О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
30 сентября 2020 г. 13:45

Эрмек Нургазиев: “Кыргызстан” партиясы ийгиликтүү адамдардан куралган”

Ийгиликтүү ишкер, "Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эрмек Нургазиев маектешүү учурунда курулуш жана туризм тармагы, ошондой эле алдыдагы максаттары тууралуу айтып берди. - Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз? - Мен Жайыл районунан болом, бирок балалыгым жана жаштыгым Ош шаарында өттү. Азыр 43 жаштамын, курулуш тармагында ишкерлик менен алектенип келем. Менин чоң үй-бүлөм бар – беш кыз, бир уулдун атасымын. - Эмне үчүн курулуш тармагын тандап алдыңыз? - Мен башкалар сыяктуу эле 90-жылдары базарда сатуучулук менен иш баштадым. Андан кийин эки кафе жана унаа жуучу жай курдум. Бирок мен курулуш менен алектенүүнү көптөн бери кыялданып жүргөм. Азыр менин шаарда эки долбоорум бар. Мындан сырткары Кыргызстандагы уникалдуу долбоорлордун бири – Ысык-Көлдөгү ири коттедж шаарчасын куруп жатам. - Ушундай татаал бизнесте кантип ийгиликке жетише алдыңыз? - Эң негизгиси туруктуулук жана адамдардын ишенимин жоготпоо керек. Анткени курулуш бизнеси ишенимдин негизинде түзүлөт. Сизге ишеним артканда, бардык идеяларыңыз иштейт. Кошумча жардам сиз менен байланышкан адамдар аркылуу келет, айткан сөздөрүңүз иш жүзүндө аткарылып баштайт жана ушунун бардыгы чоң ийгиликтерди жаратат. - Кыргызстандын туризм тармагына кандай баа бересиз? - Албетте, биз башка өлкөлөрдөн кыйла артта калдык. Бизде салыктар, виза тартиби, эски аэропорттор боюнча көйгөйлөр бар. Ошондуктан бизге жакшы шарттар керек. Кантсе да конок өзүн үйдөгүдөй сезиши керек. Ошондо өлкөбүзгө келген туристтердин саны көбөйөт. - Партиянын «ЭЛ YЧYН» программасында Кыргызстанга жылына 2 миллион туристти тартуу боюнча пункт бар. Өлкөбүздө туризм индустриясынын жаңы деңгээлине кантип жетишүүгө болот? - Эгерде биз парламентке барсак, анда биринчи кезекте туризм тармагына инвестиция салгысы келген мекендештерге негиз берүү үчүн текшерүүлөрдү жана салыктарды кыскартууга багытталган мыйзам долбоорлорун сунуш кылышыбыз керек. Жөнөкөй ишкер, ал тургай чакан туристтик комплекс ачуу үчүн, чоң бюрократиялык тартиптен өтүүгө мажбурбуз. Демек, бул тармак бизде өнүкпөй жатат. Бул демилгени көтөрсөк, башка партиялар бизди колдойт деп ойлойм. - Эмне үчүн “Кыргызстан” партиясын тандадыңыз? Башка саясий бирикмелерден эмнеси менен айырмаланат? - Ар бир адамдын өзүнүн принциптери бар. Айрымдары мамлекеттик кызматка, башкалары ишкерчиликке барышса, кээ бирлери популизм менен алектенишет. Мага “Кыргызстан” партиясы жакты, анткени бул жерде ишкерлик тармакта ийгилик жараткан жаратман адамдар көп. Бул партия философиясы жагынан мага жакын. Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 29.09.2020) 18:28 29-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:45

Чынар Капарова: “Парламентке келе элек жаңы адамдар “Бир Болдо”

“Кыргызстанга чукул бурулуш жасаш керек. Бул илимдин, билимдин, жаңылануунун бурулушу болуш керек. Мына ушул кадамды биздин партия жасай алат”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Чынар Капарова өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун эли менен болгон жолугушууда айтты. “Мен Ат-Башынын суусун ичип, абасын жутуп, ушул жердин таалим-тарбиясын алган кыз катары региондо кандай маселелер бар экендигин жакшы билем. Мен бала кезде эле Ат-Башыга бала бакчалар жетишчү эмес. Бул район үчүн абдан чоң маселе. Ошондой эле социалдык көйгөйлөр, аймакты өнүктүрүү, чек араларды бекемдөө маселелери бар. Мындай алыскы райондун маселелерин чече турган багыттар “Бир Бол” партиясынын программасында камтылган”, - деди талапкер. Ошондой эле Чынар Капарова партиянын программасында “Бир үй-бүлөдөн бир ишкер” бөлүмү камтылганын баса белгиледи. “Ат-Башы району мал киндиктүү болгондуктан чыгарылган продукцияны иштетүү керек. Эт комбинаттарын кайрадан ишке киргизүү мезгили келди. Өзүнүн чыгарган продукциясын иштетүү менен ар бир үйдөн бир ишкер чыкса, калктын жашоосу алда канча жакшырмак”, - деди талапкер. Бир Бол № 13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 29-сентябрь. 18:22 29-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:46

Мирлан Амантуров, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер: “Тоо-кен тармагы - бул биздин өлкөнүн экономикасынын таянычы, бюджетти түзүүчү тармак”

Тоо-кен тармагы - бул биздин өлкөнүн экономикасынын таянычы, бюджетти түзүүчү тармак. Бул жаатта чукул арада чечилиши керек болгон чоң көйгөйлөр бар экендиги чын. Дүйнөлүк практикада тоо-кен тармагына чоң көңүл бурулуп, жогорку квалификациялуу адистер тартылууда. Бирок Кыргызстанда бул тармакка жетиштүү көңүл бурулуп жатат деп айтуу эрте. Улуттук статистикалык комитеттин акыркы маалыматтары боюнча, Кыргызстандын тоо-кен тармагына жыл сайын 2 миллиард АКШ долларынан ашуун инвестиция салынат. Бул өлкөнүн бюджетине олуттуу салым. Кыргызстанда бул тармакта 25 миңге жакын адам иштейт. Өлкөбүздө 200дөн ашуун чалгындалган жана чалгындоо жүрүп жаткан кендер бар. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы өлкөбүзгө чоң киреше алып келген Кыргызстандын кен байлыктарын натыйжалуу иштетүүнү сунуштайт. Биринчиден, бул тармакка мамлекет тарабынан көзөмөлдү күчөтүү жана аны мүмкүн болушунча ачык-айкын кылуу, коррупциянын тамырын кыркуу керек. Лицензия берүү механизмдерин күчөтүү керек. Мунун бардыгын ушул тармактын компетенттүү адамдары жасашы зарыл. Салык тутумун жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды кайра карап чыгуу зарыл. Анда кен иштетилген аймактардагы жергиликтүү тургундар жана инвесторлор үчүн бирдей шарттар ачык чагылдырылат. «Улуттук байлык элге» принциби иштеши керек болгон кендер боюнча аукциондорду өткөрүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу шарт. Лицензияларды берүү тутумун тартипке келтирүү, ошондой эле аларды оңго жана солго бөлүштүрбөө керек. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында кендерди иштетүүгө лицензия алуу мүмкүнчүлүгүн жөнөкөйлөтүү сунушталууда. Мындан тышкары, мамлекеттик кен иштетүүчү чоң ишкана түзүү зарылдыгы турат. Бул жол менен жылдап сыртка чыгып кетип жаткан миллиондогон каражаттар мамлекеттин пайдасына калат. Бул каражат баарыбызды ойлондуруп жаткан тышкы карызды жабууга жумшалат жана Кыргызстаныбыздын өсүп-өнүгүүсүнүн негизги локомотиви болот. Мамлекеттин бюджетинде каражат көбөйсө социалдык маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жумушсуздук маселеси чечилип, айлык акы, жөлөк пул көбөйөт. Мисалы, Кыргызстанда инвесторлорсуз өзүбүз иштете турган көптөгөн кен чыккан жерлерибиз бар. Бул ата мекендик ишкерлерди колдоо, жарандарга жумуш орундарын түзүү, бюджеттик кирешелерди жогорулатууга жол ачат деп ишенебиз. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы тарабынан сунушталган бардык механизмдер кендерди натыйжалуу иштетүүгө жана өлкөбүзгө чыныгы пайда алып келүүгө жардам берет. Мирлан Амантуров, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер. “Мекеним Кыргызстан” партиясы – жакшылыктын жарчысы! №4 сиздин тандооңуз! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 29-сентябрь. 18:05 29-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:46

Ысык-Көлдүктөр "Бир Бол" партиясынын лидерлерине ыраазычылык баракчасын тапшырышты

Балыкчы шаарынын тургундары Ысык-Көл элинин атынан “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана Алмамбет Шыкмаматовго уран жана торий кендерин казууга тыюу салган мыйзамды иштеп чыккандыгы үчүн ыраазычылык баракчасын тапшырып, алкыш айтышты. “Бул мыйзам кабыл алынбаса, элибиздин ден соолугуна терс таасир тийип, ар кандай илдеттерге чалдыгып, экологиябыз да бузулмак. Уран кени казылгандан кийин Ысык-Көлгө бир дагы эс алуучу келмек эмес. Элим деп күйгөн Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматовдой азаматтарыбыз бар экенине шүгүр. “Бир Бол” партиясына алдыдагы шайлоодо жеңиш каалайбыз!” - дешти тургундар. Эске салсак, былтыр Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразычылык акцияларын өткөрүшкөн. Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов баштаган бир катар депутаттар Кыргызстандын аймагында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга, уран, торий кендери чыккан жерлерди иштетүүгө (уранды, торийди казып алууга) тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Натыйжада мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо таап, президент кол койгон. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 17:40 29-09-2020

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:46

"Замандаш" партиясы Теңир-Тоодо

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоонун үгүт иштерине 4-сентябрда старт берилди. «Замандаш» партиясы үгүт кербенин ак бата менен жолун улап, партия лидери Жеңиш Молдокматов баштаган өкүлдөр ыйык Чеч-Дөбөгө барып зыярат кылышып, 13 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген "Замандаштын" негиздөөчүсү Мухтар Өмүракуновдун үйүндө куран окутулду. 1. «Замандаш» партиясы үгүт иштерин эң алгач Ак-Талаа районунун эли менен жолугушуп, ак батасын алып, чоң жарышка аттанды. «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов башында турган талапкерлерди касиеттүү Ак-Талаанын эли, ак сакалдуу аталар, ак элечек апалар, атпай кыргыз журтуна таанымал таланттуу уул-кыздары баш болгон жергиликтүү эл жогорку деңгээлде кадырлап тосуп алышты. Жолугушууда Жеңиш Молдокматов партиянын басып өткөн жолу, бүгүнкү аткарып жаткан иштери жана келечек пландары жөнүндө элге кенен маалымат берди. Жергиликтүү эл өз уулуна жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрү менен алкап, астына аргымак мингизип, ак жол тилеп, ак баталарын берип узатышты. 2. «Замандаш» партиясынын талапкерлери Нарын облусунун Ат-Башы районунда үгүт иштерин улантышты. Бул күнү алар Мухтар Өмүракуновдун туулуп-өскөн айылы Калининге да барышты. Тургундар талапкерлерди жылуу тосуп алышып, алардын программасына кызыгышты. Элет жерин кыдырып жүргөн талапкерлер Мелис Турганбаев, Чынара Шейшекеева, Алмаз Акматов, Айбек Жайлообаев "Замандаш" партиясынын 7 багыты боюнча кенен маалымат беришип, алдыга койгон максаттарын айтып беришти. Тургундар элет жериндеги чечилбей келген көйгөйлөрдү көтөрүшүп, партия шайлоодо жеңишке жетишсе, аларды чечип берүүнү суранышты. Талапкерлердин эмгектерин угуп, көрүп жүргөн ак сакалдар аларга ыраазычылыгын билдиришип, ак баталарын беришти. Бул күнү жерди трансформациялоо маселеси эң көп көтөрүлдү. 3. «Замандаш» партиясынын талапкерлери Нарын облусунун Нарын районун кыдырышты. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Нарын шаарында Афган согушунун, Баткен окуясынын, чек ара кызматынын жана Ички иштер кызматкерлеринин ардагерлери менен жолугушту. Ардагерлер талапкерлерге өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтышып, ак батасын беришти. Андан соң аталган топ Эмгекчил, Кара-Чий, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Куланак, Чет-Нура айылдарында болушуп, "Замандаш" партиясынын программасы менен тааныштырышты. 4. Эмгекчил айылындагылар Мелис Турганбаевдин Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыккан чырда жашоочулар менен жолугуп, анын тынч чечилишине шарт түзгөнүн да эскеришти. Нарындыктар Алмаз Акматовдун да буга чейин VI чакырылышта жасаган эмгектери үчүн ыраазычылык билдиришип, ак жол каалашты. Алардын айтуусунда, ал бир катар айылдарга таза суу чыгаруу, мектеп салуу, насостук станция куруу, автоунаа маселесин чечүү, мектепке жылуулук системасын киргизүү боюнча иштердин бүтүшүнө салым кошкон. Элеттиктер "Замандаш" партиясынын дайыма эл менен байланышта болуп келгенин айтып, алар Жогорку Кеңешке барса, эл көйгөйүн чечет деп ишенерин билдиришти. 5. Кезектеги үгүт кербен Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы облустук академиялык, музыкалык драма театрында болду. Жолугушууга талапкерлер Мелис Турганбаев, Алмазбек Акматов, Жолдошбек Мамбеталиев, Асылбек уулу Бакай, Бакыт Жумагулов катышты. Алар "Замандаш" партиясынын тарыхы, программасы менен тааныштырышты жана алдыга койгон максаттарын айтып беришти. Андан кийин жолугушуу суроо-жооп түрүндө өтүп, тургундар ар түрдүү көйгөйлөрдү көтөрүштү. 6. "Замандаш" партиясынын талапкерлери Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен да жолугушту. Талапкерлер «Замандаш» партиясы шайлоого тажрыйбалуу инсандар менен бара жатканын билдиришип, алардын катарында дарыгерлер жана мугалимдер да бар экенин айтышты жана партиянын багыттары боюнча элге кенен маалымат беришти. 7. "Замандаш" партиясынан талапкерлер Ильич Кулназаров жана Тимур Саралаев Жумгал районундагы айылдарга барып, үгүт кампаниясынын алкагында эл менен жолугушту. Жолугушуунун соңунда Теңир-Тоолуктар "Замандаш" партиясына ак жол каалап, ак сакалдар ак батасын беришти. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г.Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 29-сентябрь, 2020-жыл. 17:19 29-09-2020

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:46

Биримдик №1. Талапкер Нурдин Тагаев: “Биздин максат – мыйзамдуу жана адилеттүү чечимдерди кабыл алуу!”

“Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясы кыргызстандыктардын сот тарабынан коргоолууга болгон укуктарынын ишке ашырылуусун конституциялык укуктары деп эсептейт. Биз бул позицияны бекем карманабыз. Бул тууралуу партиянын Жогорку Кеңешке аттанган талапкери Нурдин Тагаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы демократиялык коомдун өнүгүүсүнүн эң маанилүү тармагы болгон сот системасы бүгүнкү күндө көп суроолорду жаратууда. Нурдин Тагаев бул максатта тѳмѳнкүдѳй чараларды ишке ашыруу зарыл экенин белгиледи: сот системасынын акыйкаттуулугун жана ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында реформаны улантуу; судьялардын жеке жоопкерчилигин киргизүү; сот процесстеринин жана алардын чечимдеринин ачык-айкын болуусун жүзѳгѳ ашыруу; сот өндүрүшүндө заманбап технологияларды колдонуу; тергөө жана сот органдары тарабынан кетирилген тартип бузуулардын жоопкерчилигин күчөтүү; Талапкердин айтымында, ар бир маселеге тыкыр көзөмөл жана тартипти орнотуу менен гана Кыргызстанды өнүктүрө алабыз. Сот – бул мыйзамды колдонуп чечим кабыл алуучу орган. Сот калыс, адилеттүү болушу шарт. Мыйзамдын талаптарын так, туура колдонуу зарыл. Элдин сотторго болгон ишеничи төмөндөп баратат. “Биздин программада жазылган соттук реформалар толугу менен элдин ишеничин кайтарууга багытталган. Биздин максат - мыйзамдуу жана адилеттүү чечимдерди кабыл алуу”, - деп сөзүн жыйынтыктады. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 29-сентябрь, 2020-жыл. Разаков 4. 14:32 29-09-2020

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:47

Акан Иманов, "Бир Бол" №13: "Мен парламентке айылдарды өнүктүрүү үчүн баратам!"

"Ааламга жол айылдан башталат. Өлкөнүн калкынын үчтөн экисин түзгөн элеттиктердин бакубатчылыгы, аймактарды өнүктүрүп, дыйкандардын ишин илгерилетүү – мамлекеттин приоритеттүү багыты болушу керек". Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Акан Иманов өзү туулуп-өскөн Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылынын эли менен болгон жолугушуу учурунда айтты. "Журналист катары көбүнчө элеттиктердин, дыйкандардын көйгөйлөрүн чагылдырып жүрдүм. Өзүм да айылда өсүп, кийин Агрардык университетти аяктагандыктан айылдыктардын турмушу, көйгөйлөрү мага жакындан тааныш. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дегендей, мен элеттиктердин үнүн жогору жакка жеткирген жана алардын маселелерин кантип чечсе болорун билген эл өкүлү болорума көзүм жеткендиктен парламентке аттандым", - деди талапкер. Анын айтымында, дыйкандар жайды жайлай маңдай тери менен багып өстүргөн өнүмдөрүн кайда сатам деп башын катырбашы керек. "Ар бир райондо айыл чарба продукцияларын кабыл алуучу жана кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду ачып, мамлекеттик сатып алууну жөнгө салуу зарыл. Мындан сырткары айыл чарбасында азыркы заманда кирешелүү болуп жаткан тармактарды жайылтуу маанилүү. Мисалы, багбанчылык, мал чарбачылыгында асыл тукумдуулукка басым жасоо. Жаңы технологияларды колдонуу менен өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди тигип алектенген дыйкандарга салык, үрөн, жер семирткич жагынан колдоо көрсөтүү аркылуу алардын ишин илгерилетмекпиз", - дейт талапкер. Ал эң башкы маселе – айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу деп эсептейт. "Аймактардагы ички жолдорду оңдоо, мектеп, бала бакча, ФАП сыяктуу социалдык объектилерди оңдоо жана жаңыларын куруу үчүн мамлекеттик инвестицияларды тартышыбыз керек. Айылдарда эскирген билим берүү, саламаттыкты сактоо системаларында жаңыча көз караш менен өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн мыйзамдык деңгээлде колдоо керек" , - деди Акан Иманов. Талапкер “Бир Бол” партиясы бул шайлоодо курамына акчасы асман чапчыган көпөстөрдү, 30 жылдан бери бийликтен түшпөгөндөрдү тандабай, иштин көзүн билген, өлкөнү өнүктүрүүгө билими, тажрыйбасы жана эрки жеткен, жүрөктөрү элим-жерим деп соккон таза жана курч жаш лидерлерди топтой алганын баса белгилеп, элди туура тандоо кылууга чакырды. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 14:30 29-09-2020

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:47

Мирлан Бакиров, "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери: "Мекеним Кыргызстан" партиясынын келечеги кенен!"

– Мирлан мырза, лидер деген ким, ал кандай болушу керек? Сиз өзүңүздү лидермин деп эсептейсизби? – Эч ким лидер же төрага болуп төрөлбөйт. Ал өз убагы, сааты менен ар кандай ысык-сууктан өтүп, кыргыз элинин улуу инсандарынын тарыхый басып өткөн жолун карап таасирленип, улуу агалардын, саясатчы жана мамлекеттик ишмерлердин тажрыйбаларын таразалап, насааттарын угуп, акырындан тийиштүү деңгээлге жетет. Албетте, лидер – калыс, чечкиндүү жана адамдык мыкты сапаттарга ээ болгон инсан болушу зарыл. Лидерди күчтүү кылган – анын командасы. Мен бүгүн өзүмдү сасатчы жана партиянын төрагасы деп эсептейм. Сиздин сурооңузга партиялаштарым, эл-журт жана коомчулук баасын бергени дурус. – Мурда эки партиянын атынан Жогорку Кеңешке депутат болдуңуз. Учурда үчүнчү партиядан депутаттыкка ат салышып жатасыз... Партияны улам-улам алмаштырганыңызды кандай түшүнсө болот? – Биздин өлкөдө 244төн ашык саясий партия каттоодон өткөн. Кыргызстанда биринчиден, партиялык тизме менен пропорционалдык шайлоо системасы акырындык менен калыптанып баратат. Бул табигый көрүнүш. Келечегинде ар тараптуу өсүп-калыптанган 5-6 гана партия каларына ишеним бар. Мага деле оңой болгон жок. Сунушту кабыл аларда абдан ойлондум, түйшөлдүм... Партиялаштарыңдын бирөө консерватор, бирөө либерал, экинчиси карама-каршы көз караштагы кишилер, баары менен көз карашың келише бербейт, принциптериңиз туура келбей калышы мүмкүн, ошондуктан “Мекеним Кыргызстан” партиясынын идеясы, максаты күчтүү командасы жакты. Партиянын курамында ар кайсы тармактын өкүлдөрү, тажрыйбалуу инсандар, дыйкан, дарыгер, мугалимден тартып, такшалган саясатчылар, деги эле күчтүү инсандардан куру эмес. – Сизди эл-журт такшалган саясатчы катары таанып калды. Эки партиянын депутаты катары өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымыңызга баа бергендер да жок эмес... – 2010-жылы “Республика” партиясынан талапкер катары тизмедеги 30-орунда бизге бөлүнгөн Базар-Коргон району боюнча шайлоого катыштым. Биздин округдагы 75 миң шайлоочудан 40 миңи шайлоого катышып, мен 12 миң добуш алып, биринчи орунга чыктым. Бешинчи чакырылышта жаңы депутат катары 30дан ашуун жаңы мыйзамдарды жаздым, алардын көпчүлүгү турмушка ийкемдүүлүгү жана жарамдуулугу менен азыркы учурда иштеп жатат. Ошондо социалдык маселелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлык кызматын аркаладым. Ал эми VI чакырылышта “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан партиялык тизме боюнча депутат болуп шайландым. Парламентке келгенде бир жарым жыл агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетине төрагалык кылдым. Агрардык тармак бизде чоң, масштабдуу, климатка ыңгайлашкан негизги тармак эмеспи, көз менен көрүп, кол менен кармоого боло турган натыйжаларга жетишүү үчүн турмушка жакын, реалдуу, ийкемдүү, иштей турган мыйзам долбоорлоруна муктаж эле. Ошондуктан заман талабына ылайык, чоң-чоң мыйзамдарды жаздым. Балык чарбасы, сугат жерлерди пайдалануунун эрежелери, грек жаңгагын коргоо, өстүрүү, көбөйтүүнүн жолдору, үлүш жерлерге дыйкан каалаган эгинди эгүү жөнүндө жана ушул сыяктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган бир катар мыйзамдарды иштеп чыктык. Эл аралык иштер, иш башкармалыгы, чарба, каржы иштери боюнча 58 мыйзам долбоорун өзүм демилгеледим. – Айтыңызчы, Мирлан Бакиров деген инсан кантип калыптанды, өстү, жетилди, эл кызматын аркалаганга даяр болду? – Балалык учур мен үчүн эң баа жеткис жана бактылуу күндөрдү эске салат. Балалыгым тоо койнунда, шар аккан суунун боюнда жана көк шиберлүү кыргыздын жайлоосунда өттү. Балалыкты эстегенде белгилүү кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев агабыздын биздин айылда 1984-жылы тарткан “Махабат дастаны” көркөм фильмисиз элестетүү кыйын. Эмне себептен? Мен ошол мезгилде 5-классты аяктап калган мезгилим. Күн сайын эртең менен атымды токуп алып “массовкага” катышып, “ары чап, бери чап” деген күндөр, ошол мезгилдеги белгилүү киноактёрлордун жана актрисалардын элеси көз алдыма тартылат. Мен 6 айлыгымдан тартып чоң ата-чоң энемдин колунда чоңойдум. Чоң атам “Жараткан жаштын тилегин берет” деп айтчу эле. Окуучу кезимден, жаш курагымдан эле ошол кездеги Жогорку Кеңештин иши жана депутаттарынын ишмердүүлүгү мени кызыктырчу. Кээ бир учурларда кеч болсо да Жогорку Кеңештин отурумдарын теле аркылуу түнү менен көргөн учурларым болгон. Ошол кездеги “Легендарлуу парламенттин” кийинки кездеги бир мандаттуу округдардан шайланып келишкен депутаттары, мисалы, Турдакун Усубалиев, Дооронбек Садырбаев жана Өмүрбек Текебаев сыяктуу инсандар мени келечекте эл камын ойлогон эл өкүлү болууга шыктандырышты. “Аганы көрүп ини өсөт” демекчи, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов сыяктуу улуу инсандардын Кыргыз ССРинин жана эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхындагы белгилүү ар бир саясатчынын калыптанышына таасири чоң деп эсептейм. Бүгүнкү күнү да саясатта, ишкерликте, дегеле жөнөкөй эле адамдарыбыздын арасында мени шыктандырган инсандар бар. Мен кай биринин атын атоо менен башкаларды капа кылгым келбейт. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы. 4-октябрда 4-номерди тандаңыз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 13:28 29-09-2020

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:47

Бактыгүл Молдогазиева, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер: «Биздин партия – мекенин, элин сүйгөн, мамлекетти өнүктүрүүнү каалаган, кризистен чыгара турган партия»

Бактыгүл Молдогазиева жогорку билимдүү. Кыргыз-Орус Славян университетинде юридикалык билим алган. Сан-Диего мамлекеттик университетинин магистратурасынан бизнес мектебин бүтүргөн. Кесиби менен Юстиция министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында иштеген. Аны менен катар жеке ишкерлик менен да алектенген. – Бактыгүл айым, өзүӊүз каалаган кесиптин ээси боло алдыӊызбы? – Ооба. Ал эми ата-энемдин каалоосу башка болчу, алар эсеп-кысапчы болсо дешчү. Ата-энемдин бухгалтердик билим ал дегенине көнбөй, юрист кесибине ээ болдум. Мен табиятымдан эле ыйлаган кишинин көз жашын аарчыганды, алсыздарга жардам берүүнү, укугу тепселип, айласын таппай тургандарга кол сунууну жакшы көрөм. Ошон үчүн ушундай кесипке ээ болдум. Эмне үчүн таланттуу жаштар чет өлкөгө кетип жатышат деген суроо мени түйшөлтчү. Мекениме кайткан соң ишимди эл аралык уюмдарда аялдардын укугун коргоо долбоорунан баштадым. Айтор, алган билимимди болушунча пайдаланууга, тажрыйба топтоого аракет кылдым. – “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандоого эмне түрткү болду? – Бул партиянын жаңы көз карашта жазылган, жаңы идеяларга бай, башка партиялардын программасынан дээрлик өзгөчөлөнгөн программасы менин тандоомо себеп болду. Программаны окугандан кийин партияга болгон кызыгуум артып, шайлоого барайын деген чечим кабыл алдым. – Сиздердин партия мамлекетибизди кризистен чыгара алабы? – Биздин партиянын программасында гана мамлекетибизди кризистен чыгарып, өнүктүрө турган жолдор ачык жазылган. Тагыраагы, программада маселени жолго салыш керек делсе, кайра ошол жерде ал маселени чечүүнүн реалдуу сунуштары берилген. Мына ушундай артыкчылыктарынан улам “Мекеним Кыргызстан” мекенин, элин сүйгөн, мамлекетти өнүктүрүүнү каалаган патриоттордун партиясы экен деген чечимге келип, өзүмдү сынап көрөйүн, элдин элегинен өтсөм депутат болоюн деген максатта шайлоого аттандым. Депутат – мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу бутагындагы элдин өкүлү. Депутаттын мыйзам ченемдүү укуктары, милдеттери Конституцияда так жазылган. Эгер депутат болуп калсам билимимди, тажрыйбамды, бардык күч-аракетимди мекенибиздин, элибиздин өнүгүшүнө багыттайм. Ошондой эле балдарга татыктуу билим берүү, патриоттук духтарын көтөрүп тарбиялоо маселесин колго алам. Балдардын, аялдардын укугун коргойм. Анткени балдарды тарбиялоодо эненин орду өтө жогору. Зордук-зомбулукка кабылган балдардын, аялдардын укугун коргоо мамлекетибиздин келечегине кам көрүү деп эсептейм. Мындан ары пандемиядагыдай кечирилгис кемчиликтер кетпесе деп тилейм. Элибизди Жараткан бөөдө кырсыктан, апааттан сактасын. Элибизде тынчтык болсун, жалпы шайлоочуларга бекем ден соолук, бакубат жашоо каалайм. Шайлоо күнү ар бир шайлоочу өзүнүн жүрөгүн тыңшап, жаңылбай добуш берсин. Биздин партия – “Мекеним Кыргызстан”. Бизге добуш бериңиз! Биз мекенди коргоп, элдин бакубат жашоосун камсыз кылууга, мамлекетибизди социалдык-экономикалык жактан өстүрүүгө, элибизге жаркын жашоо тартуулоого аракет кылабыз. Анткени биз мекендин кадырын билебиз. Карапайым элдин турмушун жакшыртабыз. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келген №4 тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 29-сентябрь. 12:46 29-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:48

"Үй-бүлө менен келбөө", "Бет кап менен кол капты чечпөө", "Добуш берүүчү кабинасы пардасыз колдонулат". Шайлоо күнү аткарыш керек болгон талаптар

Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу тобокелчиликти алдын алуу максатында атайын алгоритм иштеп чыкты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Алгоритм шайлоо мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына жана шайлоочуларга карата бир катар талаптарды ѳзүнѳ камтыйт. ШАЙЛООЧУЛАРГА СУНУШТАР : УШК (участкалык шайлоо комиссиясы) мүчѳлѳрүнүн бардык талаптарын жана кѳрсѳтмѳлѳрүн сактоо Добуш берүү үчүн орун-жайга кирерде дене табы текшерилип, колдору тазалангандан кийин УШК тарабынан берилген бет кап жана кол каптарды кийүү. Идентификациялоодон ѳтүү убактысын кошпогондо, шайлоо участкасында болгон учурда бет кап жана кол каптарды чечпѳѳ. Добуш берүү жайынан сырткары жана анын ичинде 1,5-2 метр аралыкты сактоо. Шайлоо участогуна бүт үй-бүлѳсү менен келбѳѳ (кезектешип келүү). Жанына балдарды кошо алып келбѳѳ ДОБУШ БЕРҮҮ КҮНҮ: Добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде «кирүү чыпкасын» уюштуруу: Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын контактсыз жол менен шайлоочулардын дене табын текшерүү. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде дезинфекциялоочу аралашма менен нымдалган килемчени уюштурууну камсыз кылуу. Шайлоочулардын колдорун санитайзер менен же добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакат жайгаштыруу. Шайлоо участогунун кире беришинде добуш берүүгѳ катышкандардын бекитилген кирип чыгуу схемасынын болушу. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан шайлоо участогунун аймагында жана добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде аралык белгилерин (чийимдерин) камсыз кылуу. Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан социалдык аралыктарды жана бет каптарды тагынуунун милдеттүү режимин сактоо жѳнүндѳ шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Шайлоо участкасына кирерде шайлоочуларга жеке коргоо каражаттарын (бир жолку бет каптарды жана кол каптарды) акысыз берүү. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү процесси башталганга чейин добуш берүү үчүн орун-жайды жана бардык үстүнкү беттерди дыкат дезинфекциялоо. УШКнын бардык мүчѳлѳрүн жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу. Жѳнѳтүп жаткан уюмдардын байкоочуларды, ЖМК ѳкүлдѳрүн, талапкерлерди жана саясий партияларды жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылуу. Добуш берүү үчүн орун-жайдын ичинде санитайзердин болушу. Эмеректерди, добуш берүү үчүн кабиналарды жана технологиялык жабдууларды бири биринен 1,5-2 метр аралыкта жайгаштыруу. Шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрү 1,5-2 метрден кем эмес аралыкты сактоо менен жайгаштырылат жана ар бир шайлоочу менен иштеп бүткѳндѳн кийин антисептик каражаттары менен колдорун тазалап чыгышат. Добуш берүүчү кабинасы пардасыз колдонулат. Добуш берүү үчүн орун-жайда же анын жанында коронавирус инфекциясын жуктурууну алдын алуу боюнча сунуштар камтылган маалымат стенддерин жайгаштыруу. ДОБУШ БЕРҮҮ ҮЧҮН ОРУН-ЖАЙДАН ТЫШКАРЫ ДОБУШ БЕРҮҮ Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жана санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ кызматтары добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүүгѳ чыгардын алдында комиссия мүчѳлѳрүнүн, байкоочулардын, талапкерлердин, партиялдардын жана ЖМК ѳкүлдѳрүнүн дене табын текшерүүнү камсыз кылат. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары шайлоо комиссиялары үчүн берилген транспорттун үстүнкү жумушчу беттерин дезинфекациялоочу каражаттар менен алдын ала иштеп чыгууну камсыз кылат. Орун-жайдан тышкары добуш берүүгѳ чыгып жаткан УШК мүчѳлѳрү үчүн жеке коргонуу каражаттары жана бахилалар. Чыгып жаткан УШК мүчѳлѳрүндѳ санитайзерлердин болушу. Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берген шайлоочуларга акысыз бир жолку кол каптарды жана бет каптарды берүү. Жѳнѳтүп жаткан уюмдар байкоочуларды, саясий партиялардын, ЖМК ѳкүлдѳрүн жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылуу. Ар бир шайлоочуга чейин жана ал чыккандан кийин идентификациялоо жана АЭУ (автоматтык эсептөө урна) жабдууларын дезинфекциялоо. Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү аяктаганда жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жана санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ кызматтары тарабынан УШК мүчѳлѳрүнүн абалын кѳзѳмѳлдѳѳ. 12:45 29-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:48

Жылдыз Равшанова, талапкер: “Мекеним Кыргызстан” партиясы элдин турмушун жакшыртат”

– Жылдыз айым, “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандооңузга эмне себеп болду? – “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандашыма партиянын курамы, команданын күчтүүлүгү жана ар бир тармак боюнча жазылган партиянын программасы себеп болду. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртууга багытталган. Ошондой эле программада мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу зарылчылыгы жазылган. – “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы элдин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деп ишеним артсак болобу? – Албетте, болот. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын бардык аракети элдин турмушун жакшыртууга багытталган. Ошон үчүн сунуштар менен кошо абалдан чыгуунун жолдору да жазылган. Кыскасы, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы популизмден алыс, реалдуу долбоорлордун топтому десек да болот. – Кудай буюруп, мандатка ээ болуп калсаңыз, кандай иштер менен алек болосуз? Кайсы тармакты көтөрүүгө салым кошосуз? – Эгер депутат болуп калсам, социалдык маселелерди чечүүнү колго алам. Дегеле калктын аярлуу катмарына кол кабыш кылам деген ниетим бар. – Баса, элдин эсин эки кылган пандемия жашоого болгон көз карашыбызды өзгөрттүбү? – Пандемия жашоого болгон көз карашыбызды эле эмес, дүйнөнү өзгөрттү. Пандемияда айласын таппай турган элге кол сунган уюмдар, фонддор жүрөгүмдү жылытты. Маселен, Эл аралык уюмдар, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы, Сауд падышачылыгы, “Ассанабил” эл аралык фонддун негиздөөчүсү Саид Баюми, “Исмаил Матраимов” атындагы коомдук кайрымдуулук фонддун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Искендер Матраимовдун берген жардамы элдин алкышына татыды. Учурдан пайдаланып, жогоруда айтылган уюмдардын, коомдук кайрымдуулук фонддордун жетекчилерине терең ыраазычылык билдирем. Айтмакчы, Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын кызматташтыгы эки тараптуу чоң долбоор. Гуманитардык жана инвестициялык тармактар боюнча Сауд Арабиясы өтө маанилүү өнөктөш, Кыргызстандын тышкы саясатында өзгөчө орунду ээлейт деп баса белгилесек да ашыкча болбойт. – Айтмакчы, катар келген кризистин кесепетинен өзгөрүүлөргө аргасыз болуп, улуттук баалуулуктарыбызды жоготуп албайбызбы? – Туура айтасыз. Дүйнөлүк кризис кайсы тармакта болбосун өзгөрүүгө, көз карашты жаңылантууга аргасыз кылууда. Ошондой болсо да улуттук баалуулуктарды сактап калууга басым жасашыбыз керек. Саясий атаандаштык идеялардын ортосунда гана болуп, өзүбүз менен өзүбүз тирешкенди токтотуп, өнүккөн өлкөлөр менен тең ата сүйлөшүп, улуттук кызыкчылыгыбызды жогору коюшубуз кажет. Урматтуу шайлоочулар! Шайлоо күнү “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Сиздин добуш, биздин жеңиш. Биз ийгиликке жетсек, мамлекетибиз да жеңишке жетишет. Биз Кыргызстанда гана бактылуубуз! Алга Мекеним Кыргызстан! “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келген №4 тизмеде. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 29-сентябрь. 11:39 29-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:48

Жети-Өгүз району "Кыргызстан" партиясын колдойт

"Кыргызстан" партиясынын кезектеги үгүт кербени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун бардык айылдарында өттү. Айыл тургундары партиянын өкүлдөрүн жана талапкерин жылуу тосуп алышты. Жолугушуунун башында "Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эрмек Маркабаев партиянын “Эл үчүн” программасы менен тааныштырып, партия парламентке өткөндөн кийин көтөрө турган демилгелерге кыскача токтолду. Андан кийин жергиликтүү тургундар талапкерге элдин социалдык жашоосун жакшыртуу боюнча бир катар суроолорду беришти. Алар айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана экспорттоого шарттарды түзүү, экономикалык өнүгүү, таза суу менен камсыздоо маселелерине өзгөчө токтолушту. Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө шайлоочулар айыл калкынын 60-70% айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн насыя алаарын айтышты. Алар айылдардан келген насыя алуучулар үчүн 3-4 айлык эс алууну суранышты. Талапкер шайлоочулардын суроолоруна партиянын басып өткөн жолу жана программасына таянуу менен жооп берди. Жолугушуунун соңунда шайлоочулар Маркабаевге баарлашканы үчүн ыраазычылык билдиришип, Жогорку Кеңешке шайлоодо “Кыргызстан” партиясын колдой тургандыктарын айтышты. “Кыргызстан” партиясы №15: Элдин жыргалчылыгы - жалпы мамлекеттин жыргалчылыгы! Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 29.09.2020) 11:15 29-09-2020

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:48

Ноокат эли “Мекеним Кыргызстан” партиясын жогорку деңгээлде тосуп алды

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын үгүт кербени Ош облусунун Ноокат районуна жетти. Партиянын Ибрагим Жунусов , Искендер Матраимов , Алишер Козуев баштаган талапкерлеринин тобу ноокаттык шайлоочулар менен жолугушту. Өлкөнүн башка көпчүлүк аймактары сыяктуу эле Ноокат районунда да чечилбеген социалдык маселелер арбын. Аймакта тышкы миграцияга байланышкан маселе да курч. Иш жоктугунан элдин көбү жакынкы чет өлкөлөргө иш издеп кеткен. “Мекеним Кыргызстандын” тизмеси менен Жогорку Кенештин депутаттыгы үчүн ат салышып жаткан ишкер Акжол Жоомарт уулу жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыздоо үчүн бир нече ири жана чакан тигүү цехтерин ачууну сунуш кылды. Анын айтымында, мындай кадам сыртка агылып жаткан жумушчу күчтүн санын азайтууга өбөлгө болот. “Биздин өлкөнү өнүктүрө турган, экономиканы көтөрө тургандар булар жаш ишкерлер. Мамлекет аларга өзгөчө көңүл бурушу зарыл. Ишкерлер казынага салык төккөндөн сырткары, көптөгөн жарандарыбызды жумуш менен камсыз кылышат. Бул сырт жакка агылып кетип жаткан мигранттарыбыздын азайышына шарт түзөт”, - деди Жоомарт Акжол уулу. Дагы бир талапкер Искендер Матраимов ноокаттыктарды партиянын алдыга койгон максаттары менен тааныштырды. Саясий биримдиктин программасы өлкө ичиндеги бардык маселелерди камтып, аларды чечүү жолдору да каралган. Мисалы, Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын 2 эсеге кыскартып, мамлекеттик органдардагы бири-бирин кайталаган функцияларды жоюу зарыл. “Чакан өлкөбүзгө 120 депутат көптүк кылат экен. Эл алдында Жогорку Кеңештин аброю түшүп жатканынын бир себеби да ушул. Бизге 60 эл өкүлү жетиштүү. Биз парламентке барсак, эң алгач референдум өткөрүү менен ушул маселени эл алдына алып чыгууга киришебиз”, - деди Искендер Матраимов. Мамлекеттин өнүгүүсүнө түрткү боло турган тармактардын сап башында – айыл чарба тармагы турат. "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы агрардык секторду өнүктүрүү сунуштарын да эл алдына алып чыкты. Саясатчылар дыйкандарга үрөн себүү учурунан тарта, аны жыйнап сатууга чейин мамлекет колдоо көрсөтүп туруш керектигин белгилешти. Ноокат районунун көпчүлүк тургундары алдыдагы шайлоодо кайсы партияга добуш берерин жашырышкан жок. Алар “Мекеним Кыргызстан” партиясында буга чейин эл үчүн ак кызматын өтөп келе жаткан талапкерлер чогулгандыгын белгилеп, шайлоодо дал ушул саясий биримдикти колдоорун билдиришти. Жолугушууга келген миңдей шайлоочу “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкерлерин ак батасын берип узатышты. “Мекеним Кыргызстан” – ар бир кыргызстандыктын партиясы. 4-октябрда 4-номерди тандаңыз Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 10:59 29-09-2020

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:48

БШК 39 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

Борбордук шайлоо комиссиясы 39 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-сентябрга карата БШК дүйнөнүн 31 мамлекетинен 24 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болгон 219 адамды эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрдү. Алар парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүшөт. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия ат салышат. 08:13 29-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:48

БШК 3 партиянын ишенимдүү адамдарын каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы 3 партиянын ишенимдүү адамдарын каттады. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти. "Ыйман Нуру" партиясынан 3 адамды, "Республика" партиясынан 33 адамды, "Кыргызстан" партиясынан 89 адамды каттады. Бул боюнча кечээ, 28-сентябрда БШКнын жыйынында чечим кабыл алынган. Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партия ат салышууда. 07:45 29-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники