О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
30 сентября 2020 г. 13:22

(Фото) “Мекенчил” Кыз-Көлдө. К. Ташиев: "Мен азап-тозокко, кыйынчылыкка карабай досумду, достукту тандадым!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагына барды. Коркоктор бийликчил партиялардын этегин кармашат. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Эмнеге мен шайлоого мамлекеттеги таасирдүү эки партиянын бири болгон “Ата Журт” менен барбадым? Буга себеп – элим, жерим деп, акыйкаттуулук деп, элимдин байлыгы деп чындыкты сүйлөймүн деген Садыр досумдун абакта жатканы. Мен досумду чыгарып алайын деп “Мекенчил” партиясын жетектөөнү чечтим. Эмнеге мамлекет дегенде жанын берүүгө даяр болгон, чынчыл инсан абакта жатса биз тынч жашообузду улантышыбыз керек? Эмнеге мекенчил уулубуз азап-тозокту көрүп жатканда биз унчукпай турушубуз керек?! “Мекенчил” менен шайлоого бараарымды билгенде жанымда жүргөн акчалуулардын көбү качып кетишти. “Бизге Садырыңдын кереги жок. Биз акчалуу, бийликке ыктаган партиялар менен барышыбыз керек. Бийлик жардам берет, ал партия өтсө, эптеп депутат болуп алганыбыз кеп”, - дешти. Мен азап-тозокко, кыйынчылыкка карабай досумду, достукту тандадым!” – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:23

(Фото) “Мекенчил” Сузакта. К. Ташиев: "Мекенди коррупционерлер эмес, эл үчүн көкүрөгүн тоскон мекенчил инсандар сактап калат!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сузак районунун Таран-Базар айылына барды. Мамлекетти коррупционерлер эмес мекенчил инсандар сактап калат! Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Таран –Базар айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Мамлекетти элдин канын кактаган коррупционерлер эмес, элим-журтум дегенде жанын аябаган мекенчил инсандар сактап калат! Мекенчилдер жашынбайт, акча таратпайт, эл алдына ачык келип, ачык сүйлөй алат. Анткени артында жаман иши жок, эл ырыскысына суук колун салган эмес, мамлекетке чыккынчылык кылган эмес! Алар көкүрөгүн акыйкаттуулук үчүн тоскон, октон, оттон кайтпаган инсандар! Парламентке мекенчилдер келип таза өкмөттү түзсүн деген ниетте болсок, мамлекетте өзгөрүү болот. Эл коррупционерлер ким экенин билишет, сөөмөйлөрү менен сайып көрсөтүп жатышса да, алар эркиндикте, дагы да мамлекеттин байлыгын уурдоосун улантып сайрандап жүрүшөт. Муну токтотуу керек! Ошондуктан, шайлоодо жүрөк, акыл –эс менен келечекти ойлоп туруп добуш бериңиздер! Бир добуш бересиздерби, миң добуш бересиздерби – адал бериңиздер. Биз да адал кызмат кылып беребиз! ” – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:24

Шайлоого көз салуу үчүн 219 эл аралык байкоочу катталды (тизме)

Ушул жылдын 4-октябрында боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын 219 өкүлү эл аралык байкоочу катары аккредитацияланды. БШКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, 27-сентябрга карата дүйнөнүн 31 мамлекетинен 24 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болгон 219 адам эл аралык байкоочу катары аккредитацияланды. № Уюмдар Саны КМШ Миссиясы 88 КМШ ПААсы 47 ЕККУ/БДИПЧ 35 ЖККУ ПАсы 10 ССТГ 8 КРдагы ФРГ элчилиги 4 КРдагы Япония элчилиги 3 Молдова БШКсы 2 Украина БШКсы 2 КРдагы Иран элчилиги 2 Өзбекистан БШКсы 2 КРдагы ФРГ элчилиги 4 КРдагы Япония элчилиги 3 Молдова БШКсы 2 Украина БШКсы 2 КРдагы Иран элчилиги 2 Өзбекистан БШКсы 2 Россия БШКсы 2 Казакстан БШКсы 2 Азербайджан БШКсы 2 Румыния БШКсы 1 КРдагы Х. Зайдель атындагы фонду 1 К.Аденауэр атындагы фонду 1 КРдагы Нидерланды элчилиги 1 КРдагы IFES өкүлчүлүгү 1 КРдагы KOIKA өкүлчүлүгү 1 КРдагы Монголия элчилиги 1 КРдагы Пакистан элчилиги 1 КРдагы Франция элчилиги 1 КРдагы Израиль элчилиги 1 БАРДЫГЫ: 219 Булак: media-center.kg

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:23

«Кыргызстан» партиясынын тизмесинен 8 талапкер чыкты

Учурда «Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңештеги бош мандаты бар. «Кыргызстан» саясий партиясынын 2015-жылдагы тизмесинен талапкерлер чыгарылды. БШК партиянын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнүн негизинде чечим кабыл алган. Тизмеден чыгарылган талапкерлер: - Дүйшеев Азамат Раимжанович; - Дыйканбаев Алмазбек Кеңешбекович; - Курманбеков Данишбек Муратович; - Кубатов Каныбек Идрисович; - Кыдырбаев Улук Асанкарыевич; - Мырзаканов Кубан Нуржанович; - Тургунбаев Абдумиталиб Тажибаевич; - Чыдынов Космосбек Мамажжанович. Учурда «Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңештеги бош мандаты бар. Жаныбек Жоробаевдин ыйгарым укуктары өзүнүн арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулган болчу. Булак: Баракелде

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:23

Шайлоо: Партиялар 25-сентябрга чейин канча акча коротту?

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы каражаты тууралуу маалымат берди. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Саясий партиялардын шайлоо фондундагы 25-сентябрга карата кирешеси жана чыгашасы № Саясий партиянын аталышы Келип түштү Чыгымдалды 1 “Биримдик” 97 473 300 94 736 258 2 “Мекенчил” 14 944 025 13 953 869 3 “Ыйман Нуру” 7 228 800 7 115 634 4 “Мекеним Кыргызстан” 118 128 742 116 108 485 5 “Реформа” 7 607 642 7 443 417 6 “Ата Мекен” 49 456 717 46 791 413 7 “Замандаш” 39 476 153 39 157 832 8 “Бүтүн Кыргызстан” 8 725 524 8 633 251 9 “Социал-демократтар” 13 839 470 13 750 579 10 “Мекен ынтымагы” 7 113 360 7 113 213 11 “Афган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын партиясы” 10 564 500 10 545 755 12 “Ордо” 9 380 000 9 338 879 13 “Бир Бол” 43 936 293 43 022 160 14 “Республика” 36 647 905 36 571 968 15 “Кыргызстан” 98 423 142 96 301 939 16 “Чоң Казат” 6 688 914 6 467 754 Жалпы 569 млн 634 миң 487 557 млн 52 миң 406 Булак: Баракелде

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:23

БШКнын мүчөсү: Үгүт ролигине баланын катышкандыгы үчүн "Реформанын" талапкерине айып пул салынды

Абдрахматова башка партиялардын талапкерлеринен балдардын видео роликтерге катышуусунун себептерин түшүндүрүп берүүгө даярдануусун өтүндү БШК көпчүлүк добуш менен “Реформа” партиясынын үгүт видеосуна баланын катышуусу мыйзам бузуу деп тапты. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Facebook баракчасына жазды. Көрсөтүлгөн саясий бирикмеден депутаттыкка талапкерге айып пул салынды. «Элнура Алканова жана башка үгүт материалдарында өз балдары бар талапкерлер шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө сиздин видеоңузда эмне үчүн сиздин балаңыз бар экендигин түшүндүрүп берүүгө даярданыңыз. Эми БШК көпчүлүк добуш менен Реформанын талапкеринин видеосунда үгүт жүргүзүп жаткан баласы мыйзам бузуу деп чечип, арыз ээсине айып пул салды », - деп жазган Абдрахматова. Булак: vesti.kg

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:23

(Фото) “Мекенчил” Октябрское айылында. К. Ташиев: "Добуш сатуудан алган эки миң менен эч ким байып кетпейт, бирок мамлекеттин келечегине зыянын тийгизет!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сузак районунун Октябркое айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. Мамлекеттин тагдырын акчага алмаштыруунун кесепети чоң болот. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Октябрское айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Добушту сатып алып жаткандар 2 категорияга бөлүнөт. Биринчиси, айыл айылды кыдырып, силердин тизмеңерди түзүп, “Кел, паспортуңду бере кал, мен сага азыр миң сом берем, дагы миң сомду шайлоо күнү аласың”, - дегендер. Алар түзүлгөн тизмени коррупционерге алып барып көрсөтөт да, тизмедеги ар бир фамилия үчүн 4-5 миңден алат. Келип силерге 1-2 миң карматып, калганын чөнтөгүнө салат. Ошону менен байып кетем деп ойлойт, суудан алган акчасы сууга айланып кетерин билбейт. Аларга эл-журттун, мамлекеттин, келечектин кереги жок! Шайлоо маалында 20-30 миң сом иштеп алсам экен гана дешет. Кадимки алдамчылар! Экинчиси, бул чоңураагы. Бири Бишкекте, бири Ошто, бири дагы бир шаарда жатып алып, жер-жерлерден улуттун кызыкчылыгын, мамлекеттин эртеңин уруп ойнобогон, өзүнө окшоп акчадан башкага кызыгы калбаган адамдарды чогултуп, “Сен бул айылды, а сен тигил шаарды сатып кел”, - деп миллиондорду чачып коет. Ошону менен элдин аң-сезимин бузушат, келечекти эмес, акчаны биринчи орунга койгон улутту түптөөгө умтулушат. Анткени бул аларга ыңгайлуу, элден уурдаган акчанын азыраак бөлүгүн кайра өздөрүнө чачып, парламентке келишет да, беш жыл бизнесин кайтарып, мамлекетке зыян алып келчү мыйзам долбоорлорду колдошот”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:23

(Фото) “Мекенчил” Акманда. К. Ташиев: "Кыргыз аткаминерлеринин "жемей" адаты экономиканы гана куратпастан, адам өмүрүнө да колун салды"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Базар-Коргон районунун Акман айылына барды. Өкмөттүн, жооптуу кызматтагылардын кайдыгерлигинен, жоопкерчиликсиздигинен пандемияда бир жарым миңден ашуун кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Базар-Коргон районунун Акман айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Пандемияга алдын ала даярданып, дары-дармек менен элди камсыз кылып, ооруканаларга кошумча орундарды камдап койгондо балким көп өмүрдү сактап калмакпыз. Бир жарым миңден ашуун жарандарыбыз жаман илдеттин курмандыгы болушту. Алардын арасында силердин да жакындарыңар болсо керек, менин да 58 жаштагы бир тууган агам каза тапты. Эгерде өкмөт күнү-түнү башын сайып, элибиздин аманчылыгы үчүн деп иштегенде, сырттан келген акчаларды туура пайдаланганда, мынчалык көп жоготууга учурамак эмеспиз! Өкмөт башчы үч жыл өкмөттү башкарды, илдеттин эпкини бизге жетери менен арызын жазды да кетип калды. Үч жыл чыдаган жаны эки ай чыдабай калдыбы?! Мына, жакында мурдагы саламаттыкты сактоо министри кармалды. Анткени пандемия менен күрөшүүгө келген 65 миллион сом акчаны жеп коюптур. Ошол акча элге жумшалса, бир бейтапка жүз миң сом каралса, 650 адам бүгүнкү күндө биз менен жүрбөйт беле?! Кыргыз аткаминерлеринин "жемей" адаты экономиканы гана курутпастан, адам өмүрүн жок кыла баштады! Ушундай жоопкерчиликсиздиктин негизинде мамлекет алсырап жатат. Аны күчтөнтүү үчүн Башмыйзамды алмаштыруу керек!” – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:23

(Фото) “Мекенчил” Арсланбапта. К. Ташиев: "Мекенчилдер жарым метр жер үчүн өлүп берет!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" Базар-Коргон районунун Арсланбап айылына барды. Адам баласы түбөлүктүү эмес, убакыт – сааты келгенде акыркетке кайтат. Бирок артында калтырган эмгеги, жакшы аты жана урпактарга улуу мурасы – мамлекети болушу керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Базар-Коргон районунун Арсланбап айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Жүз жылдан кийин ушул стадиондо отургандардан эч кимибиз калбайбыз. Баарыбыз күнүбүз бүткөндө акыретке, Алла Талаамдын алдына барабыз. Бирок урпактарга Кыргызстанды бүтүн бойдон калтырышыбыз керек. Элүү жыл, жүз жылдан кийин мамлекетибиз кандай болоору, урпактарыбызга бизден мурас катары өнүккөн, эгемен өлкө калабы же талкаланган жаратылыш менен көз каранды системаны калтырабызбы, жооп 4-октябрда сиздердин тандоого жараша болот! Элим-жерим деген инсандар бийликке келсе, мамлекет утат, эл утат! Мекенчилдер жарым метр жер үчүн өлүп берет! Чек арадагы маселелерди тезинен чечип, ал жактагы элдин социалдык маселесин жөнгө коюуга бүт аракетин жумшайт! Коңшулар бизди билгидей болсун, “бул кыргыз деген жаман, жарым метр жери үчүн жанын берет”, - дешсин. Биз үчүн мамлекеттин бүтүндүгү, эгемендүүлүгү керек!” – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:24

Кыйын: Как СМИ освещают выборный процесс? (Прямой эфир)

4 октября 2020 года в Кыргызстане пройдут выборы депутатов Жогорку Кенеша. Предвыборная агитация подходит к концу. В этот период какова была роль СМИ и как освещался предвыборный процесс, об этом пойдет речь в Ток-Шоу “Кыйын” с участием юриста общественного фонда “Центр Медиа развития” Айжамал Джаныбаевой и блогером Асель Омуракуновой.Модераторы эфира Махинур Ниязова и Кайыргуль Урумканова.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:24

Шайлоодо добуш берүүнүн алгоритми жарыяланды

Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден-соолугун коргоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.Маалым болгондой, алгоритм БШК жана Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу тобокелчиликти алдын алуу максатында, депутаттарды шайлоону уюштуруу жана ѳткѳрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, шайлоо күнү добушканаларда жараянга катышкандардын баары дезинфекциялоо каражаттарын, бет кап, мээлей колдонуп, 1,5-2 метр аралыкты сакташы керек. Башкалар менен кол кармашып учурашууга болбойт. Бул талаптар биометрикалык жана жеке маалыматтар боюнча шайлоочулардын идентификациялоодон ѳткѳн учурларынан башка бардык жараяндарда сакталууга тийиш.Белгилей кетсек, өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышып жаткан кези.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:24

Соңку жаңылыктар: Шайлоого байланыштуу 63 эреже бузуу катталды. Казакстанда жакырчылык күчөдү

Жээнбеков Орусияга кеттиПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Орусияга жумушчу иш сапар менен кетти. Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы менен келечеги талкууланат. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт.Москвада көпүрө кулап, 49 кыргызстандык жаракат алдыМосквада жөө жүргүнчүлөр өтө турчуу көпүрөө кулап, анын кесепетинен 49 Кыргызстандык жаракат алган. Премьер-министр Кубатбек Боронов Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүүнү жана аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырып, алардын дарылануусун жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгилеген.Казакстанда жакыр жашагандар көбөдүПандемия маалында Казакстанда кирешеси жашоо минимумунан төмөн адамдардын саны 5,7 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматтарын иликтеген Finprom порталы кабарлады. 2019-жылы жашоо деңгээлинен төмөн киреше тапкан адамдардын үлүшү 4,3 пайызды түзгөн. Иликтөөчүлөр Казакстанда экономикалык активдүүлүк төмөндөп, коронавирустун кесепеттеринен улам жакырчылык даана сезиле баштаганын айтышууда. Натыйжада өлкөдө кирешеси жашоо минимумунан төмөн адамдардын саны 1,1 миллионду түздү. Шайлоого жакын 63 эреже бузуу боюнча кайрылуу келип түштү“Жалпы иш” коомдук фондуна шайлоого байланыштуу 63 эреже бузуу боюнча кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда “Жалпы иш” коомдук фондунун юристи Тариэль Аалиев билдирди. Анын айтымында, шайлоого карата мыйзам бузуу боюнча аймактык шайлоо комиссияларына 19 арыз жана кайрылуу жасалды.Бүгүн 104 адамдан коронавирус табылдыКыргызстанда 28-сентябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 104 учур (пневмонияны эске алганда) катталган. Тилеке каршы 1 адам каза болгон. Ал эми ооруканада даарыланууда жаткан 166 бейтап айыгып чыгарылган.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:24

Көз карандысыз байкоочулар: Шайлоого жакын 63 эреже бузуу боюнча кайрылуу келип түштү

“Жалпы иш” коомдук фондуна шайлоого байланыштуу 63 эреже бузуу боюнча кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда “Жалпы иш” коомдук фондунун юристи Тариэль Аалиев билдирди.Анын айтымында, шайлоого карата мыйзам бузуу боюнча аймактык шайлоо комиссияларына 19 арыз жана кайрылуу жасалды.“«Жалпы иш» коомдук фонду алдыдагы парламенттик шайлоого карата көз карандысыз байкоо жүргүзүп жатат. Бизге 63 эреже бузуу боюнча кайрылуу келип түштү. Алар добуш сатып алуу, администрациялык ресурсту колдонуу, №2 форма жана үгүт иштеринде кетирген катачылыктар боюнча кайрылуулар. Биздин байкообуз боюнча БШК партияларга онлайн түрдө съезд өткөрүүгө сунуш киргизгенине карабастан мурункудай эле салттуу түрдө өткөрүлүп келүүдө. №2 форма боюнча массалык түрдө дарек алмаштыруу фактыларына байланыштуу бардык облустун прокуратураларына, Ошондой эле Башкы прокуратурага арыз менен кайрылдык. Бүгүнкү күндө жооп берише элек”,-деди Аалиев.Кошумчалай кетсек, «Жалпы иш» коомдук фонду – коммерциялык эмес фонд. Ал Кыргызстандагы парламенттик шайлоого мониторинг кылуу, жарандарды окуткан, атуулдарды башкаруу процесстерине активдүү катыштырууга көмөк көрсөткөн долбоорлорду ишке ашыруу үчүн түзүлгөн.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:24

Сурамжылоого ылайык шайлоого аттанган кайсы партия 7% босого чектен өттү?

“Govori.TV” агенттиги коомчулукка келе жаткан шайлоодо кайсы партияга добушуңуздарды бересиздер деген суроо менен сурамжылоо чыгарган. Сурамжылоого жалпысынан 1 миңге жакын адам катышып, ага ылайык 7% пайыздык босого чектен эки гана партия өттү. Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орун үчүн 16 саясий партия ат салышууда. Алар ЖКга өтүү үчүн 7 пайыздык босого чектен аша турган добуш алуулары керек.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:24

Шайлоодо коронавирустан сактануу алгоритми иштелип чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясы жана Саламаттык сактоо министрлиги шайлоодо коронавирустун жайылышына бөгөт коюу үчүн санитардык нормалардын алгоритмин иштеп чыкты. Добуш берүү күнкү талаптар: — Добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде «кирүү чыпкасын» уюштуруу: – Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын контактсыз жол менен шайлоочулардын дене табын текшерүү. – Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде дезинфекциялоочу аралашма менен нымдалган килемчени уюштурууну камсыз кылуу. – Шайлоочулардын колдорун санитайзер менен же добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакат жайгаштыруу. – Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарын шайлоо участогунун кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакатты жайгаштыруусу. – Шайлоо участогунун кире беришинде добуш берүүгѳ катышкандардын бекитилген кирип чыгуу схемасынын болушу. – Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан шайлоо участогунун аймагында жана добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде аралык белгилерин (чийимдерин) камсыз кылуу. – Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан социалдык аралыктарды жана бет каптарды тагынуунун милдеттүү режимин сактоо жѳнүндѳ шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. – Шайлоо участкасына кирерде шайлоочуларга жеке коргоо каражаттарын (бир жолку бет каптарды жана кол каптарды) акысыз берүү. Добуш берүү үчүн орун-жай: – Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү процесси башталганга чейин добуш берүү үчүн орун-жайды жана бардык үстүнкү беттерди дыкат дезинфекциялоо. – УШКнын бардык мүчѳлѳрүн жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу. – Жѳнѳтүп жаткан уюмдардын байкоочуларды, ЖМК ѳкүлдѳрүн, талапкерлерди жана саясий партияларды жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылуу. – Добуш берүү үчүн орун-жайдын ичинде санитайзердин болушу. – Эмеректерди, добуш берүү үчүн кабиналарды жана технологиялык жабдууларды бири биринен 1,5-2 м аралыкта жайгаштыруу. – Шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрү 1,5-2 м кем эмес аралыкты сактоо менен жайгаштырылат жана ар бир шайлоочу менен иштеп бүткѳндѳн кийин антисептик каражаттары менен колдорун иштеп чыгышат. – Добуш берүүчү кабинасы пардасыз колдонулат. – Добуш берүү үчүн орун-жайда же анын жанында коронавирус инфекциясын жуктурууну алдын алуу боюнча сунуштар камтылган маалымат стенддери жайгаштыруу. – Добуш берүү үчүн орун-жайдын ичинде аралык белгилеринин (сызыктарынын) болушу. – Байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын ѳкүлдѳрү үчүн жайгашуучу жайлар социалдык аралыктарды сактоо менен участкалык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы тарабынан аныкталат. Мында, аталган адамдарга добуш берүүнүн жүрүшүн, добуштарды саноо жол-жобосун даана кѳрүп туруу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат. – Желдетүү системасы жок болгон учурда, ар бир 30 мүнѳт сайын 15 мүнөт желдетип туруу керек. Эгерде сырткы чөйрөнүн температурасы 18 градустан жогору болсо, жайдын тынымсыз желдетилишин желдетүү аркылуу эске албаганда камсыз кылуу. – Добуш берүү үчүн орун-жайдын чыга беришинде пайдаланылган бет каптарды жана кол каптарды утилизациялоо үчүн контейнер жайгаштырылат. Добуш берүү процесси: – Шайлоо участогунда шайлоочу УШКнын мүчѳсүнѳ Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун кѳрсѳтѳт. – Манжаларынын белгилери боюнча идентификациялоодон ѳтүүдѳ шайлоочу кол кабын чечип, колдорун антисептик каражаттары менен тазалап идентификациялоодон ѳтѳт жана идентификациялоодон ѳткѳндѳн кийин колдорун кайра тазалап, кол кабын кайра киет. – Бетинин биометрикалык параметрлери боюнча идентификациялоодон ѳткѳндѳ шайлоочу бет кабын убактылуу алып коюп, идентификациялоо бүткѳндѳн кийин аны кайра киет. – Ар бир шайлоочуну идентификациялоо жол-жобосуна чейин жана андан кийин идентификациялоо боюнча жабдуу дезинфекцияланат. – Добуш берүү үчүн кабина жана автоматтык эсептѳѳчү урналар ар бир 60 мүнѳттѳ эки иреттен кем эмес дезинфекциялоочу каражаттар менен тазаланат. – Оорунун белгилери бар шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн ѳзүнчѳ кабина болууга тийиш. – Добуш берүүнүн жүрүшүндѳ, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго кол коюуда участкалык шайлоо комиссиясынын ар бир мүчѳсү ѳзүнүн калемин колдонууга тийиш. – Добуш берүү үчүн үкѳктѳрдү ачардан мурда алардын үстүнкү бети антисептик каражаттары менен иштетилет. – БШК оорунун белгилери бар, же болбосо оорукчан менен контактта болгон, же болбосо обсервацияда турган жана ѳзүнүн активдүү шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну каалаган шайлоочуларга тѳмѳндѳгүлѳрдү сунуш кылат: – 2020-жылдын 2-октябрына чейинки мѳѳнѳттѳ добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана 2020-жылдын 3-октябрында үйүндѳ добуш берүү жѳнүндѳ арыз менен тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууну — Шайлоочу активдүү шайлоо укугун шайлоо участкасында 2020-жылдын 4-октябрында добуш берген күнү жүзѳгѳ ашырууну каалаган учурда, шайлоо участогуна саат 18:00дон кийин келүү сунуш кылынат.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники