О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 2:16

Мадумаров: Шайлоого катышууга үмүтүбүз чоң

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШКны сотко берет. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди.Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын мыйзамсыз чечимине сот аркылуу даттануу конституциялык укук болуп саналат жана саясий уюм аны колдонот.“Шайлоого катышууга үмүтүбүз чоң. БШКдан тийиштүү документтерди качан алсак, ошондо Жогорку сотко кайрылабыз. Бүгүн берсе, бүгүн“ , – деди.Партия өкүлдөрү кечээги, 3-сентябрда БШКнын “Бүтүн Кыргызстан” партиясы техникалык ката кетиргени үчүн шайлоодон четтетүү боюнча чечимине каршы экенин билдиришүүдө.Эске салсак, кечээ Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттабай койду. Буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:16

Шайлоо боюнча республикалык штаб ишин кандай баштады?

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүгө жана шайлоону өткөрүүдө материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.Вице-премьер-министр белгилегендей, бир нече күн мурда Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны болду, анда парламенттик шайлоого даярдык көрүү маселеси каралды.«Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгында шайлоо процессин өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына сунуштамалар топтомун камтыган чечимге кол коюлду. Айтылган пункттар сапаттуу, өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылууга тийиш. 2020-жылдын 10-сентябрына чейин ички иштер органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү маанилүү пункттардын бири болуп саналат», – деди Акрам Мадумаров.Ал дагы бир маанилүү жагдайды белгиледи, тагыраак айтканда, 2020-жылдын 15-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо комиссияларынын кызматкерлери, процесске тартылган жана башка адамдардын, добуш берүүчүлөрдүн коронавирус инфекциясы жана өпкөнүн сезгенишине кабылышын алдын алуу боюнча план иштеп чыгып, бекитүү керектигин айтып, шайлоо күнү Кыргыз Республикасынын аймагында эпидемиологиялык көзөмөлдүн талаптагыдай жүргүзүлүшүн камсыз кылуунун зарылдыгын кошумчалады.Штабдын отурумунда ошондой эле эл аралык байкоочулар боюнча маселе дагы каралды. Муну менен катар шектүү жана айыпталуучу катары камакта жаткан адамдарга тиешелүү документтерди берүү боюнча баяндама жасалды.Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.х

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:16

Мадумаров “Бүтүн Кыргызстандын” шайлоодон четтетилишин “саясий чечим” деп баалады

Саясатчы Адахан Мадумаров “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын парламенттик шайлоодон четтетилишин “саясий чечим” деп сыпаттап, сотко кайрыларын айтты:“Колубузду кууштуруп отуруп калбайбыз, укуктук талаада күрөшүүгө даярбыз”.3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого каттабай койду. Буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү.БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова алгач партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок танаписте ал тымызын өзгөртүлгөнүн айтты.Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды. Жумушчу топ ал документти көрсөтө албады.Буга чейин Бүтүн Кыргызстандын курамында шайлоого барууга аттанып кийин тизмеден чыгып калган Турсунбай Бакир уулу нааразы болуп, партиянын үстүнөн БШКга даттанган.БШКнын жумушчу тобу муну партиянын ички иши деп, сотто чечип алууну сунуш кылган болчу.Булак: Азаттык.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Канатбек Исаев: “Оппоненттер чыныгы күрөштөн качып, жүз миңдеген шайлоочусу бар фаворит партияны мыйзамсыз шайлоодон четтетүүнү көздөшүүдө”

Мындай пикирин «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев билдирди Кайсы бир саясий партиялар өзүнүн кызыкчылыктарын көздөп, БШКнын төрайымына басым жасоо аркылуу “Кыргызстан” партиясын шайлоодон чечтеттүүгө аракет кылышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта “Кыргызстан” саясий партиясынын Бишкек шаарындагы башкы штабында өткөн маалымат жыйында партиянын лидери Канатбек Исаев билдирди. Партиянын төрагасынын айтымында, кечээ Борбордук шайлоо комиссиясына “Кыргызстан” партиясы тарабынан тапшырылган документтер боюнча бир топ талкуулар жүргүзүлдү. “Буга түндө баарыңыздар күбө болдуңуздар. БШКнын төрайымынын маалымат жыйында башка бир саясий партиялардын жетекчилерине чейин, партия мүчөлөрү барып, ошол жерден Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымына кысым кылуу аракети болду. Биздин да партиялаштар барып, ошол жерден талашып тартышып, мыйзамсыз көрүнүштөргө жол берген жокпуз. Баардыгы маданияттуу, мыйзам чегинде болсун деген гана үмүттөбүз. Борбордук шайлоо комиссиясы партия каттоодон өтүү үчүн документтерди убагында берилдиби же убагында берилген жокпу, документтер толукпу же толук эмеспи аны БШК карап, анын жыйынтыгын жарыя кылат”,- деди Исаев. “Кыргызстан” партиясынын катчылыгынын жетекчиси Аманкул деген жигит ишеним кат менен барып, өз убагында документтерди БШКга тапшырган. Эми БШК биздин документтерди убагында тапшырды же убагынан кечиктирип тапшырды деп айтса, анан биз ошого жараша чара көрөбүз. Эгерде бизге кандайдыр бир ыңгайсыз бир чечим чыгара турган болсо, сөзсүз түрдө биз аны юридикалык жол менен тууралаганга аракет кылабыз. Анткени, миңдеген шайлоочулар биздин артыбызда турат. Анан кээ бир саясий партиялар өзүнүн кандайдыр бир кызыкчылыктарын көздөп, шайлоо комиссиясынан 100 миңдеген шайлоочусу бар партияны шайлоого чейин шайлооодон чечтеттип коюуну көздөштү. Буга жол бербешибиз керек. Ушул партияларды биз чакырабыз, дебаттарда шайлоочулардын үнүн талашып, шайлоочулардын добушун акыйкаттык менен, мыйзам жолу менен албайлыбы? Бүгүн эми “Кыргызстан” партиясын фаворит партиялардын бири деп эсептейм. Ошол себептен кызыктар партиялар ушул дебаттарда же шайлоочулардын добушун мыйзамдуу жол менен талашпай, кандайдыр бир мыйзамсыз жол менен четтетип коелу деген аракет да”,- деп кошумчалы партиянын төрагасы. Ошондой эле партиянын төрагасы партиялардын каттоодон өтүү үчүн келген убактысын каттаган БШКнын журналын текшерүүгө бир да партиянын укугу жок экенин айтып, каттоо журналындагы “18:00”деп жазылган убакытты, “17:59” деп ким өзгөрткөнүн же оңдоо киргизгенин билбей турганын баса белгиледи. Андан сырткары 2015-жылкы парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” партиясы 206 миң шайлоочунун добушуна ээ болуп, парламентке 3-орун менен келгенин эске салды. Эске салсак, 24-августта түнкү саат 23:00дө жарандык активисттер жана журналисттер Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен жолугуп, партияларды каттоого алуу учуру жазылган видеожазууну жана каттоо журналын көрсөтүүнү сурашкан. Алар мындай кадамга парламентке ат салышып жаткан “Кыргызстан” саясий партиясы каттоодон өтүүдө белгиленген убакыттан кечигип калган деген маалыматтардан улам барышууда.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Майдан: Шайлоо-2020: Президент баш болуп кабатыр… Мыйзамсыз башталдыбы? (Түз эфир)

Бүгүн “Шайлоо-2020: Президент баш болуп кабатыр… Мыйзамсыз башталдыбы?” деген темадагы “Майдан” теледебаты өтүп жатат.Катышуучулар: Каныбек Осмоналиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, профессор; Максат Чаки, маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары; Жамалбек Ырсалиев, коомдук ишмер, Бишкек шаардык кеңештин мурдагы депутаты; Самсаалы Четимбаев, коомдук ишмер.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Мадумаров шайлоону өткөрүү боюнча штабдын башчысы болуп дайындалды

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде Мадумаров өзү кабарлады.Шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлүп, ишин жүргүзүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдары бюджеттен каржыланат. Ага 722,9 млн сом каралган.Кыргызстандын сыртында добуш берүү участкаларын ачууга, шайлоо өткөрүүгө 10 млн сом бөлүнгөн. Өлкөнүн сыртында жүргөн жарандар үчүн 44 шайлоо аймагы ачылган.Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Парламенттик шайлоону өткөрүүгө 722,9 млн сом сарпталат

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоону өткөрүүгө 722,9 млн сом сарпталат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.Анын айтымында, “Кыргыз Республикалысынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу” мыйзамына ылайык шайлоо комиссияларынын чыгымдары үчүн акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнөт.“Ага ылайык 4-октябрдагы шайлоого Борбордук шайлоо комиссиясына 722,9 млн сом каралып, учурда эч кандай каржылык маселелер жок”, – деди ал.

Подробнее
5 сентября 2020 г. 20:11

"Замандаш"

"Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов өзүнүн командасы менен биргеликте Нарын облусунун Ак-Талаа районунда болду. Шайлоочулар менен жолугушуу ийгиликтүү өттү! Лидер партии "Замандаш" Жеңиш Молдокматов со своей командой побывал в Ак-Талинском районе Нарынской области. Встреча с избирателями прошла успешно.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

«Бүтүн Кыргызстанды» шайлоодон четтетүү сунушу колдоо тапкан жок

«Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобунун сунушу колдоо тапкан жок.Аталган партияга каршы Турсунбай Бакир уулу жазган арызды караган жумушчу топтун жыйыны 2-сентябрда болду.«Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратканын айткан Бакир уулу талапкерликтен чыгып калганын билдирген. Ал партиянын эң жогорку органы болгон жыйындын чечимин өз алдынча бурмалоого жол берген деген негиз менен партия лидери Адахан Мадумаровго кине койгон.«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү эч кандай эреже бузулбаганын айтып, конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 10-бөлүкчөсүндө тизмени өзгөртүү шарттары каралганын жүйө келтиришүүдө.Жумушчу топтун жыйынына Мадумаров да, Бакир уулу да катышты.БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова түшүндүрмөдө бул жолку чечим жалпы шайлоонун жүрүшүнө таасир этерин айтып, партия ичиндеги талаштарды сот аркылуу чечүү сунушталды.Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Саясий жарышка катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган.БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын 3-сентябрда аякташы керек. 4-сентябрда үгүт башталат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Күндүн ыргагы: Мамкызматкерлер шайлоого кийлигише албайт. Вирустун 2-толкунуна даярдыктар көрүлүүдө

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ КЫРДААЛКыргызстанда 2-сентябрга карата коронавирус жуккан жаңы 78 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинен 12 адамда коронавирус аныкталса, 66 бейтап пневмонияга кабылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.КЫРГЫЗСТАНДАН ОРУСИЯГА УЧУУЧУ АБА КАТТАДАРЫКыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларынан Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларына учактар каттайт. Каттам 1-сентябрдан 15-сентябрга чейин, күнүнө бир же эки жолудан болот.Орусияга Кыргызстандан орус жарандыгы барлар, алардын балдары, ата-энелери, жубайлары бара алышат. Орусиядагы ооруканага дарыланыш үчүн бараткан жарандын колунда клиниканын чакыруусу болууга тийиш.АТАМБАЕВ ТЕРГӨӨ АБАГЫНДА КАЛТЫРЫЛДЫУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин  тергөө абагында отурган экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги №1 тергөө абагына которула турганын анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.Көп өтпөй Кой-Таш окуясы боюнча иш каралып жаткан соттук мамлекеттик айыптоочу тарап сотко өтүнүч келтирип, мурдагы өлкө башчысы Атамбаевди азыр кармалып жаткан тергөө абагында 13-сентябрга чейин калтыруу өтүнүчү келтирилген. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган.СТАТКОМ ЭЛ КАТТОО ЖҮРГҮЗГӨН ЖОКУлуттук статистикалык комитети эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылганын эскертет. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда эл каттоо жүрүп жатканын айтып, белгисиз адамдар үймө-үй кыдыруу менен алдыдагы шайлоо үчүн маалымат чогултуп жатышкандыгы тууралуу айтылууда.МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕР ҮГҮТ ИШТЕРИНЕ КАТЫШПАЙТКоопсуздук кеңешинин 1-сентябрда өткөн жыйынындагы чечимге ылайык, алдыдагы парламенттик шайлоого мамлекеттик кызматкерлер кийлигишүүгө акысы жок.Коопсуздук кеңеши бул боюнча өкмөткө тапшырма берип, мамлекеттик кызматкерлер, аткаруу бийлигинин, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары, муниципалдык аймактык башкаруу органдары шайлоого кийлигише албай турганын түшүндүрүүгө милдеттендирди.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Шайлоо-2020: Коопсуздук кеңешинин жыйынында кандай чечимдер кабыл алынды?

Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусундагы чакан курамдагы Коопсуздук кеңеши 2020-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселени карады. Жыйынтыгында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтында кабарланды.— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылуу;— Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлундагы № 139 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууну камсыз кылуу;— шайлоо алдындагы, шайлоодогу жана шайлоодон кийинки мезгилдеги коюлган милдеттерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы координацияны жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;— туруктуу негизде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жана кызматчыларынын арасында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол берилбестиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;— жогорудагы абзацта көрсөтүлгөн кызмат адамдарына төмөнкүлөргө тыюу салуу:шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө;Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына кайсы бир талапкерлердин же саясий партиялардын пайдасына шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга;Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин же кайсы бир саясий партиялардын пайдасына кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга;— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин же саясий партиялардын пайдасына шайлоо алдындагы үгүт иштерине мыйзамсыз катышкан, ошондой эле кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланган аткаруу бийлигинин, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын ишеним жоготкондугунун негизинде ээлеген кызматынан бошотууга чейин тартиптик жана башка жоопкерчиликке мыйзамда белгиленген тартипте тартуу;—  шайлоо мыйзамдарында каралган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин, саясий партиялардын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн жана ишенимдүү адамдардын үгүт иштерин эркин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону айкындуулук жана демократиялык принциптеринде, укуктук мейкиндикте гана жана талаптагыдай уюштуруу деңгээлинде өткөрүлүшүн камсыз кылган толук чараларды көрүү;— энергетика системасынын жана телекоммуникация системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, зарыл болгон учурда шайлоо участкаларын жана шайлоо процессине тартылган мамлекеттик органдарды үзгүлтүксүз электр булактары (генераторлор) менен жабдуу;— 2020-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө укук коргоо органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде укуктук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү;— чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жайгашкан шайлоо участкаларынын ишин туруктуу негизде координациялоо;— 2020-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарынын, шайлоо комиссияларынын кызматкерлеринин жана шайлоо процессине тартылган башка адамдардын шайлоо күнү шайлоо участкаларына барган убакта коронавирустук инфекцияны жана бейтапканадан тышкаркы пневмонияны жуктурууну болтурбоо боюнча планды иштеп чыгуу жана бекитүү;— шайлоо өткөрүү күнү Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу.— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте төмөнкүлөргө багытталган чараларды көрүү:учурдагы техникалык жана уюштуруу көйгөйлөрүн жоюу жана шайлоо процессине тартылган жактардын туруктуу, ырааттуу жана синхрондуу иштеши, шайлоо участкаларында шайлоо процессинде колдонулуучу жабдуулардын жана техникалык каражаттардын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштешин, жарандардын биометрикалык маалыматтарынын коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүү;бардык даярдоо, шайлоо жана шайлоодон кийинки процесстердин жана чечимдердин максималдуу ачыктыгына жана айкындуулугуна жетишүү максатында шайлоо процессин камсыз кылуучу мамлекеттик институттардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү;шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо же алардын эркин эрк билдирүүсүнө башка таасир көрсөтүү максатында жарандарга таасир этүүнүн кандай гана түрдө болбосун формаларын болтурбоо;— саясий партиялардын лидерлери, саясий кеңештери жана өкүлдөрү менен техникалык жана башка шайлоо жол-жоболору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;— 2020-жылдын 25-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте: шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрүн, көз карандысыз байкоочуларды жана шайлоо участкаларынын ишине тартылган башка адамдарды, анын ичинде үйүндө добуш берүүчү шайлоочулар менен иштеген адамдарды жеке коргонуу каражаттары (медициналык маскалар, кол каптар, бет үчүн коргоочу экрандар), зарыл болгон учурда коргоочу костюмдар менен камсыз кылуу;шайлоочулар менен байланышта болгон жана бюллетендерди иштетүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук талаптарын сактоо эрежелерине жогоруда аталган адамдарды окутуу;бардык шайлоо участкаларын дезинфекциялоочу каражаттар жана контактсыз термометрлер менен жабдуу, ошондой эле социалдык аралык эрежелерин, санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо зарылдыгы жөнүндө маалымат такталарын орнотуу;шайлоо участкаларынын ишин социалдык аралык эрежелерин сактап, анын ичинде бюллетендер үчүн урналарды, добуш берүүчү кабиналарды жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн жумуш орундарын жайгаштыруу жагында уюштуруу;Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү бардык шайлоо участкаларын дезинфекциялоону уюштуруу;— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен биргеликте:кеңири маалыматтык өнөктүк жүргүзүү, анын алкагында                     2020-жылдын 4-октябрында жарандарды жарандык активдүүлүктү көрсөтүүгө жана өзүнүн шайлоо укугун ишке ашырууга чакыруу; шайлоо участкаларына барганда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды кынтыксыз сактоо жана добуш берүү учурунда адамдардын массалык түрдө чогулушуна жол бербөө жөнүндө калкка маалымдоону уюштуруу.— шайлоону өткөрүү боюнча орган тарабынан өз убагында чечимдерди кабыл алуу максатында шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча келип түшкөн доо арыздарды, даттанууларды жана кайрылууларды сот органдарынын өз убагында кароосун жана процесстик чечимдерди кабыл алуусун мыйзамда белгиленген тартипте камсыз кылуу;— 2020-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейинки мезгилде судьялардын жана сот органдарынын кызматкерлеринин нөөмөтүн уюштуруу.— Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан так жана бирдей аткарышына талаптагыдай көзөмөлдөөнү камсыз кылуу, анын ичинде мыйзамда белгиленген тартипте арыздарды жана даттанууларды, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарда жарыяланган билдирүүлөрдү кароону уюштуруу;— Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте тийиштүү маалымат алмашууну камсыз кылуу жана прокуратура органдарынын иши тууралуу калкты маалымдоо менен шайлоо мыйзамдардын бузуу фактыларына бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү;— мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар, укук коргоо, фискалдык органдардын кызматкерлери жана аскер кызматчылары тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга, саясий партиялардын ишине кандайдыр бир формада катышууга же көмөк көрсөтүүгө, саясий партиялардын байкоочулары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдары катары катышууга тыюу салууга багытталган колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү сактабаган фактыларын болтурбоо, аныктоо жана  бөгөт коюу боюнча ишти активдештирүү;— мыйзамдардын талаптарына ылайык даттануулардын жана кайрылуулардын өз убагында каралышына жана чечимдердин кабыл алынышына көзөмөлдү күчөтүү;— жогоруда көрсөтүлгөн сунуштамаларды ыкчам жана өз убагында чечүү үчүн 2020-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейинки мезгилде прокуратура органдарынын кызматкерлеринин күнү-түнү нөөмөтүн камсыз кылуу.— 2020-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун бардык мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча оперативдүү штаб түзүү;— төмөнкүлөрдү камсыз кылуу:шайлоо участкаларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун;терс жана деструктивдүү тышкы жана ички таасир этүүнү жана өлкөдө көз карандысыз жана демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө кызыкдар болбогон жактардын кийлигишүүсүн болтурбоону;трансулуттук, диний-экстремисттик жана террордук уюмдардын аракеттерине ыкчам чара көрүүнү;— Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргеликте шайлоо бюллетендерди шайлоо участкаларына жеткирүүнү жана аларды кайтарууну камсыз кылуу.— 2020-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын өз эркин билдирүү укугунан ажыратуу мүмкүндүгүн болтурбаган шайлоочулардын сапаттуу жана толук тизмесин түзүүнү камсыз кылуу;— биометрикалык каттоо жана шайлоочуларды идентификациялоо менен байланышкан техникалык тобокелдиктерди жоюу;— 2020-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жана байланыштардын, мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системалардын ишенимдүү иштөөсүн, ошондой эле бул системалардын коопсуздугун, анын ичинде жарандарды биометрикалык идентификациялоо системасынын сакталышын, бүтүндүгүн жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу.—  Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен өз ара аракеттенип, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын контролдоо-өткөрүү пункттарында кызмат өтөөнү күчөтүү;— 2020-жылдын 25-сентябрынан тартып мамлекеттик чек араны кайтаруунун жана коргоонун күчөтүлгөн вариантын киргизүү;— чек ара инциденттерин, жаңжалдуу кырдаалдарды болтурбоо жана мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо боюнча чек ара райондорундагы калк менен максаттуу алдын алуучу-профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.— аймактык шайлоо комиссияларына жазаларды аткаруу мекемелеринин аймагында шайлоо процессин өткөрүү боюнча алардын коопсуздугун камсыз кылуу менен көмөк көрсөтүү;— шайлоо өткөрүү күнү санитардык-эпидемиологиялык талаптардын жана коопсуздук ченемдердин кынтыксыз сакталышын эске алуу менен жаза аткаруу мекемелеринин атайын контингентинин жана кызматкерлеринин добуш берүүсүн уюштуруу.— Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо процессин өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;— жергиликтүү калк арасында айрым жарандар жана адамдардын топтору тарабынан укукка каршы аракеттерди жасоого, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн өздөрүнүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын аткаруусуна тоскоолдук кылууга жол берилбестиги жөнүндө түшүндүрүү-профилактикалык иштерин жүргүзүү;— шайлоо участкаларында жана аларга жакынкы аймактарда санитардык-эпидемиологиялык талаптардын ченемдерин сакталышын камсыздоодо аймактык шайлоо комиссияларына жана саламаттык сактоо уюмдарына көмөк көрсөтүү.— Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ишин, чет өлкөлүк дипломатиялык корпус, өлкөдө аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн конституциялык-укуктук ченемдерин түшүндүрүү боюнча аккредитацияланган эл аралык байкоочулар, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүүгө багытталган ишти;— республикадан тышкары жерлерде жашаган жана жүргөн шайлоочулардын арасында мыйзамдарда белгиленген алардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруунун шарттары, ошондой эле добуш берүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоонун зарылдыгы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Шайлоо-2020: Жээнбеков жергиликтүү бийликтин ишин сындады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусундагы жыйында 2020-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралды.Мамлекет башчысы өз сөзүндө коомчулукта айрым партиялар менен парламент депутаттыгына талапкерлер өз электоратын көбөйтүш үчүн шаарлар менен айылдардын тургундарынын № 2 формасы боюнча добуш бериши үчүн участокторун массалык түрдө өзгөртүп жатканы тууралуу көп сөздөр бар экенин белгиледи.«Бул тууралуу басма сөздө, социалдык тармактарда жазып жатышат. Бирок, мамлекеттик жана укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик буга каршы эч кандай чара көрбөй жатат. Силер азыртан эле шайлоого карата элдин нааразычылыгын жаратып жатасыңар», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.Ал мындай билдирүүлөрдүн баарына ыйгарым укуктуу органдар тарабынан мыйзам чегинде тиешелүү чечимдерди ыкчам түрдө кабыл алуу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.«Биз таза шайлоо өткөрүүгө даярбыз. Бизге азыр эмне зарыл? Биринчиден, мындай арыздарга, билдирүүлөргө ыкчам жооп берүү керек. Мыйзам бузуулар тастыкталып калса, жоопкерчиликке тартуу зарыл. Эгерде андай болбосо, чагымчылдардын ар кандай маалыматтар менен чайкоочулук кылуусуна жол бербөө керек. Экинчиден, участкалык комиссиялар шайлоо жүрүмүнүн ачык-айкындуулугун толук кандуу камсыз кылуу үчүн сааттай болуп так иштөөсү керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.Мамлекет башчысы бул эки багытты ишке ашыруунун өзгөчө зарылдыгын, бул аракеттер шайлоонун жыйынтыктарын талашсыз чыгаруунун кепилдиги экенин жана айрым адамдардын шайлоодон кийинки кырдаалды дестабилизация кылуу аракетине себеп болбошу керектигин билдирди.Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларын болтурбоо үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан жасала турган милдеттер арбын экенин дагы бир жолу баса белгиледи.Ал ошону менен бирге шайлоо процессине даярдыктар иштери өз деңгээлинде жүргүзүлгөнүн кошумчалады. Парламенттик шайлоону ачык, демократиялуу өткөрүүгө мыйзам базасы, участкалык шайлоо комиссиялары даяр экенин белгиледи.Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана Премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат беришти.Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев шайлоонун астындагы жана шайлоодон кийинки мезгилдерде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу айтып бердиКоопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Депутаттар 2-октябрга чейин шайлоочулар менен иштей турган болду.

Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейин өлкө аймагындагы шайлоочулар менен иштей турган болду. Депутаттардын 79у «макул» добуш берип, тиешелүү токтом бүгүн парламенттин жыйынында кабыл алынды. Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, эл өкүлдөрү аймактарда ар кандай жолугушууларды өткөрүшөт. Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин отурумунда үгүт иштерине байланыштуу 4-октябрга чейин тыныгуу сунушун киргизген. Кыргызстанда парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында өтөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Коопсуздук кеңеши: «Мамлекеттик кызматкерлер шайлоого кийлигишпейт»

Коопсуздук кеңешинин 1-сентябрдагы жыйынындагы чечимге ылайык, алдыдагы парламенттик шайлоого мамлекеттик кызматкерлер кийлигишүүгө акысы жок. Коопсуздук кеңеши бул жаатта өкмөткө тапшырма берип, мамлекеттик кызматкерлер, аткаруу бийлигинин, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары, муниципалдык аймактык башкаруу органдары шайлоого кийлигише албасын түшүндүрүүнү милдеттендирди. Ага ылайык, жетекчи кызматта отурган адамдарга: -шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө; -шайлоо алдындагы үгүт иштерине кайсы бир партиянын же талапкердин кызыкчылыгына иштөөгө; -кызматтык абалын жана артыкчылыгын кайсы бир партиянын же талапкердин кызыкчылыгына пайдаланууга тыюу салынат. Бул талаптарды аткарбай, шайлоо иштерине, үгүткө аралашып, кайсы бир партиянын жана талапкердин кызыкчылыгы үчүн иштеген, кызматын пайдаланган жетекчилерди «ишенимден кеткен» деген негиз менен дисциплинардык жана башка жоопкерчиликке тартуу, зарыл болсо кызматтан алуу сунушталган.

Подробнее
5 сентября 2020 г. 20:13

Жаштыкты жана тажрыйбаны айкалыштыра турган мезгил келди.

Жаштыкты жана тажрыйбаны айкалыштыра турган мезгил келди. Биз даярбыз! Сенчи? #БирБол #Тазалан #БизДаярбызСенчи #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники