О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
30 сентября 2020 г. 13:50

"Шайлоо алдында айткан убадаңарды так аягына чейин аткарыш үчүн кандай кадамдарга барасыздар?". "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакировдун жообу

Бүгүн, 28-сентябрда партия лидерлеринин теледебаты өтүп жатат. Анда “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Мирлан Бакиров , “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова , “Ата Мекен” партиясынын лидери Жанар Акаев жана “Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияров катышууда. Дебатта алгач эле партия лидерлерине төмөнкүдөй суроо берилди: “Биз акыркы эки чакырылыштагы парламенттин мисалына кайрыла турган болсок, 5-6-чакырылышты тарай турган болуп турат. Экөөндө тең айтылган убадалар эмне үчүн аткарылган жок десек, шылтоолор окшош. Биз азчылык болуп калдык, коалицияга кирбей калдык, ага кирген күндө дагы бизди эч ким уккан жок, оппозицияны эч ким тоготпойт экен жана башка шылтоолор. Өкмөт башчысын дайындоо милдети, өкмөттү түзүү, аткаруу бийлигинин ишинин сапатына көзөмөл кылуу жана арттыруу милдети Жогорку Кеңеште тургандан кийин мындай сөздөрдүн бардыгы кандай кабыл алынышы керек жана сиздер бүгүн бара жаткан шартта шайлоо алдында айткан убадаңарды так аягына чейин аткарылыш үчүн кандай кадамдарга барасыздар?”. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Мирлан Бакиров берилген суроого төмөнкүдөй жооп берди: “Биз бүгүн парламенттик-президенттик башкаруу системинде жашап жатабыз. Мындай системде жоопкерчиликти парламент алышы керек. Парламент ичиндеги коалиция же көпчүлүктү түзгөн фракциялар калыш керек. Мына ошондо толук жоопкерчиликти алат. Эмне үчүн бешинчи жана алтынчы чакырылышта мындай шылтоолор болуп келди? Муну азыркы мүчүлүштүк катары айтсам болот. Албетте, биз парламентке келечекте жоопкерчиликти алууга даяр болуп бара жатабыз”. 21:30 28-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:50

Алтынбек Сулайманов, “Бир Бол” №13: “Элге тандоо укугун кайтарабыз”

“Парламентке билимдүү эле эмес, элеттин жашоосун түшүнгөн жарандар барганда гана жыйынтык чыгат. Бийликти элге кайтарып берүү - “Бир Бол” партиясынын негизги максаты”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Токтогул районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди. “30 жылдан бери бийлик өкүлдөрү өз ара тирешүү менен алек. Мамлекеттин башкаруу системасы туура эмес калыптанып, бир ууч адамга гана кызмат кылууда. Бийликти жаңыча ойлонгон, билимдүү, эрки, духу бар жаштарга өткөрүп берүү убакыты келди. Мындай кадамга баруу үчүн шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип, преференциалдык добуш берүүнү киргизүү зарыл”, - деди Алтынбек Сулайманов. Преференциалдык добуш берүү аркылуу шайлоочу бир гана партияны эмес, партиянын тизмесиндеги белгилүү бир талапкерди тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Көпчүлүк депутат болгон адамдар партиянын тизмеси менен келген, алардын билимине, жеке дараметине көңүл бурулбай жатат. Натыйжада мамлекетти башкарууга, мыйзам жазууга сабатсыз депутаттардын келишине шарт түзүүдө. Депутат деген бир кесиптин ээси эмес, ар бир аймактын, тармактын мыктылары болушу керек. Ошондо гана партиянын тизмесиндеги белгилүү талапкерди тандоо жеңил болот. Ошондой эле Алтынбек Сулайманов өлкө бүгүнкү күндө заманбап, технологияны жакшы билген, чет өлкөлөр менен карым-катнаш түзүүгө деңгээли жеткен уул-кыздарга муктаж экенин баса белгиледи. “Бир Бол” №13 - Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разакова 7/2. 28-сентябрь, 2020-жыл. 20:29 28-09-2020

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:50

Салкын Карбосова, талапкер: “Мекеним Кыргызстан” партиясы мамлекетти саздан чыгара алат”

Биздин маектеш жөнөкөй мугалимдиктен тарбия завучу, мектеп директору, акимдин орун басары кызматына чейин жетип, айылдык кеңештин депутаты да болгон. 28 жашында билим берүүнүн отличниги наамына ээ болуп, “Жылдын мыкты жетекчиси”, “Жылдын мыкты директору”, “Жылдын мыкты айымы” жана бир катар райондук, облустук Ардак грамоталар менен сыйланган. Учурда “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер. – Салкын айым, депутат болуп калсаңыз кайсы маселени чечүүнүн аракетин көрөсүз? – Мен жөн эле депутаттыкка талапкерлигимди койгон жерим жок. Кудай буюруп, депутат болуп калсам, социалдык тармактагы чиеленишкен маселелерди чечүүнүн жолун издейм. Тагыраагы, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо тармагында көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, зарыл болсо жаңы мыйзамдарды жазам. Жетим, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын келечегине кам көрөм. Балдар кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштайм. Интернатка жетим балдарды жайгаштырууну жөнөкөйлөтөм жана балдардын укугун коргогон, камкордукка алган мыйзамдарды жазууну максат кылып жатам. Баса, акимдин орун басары болуп турган мезгилде “Аяржан” деген коомдук борбор ачып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусуна шарт түзүүгө аракет кылганбыз. Ошондо билим берүү системабыз дени-карды соо балдарды гана окутууга багытталганын түшүндүм. “Аяржан” коомдук борборун иштеткенде кыйынчылыктарга, орчундуу маселелерге туш болдум. Ошондон бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана апаларына жардам берип, түйшүгүн жеңилдетүүнүн жолдорун издеп жүрөм. Айтайын дегеним, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды бала бакчага да албайт экен. Апалары каражат табуу үчүн иштесе, балдары кароосуз калып, ата-энесин санаага салат. Ал түйшүк аз келгенсип, 18 жаштан кийин өкмөт да майыптыгы үчүн каражат төлөп берүүнү токтотот экен. Кыскасы, мына ушундай маселелерди чечүүнү, калктын аярлуу катмарына кол-кабыш кылууну максат кылып жатам. “Аяржан” коомдук уюмубуздун алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын апалары иштеп, аз болсо да каражат тапсын деген максатта нан бышырган цех жана кийим тигүүчү цех ачып берсем деген ниетим бар. – “Аяржан” коомдук уюму ишке киргени ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам болуп, ата-энесине жеңилдик болдубу? – Албетте, балдарын борборго алып келип ташташып, жок эле дегенде 4-5 саат эс алышат. Ошондой эле иштеп каражат тапкандар болду. Ошон үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жалаң эле НПОлор долбоор жазып, грант ута турган кылбай, жөнөкөй адамдар деле ошондой иштер менен алек болууга мүмкүндүк түзүшүбүз керек экен. – Борбордо иштеген мугалимдердин айлык акысын төлөө маселе жараткан жокпу? – Албетте, жаратты. Кээде ата-энелер мугалимдердин айлыгын төлөөгө аргасыз болгон учурлар болду. Ошон үчүн аз болсо да бала бакчаларды уюштуруп, тарбиячылардын айлыгын мамлекет төлөй турган кылып, тамак-ашына айыл өкмөттөн каражат бөлдүрүп, маселени чечсек болот деген ойдомун. – Эмне үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандадыңыз? – “Мекеним Кыргызстан” партиясы жаңы жана өзгөрүүгө, мамлекетти өнүктүрүүгө багыт алган, элдин жаркын жашоодо жашашына шарт түзүүгө дилгирленген партия. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасында мамлекетти саздан чыгаруу, билимди өркүндөтүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы катачылыктарды жоюу, маданиятты көтөрүү, үйсүз үй-бүлөлөрдү үйлүү кылуу, ишкерликти, элетти өнүктүрүү, бизнес каттоону жөнөкөйлөтүү, интернетти ар бир адамга жеткиликтүү кылуу, деги койчу, мамлекеттин абалын жакшыртуу боюнча толгон-токой негиздүү сунуштар жазылган. Мына ушундай чоң иштерди жүзөгө ашырууну максат кылышканы үчүн ушул партияны тандадым. Урматтуу шайлоочулар! 4-октябрда 4-орунда турган “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Биз мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүбүздү далилдейбиз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 18:00 28-09-2020

Подробнее
28 сентября 2020 г. 12:53

Бир гана «Ата Мекен» — шайлоо бюллетенинде №6!

Бир гана «Ата Мекен» — шайлоо бюллетенинде №6!

Подробнее
28 сентября 2020 г. 22:10

Аксы

Аксы районунун жашоочулары “Республика” партиясын колдоду! Республика №14✅

Подробнее
28 сентября 2020 г. 0:11

Талас, Бакай-Атадагы жолугушуулар ОРДО бюллетенде 12✅

Талас, Бакай-Атадагы жолугушуулар ОРДО бюллетенде 12✅

Подробнее
28 сентября 2020 г. 12:13

Данияр Толонов

#БиздинТалапкер рубрикасынын алкагында Данияр Толонов тууралуу фактыларды сунуштайбыз: 1. Үй-бүлөлү, төрт баланын атасы; 2. Спортчу, эркин күрөш боюнча спорттун чебери; 3. Меценат; 4. Мамлекеттик кызматтын 2 класстагы мамлекеттик кеңешчиси; 5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги; 6. Ат оюндары менен алектенет, уулдарын жаш кезинен спортко кызыктырат; 7. Жыйырмадан ашык өлкөдө болгон; 8. Жашоодогу девизи: “Бир гана талыкпас эмгек”; 9. 6-классында 180 рубль өлчөмүндөгү биринчи капиталын иштеп тапкан; 10. Каникулун үй-бүлөлүк бал челектери жайгашкан жерде өткөрөт, аарылардын бардык түрүн билет; 11. Жубайы жасаган тамактарды жактырат; 12."Менеджмент", "Автомобилдер жана автомобилдик чарбачылык" боюнча эки жогорку кесиптин ээси; 13. Төрт тилде эркин сүйлөйт; 14. Пандемия маалында эки миңден ашык үй-бүлөгө гуманитардык жардам берген. Ооруканаларга беш миллион сомдук жеке коргонуучу каражаттарын тапшырган; 15. Жакшы көргөн китеби Китами Масаонун “Кылычсыз самурай” романы. _____________ В рамках рубрики #НашКандидат предлагаем вашему вниманию факты о Данияре Толонове: 1. Женат, отец четверых детей; 2. Спортсмен, мастер спорта по вольной борьбе; 3. Меценат; 4. Государственный советник государственной службы 2 класса; 5. Отличник государственной службы КР; 6. Занимается конным спортом, с ранних лет прививает своих сыновей к спорту; 7. Был более чем в 20 странах; 8. Девиз по жизни "Только упорный труд"; 9. В 6 классе заработал свой первый капитал в размере 180 рублей; 10. Каникулы проводил на семейной пасеке, знает все о пчеловодстве; 11. Предпочитает вторые блюда, приготовленные женой; 12. Имеет 2 высших образования по специальности "Менеджмент", "Автомобили и автомобильное хозяйство"; 13. Свободно разговаривает на 4 языках; 14. Во время пандемии оказал гуманитарную помощь более 2000 семьям, а также предоставил больницами средства индивидуальной защиты на 5 млн сомов; 15. Любимая книга "Самурай без меча", написанная Китами Масао.

Подробнее
28 сентября 2020 г. 11:21

Дмитрий Конов

В нашей рубрике «Перезагрузка» Дмитрий Конов рассказал про возможности Кыргызстана с ЕАЭС.

Подробнее
29 сентября 2020 г. 19:05

Только "Ата Мекен"

Только "Ата Мекен" — №6 в избирательном бюллетене!

Подробнее
29 сентября 2020 г. 18:40

№6 в избирательном бюллетене!

Только "Ата Мекен" — №6 в избирательном бюллетене!

Подробнее
29 сентября 2020 г. 18:21

Бир бол! Номер 13!

"Бир Бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Руслан Акматбек. Бир бол! Номер 13!

Подробнее
29 сентября 2020 г. 17:35

Екатерина Филаретова

Кандидат от политической партии "Бир Бол" Екатерина Филаретова. Бир бол! Номер 13!

Подробнее
29 сентября 2020 г. 15:49

Аз калды… ⠀

Аз калды… ⠀ 🇰🇬🇰🇬Кыргызстан Азиянын Арстаны болот! Ал үчүн жолубузда жолдош болуп, биздин катарга кошулуңуздар! ⠀ ✨✨Ыйман Нуру - №3

Подробнее
28 сентября 2020 г. 11:52

Ата Мекен" бюллетенде №6!

Кыргызстан парламенттик өлкө. Чыныгы күчтүү, натыйжалуу парламент - натыйжалуу башкаруунун ачкычы. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештеги аялдардын ролун күчөтүү керек. ⠀ "Ата Мекен" партиясы Жогорку Кеңештин адилеттүү, чынчыл жана тең укуктуу курамын жактайт. Системаны өзгөртүп, жаңы стандарттарды орнотуу мезгили келди. "Ата Мекен" бюллетенде №6! ⠀ ** ⠀ Кыргызстан — парламентская страна. Именно сильный, эффективный Парламент — залог эффективного управления государством. Сегодня роль женщин в Жогорку Кенеше необходимо повышать. ⠀ Партия «Ата Мекен» за справедливый, честный и равноправный состав Жогорку Кенеша. Мы уверены, что пришло время менять систему и задавать новые стандарты! «Ата Мекен» — №6 в избирательном бюллетене!

Подробнее
28 сентября 2020 г. 22:39

Бир бол саясий партиясы Ысык-Көл

“Бир Бол” партиясынын өкүлдөрү Ысык-Көл облусунда үгүт иштерин жүргүзүштү.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники