О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
30 сентября 2020 г. 12:52

Почти полмиллиона кыргызстанцев не смогут проголосовать на выборах

В Кыргызстане почти полмиллиона кыргызстанцев не смогут проголосовать на предстоящих выборах депутатов Жогорку Кенеша. Об этом 30 сентября «Азаттыку» сообщили в Государственной регистрационной службе. Отмечается, что 437 тысяч 384 гражданина не прошли биометрическую регистрацию и пользуются ID-паспортами старого образца. По закону такие граждане не могут голосовать. По данным ЦИК, в список избирателей включены около 3,5 млн человек. Закон о биометрических данных был принят в 2014 году. Биометрическую регистрацию проводит ГРС. Выборы в Кыргызстане назначены на 4 октября. В предвыборной гонке участвуют 16 партий.

Подробнее
29 сентября 2020 г. 15:03

БИЗНЕС КРЕДИТЫ 3%

БИЗНЕС КРЕДИТЫ 3% ● Выставим на аукцион все рентабельные государственные предприятия ● Откроем фонд поддержки предпринимателей! ● Малому и среднему бизнесу – кредиты по 3%!

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:52

Дональд Трамп и Джо Байден проведут первые предвыборные дебаты

Президент-республиканец Дональд Трамп, баллотирующийся на второй срок, и кандидат в президенты США от Демократической партии Джо Байден проведут во вторник первые дебаты – за пять недель до выборов 3 ноября. Как отмечает "Голос Америки", это будет первая из трёх запланированных личных встреч кандидатов – до основного дня голосования. Планируется, что дискуссия продлится полтора часа и следить за ней, по некоторым оценкам, будут около 100 миллионов американцев. Журналист телеканала Fox News Крис Уоллес, ведущий дебатов, рассказал, что они будут поделены на шесть 15-минутных сегментов, каждый из которых посвящён одной из шести тем. В числе этих тем – достижения кандидатов, эпидемия коронавируса, жертвами которой в США стали более 200 тысяч человек, а миллионы потеряли рабочие места. Также будет обсуждаться выдвижение Трампом консервативного юриста Эми Кони Барретта на должность судьи Верховного суда, состояние американской экономики на фоне пандемии, соблюдение норм выборного законодательства и продолжающиеся в стране выступления против расового неравенства. На дебатах могут быть затронуты и сведения о невыплате Трампом федерального подоходного налога. На днях газета The New York Times написала, что Трамп заплатил лишь 750 долларов налогов в 2016 и 2017 годах, а за 10 из 15 предыдущих лет никаких выплат от него не было. Кандидат-республиканец назвал публикацию "абсолютно фейковыми новостями". Джо Байден стабильно опережает Дональда Трампа по общенациональным опросам общественного мнения, передаёт Reuters. Однако в так называемых колеблющихся штатах, которые будут определять исход выборов, разрыв между кандидатами сейчас заметно меньше. Reuters также отмечает, что в ходе предварительного голосования свой выбор сделали уже более миллиона американских избирателей.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:52

«Биримдик» айрылган жарнамалары үчүн милицияны айыптоодо

«Биримдик» саясий партиясы шайлоого карата илген Базар-Коргон районундагы үгүт жарнамалары айрылып, жок болушу үчүн райондук милициянын айрым жетекчилерин айыптап, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына арыз берди. Райондук штабдын маалыматына караганда 30-сентябрда Бешик-Жон жана Карача айылдарында партиянын үгүт жарнамалары төрт ирет айрылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы келип түшкөн арыздын негизинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматынын облусундагы бөлүмү кызматтык иликтөө жүргүзүп жатканын «Азаттыкка» билдирди. Партиянын Базар-Коргон райондук штабынын райондук милициянын үстүнөн жазган арызы социалдык тармактарга да тарап, талкууланууда. Анда илинген жарнамалар айрылган айылдардын бири башка партиянын талапкери туулган айыл экенин белгилеп жатышат. 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Жогорку Кеңештеги 120 мандат үчүн 16 партия ат салышууда. (TB/RK)

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:53

Шайлоо: Аравандын мурдагы акими мугалимдерди зекиди

Аравандын мурдагы акими, «Биримдик» партиясынын райондогу штабынын жетекчиси Шамил Артыков мугалимдерге үгүт кылып, аларды зекигени тууралуу аудио тасма тарады. Анда ал «Биримдикке» добуш берүүнү талап кылып, түштүктөгү улут аралык жаңжалдарды да эскерткенин угууга болот. Милиция менен БШК аудио тасманы текшерип жатат. Артыков Интернетте тараган аудиодо сүйлөгөн сөздөрүн тастыктады. Аудио тасмада мугалимдер менен «Биримдиктин» талапкерлеринин жолугушуусу экенин болжолдоого болот. Анда штаб башчы Шамил Артыковго сөз берилип, андан кийин сөз талапкер Жалалиддин Нурбаевге узатылат. Артыков мугалимдерди «Биримдикке» үгүттөп, «акча алып башка партияны колдогондор жумушунан кол жууйт» деп айтканын угууга болот. Мындан сырткары ал 1990-2010-жылы болгон коогалаңды эске салып, «эсиңерден чыгарбагыла» деп сөз арасына кошо кеткен. «"2000-3000 сом алабыз" деп башка жакка кетсеңер, эртең мезгили келет. Эртең 2000 сом менен ишсиз каласыңар. Мен ачыгын айтып коёюн, силердин ар бириңердин аты-жөнүңөр бар. Мен штабдын жетекчиси катары ким кайсы партияга иштеп жатканын жакшы билем. Беш жыл депутат болуп, эч нерсе кылбай бүгүн келип алып, 5-10 сом берсе ошонун артынан кетебизби? Уят болот, айтып коёюн! Мугалимдин жүзүн жер караткан силер болосуңар. Тескерисинче, мугалим бүгүн элди ээрчитип, агитация кылып, президенттин саясатын жүргүзө турган силерсиңер. Туугандар, 1990-жылы эмне болдук эле? Эсиңерде барбы? 2010-жылы эмне болдук? 20 мынтыкчан кыргыз басып келгенде Жети агайындан киргизген эмеспиз. Ошол жерде биз силерди ойлоп турганбыз. Силер бүгүн бизди эмес, 2000 сом акчаны ойлоп жатасыңар. Бир аз эсиңерге келбейсиңерби!». Артыков өзү аудио тасмада айткандарын «Азаттыкка» тастыктап, мугалимдер андан коркпой турганын, сүйлөгөн сөздөрүн жакшы ойдо айтканын билдирди. «Мен жакшы ой менен сүйлөгөм, башка маселе жок ал жерде. Азыр эч ким эч кимден коркпой турган заман. Мен урмат-сый катары, мугалим катары айтканмын. Өз учуру келгенде (айткан сөздөрүмө) баа берем». Жогорудагы билдирүүнү милиция иликтей баштады. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин маалыматына караганда «WhatsApp» аркылуу тараган үндү териштирүү иштери башталып, ал райондук милициянын электрондук китепчесине катталган. «Үн кимге таандык, аттары аталган адамдар кайсы жакта экенин тактоо боюнча иштер башталды. Биз юридикалык мамлекеттик орган болгондон кийин юридикалык далилдерге таянып гана айта алабыз. Азыр Шамил Артыков деп айта албайбыз. Тергөө иштери кечээ гана башталды». Ал арада аудио билдирүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы текшере баштады. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова аны Боршайкомдун ыкчам чара көрүү боюнча жумуш тобуна, мүчөлөрүнө жөнөтүп, тез арада кароону сунуштаган. Жумушчу топто Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Башкы прокуратуранын жана Ички киштер министрилигинин өкүлдөрү да бар. Абдрахматованын айтымында, жакынкы күндөрү билдирүүгө юридикалык баа берилет. «Туура эмес айтылган сөздүн айынан Кыргызстанда бир нече терс окуялар болгон. Шайлоо процесси да чыңалуу менен өтүп жатат десем жаңылышпайм. Анткени буга чейин Араванда эки партиянын тарапташтары мушташа кеткен. Жаракат алган адамдар да бар. Азыр мындай сөздөрдүн айынан жөнөкөй элдин ортосунда түшүнбөстүктөр пайда болуп, ызы-чуу башталбашы үчүн БШК укук коргоо органдары менен тез арада айткан адамды таап, ага чара көрүп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек». “Биримдик” партиясы болсо аудио тасма туурасында азырынча үн ката элек. Учурда «Биримдик» партиясынын Аравандагы штабын жетектеп жаткан Шамил Артыков — буга чейин 2015-жылы «Республика - Ата Журт» партиясы менен Жогорку Кеңешке ат салышып, тизмеде 27-орунда болгон. Ага чейин Араван районунун акими болуп иштеп, 2014-жылы аймактагы мектептердин биринде Өзбекстандын гимни жаңыргандыгы үчүн кызматтан алынган. 2009-жыл Курманбек Бакиевдин буйругу менен Кадамжай районунун акими болуп дайындалып, 2010-жылдын жай айларына чейин жетектеп турган. Араван районунда үгүт өнөктүгүнө байланыштуу чырлуу окуялар буга чейин да катталган. 20-сентябрда Араванда «Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкер Шүкүрулло Файзуллаев менен «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннановдун колдоочуларынын ортосунда калайман мушташ чыгып, 13 адам ооруканага түшкөн. Борбордук шайлоо комиссиясы эки талапкерди тең шайлоодон четтеткен. Ошондой эле Араванда «Биримдик» партиясынын талапкерлеринин жыйынына мугалимдердин катышканы кызуу талкууланган. Аравандагы админресурс Буга чейин Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевдин аймактагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилерин, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларын топтоп, «Биримдик» партиясына иштөөгө үгүттөп жатканы жазылган деген аудио да тараган. Айтибаев чогулуш өткөргөнүн мойнуна алып, аудиодогу үн аныкына окшош экенин айткан. Ошондой эле Араванда «Биримдик» партиясынын талапкерлеринин жыйынына мугалимдердин катышканы кызуу талкууланган. 8-сентябрда «Биримдик» партиясынын талапкерлери Өмүрбек Бакиров, Шүкүрулло Файзуллаев жана Жалалиддин Нурбаев Араван районуна караштуу Алля Анаров атындагы айыл өкмөтүндөгү мектеп жана бала бакча кызматкерлерин чогултуп, жыйын өткөргөн. Алар «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна «өзүбүз келдик» деп жооп беришкен. Бул жыйынга район акими Курбанбек Айтибаев да келген. «Биримдик» партиясынан Араван районунан үч киши талапкерлигин койгон. Тизмеде Өмүрбек Бакиров 30-орунда, Жалалиддин Нурбаев 69-орунда, Шүкүрулло Файзуллаев 74-орунда турат. Шүкүрулло Файзуллаевдин талапкерлиги БШКнын чечими менен «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тарапташтары менен болгон уруштан кийин чыгарылган.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:54

Бакасовдун баш оорусуна айланган тасмалар

Укук коргоо органдары «Биримдик» саясий партиясынын талапкери Улан Бакасовго байланышкан Нарын районунун Чет-Нура айылында тартылды деген тасманын чоо-жайын иликтеп бүтө электе социалдык тармактарда Бакасов «добуш сатып алууга аракет кылды» деген дагы бир видео тарады. Бул жолу Нарын районунун Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы Денисак Болот уулу аттуу адам Бакасов шайлоочулардын добушун дүңүнөн соодалап жатканына күбө болгонун айтып чыкты. Талапкер бул эки фактыны тең «курулай доомат» деп четке кагууда. Таза сууга 300 добуш 29-сентябрда «Республика» партиясынан талапкер Тынчтыкбек Алтымышев «Фейсбуктагы» баракчасына өзүн Нарын районунун Эмгек талаа айылдык кеңешинин төрагасымын деп тааныштырган Денисак Болот уулунун «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасовдун өкүлдөрү келип, айылга суу чыгарып берүү үчүн 700 миң сом сунуш кылышканына күбө болгонун билдирген тасманы жарыялады. «22-сентябрда «Биримдик» партиясынан талапкер Улан Бакасовдун балдары келип 300 миң сом калтырды. Эгер шайлоо күнү 300 добуш чыгарып бере алсак, калганын беришерин, чыгарып бере албасак, кайра ар бир добуш үчүн эки миң сомдон чогултуп беришибиз керектигин айтышты. Биздин айылда таза суу көйгөйү бар. Бирок ал үчүн добуш сатпай эле, соопчулукка жасап берсе болмок. Сүйлөшүүгө Улан Бакасов өзү келген жок. Жол тандабас машине менен анын балдары келди. Айылдагы «Биримдик» партиясына иштеген балдар барып жолуктук. 300 миң сом берип жатканына күбө болдук. Бизде качан адилеттүүлүк орнойт? Президентибиз баш болуп «таза шайлоо болсун» деп жатса Бакасовдун бул кылганы туурабы?», деп айтылат Болот уулунун билдирүүсүндө. Бул видео боюнча «Биримдик» саясий партиясынын талапкери Улан Бакасов Интернет аркылуу ошол замат жооп кайтарды. Ал муну жалган жалаа, каралоо деп баалады. Талапкер билдирүүсүн 29-сентябрда жарыялап, бул боюнча тийиштүү органдарга кайрыларын маалымдаган. Ал акча сунуш кылбаганын билдирүүдө. «Мен буга чейин бир дагы видео кайрылуу жасаган эмесмин. Бирок кайрылууга туура келди. Анткени акыркы күндөрү менин артымдан көптөгөн каралоо болуп, жалган маалыматтар тарап жатат. Ошолордун бири Эмгек-Талаа айылында болду. Мен «андай окуя болгон эмес» деп так айта алам. Бул мыйзамга туура келбейт». Добуш сатып алуу аракети боюнча тургундун видеокайрылуусуна Нарын облустук ички иштер башкармалыгы да көңүл буруп, кайрылуу жасаган жарандын тек-жайын тактады. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова маалымдап, учурда ыкчам-тергөө тобу териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады. Ал эми БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Биримдиктин» талапкери Улан Бакасовго байланыштуу жаңы видеокайрылуу боюнча тартип коргоо органдарына тапшырма берилгенин, беш күндүн ичинде алар карап берген сунуштамасынын негизинде талапкердин иши Боршайкомдо караларын билдирди. Бакасовго байланышкан башка да иш бар «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасов жергиликтүү тургундарга добуш үчүн акча сунуштаганы тууралуу тасма буга чейин да Интернетте тарап, укук коргоо органдары ал ишти да бир айдан бери териштирип бүтө элек. Ушул жылдын август айынын этегинде социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынган тасмадан Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагынын башчысы Азамат Мүсүркановго окшош адам топтошкон эл менен сүйлөшүп «Биримдик» партиясына айылдын добушун дүңүнөн соодалап жатканын көрүүгө болот. Ал жерде Улан Бакасов менен соодалашуу болгону, ал үчүн айылдан кеминде 300 добуш керек экени айтылат. «Ал «бийлик менен келбесем, мен силерге эч жумуш жасап бере албайм, мени колдоп бергиле, мындан ары да иш алып барабыз» деп жатат. Анан биз сүйлөштүк, соодалаштык. Уланга «комбайн алабыз» десек «500 миң сом акчасын нак алып келип берем, мага эки күндүн ичинде жообун айткыла, 300 кишиден кем эмес салып бергиле, силерден башка нерсе талап кылбайм» деди». Бир мүнөткө жетпеген, үч бөлүктөгү тасмада негизинен ушул сыяктуу сөздөр айтылган. Анын биринде айыл тургундары дептерге аты-жөнүн жазып, кол коюп жатканы тартылган. Интернетке тараган бул тасма боюнча милиция күбөлөрдү сурап, түшүнүк кат алышкан. Факт 30-августта Нарын облустук милициясында Жазык кодексинин 192-беренесинин («Добуштарды сатып алуу») 2-бөлүгү менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Милициянын маалыматына караганда, видеодогу кызыл футболкачан кишинин аты-жөнү такталып, ал Нарын районунун Орто-Нура айылынын 1986-жылы туулган М.А. аттуу тургуну экени аныкталган. Бирок арадан бир ай өтсө да жыйынтыктан али күнгө чейин дайын жок. «Учурда прокуратура тергеп жатат. Биз аларга өткөрүп бергенбиз» деди Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Аалиев. Интернетке тараган тасмадагы негизги каарман делген Чет-Нура айыл аймагынын башчысы Азамат Мүсүрканов азырынча окуя боюнча өз оюн айтуудан карманып турат. «Азыр тергөө жүрүп жатат, сот бүткөндөн кийин комментарий берейин», - деди ал. Ал эми Нарын районунун акими Курманбек Кудайбергенов аталган окуя боюнча райондук бийлик түзгөн атайын комиссия иликтөө жүргүзгөнүн маалымдады: «Бизге тиешелүү иштерди алып бардык. Ал адамды кызматтан четтетүү тууралуу прокуратуранын чечиминен кийин белгилүү болот. Негизи айыл өкмөт башчысы ошол талапкердин жардамчысы менен 800 миң сомго комбайнды жардам катары эле алып берсеңер деп сүйлөшкөн экен. Муну ал өз түшүнүгүндө жазып берди. Алар «500 миң сом берели, калган 300 миң сомду өздүк салым кылгыла» деп айтыптыр. Эми мында кылмыш иши бар-жогун укук коргоо органдары териштирип жатат. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Эми ошого жараша чечим кабыл алынат». Бир айга созулган тергөө Шайлоо эрежелерине ылайык, үгүт өнөктүгү учурундагы шектүү иштерге укук коргоо органдары беш күндүн ичинде баа бериши керек. Бирок андан бери бир ай убакыт өтсө да жыйынтыктан али күнгө чейин дайын жок. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова Чет-Нурадагы мыйзамсыз үгүт иши тууралуу маселени 28-сентябрдагы жыйынында карап, ишти кароону Башкы прокуратурага сунуштаган. «Бул ишти атайын создуктуруп, шайлоодон кийин текшергендин кажети жок. Конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн беш күндүк мөөнөттө каралышы керек эле. Бирок укук коргоо органдары бул ишти Жазык-процессуалдык кодекстин негизинде карап жатканын билдирүүдө. Бул туура эмес. Шайлоо учурунда ИИМ Боршайком менен бирге чара көрүшү керек болчу. Бул маселени биз өткөн аптада кайра козгоп чыктык. ИИМдин аракетсиздиги үчүн чара көргүлө деп Башкы прокуратуранын алдына койдук. Бул жерден ИИМ одоно мыйзам бузууда. БШК кайсы бир иштерди өз алдынча карап чечим чыгарса болот, бирок добуш сатып алуу боюнча ушундай иште ИИМ менен бирдикте иш алып барат. Алардын чечимине жараша БШК иш алып барат». Абдырахматова бул факты боюнча ИИМге маселени бир айдан бери кайра-кайра көтөрүп жатып жооп алганын айтууда. Бирок алар иштин жыйынтыгын көрсөткөндүн ордуна тергөө жүрүп жатканын айтышкан. Бул факт боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу да иликтөө ишин баштаган. Маалыматка ылайык, «айыл өкмөт башчысы административдик ресурс колдонгон жана талапкер менен соодалашып, добуш сатып алууга аракет кылышы мүмкүн» деген божомолдор каралып жатат. Мыйзам бузулганы далилденсе, партия же талапкер шайлоодон четтетилип, айыл өкмөт башчысына кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бакасов айыл өкмөттү сотко берген «Биримдик» партиясынын талапкерлеринин тизмесинде алтынчы болуп турган ишкер Улан Бакасовдун расмий өкүлү Майрамбек Өмүрбаев Интернетке тараган видео боюнча Азамат Мүсүркановду сотко бергенин маалымдаган. Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы Бакасовдун арызы 13-октябрда райондук сотто караларын маалымдады. Ал эми «Биримдик» партиясынын юристи Айым Камчыбекова буларга токтолду. «Биз сотту тездетип бергиле деп суранганбыз. Бирок бул иш конституциялык мыйзамдын негизинде эмес, жарандык тартипте каралат экен. Ошондуктан мөөнөтү да узак болот дешти». Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын ичинен «Биримдик» партиясы азыркы президенттин саясатын колдочу күчтөр катары коомчулукта мүнөздөлүп жатканы белгилүү. Ушундан улам аталган саясий партиянын дарегине карата дооматтар күч. Саясий серепчи Алмаз Тажибай ИИМдин ишин сынга алды. «ИИМдин алсыз болуп жатканы ишенбейм. Керек болсо бир күндүн ичинде аныктап койгонго мүмкүнчүлүгү бар. Пандемия учурунда тартип бузду деген адамдарды бир заматта таап кечирим суратып жатышпадыбы. Бирок негедир бул ишке келгенде алсыздыгын көрсөтүп жатат. Демек административдик ресурс колдонулуп жатат. Бийлик ошол партиянын колунда да. Нарында катталган бул факт чети гана. Билинбеген учурлар ондоп саналат». Буга чейин Башкы прокуратура Жазык кодексинин 192-беренеси («Шайлоочулардын добушун сатып алуу») боюнча 40 кылмыш иши козголгонун билдирген. Башкы прокуратура шайлоо учурундагы мыйзам бузуу боюнча аныкталган фактыларды өңүтүнө карап тиешелүү органдарга өткөрүп берип жатат. Алардын көбүн Ички иштер министрлиги тергөөдө. Бирок күч түзүмдөрү мыйзам бузуу фактыларынын санын айтканы менен кайсы партиялар шайлоо убагында балит ыкмаларды колдонгонун, канча адам жоопкерчиликке тартылганын ачыкка чыгарбай жатат. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:54

Кыргызстанда жарым миллиондой адамдын добуш берүү укугу жок

Кыргызстанда шайлоодо добуш берүү укугу жок адамдардын жалпы саны жарым миллионго жакын. Бул тууралуу 30-сентябрда «Азаттыкка» Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө биометрикалык каттоого туруу укугу бар 437 миң 384 кыргыз жараны мындай каттоодон өтө элек жана эски үлгүдөгү ID паспорт менен жүрөт. Мыйзам боюнча мындай жарандар шайлоого катыша алышпайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебинде, Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 3,5 миллионго жакын. 16 жаштан жогору курактагы жарандарды биометрикалык каттоого алуу тууралуу мыйзам 2014-жылдын июль айында кабыл алынган. Каттоону Мамлекеттик каттоо кызматы бекер жүргүзөт. 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоонун добуш берүү күнү болот. (RK)

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:54

Орусиянын оп тарткан орбитасы

Президент Сооронбай Жээнбеков орус лидери Владимир Путин менен жолугуп, Кыргызстанда «парламенттик шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданып жатканын» айтып, аларды «өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө каршылык көрсөтүп жаткандар» деп атады. Кыргыз президентинин айткандарынын жүйөсү барбы? Өлкөнүн ички саясатында сырткы күчтөрдүн, анын ичинде Орусиянын таасири канчалык? «Арай көз чарай»​ талкуусуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбеков, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов жана саясий серепчи Шерадил Бактыгулов катышты.​ «Азаттык»: - Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда орус президенти Путин менен жолукканда «парламенттик шайлоонун алдында өлкөбүздүн туруктуулугуна жана өнүгүшүнө каршы турган ар кандай күчтөр жанданды. Алар Кыргызстандын эгемендигине, биздин союздаштык мамилелерибизге, стратегиялык өнөктөштүгүбүзгө шек келтиришет» деди. Бул пикирдин канчалык жүйөсү бар? Болсо ал күчтөр кимдер, алар кандай шек келтирип жатышат? Артур Медетбеков: - Ачыгын айтканда Кыргызстандагы саясий өнөктүк – шайлоого байланыштуу жогорку деңгээлдеги сырткы күчтөрдүн таасири анча жок. Шайлоонун жүрүшүндөгү ар кандай опурталдуу жагдайлардын болуп жатышы ички күчтөрдүн таасири менен болууда. Себеби, шайлоо мурда болуп көрбөгөндөй чатактар менен башталып, үгүт маалында мыйзамсыз иштер болуп, 40тан ашык кылмыш иши козголуп отурат. Териштирүү иштеринен тыянактар жок болуп жатат. Айрым партиялар шайлоочулар менен жолугушууларда ар кандай чакырык таштап, катуу сын айтылууда. Административдик ресурс колдонулуп жатканына эл нааразы. 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп эл толкуп чыкса эмне болот? «Ал күнү көчөгө чыккыла» деп үндөгөндөр бар. Кээ бир партиялар «шайлоо адилетсиз болушу мүмкүн» деп алдын-ала эле айтышууда. Пандемияга байланыштуу абалыбыз начар, өкмөт банкрот абалына келди. Ушунун баары расмий бийликти, президентти кооптондурушу мүмкүн. Ошондуктан президент опурталдуу окуялар болуп кетпесин деп, алдын-ала эскертүү иретинде айттып жатат деп түшүнсөк болот. Аскар Бешимов: - Биринчиден, шайлоо болор алдында Орусиянын президентине баруу Кыргызстандын биринчи президентинен бери келаткан салт болуп калды. Путинге баруунун себеби бар: Кыргызстанда эки жолу революция болду, экөө тең сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү менен болду. Ал күчтөр өлкө ичинде элдин калың катмарынын нааразылыгын пайдаланып, өз максаттарына жетишкен. Кыргызстандагы ички күчтөр биригип өз алдынча революция кылып көрүшкөн эмес. Ошондой өткөнүбүздү эске алганда Кыргызстан кайсы өлкөгө таянат, кайсы өлкөдөн кепилдик алат деген суроолор жаралат. Ошондон улам Москвага барып, болгон кырдаал, абалыбыз менен тааныштырып, талкуулап келип атат. Биз баарыбыз байкагандай Орусиянын президенти Кыргызстанга кепилдик берди, керек болсо жекече кепилдик берип, азыркы бийликти, Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдой тургандыгын ачык билдирди. Шерадил Бактыгулов: - Кыргызстандын президенти ушул жылдын 26-июнунда Москвага барганда пандемияга байланыштуу Путин менен жолуга албай калган. Орусия тарап «абал оңолгондо президенттердин жолугушуусун уюштурабыз» деп билдирген. Сентябрдан бери сыртка каттоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондон улам кыргыз-орус өкмөт аралык соода-экономикалык комиссиясынын жыйыны болду. Булардын баары Орусия менен алака-катыштын кадимки көрүнүшү. Эми ага карабай, «Кыргызстанда АКШ шайлоого байланыштуу чаң-тополоң чыгарат экен» деп чет элдик маалымат каражаттары жазып жатышат. Бүгүн андай фактор, андай маанай, андай белгилер жок.​ «Азаттык»: - «Кыргыз президенттеринин шайлоо алдында Орусиянын президенти менен жолугуусу салтка айланып калган» деп айтылды. Салтка айланып калуунун артында эмне бар? Эмне үчүн шайлоо алдында Орусияга катташат? Артур Медетбеков: - Бул СССР мезгилинен бери келаткан салт. Биздин жогорку аткаминерлер Москва менен кеңешпей, макулдашпай эч нерсе чечкен эмес. Биринчи, экинчи, кийинки президенттерде да союз мезгилиндеги аң-сезим сиңип калган. Биз толугу менен советтик психологиядан арыла элекпиз. Ошондуктан Кыргызстан саясий, экономикалык жактан Орусияга көз каранды бойдон келатат. Орусия бизге насыялык, инвестициялык, каржылык колдоо көрсөткөнү, карызды кыскартуу, кыргыз мигранттарына жеңилдиктерди ж.б. жардамды бергени кыргыз бийлиги үчүн чоң колдоо. Аскар Бешимов: - Кыргызстанды Атамбаев башкарып турганда Батыш, Европа менен кызматташтыгыбызды солгундатып, бир багыттуу саясатка өтүп алганбыз. Азыр биз ким канча акча берсе ошолор менен гана алака кылганга өтүп алдык. Бюджет начар, пандемия абалыбызды ого бетер начарлатты. Азыркы бийлик бардык тараптан акча издеп жүрөт, негизги үмүт дагы эле Орусияда... Артур Медетбеков: - 2014-жылы Орусия «Кыргызстанга бир миллиард 200 миллион долларлык аскердик курал-жарак, техника беребиз» деген, берди. Ал куралдар Орусия үчүн эскирип калганы менен Кыргызстан үчүн чоң колдоо, чоң жардам болду...

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:54

Радио-Подкаст

Кыргызстан коронавирус кризиси шартында шайлоо өткөрүүдө. Кандай тобокелдиктер бар? Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова аймактардагы абал, добуш берүүчүлөрдүн укугу жаатында ой бөлүштү.

Подробнее
29 сентября 2020 г. 19:13

Замандаш менен.

Ак- Талаа районунун Кайыңды-Булак (РТС) айылы, Замандаш менен. Жогорку Кеңешке талапкер Жакшылык Матанов эл менен жолугушуп, партиянын программасы, алдыдагы максаттары тууралуу кеңири айтып берди.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 10:10

Чириген система

Теледебат КТРК! "Кыргызстандагы чириген системаны алмаштырыш керек!" - Мирбек Мияров.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:54

Более 437 тыс кыргызстанцев не смогут проголосовать. Почему

Миссия наблюдателей от СНГ также отмечает большое количество избирателей, принявших решение голосовать по форме № 2.БИШКЕК, 30 сен — Sputnik. 437 384 гражданина Кыргызстана, обладающих активным избирательным правом, не прошли биометрическую регистрацию и не смогут участвовать в выборах депутатов Жогорку Кенеша. Об этом говорится в промежуточном отчете миссии наблюдателей СНГ о ходе наблюдения за подготовкой и проведением парламентских выборов в КР. В своем отчете миссия опирается на данные Государственной регистрационной службы КР. Уточняется, что благодаря работе, проделанной ГРС совместно с ЦИК, количество граждан, не сдавших биометрические данные, сократилось с 2017 года на 300 тысяч. "Стоимость" одного голоса на крупных выборах в КР с 2010 года — сравнение Миссия наблюдателей от СНГ также отмечает большое количество избирателей, принявших решение голосовать по избирательному адресу (форма № 2). Этим правом воспользовались 488 124 человека. Выборы в Жогорку Кенеш пройдут 4 октября. Согласно данным ЦИК, в них могут участвовать 3 миллиона 523 тысячи 532 избирателя. За депутатские мандаты борются 16 партий.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:54

437 миңден ашык кыргызстандык добуш берүү укугунан ажырады. Себеби

КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар миссиясы да форма №2 менен добуш берүүнү каалаган шайлоочулар көп экенин белгилешти.БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Добуш берүү укугу бар 437 384 кыргызстандык жаран биометрикалык каттоодон өтпөй, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу КМШнын байкоочу миссиясынын КРдеги парламенттик шайлоого жүргүзүлгөн байкоолор тууралуу отчетунда айтылат. Миссия өз отчетунда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтарга таянган. Мамкаттоо БШК менен биргеликте жүргүзгөн аракеттеринин негизинде биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек жарандар 2017-жылга салыштырмалуу 300 миңге азайганы айтылды. Кайсы облуста шайлоочулардын саны көп? Тизме КМШ байкоочулар миссиясы ошондой эле шайлоо дареги боюнча (форма № 2) добуш берүүнү чечкен жарандардын саны көп экенин белгилейт. Мындай укуктан пайдаланган шайлоочулардын саны 488 124тү түзөт. Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүгө 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша алат. Парламенттеги 120 депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышууда.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:54

Выборы-2020. Расходы партий на выборы

Центральная избирательная комиссия опубликовала последние данные о расходах политических партий, участвующих в парламентских выборах. По состоянию на 25 сентября в избирательные фонды партий поступило около 570 миллионов сомов, из которых потрачено на агитацию более 557 миллионов. Больше всего средств потратила партия «Мекеним Кыргызстан» . Она собрала в свой избирательный фонд более 118 миллионов сомов и израсходовала 116 миллионов. Меньше всего собрала и потратила партия «Чон Казат» . На их счет поступило 6 миллионов 688 тысяч сомов, а потрачено почти 6 с половиной миллионов.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:55

Бермет Букашева: “Нечестные выборы не в интересах Жээнбекова”

Бермет Букашева в интервью ИА “Фергана” прокомментировала предстоящие парламентские выборы в Кыргызстане. Известная журналистка, ныне проживающая в США, считает, что власти не стали переносить выборы для того, чтобы не давать оппозиционным партиям возможности подготовиться получше. “ Если ситуация с ковидом осложнилась бы, то шансы оппозиционных партий победить были бы выше. Сейчас власти не стоит на выборах вести нечестную игру, пытаться фальсифицировать результаты, педалировать админресурс, стоит прислушиваться к импульсам времени. Это непростой год. Пандемия пробудила вулкан эмоций у людей во всем мире. Посмотрите на Америку, здесь после выборов предрекают гражданскую войну. Посмотрите на Беларусь после выборов. Нечестные выборы не в интересах Сооронбая Жээнбекова ”,- сказала она.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники