимине макул эместигин билдирип, сотко кайрылган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Сот “Кыргызстан” партиясын шайлоого катыштыруу боюнча чечим кабыл алды

Бүгүн, 27-августта, “Кыргызстан” партиясынын доо арызы Бишкек шаарынын административдик сотунда каралды. Сот "Кыргызстан" саясий партиясын шайлоого катыштыруу чечимин кабыл алды. Судья Чолпон Досмамбетова аталган саясий партиянын доосун туура деп тапты жана аны канааттандырды. Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү соттун чечими менен макул эместигин жана Жогорку сотко кайрыларын билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу "Кыргызстан" саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин мүчүлүштүктөрдөн улам кайра кайтарган. “Кыргызстан” партиясы чечимге макул эместигин билдирип, сотко кайрылган. Сүрөт: "ПолитКлиника"

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники