О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
29 сентября 2020 г. 0:19

COVID-19: шайлоодо добуш берүүнүн алгоритми жарыяланды

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербеш үчүн 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо күнү добуш берүүнүн алгоритми иштелип чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) алгоритм Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге иштелип чыкканын 28-сентябрда билдирди. Маалыматка караганда, анда шайлоого байланыштуу бир катар талаптар камтылган. Ага ылайык, шайлоо күнү добушканаларда жараянга катышкандардын баары дезинфекциялоо каражаттарын, бет кап, мээлей колдонуп, 1,5-2 метр аралыкты сакташы керек. Башкалар менен кол кармашып учурашууга болбойт. Бул талаптар биометрикалык жана жеке маалыматтар боюнча шайлоочулардын идентификациялоодон ѳткѳн учурларынан башка бардык жараяндарда сакталууга тийиш. Кыргызстанда 120 орундуу парламентке кезектеги шайлоо 4-октябрда болот. 16 партия катыша турган шайлоонун алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган жана добуш берүүгө бир күн калганда токтошу керек. Акыркы күндөрдөгү расмий статистика өлкөдө коронавирус жугузуп алгандар кайра көбөйө баштаганын көрсөтүп жатат. (NT)

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:19

Активисттер БШКга Аманкуловду жана «Биримдикти» шайлоодон четтетүү тууралуу арыз беришти

Жарандык активисттер «Биримдик» партиясын жана анын лидери Марат Аманкуловду парламенттик шайлоонун жарышынан четтетүү тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 150 кишинин колу коюлган арызды тапшырышты. Бул тууралуу 28-сентябрда жарандык активист Умай Арыкова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, арыздануучулар Аманкуловдун эгемендик тууралуу айткандарын «Баш мыйзамга жана элге каршы келген жикчил билдирүү» деп, «Биримдиктин» программасы менен идеологиясы «Кыргызстандын Конституциясына, эгемендигине жана мындан аркы өнүгүшүнө коркунуч келтирерин» белгилешкен. БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева Аманкуловдун айткандарында эгемендикке коркунуч келтирген белгилер бар экенин, комиссия анын сөзүнө өз баасын бериши керек экенин билдирди. Мыйзам боюнча БШК түшкөн арызды беш күн ичинде толук карап бүтүп, өз чечимин чыгарышы керек. Аманкуловдун Орусиядагы жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзү жазылган кыска видеотасма Интернетте 26-сентябрда тараган. Анда саясатчы: «Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат», - деп билдирген. Бул коомчулукта кескин сын жана кызуу талкуу жаратууда. 27-сентябрда Бишкекте, Ошто, Караколдо нааразылык акциялары уюштурулуп, Аманкуловду жана ал жетектеген «Биримдик» партиясын парламенттик шайлоонун жарышынан четтетүү тууралуу талаптар коюлган. Ушундай эле демилгелер социалдык тармактар аркылуу да көтөрүлгөн. Марат Аманкулов сынга кабылып жаткан видеотасмага комментарий берип, аны атайын жасалган чагым деп баалады. Ал видео 2019-жылы Кыргызстан менен Орусиянын Эриш-аркак жылын өткөрүүнүн алдындагы Москвадагы маданий иш-чарада тартылганын, анда айтканы контексттен суурулуп алынганын билдирген. Жогорку Кеңештин расмий сайтында бул жолугушуу былтыр жыл аягында эмес, быйыл февраль айында өткөнү тууралуу маалымат турат. Бийликтин партиясы катары сыпатталып жаткан «Биримдик» парламенттик шайлоого катышууда. 4-октябрда өтө турган шайлоого жалпысынан 16 партия ат салышып жатат. (RK)

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:19

Боршайком: Аманкулов боюнча арыз түшкөн жок, жумушчу топ өз алдынча кароого укуктуу

«Биримдик» саясий партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкуловдун «эгемендикке акаарат келтирди» деп кескин сынга кабылып жаткан сөзү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) расмий арыз түшө элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» Боршайкомдун жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди: «Биз деле социалдык түйүндөрдөн билип жатабыз. Расмий арыз түшкөн жок. Биздин арыз, даттануу, кайрылуу боюнча жумушчу тобубуз билдирүүлөр же маалыматтар чыкканда кайрылуу түшпөсө да өз демилгеси менен карашы мүмкүн». Аманкуловдун Орусиядагы жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзү жазылган кыска видео Интернетте 26-сентябрда тараган. Анда саясатчы: «Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат», - деп билдирген. Бул коомчулукта кескин сын жана кызуу талкуу жаратууда. 27-сентябрда Бишкекте, Ошто, Караколдо нааразылык акциялары уюштурулуп, Марат Аманкуловду жана ал жетектеген «Биримдик» саясий партиясын парламенттик шайлоонун жарышынан четтетүү тууралуу талаптар коюлду. Марат Аманкулов сынга кабылып жаткан видеотасмага комментарий берип, аны атайын жасалган чагым деп баалады. Бийликтин партиясы катары сыпатталып жаткан «Биримдик» парламенттик шайлоого катышууда. 4-октябрда өтө турган шайлоого жалпысынан 16 партия ат салышып жатат. (RK)

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:20

Шайлоо сайын багын сынаган «Бүтүн Кыргызстан»

Тизме түзүүдөгү чырдан улам «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) эң акыркы болуп каттоодон өттү. Партияны соңку он жылда президенттик жана парламенттик ири төрт шайлоого катышып ийгилик жарата албай келаткан Адахан Мадумаров баштап баратат. Саясий уюм Боршайкомго 120 талапкердин тизмесин тапшырса, анын 70тен көбү жумушсуз. Арасында иши сотто каралып жаткан адамдар, мурдагы бийликтин тушунда «капчык» деген атка конгон Мурат Малабаевдин уулу жана башка кишилер бар. Эски-жаңы партиялаштардын тиреши «Бүтүн Кыргызстан» партиясы бул жолку шайлоо өнөктүгүн ызы-чуу менен баштады. Буга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулунун тизме боюнча партияга каршы жазган арызы жана саясий уюмдун аппарат жетекчисинин билдирүүсү себеп болду. Бакир уулу партиянын курултайында шайлоого талапкер болуп бекитилип, алдыңкы 20 орундукка киргенин, кийин артка жылдырылып, андан соң такыр эле чыгып калганын айтып арызданган. Ал муну акчасы барлар алдыңкы катарга туруп алганы менен байланыштырып, БШКдан бекитилген тизмени бузганы үчүн партияны шайлоодон четтетүүнү суранган. Анын арызы колдоо тапкан эмес. Бирок Боршайком 3-сентябрдагы отурумунда «талапкерлерин аныктоодо эреже бузган» деген негиз менен «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоого каттоодон баш тарткан. Партия муну «саясий чечим» катары баалап, Бишкектин административдик сотуна арыз берип 9-сентябрда БШКны утуп алды. 19-августта партиянын жыйынынан кийин Адахан Мадумаров шайлоого карата чыныгы оппозициялык күч болуп барышарын, катарына тажрыйбалуу саясатчылар кошулганын жарыялаган. Алардын арасында «Ата Мекен» партиясы менен шайлоого катышууну чечип, кийин «Бүтүн Кыргызстанды» тандап кеткен экс-премьер-министр Темир Сариев да бар болчу. Көп өтпөй Сариев бул партиядан да чыгып, шайлоого такыр эле катышпасын билдирди, бирок анын себептерин ачык айткан эмес. Ага удаа эле «Бүтүн Кыргызстан» менен шайлоого бараткан КСДПчылар Мурадыл Мадеминов менен Абдыманап Кутушев да оюнан кайтканы белгилүү болду. Алардын артынан эле партиянын жаштар канатынын лидери Мырзахит Мырзаев партиядан өз каалоосу менен чыкканын билдирди. Шайлоо алдында мындай биригүүлөр жана ажырашуулар мыйзам ченемдүү эле көрүнүш катары бааланып жаткан. Бирок 10 жылдан бери «Бүтүн Кыргызстандын» катарында жүрүп, акыркы үч жылдан бери партиянын аппаратын башкарып келаткан Динмухаммед Ыбрайымовдун партиядан чыгып кетиши талкуу жаратты. «Партияны Мадумаров башкарбай калды» Ал депутаттыкка талапкердин тизмесин түзүүдөгү кайчы пикирлер жана партиянын эски мүчөлөрү менен шайлоо алдында кошулган саясатчылардын ортосундагы тиреш тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары менен маектешип, партиянын ичиндеги бир топ сырды ачты. «Тизме түзүүдө Адахан Кимсанбаевич менен пикирибиз келишпей калды. Башка эле адамдар келип, партияга таза эмес кишилерди киргизе башташты. Биз башынан эле «тазалык, актык» деп келген партиянын кармаган багыты өзгөрүп кетти. Ушундан улам пикирибиз келишпей, партиядан чыгууга аргасыз болдум. Лидерибиз ар дайым «биздин тизмени эл курайт» деп айтып келген. Тилекке каршы, партияга кошулган эки генерал (Өмүрбек Суваналиев, Курсан Асанов) өздөрүнүн адамдарын киргизишти. Алдыңкы катарда партияга тиешеси жок эле адамдар турат. Мен ал кишини (Адахан Мадумаров) сыйлайм. Баласындай эле чогуу жүрүп калдым. «Биз - элдик партиябыз» деп келгенбиз. Тилекке каршы, арты таза эмес адамдар кошулуп алып элдик партия деле болбой калдык. Азыр өзү партияны (Адахан Мадумаров) башкара албай калды. Сырттан келген адамдардын таасири күчтүү». «Бүтүн Кыргызстан» сот иштерине байланыштуу үгүт иштерин шайлоого бараткан дагы 15 партияга салыштырмалуу беш күн кеч баштады. Партияны каттоодон баш тартуу боюнча чечимге каршы болгон БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматованы жана партиянын пайдасына чечим чыгарган Бишкектин административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиеваны «Бүтүн Кыргызстандын» тарапкерлери Кызсайкалга теңеп жиберишти. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоо алдында болгон бул окуяларды атайын уюштурулган иш катары баалап, БШКнын жыйынында тизме тууралуу буларга токтолгон. «Съезд бүткөндөн кийин ар кандай себептер менен тизмеден бир канча киши чыкты. Бул трагедия эмес. Ал киши (Динмухаммед Ыбрайымов) баарын таштап алып кеткен. Тизмени да ал түзгөн. Техникалык себептерден улам Турсунбай Бакир уулу тизмеге кирбей калган болсо БШК уруксат берсе биз аны киргизип коёбуз. Бул жерде маселе жок». БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тизме Боршайкомго тапшырылгандан кийин ал өзгөртүлбөй турганын, Бакир уулун тизмеге кошууга мүмкүн эмес экенин эскерткен. Мадумаровдун шайлоодогу 10 жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясы Адахан Мадумаровдун жетекчилиги астында акыркы он жылда эки парламенттик шайлоого катышты. Экөөндө тең босого чекти өтө албай парламентке келе алган жок. 2010-жылы өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо 139 миң добуш алып, жалпы добуштардын 4,6% жакынын түзгөн. 2015-жылы парламенттик шайлоого «Эмгек» партиясы менен биригип «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» болуп катышкан. Анда шайлоого катышкандардын 6,15% добушун алган. Ал парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланганын айтып, аны тааныбай турганын кайталап келет. Мадумаров ушул эле убакыт ичинде эки жолу президенттик шайлоодо күч сынашып көрдү. 2011-жылы Алмазбек Атамбаевге уттуруп жиберсе, 2017-жылкы шайлоодо 110 284 добуш алып, бирок марага Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдон кийин келген. «Азаттык» радиосунун «Эксперттер талдайт» берүүсүнүн буга чейинки чыгарылыштарынын биринде Адахан Мадумаров саясий пиар адис Азим Азимовду «шайлоону жон териси менен сезип көрбөгөн эскперт» деп айткан. Шайлоо темасы талкууланган ал берүүдө Азимов мындайча жооп берген эле. «13 жылдан бери шайлоого катышып келаткан тажрыйбам бар. Албетте, Адахан Кимсанбаевич өтө тажрыйбалуу саясатчы, бирок жеңүү тажрыйбасы азыраак. Акыркы 10 жылдан бери шайлоону жеңе элек. Акыркы үч циклды жеңилүү менен өткөргөн саясатчынын стратегиясында ката бар. Ушундай маанилүү шайлоолордо биздин саясатчылар аны мойнуна алып, кандай саясий талаада иштеп жатканын түшүнүп, жыйынтык чыгарышы керек. Себеби, шайлоо сайын эле 10 миңдей добуш жетпей калып жатса бир нерсе туура эмес жасалып жатат да». «Комиссар Каттанинин» кайтып келиши Партиянын тизмесинде Адахан Мадумаровдон кийин эле экинчи болуп Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, милициянын генерал-майору Өмүрбек Суваналиев турат. Коомчулукта 90-жылдардан бери «Комиссар Каттани» деген лакап ат менен белгилүү Суваналиев бул кызматка былтыр февраль айында дайындалган. Ал көп жерде иштегени менен дээрлик бардык кызматтарында бир-эки жылдан ашык кармалган эмес. Өмүрбек Суваналиев 1995-1997-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 1997-1998-жылдары Улуттук коопсуздук министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгын жетектеген. 1999-2002-жылдары «Ар-Намыс» партиясында фондду, 2003-жылы Акыйкатчынын аппаратында саясатчылардын жана соттолгондордун укуктары боюнча департаментти кыска убакыт башкарган. Ички иштер органдарына кайра 2003-жылы кайткан жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалып, эки жылдай иштеген. 2005-2007-жылдары Бишкек милициясын кыска убакыт башкарган, ички иштер министринин орун басары, ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп турган. 2007-2008-жылдары президенттин администрациясында коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмдү жетектеген. Өмүрбек Суваналиев 2010-жылы июнь коогасынын убагында Ош милициясын кыска убакыт башкарган. Ошол жылы ал кезде Убактылуу өкмөттүн жетекчилеринин бири болгон Алмазбек Атамбаев менен пикир келишпестиги ачыкка чыгып, оппозицияга кеткен. 2011-жылы президенттикке ат салышкан. Ал «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров менен буга чейин эле мамилеси жакшы экени белгилүү. 2017-жылы президенттик шайлоонун алдында алар кеңири саясий альянс түзүүгө да аракет кылышкан. Коопсуздук кеңешине ишке орношкондон кийин жалпыга маалымдоо каражаттарында, кеңештин жыйындарында деле көзгө урунган жок. Парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» менен барары белгилүү болгондон кийин бийликтин саясатын сындап чыкты. Ал президент Сооронбай Жээнбеков айланасындагы күчтөрдүн туткунунда калганын, өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор Жогорку Кеңешке келатканын айтып коңгуроо какты. «Мен «мафиягы уттурдук» деп айтпадымбы. Чечим кабыл алууда ошолордун таасири күчтүү. Ошол эле Райымбек Матраимов боюнча айтсак. Биздин күч тармагындагы чоңдордун өмүр баянын карасаңар бардыгы тең Райым менен Ошто чогуу иштеген. Алар шеринелештер, достор. Баары тең Сооронбай Жээнбеков Ошко губернатор болгонго чейин иштешкен. Жээнбеков «факты бергиле» деп эмне үчүн айтып жатат? Себеби, ага бурмаланган фактылар берилип жатат». Асановдун «байлыгы менен баштыгы» «Бүтүн Кыргызстан» партиясында дагы бир генерал Курсан Асанов бар. Кой-Таш окуясы боюнча сотто иши каралып жаткан Асанов милицияга жумушка 1990-жылы орношкон жана эмгек жолун Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы бөлүгүнүн 6-ротасында баштаган. 1994-жылы ушул ротанын командиринин кызматына чейин көтөрүлүп, үч жыл жетектеген. Андан кийин милициянын ыкчам иликтөө бөлүмүнө которулган. 1997-2005-жылдары ал Ош менен Жалал-Абад облустарында ички иштер бөлүмдөрүндө ыкчам иштер боюнча бөлүм башчы, милиция башчысынын орун басары сыяктуу кызматтарда турган. Курсан Асанов 2005-2008-жылдардын аралыгында Ош облусундагы эң ири Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүн башкарган. 2008-жылы Ош шаардык милициясынын 9-бөлүмүн кыска убакыт жетектеп турган. Ал 2010-жылы апрель окуяларына чейин Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Ош шаардык милициянын жетекчисинин орун басары өңдүү кызматтарда иштеген. Асанов 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Ош шаардык ички иштер бөлүмүн жетектеген. Июнь коогасында Ош шаарынын коменданты болгон. 2010-жылы парламенттик шайлоого КСДПнын тизмеси менен катышып, мандат алган. Бирок парламентте көпкө кармалган эмес. 2011-жылы март айында ошол учурдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаев Курсан Асановду ички иштер министринин түштүк облустары боюнча орун басары кылып дайындаган. Былтыр Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операцияларынан кийин «милициянын кызыкчылыгын сатты» деген негиз менен ички иштер министринин орун басары кызматынан алынган. Ал бул кызматта сегиз жылдан бери отурган эле. Башкы прокуратура ага каршы үч кылмыш ишин козгоп, ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Ал «Алмазбек Атамбаевдин хан сарайынан көтөрүп чыгып Атамбаевдин тарапташтарына өткөрүп берген» деген кочкул кызыл баштыкта эмне болгон жана ал кайда кеткени азыркыга чейин табышмак. Башкы прокуратура баштыкта далил буюмдар жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтер бар болгонун кабарлаган. Бул ишке байланыштуу Асановдун уулу Мухамедали Асанов издөөдө жүрөт. Жакында эле социалдык тармактарга "Курсан Асановдун байлыгы" делген видео тарады. Анда Асановдун Бишкекте жана Ошто хан сарайлары, бизнеси бар экени айтылат. Байлыгынын жалпы баасы 5 млн. 500 миң доллар деп бааланып, «айлыгына мындай мүлктү кантип сатып алган?» деген суроо берилген. Тасмада мүлктү жакындарына жаздырып койгону тууралуу сөз болот. «Бишкек шаарындагы Байтик баатыр көчөсү 17/2 дарегинде пентхаусу бар экен. Жалпы аянты 250 чарчы метр. Анын азыркы базар баасы 300 миң долларга туура келет. Ош шаарынын «Резиденция» аттуу турак жай массивиндеги элиталык тамы бар. Жалпы аянты 347 чарчы метр. Базар баасы 200 миң доллар турат. Бишкектин Орто-Сай районунда курулуп жаткан жалпы аянты 320 чарчы метр там бар. Базар баасы 400 миң доллар турат экен. «BELLAGIO» деген элиталык имараттар тармагы анын колунда. Бул бизнестин жалпы наркы 2 миллион АКШ долларына барабар. Бишкектин Баялинов көчөсү 142 дарегиндеги «Чай-Хан» аттуу чайкана да аныкы. Бул бизнестин жалпы наркы 600 миң АКШ доллары турат». Курсан Асанов үгүт иштеринин биринде Интернетке чыккан тасмага жооп берди: «Досторум «Ошто, Бишкекте хан сарайларың, чайкана, дүкөндөрүң бар экен» деп жазып атышат. Булар эки нерсени жазбай калыптыр. Ак үйдү да, Өкмөт үйүн да мен ижарага бергем. Өкмөттүн үйүнө бир ай, Ак үйгө эки-үч жыл калды. Жакында мен кайтарып алам. Азыркы бийликтин колунан келсе калган тапкандарын жетим балдарга өткөрүп берсин. Бир жылдан бери классташтарымды, туугандарымды, айылдаштарымды текшерип бир да нерсе тапкан жок. Себеби, эч нерсе жок». Ушул жерден дагы бир талапкер тууралуу сөз кыла кетели. Курсан Асановдун өкүл баласы, журналист Турсунбек Бейшенбеков да «Бүтүн Кыргызстан» менен шайлоого баратат. Ал өкүл атасы менен чогуу мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга байланыштуу айыптаган жалган маалыматтарды тараткан деп айыпталып, иши сотто каралууда. Жумушсуздар жана депутаттар «Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШКга жалпы 120 талапкердин тизмесин тапшырган. Анын ичинен Адахан Мадумаров баш болуп 70тен ашык киши жумушсуз деп көрсөтүлгөн. Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат болгон Исхак Масалиев «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан үчүнчү катар менен шайлоого баратат. Ал бул чакырылыштын мөөнөтү бүтүп баратканда мандатын тапшырган. Муну ал парламентте көтөргөн демилгелери колдоо таппай жатканы менен түшүндүрүп, Жогорку Кеңеште отуруунун мааниси жок экенин айткан. Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев да «Бүтүн Кыргызстанга» кошулду. Ал буга чейин парламенттин аппараттын жетектеген. Анын уулу Болгарияда кармалды. Баштапкы маалыматтар боюнча, ал Кыргызстанда ири алдамчылыкка шек саналып жатат. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин «Ак Жол» партиясы менен IV чакырылышта депутат болгон Зиядин Жамалдинов «Бүтүн Кыргызстанга» кирди. Жамалдинов да парламенттин VI чакырылышынын иши мына-мына бүтөт деп жатканда мандатын тапшырган экстердин бири. Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков да ушул партия менен шайлоого аттанды. Акыркы кездерде бийликтин саясатын кескин сындап келаткан журналист Айданбек Акматов 15-катарга жазылган. Акматов «Фейсбуктагы» баракчасына жазган билдирүүсү үчүн ИИМде сурак берип жатат. 8-орун Орозайым Нарматова тийген. Ал буга чейин «Мекенчил» партиясында экени, шайлоодо «Бүтүн Кыргызстанга» кошулганы айтылды. КТРКда өткөн теледебаттарда Орусиядагы кыргыз мигранттарынын атынан партияга киргенин айтты. Партиянын тизмесинде 27-болуп бараткан Малик Осмонов Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болгон. Парламентке келгенге чейин бажы тармагына иштегени, бизнес менен алектенгени айтылат. Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер, «Аман эйр» авиакомпаниясынын президентинин кеңешчиси Бегалы Наргозуев тизмеде 51-орунда. Ал учурда "Kyrgyztoday.kg" сайтынын ээси катары да айтылып келе жатат. Чыр ээрчигендер менен чыгармачылдар 10-тизмеде туңгуч президент Аскар Акаевдин тушунда Бажы кызматын башкарган, «Акаевдин капчыгы» деген лакап атка конгон Муратбек Малабаевдин уулу Медербек Малабаев бар. Ал 2015-жылы парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясы менен катышкан. 2010-жылы Жогорку Кеңешке КСДПдан депутат болгон Олег Домшенко бул жолу шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен баратат. Тизмеде 13-болуп турган Домшенко бир канча жыл курулуш тармагында иштеген. 2013-жылы ал депутат кезинде иниси жер сатууга байланышкан чуулгандуу ишке аралашканы тууралуу кабарлар чыккан. Ал эми өзү болсо электр энергиясына төлөбөгөн карызы 107 миң сомго жетип кеткени аныкталып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын башкы беттеринен орун алган. Партиянын тизмесинде Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Эрлан Сапарбаев 17-орунда. Ал Мамлекеттик каттоо кызматына 2012-жылы парламенттеги «Ар-намыс» фракциясынын атынан сунушталган. Кримтөбөл Азиз Батукаевге тез арада паспорт жасалып, Кыргызстандан чыгып кеткен учурда ал ушул мекемени жетектеп турган. Эрлан Сапарбаев Батукаевге паспорт берүүдө мыйзамдар бузулбаганын билдирген. Партиянын тизмесиндеги маданият өкүлдөрү тууралуу да айта кетели. Маселен, Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театрынын директору Темирлан Сманбеков тизмеде 5-орунда. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков театр жана кино артисти, алып баруучу жана устат катары белгилүү. Куудул, «Бешилик» деген куудулдардын тобун түзгөн Рахманжан Разыков «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын катарында. Ал эми ырчы жана обончу Абыдин Темиров тизмеде 29-болуп турат. «Азаттык» радиосу парламенттик шайлоого катышып жаткан башка да партиялардын талапкерлер тизмесин талдоодо. Редакция макалада аты аталган адамдарга да микрофон сунууга даяр.

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:21

Бет кап бекер берилет. Шайлоодо COVID-19дан коргонуу алгоритми иштелип чыкты

Шайлоо күнү коопсуздукту сактоо үчүн кандай санитардык эрежелер иштелип чыкты? Коронавирус менен ооругандар добуш бере алабы? Бет кап тагынбай баргандар шайлоо участкасына киргизилеби? Ушул жана башка суроолорго жооптуу төмөнкү материалдан таба аласыздар.БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы жана Саламаттык сактоо министрлиги шайлоодо коронавирустун жайылышына бөгөт коюу үчүн санитардык нормалардын алгоритмин иштеп чыкты. Анда шайлоонун алдында жана добуш берүү күнү иш процессин уюштурууда бир катар талаптар камтылган. Дезинфекциялоо каражаттарын, бет каптарды, бир жолу колдонулуучу кол каптарды пайдалануу, 1,5-2 метр социалдык аралыкты сактоо, кол алышып учурашпоо жана башка байланыштарды токтотуу каралган. Министрлик: шайлоого карата вирус жуктургандардын саны азайтылган жок Добуш берүү күнкү талаптар: Шайлоо участкасына кирерде шайлоочуларга бир жолку бет кап жана кол каптар акысыз берилет; Санитардык-эпидемиологиялык кызмат келген шайлоочулардын дене табын текшерет; Кире беришке санитайзер жана дезинфекциялоочу аралашма менен нымдалган килемче коюлат; Жергиликтүү бийлик шайлоо участогунун кире беришине коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакат илет; Шайлоо участогуна адамдардын кирип-чыгуу схемасы түзүлөт; Жергиликтүү бийлик шайлоо участогунун аймагына аралыкты сактоо чийиндерин белгилейт; Парламенттик шайлоодо канча кыргызстандык добуш бере алары белгилүү болду Жергиликтүү бийлик добуш берүү процесси башталганга чейин шайлоо участкасын дыкат дезинфекциялайт; УШКнын бардык мүчөлөрүнө жеке коргонуу каражаттар берилет; Ар кандай уюмдардан келген байкоочулар, ЖМК өкүлдөрү, талапкерлер жана саясий партиялардын өкүлдөрү жеке коргоо каражаттары менен камсыздалат; Добуш берүүчү кабиналар жана технологиялык жабдуулар бири-биринен 1,5-2 метр аралыкта жайгаштырылат; Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бири-биринен 1,5-2 метр алыстыкта отурат жана бир шайлоочуну тейлеп бүткөндөн кийин колуна антисептик сээп турат; Добуш берүүчү кабина пардасыз колдонулат; Желдетүү системасы жок болсо, ар 30 мүнөт сайын 15 мүнөттөн желдетип туруу керек. Эгерде сыртта абанын температурасы 18 градустан жогору болсо терезе ачык турушу керек. Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу Добуш берүү процесси: Шайлоочу паспортун УШК мүчөсүнө бергенден кийин кол кабын чечип, колуна антисептик сээп, манжасы менен идентификациялоодон өтөт. Андан соң кайра антисептик чачып кол кабын киет. Шайлоочу жүзүнүн биометрикалык параметрлери боюнча идентификациялоодон өткөндө бет кабын чечип турат; Ар бир шайлоочудан кийин идентификациялоо боюнча жабдуу дезинфекцияланат; Добуш берүү үчүн кабина жана автоматтык эсептөөчү урналар ар бир 60 мүнөттө эки ирет дезинфекцияланат; Оорунун белгилери бар шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн өзүнчө кабина болууга тийиш; БШК оорунун белгилери бар же бейтаптар менен байланышта болгон, обсервацияда жаткан жарандар үчүн да добуш берүүнүн жол-жобосу иштелип чыкканын кошумчалады. Мындай категорияга кирген шайлоочулар 2-октябрга чейин үйдөн добуш берүү мүмкүнчүлүгүн сурап УШКга кайрылышы керек. Ага ылайык 3-октябрда добуш бере алат. Эгер шайлоо участогуна барып добуш берүүнү кааласа 18.00дөн кийин келүү сунушталат.

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:21

Выборы 2020. В КР обеспокоены законом, позволяющим после регистрации менять список кандидатов

Бишкек, 28.09.20. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Общественные наблюдатели обеспокоены законом, позволяющим после регистрации корректировать список кандидатов. В ходе пресс-конференции в агентстве «Кабар» председатель правления ОФ «Общее дело» Аида Суйундуева сообщила, что ими было проведено наблюдение постоянными и временными наблюдателями с 24 августа по 25 сентября. На пресс-конференции был представлен промежуточный результат отчета. Отчет включал в себя такие направления, как организация выборов, правовой анализ избирательного законодательства, выдвижение и регистрация кандидатов, информирование избирателей и предвыборная агитация, жалобы и заявления. Так, по словам Суйундуевой, недавно из списка кандидатов одной из партий выбыли 8 женщин. «Это говорит о том, что закон позволяет вносить корректировку в список после утверждения. На момент регистрации партии соблюдают квоты, но после процесса регистрации можно не соблюдать. Эта ситуация нас беспокоит», - сказала она. Глава Фонда добавила, что эта ситуация может коснуться других квот, в том числе ЛОВЗ, молодых кандидатов и представителей этнических меньшинств.

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:21

В школе Бишкека директор уволила учителя, которая отказалась агитировать за одну из партий

Бишкек, 28.09.20. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. В 64-й школе Бишкека директор уволила учителя, которая отказалась агитировать за одну из партий. Об этом на пресс-коференции в агентстве «Кабар» сообщила юрист ОФ «Общественное дело» Тариэль Алиев. На пресс-конференции были представлены итоги проведенного наблюдения постоянными и временными наблюдателями с 24 августа по 25 сентября за выборным процессом в Кыргызстане. На пресс-конференции был представлен промежуточный результат отчета. Отчет включал в себя такие направления, как организация выборов, правовой анализ избирательного законодательства, выдвижение и регистрация кандидатов, информирование избирателей и предвыборная агитация, жалобы и заявления. Так, по словам Алиева, наблюдателями Фонда были выявлены два факта: подкуп голосов и использование административного ресурса. После их обращения в территориальные избирательные участки и правоохранительные органы, был дан ответ о возбуждении уголовного дела. «Один факт в Кадамжайском районе был. Наш долгосрочный наблюдатель выявил подкуп голосов. После обратился в ТИК, а дальше материалы переданы в РОВД. Нам дали ответ, что факт зарегистрировано в ЕРПП. По злоупотреблению административным ресурсом был один факт в Октябрьском РУВД. В школе №64 директор требовала учителей собирать данные и агитировать за определенную партию. Одна учительница отказалась, за что ее уволили. Она обратилась к нам, а мы уже в прокуратуру. Последние передали дело в РУДВ, было возбуждено уголовное дело», - добавил он.

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:22

БИРИМДИК №1. Бактыгуль Жумакулова рассказала бишкекчанам о реформировании медицины в стране

Бишкек, 26.09.20 /Кабар/. «Обеспечить население качественной и доступной медициной – приоритетная задача партии «Биримдик», - отметила кандидат от партии Бактыгуль Жумакулова на встрече с жителями Октябрьского района города Бишкек. По ее словам, партия предлагает провести реформу в управлении и оснащении станций скорой помощи по всей стране. Кареты скорой помощи будут приезжать на место вызова не более чем за 15-20 минут. Также, как она отметила, будут приложены все усилия для развития первичной медицинской помощи населению, особенно в регионах. «По стране будут модернизированы не менее 30 ЦСМ. Новшество будет включать в себя электронную запись, электронную амбулаторную карту, цифровые медицинские услуги, укомплектованность семейными врачами на 70%. В регионах бдут запущены не менее 7 профильных больниц будущего. Такие задачи ставит перед собой «Биримдик»», - отметила Жумакулова. Также в числе приоритетных задач кандидат выделила следующие: - развитие системы качественного и доступного здравоохранения; - разработка и внедрение системы электронного учета всех лекарственных средств и медицинских изделий от импортера, производителя до конечного потребителя; - улучшение качества медицинских услуг, разработка и реализация общегосударственной программы, направленной на снижение коррупционных рисков в сфере здравоохранения. Здоровье каждого человека – залог благополучия всей нации, поэтому Жумакулова призвала избирателей сделать правильный выбор и проголосовать за партию «Биримдик» №1. Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:22

БШК шайлоону өткөрүүдөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмин жарыялады

БШК 2020-жылдын 4-октябрында КР ЖК депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден-соолугун коргоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин жарыялады. Ага ылайык, бул алгоритм 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча сунуштарды ѳзүнѳ камтыйт. Алгоритм Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу тобокелчиликти алдын алуу максатында, депутаттарды шайлоону уюштуруу жана ѳткѳрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Алгоритм шайлоо комиссияларына карата шайлоочулардын тизмеси менен иштѳѳ, добуш берүү алдындагы күнү жана добуш берүү күнү иш процессин уюштуруу боюнча бир катар талаптарды, саясий партияларга карата съезддерде талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү мезгилинде жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдѳ бир катар талаптарды, ошондой эле шайлоо комиссияларынын ишине кѳмѳктѳшүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына карата бир катар талаптарды ѳзүнѳ камтыйт. Дезинфекциялоо каражаттарын, коргоочу бет каптарды, бир жолку кол каптарды пайдалануу, башка адамдардан 1,5-2 м социалдык аралыктарды сактоо, кол кармашып учурашуу жана башка тике контакттардан качуу, биометрикалык жана жеке маалыматтар боюнча шайлоочулардын идентификациялоодон ѳткѳн учурларын кошпогондо, шайлоо процессинин бардык стадияларында шайлоо процессинин катышуучулары үчүн милдеттүү шарттар болуп саналат. Участкалык шайлоо комиссияларынын иши; Саясий партиялардын съезддеринде КР ЖКнын депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү; шайлоо алдындагы үгүт иштери; добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү; Добуш берүү күнү; шайлоочуларга сунуштар .

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:23

Увидят ли кыргызстанцы в новом парламенте учителей и врачей?

Уже в следующие выходные кыргызстанцам предстоит выбрать новых депутатов Жогорку Кенеша. За право получить вожделенные мандаты сражаются 16 партий. И на то, чтобы склонить выбор избирателей в свою пользу, у кандидатов осталось всего три дня. Дело в том, что 3 октября, за день до выборов, всякого рода агитация официально запрещена. Ранее Vesti.kg проводили анализ списков партий, дабы понять, насколько ответственно участники гонки отнеслись к соблюдению гендерных и национальных квот. На сей раз редакция Vesti.kg сравнила профессиональный состав политобъединений. Ведь при голосовании важно знать, какой контингент преимущественно представлен в той или иной политической команде. Следует напомнить, что доживающий свои дни созыв парламента во многом критиковался из-за того, что среди депутатов почти не было представителей гуманитарных профессий, а также специалистов в сфере промышленности или энергетики. А поскольку слуги народа по роду деятельности вынуждены решать самый широкий круг вопросов, то нехватка специалистов приводила к тому, что спортсмену, например, пришлось получить почетный знак «Отличника образования». Сделали ли партии из этого вывод? Так, в списке «Биримдик» в числе первых 50 кандидатов расположились 24 действующих депутата, в том числе из местных кенешей, но последних меньшинство. С этой партией на выборы пошли один действующий министр и вице-премьер, 10 гендиректоров различных компаний, 3 председателя фондов и объединений. Есть в стане «Биримдик» и пара безработных, столько же учителей и один индивидуальный предприниматель. Медикам места не нашлось. В партии «Мекенчил» один бывший депутат и 5 действующих ( напомним, в число народных избранников мы включили и местные кенеши - прим. ред.), 2 главы айыл окмоту, бывший омбудсмен и 5 преподавателей. В списке этого политобъединения присутствуют библиотекарь, журналист, банковский рабочий, прокурор, предприниматели и 4 безработных человека. В «Ыйман Нуру» из 50 мест в списке 12 занимают безработные, еще имеются 18 директоров, 2 чиновника, финансовый аналитик, 3 юриста, 6 депутатов айыльных кенешей. С этой политорганизацией пытаются попасть в парламент 2 сотрудника аппарата Жогорку Кенеша, 2 преподавателя и главный специалист некой компании. У партии «Мекеним Кыргызстан» состав менее разношерстный: 18 депутатов, 9 чиновников, 8 безработных, 11 директоров, юрист, бывший депутат и преподаватель. Список «Реформы» включает 6 предпринимателей, 2 юристов, 20 директоров, 1 безработную, 5 преподавателей, 2 фермеров и архитектора. Если выборы для этой партии станут удачными, то от них в парламенте мы увидим 3 журналистов, сотрудника ГКНБ, инженера, проектного специалиста, дизайнера, врача, менеджера, фармацевта и даже 2 консультантов. Представители «Ата Мекен» из 50 первых кандидатов своей партии предлагают избирателям 9 нынешних депутатов, 11 директоров, 15 безработных, одного преподавателя, 12 чиновников, психиатра и предпринимателя. В партии «Замандаш» нашли свое место 15 чиновников, 13 директоров, рабочий, 2 предпринимателя, писатель и переводчик. Эта партия также не обошла стороной безработных граждан - таковых 5 человек. Есть еще 2 врача и пенсионер. Депутатов - 7. В списке 50 кандидатов от «Бутун Кыргызстан» мы насчитали 22 безработных, 6 чиновников, 3 преподавателей, 11 директоров, 2 юристов и столько же депутатов. В этой партии также состоят онколог, массажист, 2 юриста и примкнувший к ним пенсионер. В стане «Социал-демократов» похожая картина - 18 безработных, 14 директоров, по одному бывшему и действующему чиновнику, руководитель секретариата партии, 2 фермера, глава айыл окмоту, врач, преподаватель и 3 юриста. Лидером по количеству незанятых кандидатов стала партия «Мекен Ынтымагы» - 28 безработных, а вот руководителей компаний там немного - 5 директоров. Есть также 9 чиновников, охранник, 3 преподавателя, а также 3 юриста. В «Политической партии Ветеранов войны в Афганистане и Участников других локальных боевых конфликтов» безработных насчитывается 20 человек. Помимо них 4 врача, охранник, водитель, 2 кассира, снабженец, 4 администратора, 1 предприниматель. Это политобъединение включило в свои списки и косметолога, а также 6 учителей, 2 юристов, ресторатора и даже студента. В «Ордо» оказалось 16 безработных. 9 директоров, 2 чиновника, 5 представителей НПО, по одному фермеру, врачу, тренеру и журналисту, 2 преподавателя и 4 предпринимателя. В верхнюю часть списка «Бир Бол» приняли лишь троих безработных, зато есть 16 руководителей фирм или заведений, 5 действующих депутатов и один бывший, 9 чиновников, 4 преподавателя и 2 журналиста. Партия «Республика» удивить избирателей особо не может. Из 50 первых кандидатов в ее списке 7 депутатов, 18 безработных, 12 директоров, 2 главы айыл окмоту, предприниматель, 2 чиновника, 1 адвокат и учитель. В «Кыргызстане» депутатов больше -14, при этом 7 безработных, 14 директоров, мэр Каинды, 2 преподавателя, кассир, менеджер, пару советников руководителей и индивидуальный предприниматель. Список «Чон Казата» выглядит занимательнее. В нем:11 директоров, 4 преподавателя, 10 предпринимателей, 3 чиновника, 3 представителя СМИ. Однако это политобъединение еще представляют: фермер, геолог, звукорежиссер, банковский работник и даже лидер другой партии. Напомним, выборы депутатов Жогорку Кенеша пройдут 4 октября. Вероника Малышева Фото www

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:23

Путин Жээнбековго: Россия Федерациясы ар бир көзкарандысыз өлкөнүн эгемендүүлүгүн урматтайт

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 28-сентябрда Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жана альянсты андан ары өнүктүрүү маселелери, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү, ошондой эле ЕАЭБдин алкагында интеграцияны тереңдетүү келечеги талкууланды. Путин Россия Федерациясы ар бир көзкарандысыз өлкөнүн эгемендүүлүгүн урматтай тургандыгын жана Кыргызстан менен мамилелерди мындан ары да союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк рухунда өнүктүрө тургандыгын белгиледи. Ошондой эле, ал Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда мындан аркы ийгиликтерди каалады. Россия Федерациясынын Президенти Россия тарап өлкөдөгү, анын ичинде шайлоодон кийинки мезгилдеги туруктуулукка кызыкдар экендигин баса белгиледи. «Сиздин аракеттериңизди, Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөдөгү ички саясий стабилдештирүү боюнча аракеттерин биз ырааттуу колдой тургандыгыбызды билесиз. Сиздин аракеттериңиздин аркасында бул улана берет деп терең ишенебиз. Биз өз кезегибизде сизди мамлекет башчысы жана Кыргызстан, жалпы Кыргызстан эли катары сиз өлкөнүн өнүгүшү үчүн койгон алдыга койгон алдыга койгон максаттарды ишке ашырууда колдоо көрсөтүү үчүн бардыгын жасайбыз », - деп баса белгиледи Владимир Путин. Жээнбеков белгилегендей, Кыргызстан ар дайым Россиянын күчтүү далысын чыныгы стратегиялык өнөктөш катары сезет, айрыкча ушул оор мезгилде. Ал дагы бир жолу Владимир Путинди коронавирустук инфекцияга каршы вакцинанын дүйнөдө биринчи каттоосу менен куттуктап, анын жакын арада жалпы Кыргызстандын жарандары үчүн жеткиликтүү болушуна ишенимин билдирди. Кыргыз Республикасынын Президенти энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлор боюнча өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга, соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи. Сооронбай Жээнбеков Россия тарапка бир катар тармактарда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан Россия менен кылымдар бою далилденген тарыхый достук мамилелерди жогору баалай тургандыгын белгиледи. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча мындан аркы кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендигин билдиришти. Президенттик аппарат Маалыматтык бөлүмү Сүрөт www

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:23

Шайлоо алдында Кыргызстандыктарга медиа сабаттуулук үйрөтүлөт (видео)

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир нече күн калды, үгүт иштери кызуу жүрүп жатат. Ошол эле учурда, эксперттердин тобу шайлоочулар үчүн бир катар видеотасмаларды даярдашты, аны көргөндөн кийин дээрлик бардык жарандар партиялардын кимиси аны алдаганын же маалыматты манипуляциялаганын түшүнө алышат. Шайлоо алдындагы мезгилде медиа сабаттуулук боюнча сабактарды Интерньюс Кыргыз Республикасында # Силаголоса # ДобуштунКүчү маалымат кампаниясынын алкагында Media Kitchen менен биргеликте тарткан. Биринчи маселе үгүт өнөктүгүнөн мисалдар келтирилген пост-чындыкка арналган. Сүрөт www

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:23

Кыргызстандыктар жаңы парламентте мугалимдер менен дарыгерлерди көрө алышабы?

Кийинки дем алыш күндөрү эле Кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин жаңы депутаттарын шайлашы керек. 16 партия көздөгөн мандаттарды алуу укугу үчүн күрөшүп жатат. Шайлоочулардын тандоосун алардын пайдасына тартууга талапкерлерге үч гана күн бар. Чындыгында, 3-октябрда, шайлоого бир күн калганда, ар кандай үгүт иштерине расмий түрдө тыюу салынат. Vesti.kg сайты жарыштын катышуучулары гендердик жана улуттук квоталардын сакталышына канчалык жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгын түшүнүү үчүн, буга чейин партиялык тизмелерди талдап чыгышкан. Бул жолу Vesti.kg сайтынын редакциясы саясий бирикмелердин кесиптик кызматкерлерин салыштырды. Чындыгында, добуш берүүдө кайсы контингент белгилүү бир саясий командада басымдуу экендигин билүү маанилүү. Эске сала кетсек, депутаттардын арасында гуманитардык кесиптердин өкүлдөрү, ошондой эле өнөр жай же энергетика тармагындагы адистер дээрлик жок болгондуктан, күн санап жашап жаткан парламенттин чакырылышы негизинен сынга алынган. Элдин кызматчылары өз ишмердүүлүгүнүн мүнөзү боюнча маселелердин эң кеңири чөйрөсүн чечүүгө аргасыз болушкандыктан, адистердин жетишсиздиги, мисалы, спортчуга "Билим берүүнүн отличниги" ардак белгисин алууга туура келди. Тараптар мындан жыйынтык чыгарыштыбы? Ошентип, "Биримдиктин" тизмесинде алгачкы 50 талапкердин арасында жергиликтүү кеңештерден турган 24 активдүү депутат бар, бирок экинчиси азчылыкты түзөт. Бул партия менен шайлоого бир министрдин милдетин аткаруучу жана вице-премьер министр, ар кандай компаниялардын 10 башкы директорлору, фонддордун жана ассоциациялардын 3 төрагасы бар. Ошондой эле, Биримдик лагеринде бир-эки жумушсуз, ошончо сандагы мугалимдер жана бир жеке ишкер бар. Дарыгерлерге орун табылган жок. "Мекенчил" партиясында бир мурунку жана азыркы 5 депутат бар (эсиңизге салсак, жергиликтүү кеңештерди дагы эл депутаттарынын катарына кошконбуз - редактордун эскертүүсү), 2 айыл өкмөт башчысы, мурдагы акыйкатчы жана 5 мугалим. Бул саясий бирикменин тизмесине китепканачы, журналист, банк кызматкери, прокурор, ишкерлер жана 4 жумушсуз адам кирет. “Ыйман Нуру” тизмесиндеги 50 орундун ичинен 12си жумушсуз, дагы деле болсо 18 директор, 2 кызмат адамы, каржы талдоочусу, 3 юрист, айылдык кеңештин 6 депутаты бар. Бул саясий уюм менен Жогорку Кеңештин аппаратынын 2 кызматкери, 2 мугалим жана белгилүү бир компаниянын башкы адиси парламентке өтүүгө аракет кылып жатышат. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын курамы анча көп эмес: 18 депутат, 9 чиновник, 8 жумушсуз, 11 директор, адвокат, мурдагы депутат жана мугалим. "Реформалардын" тизмесине 6 ишкер, 2 юрист, 20 директор, 1 жумушсуз, 5 мугалим, 2 дыйкан жана архитектор кирди. Эгер бул партияга шайлоо ийгиликтүү өтсө, анда алардын ичинен парламентте биз 3 журналистти, УКМКнын кызматкерин, инженерди, долбоордун адисин, дизайнерди, дарыгерди, менеджерди, фармацевтти, ал тургай 2 консультантты көрөбүз. "Ата Мекен" партиясынын өкүлдөрү өз партияларынын алгачкы 50 талапкеринен шайлоочуларга 9 учурдагы депутатты, 11 директорду, 15 жумушсузду, бир мугалимди, 12 кызмат адамын, психиатрды жана ишкерди сунушташат. Он беш чиновник, 13 директор, жумушчу, 2 ишкер, жазуучу жана котормочу Замандаш партиясында өз ордун тапты. Бул партия дагы жумушсуз жарандардын жанынан өткөн жок - алардын 5и бар. Дагы 2 дарыгер жана пенсионер бар. Депутаттар - 7. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан 50 талапкердин тизмесинде биз 22 жумушсуз, 6 кызмат адамын, 3 мугалимди, 11 директорду, 2 юристти жана ошончо депутатты санап чыктык. Бул кечеде ошондой эле онколог, массаж терапевти, аларга кошулган 2 юрист жана пенсионер бар. "Социал-демократтардын" курамында дагы ушундай - 18 жумушсуз, 14 директор, бир мурунку жана азыркы бир чиновник, партиянын катчылыгынын башчысы, 2 дыйкан, айыл өкмөт башчысы, дарыгер, мугалим жана 3 юрист. Жумушсуз талапкерлердин саны боюнча лидер "Мекен Ынтымагы" партиясы болгон - 28 жумушсуз, бирок компаниянын менеджерлери көп эмес - 5 директор. Ошондой эле 9 кызмат адамы, күзөтчү, 3 мугалим жана 3 юрист бар. "Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка жергиликтүү аскердик чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясында" 20 жумушсуз бар. Алардан тышкары 4 дарыгер, күзөтчү, айдоочу, 2 кассир, жеткирүүчү, 4 администратор жана 1 ишкер бар. Бул саясий бирикме өзүнүн тизмесине косметологду, ошондой эле 6 мугалимди, 2 юристти, реставраторду, ал тургай студентти камтыган. Ордо шаарында 16 жумушсуз болгон. 9 директор, 2 кызмат адамы, 5 бейөкмөт уюмдун өкүлү, бир фермер, дарыгер, машыктыруучу жана журналист, 2 мугалим жана 4 ишкер. "Бир Бол" тизмесинин башына үч гана жумушсуз киргизилген, бирок 16 фирманын же мекеменин жетекчиси, 5 учурдагы депутат жана бир мурдагы, 9 кызмат адамы, 4 мугалим жана 2 журналист бар. "Республика" партиясы шайлоочуларды өзгөчө таң калтыра албайт. Анын тизмесиндеги биринчи 50 талапкердин ичинен 7 депутат, 18 жумушсуз, 12 директор, 2 айыл өкмөт башчысы, ишкер, 2 кызмат адамы, 1 юрист жана мугалим. "Кыргызстанда" 14төн ашуун депутат иштейт, алардын 7 жумушсуз, 14 директор, Кайыңды шаарынын мэри, 2 мугалим, кассир, менеджер, бир-эки аткаруучу кеңешчи жана жеке ишкер. "Чоң Казаттын" тизмеси кызыктуу көрүнөт. Анда: 11 директор, 4 мугалим, 10 ишкер, 3 кызмат адамы, 3 ЖМК өкүлдөрү. Бирок, бул саясий бирикменин өкүлдөрү дагы эле: фермер, геолог, үн инженери, банк кызматкери жана ал тургай башка партиянын лидери дагы бар. Эске сала кетсек, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Вероника Малышева Сүрөт www

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:23

Нарындагы "Ата Мекен":Топтолгон эл, маскалардын жетишсиздиги жана талап кылынган аралык

"Ата Мекен" партиясы уюштурган үгүт иш-чарасы бир күн мурун Нарын облусунун Ат-Башы шаарында өттү. Жарыяланган сүрөттөргө караганда, алардын көпчүлүгү белгиленген аралык жана маска режимин сакташкан жок. Ал ортодо, БШКнын мүчөсү Гүлнара Джурабаева Vesti.kg сайтына берген маегинде Ат-Башыдагы жергиликтүү бийлик тиешелүү айып пулду төлөшү керек деди. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоочулар зарыл болгон сактык чараларын сактабагандыгы үчүн айып пул салынышы керек", - деди Журабаева. - Тараптардагы бардык ыйгарым укуктуу адамдардан биз катышып отургандар аралыкты сакташын сурадык. Бизге дээрлик бардык партиялардан арыздар келип түшөт. Алардын айрымдары маска таратып жатышат, эл дагы деле кийишпейт. Түшүндүрмө алуу үчүн Vesti.kg сайты партиянын Нарын облусу боюнча координатору Эрлан Аскаровго кайрылды, ал Ат-Башыдагы жолугушуу боюнча эч нерсе айта алган жок. Ал иш-чарага катышпагандыгын түшүндүрдү. Көпчүлүк адамдар алдын-алуу чараларын сактабай, жолугушууга келе турган жалгыз эле Ата Мекен эмес. Башка жолугушуулар көпчүлүгүнүн фоторепортаждарын карасаңыз, ушундай эле сүрөттү көрө аласыз. Ошентип, жакында “Мекеним Кыргызстан” партиясы Аравандагы шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарадан алынган сүрөттөрдө жүздөгөн жаранды көрүүгө болот, алардын ортосунда социалдык аралык сакталбайт жана алардын бардыгы медициналык маска кийишпейт. Мекеним Кыргызстан Vesti.kg сайтына шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө мыйзам партияларды шайлоочулардын саны менен чектебей тургандыгын, айрыкча иш-чара ачык аянтта уюштурулгандыктан түшүндүрдү. Элдос Казыбеков Сүрөт www

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:23

Алмазбек Атамбаев: "Баарына каршы" канча добуш берилсе, ошончолук "Чимкириктер" мандатка ээ болушат

УКМКнын абагында отурган экс-президент Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоо алдында кыргызстандыктарга кайрылуу жазды. Тактап айтканда, ал жарандарды эркин жана маалыматтуу тандоо жасоого чакырды. «Эгерде сиз, урматтуу шайлоочулар, парламенттик мандаттардын көпчүлүгүн Ак үйдөн көзкарандысыз прогрессивдүү партияларга жана алардын талапкерлерине берсеңиз, анда бир дагы президент жаңы парламент менен өкмөттүн Кыргызстанды туруктуу өнүгүү жолуна кайтаруусуна тоскоол боло албайт. Бул биздин Конституция. Тескерисинче, Жогорку Кеңеште күчтүү оппозиция болбосо, анда алсыз президент дагы тез арада авторитардык башкаруучуга айланышы мүмкүн. Бул Кыргызстанда болгон окуя. Сооронбай Жээнбеков кыйратуучу президентке айланды - идеясыз, стратегиясыз жана Кыргызстанда үй-бүлөлүк-кландык башкарууну орнотту. Бул биздин чындык ... ”, - деди мурдагы мамлекет башчысы. Ошондой эле, ал бүгүн жаңы жаш лидерлердин эркиндик, демократия жана акыйкаттык үчүн күрөшкө кошулуп жаткандыгына кубанычын билдирди. Атамбаев уулдары түзгөн партияны колдой тургандыгын кошумчалады. Бирок, ал башка оппозициялык саясий бирикмелерге ийгилик каалайт. «Ошол эле учурда, бул шайлоодо башка оппозициялык партияларды колдогон жарандардын позициясы мен үчүн жакын жана түшүнүктүү. Мен сөз менен эмес, чындыгында адилеттик жана демократия үчүн күрөшүп жаткан коррупцияга каршы иш-аракеттердеги бардык партияларга ийгилик каалайм! ”Деп баса белгиледи. «Мен билем, көптөгөн мекендештер нааразычылык иретинде« баарына каршы »добуш берүүнү каалашат. Анан бул дагы ката болот. Өкмөткө нааразы болгон добуштар “баарына каршы” чыкса, өкмөткө ыраазы болгондордун добуштары ошончолук салмактуу болуп калат. Баары бир “чимкириктер” депутаттык мандатка ээ болушат ”, - деди Алмазбек Атамбаев өзүнүн кайрылуусунда. Сүрөт www

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники